DASTAN (17 Июнь 2020 - 23:07) жазган:
Көп күндөр өткөн эле ал арадан.
Кысылып жарадар ооруду жүрөк,
Кыйналып бүттүм го жан-жарадан.
Эскирген жаратымды козгоп салдың,
Жарабайт го сенин бул кылганың.
Жана эле жок элең го кең жолумда,
Жетпейби буга чейин кыйналганым.
Мен сени унутуп баратканмын,
Суранамын башка мага жолукпагын.
Ансыз да араң өттү сенсиз күндөр,
Жетишеер өз бактымды жок кылганым.
Жараттар жаңыдан жакшы болуп,
Араңдан амал кылып күчкө толуп.
Жаңыдан сени унутуп келетканда,
Жоолуктуң жүрөгүмө ийне койуп.
Тагдырым неге мынча мага ташбоор,
Сүйүүдөн неге мынча болдум мен коор.
Кечигип кеч келседа жан дүйнөмө,
Чын дилинен мени сүйгөн адам болоор.
Адамдар келет жана кетет,ар бири келип кеткенине жараша сабак берип кетет. Жакшы тилек жарым ырыс демекчи,баары алдыда!