Жүрөгүм...
#1 28 Февраль 2021 - 20:35
"Жүрөгүм..
."
Автор: Жалгызым(Назик). ..
Уңулдап чыккан үнүн жаңыртып тез жардамдын унаасы Чикаго шаарынын көчөлөрүндө зымырап баратты. Ичинде болсо көзүнүн жашын он талаа кылып ыйлаган Кызгалдак. Колдору менен кошо кийген апакай көйнөгү, жүзү да канга боёлгон. Узун болуп жаткан жигиттин колдорун бекем кармап алып жалбарып бара жатат.
-Суранам өлбө! Өлбөчү жаным?! Сен өлбөшүң керек! Медер! Медерим?!
-Сактап калгыла?! Суранааам?! - жанындагы тез жардам кызматкерлерге үмүттүү карап англис тилинде жалдырап жатты. Алар болсо кудум Кызгалдакты укпагандай өз жумуштары менен алек. Аңгыча аппак мончоктор менен кооздолгон чакан сумкасындагы телефону чырылдап жатты.
Кан болгон колдору менен телефонду алып кулагына такады.
-Апаа?! Апааааа... - көз жаштары куюлган абалында аптыгып оозуна башка сөз келген жок.
-Кызгалдак? Алло? Эмне болду? - телефондун ары жагынан жаңырган аялдын үнү да саналуу угулду.
-Биз.. мен.. Медерди ооруканага алып бара жатабыз. Төртүнчү госпитал, - дегенде ары жактан да чаңырган үнгө удаа ызылдаган үндөр угулуп байланыш үзүлдү.
Ооруканага жетип жигитти каталка менен сүйрөп кирип бара жатышты. Медердин колдорун кармаган Кызгалдак энтигип жанында келе жатат.
-Медер мен сени менен! Таштай көрбө мени?! Сен күчтүүсүң! Жаным Медерим! Ичкери киришкенде эле Медердин апасы менен атасы тосуп алды буларды. Кызгалдактын абалын көрүп Чүрөк эстен тана жаздады.
-Силерге болбойт бул жака! - деген медайым операция жасалчу бөлмөнүн оозунан Кызгалдакты токтотту.
-Медееер?! Медерим!
Артынан чуркап келген Чүрөк ичкериге жүткүндү эле кармап калышты.
-Апааа...
-Эмне болдуңар деги?
-Апа.. биз билбейм. Көз алдымда болду. Медерди тебелеп өтүп кетпедиби... - Кызгалдак сөзүнүн акырына жетпей ыйлап жиберди. Чүрөк ошол жерде теңселе калды эле аны да, Кызгалдакты да өзүнчө палатага алышып экөөнө тең тынчтандыруучу укол жасашты.
-Менин назик Кызгалдагым! Гүлүм...
-Ушинтпечи.. .
-Эмне андай эмеспи?
-Ысымым өзүмө жакпайт. Эмнеге мынтип коюшту экен?
-Мага жагат. Кызгалдагымсың менин! - деген Медер адатынча кыздын чачтарын уйпалап жиберди.
-Эээй!
Кызгалдак чоочуп ойгонду. Аппак бөлмөдө колуна асма укол сайылып жаткан экен. Алгач кайжерде экенине акылы жетпей турду да, бир нече убакыт мурун көз алдында болуп өткөн кандуу окуя эсине түшүп керебеттен атып турду. Колундагы уколду сууруп алып, чуркамакчы болду эле негедир буттарынан ал кетип шалдырайт. Бирок ага карабай эле эшике карай жүткүнүп баратты. Мына эшике жетип аны ачты. Узун аппак коридор. Ары бери өткөн ооруканын кызматкерлери. Дубалды кармап эс мас абалда басып баратты. Медерди алып кирген реанимациянын эшигине жете берерде ал жерде топтошкон өздөрүнүн досторун көрдү. Баары жасанып алышканч бирок көздөрү жашка толуп турушат.
-Кызгалдак! - деди бери чуркаган досу Элиза.
-Медер кандай?
Өзү араң турса да сүйгөнүн сурады.
-Операция бүтө элек...
-Өлбөйт! Өлбөшү керек! Өлбөөө дейм!
Кызгалдак жерге олтура калып кыйкырып жиберди.
-Доктор, докторду чакыргыла!
-Жоок! Уктатпагыла мени! Кереги жок! Уктабайм мен! - Кызгалдак ансайын кыйкырып жатты. Тапырап келген эки үч медайымга кошулуп доктор Кызгалдактын колуна укол жасашты.
-Өлбө Медер...суранам. - кыздын көздөрү аңтарылып баратты.
Аппак булуттар. Өзү да апакай көйнөк кийип чачына гүлдөрдү тагып алыптыр. Тигине Медер турат. Ал да аппак кийинип алган. Кучагы толо кызгалдак.
-Сен кайдан таптың бул жактан буларды? - деди кыздын көздөрү жайнап.
-Сен үчүн таптым жаным!
-Соонун рахмат.
-Кызгалдагым!
-Ооу?
-Мен сени сүйөм унутпа э?
-Ыкы, унутпайм. - деди Кызгалдак жер тиктеп.
-Сенчи? - деп башын көтөргөндө Медер жанында жок болуп калды.
-Медееер? Медееер дейм?
Аңгыча эле "кыыыыйч" - эткен катуу үндөн селт этти. Караса кыпкызыл канга боёлуп Медер жерде жатыптыр.
-Ааааа! - чуркап жеткен Кызгалдак жигиттин көкүрөгүнө жармаша ыйлап жатты.
-Кызгалдагым! Мен бул жактамын!
Жерде жаткан денесинен бөлүнүп турган дагы бир Медер ары жакта аппак кийинип жылмайып кызды карап туруптур.
-Сен...сен, - деген кыз ордунан туруп ошол жака чуркап баратып ойгонуп кетти.
Караңгы болуп, күңүрт тарткан бөлмөдө жалгыз жатыптыр. Дагы ордунан туруп чуркап жөнөдү. Эшике жете берерди Элиза кирип келди.
-Медер! Операция?
-Бүттү, ал комада, - деди Элиза көзүнөн жаштары агып.
-Өлбөйт Медер! Өлбөйт!
Кызгалдак ушул сөздү кайталай берди.
********
-Алло?
-Уйкучу гүлүм менин кутман таң!
-Жөөнчүү, неге чалдың? - деди кыз уйкусураган үн менен эркелей.
-Чунак кыз бүгүн экөөбүз үчүн маанилүү күн, кантип уктап жатасың сен?
-Эмне күн экен?
-Биздин тоюбуз болчу күн! - жигиттин үнү шаңдуу чыкты.
-Мен ойлонуп бүтпөдүм толук.
-Даярдааан, мен эки сааттан соң сага барам.
Телефонду койгон Кызгалдак бактылуу жылмайып алды. Маңдайында апакай үлпөт көйнөгү илинип турат. Атайы Медер экөө барып тандашкан. Андай деле парпырап көрктүү эмес. Бирок экөөнө тең көргөндө эле жаккан үчүн алышкан.
-Уйкучу кызгалдак тур эми! - деген курбусу Элиза кирип келди.
-Сен да ушинтпечи.
-Бол эми, сенин чачыңды да жасалгалоом керек. Анан сулуу кылып жүзүңдү боёшум керек.
-Жок,кереги жок. Мен боёксуз эле.
-Ооба, сен боёксуз эле сулуусуң.
Эки курбу кыткылыктап жатып даярданышты. Медер менен Кызгалдактын тою окууларына байланыштуу чет өлкөдө болуп жатат. Экөө мектеп убагынан бери чогуу жүрүп эгиз козудай ээрчишип чоң окууга да бирге өтүшкөн. Кийин чет өлкөгө атайын келишимдин негизинде экөө тең окууга өтүп, бул жакта жашап калышты. Көп жылдардан кийин ата энелердин уруксаатын алып мынтип эми баш кошкону жатышат. Бул жака ата энелерди гана чакырып чакан үлпөт өткөрүп, чоң тойду Кыргызстанда өткөрүүнү пландашты.
Эшиктин коңгуроосу басылды.
-Мына Медер келди.
-Аябай эле пунктуальный да болочок күйөөң. Кыргызга окшоп кечигүүнү билбейт. - деди Элиза тамашалап эшикти ачып жатып.
-Кана менин Кызгалдагым? - деген Медер жадырап кирип келди.
-Мына мен, - Кызгалдак апакай көйнөгүн кийип чуркап чыкты.
-Оооуу сен кызгадак эмес, аппак гүлкайыр болуп кеткенсиң го?
-Жөнөгүлө эми батыраак эркелешпей.
Экөө колтукташып чыгып кетишти. Бир ай мурун Чикагодогу атайын элчиликке таштаган арыздын негизинде бүгүн барышып үйлөнгөндүгү тууралуу күбөлүктөрүн алышты да, атайын мечитке барып нике кыйдырып чыгышты.
-Эми сен бүтүндөй мендиксиң гүлүм! - деди жигит кыздын саамайынан искеп.
-Бактылуусуңбу?
-Аябай...
-Сүйөм дечи?
-Сүйөм!
Экөө шыбырап сүйлөп жатышты.
Колдорун бекем кармап алышып шаар айланып жүрүшкөн. Сейил бактан чыга берерди чоң жолдун аркы бетинде Кызгалдак жакшы көргөн таттуу сатылып жатканын көрүп Медер Кызгалдыкты кучактады да:
-Азыр келем! - деди жубайынын жүзүнөн сүйүп.
-Токтотчу, - кыз негедир кыйылып колдорун коё бергиси келген жок.
-Жегим келген жок.
-Сен жакшы көрөсүң го? Азыр бат эле.
Медер чуркап кетти.
Таттууну алып кайра жолдон өтүп келе жаткан, аңгыча жарыша келген эки унаанын бири жолдон учуп чыгып дал Медерди басып өтүп кетип сүрүлүп барып токтоду. Мунун баары Кызгалдактын көз алдында болду. Колуна таттуу көтөрүп жылмайып бактылуу келе жаткан Медер көз алдында канга боёлуп жерде жатат.
-Ааааааа!! !
Чаңыраган кыз ошол тарапка чуркады. Жетип келип эле Медерге жармашты.
-Медееер!
Жигиттин көздөрү аңтарылып бараткан экен.
-Жоооок! Жооооок!
Топтоло калган эл ызылдап тез жардам чакырышты. Канча убакыт өткөнү белгисиз бир убакта барып тез жардам келди....

#2 28 Февраль 2021 - 20:36
*******
-Апа эгер мага бир нерсе болсо...
-Антпейт балам! Буйруса донор табылды, баары жакшы. Көрөсүң бул күндөрдү көрбөгөндөй болуп кетесиң.
-Апа, кокус дейм. Мага бир нерсе болсо Гүлжанды сага тапшырамын. Аны билесиң го өжөр.
-Мейкин дейм.
-Апа, сөзүмдү айтып алайынчы, Гүлжан сыртта жүргөндө, - оозундагы аппаратка уланган кислородту колдору менен алып араң сүйлөп жатты Мейкин. Бозоргон өңүнөн тер кетип алсыз энтигип калган.
-Жалгызым, көрөр көзүмсүң уулум! Сен үчүн мына мен жүрөгүмдү сууруп берем!
-Апа ыйлаба дейм! Сен алсыз болбочу. Сен күчтүү аялсың, мындан кийин да күчтүү бол! Тиги Гүлжанды өзүң кара... ал тентек менден кийин бир нерсе болуп албасын.
-Балам менин... сага берген дартты неге мага бербеди экен? Атаңдай адам болсун деп тилек кылгам, бирок өмүрүң ага окшоп калуусун каалабагам уулум!
-Апа, мен силерди жакшы көрөм!
Мейкин 22 жашта. Туубаса жүрөгүндө кемтик менен төрөлгөн. Мунун себеби генден өткөн деп түшүндүрүштү. Анткени атасы Азиздин да жүрөгүндө кемтик болчу, үйлөнүп жалгыз уулду болгондо жүрөк оорусунан оо дүйнө салып берген. Андан бери Сейил уулун өзү жалгыз тарбиялап чоңойткон, бирок бала бой жеткен сайын анын жүрөк оорусу күчөп, козгогон сайын апасынын жашоосу кыямат болот. Жылдап иштеп акча чогултуп, туугандарынын жардамы менен 22 жашында жүрөгүн алмаштырганы мынтип чет өлкөгө учуп келишти. Мына оор, тагдырын чечүүчү операция алдында жатат. Апасы менен кошулуп, бала кезинен чогуу өсүп жанында жүргөн Гүлжан да келген. Саналуу гана мүнөттөрдөн соң операция башталат...
-Гүлжан, - деди алдында олтурган кыздын жүзүнө колун тийгизип.
-Сага ыраазымын!
-Эмне коштошкуң келдиби?
-Жок, жай гана сага ыраазы экенимди айтайын деп.
- Же колумду сурайын дейсиңби?
-Макул болосуңбу?
-Аны сен операциядан ойгонгонуңда айтамын э?
-Ойгонбой калсамчы...
-Жообумду уккуң келеби?
-Ооба
-Анда ойгон. Мени таштап качайын дейсиңби?
-Гүлжан, апамды сага тапшырам! Мен сени..
- Чышшш! - деген кыз назик алакандары менен жигиттин сөзүн токтотуп оозун жаба калды.
-Баарын ойгонгонуңда айтасың...
-Мен болгону ойгоно аламбы деп коркуп жатам. Ойгоно алсам кандай болот деп коркуп жатам. Башка жүрөк менен. Мен... мен сени жоготуп алгым келбейт Гүлжан!
-Жоголбойм. Мен сени менен болом! Сөз берем....
Чык- чык. Чык- чык.... Операция болуп жаткан бөлүмдүн маңдайына илинген чоң сааттын үнү гана угулуп турду. Сейил үчүн биринчи жолу сааттын үнү ушунчалык жагымсыз сезилип жатты. Жулуп алып ыргытып, бут алдына таштап туруп талкалап салгысы келди. Ичкериде болсо уулу. Каны, жаны, жүрөгү менен тең болгон жалгызы өмүр менен өлүмдүн ортосунда жатат. Анын денесин кескилеп мээримдүү жүрөгүн алмаштырып жатышат... " Оо кудай! Суранам, жалынам! Жалбарам баламды алып койбо менден!" Чыдамы түгөнгөн эне узун коридорго чөгөлөп олтура калып колдорун жайып ыйлап жиберди.
-Апааа... - чуркап келген Гүлжан колунан кармап тургузду.
-Аз калды апа. Көрөсүз Мейкин бизге кайтып келет...
Аңгыча дал Мейкин операция болуп жаткан бөлүмдүн эшигинин үстүндөгү кызыл чырак өчүп жанып, уңулдаган сигнал берип жатты. Бул жүрөк үшүн алган сигналдан Гүлжан менен Сейил жарыша ордуларынан обдула туруп бери чуркашты. Көп өтпөй топтошкон беш алты дарыгерлер шашылган боюнча ичкери тапырап кирип кетишти. Сыртта турган Сейил менен Гүлжандын ыйламсырап жаадыра берген суроолоруна бири да жооп берген жок. Бир аз өткөн соң баягы дарыгерлер бирден чыгып кетип, акырында Мейкинге операция жасаган дарыгер тердеп, чарчаңкы абалда баш кийимин колуна мыкчый кармап чыкты.
-Доктор! - деди Гүлжан алдына жетип келип. Англис тилин жакшы билгендиктен тартынбай сүйлөп жатты..
-Мейкин... абалы кандай? Операция бүттүбү?
-Менин бөлмөмө өтүп сүйлөшөлү, - деген дарыгер экөөнөн тең көздөрүн ала качып алдыга басты. Артынан Гүлжан Сейилди колтуктап жөлөй басып баратты.
-Сиз жакшысызбы? Балким жардам керек, тынчтандыруучу укол, даары... - деген Альбер аттуу доктор Сейилге кайрылды. Аны Гүлжан которуп берди.
-Жок мен жакшымын, балам кандай?
Гүлжан Сейилдин сөзүн докторго которуп берип аны үмүттү карап олтурушту.
-Организм донор жүрөктү кабыл албай койду, - деди Альбер башын жерге салып.
-Кандайча кабыл албай? Сиздер текшергенде түшөт дегенсиздер го? - Гүлжан кантип кыйкырып жибергенин билбей калды. Жанында олтурган Сейил эч нерсеге түшүнбөй бирок Гүлжандын абалынан эле жаман нерсе болгонун болжооду.
-Балам өлүп калдыбы? Оо кудай балааам?!. .. - деген Сейил кыйкырып ыйлап жатып эстен танды. Альбер жана эки медайым келип Сейилге укол жасап аны палатага алышкан соң Гүлжан менен кайра сүйлөшүүнү улантты.
-Биз алган анализдер менен донор түшүү керек болчу. Баары жүз пайыз туура келген. Биз ишенимдүү элек.Бирок тилекке каршы дал операция учурунда жүрөктү жайгаштырганда аны организм кабыл албай койду. Биз буга чарасызбыз. - деди Альбер колун жайып өкүнүү менен.
-Кантип ушундай болсун? Азыр Мейкин кандай абалда? - деген Гүлжандын үнү титиреп чыкты. Колдорун да майда калтырак басып турган эле.
-Ал азыр аппаратка уланган үчүн тирүү. Тагыраагы биз аны 72 саат убакыт кармап тура алабыз. Бирок андан ары...
-72 саатта кайдан башка донор табылат?! - эми Гүлжан чындап кыйкырды. Бүткөн дене бою калчылдап, көзүнөн жаштары чууруп жатты.
-Мэм! Биз колдон келгенин жасадык. Бир күн мурун биздин госпиталга оор автокырсыктан жабыркаган бала түштү. Чынында абалы өтө оор болгонго бүгүн үзүлдү. Жашап кете албады. Анткени баш мээси, денесинин башка бөлүктөрү жараксыз абалга келген. Аны да аппарат менен кармап турушат. Бирок жүрөгү таза, соо. Менимче ал дагы силердин өлкөңөрдөн болот. Жашы Мейкинден 4 жашка чоң. Жүрөк менимче түшөт...
-Эмне? Сиз өлө элек адамдын органын алмаштырганы жатасызбы? - деди Гүлжан ишене албай.
-Кудайдын буйругу менен болгон иштерде инсан, ошону менен медицина ар дайым эле жардам бере албайт. Бул учурда жөн гана сыйынуу керек. Бирок бир убакта эки өмүрдүн тең кыйрашына карап турбай, жок дегенде бирөөнү сактап калууга себепчи болгон болсок бул чоң жетишкендик. Ал жигитти куткара албадык, ошондой эле силердин жигитти да куткара албай жатабыз. Бирок анын жүрөгү Мейкинди сактап кала алат. Мэм, силер алар менен сүйлөшүп көргүлө убакыт өтө аз... - деген Альбер көз айнегин такты.
Дарыгердин бөлмөсүнөн араң чыккан Гүлжандын көзүнөн тамган жашы салаалап токтобойт. Көз алдында Мейкиндин бозоргон жүзү. Сейил апанын көз жашы. Дубалга сөйөнгөн абалда кыйла ыйлап турду да бир убакта болгон күчүн жыйып доктор айткан кабаттагы реанимацияга баратты. Алыстан эле ал жердеги топтошкон адамдарды көрдү. Сейил апа менен чамалаш аялды өзүнө окшогон жаш кыз колтуктап туруптур. Баарынын көзүндө жаш. Гүлжан аларга жетпей артына бурулду. Кайра Альбердин алдына кирди.
-Ал үй бүлөө менен жолуктура аласызбы бизди?
-Албетте...
Көп өтпөй төрт беш дарыгер менен Гүлжан, Сейил жана Кызгалдак менен кошо Медердин ата энеси бир бөлмөдө олтурушту.
-Кантип?! - деди Медердин атасы азыр эле дарыгерлер айткан сунушту акылына сыйдыра албай.
-Бул деген мүмкүнчүлүк!
-Кайдагы мүмкүнчүлүк? Балам дем алып жатат! Анын жүрөгүн тирүүлөй сууруп бер дегени турасыңарбы? !
-Сэр, сиз туура эмес ойлонуп жатасыз. Балаңызды аппарат менен сактап турабыз. Ал дем алууну токтотту. Биз убактылуу гана аппаратка улап койдук. Өмүр бою аппаратка уланып жата албайт.
-Керек болсо жатат.
-Ага караганда жүрөгү согуп турганы маанилүү эмеспи?
-Эч качан! Эч качан балама азап берүүңөргө жол бербейм! Ансыз да денеси майдаланып кетиптир - деген Чүрөк чаңырды.
-Суранам!? Жалбарып суранам ыраазы болгула?! 72 саат убакыт өтүп баратат. Сиздердин да уулуңар болсун! Бар дүйнөм, бардыгым ушул балам. Сиздер ыраазы болуңуздар. - деген Сейил Медердин ата энесинин алдына чөгөлөп олтуруп ыйлап жатты.
-Медердин жаны үзүлгөн, жүрөгүн гана кармап турабыз аппарат менен ыраазы болгула, уулуңуздардын жүрөгү башка денеде согуп турсун.
Кызгалдак менен Гүлжан жөн гана көз жашын төгүп бирин бири карап турушту. Узака созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин гана акыры Медердин жүрөгүн Мейкинге коюга макулдугун беришти.
Кызгалдак дарыгерлерден суранып операция алдында Медерди көрүүгө уруксат алды. Тийтилдеген аппарат жаңырган реанимация бөлүмүндө сүйгөнү жатат. Бүт денеси таңылган, ачык жери болсо таанылгыс болуп көгөрүп кеткен. Бир күн мурун эле жадырап турбады беле?
-Медер? - деди ыйлай бергенден үнү бүтүп калган кыз шыбырап Медердин жанына олтуруп.
-Көзүңдү ач. Өлбөчү суранам. Сен мага сөз бергенсиң Медер. Жаныңдан куусаң да кетпейм дегенсиң.
Кызгалдактын көз жашы эрксизден куюлуп жатты.
-Ойгончу, Кызгалдагым дечи... чачтарымдан уйпалачы. Медер, кел урушабыз. Медееер дейм! - кыздын шыбырап ыйлаган үнү озоңдоп жаңырып бүт бөлмөнү көтөрдү. Ишене албай жатты, ишенгиси келбеди. Кудум Медери азыр жарк эте күлүп тура калып адатынча Кызгалдагым деп кызды жүдөтүп эркелетип ойночудай болуп турду.
-Жоооооккк?!
Сырттан келген дарыгерлер жерде аппак көйнөк кийип чачы жазылган кызды көтөрүп алып чыгып кетишти.
Кайрадан операция... күтүү. Чыкылдаган сааттын жагымсыз үнү. 12 саатка созулган операция ийгиликтүү өттү. Медердин жүрөгүн Мейкинге коюшту.
Кызгалдак Мейкин жаткан бөлмөгө баш бакты. Акырын басып келген кыз жигитти кыйла тиктеп турду.
-Сен эми ушул денеде согуп жатасың жарыгым. Ушул дененин ичинде жашап жатасың. Сен мендик эмес мендиксиң! Мени сүйгөн жүрөгүң бөтөн денеде, бөтөн жанды сүйөт. Кечир жаным! Эми сага жакын жүрүүгө акым жок. Бир гана суранаарым башка ооруба. - Кызгалдак Мейкиндин колдорун кармады.
-Ал эми сен менин, мага тиешелүү болгон жүрөктү абайла. Аны оорутууга жол бербе. - деген кыз көз жашын агызып чыгып кетти. Кызгалдак чыгып кетери менен Мейкиндин колдору болор болбос кыймылга келди.

#4 28 Февраль 2021 - 22:30
#6 01 Март 2021 - 17:37
#10 16 Апрель 2021 - 04:48
Автор бул чыгарманы унутуп калдынызбы?
Баарыныздардын кармаган орозонуздар кабыл болсун.
#11 17 Апрель 2021 - 03:43
#12 18 Апрель 2021 - 23:24
jindirak (28 Февраль 2021 - 22:30) жазган:
Болобу
*******
Асман түнөрүп, түрмөктөлгөн булуттар күндүн көзүн көрсөтпөй табийгат укмуш сүрдүү. Кыязы Кызгалдактын кайгысын өз туулган жери, ага кошулуп жаратылыш да билип, сезип, аруу бойдон ааламга сыйбай учуп кеткен сүйүүсү үчүн аза күтүп тургандай. Төгүлүп ыйлай албай буулугуп, бүтүн өкүтүн ичине катып, кээде гана күчү жетпей кеткенде көздөн жаш сызылган сымал бир эки тамчы тамызып турган мына бу миң сырдуу, миң сулуу аалам да Кызгалдакка кошулуп анын Медерин жоктоп жаткан өңдүү. Тигилген боз үйдүн бурчунда бүлдүркөн эриндери чүпүрөктөй болуп бозоруп, ыйлай бергенден көздөрүнүн ичи кызарып, кабагы шишип кеткен Кызгалдак олтурат. Сыртта болсо Медердин жаназасы окулуп жаткан... Кече гана ушундай молдо экөөнө дуба окуп никесин кыйбады беле? Кызгалдак анда көздөрү жайнап, башына ак үлбүрөгөн жоолук менен жер тиктеп олтурган. Эмичи, бир көз ирмем убакытта ак жоолугу карага айланып, бактылуу жар деген сыймыктуу аты өчүп, тал чыбыктай ийилип көктөп турган мезгилинде мынтип кара жамынып жесир атка конуп олтурат. Аттиң дүйнө кемдигиң ушул белем?!... Болбосо экөө мынтип ата - энелерин жер кучактатып боздотуп, кайгысын көбөйтүп түйшөлтпөй, тескерисинче аларды бактылуу кылып, бири келиндүү, экинчиси күйөө балалуу кылып, көптөгөн неберелүү кылабыз дешпеди беле?.. Мына бул боз үй азага эмес, тойго тигилип, экөө ээрчишип ысырык салынып аласталган көшөгөгө кирүүлөрү керек эле...
Сырттагы топтошкон эркектердин арасынан:
- Уулумдун аласасы болсо кечтим, бересеси болсо менден сурагыла! - деген Медердин атасынын үнүн угуп селт этти кыз. Олтурган ордунан атып тура калган Кызгалдак өзүнүн кайда олтурганына акылы жетпей, айланасын чоочуркап карап алды да мас немедей теңселе сыртка жүткүндү. Кийген кара көйнөгүнүн узун этегине чалынып жыгыла калып кайра шашыла ордунан турмакчы болгон кызды эки - үч аял колтуктан жөлөп тургузушту.
-Кагылайын эч нерсе жебей алы кетип калган го, - деди бири Кызгалдактын жүзүнөн сылап.
-Балаам ааай, баалааам. Мен куруюн балааам! - деп озоңдоп ыйлаган үндү уккан Кызгалдак эки жагында өзүн жөлөп турган аялдардын колунан тырмыша бошонуп эшике чуркап чыкты. Үйүлгөн эркектер эми гана жерде турган табытты көтөрмөкчү болуп жатышкан экен.
-Жооооккк?! - деп кыйкырып жетип келген кыз өзүн табыттын үстүнө таштады.
-Алып кетпегиле суранааам?! Жооок!!!
Кызгалдактын жүрөк титиреткен ыйы менен аянычтуу абалы ошол жерде тургандардын баарынын көздөрүнөн жаш куюлтту.
-Курган кыз ай!
-Жараткан сүйгөн жарынан эч кимди ажырата көрбө! - деген күбүр үндөр каптап жатты.
-Жүр кызым, өзүңдү колго ал. Жараткандын буйругу, баш ийбегенге чарабыз жок, - деген жашы улуу аял менен келин келип Кызгалдактын табытты кучактап өксүп жаткан жеринен бери алышты.
-Суранам жүзүн бир көрүп алайынчы?! Бир эле жолу көрсөткүлө! Акыркы жолу... - деген кыз жанындагыларга жалынып жатты. Кызды кайраттуу кармап турган аял да кучактап турган колдору болор болбос калтырап ичинен өксүп, тамыры миң жеринен сыздап жатканын билдирбегенге аракет кыла башын бийик көтөрүп турду. Табыт көтөрүлүп эркектер бир аз узаганда:
-Медееееееерррр? ! - деген кыздын ачуу чаңырыгы угулду . Бул деген эң оор жоготуунун үнү эле. Бакытты, сүйүүнү, өмүрүнө тете адамды түбөлүккө жоготуунун жаңырыгы. Ага удаа эле асман да күңгүр эте бир силкинип катуу чагылган болуп өттү да жамгыр шатырап төгүп кирди. Жерге олтура калып түйүлгөн муштумдары менен өзүн ургулап, аппак узун манжалары менен жерди тытып ыйлап жаткан кызды сооротууга эч кимдин чамасы келбей жатты.
-Медеееер?! Медееееер дееейм! - Кызгалдак дагы катуу кыйкырды. Кыздын бул абалына ортоктош болгон жамгыр Кызгалдакка кошулуп ыйлап анын аппак жүзүн жууп көз жашы менен кошо шорголоп агып жатты...
********
-Сенин ысымыңды неге Кызгалдак деп коюшкан?
-Чоң атам кызгалдактарды жакшы көрчү экен, мен төрөлгөндө адырларды кызгалдак каптап аябай кооз болуп турган убак экен эле.
-Мен да жакшы көрөм кызгалдак, - деди көздөрү күлүңдөгөн кичинекей бала.
-Билбейм, мага ысымым жакпайт, - деди Кызгалдак да күлүмсүрөп.
-Эмнеге? Эң сонун өзгөчө ысым!
-Айылда досторум талаадагы кызгалдак, Үзүп койсо алсырайт. - деп мазакташчу.
-Бул жакта эч ким антпейт сени. Мен сага болушамын, - деди мотурайган бала да өзүн эр сезип көкүрөгүн көтөрө. Анын бул кебетесине жанында эки чачын сербейте байлап алган Кызгалдак ансайын кыткылыктап күлөт.
Кызгалдак үчүнчү класска көчкөндө атасы апасы экөөнү айылдан шаарга көчүрүп келген. Жаңы мектепке көнүшө албай жүргөн кыздын эң алгачкы досу да Медер болгон. Экөө бир класста окуп, катар салынган коңшу кабат үйлөрдө жашашчу. Кийин убакыт өтүп экөөнүн тең ата - энелери жер там сатып алышып экөө эки жакта жашап калышкан. Бирок бир шаарда, бир мектепте. Үйүнүн алыс экенине карабай Медер Кызгалдак окуган мектепке каттап окучу. Кызгалдак үйдүн жалгыз кызы, эки иниси бар. Атасы белгилүү окуу жайдын ректору. Медер да курулуш компаниянын жетекчисинин жалгыз уулу. Эки жаштын мүнөздөрү гана бири - бирине төп келбей, үй - бүлөөлөрү да туура келип, кийин жакшы катташып калышкан. Эгиз козудай ээрчише бактылуу жүргөн экөөнө кимдердин гана көзү күйбөдү, кээ бирлер көрө албай атайын экөөнүн ортолорун бузмакка не деген амалдарды кылышпады экен. Айрыкча Медерди бир көрүп эле ашык болуп калган кыздар. Ал кыздардын арасында Кызгалдактын курбулары да жок эмес. Сыртынан Кызгалдакка жылмайып күлүп билдирбей жүрүшкөнү менен Медерине баары көз артышчу. Айрыкча анын жанда жок жароокерлигине. Анан Кызгалдакка жасаган камкор мамилесине ого бетер ичтери күйүп кетишер эле. Кыздын кареги менен тең айланып сүйүп турганын көргөндө баары ушундай романтик жигит тууралуу кыялданып алышат. Кызгалдак да ошол мамилеге, ошондой таза сүйүүгө ылайыктуу кыз. Анын башка кыздардан айырмасы шарактап ашыкча күлбөй, токтоо жүргөнүндө. Анан аябай сыпаалыгында, жөнөкөйлүгүндө болчу. Байдын жалгыз кызы болсо да мачырканып жасанып башка кыздардай бой көтөрбөй жумшак, жөнөкөй жан. Үнүн катуу чыгарып сүйлөбөй, акырын сүйлөп назик күлгөн кызга ашык болгондор да арбын эле. Алардын бири Медердин досу, өздөрүнүн группалашы Жоодар...
Экөө тең чет өлкөгө окууга өтүп кеткенде Жоодар да акчанын күчү менен булардын артынан кеткен. Көбүнчө билдирбей Кызгалдакты сырттан акмалаганды жакшы көрөт. Кыздын ар бир кыймылын жөн гана алыстан тиктеп олтуруп ырахат алчу. Ал эми Медер менен кол кармашып, ага эркелеп жүргөнүн көргөндө жанын коёрго жер таппай, жүрөгү тызылдап сыйрылып кеткени ай...
*********
Күн көтөрүлүп айнекке артылган капкара пардаданын кичине ачылган кычыгынан ичкериге кирип аны жарыта албай убараланып жаткандай. Бөлмө күңүрт болуп, керебетте Кызгалдак чачтарын жазып жүзүн катып жатат. Көздөрү жумулуу бирок ойгоо. Анын мынтип жатканына толук эки ай болду. Тагыраагы Медер бул жашоодон кеткенине эки ай толуптур. Ошондон бери же тирүү болуп жер үстүндө басып, өлүү болуп көрдө жатпай мынтип жатканы жаткан. Сырт дүйнө менен бүтүндөй байланышын үзүп, атүгүл сыртта кайнаган тирүүлүк бар экенин да эсинен чыгарып салгандай.
-Кызгалдаак! Тур ай кыз! Мынтип жата берген болбойт! - деген апасы кызынын бөлмөсүнө кирип эле тартылып турган парданын ача койду. Жанатан ачылган жарым пардадан ичкерини акмалап кире албай жаткан күндүн нурлары жарк эте бөлмөнү каптап алды. Жуурканды алып жүзүнө тоскон кыз ошол калыбынан кыймылдабай жата берди.
-Кызым, түшүнөм, билем. Сен жүрөгүңдөн өткөрүп жаткан дартты мен да туюп жатам. Бирок пендебиз, жашооонун мындай мыйзамына, Жараткандын бул каалоосуна каршы чыга албайбыз. Медер бизге да уул болуп калган эле. Эми не кылалы балам?! Сени көрүп жүрөгүм эзилип жатат? Турчу, бир аз мени менен сүйлөшчү. Бизге аралашчы кызым?!
-.....
-Сени уйку сактап кала албайт.... - деген апасы бөлмөдөн чыгып кетти.
Кызгалдак ошол калыбында канча жатты белгисиз, бир убакта гана барып ордунан козголуп өйдө болду.Көздөрүн ачып башын көтөргөндө эле чачырап турган күндүн нурларына көздөрү уялып, колу менен жүзүн тосо калды. Жаркыраган күн ансайын нурларын чачып, Кызгалдактын көздөрүнөн аймалайт. Ордунан туруп келип терезени карады. Алгач эле көзүнө жашыл болуп калган бак дарактар менен короосундагы гүлдөп турган мөмө багы көрүндү. Анан терезесинин түбүндөгү чакан бакчада жазгы шамалга дирилдеп турган кызгалдак гүлү урунду. Акырын соккон шамалга да бүткөн бою титиреп, жыгылайын деп турган назик гүлдү көрүп өзүнүн абалы азыр дал ошол гүлдөй экенин билди. Тагдырдын катуу бороонуна кабылып, чыйрыгып үшүп, жерден үзүлчүдөй титиреп турса да тамырынан жулунуп кетпей турган өзүн. Баса бул гүлдүн бул жактан өсүп калышына да Медер себепкер. Бир күнү ойгонсо эле бакча тарабында эки инисинин кубанган үндөрүнө удаа Медердин күлкүсү жаңырган. Чуркап келип терезени карап эле көргөн көзүнө ишенбей кеткен. Медер атайын кызгалдактарды жери менен казып келип Кызгалдактын бакчасына жайгаштырып жаткан экен. Ошондон бери жыл сайын бул жерди да кызгалдактар каптайт. Кыздын көзүнөн чолок жашы дагы тоголонуп кулап кетти.
-Оххх жүрөгүм! Бул шаардын, деги эле жаратылыштын ар бир кубулушу сени эстетет? Анан кантип сенсиз жашаймын? - деди ыйламсырап.
#13 18 Апрель 2021 - 23:25
*********
-Мына абалыңыз бир топ жакшырып калды. Эми эч кооптонбой өз өлкөңүздөргө кайтсаңыздар болот! - деди көз айнекчен дарыгер Мейкин менен Гүлжанды жана апасын кубанычтуу карап.
-Чын элеби? Демек учакка отурууга уруксат да ээ? - деген Гүлжандын көздөрү жайнай түштү.
-Албетте, Мейкин биздин көзөмөлдө эки ай турду. Жүрөк калыптагысындай согуп жатат. Демек сарсанаа болууга орун жок. Бирок Мейкин мырза унутпаңыз, сиз дагы эле режим менен жашайсыз, бир, эки керек болсо үч жылга чейин. Ызы - чуудан, кайгылуу кабардан сак болуңуздар. Азырынча сизге толкунданууга, катуу ойлонууга болбойт. Анан барып эле ал жактагы биздин клиникабызга көзөмөлгө туруңуз.
-Сөзсүз бул нерсени жөнгө салып турабыз, - деди Чүрөк да шашып.
-Рахмат сизге! - деген Мейкин ордунан туруп жатып дарыгердин колун кысып.
-Анан... эгер кааласаңыздар сизге донор болгон адамдын дарегин беребиз.
-Албетте.
Дарыгер кичинекей кагазды Мейкинге сунду.
Кыргызстан. Траптан түшкөн Мейкин көктү тиктеди. Жаңы гана келген жаздын жанга жагымдуу буркураган илеби мурдун өрдөп, көөдөнүн кытыгылап өттү. "Кыргызстан кандай гана кооз, керемет өлкө!" - деди Мейкин. Мегаполис аталган чоң шаарда болсо да, эң кооз жерлерди көрсө да өз өлкөсүнүн абасына татыбайт экен го. Чаңы көтөрүлгөн Бишкектин көчөлөрүн сагыныптыр. Жөнөкөй көрүнгөн, карапайым жашаган калкын сагыныптыр. ..
*********
Келгенден кийин эле жеке клиникага каттоого туруп апасы, Гүлжан менен кошулуп Америкадагы дарыгер берген дарек боюнча Медердин үйүн көздөй жөнөштү. Алардын келе жатканын уккан Чүрөк өзүнчө эле алапайын таппай тыбырчылайт. Жүрөгү дүкүлдөп согуп, кудум Медери мурункудай болуп окуудан келе жаткандай өзгөчө толкундоо менен делөөрүп улам эшик коңгуроосун тыңшайт. Мына коңгуроо басылды. Эки аттап чуркап жеткен Чүрөк эшикти ачты. Алдында турган жигитти жаштуу көздөрү менен тиктеп турду.
-Саламатсызбы? - деди Гүлжан жылмайып.
-Ссаламатчылык, келгиле, кириңиздер. .. - деди Чүрөк көзүнө ирмелген жашты колу менен сүртүп күлүмсүрөп.
Конок бөлмөгө жайланышып олтурушкан соң бир сыйра ал - акыбалдарды сурашып болуп жымжырт олтуруп калышты.
-Сен жакшысыңбы балам? - деди Чүрөк үнү титиреп.
-Жакшы, жакшымын, - деди Мейкин да жылмайып.
-Сиздердин даректи ооруканадан алып жолугалы деп. Ыраазычылык билдирип өтөлү деп. Мен сөз бергенимдей Мейкин сиздердин да уулуңуздар болсун, - деди Мейкиндин апасы.
Чүрөктүн көздөрүнөн жаш салаалап агып, үнсүз гана олтурду.
-Кулунумдун жүрөгү согуп жатканы үчүн да бактылуумун. ..
Коштошоордо Чүрөк Мейкиндин маңдайынан сүйүп кучагына катуу басып алды. Андан чыккан үчөө ээрчишип Чүрөк айткан Медер коюлган мүрзөгө жол алышты. Шаардын сыртындагы мүрзөнүн жанына жете берип токтошкондо, ал жерде да ак түстөгү унаа токтоп турган экен. Мүрзөнү аралай түшкөн жалгыз аяк жол менен баратышып Медердин бейитинин башында узун караан турганы көрүндү. Жакындай бергенде кыз бала экени, ал өзүнчө сүйлөнүп жатканын билишти. Артындагы шыбырттан жалт эте бери бурулду Кызгалдак.
Көздөрү мончоктой болуп тегерек, каштары капкара, жүзү апакай кыздын көз жашына суулана ийилген кирпиктери жигиттин жүрөгүн бир тепчип өттү.
-Саламатсызбы? - деди Гүлжан.
-Саламатчылык.
-Биз... бул Мейкин. Биз куран түшүрөлү деп, - деген Мейкиндин апасы алдастай кетти. Кыздын сулуу,суз жүзүн Америкада ооруканада көргөнүн эстеди. Мейкин куран түшүрүп баары унчукпай олтуруп бата кылышкан соң, Кызгалдак кетүүгө камынды.
-Саламатта калыңыздар, - деген кыз акырын сүйлөп бейиттин башына жазылган Медердин ысымын сылап коюп басып кетти. Узун боюна кийген кийимине жарашып аябай сымбаттуу экен. Мейкиндин жүрөгү адаттан тыш катуулап согуп баштады. Ичи жалын түшкөнсүп кызып, дем алуусу кыйындап бараткандай. ..
Ал эми Кызгалдак... Медердин согуп турган жүрөгүн көтөрүп жүргөн дененин жанынан өтө бергенде жер айланкөчөк боло, көз алды тумандап барып оңолду. " Ардагым, баягы мен көкүрөгүңө башымды коюп тыңдаган сенин жүрөгүң! Мени сүйгөн сенин жүрөгүң! Бирок башка денеде. Ал жүрөктүн эми ээси бөлөк! Мен жашап жатамынбы? Айтчы? Мага тиешелүү болгон сенин жүрөгүңдү башка денеде көрүп, бирок мурункудай дүкүлдөп сокконун кубаныч менен тыңшай албайм эми! Мен дагы эле тирүүмүнбү? Кантип?" Ролду кармаган колдору болор болбос калтырап ойлору чачылып жанында өзүн мээримдүү карап келе жаткан Медери менен сүйлөшүп бара берди. Тездикти уламдан көтөрүп эң жогоркуга жетип бирок аны өзү да аңдай албай, көзүнө толгон жаштар каканактап төгүлүп жүзүнөн ылдый куюлуп жатты.
-Тездикти ашырбасаңчы гүлүм! - деди жанында олтурган Медер жумшак үн менен.
-Жашагым келбейт менин сенсиз!
-Ким айтты мени жок деп? Мен бармын, менин жүрөгүм согуп жатат!
-Бирок мендик эмес! Мага таандык эмес!
-Билгин гүлүм, бөлөк денеде болгону менен жүрөгүм ар дайым сен деп согот!! - деген Медер жылмайган абалында көздөн кайым болду.
"Кыыыыыйч! " - эте жол четине токтогон унаадан "Ааааааааа! " - деген кыздын кыйкырган үнү угулду.

#19 21 Апрель 2021 - 00:50
jindirak (19 Апрель 2021 - 15:17) жазган:
Кызып атат жаным бат баттан жазбасан болбой калды.
********
Түүүт..түүт. .түүүт..түүүт. ..
-Гүлжан?
-Оов
-Көрсө биздин өмүрүбүз ушул ийри - буйру кеткен сызыктарга байланыштуу турбайбы э? Элестет ушул сызык түз кетсе эле баары бүттү, - деди Мейкин тийтилдеген үн чыгарып андан жүрөк согуусунун абалын көрсөтүп турган кичинекей аппараттан көзүн албай.
-Мейкин жөнчү жаманды айтпай, - Гүлжан жигитинин колдорун бекем кармап алды.
-Абалыңыз бир топ жакшы, - деген дарыгер Мейкинди текшерип болуп сүйлөдү.
-Биз сизге дагы бир жолу эскертип өтөбүз, сак болуңуз. Өзүңүздү абайлаңыз. Эсиңизде болсун сиз дагы эле режим менен жашайсыз. Сизге бөлөк адамдын жүрөгү коюлган. Бул өтө олуттуу операция. Менимче силер баарын түшүнүп турасыңар?
-Албетте, башка мындайга жол бербейбиз, - деди Гүлжан шашыла.
Ал эми Мейкин болсо сүйлөөгө чамасы жоктой көздөрүн жалдыратып жата берди. Балким берген уколдун таасириби же чарчап калгангабы, азыр эмне жөнүндө сөз болуп жатканын аңдай албай, башка дүйнөгө каалгып учуп бараткандай көшүлүп уйкуга кетти.
Мүрзө башында Кызгалдак жанынан өтө бергенден кийин бир аз туруп, көөдөнүндөгү жүрөгү түрсүлдөп жулунуп чыкчудай согуп, дем алуусу да тездеп абалы начарлап кеткендиктен шашылыш ооруканага алып келишкен. Зуулдаган унаада бара жатып жол боюнда токтоп турган Кызгалдактын ак түстөгү унаасын тиктеген боюнча өтүп кеткен...
******
-Гүлүм!
-Медер?! Сенби? - Кызгалдак көздөрүн ачып эле маңдайында көздөрүн күлүңдөтө Медер турганын көрдү.
-Сен кайдан??
-Чышш акырын... жүрсөң.
Жигит кызды күтпөстөн акырын бөлмөнүн эшигин ачып сыртка чыгып кетти. Артынан Кызгалдак да жөнөдү. Үйдүн бакча тарабындагы баягы өзү көчүрүп келген кызгалдактар өсчү дөңчөнүн жанында туруптур Медер.
-Медер... - Кызгалдак ошол дөңчөгө олтура калды.
-Эмне мынча өңдөн азып кеттиң? - Медер адатынча камкорлонуп Кызгалдакты жалооруй тиктеди.
-Сенсиз кыйналдым, - деди кыз ыйламсырап.
-Чын айтам, мен сенсиз күн көрбөй саргарып баратамын. Сенин гүлүң сенин нурларыңсыз соолуп баратат. Дайым сенин жылуулугуңдун астында бейкапар жашоо кечирген мен, сенсиз бүркөлгөн асман астында жашоого күчүм жетпей баратат.
-Мен жаныңдамын гүлүм!
-Жооок! - деди кыз башын чайкап ошол ыйлаган калыбында.
-Сен жөн гана менин кыялым, иллюзиямсың! Мен сени өзүм ушинтип тирилтип алгам. Могу жердеги жүрөктү ушинтип алдап жашап жатамын! - кыз колу менен көкүрөк тушун кармады.
-Бул сенсиз бир мүнөт да жашай албайт. Сокпой калат...
-Көрдүңбү гүлүм? Адам жүрөгү токтосо гана өлөт. А менин жүрөгүм согуп жатат...
-Бирок ал меники эмес эми.
-Сеники, жүрөгүм түбөлүк сени деп согот...
Медер кыздын колдорун кармады. Дайым жылуу, жумшак болгон колдору бул жолу муздак. Дайым күлүңдөп турган көздөрүнүн алдылары да көгүш тартып карайып, мурункудай жалын чачпай суз тиктейт. Кудум жаны жоктой... Кызгалдактын бүткөн денеси ток ургандай дирт эте, Медердин муздак колдорунан чыйрыга колдорун тартып алды. Жылмайган Медердин элеси шамал айдагандай көз алдында жоголду.
-Кетпечи?? Суранам кетпе, жок дегенде түшүмдө көбүрөөк болчу...
Кызгалдак ыйлап жатты.
-Кызгалдак?!
Апасы чуркап келип бакча түбүндө бүрүшүп ыйлап олтурган кызынын үстүнө жууркан жаба калды.
-Алда кудайым ааай! Ушулардын азабын бизге берсең болбойбу? Кызым менин көпөлөгүм!
Апасы үшүгөндөн бүткөн денеси калчылдап титиреп ыйлап жаткан кызынын чачтарынан сылап ыйлай берди. Кызгалдак болсо азыр эле жанында туруп жок болгон Медердин муздак демин сезип, анын бул дүйнөдө жок экенине, эми эч качан кайрылып келбестигине дагы бир жолу ынанды...
Ошол түнү Мейкиндин да түшүнө Медер кирген. Какыраган ыссык чөлдө алы кетип жатыптыр өзү. Ушунчалык суу ичкиси келип суу деп кыйкырып жатат. Бирок чаңы асманга көтөрүлө уюлгуган эрмен чөлдө бир караан көрүнбөйт. Тамагы какшап, акыры көздөрү жумулуп баратканда бирөө башын көтөрүп оозуна тамчы суу тамчылатты. Суу ушунчалык таттуу эле. Какап кеткенине карабастан аптыгып ууртап жатты. Суусунун кандыра, өзүнө келгендей эки колун эки жака жазып көктү тиктеп жатып калды. Көрсө асман ушунчалык тунук, сулуу туура. Куштардын сайраганы да угулуп жатат. Ордунан жеңил турган Мейкин айланасын карап таң кала түштү. Азыр эле чөлдө жаткан, эми болсо айланасы кооз бакча. Ар кандай гүлдөр, куштар, анан шылдырап аккан суу... тигине бакчаны аралап кеткен жалгыз аяк жолдун тиги башында бир жигит турат. Колун көтөрүп жылмайды. Мейкин ыраазылык айтуу үчүн ал тарапка кадам таштаганда тиги жигит эки колу менен келбе дегендей белги берип, артка кетенчиктей берди. Аралык алыс болсо да көздөрүн даана көрүп жатты. Көздөрүндө чарасыздык, сагынуу жаткан жигиттин. Анан эле экөөнүн ортосунда капкара көздөрү бакырайган сулуу кыз пайда болду. Кыз колдорун алсыз көтөрө тиги жигитке сунуп кайра шалдырай түштү. Узун бойлуу сулуу кыз ошол калыбында Мейкин менен Медер экөөнүн ортосунда аларды алмак - салмак тиктеген боюнча көздөрүн жалдыратып тура берди...
Күндөр, айлар өтүп жатты. Мейкин абалкы жашоосуна акырындап кайтып келе жаткандай. Өлгөндүн жашоосу токтогону менен тирүүлөргө өмүр улана берет демекчи, жашоонун эчен кылымдардан бери жазылып калган мыйзамындай мезгилдер өз катары менен орун алмашып келе жатат. Кызгалдак мурункудай болуп бүк түшүп, баарын сарсанаага салганын койду. Элге кошулуп өз жашоосу менен алек болуп жатты. Бирок өзү табиятынан назик, эч кимге сүйлөбөгөн жан ансыз да түнөрдү. Медердин элеси менен тынымсыз сүйлөшүүнү адатка айлантып алган. Жашоосундагы күнүмдүк жаңылыктарын, болуп өткөн окуяларды жанында жүргөн Медерге сүйлөп берет.
Ал эми Мейкин да мурунку жашоосуна кайтып, кадимкисиндей жашоо улап жатты. Бирок Гүлжан дале чыйпылыктап жанынан чыкпайт. Гүлжан демекчи, Мейкиндин бала чагындагы досу, сырдашы, кийин сүйгөнүнө айланган кыз. Тартынчаак болуп көпчүлүккө кошулбай, башын китептен көтөрбөгөн жигитке биринчи өзү сөз аткан. Ар дайым күлкүсү жаңырып шар жүргөн Гүлжан бат эле Мейкиндин эң жакын адамына айланган. Кийин ооруп, канча оор күндөрдү баштан өткөргөндө да ушул кыз жанынан карыш жылбай турган.
Жайдын салкын кечинде Кызгалдак сейил бакта жалгыз басып жүрдү. Бишкекке келишкенде дайым ушул сейил бактан балмуздак жешчү Медер экөө. Мына экөөнүн олтургучтары. Оор улутунуп алган кыз көзүнө айланган жашты агызбоонун амалын кыла көктү тиктеп көздөрүн ирмегилеп жиберди.
-Карачы сенсиз баары супсак, жада калса балмуздак дагы, - деди колундагы бир жолу тиштелип ээрип бараткан балмуздагын ыргытып жатып адатынча жанында үнсүз келе жаткан Медердин элеси менен сүйлөшө.
-Гүлүм күлүп койчу?
-Жок.
-Эмнеге?
-Сенсиз күлкүм да окшобойт.
-Мен жаныңдамын.
-Билем.
-Анда кайгырба.
-Макул.
-Эми жылмайсаң...
Жер тиктеп келе жаткан кыз тык эте токтоп калды. Медери дагы жоголуп кетти. Азыр эле келе жатпады беле? Кайда кетти? Көздөрүн алайтып кадимкидей эки тарабын элеңдеп издеп жатты кыз. Анан өзүнөн он кадам алыстыкта турган Мейкинди көрдү. Жигит да кызды таң калып тиктеп турган экен. Артына бурулуп кетмекчи болгон Кызгалдак тээ алыста кол булгалап турган Медердин элесин көрдү. Ага карап талпына колун созуп, бирок Медер жок болуп кеткенде аргасыз колдорун түшүрдү. Ал эми Мейкин болсо мындан канча убакыт мурун көргөн түшүн кудум азыр кайра көрүп жаткандай абалда эле. Мына ошол түшүндөгү сулуу менен тиги жигит. Кызык ал жигиттин элеси жалгыз эле Мейкинге көрүндү бекен же кыз да көрдүбү? Же бул дагы түшпү? Түш дейин десе баары реалда. Ордунда турган кыз бери бурулду, капкара көздөрүнө жаш толуп анысы мына азыр төгүлчүдөй абалда экен.
-Салам, - деди Мейкин акыры болгон күчүн жыйнап кызга жакын келип.
-Салам, - кыз Мейкиндин сунулган колдорун кыска кысып коюп колун кайра тартып алды. Кызгалдактын апакай, назик колдорун кармаганда Мейкиндин жүрөгү көөдөнүн дагы бир жолу тепчип өтүп, дүкүлдөп соккону өзүнө эле эмес жанындагы кызга, ааламга угулуп жаткандай сезилди.
-Кандайсың? -Мейкиндин дароо эле "сенге" өтүп кеткени кызды бир эсе таң калтырса, бир эсе сүрдөтүп ийди.
-Жакшы.
-Сенчи? - деди Кызгалдак да бар күчүн жыйып. Анткени кыздын да абалы Мейкинден кем эмес болчу. Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй согуп, опкоолжуп кудум Медер менен жолуккан учурдагыдай туйлап жаткан.
-Мен жакшы.
-А баса , Мейкин! - деди жигит кайра кызга колун сунуп жайдары.
-Кызгалдак.
-Кызгалдак? Өзгөчө го, биринчи жолу уктум мындай ысымды, - деген Мейкин кызды жылмайып карап турду. Кызгалдак болсо унчукпастан жылмайган абалында алдыга басты.
-Билбейм негедир акыркы убактары ушул сейил бакка көп келгим келет. Төрөлгөндөн ушул шаарда чоңойсом да, бул жака баш багып көрбөгөн экем. Эми болсо күнүнө бир жолу аралап баспасам жүрөгүм тынч албай калбай турган болду, - деди Мейкин кызга жанаша басып. Анын бул сөздөрүн уккан Кызгалдак көздөрүн жумуп жиберди.
"Жүрөгүм! Медерим! Бул сенин жүрөгүң! Биз жүргөн жерлерди жүрөгүң дегдеп, сагынып жаткан экен да! Жарыгым менин! Сени сүйөм!" - деди ичинен жалбарып. Мейкин кыздан төрт жашка кичүү болгону менен бойлору узун келип, өз жашынан чоң көрүнчү. Жанаша басып келгенде Кызгалдак кайра Мейкиндин жанында жаш кыздай көрүнүп калат экен.
-Бул сейил бак Медердин сүйгөн жайы болчу, - деди кыз бир убакта жумулган көздөрүн ачып токтоо.
Мейкин кыздын жүзүн тиктеди. Жаш чайыган сулуу көздөрү. Жүзүнө тамып, катып калган бир тамчы жашы да сулуу.
-Ошондон окшойт анда, - деди оозуна башка сөз келбей. Экөө катар үнсүз басып баратышты. Билинбегени менен азыр экөөнө тең бул абал ушунчалык жагып турду. Канчадан бери тынч ала албай тыпырап согуп жаткан жүрөктөрү тынчтангандай беймарал.
-Балмуздак жейлиби? - деди Мейкин капыстан шаңдуу.
Анын бул сөзүнөн жүрөгү солк эткен Кызгалдак жигитти үнсүз карап жалдырап тура берди.
-Мен азыр.
Мейкин өзүнүн тапкычтыгына өзү кубана чуркап кетти. Мына эки колуна балмуздак көтөрүп, чоң - чоң кадам таштап келе жатат Мейкин. Анын бул көрүнүшүн Кызгалдак Медерге окшотту. Жок, жок. Сырткы келбети таптакыр окшобойт экөөнүн, бирок азыр мынтип кубанып өзүн карай келе жатканы даана Медерди эстетти. Ушул убакта эмне болуп кетти экөө тең билбейт, Кызгалдак чуркап барып Мейкиндин мойнуна асылып кучактап алды. Мейкин балмуздак кармаган колдору менен же кызды кучагына баса албай, же түртө албай дендароо абалга түштү. Кыздын мурун өрдөгөн жыпар жыты аңкып, денесин жыбыраган жагымдуу башкача жылуулук каптап жүрөгү жыргай түшкөнүн сезди жигит. Көздөрүн катуу жумуп алып бутунун учуна туруп Мейкиндин мойнуна асылып турган Кызгалдак азыр, ушул тапта эч нерсени ойлогусу келген жок. Жөн гана Медерди катуу сагынганын туйду. Анын жылуу кучагын, анын көкүрөгүн жара дүкүлдөп соккон жүрөгүн кармап сезип турганды сагынганын билди.
-Медер?! - деди шыбырап.
Анын бул сөзүнүн ичинде эле канча сагынуу, азап, жан чыдагыс оору, көтөрө алгыс арман жаткан. Канча убакыт өткөнү белгисиз Мейкиндин колундагы балмуздак ээрип жерге тамчылай баштаганда кыз жумулган көздөрүн ачып жигитти коё берди. Көздөрүнөн салаалап аккан жаштарын сүртө калып Мейкиндин көздөрүнө карай албай терс бурулду.
-Кечир! - деди да чуркаган бойдон кетип калды.
#20 21 Апрель 2021 - 10:53
Отто соонун жазып атасын жаным, тириликти мен жасап сен только чыгарма жазат окшойсун.