Азыр өтө раздраженная болуп кеттим. Чыдай албай кетем көңүлүмө жакпаган нерсеге. Чалпаңдап жеген адамды жаман көрөм негизи эле, мурда через не могу көз жумуп койчу элем, азыр анте албайм. "Айтып коеюн, кийин балдарың ушинтип чалпаңдаса ооздон ары кашык менен чабам" десем, "мен турганда анте албайсың, көрөбүз" дейт)). Мээримдүү, менден ашып өткөн баласаак Ата болосуң го ээ.
КҮНДӨЛҮК... Ар бир күн форумчунун көзү менен
#5682 12 Октябрь 2020 - 00:55
Кундолук Ойлорум шайтандан келип жатат бирок башка эч нерсе келбей жатат башыма. Кучум алым калбады курошууго таптакыр алым жок. Жолоп, таяп, аяп караган адамдарым жанымда бирок жоктой жалгызсырайм.
Аргасызмын алсызмын чыдай албайм эмне болсо болсун сени жоготсом да мейли бул дуйнодо жоктой жашай алаар бекем
#5683 22 Октябрь 2020 - 04:58
Ниетти түз коюш керек да адам деген. Бир нерсе десең эле "биринчи төрөп алчы, анан ошол маалда баарын бүтүрөбүз"
эле дешет. Алып растап кое берейин десең эле баса калат, кой деп. А мен жаман көрөм бүгүнкү күн менен жашаганды. Бир аз алдыга жакшы үмүт менен план кылып кое бериш керек да. Же эмне үйүңө конок келатса, келе жатканын билип туруп, "не болуп кетет жолдо, азыр келишсин анан дасторкон жаям" деп отура бериш керекпи..?
Эжеме сууй түштүм…" аман-эсен төрөп ал, бирөө 8айлык болгондо боюнан түшүп калыптыр" дейт. Жат бирөө айтса, кулакка да илбейт элем, бирок, мамамдан кийинки мага мама боло турган адам ушинтсе нес болот экенсиң киши. Бир нерсе айтып сүйүнсөң эле тетири бир жагын таап турат. Ээх мамам эч качан минтип айтмак эмес деп ич ичимден эзилип жүргөн кезим… Уже күйүтүмдү эле эмес, сүйүнүчүмдү да ичке катканды үйрөндүм (ичиме батпай баратканда минтип сен менен бөлүшмөй). Тайатам неге каткырып күлбөйт, неге жылмайып эле тим болот деп таң калчу элем кичинемде, көрсө, жашоо баарын ичиңе катканды үйрөтүп коет экен го...

В каждой шутке есть доля правды...
#5684 22 Октябрь 2020 - 05:01
А менде кайрадан уйку жок. Адашпасам төрт саат болду окшойт чекчейип жатканыма...
Ойгоо жатсаң ар балээ оюңа келе берет тигинтип..))
В каждой шутке есть доля правды...
#5685 22 Октябрь 2020 - 06:03
.
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 22 Октябрь 2020 - 06:04
В каждой шутке есть доля правды...
#5686 22 Октябрь 2020 - 18:53
Ушул кунду, ушул мунотту коруп, сезип, даамын татып жатканым учун Аллахыма шугур.Же кубанаарымды же ыйлаарымды билбейм айтор башкача сезимдер.
Ал мени итсин деди,ооба дедим,
Жон гана тээрикпестен кулуп туруп.
Не кылам аны менен жаакташып,
Мен анын ит экенин билип туруп.
Жон гана тээрикпестен кулуп туруп.
Не кылам аны менен жаакташып,
Мен анын ит экенин билип туруп.
#5687 24 Октябрь 2020 - 09:26
Салам кундолук. Сагындынбы?
Мен дагы сагындым!
Канча кун, канча ай, канча жыл отту корушпогонубузго.
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
#5688 24 Октябрь 2020 - 13:33
Нервимди деп бүтүштү! Ушулардан көрдүм бош, арамза эркектерди.
#5691 27 Ноябрь 2020 - 22:26
"Силер эч ким эмессиңер, бул конституцияны бузбаш керек, конституцияны алмаштырып мыйзамга каршы келип жатасыңар"
деп өзү жазган мусор конституциясын,
мыйзамын КУДАЙдын мыйзамынанда жогору койуп алганго шордуу. Керек болсо баш мыйзамды, конституцияны ар беш жылда бир алмаштырып туруу керек! "Баш мыйзамды алмаштырганга эл каршы чыгып жатат" дейт, кайсыл эл каршы чыгып жатат?)), элдин баары сени жек көрүп, мыйзамыңа түкүрүп жататко, йутуптун ачсаң эле сага түкүргөн видеолор)). Ушу Адахан экөөң чоң аренадан бет тырмап эч эле жоголгуңар келбейт экен!
#5692 27 Ноябрь 2020 - 22:32
Салам күндөлүк!
Биз жакшыбыз буйруса. Жакшы кыймылдайбыз,
жакшы эс алабыз. Күн өткөн сайын "батпай кыйналат го" деген ой пайда болду, эмитен эле өпкө, кабырга боорду тепкилей берип, эзип коюшту)). Макул, баарына чыдайбыз го. Эне бала үчүн жанын бергенге да даяр эмеспи... Ушулар деп жашайбыз...
В каждой шутке есть доля правды...
#5694 05 Декабрь 2020 - 00:51
Салам күндөлүк! Мен бүгүн бүт ааламга сүйүү тартуулагым келип турат!
Т-т-т! Көз тийбесин!
В каждой шутке есть доля правды...
#5695 22 Декабрь 2020 - 01:16
Кечээ эле күн өтпөй, саат секунд санап аттым эле, бүгүн уже маарага жетели деп калдык. Күндүн кандай өткөнү билинбейт. Быйтыйган буттары менен курсагыма чыгып алып ары-бери жүгүрүп жүргөндөй эле сезимдер. Үч күндөн бери ашыкча кыймылдап атабыз... Кыймыл жок болсо да коркосуң, көп кыймылдаса да коркосуң... Айтор, жума күнгө аман-эсен жетели, УЗИден көрүшөбүз буйруса.
В каждой шутке есть доля правды...
#5696 22 Декабрь 2020 - 11:02
Биринчи кош бойлуулугумлу күн санап күтөт элем,качан ичим билинет,качан кыймылдайт врачтын чакырган күнүң күн санап күтөт элем.Азыркыда негедир аябай күн бат өтүп жаткансыйт.
..
#5697 22 Декабрь 2020 - 13:26
Окуп келатып... бул жакка жалаң кош бойлуулар жазышы керек беле деген да күдүк ой келбей койбойт экен."Кантип эми? Кош бойлуу болуш керек?.." деген ой (дэээ).
Күндөлүктө (памойму) паштишто баары өз арман-муңун жазышкан болушу керек.Мындай сүйүнүч, позитив, ништяк кабарларды жазгандар жокко эсе го?..Болгон күндө да ошондой жазмалардын пайыздык эсебин бир аз көбөйтүп койсом.
Эу, күндөлүк! Менямда хаммаси зор.
Баары ништяк.
Кудайга шүгүр.Альхамдулиллях!
Үйдө тынчтык. Алганым, анын төрөп бергендери баары аман-эсен. Оору-сыркоодон алыс. Өзүм кардым ток.
Жүрөктө бейпилдик.
Ишимде стабилдүүлүк.
Болгону эле Бишкекте смог болгону эле настэйна кыловатат да, чорттуку десе.
Кыларга иш жок калгансып, эл эбак таштап кеткен бул платформага кирип жазып аткандагы кербезим.Кол кадыресе кычышып калыптыр..
Ошо. Бул жерге жалаң (колдон келсе албетте) жакшы жаңылыктарды жазып турууну баарыңарга насип этсин.
Жакын арада көз жарчуларга да ийгилик!
Баары жакшы болот.
Наристе жыты - эң сонун жыт.

> Mен эл менен <
#5698 22 Декабрь 2020 - 15:00
Мен бүгүн жазайын. Бул күндөлүк жазуу деген нерсе менен мурда көп алектенчүмүн,
канчасын отко жагып жоготтум. Бирок азыр мындай нерсе жазууну унуткамын.
Ооба, тиричиликтин артынан тырмышып чуркап, жан дүйнөнү сугарууну унуткандаймын.
Кээде чарчап калам, кара күчүм кеткенден эмес, жан дүйнөнүн курсагы ачкандан. Чуркоо менен жүрүп бактылуу учурларды, айрыкча жаштык кезди кармап калууну такыр унуткандаймын.
Эрте карып алдымбы? Алдыда 30 жаш колун созуп келатат. Илгери 30дагы эжелер улуу көрүнчү эле, көрсө, жаш эле болот турбайбы)
Карыгым жок. Дегеле кичинемден карыгым келчү эмес, карыбай эле, жаш эле өлүп калгым келчү. Балалыктагы баёо сезим эмнеге ушундай ойго түртүп жүргөнүн билбейм. Азыр жашагым келет... Жөн эле жашай бербестен, маңыздуу жашагым келет...

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 22 Декабрь 2020 - 15:01
#5699 24 Декабрь 2020 - 03:17
Эртең бара турган жерим көп эле... Бирок, мени быйтыйган буттар жана колдор уктатпай атышат. Бокс, плавание, футбол, бег айтор олимпиада оюндарына машыгып атат окшойбуз).
В каждой шутке есть доля правды...
#5700 01 Январь 2021 - 22:02
Бек Борбиев менен супер.инфо жарашканго,
тынбай эле Бекти мактап чыгара баштаптыр!