Тушалган махабат...(Ильяз менен Асел)
Автор: Жалгызым(Назик)
"-Биз кайрадан кезиктик. Бирок кеч,өтө кеч..."
"-Сени таптым,сага жолуктум. Бирок такыр башка кырдаалда. Күтпөгөн учурда..."
"-Биздин махабаттын баяны мындай болбоосу керек эле...!"
Бул сөздөрдү эки адам эки башка жерде,эки түрдүү кырдаалда бирок бир сүйүү менен сүйлөшүп жатышты...
Түнү бою кирпик какпай олтурган Ильяз таңга жуук уктап кеткен экен. Чачтарынан сылаган жылуу колдорду сезип башын көтөрдү. Иш столуна өбөктөп уктаган экен.
-Чарчадың го?
-Бир аз...
-Эс аларсың балким?
Өзүнө камкор боло тынчсызданган жубайынын колдорун кармап өөп койду.
-Жумушумду билесиң го
-Мен атама айтсамчы Ильяз? Балким сага эмгек эргүү берет. Өзүң айткандай чет жака чыгып эс алып келмекпиз да.
Жубайы чын дилден баргысы келип кубанып айтты. Жароокерлене эки колун жолдошунун мойнуна арта калып көзүн ирмебей карап турат. Айжандын көзүндөгү ошол кубанычты күүп албайын деп атайы акырын унчукту:
-Айжан, атаңды аралаштырба суранам.
-Эмне экен? Өзү тойдон кийин эле жумушка чыгып кеттиң.
-Сөз беремин,эс алууга чыгабыз.
Таарына ары карап турган келинчегин өзүнө тарта маңдайынан өөп жатып сүйлөдү. Ильяздын кең көкүрөгүнө башын жөлөгөн калыбында ууртунда жылмайып,ушул бактына эле ичинен миң мерте шүгүр келтирип жатты Айжан. Ананчы ушул күнгө жеткичекти эмне деген азаптарды кечип өтпөдү эле. "Сен гана жанымда болчу,мени менен. Ошол өзү мага чексиз бакыт!"
-деп жатты ичинде.
-Тамактанасыңбы?
-Кофе эле берчи,кечиктим.
-Макул жүрө гой.
-Мен азыр жуунуп түшөм,-деген Ильяз кечеги күндү,кечеги жолугушууну эстеди. Кечеги көздөр! Так эле он жыл мурункудай кумарлуу,тунук,
ошол эле убакта сулуу көздөр! Өзүнө күндүзү тынчтык,түндөсү уйку бербей далай азапка салган баягы көздөр. Эми унутулуп баратканда кезиккенин кара? Унутулду беле? Жок! Кантип унутсун? Өзүн жөн эле алдап жүргөн окшобойбу "унуттум"
- деп. Болбосо кече көргөнүндө өзүнөн мурун жүрөгү алдыга умсуна дүкүлдөп сокконун кантип түшүндүрөт.
Кадалган баягы көздөргө туруштук бере албай башын чулгуп алганычы? Акылында "Ал эмес,бул башка !"-деп жатты. Бирок көздөрү... Кудум ошондой. Таңдагы шүүдүрүмгө жуулган жалбырактай жапжашыл ошол көздөр! "Өххх"-
деп алды ичинен.
"Эмнеге бул чөйрөдөн кезиктиң? Эмне үчүн?" Дагы жоопсуз чубалган суроолор. "Сүйлөшүүм керек !"-деди күбүрөнө. Болбосо бул түйүндүн сырын өзү чече алгыдай эмес. Формасын кийип,Айжан берген кофени бир эки ууртамыш этип жолго чыкты...
Таңды уктабай тосту кыз. Күңүрт бөлмөгө жарык берген кичинекей терезеден түшкөн нурду тиктеп кыймылсыз көпкө олтурду. Кечеги күн,кечеги кыска жолугушуу кайра эле көз алдына тартыла, көзүнөн тамчы жаштар кулап кеткенин байкабай калган экен. Бир мүнөттүк тиктешип өтүү эле ушунча азапка салды. Анын алдында туруу, жалындап күйгөн каректерине батынып карап, Ильяздын бүтпөгөн суроолоруна жооп берүү тирүүлүктүн тозогу болот окшобойбу. Тамагы ачуу жашка муунганда селт эте ордунан козголо жүзүн жууган жашты колу менен сүртүп ийди. "Мен деле ыйлай алат экем го?"-деди бир чети өзүнө таң кала ,кайра кубангандай.
"Демек менде али жүрөк бар!" -деди шыбырап. Бул сүйлөмдө жана көз жашта анын кубанганы же кайгырганы белгисиз эле...
Адам канчалык күчтүү,эрктүү болгону менен анын эч ким билбес ,өзгөчө назик,өзгөчө сезимтал аялуу дүйнөсү болот эмеспи? Мейли ал кылмышкер болсун, таш жүрөк баш кесер болсун. Бирок баары бир сыртка чыкпас,ичтен жашаган өзүнө таандык сыры менен арманы болот. Сырттан муздак,үнсүз болгону менен ичиндеги аалам такыр башка болуусу мүмкүн. Кудум Аселге окшоп...
- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Тушалган махабат...(Ильяз менен Асел)
#2 04 Ноябрь 2020 - 22:35
-Шер?!
-Кантип?? Айтчы Альберт кантип сен буга жол бердиң?!
-Мая муну өзү каалады. Ошол ишти мен бүтүрөм деп...
-Сен эмне аңкоосуңбу? Ал атайы Кыргызстанга кетүү үчүн алды ал ишти. Мындай болору белгилүү эле да. Иш оңунан чыкканда да,Мая кайрылып келбейт болчу бизге, ошондон ары изин суутуп жоголмок .
Манхеттендеги эки кабаттуу особнякты жаңырта кыйкырып,колуна тийгенин ыргытып да жатты Шер. Маңдайында күнөөлүдөй башын жерге салып турган өзүнүн оң колу ,күйө баласы Альбертти кызарган көздөрү менен жеп ийчүдөй тиктеп алып максатсыз эле кең бөлмөнү айланып басып жүрдү.
-Сүйлөшүүлөрдү башта. Каалаган сумманы төлөйбүз.
-Сүйлөштүк. Азырынча Маяны кармап турган жер аныктала элек дешти. Өлкөгө да расмий маалымат бериле элек...
-Мен сак бол дегем. Анткени билгем...
-Шер, биз Маяны алып келебиз. Анын үстүнө ал жөнүндө эч кандай маалымат жок. Сен ,мен эөөбүздөн бөлөк адам билбейт анын чыныгы ысымын.
Ушул жерде экөө тең жаңылышкан болчу. Дагы бир үчүнчү адам кыз тууралуу билээрин ойлоруна да келтиришпеди. Ошол күтүүсүз пайда болгон үчүнчү адам булардын бардык пландарын,жок жашоолорун бүтүндөй өзгөртүп жибереринен али кабары жок болчу. Тагдыр ушундай калпыс бурулуш менен сюрприздерге бай келет. Ошондуктан табышмактуу дүйнө деп айтылат чыгаар...
********
"Мая кармалды! " Бул кабар өлкөдөгү укук коргоо органдарынын мекемелерине желдей тарады. Бирок расмий маалымат берип ачыктоо эрте. Анткени алдыда эмнелер болуп кетери белгисиз. Мыйзамдагы ууру, мафиоз ШЕР деген каймана аты менен белгилүү болгон таасирдүү адамдын жалгыз кызы, наркобарон, кримдүйнөдөгү жогорку даражада өз ордуна ээ Альберттин аялы Мая! Шер,Альберт, Мая- бул үчөө тууралуу эч жерде, эч кандай маалымат жазылган эмес. Жада калса фамилиясы да жок. Баарын сыр тутуп келишет. Жөн гана ысымдары айтылып келет. Жада калса бул ысымдар алардын чыныгы ысымыбы же каймана бул да белгисиз...
Биздин эгемендүү,демократия аталган эркин өлкөбүздө эл көзүнө жазылган мыйзам канчалык деңгээлде иштерин ушундай учурларда байкоого болот. Анткени мыйзамды да, бийликтин негизги бутагын түзгөн да кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү. Ошондуктан колго түшкөн Мая жөнүндө азыр эки тарап эки жаат болуп бөлүнгөн учур. Бири Шердин адамдары,экинчи тарап адилеттик үчүн төш кагып иштегендер.

#3 04 Ноябрь 2020 - 22:37
******
Маңдай тескей олтурушту экөө. Ээн бөлмөнүн ортосундагы жалгыз столго эки жагына маңдайлаш коюлган стулда үнсүз олтурушту. Ильяздын колунда "Мая"- деген ысым менен башталган дело. Ал эми каршысында өзүнүн Асели. Эч качан ойлобогон, керек болсо түшкө кирбеген чындык. Бул эки ысым бир адамга таандык экенин кабыл алуу да оор Ильяз үчүн.
-Кантип?-деди ортодогу тынчтыкты бузган Ильяздын үнү.
-....
Кыз жооп бергендин ордуна жөн гана көзүн көтөрүп жигитти тиктеди.
-Асел?!
Баягы сабырсыздыгына салып дагы кыйкырып алды Ильяз.
-Мая! - кыз токтоо үн менен оңдоп кетти.
-Мен Маямын.
-Бул мүмкүн эмес! Сени мен тааныбай калганга чейин акылымдан ажырай элекмин билсең. Асел! Билесиңби сени канча жыл издедим? Билесиңби бул ысым менен канча жыл оорудум? Он жыл! Оңой угулуп жатабы сага? Тынымсыз издедим. Кай жерлерден гана издебедим. Кайсы шаарлардан гана сени түрө кыдырбадым. Кыргызстандын булуң бурчу калбады. Парк,базар, Университет, кино, социалдык сайттар... деги койчу. Башым менен акылым,колум менен бутум, эрким менен күчүм жеткен жерге чейин сени издедим.
Бирок ушул чөйрөдөн издебегенимди кара?! Ушунчалык жакын жүрдүң беле мага?! Ильяз сүйлөп жатты. Кудум ичине бирөө кирип анын жылдар чогулган сагынычын,сырын айтып жаткандай төгүлүп жатты. Ал эми кыз ошол калыбында тиктеп олтурду. Көздөрүндөгү өзүнө тааныш мээрим төгүлүп, баягысындай жароокер тигилет.
-Ильяз?!
Даана өзүнүн Асели. Анткени мындай жалынычтуу, мындай мээрим менен бир гана Асел чакыра алчу.
-Мени кечир Ильяз...
-Мен баарын уккум,түшүнгүм келет. Сенин өзүңдүн оозуңдан. Кантип мен билген периште Асел,көптөр сөз кылган жан алгыч Маяга айланып калганын.
-Сен баарын уга алаар бекенсиң. Күчүң жетер бекен буга Ильяз?
-Башка аргам жок...
Жанатан вулкандай атып ,кайнап жаткан Ильяз чарасыз Аселдин алдындагы стулга шалдырап келип олтурду .
Кайрадан үнсүздүк... Кыз өзүнө маңдайлаш олтурган жигиттин колундагы нике шакегине көзү түштү. "Үйлөнүптүр! " Акыры ушундай болоорун билсе деле,өзүнө баш ийбеген ичиндеги тентек, кыялкеч сезим өз дүйнөсүндө Ильязды өздүк кылып алган эле. Кыздын баш аламан,чуулу, капкараңгы, адашып кирип чыга албай туйлап жаткан тунгуюк ааламындагы жалгыз жарык ушул Ильяз менен курган таттуу кыялдар эмес беле? Мейли кыял болсун,кол жеткис болсун ... Бирок таттуу болчу,жаны жай алып бир азга болсо да реалдуу жашоону унуткарып, ыплас дүйнөдөн алаксытаар жалгыз карманаары эле го!? Өз акылында Ильязды качан эле үйлөнүп,балким балалуу болуп өз турмушу менен алек болуп кеткенин билип турса да ,азгырчаак үлбүрөгөн үмүт гана муну коё бербей жүргөн. Акыры мынтип көзү менен көргөндө да тан албай жатканы эмнеси? Балким кыял менен жашап чындыктан качканды адат кылып алгандай азыркы көрүп турган реалды да кабыл алгысы келбей аткандыр. Болбосо Ильяз менен жолугууну такыр башкача кыялданчу. Башка кырдаалда,таптакыр бөлөк жайда. Чындык баары бир чындык. Аны миң ирээт жаап,андан миллион жолу качсаң да алдыңдан чыга берет экен го...
Балким Ильяз жылдар бою Аселди унутпай,жүрөгүнөн алып сала албай издеп жүргөнүн кыз да жүрөгү менен туйгандыр. Ошол күч, өздөрү канчалык алыс болгону менен бири-бирине тартылган сезим буларды ажыратпай,унуттурбай атты беле?
Балким бул ошол акындар ыр кылып бүтпөгөн, баатырлар тизе бүккөн, дагы далайларды сыздаткан махабат беле?
Экөөнүн үнсүз сүйлөшүүсүн эшиктин сырттан такылдаганы бузду. Ордунан козголгон Ильяз кыздын колдорун бекем кармап:
-Сөзсүз келемин!-деди шыбырап.

#4 05 Ноябрь 2020 - 16:04
Тагдырдын оюну беле,балким белеги,деги ким билсин. Экөөнү тээ бала кезинен байлаган тагдыр жолу ортодо эки бөлөк айрылышка түшсө эми кайрадан мынтип кайчылаш келип олтурат. Ильяздын өткөн күнүндө,бактылуу балалыгынын ар бир ирмеминде Асел кошо бар. Асел менен артта калган күнүн бири биринен айрып салууга да мүмкүн эмес...
Тоо боорундагы чакан айыл. Ильяз менен Аселдин үйлөрү жанаша болгондуктан экөөнүн таңы кошо атып,күнү бирге батчу. Ал кездеги кичинекей Асел. Жашыл көздөрү менен капкара төгүлгөн кирпиктери эле көргөн адамды өзүнө тартып сүйкүмдүү. Анан да ар дайым ууртунда төгүлүп турган күлкүсү менен жайнаган жүзү. Өзгөчө татына жан эле . Анын жанда жок жароокерлиги да бар болчу. Кыз эсин тааныганы чоң энеси менен өстү. Апасын элес булас гана эстей албаса дээрлик акылында жок. Эсинде калганы өзүн кучактап көп ыйлачу. Анын күлүп,жылмайып жүргөнү аз болгон. Бирок апасы күлгөндө аябай сулуу болуп калаар эле. Ал эми атасы, абдан сүрдүү адам. Эзели бир ачылып, кызын колуна алып эркелетпептир. Ар дайым кабагы салыңкы жүрчү. Күндүз кечке үйдө болбой кечиндеси келет. Ал жокто апасы экөө ойноп шаңдуу олтурушса,атасы келери менен үйдү кара булут каптагансып түнөрүп,апасынын да эмелки эле жайнап турган жүзү сустая муздак боло калат. Чоң энеси менен Асел гана сүйлөшүп атасы менен апасы экөө бири бирине жат адамдай олтурушат. Анда кыздын кичинекей жүрөгү,наристе дили чоң адамдардын көйгөйүн түшүнүүгө мокок эле да. Алардын ортосунда эмне маселе бар экенине такыр акылы жетчү эмес. Баарын кийин,кийин аңдап жетпедиби.
Бир күнү түндөсү апасынын аябай ыйлап жаткан үнүн, атасынын кыйкырып жатканын уккан. Ушунчалык ордунан туруп апасына жетип кучактагысы келсе да атасынан коркуп төшөкө башын катып жата берген. Ошол бойдон уктап кетиптир,эртеси эрте менен ойгонуп эле апасын таппай калган. Ошондо эле ушунчалык атасынан коркчу экен, "апам кайда?"-деп суроого да батына албай ичтен сызып жүрө берген эле. Арадан бир аз убакыт өткөн соң үйүнө толо милициялар келип,чоң энеси менен Аселден көп нерселерди сурашкан. Короонун төр жагындагы чакан бакчаны тосуп алышып ал жерди казып бир нерсе чукуп алып кетишкен. Үйдүн алды ызы чууга түшүп ,атасын алып чыгып баратышканда Аселди Ильяздын тай энеси өз үйүнө алып кеткен. Бала болсо да ошондо бир шумдук болгонун туйган эле. Ошентип Асел кийин жалгыз чоң энеси экөө жашап калышты. Акыл токтотуп бой жеткен сайын атасы,апасы тууралуу айылдагы чындыкты уга баштаган.

#6 06 Ноябрь 2020 - 09:18
Автор кантип эле бирине бири окшобогон окуяларды таба бересин? Сонун!
Билдирүүнү түзөткөн: Puper-pup: 06 Ноябрь 2020 - 09:41
#9 08 Ноябрь 2020 - 16:19
Улантууга дагы бир аз убакыт керекго дейм
Баарынарга бакубат жашоо болсун!
#10 09 Ноябрь 2020 - 14:13
Ар кимдин оз туйшугу бар ошентсе да баштагандан кийин, кичине болсо дагы улантып туруш керек,такыр жок болуп кетпей. Автор улантыныз,кутуп калдык.
#11 09 Ноябрь 2020 - 16:20
jindirak (08 Ноябрь 2020 - 11:44) жазган:
Анан
Ошол күндөрдөгү, ошол убактагы Асел кыздын элеси Ильяздын түбөлүк жүрөгүндө жашап калды. Али кичине болсо да каштары чийилип, кырдаач мурду анан да баарынан өзгөчө сүйкүмдүү көрсөткөн анын жашыл көздөрү болчу... Эзилген кыпкызыл эриндери менен апакай назик жүзүндөгү уячалары... Ильяздын тай энеси Аселди "периште кыз"- деп атачу. Балким ошондон бекен Ильяз ар дайым периштелерди Аселдин элесинде көрчү. Өзү да ошондой тунук,аруу жан эмес беле? Жанда жок боорукер,мээримдүү. .. Кызды тааныган ошол жылдар ичинде бир да анын катуу сүйлөп бирөөнүн көңүлүн оорутканын көрбөптүр. Качан болсо жүзү жайнап, кимге болсо да жардам бергенге даяр болчу. Анан кантип эле??...
-Асееел?! Аааа-сеееел?
-Ой эмне кыйкырасың? Баратпаймынбы!
-Тообо,ушунча да уйкучусуңбу?
-Ооба,-деди көздөрүн күлүңдөткөн кыз.
Күндө Ильяз эрте менен ушинтип кызды ойготуп, анан экөө мектепке кошо жөнөшөт. Мектеп,бүт айыл эли экөөнүн жанда жок ынак экенин билишет. Атүгүл "Ильяз менен Асел"- деген сүйүү сөздөрү да боор менен дастан болуп далай жазылып жүрдү. Кыз бой жеткен сайын көзгө көрүмдүү болуп келбетине чыга баштады. Айылда "жанагы канкордун кызы айдай сулуу болуптур" -деген кептер күбүр,шыбыр жүрө баштады. Башында "канкордун кызы"-деген сөзгө теригип,кээде ыйласа кээде уруша кетип жүргөн кыз ,кийин бул сөздөргө көндүбү же моюнга алдыбы белгисиз, айтор мурункусундай терикпей кулак сыртынан кетирип коюп,адатынча жылмайып гана жүрө турган болду. Ошондой бейкапар тынч күндөрүндө кайрадан кыздын жашоосу оодарылып башка нукка бурулду. Ал күнү кадимкидей чоң энеси экөө кечки тамакты жеп божурашып,кыз энесине эркелей тизесинде жаткан болчу. Энесинин бырыш баскан бирок ошентсе да жылуу колдору чачтарын сылап, уйкуга көшүлө магдырап баратат. Бир убакта эшик ачылып атасы кирип келсе болобу?
-Ааа!! - деп кыйкыра ордунан кантип атып турганын билбей калды Асел.
Өзү да албурлуу күрсүйгөн неме ,башына кара спорттук кепка кийип эшик оозунда үңүрөйө карап турганы көргөн адамдын үрөйүн учурат.
-Бектееен! Балаам!
Аңгыча энеси эсине келип уулун басып жыгылды. Көпкө кучакташып ыйлап көрүшкөн энеси ичкериден чыныга суу көтөрүп уулунун башынан айландырып, күбүрөнө дуба кылып ичкери киргизди. Кантсе да эне эмеспи. Көрсө биздин жаманыбызга да,жакшыбызга да түткөн жалгыз эне болот турбайбы? Көктөн келесиңби,көрдөн келесиңби энең гана кубанып тосуп дасторкон жайып тамагын берет экен го? Ошол сыңары Жамила эне да түрмөдөн чыккан уулун кучагын жайып тосуп алып, чебелектеп алдына тамагын коюп айланып жүрөт. Чекеде бурчта тыгылып турган Асел гана бул адамды эч эле өзүнүн атасы катары тан албай турду. Жүрөгү негедир эзилген жок,сагынып ыйлаган да жок. Жөн гана энеси айланчыктап жүргөн адамды жат кишидей көзүн албай тиктеп турду. Бир убакта өзүн теше тиктеген көздөрдү сезген Бектен бери бурулуп кызына колун сунду да:
-Асел,-деди жумшак үн менен.
Кыз жооп бергендин ордуна өз бөлмөсүнө чуркап кетти.
-Апасына окшоп!...- деген Бектен муштумун түйдү.
-Эмне көк дейсиңби апасындай? Мээрим берчи бир аз балага,анан сага ийилет.
-Кундуздун көчүрмөсү болуптур кызым апа. Көздөрүн карасаң...
-Көзү менен мүнөзү гана окшобосо,калганы сени алган. Жакшымдан калган жалгыз эрмегим ушул, Кундузум да ушундай созулган жумшак мүнөз эмес беле?
Жамила эненин кайра эле көзүнөн чолок жаш тамып,аны башындагы жоолугунун ылдый түшкөн бир бурчуна аарчып жатып сүйлөдү.
-Апа кайра баштабачы!
-Баштабаганда эмне. Назик немени не анча кордодуң экен? Андан көрө кетирип ийсең, сен деле темир артына кетмек эмессиң...
-Кетирип дейсиңби?! Тиги көңүлдөшү менен жыргап жашап алуу үчүнбү? Эч качан!
-Далилдей алдыңбы балам? Кундуз андай жолго барчу аял эмес болчу. Келинимди каралашты, сен ага ишендиң. Сенин күчтүү сүйүүңдү кайра өзүңө каршы колдонушту балам!
Тунжураган тынчтык....
-Өлтүрүү оюмда жок эле...-деди бир убакта оор үшкүргөн Бектен үнүн пас чыгарып.
-Ачуумду баса албай,кызганыч мээмди курттай жеп. Өзү да көгөргөн бойдон ийилбей койбодубу. Бир эле жолу кечирим сураса балким... Апа мен каалаган жок элем Кундузду өлтүрүүнү...
Бектен ызаа аралаш сүйлөп жатты. Анын сөздөрү ушунчалык аянычтуу эле. Мунун баарын эшик артында угуп турган Аселдин кичинекей,назик жүрөгү өзүнө сыйдыра албай жатты. Жана атасы чакырганда бөлмөсүндөгү атайы атасына арнап жасаган белек үчүн чуркап кеткен эле. Колундагы рамкага тартылган апасы үчөөнүн сүрөтүн бооруна кыса кайра бөлмөсүндөгү эски керебетке кулады. Өксүп ыйлап жатты. "Демек элдердин сөзү чын экен да. Атам чын эле апамды өлтүргөн экен. Мен канкордун кызымын!" Жуурканына башын катып көпкө чейин өпкө кага ыйлап жатып уйкуга кетти. Аселдин таза дүйнөсүнө биринчи так салган, андагы биринчи кыямат ушул чындык болчу. Ошондо "мындан өткөн азап барбы?"- деген дили андан кийин канча кыйноо,канча запкыларды жеди. Көрсө ал тумандуу келечегинин, табышмактуу жашоосунун башталышы гана экен го?...
#14 12 Ноябрь 2020 - 09:03
Ошол бойдон Аселдин атасы булар менен жашап калды. Энеси элди чакырып түлөө өткөрдү. Бектен жакшы эле кызына жумшак болууга,анын тилин таап кетүүгө аракет жасаганы менен андан майнап чыккан жок. Ал канчалык кызына жакындаган сайын Асел ошончолук өзүн алып кача турган болду.
-Асел атаң эми силер менен турабы? - деди Ильяз бир күнү сабактан кайтып келе жатып.
-Билбеймин,- ооз учунда жооп берген кыз ийнин куушурду.
-Ал сени урушпай элеби?
Ильяз акырын кыздын жүзүнө тигилип сурады.
-Жок! - Асел баягысынан жазбай,кайдыгер унчукту.
-Чын айтсаң,балким. ..
Ильяз бир нерсени айта албай жаткандай буйдала калды эле Асел:
-Өлтүрүп койбосун сени да дейсиңби? Жок,андай коркунуч жок.
-Мен антейин деген жокмун... Тай энем сарсанаа болуп...- деп келе жаткан Ильяздын сөзүн бөлдү кыз:
-Сарсанаа болбогула,баары жайында! - деди да чуркап кетти.
Чын эле баары жайындабы? Асел атасынын турган турпатынан эле коркот. Эч качан атасы үйдө жалгыз болгондо үйгө кирчү эмес. Сумкасын артына илип,баягы өзү кичине кезинде топ милициялар келип казып кеткен короонун төрүндөгү алма бактын түбүнө келип олтуруп алат. Андан бери канча убакыт өттү, бирок негедир ошол казылган жер ошол бойдон калды,чөп да өскөн жок. Анын үстүндөгү алма багы ошол күндөн куурап бараткандай, мөмө да байлабады. Бир жагы карарып ,катуу шамал болсо кыйчылдаган үн чыгат. Асел мурун ал үндү укканда тура качса кийин чоңойгон сайын кайра көздөрүн жумуп тыңшоону адат кылды. Кудум ушул кыйчылдап куураган алма бутагында апасынын үнү угулуп жаткандай. Аппак,назик узун болгон манжалары менен кара топуракты сылап коёт. Негедир апасы азыр ушул жерде,өзү менен жанаша олтургандай. ..
Күндөр өтүп жатты. Асел кыз бой жеткен сайын анын өзгөчө сулуулугун баары сезе баштаган. Айрыкча жогорку класстын балдары. Ильяз кыздын айынан канча токмок жеди экен,аны кооруйм деп. Асел чын эле өзгөчө болчу. Анын өзүнүн өзгө дүйнөсү, кудум башка ааламы бардай. Эч кимге кошулбайт. Башка кыздар менен бир шарактап деле күлбөйт,деги бирөөгө сүйлөбөйт. Ар дайым ууртунда болор болбос күлкү төгүлүп,бирок сулуу, ошол эле учурда сүрдүү жашыл көздөрү гана муңайым жүрөт.
-Асел?
-Ии?
-Айтсаң дайым чогуу болобуз э?
Ильяздын кокустан берген бул суроосуна таң калган кыз аны көпкө тигилип карап турду. Ошондогу Аселдин көздөрү Ильязды бир өмүр акылынан ажыратты. Анын ушул тиктешинин кулуна айланды. Азыр,кийин, бир канча жылдардан соң, деги өмүрүнүн акырына чейин бул көздөрдү сагынып,издеп анан ушинтип бир тигилип алуу үчүн гана не деген азап тартаарын али түшүнө элек... Түшүнгөндөчү анда азыр,ушул мүнөттөрдө баш тартмак беле? Ушул убакта эле Аселге ыктабай тескерисинче оолак качмак беле? Ильяз эч качан мынтип ойлоп көрбөгөн экен. Кайра Аселди билбей, жолукпай,аны сүйбөй, анын жоктугун сезип жашоону бактысыздык деп түшүнчү...Жапжашыл бакырайган тунук көздөр! Не бир сырдуу,түпсүз. Бой таштап чөгүп кетти ошол көздөргө. Түбөлүк...
-Эмнеге мынтип сурадың?-деди кыз көздөрүн алып алдыны тиктеп.
-Биз дайым чогуу болуу үчүн жаралганбыз да!- деди жигит да ишенимдүү.
-Чын элеби? Кыз шоктоно кайра суроо салды.
-Ананчы? Биз Ильяз менен Аселбиз да. Белгилүү,улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жазган Ильяз менен Асел.
Жигит да үнүн шаңдуу чыгарып башын койкойто бир колун өйдө көтөрө жооп берди. Анын бул кылыгын көз кырында карап турган Асел кайра:
-Бирок алар бир болушпайт да,-деди.
-Биз бир болобуз. Андагы Ильяз Асел үчүн аракет кылбаган,аны сактап кала албады.
-Сенчи?-деди кыз шашыла Ильяздын сөзүн бөлүп кабатырланган үн менен. Анын дирилдеп чыккан үнүндө коркунуч да, толкундоо да жаткан. Билдирбей жүргөнү менен кыздын өз дүйнөсүндө Ильяз өзгөчө орун ээлеп чоң тамгалар менен өчпөс болуп жазылган эле. Болгону кыз сезимдерин, эмоциясын эч качан сыртка чыгарбаган. ..
-Менби?-деди Ильяз да токтоо үн менен тамагын кыра. Эмелки экөөнүн жүздөрүндө турган шоктук,балалык баёлук жоголуп,кудум маанилүү чечим кабыл алып жаткан чоң адамдардай олуттуу боло калышты.
-Мен эч качан сени жалгыз калтырбаймын! Сени капа кылбаймын,бирөөгө да капа кылдыртпаймын. Мен сенин жаныңда түбөлүк болом!
-Сөз бересиңби?
Аселдин бул сөзү суроо эмес,өтүнүчтөй туюлду жигитке.
-Сөз берем!- деди Ильяз кызга жакын келип шыбырап.
Дагы үнсүз тиктешүү. Акылдан аздырган ошол жалындуу каректер. Ильяз бул жалынга туруштук бере албай көзүн тартып алды. Чөнтөгүнөн бир байлам кыпкызыл ,үлбүрөгөн жоолук алып чыкты да Аселдин өрүлгөн чачына байлап койду.
-Кызыл жоолук жалжалым! -деди сыймыктана Ильяз.
-Бул сенде кайдан?
Кыз таң калган,ошол эле убакта кубанычтан жайнап кеткен көздөрүн ирмегилеп.
-Тай энем базарга жибергенде атайын магазинден сен үчүн сатып алгам.
-Коойчу?
-Чын айтам,сага бере албай...
-Рахмаат!
Асел күтүүсүз жигитти кучактап алды. Алгач чоочуп кеткен Ильяз эсине келе өзүнүн мойнуна асылып турган назик кыздын жытына магдырап белинен кучактап алды да кулак түбүнө:
-Жактыбы?- деди шыбырап.
-Аябай!Соонун.
Экөө ошол Аселдин алма багынын аствнда турду. Салкын соккон айдарым жел экөөнүн саамайынан назик сылап өттү. Асел апасы дайым жанында экенин мына ушинтип гана сезчү. Азыр да кызынын кубанычына шерик боло,бар экенин дайыма чогуу экенин билдирип өткөндөй. Бул убакта алар болгону 16 жашта болчу. Кандай гана чок,кандай гана сонун курак! Эээхх кана эле баары мына ушинтип,татуу кыял,арзуу менен соңуна чыкса. Бирок жашоо деген таптакыр бөлөк. Ал биз ойлогондон алда канча таш боор болот турбайбы. Экөөнүн аярлаган жалындуу махабатын не деген сыноо,түйшүккө салаарын бул экөө али аңдап түшүнүшө элек. Балким азыр экөө тең бул нерселерди түшүнүүгө жаштык кылаар...

#17 19 Ноябрь 2020 - 08:38
Балалык сүйүү - сезимдердин тазасы,аруусу,
түбөлүктүүсү.
.. Анткени ал убакта али жан дүйнөң кирдей элек,аппак бойдон сүйөсүң. Кирсиз ааламың менен, адамдардын кара өзгөйгүлүн көрө элегиңде бул сезимди жүрөгүңдөн өткөрөсүң. Бала кезиңде чын дилден сүйөсүң... Мансабына же келбетине ,балким пайдасына карап сүйүүнү билбеген учурда ,тунук күлкүсү үчүн таза көздөрүн карап жөн гана сүйөсүң...
Ильяз менен Аселдин сезимдери ошондой болчу. Жашоодо чанда гана кездешкен,балким азыркы заманда кездешпеген сезим...
Асел математика сабагынан негедир жакшы окуй алчу эмес,түшүнбөйт болчу. Ал эми Ильяз кыргыз адабиятынан. Ар дайым Ильяз кыздын математикасын карап берсе Асел Ильязга дил баян жазып берчү.Экөө балалыктын алгачкы бакытын бирге татышкан. Мектеп босогосун жетелешип бирге аттап,биринчи коңгуроону, биринчи тамганы,биринчи мугалимди бирге таанышкан,бирге көрүшкөн. Ошондой эле алгачкы махабаттын таттуу даамын, ширин кыялын бирге сүрүшпөдү беле?.
Сабактан соң классташтар менен бирге мектептин бакчасында олтуруп кечке жакын үйгө кайтып келе жатышкан экөө Аселдердин үйүнүн тушунда капкара жол тандабас турганын көрүштү.
-Силердин үйгө келгенби? - деди Ильяз.
-Ошондой го,- деди Асел да оозу бош таң кала.
-Туугандарыңар бар беле?
-Жоок.
-Асел балким тай энең келгендир.
-Андай деп ойлобойм,-деген кыз Ильяздын колундагы сумкасын алды. Анткени тай энеси Аселди кичине кезинде талашып келишкенде Жамила эне берген эмес. "Кызымдын жаш өмүрүн кыйраттыңар! "- деген тай энелери көз жаштарын сүртүп кеткен бойдон кабар алышпады.
-Көрүшкөнчө.
-Макул, - деген Ильяздын көңүлү түпөйүл боло короосуна кирип кетти.
Асел дарбазаны ачып ичкери кирсе короонун алдында дагы бир ошондой кара жол тандабас турган экен. Айлана карап өткөн кыз машинанын жанында узун бойлуу, капкара кийинген адам менен беттеше кетти.
-Ой! - деген Асел маңдайын кармап сүзүшө кеткен жигитти жактырбай карап алды.
-Кечиресиз!
Альберт алдында чачы эки жака өрүлүп аппак бантик байланып, өзүнө тике карап,каштарын болсо болор болбос жыйрып, колу менен маңдайын кармалап турган кызды тиктеп калды. Кызга ушул турган турпаты эле укмуш жарашат экен. Эки өрүм чачынан саамайы сеңселип, жашыл көздөрүнө төгүлгөн кара кирпиктери жарашып турат. Өзүн түртүп өтүп кеткен кызды дел боло узатып карап кала берди. Чоочун адамдар өз үйүндө кеңири жүргөнү аз келгендей ,сүзүп да ийгенине ачууланган кыз короонун тээ жогору тарабындагы баягы өзүнүн алма багынын астында атасы менен дагы эки үч кишинин караанын көрдү. Негедир жанагыдан да ачуусу келип,ошол тараптан көзүн албай тура берди кыз. Ал жайга атасынын баруусун жактырчу эмес. Анткени кыздын оюнда апасына атасы ошол жака барып да азапка салып жаткандай сезиле берчү. Жок дегенде апасынын алгачкы денеси коюлган жерин сактагысы келчү да...
Бирок атасы да кээ күнү ошол бактын түбүнө барып көпкө олтуруп алаар эле. Андайда Асел улам ал тарапты карап бир орунда тура албай кадимкидей деми кысыла буулугуп,атасы туруп кеткенче шаштысы кете чыйпылдап ийет. Качан гана Бектен бери басканда чуркап барып,кара болгон топуракты колдору менен аяр сылап койчу. Мына азыр да ошондой абалда. Атасы өзү эле барып албай бөтөн адамдарды ал жайды тебелеткени эмнеси?! Жаш дилинде атасын ансайын жектеп турду.
-Шер! Менимче сага жетишерлүү убакыт берилди.
-Баары бир кетирген катамды оңдой албадым шеф,-деди Бектен.
-Бул нерсени өзгөртө албайсың,бир гана моюндаш керек...
-Кызымды...
-Шер сени менен келишимибиз бар. Сени абактан чыгарам дегем, сөзүмдө турдум.
-Ооба шеф.
- "Шер"- деген ысымды да мен бердим.
-Шеф,мен даярмын!
-Сени бул чөйрөгө тааныштыруунун убагы келди.
-Эртең барамын жаныңызга...
-Жакында чоң иш башталганы турат. Даяр болууң керек.
Бектен абака кесилип түшкөндө такыр башка жашоого кабылган. Өзү билген,тагыраагы карапайым калк жашап жүргөн жашоодон, бул чөйрөдөн таптакыр башка дүйнө экенин абакта көрдү. Болгондо да ошол башка " кара дүйнө" ушул эле мамлекетте, ушул жөнөкөй жашоонун ичинде кошулуп жүрөт экен. Атүгүл эч качан ойлобогон бийлик,жактоочу, керек болсо сотуң да тиги кримдүйнөгө аралаш жүрөт. Бектен да өзү билбеген абалда аралашып кетти. Анан дагы бул "шефтин" абактан чыгарам деген сөзүнө эле кубанып иштешүүгө макулдугун берген. 20 жылга кесилген адам 8 жылда абактан чыгып келди. Бул чечимди чыгарып жатканда "эң туура чечим кабыл алдым"- деп ойлогон. Анткени 20 жылда абакта эмнелер гана болуп кетпесин өз көзү менен көрбөдүбү? Ал жак биз элестеткенден алда канча коркунучтуу экенин,ошол жака түшкөн адамга гана маалым. Ден соолугунан ажырап калуусу толук мүмкүн. Ажырабай чыкканда деле муну мынабу коом өзүнө кошпой "камалып чыккан" - деген наамы менен адамдарга аралаша албай өмүрү өтмөк. Андан көрө кримдүйнөгө кирип,жашоосун жаңыдан баштап керек болсо "авторитет" да аталып алат эмеспи?... Бирок Бектен ошол учурда бул чөйрөнүн жазылбаган, бирок катуу мыйзамдары, алтын эрежелери бар экенин толук түшүнө бербеген экен. Ал мыйзамды бузсаң жөн эле камап салбайт, көзүңдү тазалап гана коёт. Бир өзүн эмес,бүтүндөй үй бүлөөсү менен жок кылып салган учурларды кийин көрдү. Керек болсо өзү да аралашып жүрдү...
Асел үйдөн чыкканда атасы менен дагы үч төрт киши короонун алдына келип калышкан экен. Атасы майыптар арабасында олтурган адамды сүйрөп,алардын артында кара көз айнек тагып,кара кийинген экөө колдорун алдыга кармап турушуптур. Тиги арабада олтурган адам башына кара шляпа кийип алганга жүзү даана көрүнбөйт экен.
-Шер кызыңбы?-деди бир убакта колун көтөрө кыз тарапты көрсөтүп,жанагы арабада олтурган киши.
-Ооба,- деген атасы шашыла жооп берди.
-Саламатсызбы? - деп учурашкан Асел негедир сүрдөп кетти. Эмелки ачуусу жоголуп,колдорун майда калтырак басып денеси муздай түштү.
-Саламат кызым.
Акырын унчуккан киши шляпанын астында көзүн көтөрүп Аселди баштан аяк сыдыра карап алды.
-Шер,суйкайган сулуу кызың бар турбайбы? Өмүрлүү,бактылуу болсун! - деди ортодогу жаралган оңтойсуз тынчтыкты жарган тиги киши. Анын олдоксон жасалма каткырыгы короону каптады.
-Рахмат,- деген Асел кайра үйгө кирип баратып ойлоно кетти."Кызык, Шер дейби? Анысы ким? Кызың деди го? Же тигинин аты Шер беле? " Асел атасын эч качан "ата"-деген эмес. Ар дайым "тиги"- дечү. "Деги булар кимдер? Эмнеге келишти? Өңдөрү да башкача немелер экен. Жанындагы турган адамдары деле роботтон айырмасы жоктой го,жүрөктүн үшүн алышып. Кетип жатышканы ырас болду, энем жокто коркуп араң турганымда. .." - деген кыз короо тараптагы терезенин пардасын кыйгач ачып сыртты акмалап турду.
- Шер бул жака биринчи жана акыркы келүүм болсун,билесиң да кооптуу. Жигиттерди эле жиберсем болмок. Бирок өзүм келүүнү чечтим.
-Түшүндүм Шеф.
- Эртең дарек боюнча кеч калбай өт,- деген киши машинанын караңгылатылган терезесин көтөрдү.
Айылдан чыгып бир аз жол жүргөн соң "Шеф" жанында ойлуу бараткан Альбертке үн катты.
- Кызы чыйрайлуу экен.
-Ыя?
-Хаа-ха-ха. Сен эмнени анча ойлонуп?
-Мен тиги..
-Кыздыбы?
-Көздөрү башкача экен...
-Ал кыз биздин чөйрөнүн адамы,- деди алдыны караган киши бейкапар.
-Кандайча?
Альберттин көздөрү чоңойо таң калганын жашырбай сурап жиберди.
-Көрдүңбү көзүндөгү жалынды? Анын ичинде күйүт бар. Вулкандай кайнаган өч,кек,ыза бар. А эгер бизге кошулса андан бизге пайда чоң.
- Бирок мен андайды көрө албадым. Мага периште сымал көрүндү...
Альберт кайра кыздын сулуу элесин көз алдына келтире, зымырап артка калып жаткан жолду тиктеп баратты.
Бул Асел менен Альберттин биринчи кездешүүсү эле. Бул тагдырдын табышмака,күтүүсүз бурулуштарга бай кыйма чийме жолдору дагы далай сыноолору менен буларды алдыда күтүп турат. Эч качан ийилбеген,кара мүртөз Альбертти жапжаш,гүлдөй үлбүрөк кыздын бир көз карашы бүтүндөй өзгөртүп жиберери эч кимдин оюна келбейт эле...

#19 19 Ноябрь 2020 - 21:24
Кечинде чоң энеси, Асел, атасы үчөө дасторкондо үнсүз тамактанып олтурушту. Эч ким көрбөй жаткан телевизордогу музыканын үнү менен кашыктардын тарактаганы эле болбосо тымтырс. Баары өз ойлору менен алек.
-Апа,- деди бир убакта Бектен.
-Ии балам?
Чубалган ойлордон чыга албай жаткан эне уулунун өзүн чакырганын угуп шашып кетти.
-Мен эртең шаарга кетип жатамын.
-Эмне дейт ботом?
-Шаардан жумуш чыгып жатат,ошого кетсемби деп. Алдыга жылуу керек го апа. Айылда жетишерлик болдум.
Башын акырын ийкеген эне эч нерсе дей албады. Асел гана көзүнүн үстү менен бир атасын бир энесин тиктеп турду. Ичинен жалбара энесинин уруксат берүүсүн суранып турду.
-Өзүң бил балам,-деген эне унчукпай олтуруп калды.
Сыртынан эч нерсе укмаксан болуп,телевизорду тиктеген Аселдин кубанычында чек жок эле. Кайра мурункудай энеси экөө жыргап ээн эркин жашашат.
-Баттан болбосо да,келип турганга аракет кыламын апа.
-Кабарыңды билдирип тур балам,мынабу жүрөк дагы бир күйүттү көтөрө албайт.
Жамила эне көкүрөк тушун кармап ыйламсырады.
-Апа сөз берем баары жакшы болот,балким кийинчерек, Асел окууга өткөндө силерди да алып кетем.
Асел колундагы кашыкты тарс эттире коюп:
-Эч кайда барбайм сени менен! - деди да сыртка чыгып кетти. Бул кыздын атасы келгенден бери биринчи жолу ага сүйлөшү эле.
Бирин - бири тиктеген эне бала үнсүз кала беришти.
Үйдөн чуркап чыккан Асел туура эле алма бактын астына баратты. Дикилдеп баратып көзүнөн тамып кеткен жашын колу менен сүртүп алып "Муну кара тим эле,эч нерсе болбогондой жашайт туура шаарга барып. Сени кечирбейм эч качан! Апамды өлтүргөнсүң мыкаачы! "- деп жатты ызадан күйгөн жүрөгү.
Ошол менен атасы бул үйдөн кетти. Айыл эли, деги эле Бектенди тааныган адамдарга ал ошол Бектен бойдон калды. Ал эми анын "Шер"- деген ысымын, өзгө ааламын эч ким билбейт эле. Кийин жылдар өтүп мыйзамдагы ууру,чоң авторитетке ээ кримдүйнө төбөлү Шер ,булар билген баягы куруучу Бектен экени айылдаш,дос тааныштарынын түшүнө да кирбес.
Атасы кеткени Аселдин кабагы ачылып,жүзүнө жылмаю аралай баштады. Үй ичин жаңырта ырдап,кээде бийлеп да кетчү. Кыздын эч кимде жок мукам үнү бар. Ал ырларды ушунчалык ийинине жеткире ырдачу. Көбүнчөсү үйдө чоң энеси суранат ырдап берүүсүн. Андайда көздөрүн жумуп ушунчалык берилүү менен ырдайт. Бир күнү адаттагысындай алма бактын түбүндө Ильяз экөө олтурушту.
Айланага жаз келип жаратылыш ойгонуп көрктөнүп жаткан учур. Дайым карайып анча көктөбөгөн алма бул жылы укмуш сонун гүлдөдү. Анын буркураган жыты айланага тарап,бутагына чымчыктар конуп тим эле сонун. Көздөрүн жумуп олтурган кыз бир убакта:
Санаалар уюп сайылып канжар сезимге,
Сагынып сени саргайып жүргөн кезимде.
Ак толкун болуп,ак шоокум болуп,
Түшүмө кирчи периштееем. ...
Ырдап жатты. Анын жумшак,мукам үнүнө арбалган жигит андан көзүн албай олтурду. Бул үнгө жаратылыш да суктангандай, чурулдап сайрап,бактан бакка учуп конуп жаткан чымчыктар саамга тынып калышты.
-Асел бул ыр биздин сүйүүнүн гимни болот.
-Эмнеге бул ыр?
-Билбейм,периштем. Бул ырды мүрун да уксам керек,бирок сен ырдагандан кийин жүрөгүмөн түнөк тапты.
Кыз чачына байланган бир байлам кызыл жоолуукту кармап жылмайып койду...
Күндөр мына ушинтип өтүп жатты. Атасы өзү айткандай эки айда бир жолу келип кетет. Ал шаарга иштеп калгандан бери Аселдердин үйлөрү өзгөрө баштады,баягы эски тамын сүрүп тез убакыттын ичинде эле анын ордуна заңгыратып там салды. Бир жолу атасы келгенде ал менен кошо Альберт да келди. Машинадан түшүп эле көздөрү менен короо тараптан кызды издеп жатты. Өзүнүн бул абалына өзү таң калса,бир чети күлкүсү келип турду. Ананчы таң калбаганда мындай өзүндө биринчи жолу болуп жатса. Аңгыча үй тараптан чыккан Жамила эне булар менен көрүшүп үйгө кирип кетишти. Дагы эле кыз көрүнбөйт.
- Апа Асел кайда? - дей салды Шер кудум мунун оюн окуп аткансып. Ушул убакта Альберттин жүрөгү башкача бир туйлап алды.
- Аа,ал мектепте, бүтүрүүчү класс эмеспи,кечке кармалып келишет. Келчү убагы деле болуп калды.
-Биз бат эле чыгабыз,мындай эле силерден кабар алалы деп кирип өттүк, - деди Шер.
-Өзүң кандай жүрөсүң балам,оору сыркоодон алыс?
-Сарсанаа болбоңуз...
Шер апасы менен сүйлөшүп жатканда Альберт Шерге карап башын ийкеп сыртка акырын чыгып кетти.
Короого чыгып айланага көз жүгүрткөн ал тээ жогору тарапта алма бактын астындагы караанга көзү чалды. Алгач анча этибар албады эле, дагы жакшылап караса кыз баланын келбетиндей экен. "Асел!" - деди өзүнөн мурун жүрөгү. Акырын ошол бакка кадам таштай басып баратты. Негедир жакындаган сайын биринчи жолугушууга чыккан уландай бети ысып,апкаарып кетти. Кыз бош өрүлгөн чачын артына таштап кыялында кимдир бирөө менен сүйлөшүп жаткандай апакай жүзүн желге тосуп, ууртундагы жылмаюсу төгүлчүдөй көздөрүн жумуп олтуруптур.
-Салам!
Кыялдарга чөмүлүп олтурган кыз селт эте чоочуп кетти.
-Салам, - деди коркуп кеткенин билгизбегенге аракет кылып.
-Кечиресиң,дагы коркутуп жибердим.
-Баары жакшы.
Асел кабагын чытып мунун алдына келип алганын анча жактыра бербегендей сүйлөдү.
Үйгө келгенде короодо токтоп турган машинаны көрүп атасы келгенин түшүнгөн эле. Ошондуктан үйгө кирбей бакча тарапка келе берген. Бирок бул адамдын келишин такыр күтпөгөн. Анткени атасы дайым жалгыз келчү.
-Альберт! - деди жигит колун сунуп.
-Асел!
Колун акырын кармап койду кыз.
-Баягы Асел сен белең?
Кыз түшүнө бербегендей бир кашын көтөрдү.
-Айтылуу Чыңгыз Айтматовтун "Кызыл жоолук делбири" деди тамашалай.
Кыз унчуккан жок. Анын ордуна жылмайып койду. Эки жылга жакын убакытта дагы чонойо түшүптүр Асел. Мурдагыдан да сулуу,андан да ажарлуу болуп.
-Шер менен бул жака жолубуз түшүп,силерди көрө кетели деп.
Альберт мукактана абалдан чыгуу үчүн сүйлөп жатты.
-А эмнеге Шер?
Асел кызыга сурап жиберди.
-Аа,албы. Жумушта Шер дейбиз.
-Мм.
Андан ары сөз уланган деле жок. Жөн гана үнсүз турушту. Альберт биринчи жолу сүрдөп жатканын туйду. Кыз мындай турсун,эчен жолу чоң иштерге катышып, чоң адамдар менен маңдай тескей олтурганда да мынчалык сүрдөбөгөн. Эми болсо мектепте окуган жаш кыздын алдында апкаарып турганы эмнеси? Бул кызда адамды өзүнө тартып турчу,сүрдөтүп ийчү өзгөчө күч бар экенин билди. Балким шеф чын айткандыр. Ичинде сыртка чыкпас күйүтү болсо керек. Бирок Шеф айтканына кошула албайт,өзү жүргөн чөйрөнүн адамы эмес бул кыз. Бул периште. Кыпкызыл эриндерин тиштегилеп, жашыл көздөрүн балбылдатып турган бул жанды суктанып карап туруунун өзү эле ырахат турбайбы?...
-Альбееерт? - деген үн жигиттин кыялын бузуп ийди.
-Көрүшкөнчө.
Аселдин колун кыса кармап чуркап кетти Альберт.
-Альберт чыктык жолго, - деди Шер бакча тарапта бир карап алып. Асел ошол калыбында артын карабай турган экен.