Суперстан: Жыландын сүйүүсү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыландын сүйүүсү «Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер мене

#301 Пользователь офлайн   bema_bema   04 Январь 2019 - 19:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

6
Жыландын сүйүүсү
(жомок-повесть)

Жолдон ал шылдырап аккан суу көрдү. Ошонун агымын тиктеп, бир далай жерге чейин жээкте тең жарышып “агып”, элеп-желеп болуп барды. Буралган бетеге, түркүн-түстүү жыты буруксуп, кызыл-тазыл болгон гүлдөрдү көрдү. Чегиртке, көгөөн, көпөлөктөргө таң калды. Өзүнүн эле үстүндө канаттарын дирилдетип учкан чымчыктарды карап, алардын кубулжуган кооз үндөрүнө айран-таң калды. А бирок алар жанагы экөөнө караганда кичинекей болчу. Аларга окшоп, оркойгон тырмактарын көрсөтүшкөн жок.
Бир убакта дыбырап жамгыр жаады. Адегенде түшүнбөй калып, бирок мунун да бир башкача жагымдуулугун сезди. Бул эмне деген ажайып дүйнө экенине акылы жетпей, Аксарынын башы айланып турду. Зумурат менен Дүрайымдын эмнеге эле жер үстүн сагынып, жете албай арман кылып өксүп, өкүнө беришерин боолгоду. Бирок ал мындай керемет дүйнө бар экенин элестеткен да эмес. Ал үчүн өзүнүн эки жагында чиренген аскалар тирелип, дайыма көлөкө, үп болуп, ным тартып турчу “ааламынан” өткөн жыргал жашоо жоктой сезилчү.
Эсине өзүнүн үңкүрү түшүп кетти эле, дене боюн кандайдыр бир башкача, мурда болуп көрбөгөндой жаңы, чоочун сезим бийлеп, дирилдетип өттү. Бул – сагыныч болчу. Ал өзүнүн мекенине, бир туугандарына, ата-энесине кусаланып кетти. Артына кылчайып карап алды. Анын денесиндеги майда титирек сызылып келип, көмөкөйүнө тыгылып, туруп калгандай болду да, бир убакта анан: “Тс-с-с!” - этип, кудум үшкүрүккө окшоп сыртка чыгып кетти.
Эми ал жанагыдай шайдооттонбой, бирок Зумураттын айтканы боюнча күйгөн айылдан чыгып, илмеңдеп жогоруну карай баратты.
Ал айылды таап келген кезде күн уясына батып кеткен убак болчу.
Зумураттын айтып берүүсү менен көз алдында тартылып калган сүрөт боюнча издеген үйүн шыдыр эле тапты.
Эненин эшигинин алдын, жепирейген ылай тамдын үстүнөн бери тикенек-чөп басып кетиптир.
Аксары башын серейтип, үйдүн ачык турган эшигине жакын келип, ичкери карады. Кыбыр эткен жан жоктой. Босогону бойлой кирип, эки жакты тыңшады эми. Төр тараптан балага окшоп кыңылдаган үн угулду.
Күүгүм кирип калгандыктан, үйдүн ичи караңгы болчу.
Бурчта салынган төшөктө бирөө жатат.
Аксары жакын жылып келди.
Эриндери кеберсип, көздөрү чүңүрөйгөн, ушунчалык арыктагандан эки бетинин сөөгү оркоюп, жоолугунун алдынан аппак чачтары жаагын, бетин жарым жартылай жаап, бирок ошону жыйнаганга да алы келбей, кудум Зумурат түспөлдүү кемпир жаткан.
Эне жанына ким бирөөнүн келгенин баамдагандай, кыңылдаганын токтотуп, тыңшап калды.
Башын Аксары тарапка бурду.
Аксары селейип катты.
Эненин ички дүйнөсүндө үмүт учкундары жана түшүп, ошол үмүт анын жандүйнөсүн жарык кылып, нурдап жибергендей, жандана түштү.
Караңгыны тен экиге жарган ак жарыкты боолгоду.
- Ким? – эриндерин араң кыбыратып, үн катты кемпир. – Ким?
Аксары канчалык: “Мен... Бул – мен, сизден кабар алганы келдим. Балаңыз тирүү. Ал атайын сизге жиберди мени”, - деп айткысы келип, ошого тилинин кыскалыгына өкүнүп, жаткан жеринде тегеренип-тегеренип кетти.
Эне ансайын селейди.
Башын көтөрүүгө аракет кылып, жууркандын сыртында жаткан колун бала-жыланды карай жылдырып, манжаларын кыбыратты.
Ал жанына келген тирүү жанды ким болсо да кармап, жакындан сезгиси келди.
Эртеден-кечке эненин акыбалын сурап, алды-башын жумшактап, аркасы бышып кетпесин деп ары-бери оодарып жаткырып, оозуна анча-мынча болсо да наар алдырып кетчү айылдын келин-кыздары, кемпир-кесектери болобу, урду аксакалдар болобу, адегенде эненин колун кармашат. Анткени ошол колдордон жылуулук сезип, кубаттанып, демденип каларын билишет.
Бүгүн да Аксары келердин алдында эле эки –үч аял бул үйдөн чыгышкан.
Эмне кылышсын, мындай күйүт ар бир экинчи үйдө бар. Чаламандын чак түшүндө эле, кайсы бир күнү ал айылдын да, бул айылдын да башына каран түшкөнү калппы? Жаштыкка, көпкөнчүлүккө эсирген эси жок жигиттердин каргышка калып, жер астына тирүүлөй түшүп кетишкенин билишет. Билген менен колдорунан эмне келет? Ошол Жер-Куйдун үстүнө канча жолу барышып, канча мезгил айланып-тегеренип, бир тирүү жан чыгар бекен деп акмалап, же өздөрү түшүп бара алышпай жүрүп, акыры куран окугандан башка колдорунан эчтеке келбей, “Кудайдын кылганы” деп баш ийип отуруп калышкан.
Канча бала жетим, канча аял жесир, канча ата-эне кан жутуп, зар какшап калды минтип. Күйүттү көтөрө албаган кары-картаңдын канчасы ары беттенип, кете беришти.
Бирок ушул эле эненин үмүтү үзүлө элек. Уулун дайым түшүндө көрө берет, үнүн угат, бирок эле жетпейт. Күтөт, бел байлайт, ишенет. Ансайын куран окуп, дуба кыла берет. Кайда болсо да бул дуба, бул куран балама дем болсун дейт. Түшүндө баласынын үнүн угат, дем алганын туят, кайдадыр аман-эсен, бирок кыйналып жүргөнсүйт. Каргыш тийген жараңканын кырын кырдап, уулунун атын атап, кыйкырып издейт. Кудум баягы, баласы кыр ашып ойноп кеткенде колун чекесине кое калып: “Зумуба-ай? ! Зумура-ат! ” – деп заңкылдап чакырат. Так ошондогудай болуп, уулу: “Апа-а!” – деп улам бир жерден көрүнө калат деле, кайра жоголуп кетет. “Сениби, шашпа! Колума бир тийерсиң! ” – деп, эки муштумун бири-бирине ургулап, урушкан болот. Андайда уулу алда кайдан чуркап келатып, апасынын калп эле ачууланып жатканын билсе да алыстан буйтап өтүп, алдына түшүп алып үйдү карай чуркайт. Артынан кубанып, кудуңдап келет энеси. Экөө анан дасторкондун четине маңдай-тескей отуруп алып тамактанышат. Уулунун кежигесинен шорулдата жыттайт.
Эми да жадымында жатталып, эч кетпеген ошол жыт, ошол сезим энеге жакындап келе жаткандай, эт жүрөгү элеп-желеп болуп кетти.
Тургусу келгендей умсунуп, бирок башын көтөрө албай, ким бирөөнү чакыргандай, колунун учу гана кыбыратып, араңжан шыбырады:
- Кимсиң?
Аксары Кемпирдин колуна жакындап келди.

P.S. Достор, "Жыландын сүйүүсүн" , "Адашкандар" (Акшоола) менен удаа, буюрса, басмага берип жатам. Калганын эми чогуу окуйбуз. Андан соң 4-китебин улантабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#302 Пользователь офлайн   vikidiki   05 Январь 2019 - 00:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 16 Февраль 18
  • Соңку аракети: 10 Фев 2021 00:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ото кызык автор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#303 Пользователь офлайн   Diaza   06 Январь 2019 - 20:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 23 Январь 17
  • Соңку аракети: 17 Июн 2019 06:47

bema_bema (04 Январь 2019 - 19:38) жазган:

Урматтуу окурмандар мен канча ирет окуп чыксамда эч эле тушуно албадым 5 6 бала жыландар торолбоду беле карачар алар кайда кетти
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#304 Пользователь офлайн   ASA79   08 Январь 2019 - 19:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Китеп чыкканча кутот турбайбызбы анда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#305 Пользователь офлайн   bema_bema   12 Январь 2019 - 01:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Diaza (06 Январь 2019 - 20:52) жазган:

Урматтуу окурмандар мен канча ирет окуп чыксамда эч эле тушуно албадым 5 6 бала жыландар торолбоду беле карачар алар кайда кетти
Ошол жерин менен дагы тушунбой калдым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#306 Пользователь офлайн   vip.aidan96   17 Январь 2019 - 20:10

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 14 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 28 Мар 2020 23:52

Аларды унутуп калса керекда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#307 Пользователь офлайн   suranam   10 Февраль 2019 - 16:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 13 Февраль 16
  • Соңку аракети: 22 Май 2019 14:32
  • Калаасы:Бишкек

Окуган сайын окугун эле келет. Таасирдуу жазылган
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#308 Пользователь офлайн   Mariyam.70   04 Март 2019 - 12:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 25 Февраль 19
  • Соңку аракети: 09 Фев 2022 00:35

Уландысы качан чыгат,аябай кутуп жатабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#309 Пользователь офлайн   Munarbek1988   10 Январь 2020 - 16:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 29 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:32

Уландысы качан чыгат экен же чыкканбы кабар берип койсоңуздар

Жолдон ал шылдырап аккан суу көрдү. Ошонун агымын тиктеп, бир далай жерге чейин жээкте тең жарышып “агып”, элеп-желеп болуп барды. Буралган бетеге, түркүн-түстүү жыты буруксуп, кызыл-тазыл болгон гүлдөрдү көрдү. Чегиртке, көгөөн, көпөлөктөргө таң калды. Өзүнүн эле үстүндө канаттарын дирилдетип учкан чымчыктарды карап, алардын кубулжуган кооз үндөрүнө айран-таң калды. А бирок алар жанагы экөөнө караганда кичинекей болчу. Аларга окшоп, оркойгон тырмактарын көрсөтүшкөн жок.
Бир убакта дыбырап жамгыр жаады. Адегенде түшүнбөй калып, бирок мунун да бир башкача жагымдуулугун сезди. Бул эмне деген ажайып дүйнө экенине акылы жетпей, Аксарынын башы айланып турду. Зумурат менен Дүрайымдын эмнеге эле жер үстүн сагынып, жете албай арман кылып өксүп, өкүнө беришерин боолгоду. Бирок ал мындай керемет дүйнө бар экенин элестеткен да эмес. Ал үчүн өзүнүн эки жагында чиренген аскалар тирелип, дайыма көлөкө, үп болуп, ным тартып турчу “ааламынан” өткөн жыргал жашоо жоктой сезилчү.
Эсине өзүнүн үңкүрү түшүп кетти эле, дене боюн кандайдыр бир башкача, мурда болуп көрбөгөндой жаңы, чоочун сезим бийлеп, дирилдетип өттү. Бул – сагыныч болчу. Ал өзүнүн мекенине, бир туугандарына, ата-энесине кусаланып кетти. Артына кылчайып карап алды. Анын денесиндеги майда титирек сызылып келип, көмөкөйүнө тыгылып, туруп калгандай болду да, бир убакта анан: “Тс-с-с!” - этип, кудум үшкүрүккө окшоп сыртка чыгып кетти.
Эми ал жанагыдай шайдооттонбой, бирок Зумураттын айтканы боюнча күйгөн айылдан чыгып, илмеңдеп жогоруну карай баратты.
Ал айылды таап келген кезде күн уясына батып кеткен убак болчу.
Зумураттын айтып берүүсү менен көз алдында тартылып калган сүрөт боюнча издеген үйүн шыдыр эле тапты.
Эненин эшигинин алдын, жепирейген ылай тамдын үстүнөн бери тикенек-чөп басып кетиптир.
Аксары башын серейтип, үйдүн ачык турган эшигине жакын келип, ичкери карады. Кыбыр эткен жан жоктой. Босогону бойлой кирип, эки жакты тыңшады эми. Төр тараптан балага окшоп кыңылдаган үн угулду.
Күүгүм кирип калгандыктан, үйдүн ичи караңгы болчу.
Бурчта салынган төшөктө бирөө жатат.
Аксары жакын жылып келди.
Эриндери кеберсип, көздөрү чүңүрөйгөн, ушунчалык арыктагандан эки бетинин сөөгү оркоюп, жоолугунун алдынан аппак чачтары жаагын, бетин жарым жартылай жаап, бирок ошону жыйнаганга да алы келбей, кудум Зумурат түспөлдүү кемпир жаткан.
Эне жанына ким бирөөнүн келгенин баамдагандай, кыңылдаганын токтотуп, тыңшап калды.
Башын Аксары тарапка бурду.
Аксары селейип катты.
Эненин ички дүйнөсүндө үмүт учкундары жана түшүп, ошол үмүт анын жандүйнөсүн жарык кылып, нурдап жибергендей, жандана түштү.
Караңгыны тен экиге жарган ак жарыкты боолгоду.
- Ким? – эриндерин араң кыбыратып, үн катты кемпир. – Ким?
Аксары канчалык: “Мен... Бул – мен, сизден кабар алганы келдим. Балаңыз тирүү. Ал атайын сизге жиберди мени”, - деп айткысы келип, ошого тилинин кыскалыгына өкүнүп, жаткан жеринде тегеренип-тегеренип кетти.
Эне ансайын селейди.
Башын көтөрүүгө аракет кылып, жууркандын сыртында жаткан колун бала-жыланды карай жылдырып, манжаларын кыбыратты.
Ал жанына келген тирүү жанды ким болсо да кармап, жакындан сезгиси келди.
Эртеден-кечке эненин акыбалын сурап, алды-башын жумшактап, аркасы бышып кетпесин деп ары-бери оодарып жаткырып, оозуна анча-мынча болсо да наар алдырып кетчү айылдын келин-кыздары, кемпир-кесектери болобу, урду аксакалдар болобу, адегенде эненин колун кармашат. Анткени ошол колдордон жылуулук сезип, кубаттанып, демденип каларын билишет.
Бүгүн да Аксары келердин алдында эле эки –үч аял бул үйдөн чыгышкан.
Эмне кылышсын, мындай күйүт ар бир экинчи үйдө бар. Чаламандын чак түшүндө эле, кайсы бир күнү ал айылдын да, бул айылдын да башына каран түшкөнү калппы? Жаштыкка, көпкөнчүлүккө эсирген эси жок жигиттердин каргышка калып, жер астына тирүүлөй түшүп кетишкенин билишет. Билген менен колдорунан эмне келет? Ошол Жер-Куйдун үстүнө канча жолу барышып, канча мезгил айланып-тегеренип, бир тирүү жан чыгар бекен деп акмалап, же өздөрү түшүп бара алышпай жүрүп, акыры куран окугандан башка колдорунан эчтеке келбей, “Кудайдын кылганы” деп баш ийип отуруп калышкан.
Канча бала жетим, канча аял жесир, канча ата-эне кан жутуп, зар какшап калды минтип. Күйүттү көтөрө албаган кары-картаңдын канчасы ары беттенип, кете беришти.
Бирок ушул эле эненин үмүтү үзүлө элек. Уулун дайым түшүндө көрө берет, үнүн угат, бирок эле жетпейт. Күтөт, бел байлайт, ишенет. Ансайын куран окуп, дуба кыла берет. Кайда болсо да бул дуба, бул куран балама дем болсун дейт. Түшүндө баласынын үнүн угат, дем алганын туят, кайдадыр аман-эсен, бирок кыйналып жүргөнсүйт. Каргыш тийген жараңканын кырын кырдап, уулунун атын атап, кыйкырып издейт. Кудум баягы, баласы кыр ашып ойноп кеткенде колун чекесине кое калып: “Зумуба-ай? ! Зумура-ат! ” – деп заңкылдап чакырат. Так ошондогудай болуп, уулу: “Апа-а!” – деп улам бир жерден көрүнө калат деле, кайра жоголуп кетет. “Сениби, шашпа! Колума бир тийерсиң! ” – деп, эки муштумун бири-бирине ургулап, урушкан болот. Андайда уулу алда кайдан чуркап келатып, апасынын калп эле ачууланып жатканын билсе да алыстан буйтап өтүп, алдына түшүп алып үйдү карай чуркайт. Артынан кубанып, кудуңдап келет энеси. Экөө анан дасторкондун четине маңдай-тескей отуруп алып тамактанышат. Уулунун кежигесинен шорулдата жыттайт.
Эми да жадымында жатталып, эч кетпеген ошол жыт, ошол сезим энеге жакындап келе жаткандай, эт жүрөгү элеп-желеп болуп кетти.
Тургусу келгендей умсунуп, бирок башын көтөрө албай, ким бирөөнү чакыргандай, колунун учу гана кыбыратып, араңжан шыбырады:
- Кимсиң?
Аксары Кемпирдин колуна жакындап келди.

P.S. Достор, "Жыландын сүйүүсүн" , "Адашкандар" (Акшоола) менен удаа, буюрса, басмага берип жатам. Калганын эми чогуу окуйбуз. Андан соң 4-китебин улантабыз.
[/quote]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#310 Пользователь офлайн   Munarbek1988   10 Январь 2020 - 16:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 29 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:32

Жыландын суйуусу китебинин уландысын кайдан тапсам болот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#311 Пользователь офлайн   Tenirova   25 Февраль 2020 - 23:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 184
  • Катталган: 14 Август 13
  • Соңку аракети: 20 Май 2020 17:17

Уландысын кутобуз 1жылдан бери.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#312 Пользователь офлайн   Astra12   06 Июнь 2020 - 18:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 01 Январь 17
  • Соңку аракети: 11 Янв 2022 00:54

Колума бир тийерсиң! ” - деп, эки муштумун бири-би- рине ургулап, урушкан болот. Андайда уулу алда кайдан чуркап келатып, апасынын калп эле ачуула- нып жатканын билсе да алыстан буйтап өтүп, алдына түшүп алып үйдү карай чуркайт. Артынан кубанып, кудуңдап келет энеси. Экөө анан дасторкондун четине маңдай-тескей отуруп алып тамактанышат. Уулунун кежигесинен шорулдата жыттайт.
Эми да жадымында жатталып, эч кетпеген ошол жыт, ошол сезим энеге жакындап келе жаткандай, эт жүрөгү элеп-желеп болуп кетти.
Тургусу келгендей умсунуп, бирок башын көтөрө албай, ким бирөөнү чакыргандай, колунун учу гана кыбыратып, араңжан шыбырады:
– Кимсиң?
Аксары Кемпирдин колуна жакындап келди. Ошону туюп, сезип, жакындап келген жакшылык-
ты, жакшы кабарды кармап калгысы келгендей, ко- лунун учтары диртилдеп кетти.
– Ким? - деди эне дагы.
Аксары тилинин жоктугуна өкүндү. Анткен менен ичинде:
– Мен - Аксары, мен - бала-жылан. Бу дүйнөгө сиз- дин тукумуңуз менен бирге келип, бирге жаралган Аксары! Мен сизден кабар алганы келдим... Тигил жакта сиздин балдарыңыз тирүү. Алар да сизди сагы- нышты. Бирок бул жакка келе алышпайт. Күнайым- дын каргышы менен Кудайдын каарына калышкан. Ал жакта менин эгизим - сиздин небереңиз бар!” - деп чебеленди.
Эне уккан жок, ансыз да курчу кетип, короп кал- ган карек оту караңгыда Аксарыны көргөн жок.
Бирок алда нени сезгендей дене-бою балкып, жүрө-

2
гү кубанып, бир башкача магыдроо дене боюн аралай баштады. Дене-боюнча жылуулук чуркап, жан кире түшкөндөй болду. Бакыттын бир үзүмүндөй болгон ушул сезимди жоготуп албайын деди ал, же балким канча убактардан берки санаа менен кайгыдан тара- мыштай түйүлүп бүткөн денеси бошой түшкөнгөбү, бир убакта мемиреп уктап баратты.
Аксары да таң атканча ошол жерден жылбай жа- тып, качан гана үйгө үрүл-бүрүл жарык кире башта- ган кезде эненин жүзүнө жакшылап карады. Дем чыгарган сайын тиши жок эриндери: “Бүф-ф”, - эте бүлкүлдөп, таттуу уктап жаткан болчу. Эненин ту- шунда, дубалда эркек кишинин кийимдери илинип, жаздыгынын жанында тебетей турат. Ошол тебетей жанында турса, кудум уулу жаткандай өзүн алдайт эне. Тебетейдин жанында эненин күмүш билериги, шакектери жатат.
Аксары кете турган болуп баратып, эмнегдир кай- ра артына бурулуп, токтоп калды. Кайра келип ша- кектин бирин тили менен оозуна имерип ала койду да, үйдөн чыгып кетти.
Демейде, ойгонуп алып таң атканча кыңылдап чы- кчу эне бул түнү тынч уктады. Муну эшиктен бирин- чи эле кирген Мыскал байбиче жүзүнөн байкап, та- мырын кармап:
– Ийе, айланайын, Кудайым шыпаасын берсе, бү- гүн жакшы, - деп, башын көтөргүсү келип обдулган кемпирди жөлөп-таяп отургузду.
– Өңүнө да кичине кызыл чуркап калыптыр...
– Түндө балам келди, - деди эне.
Мыскал кемпир да, башкалар да муну: “Көзүнө бирдеме көрүнүп, жөөлүп калыптыр байкуш. Ке- тер маалы келип, боюн түзөп калган окшойт,” - деп түшүнүштү.

3
Ошол күнү эне тамакты да жакшы ичти.
Бирок Мыскал кемпир бир нерсени байкай койду:
– Кече мен кеткенден кийин кыз-келиндерден кел- диби, байбиче? - деди.
– Жок, - деди жаңы эле жаздыкка башы тийген эне.
– Шакегиңдин бирөөнү көрбөй жатам. Кече баарын колуңдан чечип, бу жерге коюп койдум эле.
Кемпир башын буруп тебетейди, анын жанында- гы үч-төрт шакегин көрдү. Ууртунан жылмайып, күлүңдөдү:
– Түшүм эмес... Чын экен. О, Кудай, айланайын, ушунуңа да тобо, ушунуңа шүгүр...
– Эмне чын экен, байбиче? Деги бүгүн башкача- сың?
– Уулум келди...
– Түш көрдүңбү же айылдын бала-бакырасынан бирөө-жарым келди бекен?
Эне башын чайкады.
– Кудайым баламдан белги берди... Ал тирүү, кагы- лайын. Түшүм да жакшы. Не бар, не жок, эки жакты жыйнатып, камынышым керек. Мени тургуз, байби- че. Бир жакшылык болчудай, жүрөгүм эле кубанып калды. Бул - жакшы жөрөлгө...
Турууга аракет кылып, обдулган кемпирди кур- дашы жөлөп-таяп, өйдө тургузду...
Мына ошол күндөн тартып, байбиче кадимкидей
сакайып, бутуна туруп кетти.
– Шумдук, Кудайым берем десе да, алам десе да бат экен. Андан бери сопсоо жүргөн канча киши о дүй- нө кетип, “бүгүн-эртең өлөт” деген бул эсен-соо туруп кетти. Чыны менен эле ошол түнү бир шыпаа болгон-

4
бу буга? - деп таң калган эле киши.
Эки-үч күн айылдын келин-кыздары менен эки жа- гын ирээттеп, жууркан-төшөгүн күнгө жайдырып, кир-когун жуудуруп, уулунун кийимин өөп-жыттап жыйнап, жол карап жүрүп, төртүнчү күн дегенде Жинди-Чапты карай кетүүчү жалгыз аяк жол менен тумшукту айланып кетти.
– Ботом, тиги Зумураттын апасы Жинди-Чапты ка- рай баратабы?
– Ким билет? Бечараны үзүлбөгөн үмүтү эрчитип кетти окшойт.
– Жинди-Чапка барганда эле балдарыбызды таап алсак канакей, каран күн, - дешти көргөндөр.
Айткандай эле, ошондон кийин Зумураттын энеси эртең менен кетип, кечке чейин этек-жеңин желбирете Жер-Куйду жээктеп, бирде уулуна уулуна дуба кыла күңгүрөнүп, бирде кыңылдап ыйлап, бирде күлүп, тээ көз байланган кезде кайра тартчу адат тапты.

* * *

Аксары энтелеңдеп келип эле аскадан ылдый бой таштады. Дегеним, ылдыйды карай түшүү ага кый- ла жеңил эле. Биринчиден, жер түбүндөгү өз мекени- не болгон сагынычы бир күн ичинде башынан ашып түшүп, экинчиден көргөн-билгенин Зумурат менен Дүрайымга айтып, оозундагы шакекчени берип сүй- үнтүүсү керек эле.
Сойлоочу жерден сойлоп, айрым учурларда жала- ма аскадан бой таштай секирип, анталаңдап келаткан бала-жылан түшкө жакын үй-бүлөсүнө жетип келди.
Зумурат баласын кучактап, Дүрайым болсо адатын- ча ооз комузун кайрып отурган.
Топурак-чаң болуп кирип келген Аксарыны көрүп,

экөө тең кубанып кетишти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#313 Пользователь офлайн   Astra12   06 Июнь 2020 - 19:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 01 Январь 17
  • Соңку аракети: 11 Янв 2022 00:54

– Аксары?! - ордунан тура калды Зумурат. - Кел- диңби?!
– Аксары-ы?.. - балбаалап ыйлап жиберди Дүрай- ым. Отура калып бир алаканы менен бала-жалындын ээгин ала коюп, экинчи алаканы менен башы ылдый сылады.
– Кайда жүрдүң? Сени кайрылбай кетип калды го деп, капа болдук. Сары санаа болдук. Сагындык...
Бала-жылан ошол учурда Дүрайымдын алаканына оозундагы шакекти таштады.
Дүрайым “селт” этти. Алаканындагы шакекти таң кала тиктеп, өйдө туруп, Зумуратка көрсөттү.
Зумураттын көздөрү алайып кетти. Колундагы ба- ланы Дүрайымга бере салып, шакекти колуна алып, бир чети сонуркай, бир чети таң калгандай айланды- ра карады. Эриндери титиреп, карегинен тыпылдап жаш кулап, шакек кармаган колун калчылдак басып кетти.
– Эмне? Эмне болду? - деди алда неден шек санаган келин. - Кимдики?
Зумурат кимдики экенин айта албай, мукактанып жатты.
– Күнайымдыкыбы? ! - деди Дүрайым. Зумурат башын чайкады:
– Апамдыкы...
– Койчу?! - Дүрайымдын көздөрү алайып кетти. - Кайда эле? Жоготуп алдың беле? - деди кайра эми эле ойлогон оюнан күмөнсүй.
– Жок! Апамдын колунда болчу. Экөө тең Аксарыга карап калышты.
Зумурат сыңар тизелеп отура калып, Аксарыны ко-

2
луна көтөрүп ала койду.
– Барып келдиңби? - деди Зумурат.
Аксарынын көздөрүнөн “ооба” деген жооп көрдү.
– Апам бар бекен? - шашкалактап, аптыга сурады жигит.
Аксары дагы “ооба” дегендей болду.
Зумурат бала-жыланды бооруна басып, бакырып ыйлап жиберди. Бул - кубанычтын, бакыттын жашы эле.
– Апакем! Айланайын апакем! Аман-эсен экен!
– Эмне кылып жатыптыр? Дени сак бекен? Үйдө ким бар экен? Сени көрдүбү? Бул шакекти атайын бе- рип жибердиби? Эмне деди? Сенден корккон жокпу?
- ушул сыяктуу дагы толгон-токой суроолорду жаады- ра берди. Аксары булардын ар бирине ичинде жооп кайтарып эле жатты, бирок Зумурат:
– Атаңдын көрү, ай! Кудай таалам мынча болду, сага тил берип койгондо эмне?! - деп анын тилинин жоктугуна арман кыла берди.
Атүгүл Аксары аларга Дүрайымдын өрттөнгөн ата конушундагы жалгыз боз үй менен кара алачык, андагы кудум буларга окшогон үй-бүло тууралуу, жер үстүндөгү кооздук, куштардын үнү, гүлдөрдүн жыты, шылдырап аккан суунун керемети, дыбыраган жамгыр тууралуу айтып берип жатты.

* * *

Бир күнү Зумурат менен Дүрайым кеңешип туруп, Аксарыны сынамакка жер үстүнө дагы жибере турган болушту.

– 3
– Апам менин жалгыз эмес экенимди билсин, сен- ден да бир белги берели, - деди Зумурат. Дүрайым шыдыр кетти. Кулагындагы сырганын бирин чечип бере койду.
– Тилектин бар экенин да билгизсек кандай болор эле, - деди Дүрайым. - Жер алдында үчөөбүз экени- бизди билишсин да. Кокус, биз бирдеме болсок да...
Экөө көпкө ойлонуп отуруп, Зумураттын мүйүз топчусуна кошуп, экинчи топчуну жонуп отуруп, ки- чинекей топчу жасап, үчөөнү бириктирип коюшту да:
– Аксары, сен мына буларды апама алып барып бе- рип кел, - дешти. Аксары Зумураттын колундагылар- ды тили менен имерип алып, оозуна салып алды да, алардан узап кетти.
Ийрелеңдеген бала-жылан көрүнбөй калгыча карап турушту экөө.
Кандайдыр жакшылыктан үмүт эткендей, экөөнүн тең каректери жанданып, бири-бирин бактылуу боло, жылмая карашты.

* * *

Асканын боору менен жогоруну карай ийрелеңдеп чыгып баратып, улам бир жерден кум-шагыл менен кошо ылдыйды карай куюлуп түшчүдөй шыпырыла түшүп оңолуп, жалама таштардын боорунан сыйма- ланып, ансайын кайра илешип отуруп кырга чыккан Аксары адатынча күндөн көзү уялып, башын катып турду да, тээ алда кайда созулуп жаткан кенендик- ке суктана карады. А бирок ушул тапта эсине баягы, асмандан шукшурулуп, тырмактарын тарбайтып келе жаткан каладйган кош канаттуу экөө түшө калып, чочуп кетти. Асманды карады. Кудай жалгап бу саам

4
алар көрүнгөн жок. Бирок жакын эле жерде келаткан айры буттуу караанды көрүп, ого бетер коркуп, ыр- гып-секирип кетти.
Баятан байкабаганын кара! Ага жетерине аз эле калыптыр десең! “Култ” этип таштын коңулуна кире качып карады. Аял экен. Жарды кырдап, жанынан өтүп кетип бараткан бул аял Аксарыга тааныштай се- зилип кетти.
Аксары анын артынан келатты.
Бир убакта аял чарчагандай жерге көчүк басып, дырылдаган шамал ары-бери учурган ак чачтарын жоолугун астына жашырып, тээ алыска көз чапты- рып, күңгүрөнүп узакка ойлуу отурду да, бир убак- та алаканын жайып бата кылды. Андан кийин ырдап жатканы же ыйлап жатканы белгисиз, кудум бирөө түрткүлөп жаткандай алды-артка чайпала кыңылдап отурду.
Аксары аялды тааныды - Зумураттын апасы болчу! Эне да бала-жыландын шоокумун, алда ненин “шырп” эткенин туйгандай, Аксары жакка “жалт”
карады.
А бирок бала-жылананын көздөрүнөн, жүзүнөн коркуунун эмес, кандайдыр кубанычтын, үмүттүн уч- кундарын көрдү. Ошондон улам го, Аксары андан ары жашынбай, кандай да болбосун аялга жакындоону ой- лоду.
Эне өзүнөн аркан бою алыстыкта кыбырап, жерде жаткан жыланды көрдү. Көрду да, өзүнүн ички ту- юмуна ишенип-ишенбегендей тиктеп калды. “Кантип эле? - деди эне оюнда. - Кантип эле ушундай болсун? Бул жөн гана окшоштук... Болбосо, какыраган тала- ада жаткан жыландын менин балама кандай тиешеси бар?” “Жок, эненин туюму качан алдачу эле?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#314 Пользователь офлайн   Astra12   06 Июнь 2020 - 19:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 01 Январь 17
  • Соңку аракети: 11 Янв 2022 00:54

Байкачы, дайыма сени өзүнө тартып, чакыра берчү жа- гымдуулук, болгондо да өткөндө - сен төшөктө баш көтөрө албай жатып калганда келип кеткен жагым- дуулук сезилип жатпайбы?”
Жылан да эненин оюн туйгандай, ырастагандай башын көтөрүп, бирок чочутуп албайын дегенсип, кайра жер жазданып жатып калды.
– Кел бери? - деди эне бир убакта акырын үн ка- тып. - Ким болсоң да, эмне болсоң да кел бери?..
Бала-жылан башын көтөрүп карады.
“Түшүнүп жатпайбы?! - эненин жүрөгү “болк!” этип алды. - демек, бул жөн жылан эмес! Мени биякка Ку- дай таалам бекер жеринен айдап келип жатпаса ке- рек?!”
Эне жандана түштү. Дагы бир жолу сынамакка:
– Мен сага жамандык кылайын деген жерим жок. Сен да мага жаман ниетиң жок болсо, бери жакын кел? - деди.
Бу саам эненин үнү өктөм да, дирилдеп ый аралаш да чыкты.
Аксары чындап эле энеге жакындап келатты.
Ал жакындаган сайын кудум уулу өзү келе жаткан- дай, эненин жүрөгү элеп-желеп болуп, кубанычтан бакырып ыйлап жиберчүдөй аптыга баштады.
Эне-жылан ды беттенип, же кучагын жая албай... көздөрүн жумуп жиберип, шалдайып отурупк алды.
Эне көзүн ачканда бала-жыландын кирсиз, баео көздөрү аны аяп да, жалдырап тиктеп турган.
– Сен кимсиң? - деди эне.
Аксары оозуна салып келе жаткан аманатын эне- нин этегине акырын таштап койду.
Эне бирде бала-жыланды, бирде этегинде жаткан бири кичине, бир чоң топчу менен күмүш сырганы

2
карап нес болду.
Бир убакта анан калтырак баскан колдору менен аманатты алаканына салып, көргөн көзүнө ишенбей жаткансып, көзүнө жакын алып келип, бүшүркөй тиктеди. Тааныды. Баласынын топчулары болчу.
Карегинен кулаган тамчылар так ошол алаканда жаткан аманатка тыпылдап таамп жатты.
– Балам... аманбы? - бала-жыланды тиктеди.
Жылан аны унчукпай тиктеп жата берди. Бирок ал ушу азыр оюнда көп нерсени божурап айтып берип жатканын эне билген жок.
Чоңураак топчуну колуна алып:
– Бул - Зумуратым экен, - деди эрдине тийгизип өөп, топчуну уучтаган муштумун көкүрөгүнө, көзүнө басып. Анан так ошол Зумуратына окшош, бирок атайын эле жонулуп, кичирейтилген топчуну көзүнө жакын алып келип, шыкаалай карап:
– Бул менин неберем экен. Кагылып кетейиним сенден. Кыбыраган кара жаным! - деп, кудум небере- синиң өзүн көрүп жаткандай ичи элжирией эркеле- тип, жалынып жалбарды. Андан соң күмүш сырганы эрдине тийгизип:
– Келиним экен, - деди. Кудум бала-бакырасы ме- нен жолугуп, кобурашып жаткандай өзү менен өзү сүйлөшүп көпкө отуруп, бир убакта:
– А сен кимсиң? - деди бала-жыланды суроолуу ка- рап.
Жылан-бала аста куйругун шыйпаңдатып койду.
Ошондон көп өтпөй эле эне бир сындырым нанын бетаарчыга түйүп, Аксарынын жонуна байлап берди да:
– Бара гой, кагылайын. Барып менден кабар бер.

3
Эгерде алар сенин тилиңди түшүнөр болсо: “Энеңер жакшы, аман-эсен. Силерди көрөр күндү күтүп жа- шап жүрөт. Күүлүү-күчтүү де. Жер үстүндө мени эмне Кудай алып, курт жемек беле?” - деп кайра жөнөттү.

* * *

Ошол күнү кечте Жер-Куйдун түбүндө нандын жыты буруксуп, бир башкача шаңга оронуп, ким-ки- мисине жан кирип, бапырап эле калышты. Айрык- ча, Зумурат бир сындырым нанды алаканына салып алып, көпкө букулдап ыйлап, карап отурду. Андан кийин гана четинен сындырып ооз тийип, жарымын тамшанып тиктеп отурган Дүрайымга бөлүп берип, жарымын өзү шорулдата жыттап, кичинеден үзүп таңдайына салып, даамын татып, ширесин чыгара со- руп, калганын кайра бетаарчыга ороп чөнтөгүнө са- лып койду.
Ушундан тартып бул үй-бүлөдө Аксарынын ка- дыр-баркы ого бетер өстү. Эми ал жогоруну карай ат тезегин кургатпай барып келчү болду.
Кичинекей Тилек да күн өткөн сайын торолуп, кылык-жоругу көрүнүп, алдыңкы эки тиши чыгып, чоңое баштады. Ата-эненин да чечекейи чеч болуп, жер үстүнө чыгууга жакшылыктан үмүт кылышып, жанданып калышты.
– Зумуке, Кудай буюрса, апам бизди алып чыгуунун бир айласын табаар, ээ? - дейт Дүрайым. - Апам эле дейсиңби, бу жерде канчалар жатат. Алардын ата-энелери деле деле издеп, кабар алгысы келет да? Кандай дейсиң?
– Аның туура дечи. Издебей коюшту дейсиңби? Издеп-издеп чарчашкандыр. Бирок бул жактан жогору чыгуучу жол жок экенин билишсе кана.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#315 Пользователь офлайн   Astra12   06 Июнь 2020 - 19:05

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 01 Январь 17
  • Соңку аракети: 11 Янв 2022 00:54

Менин корк- конум, апам бир күнү Аксарыны эрчип келип калбаса болду.
– Койчу? Ошентет дейсиңби?
– Ошентиши мүмкүн.
– Келсе эмне экен, ансыз деле карып калды. Ал жакта жалгыз жашагандан көрө, бул жакка келип биз менен жашаганы жакшы эмеспи. Ары карап кетсе өз колуңдан топурак буюрат дегендей. Жер үстүндө ким көмөт? Сени көрүп, небересин көрүп, санаасы тынчып кеткени жакшы да. Сенин да сагынычың тарап…
Бул кеп бир чети канчалык жөндүү угулганы ме- нен Зумурат энесинин Дүрайым экөөнө окшоп кыйна- луусун каалаган жок.
– Жок! - деди анан энеси чындап эле келе жаткан- дай чечкиндүү унчугуп. - Кереги жок! Ал жакта мен жок болсом да эл бар. Келтирбеш керек!

* * *

Айткандай эле Жер-Куйдун кырына келчү кара- андардын катары күндөн-күнгө арбып, акыры ка- ры-жашы дебей , балдарын жоготкондор эртеден-кечке эле ушул жерде жүрө турган болушту. Жараңканын тээ учу-кыйыры көрүнбөй жаткан түбүнө эңкейип караганда, бирок баарынын эле кубаты жетпейт.
– О-ой, айланайындар, алысыраак болгула. «Өлгөн- дүн үстүнө көмгөн» болбойлу! - дешет улуулар жашы- раактарга эскертип.
– Ооба десең, Кудай ал жактагыларды чыгарып эле бир жакшы күндү көрсөтсө кана? Этият боло көр- гүлө, айланайындар!
Балдар тууралуу кеп болгондо, адата уй мүйүз тарта

2
отура калышып, куран окуй калышчу болсо, бу саам антүүгө диттери барбай, балдарынын тирүү экенинен үмүт эткендей жүрөктөрү дүкүлдөгөн эле киши.
– Зумурат жалгыз эмес чыгар, ээ? Башка балдар да аман-эсен чыгар? - деп бири-бирин үмүттүү карашат.
– Ошондой эле болсо экен.
– Жанагы жыланы такыр көрүнбөй койду го?
– Ким билет. Кандай дейсиңер, балким тиги жеңе жөн эле айтып жаткан жокпу?
– Кантип ошентсин, ботом? Чоң эле киши эмнеге алдамак эле?
– Бизди алдабаса да, өзүн-өзү алдашы мүмкүн да.
Көзүнө көрүнүп, дөөрүп же алжып?
– Ботом, уулу берип жиберген топчу менен келин- дин сыргасын көрсөтүп жатпайбы?
– Ошентип жатат го. Бирок аны деле ойлоп таап алышы мүмкүн да. Өзүн алдаш үчүн.
– Анда ушунча кишини дүрбөлөңгө салып калп ай- тса, башын жеп калбайбы!
– Ботом, күнүгө нан-май берип ийип жатат го. Мен деле көргөм, «балдарга» деп камдап жатканын.
– Ошо жыланды бир көрсөтсө, анан эл чындап ише- нет эле да. Кайпактап эле бирдеме болуп жатат да өзү. Же дагы бир билгени барбы?
– Ошо кандай жылан десең, ботом, жеңеме макул болуп эле чабарман болуп берген? Ал жөн жылан эмес го анда?
– Ошону айтам да.
– Жеңем өзү көрүнбөйт го?
– Тигине, келатат.
Үчтөн-төрттөн болуп кырда тургандар Зумураттын апасын карап калышты. Адатынча этек-жеңин дел- бектетип, шашып келаткан болчу эне. Колунда кичи-

3
некей түйунчөгү бар.
– Берчү белегиңди ала келдиңби, байбиче? Анча болду чоңураак эле жөнөтпөйт белеңиз, төөнүн көзүн- дөй кылбай! - деди анын чындап эле жер алды менен байланышып жүргөнүнө шек санаган Ыбырай.
– Ботом, кенедей эме чоңду көтөрө алчубу?! - деди күйүгүп келген эне он колун белине кое, кайкалай калып. - Өх-х!
Ыбырай мыйыгынан күлүп:
– Анча акыл-эстүү болсо, жыланың бир айласын тапмак да. Ушунча элди бекер убара кылып, элдин үмүтү менен ойногон оңбой калчу эле, жарыктык. Алжып калгансың го? Канча күндөн бери ушу жерди сагалатып!
Зумураттын энеси анын кебин кеп деген деле жок. Тек гана элди аралап өтүп, баягы Аксары менен би- ринчи жолуккан жерге келип, ээр токумдай чаар таштын үстүнө эпейип отуруп калды.
Канча күндөн бери бул жер эне менен бала-жы- ландын жолугушчу ыйык жайына айланган. Атүгүл, бу жерди адаштырып албаш үчүн эне адегенде ба- ла-жылан экөө жолуккан жерди чыбык менен теге- рете чийип коюп, андан кийин тээ дөнсөөдө жаткан ташты томолотуп келип, чектин ичине кийрип, белги кылып кеткен. Ошондон бери кимиси мурун келсе да ушул таштын жанынан күтүшөт. Баарынан да Акса- рыга жакшы болду. Асманда канаттарын калдайткан
«душмандарынан» жашынып, таштын коңулунда суук көздөн далдаланат.
Эне эми да адатынча жоолук-башын, этек-жеңин оңдоп, маңдайынан чыпылдаган терди жеңинин учу менен арчып, чындап эле бирөөнү күтүп жаткандай отурду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#316 Пользователь офлайн   Astra12   06 Июнь 2020 - 19:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 01 Январь 17
  • Соңку аракети: 11 Янв 2022 00:54

Эненин алдын ала эскерткени боюнча айылдыктар ошо турган жерлеринде акмалап, күбүң-шыбың болуп карап турушту.
– Ботом, чын эле окшойт, - деди аялдардын бири.
- Жеңем өзү калп айтпаган эле киши. Ушунча элди кантип алдасын?
– Ооба десең. Жаш бала болсо да эмне болуптур. Баягыда төшөктө жатып калып, «аян алдым» деп бир түн ичинде эле куландан соо туруп кетпеди беле.
– Жин даарып кетиши деле мүмкүн.
– Койчу! Антели десек, колунда далили болуп жат- пайбы.
– Ооба десең. Эмнеси болсо да бүгүн аныгы били- нер.
– Жакыныраак барсак кантет?
– Кой! Ыкылдабай жөн туруп тургулачы! Айтпады- бы, «жылан чочуса чыкпай коёт, алысыраак, аста- раак туруп тургула. Мен ага айтайын, анан келип көрөрсүңөр» деп.
– Чыкпай койсочу анысы?
– Эмнеси болсо да сабыр кылып тургулачы! Капы- рай, энеңердин ичине кантип жаттыңар эле?!
Ким-кимиси унчукпай, уй мүйуз тарта жайла- нышып отуруп калышты.

* * *

Зумураттын энеси жаңылбаптыр.
Так ошол эл отурган жерден Аксарынын сорок этип чыга калган башы кайра ылдый «култ» этип кире

2
качты.
Мынчалык көп эл көрө элек үчүнбү, апкарып калды ал. Ансыз да жолдо келатып, баягы жалама таштын боорунан шыпырылып кетип, бир далай жерге чей- ин кулап түшүп, бир баскан жерин кайра кайталап келгенге бир аз ыза болуп келген эменин ого бетер ындыны сууй түштү.
Антсе да кырдын асты менен жээктеп барып, дагы бир жерден чыкмак болду эле, так үстүнөн адамдар- дын кобур-собуру угулуп:
– Күн жаачудай болуп келатат, ботом тиги кемпир- дин жыланы чыкпайт го, - деди эркек кишинин кол- дураган үнү.
– Жомокко ишенген силер да кызыксыңар! - деди экинчиси аны жактырбагандай. - Үй-жайды таштап, канча күндөн бери ушу жерде жүрөбүз самсаалап!
Аңгыча асмандан чагылган чартылдап, күн күр- күрөп, артынан эле шатыратып жамгыр төгүп жибер- ди.
Чагылгандын мынчалык катуу чартылдаганын укпаган Аксары «селт» этип чочуп кетти. Ал жаткан жердин топурагы заматтын ортосунда суу болуп, эзилген борпоң опурак менен кошо Аксары ылдый куюлуп, жылмыша баштады.
Жогору жактагы адамдардын жаандан корголоп жатканын сүйлөшкөн сөздөрүнөн билди Аксары.
– Атадын көрү-ү! Бир алжыган кемпирге ишенип, чаламандын чак түшүндө минтип өпкөбүзгө суу өтүп, көк жөтөл болуп өлөт турбайбызбы! - деди эркектер- дин бири. Бул - Ыбырай болчу. Анын жүзүн, кебе- те-кешпирин көрбөсө да Аксары жаман көрүп кетти.
– Тиги Зумураттын апасы суу болду го? - деди

3
жашыраак үн.
– Анын жаны бекем, - деди жанагы үн жактырба- гандай. - Аны өгүнү эле өлөт деп аттыңар эле, андан бери чуркап жүргөн эки-үч киши өлүп кетти. Ошо ажыган кемпирге ишенген силер, силерге ишенген мен акмак!
– Ыбырай, койсоңчу ушунуңду! - деди дагы бир эр- кектин үнү. - Бу жерге биз деле эмне, келесоолугубуз- дан келип жатат дейсиңби? Илгери үмүт менен келип жатабыз. Кудай анын бетин ары кылсын, бирок сен да биздей күйүп, балаңды жоготсоң, ушинтип келжи- регениңди көрөт элем!
– Э, болуптур! Ким келжирегенин дагы көрө жа- тарбыз!
– Ыбылкем туура айтат. Жомокко ишенип, бала болуп кеткендейбиз. Ишенимдин деле чеги болот да. Тарайлы. Эки-үч күндөн бери чыкпаган жыланы эми ушундай жамгыр куюп жактанда чыкмак беле?
Үстүдөгүлөр унчугушпай калышты.
“Байкуш эне кантти экен?” - деди Аксары оюн- да. Ал антип оюн жыйгыча, жогору жактагылардын кобур-собуру бир топ алыстап кеткен сыяктанды:
– Тиги Зумураттын апасын жүрү дебейсиңерби? - деди аялдардын бири.
– Төлгөчү апа, басыңыз кетели. Бу жамгыр ак жа- анга айланып кетти окшойт, басылбайт го.
Төлгөчү ападан жооп болгон жок.
Аксары улам топурак менен кошо ылдый шыпы- рылып, ансайын кайра тырышып-тырмышып жатып жогору чыкканда, төлгөчү эне кол-шал суу болуп, эки жаагы ылдый куюлган көз жашын жамгыр жууп, ба- ягы таштын үстүндө отурган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#317 Пользователь офлайн   ASA79   07 Июнь 2020 - 10:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Эң сонун.Улантыңыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#318 Пользователь офлайн   Astra12   07 Июнь 2020 - 21:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 01 Январь 17
  • Соңку аракети: 11 Янв 2022 00:54

Эмнегедир, Аксарыны көрүп ордунан тура чуркачу- дай болуп, бирок жамгырга жуурулган сары топурак- ка тайгаланып көмкөрөсүнөн кулап, ошондо да жан- талашып баш көтөрө калып колунан ыргып кеткен түйүнчөгүн ала койду.
Аксарынын жаны чыгып кете жаздады. Жетип келип, боору-башы ылайга оролгон кемпирди айла- нып-тегеренип, эмне кылар айласын таппай кетти.
– Ак жолтоюм, айланайын ак сарым, келдиңби?!
- эне калчылдак баскан колдорун сунуп, кубаныч ара- лаш ыйлап жатты.
– Айланайын Аксарым!
Аксары эненин кочушунда салаңдап асылып туруп: “Менин атымды кайдан билет?” - деди оюнда.
Эне-жылан ды көпкө чейин көкүрөгүнө басып тур- ду да, тостойгон көздөрүнө карады:
– Балдарым барбы? Аманбы?
Эне бала-жыландын көз карашынан, жагымдуу “серең” эткен кыймылынан жакшылыктын белгисин туйду.
– Оозуңа май, айланайын! Айбан да болсоң акылың- дан айланайын! Сени жараткан Кудайымдан айла- найын! - эне кайрадан Аксарыны бооруна басып, бир убакта анан:
– Эмне жоголдуң? - деди эсине бир нерсе түшүп кеткендей. - Эки-үч күн эмне кабарсыз кеттиң? Же элге-журтка айтып койгонум үчүн таарынып калдың- бы? Кантип айтпайм, кагылайын? Кантсе да көпчүлүк деген - көпчүлүк эмеспи, эптеп бир айласын таап, бал- дарга жардам берер дебедимби. Алар болсо, тигине,
- эне кетип бараткан топ караанды карай жаңсады.
- Кетишти. Бир аз күтө турушса сага жолуктурат элем го. Мени 2
- “жинди катын, күйүттөн жин даарыды” деп

ойлоп жатышат. Ишенбей жатышат. Токточу?!
Эне жакшы бир ой таап алгандай “селт” этти. Орду- нан шашып тура калып, кетип бараткандарга карай кол жаңсап кыйкыра баштады:
– Оо-уу, эл-жу-урт! Келди, жыланым! Келди-и! Эл- жу-урт?!
Анын үнү дырылдаган айдарым жел менен кетип бараткандарга бат эле жеткен сыяктанды. Бир-экөө кылчайып карап, андан кийин баары бурулуп ка- рашты.
– Мына-а, мына-а! Келди жылан! Келгиле бери-и?! - эне жандалбастап кыйкырып, бала-жылан качып кете тургансып белинен бекем мыкчый кармап алып, узап бараткандардын артынан декилдеп кетип барат- ты.
– Келгиле, айланайындар! Келди! Аксарым келди!
Мына!
Кемпир колундагы салпактаган жыланды улам жо- гору көтөрүп, тигилерди карай булгалап баратты.
Аксары да этинин ооруксунганына карабай, айыл- дыктардын кайра бери баштанышын каалап, көз ал- бай карап баратты.
Токтоп тургандар, бирок бери кайрылган жок. Бир азга карап турушту да:
– Жарыктык киши, катуу алжыды.
– Карыганда кыйын эле болду да.
– Эмне кылабыз, баарыбызга эле кыйын болуп жа- тат. Кудайдын жазганы.
– Жок дегенде башка баласы же абышкасы болсо эмне.
– Ой, он балаң болсо деле ар бала өз-өзүнчө жалгыз. Анан абышкасы барларга эле жеңил болуп жатыппы?!

3
Баскыла, баса берели. Келер. Жамгыр да башкача жа- ады го.
– Күтүп, бечараны ала кетсек болбойбу?
– Ала кеткенде эмне, көтөрүп кетмек белек?
– Ошону айтсаң, күткөн менен баягысын кайра ай- тып эле зээнди кейитет, анын үстүнө жалгыз көнгөн киши көпчүлүктү деле сүйө бербейт, баскыла.
– Чакырып жатпайбы. Жыланы келген го.
– Койчу, кагылайын! Өзүң деле ойлочу, кандай жылан экен, аркы дүйнө менен берки дүйнөнүн орто- сунда далдалчы болгон?! Акылга сыйбаган, Кудайга жакпаган сөздү айтпай! Кече болгон окуя болсо да бир жөн. Андан бери эки жылга аяк басты, - дешип, узап кете беришти.
– Жер астына кирип кеткендердин ичинде Жайчы- нын кызы бар эмес беле. Сыйкырчы эле дешет го. Балким ошол кыз сыйкырлап жиберип жаткандыр?
- элдин арасындагы боз улан ушинтти.
– Андай эле сыйкырчы болсо, өзү чыгып келбейт беле!
– Капырай десең!..
Алардын карааны тиги тумшукту айланып кетип, көрүнбөй калган кезде эне өзүн таштап жиберип, көмкөрөсүнөн жыгылып, үч бүктөлүп жатып калды. Анын колунан алда кайда ыргып кеткен Аксары чепилдеп жетип келип, эненин дем алганын тыңша-
гандай жүзүнө селейип карап турду.
Тээ бир убакта энеге былкылдап жан кирип:
– Балам, - деп үңүлдөп ыйлай баштады, - Э, кагы- лайын балам? Кайдасың? Кандай күндү көрүп жата- сың? Үү-үү... Тирүү туруп сага жете албаган, жардам бере албаган мен куруюн... Апам жардам берсе деп көзүң төрт болуп жатсаң керек... Үү-үү...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#319 Пользователь офлайн   Astra12   07 Июнь 2020 - 21:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 01 Январь 17
  • Соңку аракети: 11 Янв 2022 00:54

Маңдайында кетпей, күтүп жаткан Аксарыны көрүп, оюна алда нелер келе түшкөндөй ыйы “тып” басылып, телмирип тиктеп калды.
Ошону сезе койгон бала-жыландын көздөрүндө:
– Эмне болду, эне? - деген жазуу бар болчу.
Эне ордунан чечкиндүү туруп, этек-жеңин күбүп, жоолук-башын ондоп:
– Аксары, - деп ишенимдүү карады. - Мен эмне, тирүүлүккө түркүк болмок белем? Өлөрүм калды, өсөрүм калган жок. Андан көрө балдарыма барайын!
Бала-жылан “селт” этти.
– Сиздин келишинди атам каалабайт! - деди ал.
Кемпир аны түшүнгөн жок.
– Ооба, сен мени алып бар! Бүгүндөн калбай! Бирок эки колумду мурдума тыгып бармак белем, балдарга азык-аш ала барайын. Жүрү, - эне бала-жыланды ай- ылды карай баштады.
– Камынайын. Жүрө гой.
“Мени угуп жатабы бу? Түшүнүп жатабы? Түшүнүп, оң көрсө соңумдан эрчир”, - деген ойдо артына кыл- чайып карады эле, айткандай эле Аксары эненин изи менен ийрелеңдеп келатыптыр.
– О, Кудай, айланайын! - деп ошого шердене түшкөн эне эми кадамын тездетип, сыгып алма суу болгонуна карабай улам артын карап коюп, шыпылдап кетип баратты.
Жетип эле үйдүн бир капталында турчу жыгач үкө- гүн ачып, “балам келип калса” деп илгери үмүт менен сактаган сүрүн, каймак кошуп бапестеп кургаткан бир баштык курутун, карын майын, талканын, эт-чучуган алып чыгып, илинип турган куржундун бир көзүнө салды. Ошондо да эненин эки көзү бала-жыланда боло

2
берди. №Кетип калбаса экен”, - деп жатты ал.
Ала кийиздин үстүндө ийрейип жаткан бала-жы- лан да эненин ар бир кыймылынан көз алган жок.
Эне төрдө тирелген жүктү бузуп жиберип, сандык- ты ачты да, бир убакта Аксарыны таппай калды.
– Аксары?! - бат-бат дем алып, ый аралаш кыйкы- рды эне. - Аксары-ы?!
Аттап-буттап сыртка чыкты.
– Аксары-ы?! - кайсалап жерди карап жүрдү. Изи да жок болчу. Бир далай жерге чейин декилдеп чур- кап барып, дагы кыйкырды:
– Аксары-ы?!
Ал Аксарынын жүктүн астында калганын байка- бай калган болчу.
Жылуу, жумшак жууркандардын астында жаны жыргап, магдырай түшкөн бала-жылан өзүн чакыр- ган үндөн улам жууркандардын алдынан суурулуп чыкты да, эшикке чыкты.
Эне тээ тоолор жакты карап декилдеп кетип ба- раткан болчу.
Аксары чепилдеп, аркасынан жөнөдү. Ал жанынын бардыгынча:
– Эне-е! - деп кыйкырып жаткан окшоду. - Эне-е, мен биякта!
Бирок аны өзүнөн башка эч ким уккан жок. Ка- чан гана жетип келип, эненин бутуна ороло түшкөндө гана эне ыйлаганын токтотуп, нестейе түштү.
– Сен...би? Кайда элең? - эне калчылдак баскан эки алаканын бала-жыланга тосту. - Мен сени кетип кал- ды дебедимби... Үү-үү… Мен куруюн…
Куйрук-башы эки кочушунан куюлуп, салаңдаган чыбыктай ичке немени бооруна басып, эринине тий- гизип өптү да, үйдү карай шашып келатты.

– 3
– Мен Кудайга ыраазымын! Ыраазымын! Дагы Ку- дайдын ушунусуна шүгүр! Баласы таптакыр дайын- сыз жоголгондор деле жашап жатышпайбы. Канча- сы жер астына кирип кетти күйүттөн. Ага караганда Кудайым мага минтип, баламдан кабар берип... Эл ишенбесе, өздөрүнөн калсын. Ишенбегендей эле бо- луп жатпайбы! Мен деле качан ойлодум эле, болгондо да боору менен сойлогон жыланды баламдай боорума басып, балам үчүн башыма байыр кылып, өөп-жыт- тап калам деп. Мейли, карыганда жаман карып, акылынан айныды, күйүткө алдырып койду дешсин! А мага баламдан топурак буюрса, андан өткөн эчте- ке жок! Кудайым жол берсе, барам бүгүн. Ырысымды бир көрүп, жыттап алып, анан өлүп кете берсем мей- ли. Ал да мени сагынгандыр, кагылайыным! Балким сени жөн жиберип жаткан жоктур, мени келсин деп чакырык салып жаткандыр?
Эне сандыктан баласы үйлөнгөндө кийгизем деп камдап жүргөн бир-эки сыйра кийим-кечени, ага ко- шуп “болочок келин балама” деп сактаган жоолугу ме- нен бүйүртмө көйнөк, белдемчи-кемселин, бир кочуш сөйкө -шакек, чач учтугун, атүгүл азыраак жыгачтан жасалган чыны-аягын кошо алып, куржундун бош көзүнө салып, батпаганын түйүнчөккө ороп, өзү да майрамга бараткандай жасанып кийинди. Ошондон киийн да эсине бир нерсе түшүп кеткендей, тээ ке- регеде илинген эски куржунду алып, ичинен наристе баланын кийим-кечегин аңтарып карап, улам бирин шорулдата жыттап алып, аны да кошо алып кетмей болду.
Чачылган үйдү бир сыйра жыйнап, чачучтугун ша- рактата басып үйдөн чыкты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#320 Пользователь офлайн   ASA79   08 Июнь 2020 - 18:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Сонун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 11:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: