- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
РИНГ
#1 09 Декабрь 2020 - 21:28
"Ринг"
Автор: Жалгызым (Назик)...
-Эржан сенин акылың жайындабы?
-Эмне болуптур мага, - деген жигит чакан сумкасына кийимдерин салып жатып сүйлөдү.
-Бул жакшылыкка алып барбасын билесиң да.
-Анан эмне монтип жүрүп жакшылык көрдүкпү?
-Койчу бир кыз үчүн мынткениңди. Не деген максаттарың бар эле? - деген досу жанында дагы эле Эржандын ниетинен кайтабы дегендей чебелектеп жатат.
-Ооба бир кыз үчүн. Бирок ал ким экени эсиңде болсун Адилет.
-Ал деген Чолпон! Анан эмне болуптур? Эмне акча таап бай болсоң эле Чолпон сеники болот беле?
-Мени жолумдан кайтара албайсың! Тажадым мынтип мамлекет көтөрө албай же камсыз кыла албагандан соң алардын колун карап, шартын күтүүдөн.
-Эржан, эсиңдеби сен Кыргызстандын желегин дүйнөгө желбиретем дегенсиң?
-Ага башка жол менен да жетсе болот!
Болгон кийимин салып, чакан сумкасын желкесине асынып эшикти тарс эттире жаап чыгып кеткен досунун артынан кала берди Адилет. Ичи көңтөрүлүп, бала кезинен бери бирге окуп, ушул күнгө келген досунун мынтип өзгөрүп, корс мүнөз күтүп калганына бирде ишенсе кайра ишене албай жүргөн. Акыры мынтип жатаканага өзүн таштап кете бергенде гана ишенүүгө аргасыз болуп олтурат. Жок, Адилет досунун өзүнө жасаган мамилесине капа болгон жок. Мынтип таштап кеткенине деле анча ызыланбайт болчу. Анын көңүлүн кирдетип өйүгөн маселе Эржандын туура эмес жолго түшүп, максатынан адашып таптакыр башка багытка сапар алганына ушунчалык ичи туз куйгандай ачышып турду.
Баары мындан бир канча убакыт мурун башталган.
Адилет менен Эржан Көлдөгү бир айылдарынан. Бала кезинен бирге окуп чоңоюп, ынак достордон. Кийин деле окуу жайга бир тапшырышып бир жатаканага чыгып алышкан. Эржан бала күнүнөн бери спортко,анын ичинен бокска аябай кызыгат болчу. Атүгүл мектепте окуп жургөндө эле машыгуучу залдарга барып, мектептер арасында өткөн бир канча мелдештердин жеңүүчүсү болгон. Шаарга келип, финансы бөлүмүнө тапшырса да спорт менен тынбай алектенчү. Жатаканасына жакын жердеги залга барып жазылып алган. Досу Адилет да ага кошулуп барып калган. Эржандын эң биринчи максаты дүйнөлүк ринге чыгуу эле. Кыргызстанды бүтүн дүйнөгө таанытып, баягы өзү телевизордо көргөн чоң чоч масштабтагы жолугушуулар өтчү ошол мелдеш талаасында болгусу келчү. Бул үчүн аябай аракет кылып келет. Анын мынтип жатканын дагы бир себеби атасынын өлүмү. Анда Эржан жаш болчу. Атасы да боксёр болуп, бир канча ийгиликтерди жаратып, коңшу мамлекеттер менен өткөрүлгөн мелдештерде байгелүү орун менен кайтчу. Эржанды да жаштайынан спорт менен машыктырып, денесин чыңдаган. Жалгыз уул, артында эки карындашы болгондуктан атасы "Сен менин жолумду улаар жалгызымсың" - деп көп айтчу. Бир күнү атасы дагы Казахстандан чоң жеңиш менен кайтты. Ошол кезде бала болсо да атасынын жараткан ийгилиги үчүн чын дилден кубанып, өзү да келечекте атасындай болом деп максат койгон эле. Аэропорттон күтүп алган эл менен кошо бийликтин да бир нече өкүлдөрү куттукташып, кеч киргенде гана үйгө кайткан.Шарактаган досторунун курчоосунда үйгө келген атасын бул жакта да кадимкидей шаан шөөкөт менен тосуп алышып майрам уюштурушкан. Бир убакта эле үй ичи ызы - чуу түшүп жатып калды. Чакырылган тез жардам менен эс - учун билбей, оозунан ак көбүгү чыгып кулаган атасын ооруканага салып кетишкен. Узака созулган операциядан кийин атасы өзүнө келбей узап кете берди. Көрсө жеген тамагы ууланган экен. Өзү менен кошо жүрүп, кубанычын тең бөлүшкөн досторунун бирөөсү эле жасап койду дешти. Кээ бири "тиги мелдештен ичинен катуу жараланып келип көз жумуптур" - деген түркүн божомолдор айтылып кала берди. Териштирүү иштери да соңуна чыкпай ошол бойдон жабылган. Ошентип кыргыздын дагы бир чыгаан баатыры көрө албастык менен ичи тардыктын курмандыгы болуп кете берген. Эржан ошондон өзүнө катуу максат койгон. Атасы айткан, атасы тилек кылган ошол "дүйнөлүк рингке сөзсүз чыгамын" - деп. Атүгүл апасынын ыйлап сыктаганы да Эржанды бул жолдон кайтара алган жок.
Шаарга келип күндө машыгуу залында болот. Жаш, өткүр, ичинде жалын бүркүп жүрөгү жанып турган жигит тренеринин тез эле көзүнө чалынды.
-Сени таптап, үстүңдө аябай иштесе сенден дүйнөгө белгилүү боксёр чыгат, - деди бир күнү тренери машыгуудан соң.
-Өзүмдүн ниетим деле ушул Темир байке, - деген Эржан чалкалай жатып.
-Азаматсың! Жаштар арасында кыргызды таанытчу баатырлар бар экени көңүл жылытат. Келечек силердин колуңарда!
Ошондой күндөрдүн биринде капысынан Эржандын жашоосун, жада калса тилек максаттарын 180 градуска өзгөртүп ийген кыз жолукту. Машыгуудан чыгып достор менен сейилдеп жүргөн алар ошол эле сейил бакта топ кыздар олтурганын көрүп таанышууну көздөшүп кыздар олтурган тарапка басышты. Келген жигиттерди жылуу кабыл алган кыздар аябай шайыр экен. Айрыкча Чолпон атту сулуу Эржандын көщүнө биринчи эле көрүшкөндө түштү. Белинен өтүп түшкөн капкара чачы, узун буттары менен келишимдүү, кимди болсо да бир карап алганга мажбур кылган келбети Эржанды да көзүн талытып үзүлө кароого аргасыз кылды. Ошол күндөн Эржан Чолпонго ашык болгон.
-Адилет, - дели бир күнү жатаканада керебетинде ойлуу жатып.
-Оу?
-Чолпон кандай гүлдү жактырат болду экен э?
-Кайсы Чолпон? - деген досу сабак жазып жаткан столунан бери бурулду.
-Баягычы?
-Аа, сен аны айтасыңбы? Ал деген экөөбүздүн акчабыз жетпей турган гүлдөрдү сүйөт досум!
-Эмнеге? - деди Эржан жаткан ордунан туруп.
-Ал деген Чолпон, асмандагы жылдыз да. Ал эми экөөбүз жердин адамыбыз. Түшүндүрө алдым деп ойлойм, - деген Адилет кайра жазып жаткан кагазына үңүлдү.
-Эмне болуптур?
-Эржан уксаң.
Адилет ордунан туруп досунун жанына келип олтурду.
-Ал Кыргызстандагы эң кымбат окуу жайдан билим алат. Атасы деген Жогорку Кеңеште иштейт. Жапжалгыз кыз. Кала берсе болочоктогу жылдыз. Билбейм ошол күнү кантип биз менен таанышып калды. Ошондо деле көрдүң го тоготпой койбодубу, алып берген балмуздагыбызды карап да койгон жок. Болбосо эң кымбат жайга киргенбиз уят болбойлу деп. Эсиңде болсо менин паспортум алигече залогто.
-Эмне демекчисиң муну менен? Мен деле болочоктогу звездамын да, - деген Эржан эки каруусун көрсөттү.
-Эми сенин жолуң башка. Каерде көрдүң эле миллионердин кызы кедейди сүйгөнүн. Китеп, кино сериалды айтсаң ал башка. Анда атайын сценарий жазылат эмеспи. Эми бар жашоодо, бай кыздар эч нерсеси жок жигитти сүйүп калганы. Алар аз. Бирок Чолпон точно алардын катарына кирбейт.
-Көрөсүң ал мени сүйүп калат.
-Хе,тентек. Жүр тамактанабыз? - деген Адилет ордунан туруп ашкана тарапка басты.

#6 17 Декабрь 2020 - 09:39
jindirak (09 Декабрь 2020 - 21:46) жазган:
Анан
Жалаң гана байдын уул - кыздары окуган кымбат окуу жайдын алдында турду Эржан. Колунда болсо жалгыз тал роза. Шаракташып ары - бери өтүшкөн студенттерди элеңдеп карап Чолпонду издеп жатты. Мына көрүндү. Адаттагысындай эле узун болгон кара чачын коё берип, өзүнө жарашкан кыска көйнөгү менен бийик такалуу туфлисин тыкылдатып келе жатат. Бирок Эржанды тааныган жок. Кыз жакындай бергенде сүйлөйүн деген жигитти карап да койбой өтүп кетти.
-Чолпон!
Жалт караган кыз артында жупуну кийинип өзүн күлүп карап турган жигитти көрдү.
-Кандайсың? - деди Эржан кызга жакын келип. Дирилдеп чыккан үнүнөн бир аз тартынып турганы билинет.
-Жакшы, - деген кыз көз айнегин алды. Андан ары жигиттен сөз күткөндөй кыз бир кашын көтөрдү. Эржан бул жака келе жатып, дайындап койгон сөздөрү Чолпонду көргөндө шамалга учуп сапырылган жалбырактардай ар кай жака учуп, ойлору чачылып кетти.
-Мен.. Бул сага? - деп колундагы жалгыз тал кыпкызыл розаны сунду.
Чолпон колунун учунда анча теңсинбегендей алды да Эржанга карады.
-Биз тааныш белек?
Эржан чындыгында мындайды күтпөгөн. Алдастап кетти. Башкача ой, таптакыр бөлөк кыял менен келбеди беле? Чолпонго жолугуп, ал жай сурашып анан, анан бирге басып жай сүйлөшөбүз деп. Бирок азыр бул кыз өзү менен бирге баскан бул жакта турсун, тааныбай жатпайбы өзүн.
-Ооба ,мен Эржанмын, - деди шашып. Бир эсе өзүн ыңгайсыз сезе.
-Эржан?
Чолпон каштарын жыйрып, эстөөгө тырышкандай түр көргөзүп эрдин тиштеди.
-Паркта таанышканбыз, анан балмуздак жегени кирип...- деп келе жаткан жигиттин сөзүн Чолпон бөлүп жиберди.
-Эстедим.
Кыз анча теңсинбей Эржанды баштан аяк көз кырында сыдырып карап алган соң тыкылдап басып жөнөдү.
-Жөн жай элеби биз жакта?
-Ооба сага жолугайын деп, балким бир жерге барып олтурарбыз, - деди Эржан. Кыз жаңы гана аппак түстөгү унаасына жетип эшигин ачканга камынып жаткан болчу. Жалт эте кайрадан тиктеди жигитти. Анын бул көз карашында теңсинбөө, таң калуу анан мазактоо сыяктуу бир башкача сезим жаткан.
-Сен мененби? - деди кыз ошол көз карашын бышыктагандай мазактуу.
Эржан уялып кетти. Өзүн жер менен жексен болгондой тебеленди сезди. Өмүрү бир кыздын алдында мынчалык төмөн болбогон.
-Убактың болсо албетте.
Эржан эми өзүн колго алып кызды тике карап сүйлөдү.
-Балким кийин, азыр шашып жаткам. Кечир..- деди кыз да жасалма жылмайып.
-Бул визиткам,- кыздын упузун аппак колдорунда турган визитканы алган Эржан коштошуп жолуна түштү. Ызааланып баратты. Досу Адилеттин "ал кыз асмандагы жылдыз" - деген сөздөрүн эстеп ансайын намысына келип туталанып кетти. Туура эле машыгуучу залына өттү. Ал жерден эч ким менен дп көрүшкөн жок, кийимин алмаштырып эле колуна мээлейин кийип асылып турган грушасын ургулап жатты. Болгон күчү менен. Ызаасы тамагына келип муунуп, Чолпондун теңсинбей тиктеген, сулуу бирок мазактуу көз карашы улам эсине түшүп ансайын катуулап уруп жатты. Канча убакыт өткөнүн билбейт, качан гана алдан кетип шалдырай түшкөндө токтотуп жерге сунала жата кетти.
Бирок ошондо дагы көкүрөгүн кысып, дем алууга тоскоол болуп жаткан нерседен арыла албай койду. Чарчагандан араң дем алып жаткан Эржандын жанына машыктыруучусу келди да колун созду. Энтиккени али басыла элек болсо да колун созуп турууга чамасы келбей бирок олтура кетти. Машыктыруучусу да жанына катарлаш олтурду.
-Баары жайындабы баатыр? - деди далысынан таптап.
-Ооба.
Башын жерге салып олтурган калыбында жооп берди.
-Окшобойт. Сен мынтип машыга албайсың.
-Анан?
Эржан көңүлсүз кайра сурады.
-Машыгууга келгениңде, курсагың эле эмес, жүрөгүң ток болуу керек. Мындай нервиң чыңалган абалда машыгуу сага жч кандай таасирин тийгизбейт. Балким жеңилдейсиң. Бирок...
-Темир байке? Мелдеш болот деп жаттыңыз эле го? Белгилендиби кайсы күнү болоору?
-Ошону айтайын деп сени күткөм. Туптуура эки жумудан соң мамлекет ичинде болот. Финалга чыксаң Казахстанга жолдонмо, ал жактан өлкөлөр арасындагы беттешке түшөсүң.
-Эң сонун! - деди Эржан көңүлү ачылгандай.
Бул Эржан үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк, керек болсо акыркы үмүттөй сезилди. Чоң суммада акча коюлган, анан да атын чыгарып алат. Белгилүү болот. Чолпонго өзүн көрсөткүсү келди. Ал байдын кызы болсо, бул да жөн адам эмес экенин далилдегиси келип турду.
*******
-Айдемии? Кызыыым?
Айдеми онтоп чыккан үндөн башын коюп уктап калган столунан чоочуп ойгонду.
-Айдемии...
Онтогон үн кайра кайталанды.
-Апа, - деди кыз шашып.
-Апоов, апаке...
Чуркап апасынын бөлмөсүнө жетип келген кыз апасынын алдына олтуруп жалынып жиберди.
-Кечир апа, уктап калыпмын. Кечир.
-Кызым сени да кыйнап. Кечирчи мени балам. Жаш жаныңды азапка салганым үчүн.
Айгүл кичинекей , назик кызын аяп кетти. Жанталаша тырбаңдап, өзүн көтөрүп арабасына араң салып жаткан Айдемисине боору оруп, анткен сайын өзүн жек көрүп жатты эне.
-Апа экинчи ушинтпей жүр дейм го. Мен кыйналган жокмун.
Ажатканага алып барып олтургузуп, кайра арабага салган Айдеми энтигип сүйлөп жатты.
-Кызым балким атаң...
-Апа айтпачы аны! - деген кызы андан аркы сөзүн уккусу келбей апасынын сөзүн бөлдү.
-Кызым, кантсе да атаң эмеспи? Эчен ирет келди го, көгөрбөсөңчү балам. Мен кечирдим ал адамды.
Шыпылдап ары жакта өзүнүн уколун даярдап жаткан кызы дегиле эле айткан сөздөрүн укпагандай. Жок чындагында ошондой түр көрсөткөнү. Дайым ушундай атасы жөнүндө сөз козголгондо тескери басат, же такыр башка нерсени сүйлөп кетет.
-Канакей...
Арыктагандан колундагы тамырлары көрүнүп кеткен апасынын колдорун аяр кармады да уколун берди.
-Колуң жеңил сенин балам, - деди ыраазы боло.
-Барган сайын жакшы болуп баратасың апа буйруса.
Айдеми апасынын бетинен чоп эттире өөп алды.
-Сен кыйналдың да кызым!
Айгүл алдына тизелеп колдорун кармалап олтурган кызынын саамайынан сылады.
-Атаңды кечир. Ар бир адам жаңылуучу.
-Жок! Апа муну менден суранба. Сен кечирдиңби макул. Мен кечире албайм. Акталбаган балалык таттуу кыялдарым үчүн да, сен үчүн да кечире албайм.
Айдеминин көзүнө жаш ирмеле түштү. Дароо көз алдына атасынын башка үй - бүлөөсү менен бапырап бактылуу баратканы тартыла жек көрүүсү ансайын күчөдү. Көзүнө келген жашты сүртө калып ордунан туруп апасына жайдары сүйлөдү.
-Мен тамак жасаймын. Мени менен олтурасыңбы?
-Сөсүз да.
Айгүл да андан ары сөз жакшылык менен уланбасын түшүнгөндөй кайра козгободу.
Эне бала каткыра чакан үйдөгү, чакан ашкананы шаңга бөлөп олтурушту. Күндө ушундай көрүнүш. Алардын жашоосу бул калыптан бузулбай келе жатканына өтө көп болду. Бактылуу эле экөө тең. Анткени жөлөнчү, жөлөк болчу экөө бири-биринде бар. Ушундай өмүрү, күндөрү бул иретинен жазбай өтө берсе болмок. Бирок бул деген турмуш, бул деген тагдыр...
#7 17 Декабрь 2020 - 15:58
Эржан көгөрдү. Чолпон канчалык теңсинбей көкөлөгөн сайын жигит ошончолук аны көлөкөсүндөй ээрчиди. Сүйдүрүп алам деди. Сезим менен багынтам деп ойлоду. Бирок бул кыз үчүн сезим эмес, башка нерселер маанилүү экенин такыр түшүнгөн жок. Ар күн сайын сабактан чыгышын күтүп турат да, колундагы көтөрө келген гүлүн сунат. Тапкан акчасынын баарын Чолпон үчүн кымбат баалуу гүлдөргө сарптоочу болду. Бирок кыздын көңүлүнөн жай таба албады.
-Сен кайда?
Күзгү алдында кычырап жасанып жаткан досуна таң калды Адилет.
-Чолпонго.
-Хе, тим эле Чолпонго дей. Жолугушууга бараткансып. Барып, окуудан чыгып машинасына жеткенге чейин аралыкта гана сүйлөшөсүң.
-Эмне болуптур?
Эржан жай гана сурады.
-Койчу досум, өзүбүз теңдүү кыздар аз бекен? Сага ашык ушунча кыз бар окуу жайда. Анан аныңды эмне кыласың унутчу. Анча эле төмөн болбо. Ал баары бир бизди теңине албайт.
Адилет чын жүрөктөн күйүп айтып жатты.
-Көрөсүң, башкача болот. Баса эртеңки мелдешке Чолпонду да чакырам. Сен өзүң жакшы жерден орун карап бер, - деди Эржан.
Жанатан сүйлөгөн сөздөрүнүн бири да досунун кулагына кирбегенине баш чайкап айласыз күлдү Адилет.
Мелдеш башталуусуна саналуу гана мүнөттөр калды. Ар бир катышуучуну текшерүүдөн өткөрүп жатышты. Чакан, бирок сүрөөн угулуп турган залда эл ошончо. Катышуучулар өздөрүнүн тааныш, туугандарын баарын чакырган. Эржанга гана эч ким келбеди. Апасы такыр мунун беттешин көрүүдөн баш тарткан. Ары жакта текчеде турган телефонуна чалуу келди.
-Алло Адилет?
-Чолпон келди, - деди досу.
Эржандын эми маанайы көтөрүлө кандайдыр бир дем бүткөндөй шердене да түштү. Бул мелдеш узака созулду. Залга чыгып беттешчү майданга баратып Чолпонду издеди. Тигине курбу кыздары менен келген экен, телефонго алаксып бир нерсе көрүп жатыптыр. Кубанып алды Эржан. Беттешке түштү. Сүрөп кыйкырып жаткан элдер бир тең, Чолпондун ушул жерде турганы бир тең болуп болгон күчү менен алышып жатты. Жеңди. Ортодогу калыс Эржандын колун жогору көтөрүп жеңүүчү экенин тастыктап жатты залга. Ансайын көкүрөгүн көтөрүп кызды тиктейт. Чолпон да баягы кайдыгер караганы өзгөрүп негедир Эржанды сыймыктана тиктеп жаткандай туюлду. Эми финал.
Баары сонун эле бараткан, бирок беттеш учурунда кокустан кулак түбүнө кадала түшкөн муштумдан теңселе түштү. Жок бул колундагы мээлейден да катуу нерсе болчу. Эржан түшүнгүсү, тиги атаандашынын мээлейин сууруп алып ошол эле жерде тытып ийигиси келип алдыга умтулганда кайра муштумга кабылды, дагы удаасы менен эки үч ирет тийген соккудан жерге кулады.
Бүттү. Бир канча мүнөттөн соң, беттеш майданында эмес, чакан бөлмөдө көзүн ачты. Көзүн жакшы ачылбай жатканынан улам эле билди кабагы ишип кеткенин.
-Баатыр!
Сырттан кирип келген машыктыруучусун көрүп ордунан козголмокчу болду эле дагы башы деңгирей түштү.
-Турба, - деди машыктыруучусу жанына келип.
-Темир байке, мен.
-Баары жакшы жигит! Баары жакшы!
-Бул жерде адилетсиздик болду, тиги тарапты..
-Түшүнөм,бирок. Финалды алар жеңди, - деди Темир да акырын.
Эржандын денесинин ооруганынан да жеңилүүнүн ачуу ызаасын татуу оор эле. "Чолпон көрдү мунун баарын! Анын көзүнө кантип караймын эми? Ушул менин эң акыркы үмүтүм эмес беле? Эми ал мени карап да койбойт!" - деп жатты ичинде...
Өзүнө келип, жарылып шишиген кабагы кайтып калгыча жатаканадан чыкпай жатты. Кечке бозоргон шыпты тиктейт. Чолпондун сулуу элеси ошол шыптан да көрүнүп өзүн мыскылдуу карап жылмайып тургансыйт. Качан гана көгөргөн жүзү калыбына келип калганда, желкесине эски сумкасын асып машыгуучу залга жөнөдү. Кирип барса Темир байкеси кимдир бирөөлөр менен сүйлөшүп турушкан экен. Эржандын кирип келгенин көргөн алар, муну карап алып бир нерселерди күбүрөшүп талашып жатышкандай. Темир байкесинин улам өзү жакта карап коюп тигилерге баш чайкап жатканынан сөз өзү жөнүндө болуп жатканын болжооду.
-Кимдер алар? - деди качан алар чыгып кеткен соң байкесинин жанына келип.
-Керексиз адамдар, - деген Темир маанайы жоктой кол шилтеп койду.
-Эмнеге келишиптир?
-Сага.
-Магабы? Кызык а эмне үчүн?
-Сени сатып алганы келишиптир баатыр! Мен сатылбайт дедим. Булар Кыргызстандын келечеги дедим.
-Кандайча?
Эржан түшүнбөгөндөй кайра сурады.
-Булар деген, бандиттер. Башка чөйрөдөн. Сени азгырганы келишти.
-Эмнеге? Менин эмне керегим бар?
-Сенинби? Азыр түшүндүрүп берем. Булар деген акчасын кайда чачаарын билишпей чиренген чиновниктерге мушташ уюштуруп беришет. Алар акча коёт сага. Жеңсең акча сага.
-Чоң сумма коюлабы?
-Албетте. Бирок Эржан сен кызыкпа. Анткени ал чөйрөгө кирип алсаң чыгып кетүү кайра оор болот.
Эржан чоң сумма дегенди укканда эле кызыгуусу күчөп Темир байкесинин башка сөздөрү кулагына кирген жок. Бирок кайра суроого батына алган жок. Ичинен "каап десең өзүм жалгыз болгонумда келишпейби? Балким сүйлөшүүгө болоор беле" - деп жатты.
Эртеси күнү эрте менен залга келсе кудум ошол адамдар чоң дол тандабастын жанына жөлөнүп турушкан экен. Баш ийкеп жанынан өтө бергенде бирөөсү үн салды.
-Эржан деген сенби?
Артына бурулган жигит ошол ордунда жооп берди.
-Ооба мен.
-Шефтин сени менен сүйлөшчү сөзү бар, - деген күрсүйгөн бирөөсү унаанын арт тарабындагы эшикти ачты...
********
Тынбай чырылдап жаткан эшик коңгуроосунан арабасын сүдүрөп араң келген Айгүл эшикти ачты.
-Кир, - деди суз гана.
Маңдайында өзүн тиктеп турган адамга жол бошотуп арабасын колдору менен артка айдап.
Ээн бөлмөдө стол чекесинде үнсүз олтурушту.
-Кечир, - деди бир убакта Айгүл .
-Чакырбашым керек эле. Сөз берген элем. Бирок...
-Жок андай дебечи. Күндө келип, бирок кирүүгө батына албай үйүңдү айланчыктап кетем, Айдеми мени көрсө... - деди чачтарын ак баскан адам.
-Мажбур болдум Мурат. Сени чакырууга мажбур болдум.
Айгүл жүзүнө тамган жашын сүртүп алды.
Мурат Айгүлдү мээрим менен кудум ошол убактагы жалындуу сүйүү менен тиктеп олтура берди. Буттары баспай, ооруга алдырып арыктап кеткени менен сулуулугу ошол боюнча. Ушул жанды кеч жолуктуруп алганына ошондо кандай өкүнсө азыр да өкүнүп олтурат. Ал өкүнүч күчөгөндөн күчөдү. Айрыкча Айгүл мынтип өзүнүн айынан бир өмүр арабага мыкталып калгандан бери мурункудан миң эсеге көбөйдү.
-Мурат, - деди Айгүл.
Анын коңур, жылуу үнү ушунчалык жагымдуу эле.
-Менин мындан ары оңбой калдым. Сезип эле жатамын.
-Чыыш...
Мурат олтурган ордунан эки аттап келип Айгүлгө тизелей калды.
-Жок, сүйлөбө.
-Угушуң керек мени, көгөрбөчү..
Айгүл аны өзүнөн ары түртүп сөзүн улады.
-Эгерде мага бир нерсе болсо, Айдемини жалгызсыратпа. Бул үйгө жалгыз таштаба, алып кет. Сенден болгон суранычым ушул.
-Айгүл, сен али көп жашайсың.
Келин баш чайкады.
-Кызың өзүңө окшоп көктүгү бар. Бирок ошол эле учурда жан дүйнөсү назик...
-Сага окшоп, - деди Мурат Айгүлдүн жүзүнө колдорун коюп.
- Аны менден кийин алып кет бул жерден...
-Кечир!
Мурат дагы кайталады бул сөздү. Азыр эле эмес, дайым Айгүлдү эстегенде, көөдөнү ачыштырып ооруганда ич - ичинде ушинтип кайталап жиберет.
Көпкө олтурган соң кетти. Терезеден анын караанын узатып калган Айгүлдүн көзүнөн сызылган жаш жүзүнөн ылдый тыпылдап жатты. Ушул азыр зыңкыйа кийинип, өлкөгө аты чыккан бийлик адамы бир убакта мунун жашоосун кооздогон бир сыйкырчы эле...

#8 18 Декабрь 2020 - 10:07
Оо анда Айгүл кандай гана керилген маралдай кыз болчу?! Анын бир эле кашын серпип күлүп коюсуна татытууга, аны менен баарлашууга кимдер гана ынтызар болбогон. Арасында менмин деп чиренген байынан тарта, студент, мугалими да болчу. Бирок кыз жүрөгү бирин да кабыл ала албай койду. Негедир анын көксөгөнү, кыялданганы такыр башка эле. Деги кыз кыялын түшүнүп болбойт деген ырас белем. Кадамына гүл төшөп, кареги менен тең айланууга даяр ушунча ашыктардан да башкача, өзгөчө инсанды күтчү. Бирок ал күткөнү кезиге койбой улам алдыдагы жылдардын, күтүүнүн, убайымдын артына бекине берди. Айгүл да көшөрүп эңсегенин күтө берди. А балким ошондо бул адамды күтпөй койсо не? Өзүнө ашык болуп арзуусун арнагандардын биринин колун кармап кете бергенде , азыр мына минтип арабага мыкталып олтурбайт эле го. Жок, жок анда махабат деген ыйык сезимдин даамын татпай, сүйүүнүн жан куйкалаткан жалынына күйбөй калбайт беле? Анда көөдөнүндөгү жүрөгү өлүп, бактылуулардын арасында бактылуу жылмайып, бирок өз дүйнөсүндө бир өмүр бактысыз жашап өтүп кетмек. Анда эле сагыныч, күтүү деген сезимдерди баштан өткөрө албай, күткөн адамын кучагына баскандагы денесин жыбыратып бейпилдик тартуулаган бул жагымдуу, кумарлуу сезимди сезбей жашамак. Өзү айткан эмес беле? "Сени менен бир күн бактылуу жашоо үчүн, бүт өмүрүмдү арнаймын!
" - деп. Ошондой эле болду го? Өмүрүн арнады, жаштыгын байлады ал адамга.
Окуу жайда чоң иш чара өтүп анда студенттер окуудагы жетишкендиктери үчүн ардак баракча жана сыйлыктар менен сыйланды. Арасында Айгүл да бар болчу. Мына ушул жерден кыз жомогундагы ханзаадасына кезиккен. Мамлекеттин атынан деп жогорку тараптан бир канча өкүлдөр келишип, алардын арасында Мурат да бар. Кызга сыйлыгын дал ушул Мурат өз колдору менен тапшырды. Ошол кыска кол алуушу экөөнү тең чагылган чаккандай денелерин дирт эттире козгоп жиберген. Кыздын аппак, кебездей жумшак колдорун кармап, уялыңкы тиктеген көздөрүн көргөндө Мурат негедир өзүн жоготуп койду. Бир канча секунд болгон экөөнүн тиктешүүсүн залдагы дүркүрөгөн кол чабуулар бузуп жиберди. Экөө бир эле көз караш менен бирин - бири түшүнгөндөй. "Сенсиңби ошол? Келдиңби?" - деп жатты кыздын арзууга, кубанычка толгон көздөрү. "Менмин асылым, сени таптым!" - дегендей жалындуу тиктеп жалооруйт жигиттин көздөрү. Ошол кече экөө көздөр менен гана сүйлөшүштү. Китептерде жазылган "чыныгы сүйүүгө тил бүтпөйт, ал көздөр жана жүрөктөр менен сүйлөшөт" - деген чын белем?
Кече да соңуна чыгып, баары өз жолдоруна түшүп үйлөрүнө жөнөштү. Айгүлдүн жүрөгү башкача болуп, бир кымбат нерсе таап алгандай жайдары кудуңдайт. Атүгүл эки жүзү албырып кызып да чыкты. Улам көз алдына баягы тиктешип аткан салабатту адамдын жалындуу каректери тартылып, денесин күйгүзүп жаткандай. "Кызык, тиктегенине ушунча жандым. А эгерде өпсө эмне болоор элем? Куйкаланып кетем го?" - деп ойлоп жиберип кайра бул оюнан өзү уялып кетти. Кыңылдап үйгө жете бергенде тушунда машинасына жөлөнүп турган Муратты көрүп ордунда катты. Артына бурулуп качып кетүүгө үлгүрбөй калды, анткени жигит да муну көрүп жылмайып карап турган. Бирок ошол эле убакта алдыга да кадам таштай албады. Турган ордунда таштай катып тура берди. Качан гана Мурат өзүнө карай басып келе жатканда өзүн колго алды.
-Кандайсың? - деди Мурат жакын келип.
-Жакшыы агай...
Айгүл канчалык өзүн колго албасын үнү дирилдеп чыкты.
-Айгүл, сенин жетишкендигиңди жууп берейин дегем, каршы болбосоң. Биротоло жакындап таанышып...
Мурат кызды тиктеди.
-Маакул.
Айгул азыр ичиндеги аралашып, айкалышкан сезимдерден эмне деп жооп берүүнү да билбей макул дей салды.
Ошол күндөн экөө жакындан таанышып, бат - баттан кезигип калышчу. Негедир бул адам менен баары башкача. Анан да жан дүйнөсү өзгөчө тынч. Жаштайынан эле ата апасынан эрте ажырап калган кыз, туүгандарынын колунда өстү. Жашы өзүнөн бир канча улуу болгону үчүн мээримдүү тиктегенине арбалдыбы,деги ким билсин. Айгүл сүйүп калды. Болгондо да тентек болуп, акылын жоготуп сүйдү. Мураттын үй бүлөлүү экени деле Айгүлдү токтоткон жок. Ар бир жолугушууда экөө тең "болду акыркысы" - дешет да. Кайра эле сагынышып жолугуп алышат.Экөөнүн ортосундагы махабат тутанып олтуруп жалбырттаган отко айланды. Айгүл кыз төрөдү. Ал убакта Мурат да жумушунан көтөрүлүп олтуруп Жогорку Кеңешке жеткен. Мураттын өз аялынан биротоло ажырап кете албасынын дагы бир себеби аялы тектүү жердин кызы болчу. Тагыраагы Мураттын мындай көтөрүлүп кетүүсүнө кайын атасынын түздөн түз тиешеси бар. Айгүлгө үч бөлмөлүү батир алып, бүт керектөөлөрү менен камсыз кылып кызы менен ошол жака жашатып койду. Айгүл төрөгөндө аялы Жайна да кыз төрөгөн. Бир убакта эки кыздуу болуп кубанычы койнуна батпай, бактылуу эле Мурат. Айгүлдүн кызына да жашыруун өз фамилиясын берген. Бирок кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей булардын жоругу да аялы Жайнага жетти. Эл оозунда элек жок эмеспи, бири болбосо бири сөз кылып жатып угулду. Анын үстүнө элге төбөсү көрүнгөн бийлик адамы болгондон кийин, анын ар бир аракети элдин көз алдында. Жайна Айгүлдүн дарегинен бери таап келип, чыр салып кетти. Ал эми Мурат аялынын алдында башын шылкыйта кечирим сурап, Айгүлду катуу сүйөөрүн айтты.
-Айдап сал, кызматымы тартып алгыла макул, бирок Айгүлдөн кече албайм, - деди.
Жайна асман айдан түштү, өксүдү күйөөсүнүн бетин тытты, соттотуп жиберем деди. Бирок акыры тагдырына көнүп берди. Көрсө аялдай чыдамдуу, аялдай сабырдуу ошол эле учурда аялдай амалкөй жан жок экен го. Сыртынан сыр билдирбегени менен Жайна ичинен кымыңдап шумдуктуу планды ойлоп жатты. Ананчы бир жаздыкка баш коюп өмүрүн арнап, уул кызды төрөп берип, чогуу карылыкка жетеринде мынтип күйөөсүн тарттырып жатса. Бардык аял муну көтөрө албайт. Аялдын намысына тийсең эмнелерди гана жасабайт. Жайна да ошондой болду. Алгач "Макул эми экинчи аял алган Мурат эле эмес, азыр жөнөкөй адамдарың алып жатат. Ага караганда Мурат депутат эмеспи?" - деп өзүн сооротуп жүрдү. Бирок Мурат көпчүлүк бош убактысын ошол жакта өткөрүп, анысы аз келгенсип бети ачылгандан кийин Айгүлдү, Жайнанын ордуна кечелерге ээрчитип бара баштаганы аялдын чындап намысына тийди. Өзүнүн алдында күнөөлүү болуп олтургандын ордуна бактылуу жүргөн жолдошун жек көрдү. Айгүлдүн артынан аңдуу койду да, аны жок кылууну көздөдү. Бир жумага чукул артынан түшкөн адам, бир күнү кечинде элдер аз өткөн жолдон Айгүл магазинге өтүп баратканда коюп кетти. Колундагы баштыктагы алмалар жерге жайнап анын жанында Айгүл кызыл канга боёлуп жатты.
Өмүрү менен алышкан врачтар Айгүлдү сактап калганы менен, анын буттары бир өмүр басуудан калды. Мурат мунун баары кокустук эмес, атайы аялы Жайна тарабынан уюштурулган иш экенин билсе да колунан эч нерсе келбеди. Ошол күндөн Айгүл жашоосу арабага бир өмүр байланды. Айдеми бой жеткенге чейин Айгүлдү караганга аял коюп кеткен Мурат. Алгач баттан келип жүрсө, бара - бара жумуш деп чанда гана келчү болду. Айдеми бой жетип акылы көптү түшүнө баштагандан бери атасын көп күттү. Көпкө жоголгон күндөрдүн биринде Мурат булардын үйүнө келди, демейде эшик оозунан аталап тосуп алчу кызы бул жолу босогодон көкүрөгүнө түртүп ичкери киргизбеди. Жаштуу көздөрү ыза менен жек көрүүгө толо эле.
-Айдеми?
-Кет! - кыз кесе айтты.
-Эмне болду кызым?
-Ха! Кызым дейсиңби? Бүгүндөн баштап атам эмессиң. Кет өз үй бүлөөңө! - деген кызы Муратты ары түртүп алдына гезитти ыргытты да эшикти жаап алды.
Мурат эми гана иштин чоо жайын түшүндү. Гезитти колуна алган ал андагы бажырайып бактылуу үй бүлөөнүн образын чагылдырып түшкөн өзүнүн үй бүлөөсүн көрдү. Бир жума мурун өлкөдөгү белгилүү гезитке интервью беришкен эле үй бүлөөсү менен. Анда журналист экинчи аялы тууралуу берген суроосуна "ал менин жеке жашоом, азыр бактылуубуз! " - деп гана жооп берген эле. Аялы Жайнанын колун аяр кармап жылмайып түшкөн өзүн көрүп өзүнөн - өзү жийиркенип кетти.
-Кечир! - деди да кетип калды.
Ошол күндөн бул жака келүүсүнө бөгөт коюлган. Күн сайын келип сырттан акмалап гана кетип жүрдү. Айдеми кечире албады атасын. Апасы үчүн, өзү үчүн да кечире албады. Атүгүл атасы жалдап берген, апасын караган аялды да кетирип жиберип апасын өзү карады. Мектепти ийгиликтүү бүткөн кыз медицина окуу жайына тапшырып окуп калды. Билдирбей бирок Мурат сырттан гана кызына көмөктөшүп жүрдү. Кызы жокто гана келип Айгүл менен мынтип сүйлөшүп кете алчу.

#12 19 Декабрь 2020 - 09:20
jindirak (18 Декабрь 2020 - 10:19) жазган:
Болду бутубу
********
Эржанга чоң сумма сунушташты. Адилеттин, машыктыруучусу Темир байкенин сөзүн да укпай кетип калды. Окуусун да сырттан окуу бөлумүнө которуп алып, Шан аттуу каймана аты менен белгилүү болгон кримдүйнө өкүлүнө кошулуп кетти. Ар дайым спорт менен машыккан, чымыр денелүү жаш жигит Шандын көзүнө ошол мелдеш күнү түшкөн. Ал жөнүндөгү бүт маалыматты кол алдында иштегендер аркылуу бир күндө эле алды. Баягы бир кездеги белгилүү болуп, ууланып өлгөн мушкердин жалгыз уулу экенин билгенде ансайын кызыгуусу күчөгөн. Алгач өзүнө жан сакчы кылып ишке алды да, такай машыгып туруусу үчүн шарт түзүп берди. Шаардын ортосундагы көп кабатту үйдөн алып берип ошол жерде жашайт. Эржан мунун баарын өзүнө келген ийгилик деп түшүндү. Шандын өзүнөн башка пайда көрүп жатканын, мунун үстүнөн не деген суммалар ойнотулаары түшүнө да кирбеди. Оюнун баары тезирек байып, бутуна туруп Чолпонго жетүү болуп калганга мындай күтүүсүз берилген белектин баасын ойлонууга чамасы болбоду. Бул өзү ойлогондой ийгилик эмес, тузак экенин түшүнгөн жок. Ал эми түшүнгөн учурда өтө кеч болду...
Алты ай такай Шан атайы өзүнө кошуп берген мыкты машыктыруучусу экөө машыкты. Күнүнүн жарымынан көбү машыгуу залында өтөт. Атүгүл жеген тамагын да көзөмөлгө алынды. Бир күнү Шан жанына чакырды.
-Кел баатыр! Бир жумадан соң Ташкентте беттеш болот, - деди.
-Чын элеби?
-Ооба бирок эсиңде болсун, бул сен дайым түшүп жүрчү беттеш эмес. Бул такыр башка. Бул жерде эреже деген болбойт. Бул чыныгы күчтүүлөрдүн беттеши.
-Даярмын! - деди Эржан.
-Сага ишенем баатыр!
Ошол күн келди. Эржанды алдын ала баары башкача экенин укса да, мынчалык элестетпеген. Эл аябагандай көп, анча чоң эмес залдын төрүнө жайгашкан орун өзгөчө коноктор үчүн коюлгандай. Бул жерде баарынан да бир да камера, же журналисттердин жоктогу таң калтырды. Бул Эржан билген ринг эмес болчу. Чын эле бул эрежесиз беттеш. Убакыт берилбейт, эреже коюлбайт жана эч кандай аёо жок.
Башталды. Ар өлкөдөн келген мыкты жигиттер. Катары менен тизилип турушат. Булардын арасында өздөрүнүн башына канча акча коюлганын билгени бар, ал эми Эржанга окшоп билбегени ошончо. Эржан алгачкы атаандаштарын оңой эле жеңип жатты. Бул жердеги жалгыз эреже, беттеш учурунда катуу жаралансаң жерди ургулап жан соога суроого болот. Калганы эрежесиз. Ар ким өз билген тактикасы менен мушташа берет. Эки саатка жетпей беттеш болгон жер канга боёлду. Бири бутун сындырса, экинчиси мурдунан кан кетип, жүзү таанылгыс. Акыркы финалга Россиядан келген Конон атту каймана аты бар Эржандан бою эки келген жигит менен Эржан чыкты. Анын мыкаачылык менен мушташканын көргөн Эржан башында таң калган. Ал сөзсүз беттешкен адамынын бир жерин сындырып салат экен. Канчалык жер муштап жан соога кылса да, бутун же колун, кээде манжаларын аёосуз сындырып салганын көрүп, Эржан чындап өзү күткөн эмес такыр башка рингке келгенин түшүндү.
Беттеш майданында экөө тиктешип турушат. Экөө да шашпагандай, акырын айланып бири - биринин сырын үйрөнүп жаткандай абайлап бирок ошол эле учурда көздөрүн албай басып жатышты. Алгач чабуулга Конон өттү. Анын шамдагайлык менен тепкен соккусунан Эржан араң буйтап калууга үлгүрдү. Дагы катары менен келген соккулар. Конондун муштуму Эржандын кулак түбүнөн шуу этип өттү. Жанатан бир аз контролду жоготуп, башкача абалга түшүп калган Эржан бул чабуулдан кийин аябай этият болуп калды. Эми өзү да акырындан чабуулга өтө баштады. Буттарынын учунда туруп секирип, ыңгайы келгенде катуу эмес бирок билине турган соккуларды берип жатты. Мүмкүн болушунча Конондун колуна түшпөөгө аракет жасап жатты. А эгерде эле колуна илешип калса болду. Өзүнүн иши, деги эле карьерасы бир өмүргө токтоорун беттеш башталгандан бери көрүп бүттү. Экөөнүн беттеши узака созулду. Конон эңгезердей чоң болгону менен узак убакытка беттеш майданына туруштук бере албайт экен. Анын тердеп, бат - баттан дем алып жатканынан Эржан билип койду. Өзү күткөн учур келди. Эми көрүнүктүү чоң соккуларды бере баштады. Алты ай ичинде машыктыруучусунан бокстун бир канча сырларын үйрөнүүгө жетишкен эле. Адамдын денесиндеги точкалардын бүт баарын үйрөнгөн. Эми Конондун чындап чарчаганы билине баштады. Анткени Эржан берген соккуларга баягысындай жооп кайтара албай шалдырай түшкөнү байкалды. Эржан ушундан пайдаланды да чабуулга өттү. Качан гана Конон кулап түшкөндө үстүнө чыгып дагы сокку бере баштады. Залдын төрүндө жайгашкан өзгөчө орунда олтурган Шанды бир карап алды. Ал да башын ийкеп койду эле, Конондун жерге коюлуп дерди урууна даярданып турган колун кайрып туруп сындырып салды.
-Аааа! - деген кыйкырык залды басты. Бир мунөттүк паузадан соң зал дуу этти. Кандай болгонун билбейт. Бирок Эржан жеңди. Төр жакта Шан дагы кубанычы койнуна батпай турду. Ананчы тобокелге салып Эржанга чоң сумма койгон эле. Актады. Керек болсо ашыгы менен.
*******
-Ааай!!
Чаңырган үн тарапка чуркап барган Адилет жаш кыздын алдын үч бала тосуп турганын көрдү.
-Эмне болуп жатат? Чоң кыз жакшыбы баары? -деген Адилет кызды ийинден алды.
-Жигит кете бербейсиңби, өзүбүздүн маселени өзүбүз чече алабыз, - деди бир аз ичимдикке кызып алганы билинип турган жигит.
-Булар жолумдан тороп...
Ыйламсыраган кыз Адилеттин артына жашынды.
-Тааныйсыңбы?
-Жок, - деген кыз башын чайкады.
-Жигиттер келгиле... - деп келе жаткан Адилеттин сөзүн жанагы бала кайрадан бөлдү.
-Эмннее?! Эй сага сүйлөп жатам, кетип кал! Оңбой каласын бала, - деп күлгөн жигит Адилетке жакындап келгенде Адилет шамдагайлык менен тиги баланын колун артка кайрып өзүнө тартты.
-Ыя эмне дедиң? Оңбой каласың дедиңби?
-Коё бер!
Мунун кармалып турганын көргөн берки экөө артын карабай качышты. Эми берки жигитти да итерип коё берди Адилет.
-Эркектер менен күч сынашкыла, кыздарга асылбай!
-Экөөбүз кайра кезигебиз! - деген бала жерге түкүрүп чуркап жөнөдү.
Ары жакта колу менен оозун жаап, корккондон көздөрү алайган кызды көрүп жылмайды.
-Баары жакшыбы?
-Рахмат байке, - деди кыз бир убакта эсине келгендей жалдырап.
-Караңгыда жалгыз жүрбө, кайда жашайсың жеткирип коёюн.
-Жакын эле жер, тиги жака басам. Сизди да жолуңуздан алып калбайын.
-"Эрдик кылсаң сүрөө кыл" - дейт бир жолу үйүңө жеткирип барайын, - деди Адилет кыздан көзүн албай.
-Макул, - деген кыз жылмайды.
-Жумуштан кеч чыккам, анан күндө эле басчу жолум. Мурун буларды бул жерден көрбөгөн экем. Рахмат сизге байке дагы бир ирет. А баса атым Айдеми, - деди кыз колун сунуп.
-Адилет, кубанычтамын.
-Айдеми! Ысымың өзгөчө экен.
Жигит жанында бараткан кызды тиктеди. Аябай сулуу экен. Негедир өзгөчө көрүндү.
-Рахмат, - деген кыз да жигитти тиктеп калды. Биринчи көздөрүн тартып алган Адилет сүрдөп кеткенин сезип, абалдан чыгуу үчүн кайра суроо берди:
-Кайда жумушуң?
-Медициналык окуу жайда окуймун, андан сырткары репетитор болуп сабак берем...
-Аа, дарыгермин де.
-Буйруса. Өзүңүзчү? Бул жакта жашайсызбы?
-Жоок, таанышым бар. Үйүнө келгем, - деди Адилет башын кармап.
-Аа, мына келдик. Узатып келгениңиз үчүн ыраазычылык байке.
-Эч нерсе эмес. Баса номериңди бер, балким керегим тийип калат, - деген Адилнт кайра сүйлөгөн сөзүнөн уялып кетти.
-Макул, кантип сизге жок дейин, - деген кыз сумкасынан кичинекей кагаз алып чыгып карматты.
-Рахмат.
Айдеми жылуу коштошуп кирип кетти. Негедир кыз кирип кетсе да, Адилет ал жерден узай албай көпкө тура берди. " Айдеми! Чын эле айдан түшкөндөй! " - деп алды. Бүгүн досу Эржан чакырганынан келип, кеч киргенде үйүнө бараткан болчу. Анан мынтип капысынан кызга жолугуп калды. Эржандын бүтүндөй башка жашоо менен жашап жатканын көрүп,зээни кейиди, ичи ачышты. Атүгүл сөгүп да жиберди. Бирок досу уккан жок. Кайра эсепсиз акчалуу болгонуна маашырканып жыргап жүрөт...
#14 19 Декабрь 2020 - 11:20
jindirak (19 Декабрь 2020 - 09:31) жазган:
Дагын
***********
Эржандын жашоосу түп тамырынан бери өзгөрдү десе болот. Айрыкча Ташкентте өткөн мелдештен соң Шан аябай сыймыктанып, өлкө ичиндеги өткөрүлүп жаткан жабык чакан мушташтан баштап, эл аралык беттештерге чейин сала баштады. Эржан колуна тийген акчага ансайын кызыгып, ар бир беттеши жеңиш менен аяктайт. Шаардын ортосунан үй алды, машина алды. Апасы менен эки карындашын айылдан алып келип алган. Тез эле убакыт ичинде мындай байлыкка жеткенин апасы көрүп бир эсе таң калса, кайра шекшип жүрөгү менен баласынын жөн жолго түшпөгөнүн сезип жатты. Эржанга досу Адилет канча ирет келди. Айтты, түшүндүрдү. Атүгүл экөө жакалашканга чейин барышты. Эржан досун "мени көрө албай жатат"- деп айыптады. Өзүнө келген ийгиликке Адилеттин ичи күйүп жатат деп түшүндү. Ананчы заңгыраган үй, акыркы үлгүдөгү машина, ар күн сайын кымбат ресторан...
Булардын баары Эржандын кыялы болчу. Ошондой эле өзү каалагандай Чолпонго жетти. Өзү болжогондой байлык менен кыздын жүрөгүн багындырды. Кымбат баалуу белектер, гүлдөр, акча кызды оңой эле колуна салып берди. Модель катары Чолпон да өлкөгө таанылып калган эле. Көптөр суктанып шилейин жуткан ошол кыз өз кучагында экенине ансайын шерденип кетчү. Бирок Эржан өзүнүн эң бийик максатын, атасына, өзүнө берген сөзүн унутту. "Дүйнөлүк рингке чыгып, кыргызды таанытам! " - дегенин такыр эсинен чыгарды.
******
Айдеми ооруканада ары - бери басып бир орунда тура албай тыбырчылайт. Апасы капысынан оорлошуп түндөсү алып келишти. Алигече өзүнө келип көзүн ача элек. Бир убакта узун коридор менен атасы келе жатканын көрдү. Ошол акыркы жолу үйдөн кетирген боюнча бет келишип көрүшө элек болчу. Жүрөгү зыркырап алды. Атасын катуу жакшы көрчү эмес беле? Азыр алыстан караанын көрүп канчалык сагынганын, бул жылдар аралыгында атасы өзүнө канчалык керек болгонун сезди. Адаттагысындай чуркап барып асылып кучактап алгысы келип кетти. Бирок... Ушул "бирок" - деген сөз көп нерсени өзгөртөт турбайбы? Тиштенип гана турду.
-Кызым! - деди Мурат Айдемиге жакындап.
Унчуккан жок. Жөн гана башын буруп басып кетти. Атүгүл катуу да айткан жок, мурункусундай жек көрө да тиктебеди. Бери бурулуп көзүнөн кулаган жашты сүртүп алды. Түнү бою атасы экөө ооруканын узун коридорунда басып чыгышты таңга жуук апасы көзүн ачып экөө бирдей кирип барышты.
-Аппоов! - деген Айдеми апасынын колдорун өөп алды.
-Айгүл!
Мурат баш жагына өтүп маңдайынан сүйдү.
-Экөөңөрдү бирге көрүү бакыт, - деди апасы алсыз.
Айдеми унчуккан жок. Жөн гана апасынын колдоруна башын коюп олтура берди.
-Кызым! Айдемим! Мага карачы?
Айгүл кызына сүйлөп жатты. Башын көтөрүп өзүн жалдырап тиктеген кызынын мончок көздөрүн көрүп мууну бошой түштү.
-Ыйлаба каралдым, кудайдын берген өмүрүн жашадым. Бирок эч убакта жашоомо нааразы болгон эмесмин. Атаң үчүн да, сен үчүн да Жаратканга миң ирет ыраазымын! Жүрөгүм экиге бөлүнсө тең жарымы сен да, тең жарымы атаң. Кызым, мен үчүн атаңды кечир? Менден кийин сени башыңдан сылап алчу адамың жалгыз атаң. Мен көңүлүм тынч кетейин балам...
- Апа, жоок. Сен жашайсың! Көөп жашайсың. Али милдетиңди аткарып бүтө элексиң. Мени турмушка узатып, небереңди колуңа алып жыттай элексиң. Демек жашашың керек. Сен милдеттүүсүң! - деп ыйлап жатты кызы.
-Мончогум менин. Бул дүйнөгө түркүк болгон ким бар экен? Кызым баарыбыздын жаныбыз Жараткандын колунда. Мени эле сени ээнсиретип таштап кеткиси бар дейсиңби? Мага койсо сен карып эне болгуча деле сени эркелетип жаныңда болсом. Кызым, кайраттуу бол! Мүңкүрөп калба. Мен жок болсом, атаң бар! Аны менен кет кызым. Менин акыркы суранычымды аткар.Уланган тирүүлүк улана берет. Кудай берген күндү жашаймын!
Айгүл атайы катуу, кайраттуу сүйлөдү. Кызынын өзүн жоготуп алдырып коюсун каалабай.
Мурат гана терези тарапка басып үнсүз көз жашын аарчып алды. Ошол күндөн үч күндөн соң Айгүл бул дүйнөнү таштап кете берди. Палатага гүл менен таттуу көтөрүп кирген Айдеми бош турган керебеттин жанында атасы башын мыкчып олтурганын көрдү. Колундагысы жерге түшүп кетти. Башын көтөргөн Мурат көзүндөгү жашы төгүлөйүн деп турган эшик оозундагы кызын көрдү.
-Айдеми..
-Апам кайда?
-Кызым! Апаң ...
-Канаа дейм апам?!
-Айгүл бизди таштап...
Андан аркысын айта албай мукактанып кызына жакындай берди.
-Өмүр бою азапка салганың аздык кылдыбы? Сени деп уктуңбу? Сени деп ооруду! Сени деп жыгылды! Сенин тиги аялыңы деп!
Айдеми кыйкыра берди жерге бүк түшүп алып озоңдоп ыйлап жатты.
-Апппаааа?!
Артынан кучактаган атасына да бой бербей ургулап жатты, сүйлөп жатты.
-Апаа,мен кантем апааа сенсиз?!
Ургулуп жаткан колдору менен кайра атасын кучактап алып буркурап өксүп жатты кыз.
-Аттаа! Айтчы эми кантип жашаймын?!
Кызына кошулуп Мураттын да жаштары куюлуп, экөө тең чоң жоготууну көтөрө алышпай бири - бирине сөйөнүп тура беришти.
*******
-Мен тирүү экенмин аны кызы босогомду аттабайт!
Жайна көздөрүнөн заары чачырап күйөөсүнө атырылды.
-Жап жаагыңды! Ал менин кызым!
-Бир убакта апасы жашоомо аралашканы жетет!
-Жайна!
Мурат жакын келип аялын ээгинен алды.
-Ошол кыздын апасы сенин айыңан төшөккө кадалганы эсиңден чыктыбы? Же унчукпаса билбейт дедиңби?
Аялы күйөөсүнүн колдорун силкип алды.
-Күн көрсөтпөйм бул үйдө баары бир!
-Эсиңде болсун, бир ирет унчукпадым, эми кызыма бармагыңдын учун да тийгизе албайсың! Кеч мени менен чогуу келет, - деди ачуусу менен кыйкырып.
Аңгыча экинчи кабаттан уйкулуу көздөрүн ушалап Чолпон түшүп келди.
-Маам, пааап! Кайра эле таң атпай урушуп жатасыңарбы?
Мурат өщүнө жакын келген кызынын маңдайынан сүйдү.
-Мамаңа түшүндүрүп жатамын.
-Эмнени?
-Чолпон кызым, бүгүн үйгө бир тууганыңды алып келем. Сенин сиңдиң, сенден туптуура 4 ай кичине.
-Аа тиги аялдын кызынбы?
-Ии ошондой, - деди Мурат ыңгайсыз.
-Макул пап.
-Сен каршы эмессиңби? - деди ары жакта турган Жайна кызына карап дагы деле ачуусу тарабаган үнү менен.
-Эмнеге каршы болмок элем мам? Атамдын кызы ал. Келе берсин.
Чолпон кайдыгер унчукту.
-Өзүмдүн акылдуу кызым!
Мурат кайра кызын маңдайынан сүйүп алды.
-Мен кеттим, кечинде чогуу келебиз.
Чолпон жылмайып узатты атасын. Ал азыр ушинтип кайдыгер болгону менен убакыт өтүп ошол кыз мунун номер биринчи душманы болоорун сезген жок. Бир гана Жайна, баарын алдын ала сезгендей. Бир убакта күйөөсүн Айгүлдөн кандай кызганса азыр да ошонун кызынан дал ошентип кызганып турду.
Айдеми атасы менен кошо жашоо үчүн анын үйүнө барууга макул болду. Бул албетте өз каалоосу эмес. Апасынын акыркы суранычы. Аттиң! Ошондо апасы суранбай койсо не? Кызын ошол үйдө укмуш тагдыр күтүп турганын билбей калгандыр эне. Болбосо өз колу менен тозоко салып бермек беле?...
#15 19 Декабрь 2020 - 20:14
******
Шан эми Эржанды өз чөйрөсүнө кошууга даярдай баштады. Акырындык менен өзү барган жолугушууларга кошуп, жада калса бир эки кримдүйнө мүчөсү менен тааныштырганга да үлгүрдү. Ал эми Эржан өз айланасында эмне болуп жаткандыгы, жашоосу кай өңүттө түс алып баратканын да баамдабай калды. Россия, Казахстан сыяктуу коңшу өлкөлөргө гана чыгып жүрсө эми андан ары чоң беттештерге катыша баштады. Бирок ал беттештердин баары жабык өтүлөт. Көргөнү келген адамдар да жөн эмес, баары авторитет же болбосо бийлик адамдары. Россиянын түрмөлөрүнүн биринде өткөн эң ири беттешке катышканда көрдү го. Телевизордон гана көрүп жүргөн атактуулардан тарта, мамлекеттин башында олтургандарга чейин жүрүштү. Баары акча коюшат экен. Бүт коңшу өлкөлөрдүн мына ушундай элитасын чогултуп өткөрүлүүчү мындай оюндар мурун эле бар болгон. Болгону Эржан анда көп нерсени билбейт экен эле. Бул дүйнөгө аралашты. Эми андан кутулуп чыгуусу деле кумөн. Шан өлкөдөгү майда территорияларды бөлүп берди. Өз аймагындагы өздөрүнө таандык мыйзамды карайт. Бир эле кылмыш жасалса баарынан, жада калса укук коргоо органдарынан мурун өздөрү таап, өздөрү соттоп, керек болсо өкүм чыгарып салышат. Анан карапайым калк алдына башка бир окуяны, тагыраагы эл акылына сыйчу жомокту көрсөтүшөт. Эмне үчүн эчендеген кылмыштардын бети ачылбай келгенин, ачылса да бат эле жаап, же такыр каралбай калганынын сыры балким ушулар болуп жүрбөсүн...Жактоочу, тергөөчү, соту менен тыгыз мамиледе иштешет, биргеликте иш алып барышат. Эржан өзү жашаган өлкөсүнүн ичинде такыр элестете албаган дагы бир ушундай дүйнө бар экени, мурун оюна да келбеген экен. Эми көрүп таң калып жатат.
********
-Жайна, Чолпон! Биз келдик.
Жайна болгон жарашыктуу кийимин, сыйлуу коноко барганда гана тагынчу эң кымбат сөйкө, шакегин тагынып чыдамсыздык менен кызды күтүп аткан. Эмнеге экени белгисиз, ушул тырмактай кызга өзүн көрсөткүсү келди. Балким Айгүлдөн сулуу, алда канча бийик тураарын кызына далилдеп көрсөткүсү келди. Ошон үчүн атасы бул менен калганын ушул жол менен түшүндүргүсү келгендир. Ичиндеги аялдык ич күйдүүлүгүн араң басып конокту тосуп алууга чыкты. Босогодо коомайланып жөнөкөй бирок өзүнө жарашкан көйнөк кийген, чачы төбөсүнө түйүлүп, каш кирпиги төгүлө жүзүнөн башкача бир нур чачырап турган кичинекей, назик кызды көрдү. Бет алдында Айгүл тургандай эле болду. Ага биринчи жолуккан күнү эсине түштү. Анда Айгүлдүн үйүнө өзү барган эле. Эшикти ачып мээримдүү жылмайган келиндин узун этегине жабышып турган кыз ушунча бой жеткенин карасаң? Ал да кудум ушундай үлбүрөк эмес беле?
-Кел кызым, - деди ооз учунда.
Бирок ошол эле убакта ызаага муунуп.
Айдеми жөн гана баш ийкеп жылмайды. Маңдайында турган, сулуу бирок жүзү муздак аялдын көз карашынан ичиркенип алды. Ушунчалык муздак, ушунчалык ызалуу көздөр эле.
-Паап!
Экинчи кабаттан чуркап түшкөн Чолпон атасынын мойнуна асылды да жүзүнөн чоп эттире өөп алды.
-Салам, кош келдиң!
Чолпон апасындай муздак кабыл алган жок. Тескерисинче эзелтен тааныш адамдай, кучакташып жылуу көрүштү.
-Рахмат, - деди Айдеми акырын.
-Чолпон атым.
-Айдеми.
-Ого, өзгөчө го.
Айдемиге Чолпондун шаңдуу жүргөнү жакты. Тамактанып олтурушканда да ошол кыз эле күлкүлүү нерселерди сүйлөп ээриктирген жок. Айдеми ууртунда гана жылмайып олтурду. Маңдайында өзүн сынап карап турган Жайнанын көз карашынан ыңгайсыз боло, "батыраак эле бул тамактануу бүтсө экен" - деп жатты. Тамактанып да бүтүштү.
-Жүр сага бөлмөңдү көрсөтөм, - деген Чолпон Айдемини колдон сүдүрөп кетти.
Бөлмөсүн көрсөткөн соң бир азга сүйлөшүп олтурушту. Чолпон моделдикте иштеген сүрөттөрүн алып чыгып көрсөттү. Буттары узун, келбеттүү, чын эле аябай сулуу кыз экен. Айдеми суктанып алды ичинен. Бактылуу өткөн балалыгына көз артып кетти.
Окшош күндөр өз тизмегинен жазбай өтө берди. Толук болбосо да Айдеми жаңы үйгө көнүп калды. Бир гана нерсе Жайнанын өзүн жеп ийчүдөй болуп тиктегенине көнө албай койду. Ошондой күндөрдүн биринде Чолпон "жигитимди тааныштырамын" - деп чыкты. Эми ошол күнкү даярдык. Баарынан өтүп Жайнанын кубанганы. Акыры көптөн күткөн кеч да кирип колуна чоктой кызарган гүл көтөрүп булардын үйүнө Эржан келди.
-Саламатсыздарбы? - деп баары менен сылык көрүшкөн жигитти баары жылуу кабыл алышты. Мурат жигитти бир жерден көргөндөй болуп бирок кайдан экенин эстей албай башы катты. Эржан болсо Муратты ошол түшүп жүргөн беттешинде коноктордун арасында көргөн. Кезек Айдемиге келди.
-Бул сиңдим, - деди Чолпон жароокер.
-Саламатсызбы?
Эржан кыздын колун кыса көрүштү. Жумшак, назик колдор. Кыз өзү да аябай сулуу экен. Эржан өз жашоосунда Чолпондон сулуу, андан артык кызды жолуктурам деп ойлобогон. Бирок алдында турган бул кыз такыр башкача эле. Жүзүндө сүртүлгөн бир боёгу жок, чачы өрүлүп, жөпжөнөкөй көйнөк кийип турган кыз өзгөчө көрүндү. Өзү билбеген абалда эркинен сырт кантип Айдемини карап алып жатканын туйган жок. Өзү бул жерде кошулуп ууртунда гана жылмайып олтурганы менен кыялы таптакыр алыс жакта жүргөндөй ойлуу тигилген кыздын өзүндө кандайдыр бир өзгөчөлүк бар экенин туйду. Чолпон экөө бир тууган болгону менен такыр бири - бирине окшошпойт. Мүнөздөрүнөн тартып, сырт келбетине чейин. Чолпон катуу сүйлөп, шаңдуу жүрсө, Айдеминин үнү чыкпайт. Чолпон тентек жоруктарды баштап, эрке, бат таарынып, кайра бат жазылса. Айдеми анын тескериси. Сабырдуу,токтоо. ..
Аталары бир болгону менен экөө апаларынын мүнөздөрүн алгандай.
Ошол күндөн негедир Эржандын оюнан Айдеми кетпей койду. Неге экенин деги өзү түшүнсөчү. Бул кылыгына өзү ачуусу келип, алаксыйм деп Чолпон менен көп убакыт өткөрө баштады. Бирок көкүрөгүндөгү бир эт тыбырчылап улам Айдеми тууралуу укса же ойлоп кетсе дүкүлдөп алганын койбоду.
-Чолпон, сиңдиң менен такыр окшобойсуңар, - деди бир күнү капыстан.
-Ооба, апабыз эки бөлөк.
Чолпон да бейкапар телефонунан баш көтөрбөй жооп берди.
-Кандайча?
-Атамдын, экинчи аялынын кызы. Апасы каза болуп биз менен туруп калды.
-Аа, - деген Эржан кайрадан ойго чөмүлдү. Негедир акыркы күндөрү көп ойлончу, жалгыздыкты каалап адамдардан оолактай баштады. Мурункудай болуп клуб, кафелеп жүргөн жакпай, атүгүл Чолпондон да тажай баштагандай. Ошондой күндөрдүн биринде Чолпон моделдик агенттик менен түзгөн келишимдин негизинде 2 айга чет мамлекетке тажрыйба алмашууга жөнөй турган болуп калды.
-Кетпей эле койчу? - деди Эржан чындап коё бергиси келбей.
-Жаным, сени жалгыз калтыргым жок. Бирок келишим түзүлгөн да. Барбасам болбойт. Күндө байланышта болуп турам. Бат эле өтөт бул убакыт, - деди Эржанды катуу кучактап.
-Сени сагынам!
-Мен да! Аябай...
Аэропорттон узатып калган Эржандын көкүрөгү ээнсирей түштү. Кантсе да аябай көнгөн экен...

#19 22 Декабрь 2020 - 09:33
jindirak (21 Декабрь 2020 - 22:11) жазган:
Жаз Эми жаным
*********
"Апа! Мен сени сагындым. Бүгүн сенсиз тоскон биринчи күзүм. Бул үй бүлөөгө көнгөнүм менен жүрөгүм ээнсиреп жалгыздап, сенин ордуңду жоктоп жатат. Апа, апоов. Мен сени аябай сагындым! Сага ыйлабаймын деп сөз бергем. Кечир жайыңа бара албай жатамын. Атам жол бербей койду. Ушул ыйлаганда көздөрүм кызарганын койбойт. Ыйлайсың дагы деп жибербей жатат атам. Ошондуктан бул күндөлүккө жазып жатамын. Ооба ата дедим. Таң калып жатсаң керек. Жок менимче сен билгенсиң ээ апа? Атамды кандай жакшы көрөөрүмдү, сен гана билчүсүң... Атамды кечирдим. Анткени мен үчүн күйгөн жалгыз эле атам калбадыбы? Апа, сенин жытыңды ушунчалык сагындым! "
Качан бакчадагы олтургучка олтуруп күндөлүк жазып жаткан Айдеминин кайра эле көздөрүнөн жаш айланды. Төгүлүп кетпесин деп көздөрүн бат- баттан ирмегилеп көктү тиктеп алды. Дал ушул учурда экинчи кабаттагы бөлмөсүнүн терезесинен Жайна кыздын ар бир кыймылын тымызын карап жаткан. Бул кызда башкача бир күч бар. Өз кызы Чолпондой болуп бака шака түшпөйт. Жаш кыз болсо да, азыр дал ойноп күлчү убагы болсо да дайыма ойлуу жүрөт. Деги эле өздөрүнүн үйүнө келгенден катуу сүйлөп, же күлгөнүн укпады.
-Кандайсың сулуу? - деген үндөн башын көтөргөн кыз өзүн карай күлүп келе жаткан Эржанды көрдү.
-Келиңиз,
Айдеми колундагы жазып олтурган чакан күндөлүгүн жаап ордунан козголду.
-Келдик, сабак жазып жатасыңбы?
Эржан адатынча шыпылдап келип Айдемиге катар олтурганча анын күндөлүгүнө кол созду.
-Жок, башка нерсе, - деген кыз анын колунан күндөлүгүн тартып алды.
Эржан кызды Чолпондой элестеткен, ачык айрым, тартынбаган. Жанатан өзүн эркин сезип жатканы да ошондон. Айдеминин курч каректерине кабылды. Кичинекей, бирок көздөрүнөн жалын бүркүп турган бул жөнөкөй кыздын тиктегенинен тайсалдай түштү.
-Кечиресиң мен сабак окшойт деп...
-Чолпон үйдө жок, - деди кыз көздөрүн тартып алып.
-Мен тиги Мурат байкеге келгем.
Эржан эми баягысындай шоктонбой мокой түшкөндөй үнү да акырын чыкты.
-Атам жумушта, кааласаңыз үйдө эже бар...
Айдеми тез - тез басып үй тарапка баратты. Жанатан булардын ар бир кыймылын карап турган Жайнанын ансыз да кызганыч ээлеп, күйүп жаткан жүрөгү жарылып кете жаздады.
Кыздын артынан үйгө кирген Эржанды босогодон Жайна күлүп, эч нерсе билбегендей тосуп алды.
-Кел Эржан?
-Кандайсыздар?
-Олтурабыз, Чолпонум кетип үйдүн кубанычы өчкөндөй бозоруп.
Жайна атайы Чолпонду баса белгилеп сүйлөдү.
-Мен байкеге документ алып келгем, - деди Эржан.
-Каап жок эле. Атабыз үйдө чанда гана болот, мамлекет адамы эмеспи? Кел өт..
Жайна жигитти залдын төрүндөнү чакан столго чакырды.
-Рахмат.
Эржан уялганынан акырын келип орун алды.
-Айдеми кызым келе гой.
Эмнеге экени белгисиз, Жайнанын үнүнөн тарта кыймыл аракетинен бери өзгөрө калды. Бул үйдө эч качан Айдемиге беттеш келип, сүйлөп койбогон, дайым менменсиген көз караш менен тиктеп өтчү аял мынтип кызым деп чакырганы Айдемиге аябай таң калыштуу болду. Кыз да унчукпай столдон орун алды. Жайна болсо эпчилдик менен экөөнө тең чай куюп берип жатып сүйлөп жатты.
-Айдеми да менин кызым, туура мен төрөп өстүрбөдүм. Бирок мындан ары апасынын ордун басып башынан сылап жатам.
Анын бул сөздөрүнөн кыздын көздөрү чакчая түштү.
-Анан Чолпон экөөңөр ушинтип жетелешип жүрө бересиңерби? Менин кызымдын көңүлүнө койсоң өмүр өткүчө эле биз менен эркелеп жашай берсе.
Жайна жасалма күлүп, калп эле күйүмдүү эненин ролун ойноп жатты. Негедир оюна Айдеми Эржанды тартып алат деген келип, дал өзүндөй эле кызынын бактысын да тартып алчудай болуп көкүрөгүн белгисиз ичи тардык, коркунуч каптап жаткан. Атайы Айдеминин көзүнчө Чолпонду сүйлөп жатты.
-Буйруса, Чолпон эмне десе ошондой болот.
Эржан да күлүп кутулду. Бирок ошол эле убакта колдорун билинер билинбес калтырак басып Айдеми тарапты уурданып карап алып жатты. Муну кыраакы Жайна сезбеди дейсиңби? Ошон үчүн да атайы экөөнү чакырды да бир столго. Бирок кыз тараптан эч кандай реакция болгон жок. Адатынча башка ааламда жүргөндөй, булардын сөздөрүнө, атүгүл Эржандын улам үзүлүп түшүп карап жатканына да маани бербей колундагы кашыгы менен чайын аралаштырып олтура берди.
-Рахмат мен бара берейин, байке келгенде келем го.
-Олтурсаң боло бир аз, Чолпондой күлдүрүп олтура албайбыз биз менен ээригип кеттиң го, - деди Жайна дагы эле калптан жылмайып.
Эржан бул жолу да жылмайып гана кутулду. Коштошуп жатып да көздөрү менен Айдемини бир сүйүп алды. Башын бир аз ылдый салып, жер тиктеп турган кызга арбалып жатты. Өзү деле билбейт неге экенин. Бир күч тартып жаткандай. Ичинен бир эңсөөсү күч алып Айдемиге ыктап бараткандай.
Шарт башын буруп жөнөп кетти. Өзүнө - өзү таң калып да, ичинен өзүн жектеп да баратты. Эржан бурулаары менен Айдеми жерден көзүн көтөрдү. Артынан үйдөн чыгып кеткиче көз албай тиктеп тура берди. Көрүшкөндө колун кармаган жигиттин ысык алаканынын табы дагы эле сакталып колдорун, андан тарап жүрөгүн күйгүзүп жаткандай. Тиктегеничи. Көздөрүчү?.. . Айдеминин ичине чок түшкөндөй денеси жалын боло, атүгүл жүзү албырып чыкты. ..
Ошол күндөн Эржан өзү билбеген абалда кызга байланып баратты. Жок бул Чолпонго сезген сезимден такыр башкача, андан такыр бөлөк эле. Акмалап сыртынан гана сүйүп, караанын алыстан көргөнүнө эле кубанып алат. Канча ирет окуу жайдан үйүнө чейин акмалап узатып жүрдү. Акыл эсинде бул кылып жаткан иши туура эмес экенин билсе да, токтоп калууга эрки жетпей жатты. Айдемини ар көргөн сайын, сырттан анын кыймыл аракетин тымызын тиктеген сайын ошончолук ашык болуп баратты. Бир күнү окуу жайдын алдында адатынча кызды күтүп турган, Айдеми чыкты кимгедир кол булгап күлүмсүрөп турат. Кыз тиктеп турган тарапты көрүп көргөн көзүнө ишенбей кетти. Адилет! Ал да кызды карай күлүмсүрөп баратты. Экөө жакындаган сайын, алыста буларды күзөтүп турган Эржан туталанып, жанын коёрго жер таппайт. Кудум азыр кыз чуркап барып Адилеттин мойнуна асылып алчудай кызганычы алкымын муунтуп, муштумдары өзүнөн өзү түйүлө калды. Мына экөө жетишти бири - бирине. Бирок Эржан күткөндөй кучакташпай кол алып учурашышты. Эржандын жүрөгү бир аз ылдайлап, жеңилдеп "өөх!" - алды. Бирок баары бир жанын кыйнаган бир азап коё бербей экөөнөн көз албай тиктей берди. Айдеми күлүп сүйлөп жатат. Күлгөндө көздөрү жайнап ансайын сулуу болуп кетет экен. Адилет менен Айдеми катарлаш басып баратышты. Анын артында Эржан машинасы менен. Жинди болгон адамдай ызалуу алардын артынан ээрчип айдай берди. Деги эле кызды көргөндөн берки өз абалына өзү түшүнбөй келет. Кайда барба кыздын элеси көз алдына тартылат да турат. Атүгүл алыстагы Чолпонду да мынчалык сагынбаптыр. Ал жок кезде клубтардан башы чыкпай, күн сайын ар кандай сулуунун койнунда таң аттырчу. Ойлоп көрсө ичимдик ичип жыргай элегине көп эле болуптур. Айдемиге окшош жөнөкөй кыздар мунун табити эмес. Ага окшогондун канчасын көрдү. Канчасын байкабай өттү. Бирок бул кыз. Эмнеси менен тартып жатат. Бир кездери ашык болуп түн уйкусунан кечкен Чолпонун да эсинен чыгарып чуркагыдай мында эмне бар? " Жок! Токтот болду! Сен Чолпонду сүйөсүң! Болду!" - деген Эржан телефонун алып чыгып Чолпонго чалды. Узак кеткен гудоктон соң Чолпондун шаңдуу үнү угулду.
-Ааламдын сулуусу угуп жатат?
-Сагындым сени! Келчи батыраак!
Эржан ушуларды сүйлөдү да, телефонду коюп салды. Жол жээгине токтоткон унаасынан сыртка атып чыкты. Айдеми менен Адилет качан эле узап кеткен окшойт караандары көрүнбөйт. Эмне кылаарын билбей, башын кармалап кайра унаасына олтурду да ролду уруп, уруп алды. Телефонуна чырылдап келип жаткан чакырууну карап, бирок көтөргүсү келбей олтура берди. Экранда болсо Чолпондун сүрөтү менен келген звонок безилдеп жатып өчтү. Артынан кат келди.
"Жан эмне болду? " - деген Чолпондун каты...
*******
- Жоголуп кеттиңиз го Адилет байке?
-Сагындыңбы? - деди жигит кызды көз кыйыгында карап.
Жалт тиктеген Айдеми чынында мындай сөздү күтпөгөн. Тиктеп эле калды.
-Тамаша, - деген Адилет кайра өзү ыңгайсыз боло башын кармалады.
-Мелдеш болгон, бошой албай...
-Мелдеш?
Айдеми кашын көтөрүп кайра сурады.
-Ии, бокс боюнча.
-Аа, сиз бокска түшөсүзбү?
-Ошондой. Бирок кызыкчу эмесмин. Досум бар эле эң жакын.
-Эле?
-Аа, жоок. Ал бар. Тирүү. Дос элек, кийин байланыш үзүлдү.
-Аа, ошондой десеңиз. Анан?
-Ошол досумдун кыялы дүйнөгө белгилүү мушкер болуу эле. Ал кыялынан баш тартты...
-Эмне машыкпай калдыбы?
-Жок, башка жол менен кетти. Башка рингке чыкты.
-Кандай башка?
-Сен аны түшүнбөйсүң. .. Ал кеткенден соң анын ордуна мен машыга баштадым. Анын кыялын ишке ашыруу менин максатыма айланды. Биринчи жеңишимди ошол досума арнаймын.
-Азаматсыз! - деди кыз жылмайып.
-Бирок сизге эмне кереги бар? Ал өзү баш тарткан болсо?
-Мен ага кыялга таза жол менен жетсе да болоорун далилдейм.
-Досуңуз таза эмес жолдобу?
Адилет негедир жооп берген жок.
-Жүрү балмуздак алып берем, - деп кызды колдон тартып кетти.
Билдирүүнү түзөткөн: _Jalgyzym_: 22 Декабрь 2020 - 09:34
#20 22 Декабрь 2020 - 12:13
********
-Эржан, бүгүн жолго чыгабыз. Ошто жолугушуу бар.
-....
-Эржан?
Ойлорунан селт эткен Эржан Шанды тиктеди.
-Угуп жатамын.
-Жок, сен уккан жоксуң. Эмне болду сага?
-Эч нерсе, - деди Эржан көңүлсүз.
-Документтер Мурат Дөөлөтовичке жеттиби?
-Аа, ооба. Жумушуна барып таштап келдим.
-Өз колуна бердиң.
-Өз колуна карматып чыктым Шан.
-Жакшыы. Эми айтчы эмне болуп баратасың? Байкасам акыркы күндөрү машыкпай да калдың...
-Жайында баары.
-Окшобойт жигит жайында экенине.
-Шан, мен качан рингке чыгамын?
-Жакында эле чыктың го?
-Жок, андай ринг эмес. Мамлекет атынан, көпчүлүк көрчү, калктын көз алдында болчу рингке?
-Сага эмне кереги бар? Авторитет десең ансыз деле авторитетиң бар. Байлык, дүйнө мүлкүң ашып чачылуу. Дагы не керек эмне керек сага?
-Атак керек, даңк керек.
-Атагың ансыз деле чыгып турбайбы?
-Кыргызстандын атагын чыгарууну каалайм.
-Эхх Эржан, Эржан! Сен мени менен кызматташууга макул болгонуңда ал кыялың менен коштошконсуң!
Шан айланып басып Эржанды далысынан таптап койду.
-Кызматташууну токтотсокчу?
Шан басып бараткан жеринен тык токтоду да артына бурулду. Эржандын көздөрү болор болбос жылтырап туруптур.
-Эми кеч, - деди Шан ошол ордунда.
-Кандайча? Мен каалабасмчы бул жерде калууну, иштешүүнү, сен айткан рингке түшүүнү.
-Мажбурсуң.
Шан ушунчалык токтоолук менен, өзүнө ишенимдүү жооп берди.
-Сенин өмүрүң да, сенин келечектеги жашооң да менин колумда. Сен тигиндей жашооң үчүн мага өзүңдү, кыялыңды саткансың. Мен сени өзүңдөн сатып алгам!
Эржан дале түшүнбөгөндөй нес абалда Шанды тиктеп олтура берди.
-Сен эмне каалаганда кирип чыгып кетчү бул дүйнөнү кандай ойлодуң эле?
-Шан мен....
-Эмне сен? Эржан сөз бүттү. Алдыда кылчу жумуштар чачтан көп. Сенин жеке жашооңо кийгилешпейм. Бирок бизден чыгып кете албайсың. Мен каалаган убактымда сени чакыртып аламын. Ошко даярдан!
Шан чыгып кетти. Эржан шалдырай түштү. Көздөрүн акча, бардар жашоо, жеңил турмуш жаап реалдуулукту унуткан экен. Мындай жомок жашоосу менен бул чөйрөнүн ортосундагы тартылган жука парданы эми ачып көрдү. Эржан эми гана кимдерге аралашканын, кандай чөйрөгө кошулуп чырмалып калганын түшүнгөндөй. Эми гана максаттарын, кыялын эмнелерге алмаштыраганын аңдап жетип жаткандай. Шандын "Мажбурсуң! " - деген сөзү жаңыра берди. "Эмнеден коркуп жатамын? Көп болсо жанымды алаар, өмүрүм менен коркутаар" - деп келе жатып эсине апасы менен эки карындашы кылт дей түштү. Эсинде жаңы үйгө аларды алып келгенде Шан таанышканы келген. Апасы, карындаштары Эржан үчүн эң кымбат адамдар экенин байкап кеткен эле. Демек эң эле талуу жеринен кармап калды. Эржан айласыз калды. Айласыз Шандын каалоосуна көнүп бергенден башка жол көрбөдү.
Ошко келишкен алар, шаар четинде жайгашкан дачаларга жөнөштү. Айтылуу Акбуура дарыясынын жээгине курулган дачага дагы кримдүйнөнүн үч төрт өкүлү келди. Анан шаардагы даражалуу бийлик өкүлдөрү. Бакылдап шаракташа олтураган аларды көңүлсүз карап турду Эржан. Мурун мындай учурда өзү да аларга кошулуп, шарап ичип, сулуу кыздар менен көңүл ачса бул жолу суу боюнда өз ойлору менен алек олтура берди.
-Эржааан?! - деген Шандын үнүнөн алар тарапка аргасыз кадам шилтеди.
-Шан?
-Мына менин жигитим! - деди ичимдикке бир аз кызып калган Шан ордунан туруп келип Эржанды желкесин таптап.
-Ооо айтылуу Эржан ушулбу?
-Ишенбейсиңби? Каалаган жигитиңди таап кел, биринчи раундта тынчытат.
Шан бакылдап мактанып жатты.
-Болуптур, так эки сааттан соң беттеш. Менин спорт залымда!
Тиги бийликте иштеген адам Шанга кол сунду.
-Канча тигесиң? - деди Шан да эми эле шарактап күлүп жатканы басылып олуттуу боло.
-Шаардын ортосундагы элитный квартирамды.
-Бул аз, - деген Шан баш чайкап күлдү.
-Билесиңби Эржандын эмне деген байгелерди утканын? Миллиард акчалар сайылган мунун башына!
Эржан чынында Шандын сөздөрүнө кээде ишенсе, кээде ишенбей да турду. "Мас балким эмне сүйлөгөнүн билбей, ашырып жаткандыр" - деп ойлоду. Анткени Эржан чынында өзүнө канча акча коюлуп, ойнотулаарын билбейт эле.
-Эмне тиги ишенген жигитиң сен койгон сумманы актай албайбы? - деди Шан тигини демитип.
-Особнягым менен жол тандабасты коём! Ал адамда байгенин баасын жогорулатты.
-Сенчи? Эмне коёсуң?
-Алып кел тигини?!
Шан катар турган жигиттерге кыйкыра ары жакта стол үстүндө турган чакан күмүш түстөгү дипломатты көрсөттү.
-Бүгүнкү ишимдин үзүрүн коём. Дипломат толо акча! - деди Шан дипломатты ачып.
Ал жерде тургандардын баары акчага көздөрү кадалды. Катары менен тизилип, жайнаган доллар!
-Бул башка кеп!
Шан менен тиги адам кол алышып каткырды.
Биринчи жолу Эржандын көз алдында өзүнүн беттешинин баасы бычылды.
-Тиги жигитиң майып болуп калса, ыйлактабайсың!
Шан мелдешкен адамын эскерткендей кайталап койду. Ал да шашыла жигиттерин ээрчитип чыгып кетишти. Алар кетери менен Шан Эржанга атырылды.
-Эмне эле сууга түшкөн мышыктай шөмтүрөйсүң? !
-Шан мен беттешким келген жок!
Эржан токтоолук менен жооп берди.
-Эмнееее? Эй акмак азыр гана көз алдыңда эмне сөз өткөнүн укпадыңбы? Же кечеги сөздөрүмдү унуттуңбу? Могу акчаны көрдүңбү? Баары сеники болот! Рингке чыгасың , тигинин жигитин жер менен жексен кыласың!
-Шан...
-Эржан, сенин өмүрүң! Жок жакындарыңын өмүрү да менин колумда. Ким экенимди унутпа! - деген Шан белине байланган сүлгүсүн ыргытып үй тарапка жөнөдү.
Чакан спорт зал. Эки тарап болгон адамдар. Эржан белинен өйдө жылаңачтанып ылдыйына жеңил спорт шымын кийип алган. Маңдайында турган жигит да ошондой кийимде. Өмүрү бирин - бири көрбөгөн эки жигит, шефтеринин буйругу менен ушул азыр бирин - бири талкалап салууга даяр турушкан эле. Бул жолу чабуулга биринчи болуп Эржан өттү. Ыкчам кыймылдап сокку берип жатты, тиги жигит да мыкты машыктыруучудан сабак алганы анын Эржандын соккуларын шамдагайлык менен тосуп жатканынан көрүнүп турат. Эржан кутүүсүз чабуулду жакшы өздөштүргөн. Көп эле беттештеринде күтүүсүз сокку берип жеңип кетчү. Бүгүн да ошону көздөдү. Жакшы эле бараткан, бир убакта сол көзүнө кадалган муштумдан көзүнөн от жанып өттү. Заматта көз алды караңгылашып артка кетенчиктей түштү. Ошол эле учурда дагы бир нече соккуга кабылды. Эки колу менен жүзүн жаап жыгылып, өзүн коргоп калууга араң үлгүрүп жатты. Залдагы дуу түшкөн адамдардын, айрыкча Шандын кыйкырыгы чала угулуп жаткандай. Бир нече мүнөткө өзүн жоготуп барып, кайра келди. "Жеңилсем Шан соо койбойт!" - деген ой мээсин аралап, көз алдына апасы менен карындаштары тартыла, Шандын "жакындарыңдын өмүрү менин колумда!" - деген сөзү жаңырып өттү. Үстүнө чыгып катары менен муштап жаткан жигитти ыргыта тепти да ордунан шамдагайлык менен ыргып турду. Сол көзү шишигенден жабылып, кан агып турган Эржандын бутуна турганын көргөн Шанга жан кире кыйкырып жиберди:
-Талкалап сал?!
Эржан эми чабуулга өттү.
-Ааа! - деп кыйкырып чуркап барып тиги жигитти көкүрөк тушуна тээп жаткыра учурду. Дароо үстүнө минип уруп жатты. Эч нерсени ойлогон жок. Жырткыч айбандай муштай берди. Качан гана алдында жаткан жигиттин өзүн тосуп жаткан колдору жансыздай шалактап калганда токтоду. Анда дагы ары жактагы ортодогу түшкөн калыс менен дагы бир жигит келип Эржанды күч менен атаандашынын үстүнөн тартып алышты. Зал тымтырс. Бир убакта Шан кол чаап баштады, ага кошулуп калганы. Шан тиги мелдешкен адамды мазактуу карап жылмайды. Ачуусу ичине батпай кызарып кеткен ал адам Шандын колуна жол тандабастын ачкычын карматты да:
-Жумушка өт үйдү өткөрүп берем! - деди да шыпылдап чыгып кетти.