Бүгүн маанайым чөгүп турган учурум. азыр эле Лимондун сайтында, бирөөнүн "оштуктарды жок кылыш керек", андан кийин дагы "бирөөнүн аркалыктар көчүктү кыскыла" деген сөздөрүн көрүп калдым. Каным кайнап кетти. Ушу сыяктуудагы көөөп жазууларды көрүп жүрөм. Албетте булардын көпчүлүгү провокация, ошентсе да көңүлүм чөгүп кетет. Азыр Москвадамын, өткөндө бир туулган күндө москванын бир клубуна барып калдым, ал жерде да кыргыздар "Э, каерден болосун" деп жүргөнүн көрүп жиним келди. качанга чейин ушинтип жүрөбүз. Аалы Туткучев акын айткандай кытайлар миллиард болсо да бөлүнүшпөйт. А биз ачыгы беш эле миллионбуз, анан дагы аз келгенсип эки эмес жети сапка бөлүнүп алабыз. Бул эмнедеген Тата улан бир ырында айтат "Жети жерден эл тандабай баарыбызды кыргыз дейт" дагы бир ырында "Бөлүнгөндү бөөрү жейт, шашпай жиликтейт" Карап көрсөн жөнөкөй эле сөздөр сыяктуу, бирок бул сөздөр ичиинде терең маанини камтыйт. Ээээй КЫРГЫЗым, шашпай жиликтелип кетебизби? Ойгончуууу! Ойгон!!!
Качан токттойт бул нерсе!!!
Качанга чейин бөлүнүп жүрө беребиз.
Көптөн бери берилип келген тарбияга токтоло кетсем. Кичине кезибизден эле Түштүк тараптагы ата энелер, эжелер, акелер “аркалыктарды” жамандап келишет. Бизде туулганыбыздан баштап “аркалыктарга” жек көрүү сезимин куюп келет. А түндүк тарапта болсо “оштуктарга” жек көрүү сезимин куюп келишет. Анан ал бала же кыз кандай адам болот? Токтотбойлубу ушу нерсени? Балдарыбызга түндүк, түштүк деген сезимдерди эмес КЫРГЫЗ деген сезимин күчөтпөйлүбү.
Буйруса бир доор келет. Кыргыздар бөлүнбөй калат. Бул нерсе сиздердин жана биздердин аракетибиз менен болот. Балдарыбызга туура таррбия берели. Жүрөгүнүн түбүндө ар бир кыргызда КЫРГЫЗ деген сезим бар. Бирок кээ бирлеринде ал уктап калган. Ошол сезимдерди ойготойлу. Аалы акын айткандай бир муштум бололу.
Жайындагы каргашалуу окуяларда ушу нерсеге өзүм күбө болдум. Кыргыз деген сезим ар бир атуулда бар. Таластык, Көлдүк, Нарындык балдар түштүккө сапар алып жатышты. Ал жерде бир боорлорубуз кыйналып жатат, жардам берели деп. Жап жаш кыздар медиктер менен сапар алып жатышты. Бирөөнүн колунда беш сом болсо төрт сомун Ошко жөнөтүп жатты. Мынакей. КЫРГЫЗ деген ушундай болот. Ыктыярдуу кошундарга алынбай калган балдар, колдорунда эч нерсеси жок, топтолуп машиналар менен ошко сапар алып жатышты. Чет жактан адамдар ар нерсе дей беришет. Аны жамандап. муну жамандап. Бирок жогорудагыга Мен өзүм күбө болдум, жана КЫРГЫЗыма абдан ыраазымын.
Кыргыз тилинде сүйлөйлү. “Башка тилдер минип жүрсө мерседес, кыргыз тили минип калды араба.” Деп Жеңишбек Жумакадыр айткан эле. Тилибизди сактайлы, тилибиз барктайлы. Машина эмес Учкучтар менен жүрсүн КЫРГЫЗ тили.
Кыргыздар! !! Бөлүнбөйлүчү. Суранааааам! !!
Муштум бололу, бир бололу, болбосо жокболуп кетебиз! Ата бабаларыбыздан калган баалулуктарды жандандырып, сактап, жаңы өсүп келе жаткан муунга берели. Бизден улуурак муун жоготуп алган нерселерди кайра табалы!!!
Билдирүүнү түзөткөн: amantur: 03 Ноябрь 2010 - 15:08