Кыргыз диaлекттери жaнa эски кыргыз сөздөрү, архаизмдер
#241 29 Декабрь 2010 - 09:10
Shirenke(tyn.)- Gykyrt(tysh)
Jumurtka (tyn.)- Tukum (tysh)
Eje (adab.) - Apche (talas)
Chyny (tyn.)- Piala (tysh)
Komuz (adab.) - Chertmek (? este jok)
Et (tyn.)- Gosh (tysh)
-dagy eske kelse jaza ketem.
#242 29 Декабрь 2010 - 15:24
аба- байке--Ага--Аке
мээлей---Кол кап
илгич---Кур-- Кемер
бадывот-чон чыны--Керден чыны
чыны-пиала
булдуркон-клубника
алча-вишня
тепек-грибы- -Козу карын
чокои-бут кийим--Чокой ( Жүндөн жасалган бут кийим ) (Өтүк-териден жасалган бут кийим .Суу өтүк --кийим жана резинадан жасалган бут кийим )
ырайы суук---иреңи суук--турү суук--келбети анча эмес

жалкы-бироо, жалгыз
оопас - чонураак эркек музоо (чонураак музоолорго торпок дейт 1 жашка чыккан болсо тай торпок дейт )
Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizjigit: 29 Декабрь 2010 - 15:25
#243 29 Декабрь 2010 - 19:20
Чон чыны - Кесе (туш)
Кара чай - Памыл чай (туш)
кто лучше нас, им просто не до нас.
#244 29 Декабрь 2010 - 20:35
#246 29 Декабрь 2010 - 20:48
2. Вишня-албали, же албөлү (Аксыда), калган түштүк региондордо гиларс , же гилас. деше берет. Чындыгында гилас вишнядан көлөмү чоң да, даамы да бөлөк.
3. Черешня- мына ушул гилас.
4. Чие- мөмөсү вишнядан да кичинекей бадал дарак. Көбүнчө жапайы өсөт.
5. Оопас-ноопастын Ысык-көлдө аталышы. Анткени, биздин көлдүк туугандар н тыбышы менен башталган дээрлик бардык сөздөрдү н тыбышы жок айтышат. Мисалы: нары бар- ары бар, ничке-ичке, наал-аал, нават (кант)-ават ж.б. А тургай "нан" дегенди да көбүнчө "токоч" , "Нарын" дегенди "Арын" дешет.
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 29 Декабрь 2010 - 20:54
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#247 29 Декабрь 2010 - 21:06
#248 29 Декабрь 2010 - 21:21
Барс (29 Декабря 2010 - 17:48) жазган:
2. Вишня-албали, же албөлү (Аксыда), калган түштүк региондордо гиларс , же гилас. деше берет. Чындыгында гилас вишнядан көлөмү чоң да, даамы да бөлөк.
3. Черешня- мына ушул гилас.
4. Чие- мөмөсү вишнядан да кичинекей бадал дарак. Көбүнчө жапайы өсөт.
5. Оопас-ноопастын Ысык-көлдө аталышы. Анткени, биздин көлдүк туугандар н тыбышы менен башталган дээрлик бардык сөздөрдү н тыбышы жок айтышат. Мисалы: нары бар- ары бар, ничке-ичке, наал-аал, нават (кант)-ават ж.б. А тургай "нан" дегенди да көбүнчө "токоч" , "Нарын" дегенди "Арын" дешет.
рахмат Барс ага
Чооооң жардам кылдыңыз
#249 31 Декабрь 2010 - 14:33

Менимче адабий тилде туурасы ичке, ничке эмес, ары деген деле адабий тилде ошондой, ал эми кээ бир диалектер нары деп суйлошот. Токоч деген нан, бирок Арын дегенди укпаптырмын. Кээде улгайган адамдар ошор (ношор) дешет. А аватты дайыма бизде ават дешет.
Билдирүүнү түзөткөн: aryskulov: 31 Декабрь 2010 - 14:37
#250 31 Декабрь 2010 - 16:27
Барс (29 Декабря 2010 - 20:48) жазган:
Narin shaari degendi ne Arin shaari demek bele? Menimche bul jerde bir katachilik bar bolso kerek ele ech kimden Arin degenin uga elekmin.
Nari je ari degen ekoo ten ele ech bir diyalekt emes ele Bardik jerde kimge kaysinisi onoy bolso koldono beret. Men ozum dele ekoonu ten koldonom negedir bilbeym

Birok Kobuncho Kolduk Diyalekti "S"tamgasinin oorduna "Z" tamgasin kop koldonushat. keede "Sagizgan saydan uchup sayga kondu" degen sozdu "Zagizgan zaydan uchup zayga kondu" dep aytasinarbi dep tamashalagandar da bar. (Chindiginda mintip aytishpayt birok "Z" tamgasina kop basim jasalganinan ulam aytilgan tamasha soz)
Tushtuk diyalektide "B" tamgasinin oorduna "P" tamgasin kop koldonushat. MIsali Balban-Palvan, Bichak- Pichak j.b.u.s.
#251 31 Декабрь 2010 - 17:01
aryskulov (31 Декабрь 2010 - 14:33) жазган:

Менимче адабий тилде туурасы ичке, ничке эмес, ары деген деле адабий тилде ошондой, ал эми кээ бир диалектер нары деп суйлошот. Токоч деген нан, бирок Арын дегенди укпаптырмын. Кээде улгайган адамдар ошор (ношор) дешет. А аватты дайыма бизде ават дешет.
Туура! Адабий тилге ичке (ич жакка деген мааниде), ары ( ары (намысы) дегендердин кирип калышына К. Тыныстановдун салымы чоң. Анткени, кыргыз тил илиминин башатында ошол инсан турганы талашсыз. Ал Ысык-Көлдөн экени баарыга маалым. Улгайган кишилер "Нарынды" "Арын" деп аташып жүргөнүн көп эле учуратканмын. Ал эми "наватты" силерде дайыма эле "ават" дешсе, туура эмес. Адабий тилде "нават" болуп айтылып, жазылат. Эгер "нөшөрдү" "өшөр" десеңиз да адабий тилди бузганыңыз. .. Кыргыз тилинде Л тыбышы менен да сөздөр башталбайт. Мисалы: "Лаппайын таппай калды" дегенди кыргыз тили келбей "Алапайын таппай калды" деп жүрөт.
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#252 31 Декабрь 2010 - 17:14
Kirgizjigit (31 Декабрь 2010 - 16:27) жазган:
Nari je ari degen ekoo ten ele ech bir diyalekt emes ele Bardik jerde kimge kaysinisi onoy bolso koldono beret. Men ozum dele ekoonu ten koldonom negedir bilbeym

Birok Kobuncho Kolduk Diyalekti "S"tamgasinin oorduna "Z" tamgasin kop koldonushat. keede "Sagizgan saydan uchup sayga kondu" degen sozdu "Zagizgan zaydan uchup zayga kondu" dep aytasinarbi dep tamashalagandar da bar. (Chindiginda mintip aytishpayt birok "Z" tamgasina kop basim jasalganinan ulam aytilgan tamasha soz)
Tushtuk diyalektide "B" tamgasinin oorduna "P" tamgasin kop koldonushat. MIsali Balban-Palvan, Bichak- Pichak j.b.u.s.
Сиздин кыргыз тилине, айрыкча, анын графикасына (жазуусуна) кызыгып жүргөнүңуз мактоого татыктуу. Бирок, бир ойду айтуудан мурун илимий адабияттарды салыштыра окуп, анан жыйынтыгын ортого таштасаңыз, дурус болмок! Сиздин жана менин айылымдагы пайдаланылган сөздөр кыргыз адабий тилинин нормасы эмес экенин так түшүнсөк, ой да сонун болот эле!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#253 31 Декабрь 2010 - 18:34
Барс (31 Декабря 2010 - 17:14) жазган:
Негизинен бул менин айылымдагы сөз катары эмес муну ( 9-10-11 эсимде жок кайсы класста экенин) мектептер мисалдар менен да көрсөтүп окутту эле.
Кошумча катары Нарындыктар "С" тамгасына басым жасашат. Муну айтып жатканда бис, сис деп айтылып кетет бирок жазууда биз,сиз деп жазылат. Муну баары эмес бирок көбүнчө бат айтканда же шашылыш айтканда билинет.
Таластыктар "Р" тамгасына басым жасашат. жана "жатат" деген сөздөрдү "ЫР" мүчөсү менен алмаштырышыт. МИСАЛЫ: Баратыр, келатыр----- бара жатат,келе жатат (кетат,бартат деп сөздөр кыскартылып да айтылып жүрөт(бул сөздөр туура эмес жана диалект да эмес) )
Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizjigit: 31 Декабрь 2010 - 18:46
#254 31 Декабрь 2010 - 19:06
Kirgizjigit (31 Декабрь 2010 - 18:34) жазган:
Кошумча катары Нарындыктар "С" тамгасына басым жасашат. Муну айтып жатканда бис, сис деп айтылып кетет бирок жазууда биз,сиз деп жазылат. Муну баары эмес бирок көбүнчө бат айтканда же шашылыш айтканда билинет.
Таластыктар "Р" тамгасына басым жасашат. жана "жатат" деген сөздөрдү "ЫР" мүчөсү менен алмаштырышыт. МИСАЛЫ: Баратыр, келатыр----- бара жатат,келе жатат (кетат,бартат деп сөздөр кыскартылып да айтылып жүрөт(бул сөздөр туура эмес жана диалект да эмес) )
Мына ошол Сиз эсиңизден чыгарып койгон 9-10-11-класстарга кыргыз тили жана адабиятынан "окуткан" дардын катарында болгонум үчүн жазып турганым. Капа болбоңуз!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#255 04 Январь 2011 - 15:45
Бетер - деген соз барбы кыргызда?
Мисалы жон десе болбой андан БЕТЕР кучойсун.Китепте ушундай жазылабы?
кто лучше нас, им просто не до нас.
#256 05 Январь 2011 - 23:14
#257 05 Январь 2011 - 23:32
DOHKUXOT (05 Января 2011 - 20:14) жазган:
Донкиход иним мен жазганды козду чоон ачып дагы бир кайталап окучу ошентип эле жазылып турат го.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#258 06 Январь 2011 - 02:01
Arstan (06 Ноября 2010 - 22:08) жазган:
Arstan (08 Ноября 2010 - 19:04) жазган:
Arstan (06 Ноября 2010 - 16:55) жазган:
Arstan (04 Января 2011 - 15:45) жазган:
Бетер - деген соз барбы кыргызда?
Мисалы жон десе болбой андан БЕТЕР кучойсун.Китепте ушундай жазылабы?
Жок жерден эс үйрөткөндөй болбоюн, Арстан аке, сиз да бир кайталап окуп койсоңуз. Кечиресиз.
#259 06 Январь 2011 - 02:47
#260 06 Январь 2011 - 05:12