Чырагым...
#81 25 Февраль 2022 - 12:42
Белек сырын ичине катып үйрөнгөн,бул жолу да ошондой баарын ичине катты.
Максат менен мамилебиз жакшы болгон жок,ортодо түшүнбөстүктөр пайда боло баштады. "Мен сени окута албайм,окууңду таштайсын,той кыла албайм ж.б ушуга окшогон сөздөрү чыга баштады. Макул той кылбаса да андан кийинки жашообуз маанилүү дедим,бирок окутпайм дегенине чыдай албадым. Ушунча убактым текке кетеби,ата-энем мээнети,акелерим канча нервтери,акчалары кетти бул нерсеге. Акыры барып мамилебизге чекит коюлду. Сөйкөсүн кайтарып бердим,ортодо баары бүттү. Экөөбүз тил табыша албадык дедик.
Ал туура түшүндү,ата- эне,туугандарына түшүндүрдү.
Ошентип Белек экөөбүздү алыстаткан бул окуя бүттү. Ойлогом мындан кийин сабак алдым,Белек деле ойлонду болуш керек деп экөөбүздүн мамилебиздин кайра калыбына келишинен үмүт кылдым...бирок жок. Ошол окуядан кийин Белекти катуу сындырып алдым,намысына, жүрөгүнө тийди. Ортобузда жөн гана суз мамиле калды.
3-курстун башында группалаш кыз экөөбүз ашпозчулук курсуна жазылдык,бираз алаксып жеңилдеп да калдым. Оюмдун баарын окууга бургум келди,бир да бош убакыт калтырбай план түзүп алгам.
Дагы башталды,жуучу, таанышуу,бир жолугуп кой деген сөздөр.
Алысыраак эжем өзүнүн кайнисин таап,"бир эле жолугуп көрчү балким жагып калат,жылдызынар келишип калса"деп эле күндө мээмди жейт. Окуумдун адресин кайнисине берип,тел номеримди да бериптир. Университеттен курбум экөөбүз курска кетип жатсак бир бала бизге карай эле басып келе жатат.
-Айжан, кандайсын,бул мен жанагы
Аа деп эстеп кеттим,эжемдин кайниси ушул экен да
-Ушул жерде окуйт дегенинен айтпай келе бердим. Менин атым Медер,бош болсоң сүйлөшсөк болобу,бир жерге барып?
-Аа,биз курска кетип жатканбыз,азыр бошой албайм,
-Жүрү мен жеткирип коёюн
-Жок, рахмат такси чакырып алганбыз.
Курбум экөөбүз шашылыш эле таксиге чыгып кетип калдык.
#82 25 Февраль 2022 - 23:34
Сабагыбыз бүтүп кыздардын баары чыгып атышкан.
Сырттан -Айжан эже сизди бир бала чакырып атат деп калышты. Чыксак Медер күтүп турган экен,биздин кайсы жакка келгенибизди аңдып,чыкканыбызча тура бериптир,акыры чыдамы кетип чакырткан экен.
-Бул жерге чейин келбей эле койсоңуз болмок дедим.
-Сени менен кеңири таанышып,сүйлөшкүм келди. Жүргүлө бир жерге барып отуруп,чай ичкенче таанышалы.
Курстагы кыздар,балдар, мугалимдер баары жабыла карап турушат. Курбум жүр,кетели мыналарды каратпай деп,Медердин машинесине отуруп кеттик.
Медер менден 7 жашка улуу,токтолуп, өз алдынча жашоого көнүп калгандай. Көп сүйлөбөгөн, оор басырыктуу көрүндү. Өзүн кенен тааныштырып, үйлөнүш керектигин айтып,сүйлөшүп көрөлү дейт. Алайдын бир айылынан болот экен.
Биздин айылдан эсептегенде аралыгыбыз 6-7 сааттык жол. Мен анчалык алыста турмушка чыккым келбейт,ата- энем да каршы болот. Анын үстүнө окуум бар, окушум керек деп болушунча түшүндүрсөм деле түшүнгүсү келбеди.
Күнүгө телефон чалуусу,менин окуумдан чыгуумду күтүүсү көбөйө берди.
Анын көздөрүнөн, сөздөрүнөн билинип турчу жакшы көрүп калганы,эжеме да айтыптыр,синдиниз жакты,эми бул жагын тездештирели деп.
Бир күнү менден сурабай эле үйгө ата-энесин жибериптир. Апам телефон чалат,Алайдан кудалар келишиптир го деп. Эсим ооп эле калды.
- Коюңузчу апа,мен Медерге түшүндүрбөдүм беле, өзүңөр бир жообун берип кетирип койгулачы дедим
-Кыз өзү макул деп атышат го
-Жок,апа азыр эмес,бир аз коё тургула,түшүндүрүп айтып жөнөтүп койгула э.
Кыз макул десе апамдар да таң калып,ойлонуп калышкан экен,бере берсек окшойт деп.
Медер эмнеге антип айтты,балким ага үмүт берип койдумбу,жакшы эле түшүндүрдүм эле го,бир эмес бир нече жолу. Муну да ата-энеси шаштырып,айласын кетирип атышат да.
Адаттагыдай курстан чыксам сыртта күтүп туруптур.
-Ата-энем үйүнө барды
-Билем,дедим апам менен сүйлөштүм азыр эле
-Макул болчу
-Мен сизге айтпадым беле,турмушка чыга албайм,жадагалса өтө алыс экен,туура тушунун,сизди жакшы көрүп,сүйүп калсам бир жөн. Эмнеге сурабай жөнөтөсүз ата-эненизди да ыңгайсыз абалда калтырып. Унчукпай туруп калды. Анын сөзүн укпай эле басып жөнөдүм остановка жакка.
-Айжан токтосоң,жүр мен жеткирем. Ойлонуп көрчү дагы. Макул Ошко жашайлы,ар ай сайын үйүңө алып барып турам, окууңду окутам,баарын кылам,сен макул болчу. Дагы толтура сөздөрдү айтып,убадаларды берип жатты.
-Таанышканыбызга болгону 10-15 күн болду,эмне мынча шашылып чечим чыгарып жатас,макул бир аз убакыт берин мен ойлонуп көрөм э.
Аны араң тынчдандырдым. Аябай нерв иштетип бир башкача абалда болчу.
#83 26 Февраль 2022 - 00:15
-Курс качан бүтөт? деп Ватсаптан жазыптыр түн бир оокумда.
-1 жумадай калды.
-Мен эрте менен эрте айылга кетем,атам апам менен. Азыр сенин үйүңдөн келишти. Сүйлөштүк. Сага кааласаң убакыт берем,каалабасаң мажбурлабайм. Мен келгенче жакшылап ойлон э,4-5 күн жүрөм айылда.
-Мм,жакшы. Макул.
Бир аз жеңилдегендей болдум,кыйла менден сууптур деп ойлодум.
4-5 күн жазып,чалып тынчымды алган жок.
Келер күнү гана
-Алайдан эмне ала барайын сага деп жазыптыр
-Тоо гүлдөрүн терип келиңиз деп тамашалап койдум.
Сабак акыркы күн болуп кеч чыктым. Кечки 6 дан да өтүп кеткен. Чыгып Медердин машинасын көрүп эле тааныдым,аа келиптир да деп. Жол пробка болгондуктан, өзү түшүп мени менен учураша албады. Арткы жакка отур деп эшикти ачты,карасам чооң букет гүл салып коюптур.
-Айжан гүл сага
-Оо эмне майрам бүгүн
-Тоо гүлдөрүн тере албай калдым,ушундай гүл боло береби?
-Мм, рахмат.
-Окуун бүттүбү,сертификатынды алдыңбы деп калды?
-Окуум бүттү,сертификатты дагы 1-2 күндөн кийин берет окшойт.
-Кийин алсаң да боло берет бекен
-Билбейм,келсе өзүбүз айтабыз деген.
Эмне үчүн анчалык сурап жатканын деле түшүнбөдүм. Ашыкча тел кармай бербейт,бирок улам улам эле телине чалуу келип жатты.
-Айжан айылга посылка салышым керек эле,машинада бир аз жүрө аласыңбы? Аябай зарыл,шашылыш болчу. Кеч болуп калды,өзүң көчөдө жүрбөй эле кой. Анан кийин сени таштап коём э.
Эмнегедир жок деп түшүп кете албадым Базарга кирип бир чоң пакет алып чыгып машинага салды. Андан ары Фуркат жакка бет алдык.
Жүрөгүм бир нерсени сезгендей башкача болуп жаттым,ичимден эмне болуп жатат деп сүйлөнүп,Медер алдабаса керек деп ойлонуп коём бир четинен. Мага сүйлөбөйт,көздөрүн алып качат. Оштон чыгып,бир кыйла жол жүргөндө,топ балдардын арасына келип токтоду.
Түшүп жандарына барып,бир нерселерди эле сүйлөшүп атышат.
Медер жаныма келип отурду,рулга башка досу,жанына дагы бирөө отурду. Артыбыздан дагы 2 машина,6-7 бала кошулду.
Көздөрүм болушунча алайып калган, эч нерсени ойлонуп жетише албай калдым.
Сабактан чарчап араң чыккан абалым бир заматта,башкача күчкө айланды.
-Эмне болуп жатат дедим болгон үнүм менен.
-Айжан мендик болчу. Мен сени жактырып калдым,ошол көргөн күнүмдөн баштап. Мага башка жол койгон жоксуң. Эмне кыл дейсиң. Баардык нерсени кылдым сен үчүн. Медердин сөздөрү кулагымда жаңырып жатты.
Эч нерсе сүйлөгүм келген жок,нес болгон абалда эле көзүмдөн жаштар куюла берди.
-Токтотун машинаны, макул мындай жол менен эмес. Той кылабыз. Жакшына эле тием мен сизге деп алгам. Оюмда алдап коём десем керек. Менин үнүмдү бирөө угуп койсочу,машина зуулдаган бойдон кетти. Ушунчалык тездик менен келдик,5 сааттык жолго 3 саатта Медердин үйүнө жеттик.
Айылга кире бериштен эле 3 машина тегиз сигнал беришип баштады. Медердин үйүндө эл толгон бийлеп атышат,музыка чыгып,кадимкидей той болуп атат.
Алдын ала даярданып алышкан экен.
Менин шок болгонум ошончолук,оюмдун баары атам,апамда болуп жатты. Кантип кабыл алышат мындай нерсени деп.
#85 26 Февраль 2022 - 11:38
Бул жерге мени коюшпайт экенин 100% билчүмүн.
Медерге карап"бекер кылыптырсыз, өзүңүз эле уят болосуз" дедим. 5-6 аял келип машинадан түшүрүп үйгө алып кирип кетишти. Жанагы базардан алган чоң пакет мага халат,кемзир, жоолуктар экен эле.
Аны эжеси алып берип,өзүбүзгө кошо салып берген экен. Халатын,кемзирин кийип жоолугун салындым. Өзүмдүн кийимдерим жолдо чаң болду,анан жука да болчу.
Бул жак кыйла суук экен,кийбешке айла жок.
Баары эле сүйүнүп атышат,кичинекей кыздар,балдар, жеңе дешип жанымдан чыгышпайт. Бул жактан связ да тартпайт экен,эч ким менен байланыша албадым.
Ата-энем каршы болорун кайталап жаттым. Мени уга турган жан жок,баары эле майрамдап жүрүшөт. Медердин достору,келинчектери менен келишип,ырдап, ичишип кадимкидей тойдо жүргөндөй.
Ата-энеси,туугандары болуп жолго чыгып кетишти. Бир көз ирмебей таңды да атырдым.
Үйгө барганда атам,апамдар үйдө жок болуп чыкты. Алар таң атпай Жалал-Абадка кетип калышкан экен. Мени качырып кеткенин угушкан жок да.
Медердин ата-энеси үйүбүздүн жанында кечке күтүшөт. Телефон чалышса биз кечинде барабыз деп коюшат.
Атам,апамдар Жалал-Абадта кечке жүрөт, кечинде кайтышып үйгө эмес туура эле Алайга жол тартат. Атам Ошто калып,бир тууган акеме машинаны айдатып, апама барып алып кел дептир.Россиядагы акелерим дагы алып келгиле алыс экен деп эч кимиси көнбөйт.
Ал күнү кечке менин күнүм күтүү менен өттү,келишсе азырга чейин келишмек да калып кетемби ушинтип деп коём. Кошуна,туугандары баары бышырмайларын бышырып,союштарын союп жүрүшөт. Али эч нерседен дайын жок булар эмне мынча даярданып атышат белгисиз.
1 суткадан бери уктай элекке,кирпигимден тартса жыгылчудай абалга келгем.
Медердин чоң энеси келип
-Балам келгениңе да 1 күндөй болуп калды. Эми босого аттап чыгып кеткенин болбойт. Алып кетишсе ушул убакка чейин алып кетишмек да. Баарын сүйлөшүп,жайгарабыз. Медердин ысыган боюн суутпа,ушунча кызды көрсөтсөк макул болбой,кандайдыр сени көргөндө эле үйлөнөм деп калды. Баарыбыз сүйүнүп эле макул болдук. Алыс,жакын деп да ойлободук. Балабыз бактылуу болсо болду. Сени колуна бапестеп багып алат. Кетем дебе кызым,ушунча эл сага карап турат.
Көзүмдөн жаштарым жөн гана куюла берди,ушунчалыкка жеткирбешим керек эле.
Чынында Медерди аядымбы,же тагдырымды бирөөгө байлап,баш ийгим келдиби макул болгондой отуруп калдым. Медердин чоң энеси кулагыма сөйкө такты.
#86 26 Февраль 2022 - 12:14
Бүттү баары,жолунан адашып калган жолоочудай, бул бейтааныш жерде көзүмдү жашылдантып, эмне кылар айламды таппай отура бердим. Ушунчалык нес абалдамын,адамдар көзүмө мультфильм сыяктуу эле көрүнөт,сөздөрүн деле бирин түшүнүп бирин түшүнбөйм.
Түнкү 11 ден ашып калган саат.
Сырттан кыйкырык,бакырыктар эле угулуп калды.
Апамдын добушу.
"Кач,жолду бошот,кызым кана"деп сүйлөнүп келе жатат.
"Кудагый бул жакка кириңиз, жүрүңүз чай ичиңиз биринчи,анан кызыңызга киресиз"деген сөздөрдүн бирин да укпай 10-15 тей аялды бирден түртүп,жолду бошотуп мен жакка карай келе жатат.
Ордумдан тура калдым,мени көрүп эле апам да токтоп калды. Босогодон төргө чейин эки аттап жетти да башымдагы жоолукту мыжыга кармап ыргытты.
- эмне салындын мынаны,атаң апан өлүп калдыбы? Мен сени мындай жерге койбойм,бас кеттик. Бакырып атат,аялдарды урушуп атат,жолобогула мага деп.
Алар апамды тынчтандыруунун аракетинде, жабылып баары эле апамды кучакташат. Көзүмө баары элес сыяктуу эле көрүнө берди,кыймылдары да бир кызыктай көрүнөт. Жөн эле танцага түшүп аткандай.
Акем келгенин да байкабапмын, тааныш жыт,тааныш адам эле колумдан тартканда кучагына бой уруп катуу ыйлап жибердим.
-Аке,мен калам,дагы бир сөйкө чечким келбейт,ушунча адамдын назарында калгым келбейт дедим кулагына
-Назарында калбайсың бас кетебиз. Колумдан апам экөө эки жагымдан кармап сыртка бет алдык.
Апа сөйкө дегенимче болбой,кулагымдан шап чечип жеңесине карматты.
20 адамдын күчү 2 адамга жеткен жок. Ал жердеги окуяны айтып жеткире албаймын.
Медер,достору, туугандары баары мени эле жалдырап карайт.
Эч кимдин сөзүн да угушкан жок,эч кимдин күчү да жеткен жок. Машинага барып отурдук да зуулдаган бойдон айылынан чыгып кеттик.
#87 26 Февраль 2022 - 12:40
-Жатып дем ал деди апам.
Эч ким эч нерсе сүйлөгөн жок,эч нерсе болбогондой. Тынчымды да алышкан жок.
Медер,эжеси кайра кайра апама телефон чалат. Үзүлбөгөн үмүт,барып сүйлөшөлү деп. Бул окуя Медерге да оор стресс болду. Эч нерсе жебей ичпей жатат деп эжелери мага айтса, мен өзүмдүн күнөөлүү сезем.
2-3 күн үйдө дем алдым. Эми окуума барайын десем ата-энем каршы болду.
- Болду окубайсын,сырттан окуу бөлүмүнө которобуз. Ал бала сени эми тынч койбойт,биз дагы тынч жашайлы бул жакта.
Талашып,тартышкым келген жок. Макул силер эмне десенер ошол дедим.
Шаарга барып окуумду бүтүрүп,квартирадан жүктөрүмдү алып,кулинариядан сертификатымды алып баарын бүтүрдүк.
Курбуларым, группалаштарым баары укту да,мени аяган көздөрү менен карашат. Эч нерсе түшүнбөй калышты алар да.
Ошентип бул окуя жашоомду такыр башка нукка буруп,жашоомдун такыр башка адамдар менен кошулуусуна себеп болду. Соолуп калган гүлдөй эле эч нерсеге кызыгуум да,келечекке болгон үмүт да калган жок.
Макул,жок дегенде окуумду улантып окусам болмок да. Же бир аз токтотуп кайра барып улантсам болмок. Ичимде ушундай таарыныч орун алды. Мени эч кимдин түшүнгүсү келбеди.
Балким мага жакшы болсун деп жатышкандыр, кантсе да ата-эне. Ким баласына жамандык кааласын деп ичимден ойлонуп коём.
Жадагалса азыр жазып жатып да ичимден буулуп,ошол күндөр чын эле менде болдубу деп ишене албай жатам.
Өткөн күндөргө кайрылып жазуу чынында оор экен.
#88 26 Февраль 2022 - 14:44
#89 26 Февраль 2022 - 15:58
Көңүлүмө эч кимиси туура келбейт. Тообо буларга "катын" болсо эле болду экен да деп ичимден сүйлөнүп алам.
-Мына бала менен сүйлөш,жакын тууганым болот. Жакын жер,жакшы жер деп апам баланын сүрөтүн көрсөттү. Номеримди берип,жолугуу күнүн да белгилеп коюшуптур.
Мага чынында баары бир эле. Адатта жолугуу үчүн боёнуп,жасанып барасың го бул жолу эч кандай боёксуз,ыйлай берип көздөрүм шишиген,чарчаган абалда бардым.
Таксиден түшкөндө эле маңдайымда турган апам көрсөткөн баланы жазбай тааныдым. Кашы,көзү кара,өзү толмочунан келген жигит экен. Башынан аягына чейин бир карап койсом,сүрдөп кеттиби чалыштап эле мен тарапка басып келди. Центр жакка түшүп тамактанганча сүйлөшүп олтурдук.
Жолукканга чейин телефондо жазып жүргөн, өзүн бир аз тааныштырып өткөн.
Эч кандай сезим болбогондон кийин уялуу,наздануу деле болгон жок.
Көздөрүнө көзүмдү такап алып,укмуш суроолорду берип,жигитти качыруунун айласын издеп аттым.
Ар бир суроомо жооп даяр,кырдаалдан чыгып кетүүнүн жолун табат. Демек кыздар менен жолуга берип карышкыр болуп бүткөн экен деп ойлодум. Эми үйгө кетейин деп 1 саатка жетпей үйгө келдим.
-Жаккан жок дедим кирип эле апама.
-Ии неге?
-Боюу кичинекей экен...мммм апа мен тийбей эле коёюнчу,эмне анчалык шашып атасыңар
-Именно ушул балага тиесин. Качанга чейин мен сенин артындан акмалап жүрөйүн.
-Тийбейм,той күнү качып кетем.
-Качып көрчү
Ызама чыдай албай бакырып,бакырып ыйлап алдым. Чынында бул убакта апамды тааный албай турдум,эмне көрүндү экен анчалык.
Билдирүүнү түзөткөн: Janym.: 26 Февраль 2022 - 16:02
#90 26 Февраль 2022 - 16:31
Бирок жашоомдо мынчалык кыйналарымды, Белектин элесин,кылыктарын издеп жашоомду билгенде балким ошол күндөрү аны күтмөкмүн. Кийин азаптанганча ошол убакта бир аз чыдап койсом өтүп кетмекби?
2-3 күндөн кийин эле ошол жолуккан баланын ата энеси келди. Апам айтты жөн гана таанышып,сүйлөшүп олтуруп кетишет деп.
Баса,Нурамин экөөбүздүн ортобузда 4 жаш айырма. Бир көрүп, сүйлөшкөндө эле көңүлүнө туура келиптирмин, кызык. Кантип бир көрүп эле жактырып,үйлөнүү чечимин кабыл алат түшүнбөдүм.
Же үйлөнүү сезонунда ошондой болобу?))
Ата энеси таанышканга эмес эле,иштин баарын бүтүрүп кеткенге келген экен.
Анын баарын салынган дасторкондон ,апамдын чуркап жүргөнүнөн билдим.
-Маанайыныз жакшы го дедим апама. Апам кубанганда бир эки мимикасы бар. Ошентип каштарын серпип коюп улам кирип чыгып жатты.
Кызынын бактысыз кылып жатканын капарына да алган жок. Ойлобосо да керек.
Демек мени ыраа көргөн жери ушулар.
Көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Кетейин деген ойлору жок. Менин маанайым жок,уйкум келип чыкты. Бир убакта апам чыгып "Калың,той баары чечилди,той жаштарга эле боло турган болду,кайын атаң ашыкча ысырапкорчулук жактырбайт экен,көйнөк да кийбейсин" деди
-Ия?? Апа неге менден эч нерсе сураган жоксуңар?? Жок дегенде ак көйнөк кийип үйдөн узагым келген. Бул ар бир кыздын кыялы болуш керек. Эмнеге менин ой-максаттарымды баарын тебелеп жатасыңар. Мен силерге жубан белем. Аябай нерв болуп чыктым. Жок дегенде ушул балага макулсуңбу деп сурап койгон жоксуңар!
-Кой кызым,жакшына бол. Жакшына эле сүйлөшүп атасың го,макул болгонун ошол да. Баары чечилип калды. Тойдон кийинки жашооң маанилүү. Бактылуу болсоң болду,ак көйнөк эч нерсени чечпейт деп чайнекти көтөрүп дагы кирип кетти.
Болду, эч нерсеге көңүлүм тартпай калды, бөлмөмө кирип дүңк түшүп,болушунча бакырып ыйлап алдым.
#91 26 Февраль 2022 - 21:24
Сүйүүбүз бүтпөдү,бирок бактылуу күндөр,бири- бирибизге гана таандык болгон нерселерден айрылдык. Канчалык кыйын болсо да биз коштоштук. Ал менин өз эркиме гана койду. Ашыкча суроо берип,ашыкча талап коюп мени кыйнаган жок. Мен кеткенче артымдан карап турган адаты бар болчу,бул жолу да ошондой артымдан карап тура берди.
А менин басканга күчүм жок,илең салаң ичимде арман муң менен барган жолумдан артыма кайттым.
Кош дегенде,кетпечи жан дебедиң,
Жок дегенде сен дагы,кал дебедиң,
Сүйүп туруп,сүймөксөн кете берген,
Мен өзүмө,сага да, таң беремин!
Үйгө келип Белек жөнүндө,сезимдерим жөнүндө жазып жүргөн дептерлеримди, Белек берген азыркы нерселердин баарын сыртка алып чыгып өрттөп салдым.
Мен алсыздык кылдым,сүйүүм үчүн күрөшө албадым. Кара,оңой эле жеңилип бердим, багындым. Сенин жарың болууну канчалык каалаганмын, экөөбүздүн канчалаган ой,кыялдарыбыз болгон. Ошонун баары мына күйүп жаткан нерселердей болуп күйүп кетти.
Турмушумда кезикпе,келбе жаным,
Жоготпогун өзүндө,менде барын.
Тажашкандан көрөкчө күткөн жакшы.
Сагынычка саргайсын жылдары анын.
Бийигинин сүйүүнүн түшпө,мага.. .
Жете албайын,жеткирбе, күтпө мага.
Ай нурунан ак жоолук салып алып,
Айылындан жолугам түштө гана...
Билдирүүнү түзөткөн: Janym.: 26 Февраль 2022 - 21:28
#93 27 Февраль 2022 - 09:14
Суз гана өткөн кеткенди,келечекти сүйлөшүп олтурдук.
Кандайдыр моюнундагы ала так көзүмө учурады. Жанатан бери курткасын улам улам,жакасын көтөрүп коюп аткан. Бир аз күтүүсүз,анан ыңгайсыз болду. Өзүнөн батынып сурай албадым.
Үйгө келип эле апама айттым,ушундай моюнунда аласы бар экен деп. Апам негизи ушундай нерселерди жактырчу эмес. Өңү өзгөрүп башкача боло түштү.
- Дагы тойду токтотом,андай мындай сөздөрдү чыгарбагын, ал нерсе эч нерсе болбойт деди.
Негизи андай оюм жок,мен үчүн деле коркунучтуу эмес болчу.
Дагы 2-3 күндөн кийин базарга кийим кылуу үчүн Нурамин ата энеси,биз апам болуп бардык. Кийим тандап,кийип көргөндө баары карап турат да,жарашса жарашты,ушуну ал деп кеңешип.
Нурамин улам кийим алмаштырган сайын моюнун бекитет,бизден качып кийим алмаштырат. Көзүндөгү тынчсызданууну көрүп ага деген башкача аёо сезим пайда болду. Адам өзүн кандай болсо ошондой кабыл алуу керек да. Ыңгайсыздануунун кереги жок,баары жакшы деп айткым келди. Өтө назик алат окшоймун өзүмө,тойго чейин ошол корккон көз карашын унута албадым. Тагдырым ушул инсан болгон соң көңүлүн табууга,жубатууга, ар дайым жанында болууга милдеттүүмүн. Жолдошум катары жакшы көргүм,ошол эле учурда баш жөлөгүм келди. Артымда турган тоом,мени коргоп,колдоп алар инсаным ушул. Аллахым кошкон жарым,тагдырым деп кабыл алдым.
Ал да мени аманатым деп жубайы катары кабыл ала алдыбы,албадыбы белгисиз..
Той күнү да келди.
Эрте менен көйнөгүмдү көтөрүп алып салонго жөнөп жаткам. Белек экөөбүздүн көздөрүбүз чагылыша түштү,негизи күтпөгөм. Эмне үчүн келди? Ал үчүн оңой болгонбу баары? Сүйгөн инсанынын үйүнөн узап бара жатканын кантип чыдап карап тура алат?
Көзүндө огу болсо атып ирчүдөй теше тиктейт. Тезинен эле кетүүгө шаштым. Эч артымды карабай машинага отуруп салонго кеттик.
Ичимде түшүнүксүз уйгу туйгу сезимдер. Сый,баары бүтүп атам белибизге кур байлап,батасын берип узатып жатышты.
Белектин апасы(аяшэнем) келип катуу кучактап өптү да,эки колумдан катуу кысып койду. (Кийин видеодон көрсөм,арт жагыма өтүп,көз жашын жоолугуна сүрткөн экен,жаным аяшэнем,сиздин үмүтүнүздү актай албадык.)
Абалын түшүндүм,биздин Белек экөөбүздүн бирге болушубузду эң көп каалаган апасы болсо керек. Тойду токтотолу, барып колун сурайлы деп Белекке айтканда ал токтотуп койгон экен,аны кийин уктум.
Канчалык ичи ачышып,мени башкага кыйбай атканын катуу кучактап эле билдирди. А бирок айла канча. Баары кеч болбодубу.
#94 27 Февраль 2022 - 11:13
А мен жөн гана бактылуу да эл катары да жашагым келген. Келечегимди ушул инсанга тапшырып,бактылуу кылам,ыйлатпаймын деген сөзүнө ишенгенмин.
Той ашыкча шаан шөөкөтсүз болду. Жаштар гана бир аз ойнодук. Куда тарапты үйдө эле сыйын берип узатышты.
Нураминдин маанайы,көз карашы бактылуу экенинен кабар берет эле. Улам көзүнүн кыйыгы менен мен тарапты карап ичинен кубанып жатканын сезип турдум. Той бүтүп,баары тарашып жеңелер гана калды.
(Бизде нике түнгө жеңелер аралашып калат,дагы деле бул салт бар)
Нурамин сырттан келип ойлуу отурду да,"жеңелерди кетирип коёлучу,бүгүн дем алалы е жан,өтө чарчаганбыз, сен да чарчадың" деп маңдайымдан өөп сыртка чыгып кетти.
Жеңелерге ыраазычылыгын айтып,узатып коюптур. Адатта жигиттер кыздардын айыбын жашырса,мен бул күнү жолдошумдун жүзүн жарык кылган экенмин. Андан кийин женемдердин "эмне болдуңар,баары бүттүбү?деген суроосуна "ооба деп жооп берип койгонмун.
Ошол күнү да,андан кийин да Нурамин мени кучактап эле койбосо ашыкча нерсе болгон жок. Башында мени коркутуп алгысы келбегендир деп ойлосом,бара бара бул нерсеге түшүнбөй жаттым.
Билдирүүнү түзөткөн: Janym.: 27 Февраль 2022 - 11:15
#95 27 Февраль 2022 - 12:54
Эң чоң келин болуп түшкөнүмө,биринчи келин деп баары эле жылуу кабыл алды. Көнүп кетүү деле кыйынга турган жок. Нураминдин ата энесин,өз ата энемдей кабыл алып,колумдан келген кызматымды кылып жаттым. Кайын ата,кайын эне дегенди өтө катуу кабыл алган экенмин,көздөрүнө тике карабай,алдынан кыя өтпөй сыйын жайына койдум.
Кайненем "Менин келиним чыйрак,короздой көйкөлөт,колунан баары келет" десе кудуңдап сүйүнүп алам. Бир күнү апам бир чара аш демдеп,женемден берип жиберген экен. Ал күнү баарыбыз тамактанып, дагы бир аз ашып калган. Эртеси ошол ашты жылытып,чоң энеңди көрүп келейин деп кеткен кайын энеме таң калып бүтө албай турдум. Ошентип жылытма тамакты бирөөгө кантип алып барат. Болгондо да каарыган чоң эне болсо деп ойлонуп оюма жете албайм.
Бир ай боюу үйдөн конок үзүлбөдү. Баарына жетишип,баарын өз ордунда жасаганы аракет жасайм. Бул арада Нураминдин суз мамилесине көнө албадым. Бул адамга турмушка чыкпастан жөн эле үйүнө келип жашап алган сыяктуумун.
Телефонунда мага чейинки сүйлөшкөн кыздары, сүрөттөрү, бирин да өчүрүп тазалап койбоптур,катуу тиет деп ойлободу бекен? Эмне үчүн анда мага үйлөндү, же балким бир көйгөйү бардыр...
"Курсагың тоюп жатабы,чарчаган жоксуңбу,жылуу кийин,көнүп алдыңбы?" деген сөздөрдүн бири да жок. Кокустан үйдө жүрүп бетме-бет келип калсак,тааныбаган адамдай үн сөз жок өтүп кетебиз. Ашканадан идиш жууп,жыйнап жүрсөм көрбөгөн адамдай бөлмөбүзгө кирип кетет. Артынан түшүнбөй көпкө тиктеп туруп,ишимди бүтсөм да көпкө чейин сыртта жүрө бермей,ашканада отура бермей адат болду. Аялга эң биринчи нерсе көңүл буруу экен.
Кечинде экөөбүз эки жакты карап,өз ойлорубуз менен алек болуп уктайбыз. Түн бир оокумда гана кучактап алганын байкайм. Кайра эртеси бири биризди тааныбагандай туруп өз жумуштарыбызды баштайбыз. Көздөрүн албай тиктегенин эсепке албаганда,мага карата жылуу сезимдерин байкай албадым,байката алган жок.
Көңүлүмдү алып,өзүнө имерип тартып ала албады.
Жадагалса интернетин барбы,салып коеюнбу деп бир жолу да сурап койбоду,кандай адамга турмушка чыгып алгам билбейм.
Болгону 1 ай ичинде мен бул инсан менен жашай албасымды билдим. Ич ичимден өзүмдү жеп,аягына жете албаган ойлор менен курчалып калдым. Бир гана нерсе мени жубатаар эле,ал да болсо кайын ата,кайын энемдин мени кызым деп жакшы көргөндөрү.
Нурамин экөөбүздүн бул мамилебизди бирөөгө ачылып айтууга батына албадым. Эми эле 1 ай болсо,балким дагы да эрте окшойт деп ойлодум.
Эрте менен баарыбыз 5 те турабыз. Күнүгө эрте менен туруп суюк тамак жасайм,андан кийин үй иштери,арада Нураминге мал жайгарганга жардам берем,түшкүгө тамак жасайм,нан жабуу,сүт тартуу деген мурда кийин жасап көрбөгөн жумуштардын баарын өзүмө алып болушунча аракетимди жасап жаттым.
Бул үйдүн бекем тартиби десек болобу,же ашыкча ысырапкорчулукту жактырбаган адамдарбы? Кайын энем баарын өлчөп берер эле. "Болгону 500гр аш демдейсин,аны да бир табакка ортого салсын,баарыбыз ошол жерден алып жейбиз, бөлүнүп тамактануу болбосун" деген кайын атамдын сөзү эсимди энгиретип эле койду. Кантип мен колумду столдун ортосуна сузуп эч тартынбастан тамактана алам. Эгер тамак ашып калса кайын энем,атам баш болуп сүйлөнүп калар эле. Ушунчалык тилечумун эмне тамак кылсам да ашпай калсын деп.
Бир күнү кайын энем шаарга,кызынын үйүнө жөнөп калды.
"Келгиле мага 100 сом бергилечи,барышыма болсо болот,кайтканга ал жактан төлөп салып коюшат"деп акча сурап жатканын угуп,чын эле акча сурап жатабы деп ишене албайм. Акча берсе сүйүнүп алып жолго чыгат,бербесе унчукпай отуруп калат. Болбогон акча, аялдын бул үйдө ушунчалык кадыры жокбу?
Ар жолу кызынын үйүнө барып келген сайын кайын энем да өзгөрүлүп келчү болду.
Мен жакшы көрүп сыйлаган кайын ата,эне ар кандай кылык,сөздөрү менен таң калдырып да көңүлүмдөн да калып баратты.
Билдирүүнү түзөткөн: Janym.: 27 Февраль 2022 - 12:57
#96 29 Август 2023 - 03:48
Канча деген мээнетим, уйкусуз түндөрүм,нервим кеткен... эхх
Баарын кайрадан жазып чыгууга убакыт да каалоо да жок((((
Админ толук өчүрүп берсе, же калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү болсо аны карап койсо э...
Экөө тең болбосо, анда ушул боюнча калуусуна туура келет....
#97 07 Сентябрь 2023 - 03:00
Janym. (29 Август 2023 - 03:48) жазган:
Канча деген мээнетим, уйкусуз түндөрүм,нервим кеткен... эхх
Жаз эми , ортодо эмнелер болгону да түшүнүксүз болуп калыптыр
Баарын кайрадан жазып чыгууга убакыт да каалоо да жок((((
Админ толук өчүрүп берсе, же калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү болсо аны карап койсо э...
Экөө тең болбосо, анда ушул боюнча калуусуна туура келет....
#98 07 Сентябрь 2023 - 03:02
Janym. (29 Август 2023 - 03:48) жазган:
Канча деген мээнетим, уйкусуз түндөрүм,нервим кеткен... эхх
Жаз эми, кызыгып окуп жаттым эле түшүнүксүз бүтүп калды
Баарын кайрадан жазып чыгууга убакыт да каалоо да жок((((
Админ толук өчүрүп берсе, же калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү болсо аны карап койсо э...
Экөө тең болбосо, анда ушул боюнча калуусуна туура келет....
#99 07 Сентябрь 2023 - 03:04