Эми негизги маселеге келсек, башка бирөөнүн жүрөгүн алып жүргөн адамдын көз карашы, дүйнө таанымы, жүрүм-туруму, сезимдери ж.б. жүрөктү алмаштыруудан мурдагы калыбындай эле болот бекен же кандайдыр бир өзгөрүүлөр пайда болобу....???
Экинчи негизги маселе болсо, адамдын акылы менен жүрөгүнүн ортосундагы байланыш кандай болду экен...??? Бул маселе боюнча кыскача маалымат бере кетсем, көптөгөн Ислам аалымдары Курандын Нахл сурөөсүнүн 78 аятына "Аллах силерди эч нерсе билбеген учуруңарда энелериңердин карынындан чыгарды, шүгүр кылгыла деп кулактарды, көздөрдү жана жүрөк/акыл (кээ бирлери жүрөк деп кээ бирлери акыл) берди" деп түшүндүрмө беришкен. Ислам аалымы аль-Матуридий өзүнүн Тавхид аттуу эмгегинде, жогорудагы аятты далил көрсөтүп, өзүнүн эпистемологиялык системасынын негизи катары акылды көрсөтүп, ыйман келтирүү жүрөктө ишке ашат деген көз карашта болгон. Тактап айтканда, акыл менен жүрөктү бирдей мааниде колдонгон.
Үчүнчү маселе, сүйүү сезими акылда болобу же жүрөктөбү... .? Мисал катары: жүрөгү оорукчал бир жигит жүрөгүн алмаштырса, анын мурдагы сүйгөнүнө болгон сүйүүсү өзгөрөбү...же болбосо жүрөктүн ээсинин сүйгөнүн сүйүп калуусу мүмкүнбү... эгер жүрөгүн алмаштыргандан кийин сүйгөнүнө болгон мамилеси өзгөрбөсө, демек сүйүү жүрөктө эмес акылда болот, эгер өзгөргөн болсо, анда сүйүү жүрөктө болот (гипотеза).
Арабызда медиктер, же жүрөгүн алмаштырган таанышы барлар болсо, жалпы эле ушул маселе боюнча маалыматы барлар өз оюңарды калтырып кетсеңер....
Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizshaa: 06 Март 2011 - 06:52