Мен март айларында "Каттоону"
(прописка) алып салуучу мыйзам каралып жатканын окуганым бар эле. Ким ошол жөнүндө бир нерсе билет?
Дегеле ошол каттоонун кереги бар беле?
Же аны алып салуу менен ППСтердин нанын тартып алган болобузбу?
Баракча 1 - 1
Каттоо тууралуу
#1 01 Июль 2010 - 23:03
Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө! ©
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө! ©
#2 02 Июль 2010 - 09:52
Каттоону алып салса кыргызга көп жакшылык кылган болот эле..
Себеби иш иштейин десен каттооң шаардыкыбы деп баш оорутат.
Катталайын десең үй керек. Үй алайын десең иштеш керек. Ушундай туюк союздан калган айбанчылык да бул.
Мен төрт аягым менен каттоону жоюну колдойм.

үмүтсүз - шайтан
#3 08 Июль 2010 - 19:44
FarID (01 July 2010 - 23:03) жазган:
Мен март айларында "Каттоону"
(прописка) алып салуучу мыйзам каралып жатканын окуганым бар эле. Ким ошол жөнүндө бир нерсе билет?
Дегеле ошол каттоонун кереги бар беле?
Же аны алып салуу менен ППСтердин нанын тартып алган болобузбу?
Дегеле ошол каттоонун кереги бар беле?
Же аны алып салуу менен ППСтердин нанын тартып алган болобузбу?
Тилекке каршы же бактыга жараша каттоо алынып салына элек.
КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН Ички жер которуу (миграция) жөнүндө мыйзамынын 9-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын ар бир жараны ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык мамлекеттин жарандардын өздөрүнүн укуктары менен эркиндиктерин ишке ашырышы, аларды башка жарандардын, мамлекеттин жана коомдун алдындагы милдеттерин аткарышы үчүн зарыл шарттарды камсыз кылышы, ошондой эле ички жер которууну жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жана турган жери боюнча катталууга милдеттүү. Мыйзамдын бул талабы али кучундо.
Бактыга жараша дегеним, азыр каттоону алып салса жарандарды каттоо жаатында баш аламандык болуп кетет. Мисалы, мен «Х» деген юр.мекемеде иштейм, Сиздин кварталдык комитет менен болгон чырынызды чечип, аны жоопко тарттырып, сизге келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуртуп берем деп акча алып, ошол бойдон жок болуп кеттим. Мени Сиз кайдан таба аласыз? Республикалык адресное бюрого запрос жонотсо каттоом Нарын шаарынан чыгат,а озум Бишкектин кайсы бурчунда дагы кимди алдап жургонумду ким билет. Же Сизди Россия Федерациясындагы досунуз тапкысы келсе же иностранец таанышыныз жер аянтын белек кылайын деп калса Сизди каттоонуз аркылуу тапканга аракет кылат. Шайлоо учурунда каттоонун ролу чон. Мындан сырткары пособие, пенсия дайындаттуу учун, мурас ачтыруу, кыймылсыз мулк алууда, …
Каттоону алып салса, аны жонго сала ала турган женилдетилген башка механизм ойлонуп чыгыш керек.
Билдирүүнү түзөткөн: fari: 08 Июль 2010 - 21:22
#4 08 Июль 2010 - 19:49
Бишкек шаары
1998-жылдын 4-августу N 114
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖООПКЕРЧИЛИК ЖӨНҮНДӨ КОДЕКС
384-статья. Катталбастан жашоо
Жарандардын катталбастан жашашы -
эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,5 өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,5тен бир өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
386-статья. Катталбастан жашоого уруксат берүү
Паспорт тутумунун эрежелеринин сакталышына жооптуу адамдар тарабынан жарандардын жараксыз паспорт менен, же катталбастан жашоосуна уруксат берүү, ага тете жарандар тарабынан өздөрү жашап турган жайларда бирөөлөрдүн катталбастан жашоосуна уруксат берүү -
эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
387-статья. Паспортсуз же каттоосуз ишке кабыл алуу
Кызмат адамы тарабынан жарандарды паспортсуз жана каттоосуз ишке кабыл алуу -
эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Бир эсептешуу корсоткучу 100 сомду тузот

Билдирүүнү түзөткөн: fari: 08 Июль 2010 - 19:50
#5 08 Июль 2010 - 20:30
yahaha (02 July 2010 - 09:52) жазган:
Каттоону алып салса кыргызга көп жакшылык кылган болот эле..
Себеби иш иштейин десен каттооң шаардыкыбы деп баш оорутат.
Катталайын десең үй керек. Үй алайын десең иштеш керек. Ушундай туюк союздан калган айбанчылык да бул.
Мен төрт аягым менен каттоону жоюну колдойм.
Себеби иш иштейин десен каттооң шаардыкыбы деп баш оорутат.
Катталайын десең үй керек. Үй алайын десең иштеш керек. Ушундай туюк союздан калган айбанчылык да бул.
Мен төрт аягым менен каттоону жоюну колдойм.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 64-беренесинде Эмгек келишимин түзүүдө ишке орношуучу адам иш берүүчүгө төмөнкүлөрдү көрсөтөт: паспорт же инсандыгын ырастоочу башка документ; эмгек китепчеси; социалдык коргоо күбөлүгү; аскердик эсепке алуу документтери (аскерге милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон адамдар), ал эми атайын билимдерди (даярдыктарды) талап кылган ишке кызматкер билими жөнүндө (адистиги, квалификациясы) документти көрсөтөт. Ишке кирүүдө ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралгандан сырткаркы документтерди кызматкерлерден талап кылууга тыюу салынат.
Ушул эле кодекстин 9-беренесинде
Ар бир адам өзүнүн эмгек укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ. Эч ким жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызмат абалына, курагына, жашаган жерине, динге карата мамилесине, саясий ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандуулугуна же таандуу эместигине, ошондой эле кызматкердин иштөө сапатына жана анын ишинин натыйжаларына байланышпаган башка жагдайларга карабастан алардын эмгектик укуктары жана эркиндиктери чектелүүгө же кандайдыр бир артыкчылыктарга ээ болууга мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын «Ички жер которуу жөнүндө» мыйзамынын 10- беренесинде Кыргыз Республикасынын ар бир жараны жашаган жери же турган жери боюнча катталгандыгынын фактысына карабастан Кыргыз Республикасынын бардык аймагында Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен кепилденген укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланышат. Катталган фактысынын жоктугу жарандык укугун жана эркиндигин чектөө үчүн негиз боло албайт.
Жогорудагылардын негизинде каттоонун жоктугу жумушка алууга тоскоол болбош керек.
Бирок, иш беруучу мен жогоруда жазган Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жонундо кодексинин 387-беренсине (Паспортсуз же каттоосуз ишке кабыл алуу) таянышы мумкун. Бул нормага таяныш учун каттоо жок жумушка албаш керек деген мыйзамдын талабын табыш керек. Андай норма жок экендигин жогоруда кордук. Ммм… адм. кодекске озгортуу киргизиш керек же каттоосу жок ишке кабыл алынбайт деп мыйзамдаштыруу керек .
Пы.Сы.: Форумда коп эле юристтер бар эле го? "коллега" деп калышчу элек... Озум менен озум суйлошо бербей кошулуп, талкуулашып койсонуздар жакшы болот эле, балким мен бир жерин корбой жатам?
Билдирүүнү түзөткөн: fari: 08 Июль 2010 - 20:32
#6 08 Июль 2010 - 22:54
Илгери юрист деген бар эле.. Ал Адам болуп кетиптир го..
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#7 09 Июль 2010 - 01:10
Fari
ушул деңгээлиңизден жазбаңыз. Менин дагы суроолорум болсо кайрылып турам. Сиз менин өздүк юристим болуңузчу.. Азырынча бекер...
Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө! ©
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө! ©
#8 09 Июль 2010 - 11:20
#9 09 Июль 2010 - 11:22
#10 09 Июль 2010 - 12:09
farid азамат! иш боюнча кичине үмүт берди, бирок фирмалар шаарда каттоосу бар адамды ишке алам деп жинди кылат көбүнчө, ушуну законго бадырайтып "же" деген жери жок жазышса болот эле.
үмүтсүз - шайтан
Баракча 1 - 1