Эң көп китеп жазган акын - Муса Жангазиев. Ал 81 жашында 73 китептин автору болуптур.
Кыргыздын эң-эңи...
#22 04 Декабрь 2009 - 21:15
Эң көп обон чыгарылган ыр - Эл акыны Сооронбай Жусуевдин "Унутпаймын"
деген ыры. Ал ырга 5 автор - Р. Абдыкадыров,
Б.Тургунбаев,
Э.Мааданбеков,
Б.Усубалиев,
Ж.Жумагулов обон чыгарган.
#23 05 Декабрь 2009 - 11:02
Эң көп псевдоними (жашырын аты) бар акын Рамис Рыскулов, өзүнү
н айтуусу боюнча 500дөн ашык псевдоними бар. 6 ат менен басма сөзгө чыккан.
#24 20 Декабрь 2009 - 06:06
• Кыргыз тилин изилдөө
дө салыштырма-
тарыхый усулду 1-жолу кеңири колдонгон окумуштуу - Б.М.Юнусалиев.
Ал кыргыз тилинин алтай, тува, хакас тилдери менен окшоштугун да 1-болуп далилдеген.
• Кыргыз тилинин синтаксиси боюнча алгачкы китепти кыргыздын 1-кызыл профессору, акын, мамлекеттик ишмер Касым Тыныстанов (1901 - 37) жазган.
• Кыргыз фразеологиясын биринчи изилдеген окумуштуу – Шүкүров Жапар.
• Улуттук тунгуч лексикограф жана лексиколог, котормочу, Москвадагы Ломоносов атындагы эл аралык университетте окуп жүрүп, кыргыз тилинен сабак берген (1929 - 31) алгачкы кыргыз, кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүү гө катышкан, Кыргызстанда сөздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири – Кусейин Карасаев.
• Кыргыз тилинин синтаксиси боюнча тунгуч илимпоз, филология илимдеринин доктору, профессор Ыбрай Жакыпов.
• Кыргыз тил илиминде “Байланыштуу речь” темасы боюнча атайын китеп жазган алгачкы окумуштуу – филология илимдеринин кандидаты Самак Давлетов.
• Кыргыз тилинде кеп маданияты маселелерине чыйыр салгандардын бири – Сыртбай Мусаев. Анын “Текст: прагматика, структура” (2000) аттуу эмгеги кыргыз тил илиминде теориялык аспектиде биринчи жаралган олуттуу эмгек.
Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. китебинен алынды

#25 20 Декабрь 2009 - 06:13
• Эң жаш кезинде окумуштуулук даражага жеткен Салмоорбек Табышалиев.
Ал 23 жашында илим кандидаты, 25инде Кыргызстан Ленин комсомолунун катчысы, 32синде республикадагы жалгыз университеттин ректору болгон (аны 17 жыл башкарган). Ал эми азыркы миллардерлердин бири Александр Машкевич (1954-ж. Бишкекте туулуп, көп жыл жашаган, азыр Казакстанда) 27 жашында филология боюнча илим кандидаты болгон.
• Кыргыздардан ичинен эң эрте курагында илим доктору болгон Жумабеков Сабырбек Артисбекович. Ал 1995-ж. 31 жашында медицина илимдеринин доктору болгон. Ал эми Урманбетова Жылдыз Карыбаевна да 1997-ж. 31 жашында философия илимдеринин доктору болуптур. 32 жашында Матыев Эркинбек Сагыналиевич (биология илимдеринин доктору, 1991), Шаимбетов Бакыт Орозбекович (медицина илимдеринин доктору, 1995), 33 жашында Турсунов Кубанычбек Жаныбекович (техника илимдеринин доктору, 1993) илим докторлору болушкан.
• Эң эрте куракта Матиев Эркинбек Сагыналиевич 33, Иманалиев Мурзабек (математик) 34, Сулайманкулов Какин (химик), Жакыпова Чынара Шаршеевна (тарыхчы) жана Мамытов Аман (топурак таануучу) 35 жашында профессор наамын алышыптыр.
Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008.

#26 05 Январь 2010 - 15:39
Америка континентине алгачкы барган кыргыз - Азамат Алтай.
Кытай,
Ички Монголия, Хух-Хото
#27 11 Январь 2010 - 06:18
Цитата
Америка континентине алгачкы барган кыргыз - Азамат Алтай.
Америка континентине алгачкы барган кыргыздардан бири Азамат Алтай ,десек туура болот го.
Себеби Жоробек Ашыр уулу дагы 1956-жылы Азамат Алтай менен чогуу Америкага келген.
Кызык буларга чейин жээ булар менен чогуу келген дагы кыргыздар бар болду бекен?
Билдирүүнү түзөткөн: dodge: 11 Январь 2010 - 06:37
#28 21 Декабрь 2010 - 15:07
Дүйнөдөгү эң көп нускалуу кыргызча гезит "Супер Инфо"
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#29 21 Декабрь 2010 - 15:08
Кыргызстандын эң биринчи президенти "Аскар Акаев"
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#30 21 Декабрь 2010 - 15:09
Дүйнөнүн жана Кыргызстандын эң биринчи этно акыны "Тата Улан"
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#31 21 Декабрь 2010 - 15:10
Дүйнөдөгү эң ири эпос "Манас"
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#32 21 Декабрь 2010 - 15:11
Кыргызстандагы эң кыргызча сайт "супер чекит кей жи"
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#33 21 Декабрь 2010 - 15:12
Эң биринчи кыргыз тилдүү виртуалдуу мамлекет "Суперстан"
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#34 21 Декабрь 2010 - 15:15
Кыргызстандын эң суук областы "Нарын"
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#35 21 Декабрь 2010 - 15:15
Кыргызстандын эң чоң көлү "Ыссык Көл"
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#36 21 Декабрь 2010 - 15:17
Кыргызстандагы эң биринчи айым президент "Роза Отунбаева"
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#37 21 Декабрь 2010 - 15:18
кыргызстандагы студенттердин эң көп ичкен суусундугу "Дюшес"
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#38 21 Декабрь 2010 - 15:20
Кыргызстан саясатындагы оппозицияда эң көп жүргөн партия "Ата Мекен"
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#39 21 Декабрь 2010 - 15:26
Кыргызстандын эң чоң базары "Дордой"
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#40 21 Декабрь 2010 - 15:27
Кыргыз шоу бизнесине жаңылык киргизген жана башкалардын чыгышына түрткү болгон эң биринчи мырза "Темир Назаров"
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң