Суперстан: Ангемелер. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 17
  • 18
  • 19
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ангемелер.

#361 Пользователь офлайн   Rus.89   18 Ноябрь 2019 - 10:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 10 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 26 Июл 2021 22:24
  • Жынысы:Эркек

АПАМА КАНТИП ТУФЛИ АЛЫП БЕРЕМ???
Талапка ылайык мен да окуучулук күндөрдөн бир үзүм жазгым келди.Тагыраагы бүтрүүчүлүк кездерден. Ошол кездер эсиңиздерде болсо катаал мезгил эле.11 класста окуйм. Кыштан туфличен чыкканбыз. Атам жумушунан башка шаарга которулуп кеткен. Инилерим да атам менен чогуу. Менин окуума байланып апам экөөбүз калганбыз. Алардын айлыгы 10 айлап 1 жылдап да тийбейт.Окууну бүтүп журналистикага тапшырам деген ой тээ түпкүрдө гана болбосо окууга тапшыра турган шарт жок. Классташ кыздар балдар сүйлөшүп калган кезде баары юрист, экономист, врачтыкты сүйлөшөт. Мен унчукпайм. Себеби атам Тоо техникумуна окуйсун досум бар киргизип коем деген. Бай, кедей деген түшүнүк пайда болуп калган кез. Баары эле ошентип атышса а мен үйдө нан жок кантип окуйм демекмин..... .. Бир күнү мектептен келсем апам гардеробун чукулап атыптыр. Бир эски туфли алып чыгып ушуну сен төрөлгөндө атаң алып берген болчу, бир жыл кийип кийбей койгом балам.Эми киейин деп кийип алыптыр. Ичим сыйрылып кетти. Кедейлигибизге өкүндүм. Кантип апама туфли алып берем??? Ошол убакта биздин райондо юридикалык олимпиада өткөрүлчү прокурордун демилгеси менен. Эч кандай шанс жок болсо дагы катышып көрүүнү эп көрдүм.1-орунду алганга юрфака өтмөй, 2- орунга 300сом байге. Максатым 2- орунду алсам апама туфли алып берүү. Эсен деген агай бар болчу. Агай мен катышам деп даярданууга өттүм. Улам күндөр жакындап атат. Мектеп программасынан алдыга кеткен болчумун. Мамлекеттик экзамендерден да коркподум. Ойум эле эптеп 2-ни алуу.Бир жума калганда район боюнча ар бир мектептен 2ден гана окуучу катыша алат деген буйрук чыга калбаспы. Биздин мектептен мени тизмеден өчүрүштү.(((. . Ал кезде райондо пионерлер уйу деген уюм болоор эле. Агайым байкуш ошондо да иштечу директорго айтып жүрүп мен ошол уюмдун атынан катышмак болдум. Башталды... Кучак толо гул көтөргөн ата энелер, күйөрмандар. Мен жактан эч ким жок. Агайым -Ибрагим өзүң кире бер деп киргизип ийип кетип калды.Тест түрүндө экен. Биринчи жолу 80ден ашык бала отурдук. Бут эле мен билген суроолор экен.Толтурдум да биринчи чыгып кеттим.Сыртка чыгып кутуп турам.убакыт отуп балдар кыздар чыга башташты.Баары эле биричини алам дейт.)).. Жыйынтык кечинде чыкты. Прокурор, Аким,райондук денгээлдеги баардык жетекчилер катышууда.Йе кудай 2-ни бере кор деп отурам.. Бир убакта айтып баштады 1-орун Дом Пионерден катышкан окуучу Балтабаев... ....ишенбей көздөрүм чекчейип кетти. Өзүмө келалбай отурсам аким:-Балтабаев ким?-деп суроо салды. Мен деп туруп бардым,тизелерим калчылдайт. Нач РОВД ишенмексен болуп кайра айтчы деп сурап атат..))).. 1-орун! Менин тагдырымды чечти.Карапайым акчасы жок интеллигенттин баласы 1-орунду алды! Автоматтык түрдө юридика факультетинин студенти болду!.. Оо Кудай! Ошол күндөр менин адам болуп калыптануума, ак караны ылгап үйрөнүшүмө өтө зор таасирин тийгизди..А апамдын туфлиси дагы 2 жыл кийилди мен жумушка киргенче.....

Эски окуялардан. .))


Билдирүүнү түзөткөн: Rus.89: 18 Ноябрь 2019 - 10:35

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#362 Пользователь офлайн   Rus.89   18 Ноябрь 2019 - 10:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 10 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 26 Июл 2021 22:24
  • Жынысы:Эркек

*Ата, апа, эшек деп көп тилдечүңөр эле, эшек болуп чоңойдум*
“Эшек! ”, “Кебетең кантет, чочко!”, “Ары турчу, колуңан бок да келбейт!”, “Айтканды укпайсыңбы, сөзгө аралашпай жөн тур” ж.б. Бул сөздөрдү бир күндө миң жолу укчумун. Ата-энем турса да, мээримге зар болуп чоңойдум. Алар мени эркелетип, жакшы көрөрүн айтышчу эмес.
Кичинемде көз жашымдын баарын төгүп койгон окшойм, азыр ыйлай да албайм. Кокустан чыны сындырсам же тамак төксөм, дароо бекиткенге шашчумун. Байкалбай калсам, кудай сактады, болбосо токмок жечүмүн. Бара-бара жалган сүйлөчү болдум. Атайылап эмес, алардан коркконум үчүн калп айтчумун.
Атам менен апам эшек десе, чындап эле эшек окшоймун деген ой келээр эле. Классташтарымдын арасында басынып, оюмду ачык айта албай, сабакты билип турсам да жооп бербей, доскага чыккандан уялчумун. Ар дайым муңайып жүргөндүктөн досторум да жок болчу. Эч ким мени менен сүйлөшпөчү.
Досторум ата-энесине эркелеп жатканын көрүп ызааланчумун. Менин алардан эмнем кем деген суроом жоопсуз калчу. Бой жеттим. Студент болдум. Дагы эле баягыдай өз оюмду ачык айта албайм. Элдерден жалтактап турам. Көздөрүнө тике карай албайм.
Эстесем, ата-энем бир да кылган ишиме ыраазы болуп, сен мыктысың, кийин чоң адам болосуң деп айтышпаптыр. Бир күнү университетке психолог келип тренинг өттү. Ошондон кийин мен нормалдуу эмес экенимди билдим. Көрсө өзүмө болгон ишенбестиктин түбү тээ бала чагымда жатыптыр. Көп уруш жеп жүрүп жалтак болуп чоңоюп калыпмын.
Ата, апа, мени багып чоңойтконуңар үчүн чоң рахмат, бирок, эшек деп көп айтчу элеңер, эшек болдум. Ата-энемди баары бир жакшы көрөм. Айыптабайм. Балким, аларды да жаш кезинде ата-энеси ошентип урушкандыр. Бирок, мен эч качан баламдын өзүмө окшош болушун каалабайм.
Учурда психологго барып жатам. Жылыш бар. Курсташтарым өзгөрүп баратканымды айтышат.

Балаңызды “эшек” десеңиз, эшек болот Балдарга таалим-тарбия берүүдө үй-бүлөнүн ролу чоң. Үй-бүлөдөн алган тарбия адамда өмүр бою сакталат. Баланы туура тарбиялоо тууралуу Балдарды коргоо борборунун психологу Таалай Жакыпов ой бөлүштү.

Балдарга тыюу салган болбойт
10-11 жашка чейин эне менен баланын ортосунда тыгыз байланыш болот. Энеде эмне гана болбосун, анын баарын бала сезет, кабыл алат. Ата-эненин оозунан чыккан сөз же каргыш, же ак бата болот.
“Колуңан эч нерсе келбейт”, “Эшек" "Чочко” деп катуу айтып тилдөө балага гипноз сыяктуу “сен ошондой бол” дегенге жатат. Баланы кантип таңабыз?
“Эмнеге ал жакты карап жатасың, түз бас” - көзүн таңдык, “Сүйлөбөй отур” - оозун жаптык, Айтканды укпайсыңбы, сөзгө аралашпай жөн тур” - кулагын жаптык, Ыйлаба” - сезимдерин таңдык. Мындай мамилебиз менен баланы катуу ороп коёбуз. Тыюу салуулардан алыс болуп, ата-эне оозуна караш керек. Айткан сөзүнө маани берип жүрбөсө ошонун баары балага таасир берет. “Сенин колуңан эч нерсе келбейт” десек, бала “менин колуман эч нерсе келбейт турбайбы” дейт. “Менин балам татынакай, тарбиялуу, ыймандуу” деп айтсак, балада “мен сулуумун, акылдуумун” деген ой пайда болот.
Эң негизгиси балага көңүл буруп, мээрим төккөндү үйрөнөлү. Мээримди көз, сөз жана дене менен беребиз. Аалам ага душман эмес, дос экинин билдирүү керек. Биз канчалык кучактап, бетинен өөп, “мен сени жакшы көрөм” деп айтсак, бала ошончолук айлана-чөйрөнү кабыл алып, бактылуу болуп чоңойот.



Билдирүүнү түзөткөн: Rus.89: 18 Ноябрь 2019 - 10:35

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#363 Пользователь офлайн   Rus.89   18 Ноябрь 2019 - 10:39

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 10 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 26 Июл 2021 22:24
  • Жынысы:Эркек

СЫЗДАТКАН СЫРДУУ КАТ

Бир күнү мага өзгөчө кат келди. Окуп ойго баттым, жашымды тыялбадым. Кат ээсинин өтүнүчү менен иштеп чыгып жарыялоону туура көрдүм.

"Саламатсызбы эжеке, сиз менен сырдашып өзүмдү жеңилдетпесем, батпай турам. Макул десеңиз, айтайын да жеңилдейин" .

- Саламатчылык кызым. Макул сырдашалы.

-Сизге түшүнүктүү болуш үчүн башынан жазайын ээ.

-Макул, кызым.

"Биздин үй алыскы райондордун биринде, чоң айылда жайгашкан. Чоң айыл, чоң үй - бүлө дегендей, биздин үй-бүлө да ошол чоң үй- бүлөнүн бир бутагы. Чоң ата, чоң эне, чоң коргон баары менен биз бактылуу элек. Чоң атам көп балалуу, уулдарынын баарын үйлөп-жайлап, кыздарын берип тындырышкан. Менин атам уулдун экинчиси. Баарын бөлсө да ,бизди негедир бөлгөн жок. Апам менен атам үч кыз, эки уулдуу болсо да, өздөрүнчө бөлүнөм дебей, чоң ата, энемдин ыктыярынан чыкпай, мал багып, кетмен чаап, дыйканчылык менен тиргилик өткөрүштү. Мал демекчи, малдын баары чоң атамдыкы эле. Жайы жайлоодо, кышы кыштоодо атам менен апам бешөөбүздү жетелеп мал артында, кетмен көтөрүп талаада эле. Үйгө келгенде деле апамда тыным болчу эмес. Кир жуумай, короо шыпырмай, нан жапмай. Чоң атамдын башка уул, кыздарынын кири да апамдын мойунда эле. Биз кол арага жарап калган мезгилде, ошол үйдүн түйшүгү бизге жүктөлдү. Жылаңайлак тызылдап, барын кылабыз. Бирок жакшы сөз укпадык. Чоң атамдын кыздары келген мезгилде чоң энебиз өзгөрүп кулжуңдап калчу. Атам жоош, ак караны ажыталбаган, чечкинсиз, жалтак да болгонун мына эми сезип отурам.

Анткени эжелерим келгенде атам да өзгөрүп калчу. Себеби жок апамды чыркыратып сабап, тепкилеп салат эле. Бир ичсе айлап ичип, апамды кубалап уруп кордосо, апам байкуш кой канага түнөп, тизеден ылай кечип жүрөгүнүн арасына бекинип таң атырчу. Баралы десек жөнөтүшчү эмес. Атам уктаганда апам байкуш акырын келчү да, биздин арабызга жатып алчӯ. Улам бирибизди жыттап, ыйлаганын билдирбей сызылып таң атырчу. Эрте мененки тиргилик апамдын мойнунда эле. Таң атпай, нан жаап, мал саап, кир жууп, чоң атамдын сулкуйган кыздарын, балдарынын тамагын даярдачу. Байкуш апам, ошончо түйшүктү кабагым ашым дебей аткарчу эле. Атам акча тапса энем алып койчу да күйөөдөгү кыздарына айылчылап он, жыйырма күндөп жүрүп келчү. Кийими эскирип бозоруп, жылдызы өчүп, жайнаган көзүнүн күлгөнүн элестете албайм апамдын. Сызылып баарына чыдаган экен байкуш апам.

Чоң атамдын кыздары белек, бечкек алып келсе да апамдан башка келиндерине алып келишчү. Апам белек албаганын капарына да алчу эмес, бирок сулуу көздөрү муңайып калчу. Апам сурап алаары жок үй кызматчыдан айырмасы жок эле. Кээде атамдын токмогуна чыдабай качып таенемкине барат элек. Бирок бизге ал жакта да орун жок эле. Байкуш апам ыйлап ыйлап жолго түшчү элек. Көрсө таенебиз өгөй экен. Болбосо упураган кызына кантип жаны ачышпайт. Биздин бала чагыбыз апамдын муңга баткан сулуу көзу, сумсайган элеси менен өттү. Барар жеринин жогунан, балдарым деп адам чыдагыс азапка кайыл болгон экен.

Мына, андан бери бир топ убакыт өтүп, мен 35 ке чыгып калдым. Бешөөбүз тең окуп, турмуштан орун таптык, бирок... бирок. Апам мындан беш жыл мурун инсульт алды. Бөбөктөрүм акыл эстүү жетилип, апамды жакшы карадык. Беш жылдан бери төшөктө. Сүйлөй да албайт, акылы даана. Апамдын үнүнө ,күлкүсүнө зар болуп келебиз. Ой жүгүртүп апамдын качан бактылуу болуп сүйүнгөнүн, көзү күлгөнүн, же жакасы агарып жаңы көйнөк кийгенин эстей албайм.

Азыр баарыбыз баарын алып келсек да, апамдын кийгенге чамасы жок. Көзү менен гана сүйлөшөт. Атама катуу нааразы окшойт, кабагы бүркөлө түшөт. Мен өзүмдү жектеп келем. Он, он беш жыл мурда айылдагы айылдаш абысындары апамы чакырып туулган күндөрдө отуруп калышчу. Ырдап,бийлеп көңүлдөрүн көтөрүшчү келиндер. Үйдөгү чырдан тажаппы, айтор апамдын теңтуштары менен күлүп жайнап отурганына тыюу салат элек, мисалы мен. Апам ошондо 35-40 эле жашта болгон экен.

Уялам ошол күндөрүмө, апамдын күлқүсүнө, үнүнө зр болоорумду билсем го атаганат. Турмушка чыктым "кайын журтума, күйөө балаңа уят"- деп дагы, дагы эркин байладык. Алардын апам менен не жумушу бар эле дейм да. Кӯрулай намыс эле экен бул. Эми кийимдин түрүн, тамактын түрүн алып барсак, дарманы жок көзү менен ымдап, жалдырап гана жатат алтыным. Бул ыраазы болгону.

Ойносо оюнга тойбой турган гүл курагын, толуп турган жаштыгын, өмүрүн бизге арнап, азапка чыдап жайнап күлбөптүр деле. Күйөөнүн запкысы, кайын журттун басмырлоосунан чыгалбаган апамды "уят, эл эмне дейт, туулган күнгө барбаңыз, абысындарыңа кошулбаңыз" - деп эркиндигине, күлкүсүнө чек коюп, аябай упуратыппыз. Байкуш апам, көрсө кичине болсо да көйгөйдөн алаксыйын деген тура. Абысындары да апамдын жакшы адам экенин билип, атайы чакырып, жакшы айтып көңүлүн көтөрүшчү тура.

Бир чоң апаларыбыз бар, бир жолу мени өлө кейиди, "ай кыз, апаңды мынчале кыйнайсыңар, балдары силер көрбөсөңөр ким көрөт апаңардын акыбалын. Кичине болсо да көңүлүн көтөрүп алсын. Кыз апасына тартып турат. Түшүн апаңды, артынан сая түшкөндү токтоткула. Кӯдай урбадыбы эми? Апаң эмне үй кызматчыбы силергё? Апаңдан башка канча келин, қанча аял жүрөт, өз тамактарын кылып жей албайбы? Силер аябасаңар ким аяйт апаңарды, силерден башка эч кимиси жок"-деди.

Сегизде окуйт элем, башыма чапкандай болуп чочуп, уйкудан ойгондум. Бала болсом да намысыма келдим, "чын эле эй, апамсыз ошол чоң коргондун тиргилиги кантет эле"- деп ойлоп үйгө кеттим.

Апам жок болсо идиш жуубай, нан бышпай, кир үйүлүп, короо шыпырылбай калчу. Мен кол кабыш кылчумун. Мына эми ойноп күлөөр мезгилде беш жылдан бери кыймылсыз, тил оозу жок, көзүн жалдыратып жатат. Атам эркек киши да, кээде күнөөлүүдөй апамдын колу -бутун укалап, чачын тарап, бети колун жууп калат. Мындайда кыраакы жаным апамдын маанайын байкаймын. Атамды тик карабай мустайып, көзүн ала качып жата берет, Сулуу көзүнөн ызалыктын эпкини көрүнүп, төгүлгөн кирпиги жерден көтөрүлбөйт.

Көңүлү калып калган экен байкуш апам. Кээде атам ичип алса апама сүйлөнүп калат. "Же өлбөдүң же калбадың , катын алам башка, өлсөң эртереек өл, болбосо сакай тез"- деп. Мындайда апам жаш төгүп гана жата берет. Жек көрүп кетем өз атамды. Атам убагында коргоп алса, апам жыгылбаса керек эле. Эми төшөккө жатып калса, айтканын көр. Апакем аай, неберелери келсе көзү жайнай түшөт, кучакташса көзүнө жаш чая шуу -шуу жыттап жыргап калат.

Эң кичине келинибиз чыйрак чыкты. Апамды баладай бакты. Биздин тиргилигибиз бөлөк, ошентсе да бир бутубуз, оюбуз ошол үйдө. Келиним апамдын чачын, боёп макияж жасап, тырмагына чейин жасап, ар түрдүү сүрөткө тартып турат.Сулуу апам сүрөтүн көрүп жылмайып алат. Күндөн күнгө жылыш болуп баратат. Караган доктуру да жакшы кабар айтты.

Апакем сакайып баратат. Кубанычымда чек жок. Беш жылдан бери баарыбыз жетим калдык апа, кечир бизди. Кудайым боор ооруду окшойт. Көз жашыңызды көрдү ээ жаратканым. Баары жакшы болот.

Келинимдин жакшы кароосу, апама үмүт берди. Ал апам менен сүйлөшүп, музыка коюп, бийлеп, ырдап берет экен. Тамакты өз колу менен берип, жанына колякага баласын отургузуп алып :

-Апаке караңызчы Нурчигиңизди. Чоңоюп калды. Жазда басат буюрса, ага чейин сиз да жакшы болуп, небереңизди жетелеп паркка барасыз ээ апа. Ошон үчүн сиз жакшы болушуңуз керек. Неберең үчүн, мен үчүн апаке кайра кайтып келиңиз мурунку жашоого" деп сүйлөп атыптыр. Апамдын көзү жайнап ыйлаба деп белги берип, жылмайып турат. Мына ошондон баштап апамда жылыш бар. Колдоруна, буттарына жан кирип кыймылдап, ал тургай кыска сөздөрдү сүйлөп калды. Катуу сагынган экенбиз кучакташып, жытташып бүтпөй келебиз. Кудайым апамды кайра берди бизге.

Аял алам деп оолуккан атамдын "бапиги" басайып калган. "Атаңар оорукчан аялды карап отурмак беле алса алсын аял, апаңар бүгүн бар, эртең жок"- деген бир туугандарынын дымы өчтү. Отуз жылга жақын оту менен кирип, күлү менен чыкты эле апам. Жакшылап алын сурап коюшкан жок чоң атамдын кыз, уланы. Көргөнү келгени таңыркап, сыртка чыгып "доктур не дейт, жакшы боло бекен"- деп сурашат.

Арданып биз апамды эч кимдин көзүнө көргөзбөйлү, күчтүү доктурга көргөзөлү деп шаарга алып келе бердик. Чоң иним өтө кыйын, барып чоң атамдын короосундагы малды чекесинен сатты. Кой дегендер менен мушташып да кетти. Бодо мал көп экен. Анын баарын көбөйткөн апам байкуш эле.

"Алманы аким, таякты жетим жейт" болуп, пайдасын башкасы көрчү. Эстей албайм мал сатып биздин, апамдын кийим кийгенин. Ал тургай курут, майы да, тонналап алган картошкасы да чоң атамдын кыздарынан ашчу эмес. "Эшек иштеп, ат жейт" эле. Иним малды сатып шаардын четинен үй алды , апамды ошондо карадык. Акыры апамды ошол азаптан, сормодон сууруп алдык, бирок кыймылсыз. Өтө кеч, бирок үмүт чоң.

Күндөн күнгө апамдын жүзүнө кызыл жүгүрүп, талпынган небереси менен кошо талпынып, жөрмөлөп келип басып жыгылып өпкүлөп ойногон Нурчиктин кылыгына балкып апам, оңолуунун аракетинде. Беш жылда чачы да калбады. Кыркып койсок апамдан өткөн сулуу жок.

Кечир апаке жаман балдарыңды. Убагында колдоогонубуз үчүн. Биз сизди сагындык. Үмүтүбүз чоң, тогуз айлык Нурчик менен тең кадам шилтеп басып калаарыңызга ишенебиз. Жакшы болуп кетсеңиз бизге ошол жетет. Кетилген көңүлдү толтуруңуз, жоготкон, кур өткөн жылдарыңызды табыңыз. Курбу курдаш күтүңүз, болгону оорубаңыз. Биз сизге чек койбойбуз төрүбүздө гана отуруңуз апакем..

Сизди сагынган үй бүлөңүз,балдарыңыз жана мен Айзадаңыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Rus.89: 18 Ноябрь 2019 - 10:39

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#364 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   18 Ноябрь 2019 - 10:45

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

Просмотр сообщения Rus.89 (18 Ноябрь 2019 - 10:26) жазган:

АПАМА КАНТИП ТУФЛИ АЛЫП БЕРЕМ???
Талапка ылайык мен да окуучулук күндөрдөн бир үзүм жазгым келди.Тагыраагы бүтрүүчүлүк кездерден. Ошол кездер эсиңиздерде болсо катаал мезгил эле.11 класста окуйм. Кыштан туфличен чыкканбыз. Атам жумушунан башка шаарга которулуп кеткен. Инилерим да атам менен чогуу. Менин окуума байланып апам экөөбүз калганбыз. Алардын айлыгы 10 айлап 1 жылдап да тийбейт.Окууну бүтүп журналистикага тапшырам деген ой тээ түпкүрдө гана болбосо окууга тапшыра турган шарт жок. Классташ кыздар балдар сүйлөшүп калган кезде баары юрист, экономист, врачтыкты сүйлөшөт. Мен унчукпайм. Себеби атам Тоо техникумуна окуйсун досум бар киргизип коем деген. Бай, кедей деген түшүнүк пайда болуп калган кез. Баары эле ошентип атышса а мен үйдө нан жок кантип окуйм демекмин..... .. Бир күнү мектептен келсем апам гардеробун чукулап атыптыр. Бир эски туфли алып чыгып ушуну сен төрөлгөндө атаң алып берген болчу, бир жыл кийип кийбей койгом балам.Эми киейин деп кийип алыптыр. Ичим сыйрылып кетти. Кедейлигибизге өкүндүм. Кантип апама туфли алып берем??? Ошол убакта биздин райондо юридикалык олимпиада өткөрүлчү прокурордун демилгеси менен. Эч кандай шанс жок болсо дагы катышып көрүүнү эп көрдүм.1-орунду алганга юрфака өтмөй, 2- орунга 300сом байге. Максатым 2- орунду алсам апама туфли алып берүү. Эсен деген агай бар болчу. Агай мен катышам деп даярданууга өттүм. Улам күндөр жакындап атат. Мектеп программасынан алдыга кеткен болчумун. Мамлекеттик экзамендерден да коркподум. Ойум эле эптеп 2-ни алуу.Бир жума калганда район боюнча ар бир мектептен 2ден гана окуучу катыша алат деген буйрук чыга калбаспы. Биздин мектептен мени тизмеден өчүрүштү.(((. . Ал кезде райондо пионерлер уйу деген уюм болоор эле. Агайым байкуш ошондо да иштечу директорго айтып жүрүп мен ошол уюмдун атынан катышмак болдум. Башталды... Кучак толо гул көтөргөн ата энелер, күйөрмандар. Мен жактан эч ким жок. Агайым -Ибрагим өзүң кире бер деп киргизип ийип кетип калды.Тест түрүндө экен. Биринчи жолу 80ден ашык бала отурдук. Бут эле мен билген суроолор экен.Толтурдум да биринчи чыгып кеттим.Сыртка чыгып кутуп турам.убакыт отуп балдар кыздар чыга башташты.Баары эле биричини алам дейт.)).. Жыйынтык кечинде чыкты. Прокурор, Аким,райондук денгээлдеги баардык жетекчилер катышууда.Йе кудай 2-ни бере кор деп отурам.. Бир убакта айтып баштады 1-орун Дом Пионерден катышкан окуучу Балтабаев... ....ишенбей көздөрүм чекчейип кетти. Өзүмө келалбай отурсам аким:-Балтабаев ким?-деп суроо салды. Мен деп туруп бардым,тизелерим калчылдайт. Нач РОВД ишенмексен болуп кайра айтчы деп сурап атат..))).. 1-орун! Менин тагдырымды чечти.Карапайым акчасы жок интеллигенттин баласы 1-орунду алды! Автоматтык түрдө юридика факультетинин студенти болду!.. Оо Кудай! Ошол күндөр менин адам болуп калыптануума, ак караны ылгап үйрөнүшүмө өтө зор таасирин тийгизди..А апамдын туфлиси дагы 2 жыл кийилди мен жумушка киргенче.....

Эски окуялардан. .))


прокурордун демилгеси менен сынак уюштуруп юридикалык окуу жайга жолдомо пффф! Ангеменин автору реалдуу жашоодон алыстап кетиптир эле илгери эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#365 Пользователь офлайн   Rus.89   18 Ноябрь 2019 - 11:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 10 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 26 Июл 2021 22:24
  • Жынысы:Эркек

Табиятта тазарган балалыгым


Тешик сеткадагы “Русская водкалар”

Өмүрүмдөгү эң урунттуу, эң таттуу учур – балалыгым болду. Биздин балалык Советтер Союзунун акыркы 10-15-жылын ичине камтыды. Сексенинчи жылдардын ичи балалыгымдын бал ширин учуру эле. Ошол кезде үйдө төрт кыз бар болчубуз. Улуу эжелерим турмушка чыккан, бир агамды армиядан кийин таэнемдер колуна алып, бир агам шаарда жашачу. Удаа төрөлгөн төрт кыз үй жумуштарынын баарын аткарчубуз. Мен болсо эркек болууну самачумун, көйнөк кийбей ыйлачумун. Узун көйнөк кийгизип койсо “мени кыз кылбагыла, баары бир кыз болбойм” деп көйнөктүн этегин шымымдын ичине ныгырчумун. Атам мектепте мугалим, апам бала-бакчада тарбиячы болчу. Огородубуздун нары жагы 9 га алма багы, андан өйдөрөөгү саз болчу. Саздын наркы этегинде мүрзө турчу. Х1Х кылымдын 1860-жылдарынан баштап тынбай келе баштаган орустар ХХ кылымда Ысык-Көлдө биротоло өз таасирин тийгизип турган кез экен азыр ойлосом. Ар бир дүкөндө “Русская водка” суудай агылчу. Арактардын башкача аталаарын билбептирбиз, бир эле ушул арак өтүмдүү болчу. Ыраматылык атам жумуштан келгенден кийин же дем алыш күндөрү алма бакта кошунасы Ашым ата менен эң даамдуу ак алмалардын сыртын макиси менен аарчып отуруп, ойноп жүргөн мени чакырып, апамдан каткан 5с.30 тыйынын берип, аракка жумшачу. Ал кезде азыркыдай пакеттер жок, жиптен токулган сеткалар болчу, эмне көтөрүп келатканыңдын баары көрүнүп турчу. Тешик сеткага “Русская водканы” көтөрүп келчүмүн. Алар шашпай сүйлөшүп отуруп арагына алманы закуска кылышчу. Ошондогу беш кыры бар сары алмаларды азыр негедир эч жерден көрбөйм. Эркек болууну самагандыктан чачымды да тасырайтып кырдырып алчумун. Эркектер кечкисин мал тозгончо теп биздин үйдүн жанына келип, сүйлөшүп калышканда Зарлык атага чуркап барып, чачымды шыпырып салуусун суранчумун. Ал куруна байлап алган устарасын алып чыгып, шылдырап агып жаткан суудан кочуштап алып чачымды суулап, кырып салчу. Кошуна Ашым атанын аялы Кишим апа болчу. Тентек балдар алардын жанынан өткөн сайын “ичим ий, Кишим, тишим ий Кишим”, “башым ий, Ашым” деп ооруп аткан кишидей болуп, тийише берчүбүз. Бир айтып бир койбой, аларды көргөн сайын ушул сөздөрдү айтып, ичибизди же тишибизди же башыбызды басып калаар элек. Өйдөкү көчөдө Койчукен ата да жашачу. Аны да “баланча антип койчу экен, түкүнчө тигинтип койчу экен” деп сүйлөнүп өтчүбүз. Жарыктык кишилер, биздин ал кылыгыбызга эчтеке деп унчугушчу эмес.

Оля, Толя, Коля аттуу козуларым – жакын досторум

Саздын жээги менен алма бактын ортосунан шаркырап чоң суу агат. Үйдө жалаң кыздар болгондуктан эркектин ишин аткарып, мал багуу менин милдетим. Жалпы койлордун кезүүсүн, анан үйдө калган козуларды кайтарчумун. Бир күнү козуларды кайтарып жүрсөм, жардын түбүнөн аккан сууга бир арык козу аттайм деп төмөн кулап кетип, суу менен агып жөнөдү. Мен чымылдап, жардан ылдый түшүп, суу жээктеп чуркап баратам, колумду сунуп коем же жетпейм. Ал адамча жалооруй тиктей агып эле баратат. Сууга боюмду таштайын дейм, корком. Акыры баягы козу бир бутакка илинип, жээкте туруп калды. Чуркап барып тартып алдым. Байкуш козу суудан чыгып эс алгандан кийин мени энесиндей ээрчип алды. Ошол күндөн баштап кайда барсам ээрчичү болду. Менде ошондон баштап малга деле адамча мамиле жасаса болот турбайбы деген ой келди. Кайтарган козуларыма, торпокторума, итиме сүйлөп, кол менен жаңсап түшүндүрүп, эркелетип же урушчу болдум. Кечкисин жем жебей жаткан козуларды нары түртүп, өзүм жеп жаткандай аштоого колумду салып кытыратчумун. Ошондо жебей жаткан козулар мени түртүп, жемди талашып жеп киришчү. Козуларыма Оля, Толя, Коля деген аттарды коюп алчумун. Аларды түшкүсүн сугарыш керек болгондо аттарын атап эле кыйкырып койсом, жарышкан бойдон чуркап келишчү.

Актерлордой сүйрөлгөндө…

Бизде бир шукшуңдаган кунаажын бар болчу. Күндө кезүүдөн келатканда тосуп турган мени алыстан көрүп, качып жөнөчү. Аны тосом деп уйларды аралап жүрүп, канча уй мени сүзгүлөп кетчү. Кечке аны издеп жүрүп, түнкүсүн араң алып келчүмүн. Бир күнү анын кылыгы катуу жанга баткандыктан, эч жакка кое бербей эрте алып келем дедим да катуу качып бараткан уйдун куйругуна жармашып алдым. Аны менен кошо жарышып катуу чуркап баратып, жыгылып кеттим. Ошондо да колумду куйругунан кое бербей сүйрөлүп кете бердим. Кийин ойлосом, кинодо атка сүйрөлгөн актерлордой эле болуптурмун. Акыры уйдун эси ооду, тык эле токтоп калды. Экөөбүз тиктешкен бойдон туруп алып энтигип дем алып жатабыз. Менден кутулбасын билди окшойт, жоошуп үйдү көздөй басып берди. Аны үйгө эрте жарыкта алып келгениме бир кубансам, колу-буттарым тытылганын көрүп ыйлагым келди. Короого киргизгенден кийин кылыгын айтып урушуп атам, урушуп атам, акыры таяк менен бир катуу чаап алдым. Күнөөсүн сезгендей башын жерге салаңдатып калды. Дагы бир күнү ал кунаажын карды ток туруп эле мөңкүп качты. Аркасынан кубалап барып таппай калдым. Караңгы кирип кеткен. Издеп жүрсөм апам келип калды. “Эмне аны кайдан табабыз?”, – деп зээни кейиди. “Мен аны билем, ал мүрзөгө кирди, азыр айдап чыгам” деп эле жөнөп кеттим. Апам коркуп, ошол жерде тура берди. Мүрзөнү аралап жүрүп топ этип улам ылдый түшүп кетем, кайра чыгам, кайра түшүп кетем, ошентип жүрүп, уйду таап айдап келдим. Кийин ойлосом, адамдар көмүлүп үстү топурак, асты көңдөй болгон жерлерди басып алып кулап кетип, кайра чыгып жүргөн турбаймынбы.

Ошол уй шукшуңдап жүрүп кийин жардан кулап өлдү. Өкүнгөн жокмун, кубанып да кетпедим.

Бакалардын бакалооруна кептелип

Бир күнү кечинде козу кайтарып жүрүп үйгө келсем, колонкадан суу акпай, үйдө ичээрге суу жок калыптыр. Апам үйдөн чыкпаган кыздарына айтса деле, алар суу алып келиштен коркуп отурушуптур. Суу чыкпай калганда саздын этегиндеги кудуктан алчубуз. Күүгүм кирип калганына карабай эки чаканы көтөрүп алып сазга жөнөдүм. Кудукка мына жетип суу алайын дегенде карасам толтура бакалар секирип келатышат. Тимеле жер жайнайт, басаарга жер жок. Айлана-тегерегимдин баары эле чуру-чуу, бакалардын үнүнө толуп чыкты. Каттым да калдым. Саздан чыккан бакалар бутумдун түбүнөн өтүп, миң сандап айылды көздөй баратышат. Эңкейсем, кудуктун ичи да толтура бака. Эки жагымды карасам бир адам жок, суу алганы айылдан эч ким кудукка келбептир. Канча турдум билбейм, бир убакта өзүмө-өзүм дем бериш үчүн катуу кыйкырдым да аттап-буттап, бош чакаларымды калдыратып секирип жөнөдүм. Бакырып келатып бир-экөөсүн балчайтып басып алдым окшойт. Ошентип, суу албай үйгө келдим.

Биз сазга ойноп жүргөн учурларда боз бакалардан сырткары кызыл бакаларды да көрчүбүз. Байчечекей гүлүн теребиз деп барып, саздагы майда суулардын жээгинде үстү үч кырдуу кыпкызыл бакалардын отурганын көргөндө колубузду акырын тартып алчубуз. Мектепте химиядан сабак берген Гүлсана эже бакаларды сойдуруп, практика өтчү. Санитардык милдетти аткарган ошол миңдеген бакалардын азыр кайда? Эгемендик алганы кытайлардын келиши менен бакалар кафе-ресторандарга тамак катары терилип, жок болду окшойт.

“Ленин орус эмес!”

Союз кезинде Көлдүн эли өзгөчө орусташып кеткенин кийин, башка областтарга чыкканда салыштырып билдим. Х1Х кылымда эле алгач Ысык-Көлгө келген орустар биздин областта көбүрөөк жашаган экен. Орустардын таасиринен улам ата-энем атеист болушту. Биздин үйдү айылдагы уста орус Ваня салышкан. Ал кезде марксизм менен ленинизмдин осуяттарын, Маркстын “дин – башты айланткан апийим”, Лениндин “кудай жок” деген сөздөрүн окутушчу. Ушундай саясаттан улам бала чакта кыргыздын тарыхын окубай чоңойдук. Эсимде калганы – Россияда болгон дүйнөлүк 1-2-согуштар, Маркс, Энгельс, Лениндин осуяттары, алардын бири-бирине жазышкан каттары, бала чактары, КПССтин сьезддери, анда каралган маселелер, ак падышанын тактан кулашы, социализмдин курулушу болду. Атам тарыхтан сабак берсе дагы бизге, өз үй-бүлөсүнө нагыз кыргыздын тарыхын окуткан эмес. Атасы Максүт өмүр бою болуш болуп жүрүп, Сибирге репрессияланып кетип, келбей калган. Балдары тестиер кезинде апасы кайтыш болгон. Ошентип, ар кимдин колунда жетим чоңоюшкан. Чоңоюп, пединститутка өтөөрдө маңкурт мугалимдердин “атам эл душманы деп айтсаң өткөрөбүз” деген талаптарынан жана советтик системанын саясатынан көп нерсени айтуудан корккону билинип турчу. Ошол бала чакта: “ата, кудай барбы?” десем, жооп бергенден тайсалдачу.

Бир күнү эжем мага “Ленин орус экен” десе болобу? Оозум ачылып эле калды. Биз сүйгөн, күнү-түнү окуган, бизге азаттыкты алып берген Ленин атабыз кантип эле орус болуп калсын? – Калп айтпа! – дедим бакырып. Эжем менин көзүмө тимеле душманымдай көрүндү. – Ишенбесең, жүрү атамдан сурайбыз, – деди. – Жүрү, деп атама бардык. Атам дагы ага кошулуп, “Лениндин улуту орус” деди. Ошондо уккан кулагыма ишенбей, өпкө-өпкөмө батпай катуу ыйладым. Көрсө биздин мээбизге, жүрөгүбүзгө Ленинди абдан сиңиришкен экен. Биздин үйдүн китеп текчесинде Ульяновдун бала чагы турчу, аны окуп алып абдан сыймыктанчумун. Үйдө Маркстын, Лениндин том-том китептери катар-катар тизилип турчу. Аларды окубай коюу мүмкүн эмес болчу, аларды кийин мектептен эмес, унверситеттен да көп окудук.

Корккондон чокунуу. Траур музыкасынын коштоосу

Биз бала чакта күнөө кылып же бир жерден кечигип калсак үйгө орустардай чокунуп кирчүбүз. Айылдагы аты чыккан белгилүү адамдардын көзү өтсө мүрзөгө орустардай коюшчу. Өлгөн адам табытка салынып, сөөктү 4-6 адам алмашып көтөрүшүп, артынан 15-20дай аскердей кийинген адамдар, орус солдаттары орустардын траур музыкасын чертип өтүшчү. Анын артынан баш кийимдерин колуна алган айылдык эркектер самсып, жөө жөнөшчү. Биз, балдар, андан коркуп, көрүнбөөгө аракет кылып, дарбазанын жыртык-тешигинен карап турчубуз. Айрым үйлөрдө куран да окутулбай, арак суудай төгүлчү. “Русская водка” совет элинин негизги тамагы болуп, эң пайдалуу тармак катары Москванын чөнтөгүн калың толтурчу экен. “Бардыгы бирөө үчүн, бирөө бардыгы үчүн” деген Лениндин урааны менен эч ким байып кетүүгө умтулчу эмес, компартия турганда эч ким жакыр да болгон эмес. Аракты ичип бардыгы коймаарек эле жашай беришчү. Бирок, орус эли чынчыл, эмгекчил эл. Бирөөгө карасанатайлык мамиле кылышканын көргөн, уккан да жокпуз. Аралашып, ынтымактуу жашачубуз. Бирок, эгемендик келгенден кийин алар биздин айылдан көчүп кетишти.

Акылдуу сулуу, Ольга Кацуба эжей

Бизди мектепте Ольга Михайловна Кацуба деген эжейибиз коңшу Тамчы айылынан келип окутуп калды. Кээде автобус менен келет, кээде күйөөсү мотоцикл менен алып келип, алып кетет. Баарыбызга башка мугалимдер бир тең, ошол эжей бир тең болчу. Анын сулуулугу, кийингени, таланты, эмгекчилдиги бизди арбап алчу. Бизге англис, орус тилдеринен сабак берчү. Ошол учурда анын колунан окуган окуучулардын баары англис тилинен жакшы окудук. Англисче ырларды обону менен үйгө чейин ырдап барчубуз. Бизди орус адабиятына сугарды. Сүрөтчү да болчу. Пушкин, Гоголь, Лермонтов, Толстой, Чеховдордун сүрөттөрүн портрет кылып тартып, классына илип койчу. Музыкант да болчу. Фортепианодон классикалык музыкаларды – Шопендин, Шекспирдин өлбөс эмгектерин чертип берчү. Бизге үйрөткөн орусча, англисче ырларынын баарын пианинодо чертип, ырдатчу. Ал иштеп турганда мектепке баруу майрам болчу. Ар тараптуу таланттуу эжейдин биз чоңоюп калганда мектептен өз айылына иштеп кеткени абдан өкүндүргөн. Ал азыр Бишкекте жашайт.

Пачка-пачка акчалар

Бала чакта абдан тентек, бирок чынчыл, бетке айтма, өжөр болчумун. Бир күнү өйдөкү көчөдө жүрсөм, жолдун ортосунда пачка-пачка акча жатат. Акчаларды салган баштыгы да жерде экен. Акчаларды ага шыкап салып эле почточу Акинди издеп жөнөдүм. Менде акча бар экенин эч кимге айтпай, көчөмө-көчө издеп жүрүп аны таап, баштыгын колуна карматтым. Өңү бопбоз болуп турган экен, сүйүнгөнүн да билген жокмун, артка чуркап кеттим. Бала чакта бирөөдөн акча алуу, акча суроо мага жат көрүнчү. Эч качан акчага азгырылган жокмун. Огороддогу өрүктөр ошондо мендей жаш болгон го, бадырайып алмадай чоң болуп бышчу. Апам өрүктөрдү терип, чакаларга салып бергенде эки чоң чака өрүктү велосипедиме илип алып, 2 чакырым алыс жолдун жээгине алып барып, бат эле сатып келчүмүн. Бир күндө 5-6 жолу өрүк сатып кетсем эртеден кечке отурган кемпир-кесектер таң калып эле карап калышчу. Ошол өрүктөрдүн акчаларын апама бергениме бактылуу болчумун. Андан бир тыйын алып калуу оюма да келчү эмес. Кичинемде “Школьник”, андан кийин “Орленок”, андан чоңойгондо “Урал” деген велосипеддерим болду. Эсимде, мен бала чагымда көзүм ооруп калды. Айылда абдан мээримдүү Валя деген орус врач бар болчу, апам ага көргөзүп, көзүмө дары куюшчу. Дарыны көзүмө куйдурбай качканда велосипед сатып берип алдап, куюшчу. Ошондон кийин жалаң велосидеп тээп чоңойдум. Очки тагынып жүрүп, кийин көзүм жакшы айыкканда таштадым. Азыр эми өзүм кыздуу болгондо бала чагымды эстеп, ага велосидеп алып берсем, теппейт. Ролик, снейк дешет.

Маймылдай секирип маашырланганда

Айылдын башындагы суу аккан жарлардын жээгине мажүрүм талдар жыш өсчү. Тентектигимен ошол дүпүйгөн мажүрүм талдарга чыкчумун да самсаалаган бутактарын кармап ылдый салаңдаган боюнча күүлөнүп, экинчи мажүрүм бакка секирчүмүн. Андан күүлөнүп үчүнчүсүнө, төртүнчүсүнө, бешинчисине маймылдай секирип маашырланчумун. Жер менен эмес, бак менен бир топ жерге келгениме сыймыктанып калчумун. Балдар болуп жардын башына чыгып алып, төмөн жагында аккан сууга түшүп калбай, секирип өтүп жарышчубуз. Азыр ойлосом, кудай өзү сактап жүргөн экен.

“Өлтүрөм деген, өлтүргөн тура”

Малды мен карагандыктан атам дайыма кой союп жатып “мына, мунусу да семиз чыкты, менин кызым баккан да” деп мактап койчу. Бир күнү 3-4 айыл ары жашаган таэнем ата-энемди чакырып калды. Экөө жасанып кетип баратса мен да ээрчидим. “Сен кетсең, козуларды ким карайт?”,- дешти. Жиним шакардай кайнап, “козуңду өлтүрөмүн” деп кыйкырдым. Унчукпай дарбазаны жаап кетип калышты. Кечке жуук козулар беде жеп, ичтери көөп чыгыптыр. Эсим чыгып, аларды кубалай баштадым. Ары-бери кубаласам да болбой, бир убакта мен жакшы көргөн күрөң козу кулап түштү. Чабалактап абдан кыйналды, башынан өйдө тартсам да тура албай койду. Эмне кылаарды билбей, кошуна Аман абага чуркап барып, козунун ичи көөп жатканын айттым. Ал макисин алып келип, козуну беседкага жаткырып туруп мууздап салып, кетип калды. Калган козуларды жаткырбай кубалап жүрүп аман алып калдым. Бир убакта апам менен атам көчөдөн кирип келип эле беседкада мууздалып жаткан козуну көрүштү. “Өлтүрөм деген, өлтүргөн тура” деп апам кыйкырганда эле тызылдап качып кеттим. Ошондо оозумдан чыккандай эле бир козунун өлүп калганына таң калгам.

Өлгөн бука, тууган эшек

Айылыбызда колхоздун букасы бар болчу. Ал кайда кааласа жалгыз оттоп жүрө берчү. Бир күнү кой кайтарып, алма бакта жүргөм. Ары жакта ошол буркуйган бука оттоп турган. Бир убакта эле ал башын көтөрүп мени тиктеди. Аны көрүп менин жүрөгүм шуу этип, коркконумдан алма бактын башына чыгып кеттим. Ал менден көзүн албай койду. Кабагы бүркөлүп, көзү кызарып чыкты. Ушундай бир коркунучтуу тиктеп тура берди. Ичимден “жинденип жаткан турбайбы, азыр катуу келип мени сүзсө бак-сагым менен кулап түшөм го”, – деп качып кеткенден коркуп, бакты бекем кучактадым. Канча убакыт өткөнүн билбейм, бир убакта эле мени сүзөт го деген бука турган жеринде эле көзү аңтарылып кулап түштү. Алма бакка ооп түшкөндүктөн, дүпүйгөн алма бак качырап барып, сынып калды. Бактын башынан кантип секирип түшкөнүмдү билбейм, тызылдап чуркап барып кошуна Аман абага айттым. Ал баягысындай макисин алып келип, кошуна адамдар менен мууздап салышты.

Дагы бир жолу ошол алма бакта жүрсөм эшек мени тиктеп калса болобу? Мен дагы аны тиктеп корко баштадым. Бул дагы баягы букадай өлгөн аткан турбайбы деп чымылдап чуркагыча чын эле ал жерге кулап түшпөдүбү. Аман абанын үйүнө чуркап барып эле “эшек өлгөнү жатат” деп кыйкырдым. Экөөбүз чуркап келсек, эшек өлбөй эле кодолек тууп коюптур.

Балдай ширин балалык кезим, тентектигим 13 жашымда жүрөктөн операция болуп, кан буугандай токтолду. Фрунзедеги жүрөк ооруканасында 1,5 ай жатып келгенден кийин таптакыр башкача кыз болуп калдым. Баягыдай мал кайтарбай калдым. Мүнөзүм түнт тартып кетти. Бир жылдын ичинде китеп текчесиндеги китептердин баарын окуп салдым. Ошондон кийин сүрөт тартып, ыр жаза баштадым. Ошол кезде жазылып алып “Советтик Кыргызстан”, “Ленин жаш” гезиттерин, “Эл агартуу”, “Байчечекей”, “Ала Тоо” журналдарын окучубуз. Почточу Акиндин велосипедине гезит-журнал жүктөгөн карааны алыстан көрүнгөндө эле утурлап отуруп, атамдан биринчи алганга шашчумун. Андагы жаңылыктарды, чыгармаларды, дүйнөдөгү кызыктуу окуяларды баса калып окучумун. Менин андай “маалыматтуу” болуп жүргөнүмдү байкашкан окшойт, бир күнү мектептин директору Бакил агай мени мектепте саясий сектордун башчысы кылып койду. Аны өткөрүш үчүн күндө кечинде даярданам. Ошол учурда кыргыз телевидениесинин кечки жаңылыктарын Жамгырбек Бөкөшов алып барчу. Аны кечке тиктеп отуруп, айткандарын жазып алчумун. Гезит-журналдардан акыркы маалыматтарды топточумун. Эртеси түштө, сабактар бүтүп калган маалда, бир класска топтолгон чоң класстардын окуучуларына өлкөдөгү, дүйнөдөгү жаңылыктардан айтып берчүмүн. Көрсө, ошондо эле мен журналисттик вазийпамды баштаган экенмин.

Сымбат Максутова

Бир үзүм ойлор

Кыргызстан эгемендик алган 20 жылдын ичинде канча адамдар үй-жайын, балдарын таштап Россияга иштөө үчүн кетишти. Канча адам коркуп, зыркырап, бирөөнүн жеринде көз каранды болуп жүрүп акча таап жатышат. Ош шаарында базарды аралап баратсам, бир киши соода кылып отурган тестиер баладан “Апаң Москвадабы? ” деп сурап калганын кулагым чалды. Баланы жалт карасам, ыраңы өчө, ошол суроону уккусу келбегендей бир үшкүрдү да башын ийкей жер карап калды. Секундчалык көз ирмемде калган көрүнүш: баланын эне мээримине зар болуп турганы, сагынычтан куса болгону, балалык баео сезими менен эркелей албай, жылдардын жагымсыз өтүп жатканы, башкалардан кодуланганы, баарын, баарын анын көзүнөн көрүүгө үлгүрдүм. Өз жарандарын бага албай калган өлкөдө жашоо кандай оор болуп жатканын ошол кичине баланын көзүнөн көрүп, денем чыйрыгып кетти. Москва болсо аркы эле айылдай айтылганына таң калдым.

Ххх

Журналист болом деп ак эткенден так этип келген жаш бала мыкты журналисттердин арасында урду-сокту, чала-чарпыт бирдемелерди чүргөй жазып, аны мыкты оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүп, публикага чыгарып койгондон кийин аты чыкканына эреркей, мурдун көтөрө, чоң сүйлөөгө өттү. Улам түзөтүү менен чыгып жаткан материалдарына корстон болгон ал бала журналистиканын казанында кайнап, ысык-суукта калбай туруп, бир жылдан кийин депутат болууну самады. Адамкерчилик, сый-урмат, кесиптин чыныгы ээси болуу, улуу-кичүүнү сыйлоо, тилди үйрөнүү деген касиеттерди алдыга чыгаруунун ордуна тез эле бийлик креслосуна жетүүнү самаган жаш кыргызга Ак үйдөгү чала-сабат, акча менен бийликке жеткен, сүйлөй албаса да, иштей албаса да таанышы менен таанылып, акча жасоону алдыңкы планга койгон эргулдар катуу таасир берген окшойт. Жалаң акчаны, бийликти, байлыкты, таасирди каалаган маңкурттар муундан-муунга ушинтип бири-биринен үлгү алып өтө берсе, кандай өлкө болобуз?

Ххх

Эне, аял баркталган өлкө өнүгүп-өсөт. Азыр Кыргызстанда күйөөгө тийе албай калган же ажырашып кеткен кыз-келиндер абдан көбөйүп, алардын армиясы өсүп бараткандай сезилет. Себеби эркектер аз санда, анысы аз келгенсип көбү түрмөдө, көбү ичкич, көбү наркоман, көбү мигрант. Жакшыларынын 2-3төн аялдары бар. Аялдардын жан дүйнөсүн түшүнбөй, назик сезимин өзүнүн майда-барат түшүнүгүнө сыйдырып, ошого жараша аялды да майдалап мамиле кылган эркектердин саны качан токтойт болду экен? Бул тарабы минтип жатса, кыргыздын кыздары арзан болот деген чет элдиктер четинен аялдыкка ала башташты. Ачык эле корейлер, кытайлар, арабдар, түрктөр, жапондор, европалыктар ушуналык көп санда кыргыз кыздарын аялдыкка алып, кыргыз эмес балдардын санын көбөйтүп, жээндердин желесин тартышууда. Мурда кыргыздын мыкты уулдары башка улуттан кыздарды алып, акылдуу кыргыз балдарын тарбиялап чыгышкан. Азыр болсо баары тескери, кыздар кыргыз эместерди төрөп жатышат. Демек, таза улутту сактоо аялдардын колунда экенин аңдабай жатышат.

Ххх

Өмүр бою университетте студенттерге сабак окуткан агай жалаң алдым-жуттумдук, ачык акча суроо, ачык үй жумуштарын жасатуу, өз пайдасынын кызыкчылыктарын кылдырып алуу адатынан арылбай сабак берип жүрүп, 70 жашка чыкты. Дипломдук иш, кандидаттык, докторлук диссертацияларды жаздырууда жана текшерүүдө, экзамен жана мамлекеттик экзамендерди алганда кудай ургандай акчаларды шыпырып алчу. Аны өзүнүн чыныгы эмгеги деп эсептечү. Бирок, алардын азы аныкы болсо, көбү башкалардыкы боло турган. Ал кагаз иштерин ары-бери чампалап жатып, бир топ акчаларды тапчу. Бир жылдары бир чоң жыйында басып баратканын көрсөм, кебетеси бакадай болуп калыптыр. Ошондо абдан таң калдым, кудай адамдын ички дүйнөсүн сырткы кебетесине окшоштуруп коеруна. Ал басып барып, бир жерге кирди да чөнтөк телефонунан бирөөгө чалып: “эй сен, болбойсуңбу батыраак, акмак десе” деп өчүрүп койду. Кайра басып барып эл арасына отуруп калды. Анын бир эле ушул сөзүнөн адамдар менен канчалык сый-урматта жашаарын, намаз окубаарын, бул жашоонун негизги ченем-аспектилерин билбээрин баамдадым. Анын бакадай басып баратканын көрүп, зээним абдан кейиди. Бир университетте өмүр бою сабак берген агайдын “алыскы өлкөдө көп жыл жашап жүрүп келсем, менин досторум жалаң алдым-жуттумдук менен акча табуунун айынан бири букага, бири бакага, бири итке окшоп калган кебетелерин көрдүм” дегени эске түштү.

Ххх

Эжейим мени “жоголуп кайда жүрөсүң? Тез кел!”, – деп чакырды телефондон. Азыр барам, – дедим да барган жокмун. Анын эртеси да. Кийинки күнү жаңы эле чыккан китебимди көтөрүп бардым. Карап, барактап, телефондон ар кимдер менен сүйлөшүп отура берди. Көпкө ошентти. Ал мага таарынып, коркуткандагысы эле. Мен дагы унчукпадым. Мени китеп куткарып жаткандай болду. Ортодон чай кайнам убакыт өтүп кетти. Мага карап эч сүйлөбөйт. Мен дагы сүйлөбөйм. Анан аны карап туруп: мастандыгына, отурган бийлигине манчыркоосуна, керсейгенине, тажаалдыгына, заарына, майдалыгына, алдында иштегендерди катуу тартипте башкаруусуна, терс кыялдыгына, ачуулугуна назиктиги, аялдык амалкөйлүгү, энелик боорукердиги, далай эркектерди ашык кылчу сулуулугу, иште такшалган тажрыйбасы, акылмандыгы, балдарды мыкты тарбиялаган даанышмандыгы, күйөөгө жароокер жар болгону, жарашыктуу кийингени, боенгону, басканы жуурулушуп турду. Мен аны бир гана мүнөт тиктеп, ушунун баарын көзүнөн көрдүм. Көрдүм да, азыркы алдыңкы сапта, бийликте жүргөн кыргыз аялдарынын бир образын таптым.

Сымбат Максутова

Билдирүүнү түзөткөн: Rus.89: 18 Ноябрь 2019 - 11:22

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#366 Пользователь офлайн   Rus.89   18 Ноябрь 2019 - 11:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 10 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 26 Июл 2021 22:24
  • Жынысы:Эркек

Заманам куурулду заматта

Бирөөнүн "балдарыма жылына мектебине доллар төлөйм, аскерде бирөөнүн картошкасын казабы деп чочулайм "- дегенин окуп заманам куурулду. Бар болсо баары эле төлөгүсү келет. Ойго батып отуруп, бир окуя эске түштү. Бала үчүн баарына кайылсың го чиркин. Балам бактым - балам базарым дегендей балалуу үй базар эмеспи. "Бардыкы барман менен, жоктукку арман менен"- дегендей жашоо эриш - аркак өтө берет экен. Менин айтайын дегеним, көчөдөн мотурайган балдарды көргөндө, эзиле карап, эркелете көзүң менен өөп аласың. Бооруңа кысып алайын дейсиң, бирөөнүн баласы ыңгайсыз анткенге. Бир күнү шаардын маршруткасынан жүрөк ооруткан окуяга туш болдум. Аны мен эле сездимби, же башка дагы сездиби билбейм. Марштуркада бажырайган кызын жетелеген татына кийинген келин, күйөөсү экөө сапарлаш болду. Кызынын кытылдаган күлкүсү, түгөнбөгөн суроолору жан дүйнөңдү ээлейт. Ата - энесине көз жүгүртсөң, бир татына үй-бүлөлөр экенинен кабар берет. Бактылуулук жүздөрүндө жайнап турса өз балаңды алкагандай ыраазылык менен көз менен узата, "бактыңар тоодой болсун балдарым" дейсиң киши. Ал ким болбосун, алардын бактылуу жашоосуна ыраазы боло. Алардын бактылуу экенин тентек кызы, эркин сүйлөп, алам дегенин алып, жейм дегенин жеп көзүнөн бактылуулуктун учкуну учуп далилдеп турат, демек жакшы жашашат, колунда бар. Алар менен бирге эле ошол эле курактагы жаштар жупуну кийими менен бир уул,бир кызын алып катар отурушат. Ошол кичине кыздын көзүндөгү туңгуюкту көрүп тике карай албадым. Күнөөкөрдөй уурдана карап коюп бара жатам. Жупуну кийиминен корунуп, кичинекей болсо да арданганы, нааразы болгону көрүнүп турат. Апасы менен атасы да, элден коруна элден көзүн ала качат улам. Олдо, түбүң түшкөн жокчулук ай, колдо жоктуку ушу да. Бирин жетелеп, бирин көтөрүп көпчүлүктөн , жазганып турушу жүрөгүмдү оорутту. Төрт- беш жаштагы кызы кабагын чытканы менен, улам маңдайында отурган татына кийинген кызды уурдана карап, кийимдерине маани берип, анан өзүнүкүн карап, унчукпай туталанып турат. Көзүндөгу таарыныч карегинде кайнап, мөлт эте кирпикке илинип, кулап - кулабай туруп калды. Заманам куурулуп көзүмдү ала качтым. Ушу жокчулукка ким бирөөнү күнөөлөгөндөй көрүнгөн тестиер кыз жер тиктеди да калды. Ата -энеси жупуну кийинсе да адамгерчиликтүү, жылдыздуу экен. Кызын өпкүлөп колуна пирожки карматты. Асылзат, жеп ал кызым. - Жебейм, курсагым ток. Асылзат маңдайында татына кийген кыздын бактысына суктана, өзүнүн абалына ызалана көгөрөт. Анын абалын байкаган ата-апасы ансайын кичирип, кызын алдай албай убара. Кантсе да кичинеси кичине да, тиги кыздын колундагы бананга кол сунду. Бажырайган кыз кичинекей жүдөө баланы карай бажырая , бананын сунду. -Кой кызым, өзүң жей бер. Биздики бар сумкада деди ыңгайсыз болгон келин. Тиги бажырайган кыздын апасы тетик неме экен, оңойдогу банандарынан ала Асылзатка да сунду эле, Асылзат башын чайкап, тескери бурула, атасын кучактап туруп калды. Атасынын кучагында улутунуп маршруткадан жол жакты карады да, мөлтүрөгөн көз жашын жашырып, улутунуп алды. Олдо кагылып кетейиним ай, эмнелерди ойлоп кеттиң экен. Ушул бир кем дүйнөдөгү жашоонун кереметин көз жаш менен татканың, ыза менен кадам таштаганыңа дүйнөм тарып, тамакты бууган ачуу жаш, демимди чыгарбай турду. Биз жыргал жашоодобуз дейбиз, жашоону ошол наристенин көзү менен көрүп, дили менен сезсек го атаганат. Ушул кыздын көзундөгү жек көрүү, ызалык каякка алып барат. Кудайдан тилеп баратам, ушул кыздын маңдайына жакшы жашоо буюрса экен. Ата - энеси менен бактылуулукту сүрсө экен деп. Жашоо, өмүр баары көзүнө жаман көрүнүп, көңүлү калбаса экен. Бирөө кечээрге кечүү таппай жүрсө, бирөөлөр ичээрге суу таппай жүрөт дегендей экен да бул көр тиргилик. Баарынан да баланын көзүнө тике караш кыйын экен. Балдардын күлкүсү чыккан өлкө болсок экен ылайым. Чоңдорубуз өз балдарын эле ойлобой элдин балдарын да ойлоп койсо го чиркин. Кундузбү Маматова


Билдирүүнү түзөткөн: Rus.89: 18 Ноябрь 2019 - 11:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#367 Пользователь офлайн   Rus.89   18 Ноябрь 2019 - 11:36

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 10 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 26 Июл 2021 22:24
  • Жынысы:Эркек

Эсимде, Түгөлбай Казаковдун китебинен

китептен үзүндү

..................

Эсен байкем өнөр аркаласа чоң акын болмок. Болгондо да жанды кыйнап ыр курабаган, турган жеринен төгүлгөн акын болмок.
Тоо башы мөңгү агарат,
Суурулуп суулар салаалап,
Көөдөнү жашыл тукаба,
Көл-Төрдү келем аралап.

Сумсаят зоолор мунарык,
Сур булут менен уланып.
Башынан улар үн салса
Байкалбайт көзгө тунарып…
Ушул ырды он алтыдагы бала жазган десе ишенесизби? Бизди окутуп киши кылам деп жүрүп, кайран талант ачылбай калды.

Ортончубуз Аман эле. Ал төрөлгөндө атам: "Ушул балам билим көздөп, мугалим болор бекен?.." деп койчу экен. Дегинкисинде баарыбызга эле мүнөздөмөнү так бериптир. Аман китеп эле окуй берчү. Биздин мектептин китепканасын толук окуп чыккан ошол гана болду. Кийин көбүбүз аракет кылдык, бирок аягына чыгалбадык. "Мектептин дубал гезити Амандын учурундагыдай болгон жок" деп калышат. Колхозчулардан бери келип, жарданып окуп, күлүп жатышкандарын көрөр элем. Аман кичинесинде эле намыскөй болчу. Бир жолу экөөбүз райборборго барып, туугандарыбыздын үйүнө конуп калдык. Жатарда бир нерсеге алаксып калсам керек, Аман: - Бол, жат, киши келелекте, - дейт. - Эмне болду? - десем, - Карабайсыңбы алдагыны! - дейт. Көрсө, менин тиземен ылдый түшкөн, далбайган өтө эле чоң турсимен уялып жатыптыр. Мектепте драма кружогу уюшулуп, Аман бир хандын ролун аткарып калды. Мен эң алдында отургам. Чалдын чапанын кийип, аппак сакал тагынып, олуттуу басып келатса, тааныбаптырмын. Үнүн укканда "Э-э, Аман!" деп кыйкырып, каткырып жиберип, кайра уялып, кыпкызыл болуп, эки колум менен оозумду баса калып, коркуп, бир кызыктай болуп отуруп калдым. Бир кезде, ролу ошондой экен, ачууланып, каарданып, өңү кубарып,жанындагыларды каарып кирди. Мени урушуп жаткансып, томсоруп эле отуруп калдым. Ал акыркы сөздөрүн айтып, этектерин далбактатып, шарт-шарт басып чыгып кеткенде залдагылар дуулдатып кол чаап жиберишти. "Картайса ушундай чал болот турбайбы" - деп мен отурам, сыймыктанып. Кайран жигит, картайбай калбадыбы… Мен анда алтыга чыга элекмин. Аман рогатка алып келиптир. Сурасам бербейт. Байкеңен барып отуз алты тамганы үйрөнүп келсең берем дейт. Мен байкеме келип асылдым. Ал мугалим болсо да мыкты мугалим болмок. Наяты чай кайнамда тамганын баарын жаттатты. Чуркап Аманга келип, бадырата айта баштадым (Эсимде, "Ц" тамгасын айталбай койгом). Рогаткасын бир жолу аттырды, талаага кетти. "Бар, эми жазма түрүн үйрөнүп кел" деди. Кайра байкеме келдим. Ал болсо жадабайт. Шашпай үйрөткүчө түн кирди. "Ата", "Апа", "Меш" дегенди жазып алганыма сүйүнгөнүмдү айтпаңыз. Байкем улам мактап коет. Өпкөсү жок жаным, балдырап окуй баштабадымбы! Ошол күндөн тартып мага сонун "оюн" табылды. Эки агам эки жагыман жөлөп отуруп, алтыга чыкканда окуганды, санаганды үйрөтүштү. Анан жомокторго алып киришти. Эң керемет дүйнө ушул экен. Качан болсо акыйкаттык жеңет! Качан болсо актын иши ак! Качан болсо кара ниеттер жазаланбай койбойт! Туңгуюктан жарык дүйнөгө алып чыккан эки агама, эки дүйнөдө ыраазымын! Мени оюндан окууга буруп кеткендин укмуш жолдорун табышар эле. Мен кежирленгенде агаларым эч качан күчкө салчу эмес. Эстүү кишилер да, качан болсо акыл менен ийге келтирип коюшчу. Үч кылы түрлүү үн каткан, Комуз элек бир кезде. Кош кылда кыйла сыр жаткан, Домбура болдук бул кезде. Эрте жазда, айылдан обочороок, талаага көчүп келдик. Апам боз үйүн тикти. Талаада иштегендерге ысык-аш жасамай болду. Бу тракторчуларың кол жууйт дегенди билишпейт окшойт, карамай-сарамай бойдон эле тамак иче беришет экен. Үйдүн түбүндө шаркырап суу агат. Оңой менен жуунушпайт. Апам бир-эки айтып көрдү. Болушпайт. "Өзүбүздүкү өзүбүзгө дары" деп коюшат. Бир күнү калдайган чоң тактаны алып келип, үйгө жөлөп коюшту. Окусам "Доска показателей" дейт. Күнүгө ким канча жер айдаганы жазылат экен, бор менен. Анысын бирөө жазат, кечинде башкасы келип текшерет. Жүрдүм-жүрдүм да бир күнү баарын өчүрүп туруп, оюма келген сандарды жазып салдым. Ызы-чуу эле түшүп калышты. Кечинде: - Ким жазды? - деп "текшерүүчү" менден сурады. - Мен, - дедим, акырын. - Ийе-ата, сен жазганды билесиңби? - Билем. Ал экзаменди аябай алды да: - Ой, ырас болбодубу. Сен эми тракторчулардын айтканын доскага жазып, анан мобу дептерге момундай кылып көчүрүп коюп тур, макулбу? - Макул. - Ойноп кетип мени кашайтып жүрбө? - Антпейм. Ошол күндөн "учотчик бала" деген атка кондум. Бирок бир топ күндөн кийин башкарма келип, урушуп, чыныгы учетчикке жаздырып койду. Гектар дегенге эле акылым жетпейт. Акыры байкем алгач метрди, анан сотукту, анан гектарды түшүндүрдү. Чуркап ойногондо "бир метир, эки метир" деп санап отуруп, жүз болгондо "сотук" деп коем. Туурасынан да ошондой чуркайм да "Гектар! " деп кыйкырам. Же аны уккан киши жок. Жанымда апам алып келген ак козу артыман калбайт. Анын менден башка караан тутары жок, менин андан башка "досум" жок. Ээрчишип жүргөнүбүз жүргөн. Кичине эле адаштырып койсоң, сүлүнүн арасынан ушундай бир муңканып маарайт, чуркап барып кучактап калам. Туткактаганы туткактаган. Мага аябай үйүр болуп кетти. Апам Аманга деп татынакай, чыкчыйган көк кепка сатып келди. Ал мектепте болчу. Бир чети мектепти, экинчи чети Амандын сүйүнгөнүн көргүм келип, кепканы алып, мектепти көздөй урдум. Козум кошо келатат. Келсек, эч ким жок, баары сабакта экен. Ар кайсы айнекти карап жүрсөм чуулдап танаписке чыгып калышты. Чуркап барып колуна бердим. Кийип көрдү. Уш-шундай жарашты дейсиң! Сүйүндү. Балдар менен чуркап ойноп кетти. Көпкө карап турдум да окугум келди. Эртеси козум экөөбүз мектепке келдик. Бут жылаңайлак. Балтырлар жарылган, сүйкөгөнүм солидол. Баш болсо турат, калжайып. Көчөлөш бала көрүндү. "Жүр, биздин класска" деди. Бардым. Осурак эле жыттанат. Эң арткы партада отурат экен, эки бала. Үчүнчү болуп отуруп алдым. Козум жанымда. Балдар сырттан чуулдап киришти да, мени бири көрсө, бири көрбөй отуруп калышты. Мугалим кирди. Аздан соң доскага жаза баштады эле козум маарап жиберди. Класс дуу түштү. Мугалим: - Бу кайдагы козу? - деди. - Меники, - дедим. - Сен кимсиң, тур ордуңдан! Эмне отурасың биерде? - Окуюн деп келдим. - Козуң да окуйбу? Балдар каткырып калышты. - Жок, бул окубайт. - Келчи бери. Эмне билесиң? - Баарын билем, - деп жибердим, шашканыман. Козум жанымда турат. - Эмне дейт! Бу кайсы тамга? - Мен гезит окуйм. - Я де. Кана, мобуну окучу, - деп ачылган китепти берди. Окуп бердим. Кара-ап турду. - Жазганды билесиңби? - Билем. - Жазчы, доскага билгениңди, - деп колума бор берди. Мен "Апа, Ата, Меш, Окугум келет" деп жаздым. Күлдү. Балдар тынчыбайт. Алардын эрмеги эле козу. - Канчадасың? - Алтыдамын. - Оо кокуй, болбойт. Жетиге чыкканда кел. Ага чейин сага да, козуңа да уруксат жок. Бар эми. Чыгып кеттик. Ыза болуп калдым. Жолдо ойлодум: окусам, жазсам, санасам эмне үчүн албайт? Кайран гана козум! Сүннөткө союлуп кетпедиби. Эрназар кескичти өзүм чакырып келгенимди кантейин. Алданып калдым. Келсем териси жайылып калыптыр. Жылкы сойо тургансып, беш-алтоо мени качырып сала беришти.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 17
  • 18
  • 19
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Июл 2025 12:00

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: