Мен, таластыкмын. (Аны көбүңөр билесиңер ). Биз кичи мекенге барып келүү үчүн кээде Казакстан аркылуу каттайбыз. Албетте, ал жактан чек арадан өтүү машакаты да оңой олтоң эмес. Паспортуңдун бир жеринде тытык болсо айлаңды кетирет. Менде андай учур болгон эмес. Бирок, андай учурлар болгонун уккандан кийин, Төө-Ашуу, Өтмөк ашуулары аркылуу эле каттап калгам. Анткени, менин паспортым ар кайсы китепканаларды кыдырып жүрө берип (залогго калтырышка туура келген) эскилиги жетиптир. Анан да чет өлкөгө чыкканга Жалпы жарандык (общегражданский) паспорт керек. Ошондуктан мурунку 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту жалпы жарандык анан өлкө ичинде алып жүрүүчү ID card га алмаштыргам. Ошол жөнүндө кыскача көрсөтмө, жол-жобосун жазып коюуну туура таптым.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 17 Июль 2010 - 15:25