Периштелер! Аларды билесиңерби?
#1 03 Декабрь 2010 - 20:51
Периштелер жөнүндө кеп кылсак анда
Баарыңыздарга эле маалым болгондой периштелер аябай көп
Биз чоң периштелерди ган атап өтөлү
Эң чоң төрт периште: Жабраил алейхи салам, Аазраил алейхи салам, Микаил алейхи салам жана Исрафил алейхи салам
Жабраил а.с. бул заманбап түшүнүк менен караганда Дипломат, Алла таала менен пайгамбарлардын ортосундагы элчи десек болот, Аллах Жабраил а.с. аркылуу пайгамбарларга кабар жиберген.
Азраил а.с. бул жан алгыч периште. азраил а.с. жан алуу абдан кыйын экен, Аллах Азраил а.с. га айтат экен. Сен жанын ал, жумушуңду аткар, мен себеп жаратып койом. Чындыгында эле карап көрсөңүздөр, адамды машина уруп кетти, баары уруп кеткен адамды күнөөлөйт, Азраил а.с. жанын алганын эч ким ойлобойт, ал киши машина урбаса деле өлмөк, себеби ал Аллахтын буйругу.
Микаил а.с. адамдардын ырыскысын таратуучу периште, анан дагы эко системага жооп берет, шамал жамгыр ж.б.
Исрафил а.с. Сурнай кармап турат, кыямат болгондо Аллахтын буйругу менен сурнай чалат.
бүгүнчө ушуларды билип алайлы, дагы жазам буйруса, сиздер да жазгыла
#2 03 Декабрь 2010 - 20:56
#3 04 Декабрь 2010 - 02:16
#4 06 Декабрь 2010 - 15:06
Aydashka (03 December 2010 - 23:16) жазган:
Туура айтасын, бул терең ойлоно турган тема, бирок бираз болсо да досторубуз жана биз периштелер жөнүндө билип алсак жакшы да, туурабы? Кичине кичине болуп отуруп, аста аста үйрөнөбүз.
Иблис тууралуу кеп кылсак ал деле периште го дейм, бирок так айта албайм, менин билгеним, Аллах таала периштелерге Адам а.с. га сажда кылгыла дегенде, Иблис, "Мен оттон жаралгам ушул ылайдан жаралганга кантип тиз чөкмөк элем, деп сажда кылбай койгону үчүн Аллах таала жини келип Иблисти жок кылам дегенде, Иблис Аллахка жалынат, мага кыяматка чейин убакыт бер, мен адамды азгырайын" деп, ошентип Аллах таала Иблиске кыяматка чейин убакыт береген экен.
Кошумчалап айта кетсем, кээ бир бир туугандар Аллах мени кечирбейт, мен өтө эле күнөөкөрмүн деп жаман жолдордон чыга албай жүрүшөт, бирок ал туура эмес, Аллахтым мээрими чексиз, жана ал кулдарын сүйөт, Иблисти кечирген Аллах сүйүктүү кулун кантип кечирбесин? Аллах таала айтат экен "Кулум, миң жолу күнөө кылып анан миң жолу тообо кылсан кечиремин, миң биринчи жолу жа ошол эле күнөөнү кылып кайра эле тообо кылсан, дале кечирем" деп. Аллах баарыбыздын тооболорубузду кабыл кылсын.
Жана дагы кошумчалап кетсем
Эки адам маек куруп жатып бирөөсү сурайт экен
"иблис оттон жаралса, анан кантип от менен жазаланат " деп
анда экинчи адам жерден бир каткан ылайды алып пешенесине бир урат экен, адам түшүнбөй калып, " Эй бул эмне кылгының? "дейт экен
анда тигиниси "сен деле ылайдан жаралгансын, бирок ылайделе сени жазалап жатпайбы" деген экен
Дагы бир периштелер жөнүндө жаза кетсем
Зебани периштелери: булар түшүнүктүү айтсак, тозоктун "представительдери" Адамдын рухун тозокко алып кетчү периштелер
Билдирүүнү түзөткөн: amantur: 06 Декабрь 2010 - 15:11
#5 07 Декабрь 2010 - 03:08
amantur (06 December 2010 - 11:06) жазган:
Иблис тууралуу кеп кылсак ал деле периште го дейм, бирок так айта албайм, менин билгеним, Аллах таала периштелерге Адам а.с. га сажда кылгыла дегенде, Иблис, "Мен оттон жаралгам ушул ылайдан жаралганга кантип тиз чөкмөк элем, деп сажда кылбай койгону үчүн Аллах таала жини келип Иблисти жок кылам дегенде, Иблис Аллахка жалынат, мага кыяматка чейин убакыт бер, мен адамды азгырайын" деп, ошентип Аллах таала Иблиске кыяматка чейин убакыт береген экен.
Кошумчалап айта кетсем, кээ бир бир туугандар Аллах мени кечирбейт, мен өтө эле күнөөкөрмүн деп жаман жолдордон чыга албай жүрүшөт, бирок ал туура эмес, Аллахтым мээрими чексиз, жана ал кулдарын сүйөт, Иблисти кечирген Аллах сүйүктүү кулун кантип кечирбесин? Аллах таала айтат экен "Кулум, миң жолу күнөө кылып анан миң жолу тообо кылсан кечиремин, миң биринчи жолу жа ошол эле күнөөнү кылып кайра эле тообо кылсан, дале кечирем" деп. Аллах баарыбыздын тооболорубузду кабыл кылсын.
Жана дагы кошумчалап кетсем
Эки адам маек куруп жатып бирөөсү сурайт экен
"иблис оттон жаралса, анан кантип от менен жазаланат " деп
анда экинчи адам жерден бир каткан ылайды алып пешенесине бир урат экен, адам түшүнбөй калып, " Эй бул эмне кылгының? "дейт экен
анда тигиниси "сен деле ылайдан жаралгансын, бирок ылайделе сени жазалап жатпайбы" деген экен
Дагы бир периштелер жөнүндө жаза кетсем
Зебани периштелери: булар түшүнүктүү айтсак, тозоктун "представительдери" Адамдын рухун тозокко алып кетчү периштелер
Ассаламу алейкум! Периштелер жөнүндө жазаардан мурда тактап билип алуу керек алар тууралуу. Мисалы Азраил деген периште жок Куранда жана хадистерде болгону "Өлүм периштеси" , деп келет. а Ибилис болсо жин болгон периште болгон эмес. Ибилис өзү айткан го мени оттон Жараттың деп. Алла Таала жиндерди оттон Жараткан. Периштелерди болсо нурдан Жараткан.
#6 08 Декабрь 2010 - 22:26
baksid (07 December 2010 - 03:08) жазган:
Баксид , сен билет экенсиң, билген маалыматыңды аргументтештирип жазбайсыңбы анда.
#7 10 Декабрь 2010 - 16:02
baksid (07 December 2010 - 00:08) жазган:
Алейкум салам.
Кечиресиздер, ката менден кетти.
Тагыраак жооп берүү үчүн алгач Исламдагы отуз эки парздын катарына кирген ыймандын алты шартын жаза кетсем.
Ыймандын алты шарты
1. Аллахтын барлыгына жана бирлигине ишенүү Аманту биллахи
Бул ыймандын биринчи тепкичи деп атасак болот.
Биз Аллахты кандай болгонун бир гана сыпаттары менен билебиз. Көрүнүшүн сүрөттөгөнү болбойт, себеби биз билбейбиз, билгенибиз Аллах жалгыз жаратуучу, жана жаратылгандын бирине да окшобойт. Демек Аллахты бир нерсеге, же кимдир бирөөгө окшотуу болбойт.
Аллахтын сыпаттарына токтолсок ал экиге бөлүнөт
а. заттык сыпаттары
- вужут Аллахтын бар болушу. Аллахтын бар болгонуна эч убакта күмөн санабообуз керек
- кыдем Башаталгычы жана аягы жок.
- бекаа Аллах тааланын акыры болбошу
- вахтаниет Аллах тааланын бир болушу жана эч кимге окшобошу
- мухаллефетун мил хавадис эч нерсеге окшобойт
- кыям бинефсихи Аллах тааланын бар болушу жана эч кимге муктаж болбошу
б. субути (сын) сыпаттары
- хаят Аллахтын тирүү болуусу
- илим Аллахтын бардык нерсени билип турушу
- семи Аллахтын бардык нерсени угуусу
- басар Аллахтын бардык нерсени көрүүсү
- ираде Бүт нерселер Аллахтын каалоосу менен болушу
- кудрет Аллахтын бардык нерсеге күчү жетиши
- келам Аллах тааланын сүйлөөсү
- таквин Аллахтын жаратуусу, бүт жаратуулардын ээси
2. Аллахтын периштелерине ишенүү Ва малаи катехи
периштелер жөнүндө дагы көп айтабыз деген үмүттөмүн
3. Аллахтын китептерине ишенүү Ва кутубихи
Адамзат жаралгандан баштап аллах тааладан жүз төрт (104) китеп түшкөн
Китептер жөнөкөй адамдарга түшчү эмес, китептер пайгамбарларга түшкөн
Жүз китеп барак түррүндө түшкөн экен
10 барак Адам а.с. га
50 барак Шит а.с. га
30 барак Идрис а.с. га
10 барак Ибрахим а. с. га
Ошондой эле калган төртөөсү китеп түрүндө түшкөн экен
Забур Давуд пайгамбарга а.с.
Тора Муса пайгамбарга а.с.
Инжил (Библия) Иса пайгамбарга а.с.
Курани Карим Мухаммед (САВ) пайгамбарыбызга
4 Аллахтын пайгамбарларына ишенүү Ва русулихи
Дүйнөдөн 124000(жүз жыйырма төрт миң) пайгамдар өткөн
Бирнчи пайгамбар Адам алейхи салам
акыркысы Мухаммед (САВ)
Куранда жыйырма беш пайгамбардын аты эскерилет
Пайгамбарлардын беш сыпатын жаза кетсем
- Исмет күнөөсүз болуусу
- Эманет ишеничтүү болуусу (аманатка кыянат кылбайт)
- Фетанет Акылдуу болуусу
- Сыддык Чынчыл, туура болуусу
- Теблих Аллахтын айткандарын толук жеткирүүсү
Акырет болооруна ыйман келтирүү
6. Тагдыр, жакшы/жаман, ачуу/таттуу бардыгы Аллахтан экенине ишенүү Ва бил кадери хайрихи ва шеррихи миналлахи таала
Өлгөндөн кийин тирилүүгө ишенүү Вал басу бадел мевт
Жогорудагылардын баарына ишенишибиз зарыл, болбосо мусулман деп өзүбүздү айта албайбыз
Мисалы Бешөөнө ишенем бирок бирөөсүнө ишене албайм деген болбойт.
Эми жооп берип кетсем
Туура айтасыз, куранда Азраил а.с. аты жазылган эмес "Өлүм периштеси" деп айтылат.
Бирок хадистерде жок дегениңиз бираз ката болуп калат, себеби пайгамбарыбыз айткан деп билебиз Азреилдин а.с. атын.
Жана жогорудагы ыймандын шарттарына байкоо салсак аллахтын китептерине ишенишибиз керек
Азреил а.с. дын аты Курандан мурун келген китептерде да айтылат, ошол жактан билебиз Азреилдин атын.
Анан айтышыңыз мүмкүн, китептер өзгөртүлүп калган, туура эмес болгон деп
Бирок пайгамбарыбыз (ага аллахтын саламы болсун) бизге айтып кеткенден кийин Өлүм периштесинин атын күмөнсүз эле ишенем мен.
Иблис тууралуу мен жогоруда деле жазып кеттим, так айта албайм деп, билимибиз али аз, сиз билгендериңизди кененирээк жазып кетсеңиз, биз да билип алалы.
окуп чыккандарга рахмат, аллах ыраазы болсун. Иншаллах бейишти насип этсин. Оомин.
Билдирүүнү түзөткөн: amantur: 10 Декабрь 2010 - 16:03
#8 11 Декабрь 2010 - 14:46
amantur (10 December 2010 - 16:02) жазган:
Теблих Аллахтын айткандарын толук жеткирүүсү
мухаллефетун мил хавадис эч нерсеге окшобойт
Ва малaаи`кат и хи
Табли г Аллахтын айткандарын толук жеткирүүсү
мухаaлaфaтун лил хавaадис эч нерсеге окшобойт.
Assalamu alaikum.. Allah yraazy bolsun, bir bashtan bashtap tuura kylypsyz. maanileri ozgorup ketpesin dep kichine tuzotumush boldum. Iygilik ulanta beriniz..
Билдирүүнү түзөткөн: legolas: 11 Декабрь 2010 - 14:58
#9 12 Декабрь 2010 - 12:35
#10 12 Декабрь 2010 - 20:53
Амантур , сенин эмгегиңе Аллах ыраазы болсун. "Ниет амалдан артык" деп айтылат го хадис китептердин башкы бетиндеги биринчи хадисинин маанисинде. Ошонун сыңарындай сенин ниетиң жакшы. Амалың да жакшы экен. "Болсун, болсун" деп гана айтам. Менин алымча кошумчаларым бар. Тема сеники болгондуктан сенин бир ооз уруксатыңды алып анан жооп жазсамбы дедим эле, убакыт тар болгондугуна байланыштуу билген (албетте, мурда окуган) маалыматымды бул жерге мактоо алкоого татыктуу Зат - Аллах Тааланын колдоосуна таянуу менен жазып коёюн.
Эмесе, бисмиЛлахир Рахмаанир Рахиим (кыргызчасы, "бысмылда" ).
Периштелер темасындагы анча мынча мүчүлүштүктөрдү оңдоо алдында периште деген ким, ага ишенүү жана ыйман деген нерселер эмне экенин тактап алалы.
1. Ыйман деген эмне?
Бизди Жер үстүндөгү башка макулуктардан айырмалап турган бирден-бир өзгөчөлүктөрүбүздүн бири бул – биздин Ыйманыбыз. Алла Таала Өзүнүн Куранында бизге: “Эй ыйман келтиргендер! ”,- деп бат-бат кайрылат. Биз Алла Тааланын бул кайрылуусуна биринчи кезекте көңүл бөлүп, өтө терең маани беришибиз керек.
Ыйман бул - Алла Тааланы, Анын пайгамбарларын жана Ислам динин таанып-билүү. “Сахих аль-Муслимде” келтирилген Пайгамбарыбыздын, ага Алланын салават-саламдары болсун, хадисинде Жебреил алейхис-саламдын Мухаммад пайгамбарыбызга, ага Алланын салават-саламдары болсун, кайрылып:
“Мага Ыйман жөнүндө айтып бер?”,- деген суроосуна Пайгамбарыбыз, ага Алланын салават-саламдары болсун, мындай деп жооп берген: “Ыйман бул - Аллага, Анын периштелерине , Анын китептерине, Анын элчилерине, Акырет Күнүнө жана жакшылык менен жамандык тагдырдан болооруна ишенүү”.
Демек,
Ыймандын негизи бул - Аллага ишенүү, Анын периштелерине ишенүү, Анын китептерине ишенүү, Анын элчилерине ишенүү, Акырет Күнүнө ишенүү жана жакшылык менен жамандык Алладан деп ишенүү.
Ислам акыйдасынын негиздерине Аллага, Анын периштелерине , Анын китептерине, Анын пайгамбарларына, Акырет Күнүнө жана жакшылык менен жамандык тагдырдан болооруна ыйман келтирүү кирет. Буларга Алла Тааланын сөздөрү далил болот:
«Жүзүңөрдү чыгыш жана батыш тарапка бурушуңар такыбалык эмес, бирок такыбалык бул - ким Аллага, Акырет Күнүнө, периштелерге, китепке жана пайгамбарларга. .. ыйман келтирсе ошолор…» [Куран , 2-сүрө: 177-аят]
Билдирүүнү түзөткөн: zeft: 13 Декабрь 2010 - 00:56
#11 12 Декабрь 2010 - 21:11
а) Периштелерге ыйман келтирүү эмнени билдирет.
Периштелерге ыйман келтирүү бул - периштелердин барлыгына толук ишенүү, алар Алла Таала жараткан макулуктардын бири экендигине ишенүү жана алар Алланын буйруктарын бузушпайт, Ал буйрук кылган нерселерди толук аткарышат деген ишенимде болуу. Алла Таала айтты:
«Андай эмес, периштелер ардактуу кулдар. Алар Андан сөз менен озуп кетишпейт жана алар Анын буйругу менен иш кылышат». [Куран, 21-сүрө: 26-27-аяттар]
Периштелерге ыйман келтирүү төрт бөлүктөн турат:
1. Алардын бардыгына ишенүү.
2. Биз ысымдары менен билген периштелерге ишенүү, мисалга Жебреил алейхис-салам жана ошондой эле биз ысымдарын билбеген бардык периштелерге ишенүү.
3. Бизге белгилүү сыфаттарына ишенүү.
4. Периштелердин Алла Тааланын буйругу боюнча аткарып жатышкан иштерине ишенүү. Мисалга, алар Аллага күнү-түнү чарчоону билбестен сыйынышат жана шүгүр кылышат.
Периштелерге ыйман келтирүү “Ыймандын шарттарынын” бири. Алла Таала айтты:
«Элчи Раббисинен өзүнө түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана му'миндер дагы Аллага, Анын периштелерине, Анын китептерине бардыгы ыйман келтирди» [Куран, 2-сүрө: 285-аят]
б) Периштелердин сыфаттары.
Б1. Периштелердин сыфаттарына алардын эмнеден жаратылгандыгы кирет. Бул жөнүндө Алланын элчиси айткан:
«Периштелер нурдан жаратылган». (Муслим)
Б2. Алла Таала периштелерди ар башка сандагы канаттар менен жараткан:
«Асмандарды, жерди жаратуучу жана эки, үч жана төрт канаттуу периштелерди элчи кылган Аллага шүгүрлөр болсун. Ал жаратууда каалаган нерсесин арттырат. Чындыгында Алла баардык нерсеге кудуреттүү» [Куран , 35-сүрө: 1-аят]
Алланын элчиси Жебреил периштени 600 канаты менен көргөндүгү айтылат. (Бухари, Муслим)
Б3. Алланын кудурети менен периште адам келбетине өзгөрүлө алат. Алла Таала Жебреилди Мариямга адам кейпинде жиберген. Жана ошондой эле Алла Таала Ибрахим, Лут алейхимус-саламдарга периштелерди адам кейпинде жиберген.
Б4. Периштелер - жаратылган макулуктар, алар кайып дүйнөдө жашашып, Алла Таалага ибадат кылып турушат. Алар бирден-бир жаратуучу болгон Алла Таалага гана тийиштүү эч кандай сыфаттарга ээ эмес жана алар Аллага толук моюн сунган Алланын кулдарынан болушат. Бул жөнүндө Алла Таала айткан:
«Алар Алла буйруган нерселерге каршы чыгышпайт жана (Ал) эмне буйруса (ошону) кылышат» [Куран, 66-сүрө: 6-аят]
в) Периштелердин түрлөрү жана иштери.
Бул дүйнөдө периштелер белгилүү бир иштер менен алек болушат. Ар түрдүү периштелер бар жана тигил же бул гана иштерди аткара турган периштелер бар. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
1. Алланын вахилерин [1] Анын элчилерине жеткире турган периште - бул Жебреил алейхис-салам.
2. Жаан, жамгырларды көзөмөлдөй турган периште.
3. Кайра Жаралуу Күнү сурнайды үйлөй турган периште - бул Исрафил алейхис-салам.
4. Өлгөндөрдүн жанын ала турган периште - бул өлүм периштеси жана анын жардамчылары.
5. Алланын кулдарынын жакшы жана жаман иштерин жазып, эстеп кала турган периштелер.
6. Алланын кулдарын алар жолдо жүргөндө, бир жерлерде болгондо, уктап жатканда жана уктабай жүргөндө жана дагы ар башка жагдайларда коргой турган периштелер.
Булардын катарына Бейишти кайтаруучу жана Тозокту кайтаруучу периштелер;
жакшы иштер жасалуучу жыйындарда жана Алланы эстей турган (зикр) адамдар чогулган жердеги периштелер;
тоолорду көзөмөлдөй турган периштелер;
жана тынымсыз, чарчоону билбестен Аллага сыйыныша турган периштелер кирет.
Бардык периштелердин санын бир Алладан башка эч ким билбейт.
г) Периштелерге ыйман келтирүүнүн таасири
Периштелерге ыйман келтирүү му'миндердин жашоосуна зор таасирин тийгизет, булар болсо төмөнкүлөрдөн билинет:
1. Му'мин Алланын улуулугу жөнүндө, Анын куч-кубаты жөнүндө, Анын кудуретинин толуктугу жөнүндө жана дагы жаратылган макулуктун улуулугу Жаратуучунун улуулугуна көз каранды экендиги жөнүндө түшүнүп билет. Ушуга байланыштуу му'мин Алланы мурдагыдан дагы көбүрөөк урматтай баштайт, анткени Алла Таала канаттуу периштелерди нурдан жаратканын таанып-билет;
2. Му'мин Аллага баш ийүүдөн кайтпайт жана ал ачык да, купуя да Анын буйруктарына каршы чыкпайт, анткени му'мин адам периштелер анын бардык иштерин жазып тураарын билүү менен сөзсүз түрдө Алла Тааладан коркуп турат;
3. Му'миндин сабырдуулугу - бул болсо му'мин зор ааламда аны менен бирге түмөндөгөн периштелер Аллага кынтыксыз моюн сунуп жүрүшкөндүгүн бекем билүү менен Аллага баш ийүүдө сабырдуу болуп, кубанычта жана тынчтыкта болот;
4. Алла Таала адамдар жөнүндө камкордук көрүү менен периштелерди адамдарды коргоо, сактоо үчүн койгонун билип, пенде Алла Таалага шүгүрчүлүк кыла баштайт;
5. Алланын буйругу менен өлгөндөрдүн жанын ала турган өлүм периштесин эстеп му'мин бул убактылуу жана опаасыз дүйнөгө башкача көз караш менен карай баштайт. Бул аны Акырет Күнгө Ыймандын жана жакшы иштердин жардамы менен даярданууга түртөт;
[1] Вахии – Алла Тааланын пайгамбарларга түшүргөн кабарлары.
Билдирүүнү түзөткөн: zeft: 13 Декабрь 2010 - 00:58
#12 13 Декабрь 2010 - 00:40
Иблистин периште эмей эле жин экени сахих хадистерден белгилүү. Курандын кээ бир аяттарын өз-өзүнчө окуганда аны периште деп ойлоого мүмкүн. Бирок, башка аяттар менен биргеликте карап көрсөк анын жин экенине ынанабыз. Ага төмөндө далил келтирем:
“Биз силерди (Атаңар Адамдан) жаратып, (эң жакшы) келбет – сүрөт бердик. Кийин биз периштелерге: “Адамга сажда кылгыла!”, - дегенибизде, баары сажда кылышты. Бир гана Иблис сажда кылуучулардан болбоду” [Куран, 7-сүрө: 11-аят]
Келтирилген аят Иблистин (өздүк аты – Шайтан) периштелердин арасында болгонунан кабар берет. Ал периште болуп кабыл алынышы ыктымал. Неге дегенде буйрук ага эмес периштелерге берилген жана ал буйрукка баш ийбей коюшу менен ал күнөөкөр болбойт эле. Ушул аргументтен улам Ибн Аббас, Ибн Масуд, Ибн Джурайдж, Саид ибн аль-Мусаййиб, Катада, Абу Хасан аль-Ашари, Ибн Кудама сыяктуу атактуу аалымдар аны периште деп айтышса керек. Шайтандын периште экенине төмөнкү аят дагы жардамга келет:
“Бардык периштелер сажда кылышты. Бир гана Иблис текеберленип, (сажда кылбай) каапыр болду.” [Куран, 38-сүрө: 73,74-аяттар]
“Ал (Аллах) айтты: “Мен буюрганда сени сажда кылуудан эмне токтотту?” Ал (шайтан) айтты: “Мен андан (Адамдан) жакшымын. Сен мени оттон, аны болсо (кайдагы бир) ылайдан жараткансың! ”” [Куран, 7-сүрө: 12-аят]
Анын минтип бой көтөрүп текеберденүүсүнө анын оттон жаралгандыгы болуптур. Периштелер нурдан, ал эми жиндер болсо оттон жаралгандыгы жөнүндөгү аят шайтандын периште эмей эле жин экендиги тууралуу ойду (тастыкталган ойду) жогору коёт.
Аллах Таала периштелерге: “Адамга сажда кылгыла”, - деп буйруганда шайтан алар сыяктуу нурдан жаратылбаса да ошолордун арасында болгон себептүү жана алардын иштерине катышкан себептүү ал буйрук ага дагы тийиштүү болгон. Буйрук ага дагы тийиштүү болгону менен ал баш ийбегени үчүн каргышка калган. (Бул жөнүндө Ибн Касир айткан)
Буйрук периштелерге айтылган менен ага дагы тиешелүү болгон. Анткени ал алар менен чогуу жүрүп алар Аллах Таалага сыйынгандай эле сыйынган. Анан да периштелер эрк дегенди билишпей Аллах Тааланын айтканын бүт аткарышат.
Ушул сыяктуу эки тараптуу талашка төмөнкү аят менен чекит коёбуз:
(Оо, Мухаммад), эстегин. Биз периштелерге: “Адамга сажда кылгыла”, - дегенде, бир Иблистен башка баардыгы сажда кылышты. Ал жиндер тайпасынан эле. Раббисинин буйругуна каршы чыкты. Эми, силер Мени таштап, ошол Иблис менен анын укум-тукумдарын өзүңөргө дос-башчы кылып жатасыңарбы? Алар силердин душманыңар го?! [Куран, 18-сүрө: 50-аят]
Ушул аяттан анын жин экендигине дагы бир далил тапсак болот. Аятта жазылгандай шайтандын тукумдары тууралуу айтылып жатат. А периштелердин болсо жынысы жок(!). “... Биз периштелерди ургаачы кылып жаратканыбызды көрүшүптүрбү? ” (Куран, 37-сүрө: 150-аят]
Шайтандын периште экендиги, бейиштин сакчысы, алдыңкы асмандардын кайтаруучусу жана анын аты Азезил болгону тууралуу түшүнүктөрдү аш-Шанкыти төмөндөгүдөй түшүндүрөт: “Бул сыяктуу түшүнүктөргө эч кандай так далилдер жок. А келтирилген далилдер болсо жүүттөрдүн китептеринен ” [Адва' аль-байан, 4-том: 120,121-беттер]
Ошентип, шайтандын периштелердин арасында боло туруп, бирок периште болбогондугу анык болду. Анын алардын арасында болуп калгандыгы ар кайсы булактарда келтирилет. Ал жөнүндө өзүнчө кеп.
Билдирүүнү түзөткөн: zeft: 13 Декабрь 2010 - 00:49
#13 13 Декабрь 2010 - 13:45
legolas (11 December 2010 - 11:46) жазган:
Ва малaаи`кат и хи
Табли г Аллахтын айткандарын толук жеткирүүсү
мухаaлaфaтун лил хавaадис эч нерсеге окшобойт.
Assalamu alaikum.. Allah yraazy bolsun, bir bashtan bashtap tuura kylypsyz. maanileri ozgorup ketpesin dep kichine tuzotumush boldum. Iygilik ulanta beriniz..
Рахмат байке, Аллах ыраазы болсун.
Сиз да өзүнүздүн билгендериңизден бөлүшүп кетпейсизби?
#14 13 Декабрь 2010 - 13:48
zeft (12 December 2010 - 18:11) жазган:
Астагфираллах байке, Алланын атын жайылтууга пенденин уруксаты кереги жок. Аллах сизден ыраазы болсун, берген маалыматтарыңызга.
#15 08 Январь 2011 - 06:42
#16 18 Июль 2014 - 02:24
Ыймандын экинчи шарты — периштелерге ишенүү.
Биз дүйнөдөгү бардык нерселерди көрө алабызбы? Башкача айтканда, бар нерселердин бардыгы эле көзгө көрүнө береби?
Жок, андай эмес. Мисалы, Адамдын жанын көрүүгө болобу? Жок. Бирок ушунун өзү жандын, акыл-эстин жоктугун билдиреби? Албетте, билдирбейт.
Периштелер да мына ошондой, жөнөкөй көзгө илинбейт. Биз периштелерге ишенгенибизди айтуу менен, алардын бар экендигин ырастообузду билдиребиз. Эки жерде эки төрт экенин билгендей эле, периштелердин бар экенине ишенебиз. Биз аларды көрө албайбыз, бирок алар пайгамбарлардын көздөрүнө көрүнүшөт. Аларды Тиги дүйнөдөн гана көрө алабыз.
Периштелер тамактанышпайт, суу ичишпейт. Алардын арасында аял, эркек деген болбойт жана алар үйлөнүшпөйт да, күнөөгө батышпайт. Алардын баары Алла тааланын айткандарын так аткарышып, Аны урматташып, Ага сыйынышат. Төмөндө биз айрыкча белгилүү периштелер тууралу токтолобуз.
Ошондой эле көзгө көрүнүшпөгөн жиндер жана Шайтан да бар. Жиндер оттон жаралышкан, алардын арасында мусулман болгондору да, мусулман эместери да бар. Алар өз ара үйлөнүшүп, өздөрү сыяктууларды жарыкка жарата беришет. Алар да ажалы жеткенде өлүшөт, бирок аларды көрүү биздин энчибизге тийген эмес.
Шайтан да оттон жаралган. Алла таала Адам алайхиссаламды (биринчи инсанды) топурактан жаратканда, Шайтанды Адамга таазим кылууга буйруган. Шайтан топурактан жаралганга таазим кылбайм деп жооп берген. Ошондо Алла таала аны Өзүнөн алыс кубалаган. Шайтан андан бери адамдарды өзү сыяктуу — тил албас, эч кимге баш ийбес кылууга аракеттенип келет.
Ошентип, Шайтан жамандык кылгандардын баардыгына, ал эми периштелер жакшылык кылгандарга жардам беришет.
Эми биз айрыкча белгилүү үч периштенин ысымдарын жана алардын милдеттерин эске тутуп алалы:
Жебреил. Алла таала менен Пайгамбардын ортосундагы чабарман. Жебреил Мухаммедге ал Алла таала тарабынан тандалып алынган адам экендигин билдирген.
Микаил. Табияттын кубулуштарын жетектейт. Мисалы, шамал, жамгыр — анын карамагында.
Исрафил. Кыямат күндө мүйүз чоорду тартып, өлгөндөрдүн тирилиши тууралу жар салат.
Булардан тышкары биздин жакшылык жана жамандык иштерибизди каттап туруучу эки периште, ошондой эле Мүнкар жана Накиир аттуу периштелер бар. Мүнкар менен Накиир өлгөндөрдүн жарык дүйнөдө жасаган иштери тууралу аларды суракка алышат.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#17 19 Июнь 2015 - 16:37
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#18 06 Декабрь 2020 - 18:54
amantur (06 Декабрь 2010 - 15:06) жазган:
Иблис тууралуу кеп кылсак ал деле периште го дейм, бирок так айта албайм, менин билгеним, Аллах таала периштелерге Адам а.с. га сажда кылгыла дегенде, Иблис, "Мен оттон жаралгам ушул ылайдан жаралганга кантип тиз чөкмөк элем, деп сажда кылбай койгону үчүн Аллах таала жини келип Иблисти жок кылам дегенде, Иблис Аллахка жалынат, мага кыяматка чейин убакыт бер, мен адамды азгырайын" деп, ошентип Аллах таала Иблиске кыяматка чейин убакыт береген экен.
Кошумчалап айта кетсем, кээ бир бир туугандар Аллах мени кечирбейт, мен өтө эле күнөөкөрмүн деп жаман жолдордон чыга албай жүрүшөт, бирок ал туура эмес, Аллахтым мээрими чексиз, жана ал кулдарын сүйөт, Иблисти кечирген Аллах сүйүктүү кулун кантип кечирбесин? Аллах таала айтат экен "Кулум, миң жолу күнөө кылып анан миң жолу тообо кылсан кечиремин, миң биринчи жолу жа ошол эле күнөөнү кылып кайра эле тообо кылсан, дале кечирем" деп. Аллах баарыбыздын тооболорубузду кабыл кылсын.
Жана дагы кошумчалап кетсем
Эки адам маек куруп жатып бирөөсү сурайт экен
"иблис оттон жаралса, анан кантип от менен жазаланат " деп
анда экинчи адам жерден бир каткан ылайды алып пешенесине бир урат экен, адам түшүнбөй калып, " Эй бул эмне кылгының? "дейт экен
анда тигиниси "сен деле ылайдан жаралгансын, бирок ылайделе сени жазалап жатпайбы" деген экен
Дагы бир периштелер жөнүндө жаза кетсем
Зебани периштелери: булар түшүнүктүү айтсак, тозоктун "представительдери" Адамдын рухун тозокко алып кетчү периштелер
АС САЛЯМУ АЛЕЙКУМ!
СИЗ ТУУГАНЫМ, АЛЛАНЫН БАР ЭКЕНИНЕ ЖАНА АНЫН МЭЭРИМИНЕ ИШЕНГЕНИНИЗ АЯБАЙ ДУРУС! (АЛЛАХЫМ СИЗГЕ ДАГЫ ЫЙМАН ИЛИМ БЕРСИН).
Сиз шайтанды периште дептирсиз! Жок, ал периште эмес, Ал жин(тутунсуз оттон жараткан) А периштелерди Нурдан жараткан Аллах Таала! Иблис, озунун доорунда, жиндер арасында эн такыбасы болгон. Ал Аллахтын суйгон Жиндеринин бири болгон. Ушунчалык ибат кылгандыктан, шайтандын(иблистин) даражасын периштелер даражасына которуп, периштелер арасына кошкон. Анан ошентип периштелер менен чогу жургон. Бирок периште эмес ал.! А калган окуялар тизе букпогондугу тууралуу созунуз туура!
А эки адам тууралуу окуя, ал болгон окуя! Ал жерде эки адам эмес 3 адам болгон. А жооп берген адам улуу Имам Абу Ханифа эле!