Барс (09 Апрель 2021 - 15:38) жазган:
Акыркы жазган ырыма
А кокуй. эки ай болуптур!
Алиге бир да жооп жок,
Айтыш булак соолуптур...
Айтыш ыр абдан гүлдөгөн,
Ал заман небак өткөн бейм.
Ажайып айтыш курушкан,
Акындар мындан кеткен бейм.
Азыркыларың ырдашпай,
Чырдашууну чечкен бейм.
Айтыш бул баба салты эле,
Ал өнөрдөн кечкен бейм.
"А көрөк чыгып пикетке,
Акча алалы..." - дешкен бейм.
А кокуй. эки ай болуптур!
Алиге бир да жооп жок,
Айтыш булак соолуптур...
Айтыш ыр абдан гүлдөгөн,
Ал заман небак өткөн бейм.
Ажайып айтыш курушкан,
Акындар мындан кеткен бейм.
Азыркыларың ырдашпай,
Чырдашууну чечкен бейм.
Айтыш бул баба салты эле,
Ал өнөрдөн кечкен бейм.
"А көрөк чыгып пикетке,
Акча алалы..." - дешкен бейм.
Ассалому алейкум,
Айтылуу Аксы торгою,
Амансызбы Барс ава?
Сагыныпсыз ээ, Айтышты,
Саптарың түшөт тансага))
Кейипсиз мында жаштарга,
Кесипти бурган башкага...
Чынында заман өзгөрдү,
Чымын да учуп акчага))
Улутунам мен дагы,
Уланат экен канчага?...
Илгери кыргыз элинде,
Идиректуусу кеп баккан.
Азыр болсо барктуу адам-
Акчаны абдан көп тапкан.
Айтынызчы абакем,
өн өрлуу качан бааланат,
Орун алып, төр жактан?
Билдирүүнү түзөткөн: uktabas: 08 Январь 2022 - 23:05