Кайсыл жакка жүктөштү билбедим. Ушул темадан окуп кое бергиле.
ИНТЕРНЕТТИҢИЗ ЖАЙ ИШТЕП ЖАТАБЫ?
Коронавирус пандемиясынын кесепетинен бүткүл дүйнөдө миллиондогон адамдар үйлөрүнөн чыкпай жатышат. Ал эми жумуштарын үйдөн иштеп жаткандар интернет аркылуу иштеп, окуп жатканы белгилүү. Мында албетте интернетке күч келип жатат. Азыркы күндө көптөгөн адамдар интернет ылдамдыгынын төмөндөгөнүн байкап жатышат. Ошого байланыштуу Улуу Британиянын көз карандысыз кабарчысы "Ofcom" интернет ылдамдыгын жакшыртуу жана иштен чыгуу жагдайларын азайтуу боюнча бир нече жөнөкөй кеңештерин сунуштайт.
Экспертин кеңештерин мисалы: фильмди көрөрдөн мурун анык жүктөп алуу сыяктуу кээ бир сунуштарын эске аласыз деп ойлойбуз. Албетте, эгер сиз желеде кино көрүп жатканда бирөө видео чалуу аркылуу сүйлөшсө эмнеге интернеттин жай болгонун айтпаса да түшүнүктүү.
«Сиз микротолкундуу мештерди "Wi-Fi" сигналын начарлатат экенин билдиңиз беле? Ошондуктан,
видео чалуу келгенде, видеолорду "HD" сапатында көргөндө же желеде маанилүү жумуш жасаганда микротолкундуу мешти пайдаланбаңыз»,
- деп кеңеш берет адис.
Сиздерге интернет жумушун ылдамдатуу үчүн британдык адистер төмөндөгүдөй кеңештерин сунушташат:
Роутердин сигналынын сапатына таасир этиши мүмкүн башка жабдыктан алыс коюңуз. Түзүмдү жерге эмес, үстөлдүн үстүнө өйдөрөк койгон оң;
Роутерди ар дайым кошулуу түрүндө калтырган жөн;
Телефон аркылуу коңгуролор же видео конференция учурунда добушту гана калтырып, маанилүү болбосо видеону өчүрүп салыңыз;
Башкалар желеде сүйлөшүп жаткан кезде жөк дегенде сиз коңгуроо чалууну адатка айлантыңыз,
анткени бул учурда байланыштын сапаты аз да болсо жакшырат;
Ылдам интернет үчүн "Wi-Fi"дын ордуна компьютерге интернетти желе аркылуу кошуңуз;
Мүмкүн болушунча телефондун узарткыч зымын колдонбоңуз,
ал интернетке тоскоолдук келтириши мүмкүн;
Пайдаланбай турган куралдарды өчүрүп коюңуз, себеби алар көбүнчө уйку режиминде туруп да интернетти пайдаланат.
Интернет сигналды үзө алган түзүмдөрдүн катарына зымсыз телефондор,
наристелерди кароого арналган радиолор, галогендик лампалар, жарык иреттөөчү куралдар, стерео системалар жана компьютерлерге,
телевизорлор менен мониторлорго арналган динамикалар кирет.
Ошондой эле, эксперттер уюлдук желелерге жүктөө жогорулашына байланыштуу жөнөкөй телефон пайдаланууга кеңеш берет.
Интернеттеги жүктөөнү азайтууга аракет кылган "[moderated]"
, "Facebook",
"Netflix" жана "Disney+" сыяктуу белгилүү платформалар акыркы күндөрү видеолордун сапатын төмөндөтүштү.
Өз учурунда Улуу Британия өкмөтү интернеттин жогорку ылдамдыгын сактоо коронавируска каршы күрөштүн «чечүүчү фактор» экенин айтты.
Интернет модем
#101 29 Март 2020 - 03:07
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
#103 04 Март 2021 - 17:17
Кыргызстанда кайсы оператордун USB интернет модеми ылдам(скоростной)иштейт?
О! же Мегаком