

Түн

Кайдандыр тоо этегинен шамал учуп келип, дарыянын муздак бетинен ысык дем менен өпкулөп кирди. Дарыя толкунданып жээкке батпай ары-бери чайпала баштады...Бирок шамал дарыяны жылытууга күчү жетпесин сезип, токойду көздөй жөнөду. Ал жакта шоокумсуз аккан жаш өзөн жана ичке талдай болуп эми бой көтөрүп келаткан булак бар эле (Донжуандын кылыгын карасаң...).
Мемиреген тынчтыкты кимдир бирөөнун кадамы бузду. Бирдемесин жоготконсуп колдорун алдыга созгон көк көйнөкчөн жаш селки ичинен кыңылдап келатты:
-Жалгыздык мени кыйнадың неге,
Жол бойлой өскөн ак кайың сымал
Жашоомдун жармысын күтүүгө берем...
Жер бетин кезип, баарынан кечип,
Бактымды мен да издесем бекен...
Ырын токтото калып дарыя менен саламдашып сурап калды:
-Эй дарыя, билесиңби, караңгы кирип кеткенине карабай бул жерге эмне үчүн келгенимди? Эсиңдеби, 3 жыл мурда дал ушул жерде чоң чынар терек өсуп турган эле, анын саябанында аптаптын ысыгынан качып далай жолу көлөкөлөгөм. Мен азыр ага узак өмур каалап, алкышымды айтып коеун дегем.
-А сен аны күндүзү чырак менен издесең да тапмак эмессиң,-деди дарыя.
-Эмне, аны араалап салыштыбы? –муңдуу үн катты селки.
-Жок.. ал кетти...
-Каякка кетти? жалгыз буту менен...
Дарыя: -Кылымды карыткан чынар терек жалбырактары саргайып, жалгыздыктан куурай баштаганда мен аны аны аяп кеттим . Эрте жазда учуп келчу турналардан суранып, анын жанына мажүрүм талдын уругун таштаттырдым. Кийинги жылы ал өсуп чыгып, тез эле бой тирегенде чынар терек экөө бир бирин суйуп калды. Бирок ысыкта корголоорго көлөкө, суукта жагаарга отун издегендер экөөсүнүн сүйүүсүнө тоскоолдук кыла башташты...Ошондо сүйүшкөндөр сүйүүбүздү кантип сактап калсак болот деп менден кеңеш сурашты. Мен айттым, ал үчүн бир сыйкырдуу сөздү үйрөнүш керек. Ал сөзду болсо Көк куш гана билет,ошондон сураса болот. Аны издеп жүргөндөр өтө көп. Бирок эки буттуулар гана ага жолуга алышат...Ошондо чынар терек менен мажүрүм тал бирикти дагы Көк кушту издеп жылып кетишти..
-Дарыяхан, анда мага да жардам береерсин? Көк кушту - бакыт кушун тапканга?
-Аны экөөлөп гана издешет, жалгыз бут менен алыс жыла албайсың...
Муну укканда селки не дээрин билбей шолоктоп ыйлап жиберди.
Түн мунун баарын көрду, сөздүн баарын укту. Бирок селкиге кантип жардам беришин билбейт эле. Ошол мезгилде дарыянын наркы бетинен кызыл жалын чыгарып, алоолоп күйгөн От көрүндү. Анын жалыны караңгылыкты четке сүрүп салып, дарыянын үстүнө үңулду. Суудагы өзүнүн элесин көруп алып, От өзүнө-өзү ашык болуп ары-бери тилин соймондотуп бийлеп турду...
Түн акырын басып Отко жакыныраак келсе анын жанында дүмүрдү жазданып жигит отурган болот.
-Бул жерде эмне кылып жүрөсуң, жигит?
- Жалгыздыктан качып чыктым, капалуумун. ..мынакей ыр жазыватам, -кайдыгер кол шилтеди жигит.
-Ммм... күчүңдү кагаз бетине чыгаргандан көрө арманыңды, арнооңду тирүү жанга айтсаң боло! Дарыянын аркы бетине өтсөң сени Муза кутуп жатат...
Жигит саамга ойлоно калып, башын ийкеди да кайыкка отуруп берки жээкти көздөй калак шиледи...
Ошентип эки жаштын табышуусуна


Кучакташкан бойдон уйкуга кеткен экөө ойгоноор менен кооптуу суроого кабылышты... Сүйүү сурабай келип, сурабастан эле кетип калат эмеспи. Бул ой экөөнүн тең тамырын зыркыратып турду. Таң агарып келаткан маалда жигит Дарыядан сурайт:
- Биз эми сүйүүбүзду кантип түбөлүккө сактап калсак болот?
Дарыя селкиге айткан чынар теректин окуясын башынан аягына чейин төкпөй-чачпай кайталап айтып берет.
Жигит катуу ойго батып турганда селки аны акырын кучагына тартып, кулагына шыбырады: -Эгерде биз дарак болуп жаралганыбызда. . тамырыбыз үзүлгөнчө бирге жашамакпыз. ..
Жигит кыздын бетинен коомай өөп, көңүлдүү жылмайды: -Ооба , биз дарак эмеспиз, бирок биздин буттарыбыз бар. Дарыя, сага рахмат! Кош бол эми, биз да кеттик, Көк кушту –Бакыт кушун издегени...
Бул мезгилде жаркырап тоо башынан Күн

