Экс-вице-премьер Азимбек Бекназаров СУПЕР-ФОРУМДА
#21 28 Март 2011 - 09:59
#22 28 Март 2011 - 10:15
2 революцияда тен калпакчан сизди коробуз, андан кийин ай отпой эле кайра минтип бош отуруп каласыз, мунун себебин сурайын? Чуулгандуу Аксы окуясын эстегенде созсуз Азимбек Бекназаров деген ысым эске келет же ушул окуядан кийин сиз белгилуу болуп кеттиниз окшойт, ошол окуя эмнеден башталганын кыскача айтып бере аласызбы?
Алдын ала рахмат, бар болунуз.
#23 28 Март 2011 - 10:21
Билдирүүнү түзөткөн: moi lev: 28 Март 2011 - 10:24
#24 28 Март 2011 - 10:26
Учурда эмне менен алексиз саясаттын даамын татып калгандар жон жатпайт эмеспи.
Дагы бир суроо саясаттан сырткары, чарчап-чаалыканда конулду кантип жазасыз?
Ичимдикке кандайсыз?
Сыртынан багып караган адамга аябай сурдуу коруносуз, озунузго муноздомо бере аласызбы?
#25 28 Март 2011 - 11:39
#26 28 Март 2011 - 13:13
Биринчиден сизге ден соолук каалайм!
Мен сиздин жердешиниз болом! Ошого байланыштуу биринчи суроом: 1) Элдин маанайына караганда Аксыда сиздин салмагыныз тушуп кеткендей. Ал жактын эли сизге ишенбей калды. Эн чон жаза элден сыртка калуу эмеспи? Коркпойсузбу андан? Аксы окуясы боюнча жазалуулар жаза ала элегине биринчиден сизди куноолуу деп ойлойм. Качан аягына чыгат бул иш?
2) Сизди ири коррупциялык иштерге аралашкан деп колдорунан келишинче коолоп жатышат. Озунуз жогорку денгээлдеги юристсиз, эмне учун алардын жалганын сотко бербейсиз? Сотко берип, озунуздун актыгынызды далилдемейинче, мен коо жапкандарга ишенип турам. Эмне Кыргызстан коо жапмайдын олкосубу? Саясий оюндарды токтотуп, элдин камын ойлобосонор, Элдин кусуру урбайбы силерди? Азыр айтасыз, мен бийликте эмесмин деп. Бийликте болгондо эмне кылдыныз?
3) Бардык коррупцияга, былыктарга тиешеси адамдардын абийирин ачкан компроматтар бар дегениниз бар? Убагында Бакиев президент болгондо "керек болсо президентке да компромат таап коебуз деп" жакын санаалаштарыныздын бирине айтканынызды эшиткен жайым бар? Чыгарбайсызбы ошол компроматтарды ачыкка? Же коррупциянерлер олгондо чыгарасызбы аларды? Же озунузго болгон компроматтарга контркомпромат кылып сактап жатасызбы?
4) Озунуз ишенген кадрларыныз барбы? Мен жок деп ойлойм сизде? Ишенген команданыз жок, ошондуктан кеменин сыртында калып кеттиниз. Ал команданыз болсо да, денгээли томон.
Сизге ийгилик, аманчылык каалайм! Дагы да болсо оз чындыгынызды элге айтып, олконун тарыхында ак тамгалар менен жазылып каласыз деп ишенем! Сизге ишенген жердешиниз!
#27 28 Март 2011 - 13:35
Алдынала рахмат, сизге ийгилик каалайм!
#28 28 Март 2011 - 14:06
1. Сиздин ойунуз боюнча 24 март, 2005 ж. жана 07 апрель 2010 ж. болуп откон революциялар, чынында эле революция болдубу же жон эле бийлик алмашуубу? Сиз ал болуп откон окуяларды чынында эле революция болду деп, айтаар белениз?
2. 24 мартта болуп откон окуяларга Америкалыктар кылышты, ал эми 07 апрелди Россиянын кучтору бар деп, айтып келишет. Сиз кимдин кучу устомдук кылды деп ойлойсуз, же болуп откон окуяларга, бул жогоруда айтылган улуу державалардын эч кандай тиешелери жокбу?
3. Эмне учун башын баштаган иштеринизди аягына чыгарбайсыз. Башында баарын кыйратам дейсиз дагы, кайра эле дайыныныз чыкпай жоголуп кетесиз. Себебин билсек болобу?
Суроолорум катуу тийсе кечириниз! Саламатта болунуз!
#29 28 Март 2011 - 14:17
1. Азыр эмне иш менен алек болуп жүрөсүз?
2. Бош убактынызда эмне кылганды жакшы көрөсүз, эмнеге кызыгасыңар?
Алдын ала рахмат.сизге ийгилик каалайм. Саламатта болуңуз!
#30 28 Март 2011 - 14:19
MIRlan (25 Март 2011 - 11:16) жазган:
Биринчи болугу чыккан, экинчиси 7-апрелге чейин чыгат деп максат кылдым эле. Бирок жетишпей калдым, менин оюмча кузундо элдин алдына чыгарам.
#31 28 Март 2011 - 14:26
Дикуся (25 Март 2011 - 16:42) жазган:
1. Биринчисинде алдырып койгом, экинчисинде алдырып койдум дегенден алысмын. Анткени парламенттик башкаруу турун кабыл алып, анын жыйынтыгында шайлоо отту. Бул биздин женишибиз.
2. Айта алам. Телефонгейтти чыгаргандар кийин кечирим сурашты. Жалал-Абад менен Ош окуясында ошондой оор абалда кайдан бухгалтерия тапмак элек? Телефонгейтте айтылган акча Бакиевдердики болчу. Кудай жана абийир алдында тазамын, ал акчаны озубузундун кызыкчылыбызга пайдаланган эмеспиз.
3. Калп болгонун кайдан билесиз? Анткени снайперлер азыр жоопко тартылып жатпайбы... Бугун сот ишинде жоопко тартылгандар СГОнун снайперлери болчу. Жалпысы 15 снайперди айткам, алардын баары азыр сот процессине катышып жатышат.
#32 28 Март 2011 - 14:38
1.Азимбек байке, дагы бир революция кылганы даярсызбы?
2.Революция канчалык залак келтирет экени сизге дайынбы?
Билдирүүнү түзөткөн: Ilays: 28 Март 2011 - 14:42
#33 28 Март 2011 - 14:43
Билдирүүнү түзөткөн: aminali: 28 Март 2011 - 15:29
#34 28 Март 2011 - 14:49
#35 28 Март 2011 - 14:56
Blacksmith (26 Март 2011 - 20:03) жазган:
Азыркы учурда райондук бийликке кайрадан келип алышкан Бакиевдин куйруктары сиздин революционерлерге запкы коргозуп жатканына кандай карайсыз?
Токтогул райондук "рев.комитети" .
Озунор ошону которо алган жоксунар. Мен озум координатор элем Жалал-Абадда. Бирок айрым адамдарынар оздору уят кылып коюшту. Убактылуу окмот кезинде баарын текшерип келгенбиз, анан акимдин жоругу жерди каратып койбодубу...
#36 28 Март 2011 - 15:02
Rasha (27 Март 2011 - 15:09) жазган:
Суроолорум;
1. Сиз коптон бери бийликти талашып журосуз, жададынызбы? Бийлике келсениз 1 кезекте эмне ишти баштайт элениз.?
2. Сиз Аксы окуясы боюнча тергоо иштерин жургуздунуз эле прокурор болуп турганда. Факт боюнча айтсаныз ким, канчага кесилди ошол маалда (башкы куноокор ким)
2. Сиздин 1 жылдык доходунуз канча турат.
3. Бийлик бутагында турганынызда эл учун эмне иш кылып бердиниз (фактыларга таянып айтыныз).
4. Базар баасын билесизби? (продутулардын) мисал келтирип айтынызчы?
5. Акыркы жолу общественный транспортко качан туштунуз жана жол акы канча турат шаар калаасында?
6. Сиздин оюнузча (http://www.youtube. c...h?v=a5BZlznuN50 ) Омурбек Тиркешович Кыргызстандын саясатына эми кийигише алабы? Азыркы учурда мамилениздер кандай араныздарда?
7. Эн балуу болгон буюмунуз?
Сизден сураныч ТВ дан орусча суйлобой эле койсонуз, биз намыстанабыз.
Эгер суроолорум конулунузду оорутса, мени кечирип коюнуз.
1. Бийлик талашкан эмесмин. Парламенттик шайлоодон кийин соз берилгендей эле бийликти откоруп бердик.
2. Башкы куноокор деп Акаев менен Бакиев табылган. Эскерте кетсек, экоо тен кол тийбестигинен ажыраган. Калгандары куноосу аз болсо дагы соттолушту. Азыр деле Аксы окуясы боюнча сот процесси уланып жатканы белгилуу. Ал эми Боспиекте ок чыгарган милиция кызматкерлери, алар жоопко тартылган эмес.
3. Эсептеген эмесмин.
4. Коп эле иш кылдым. Мактанып деле коеюн, улутташтырган мекемелердин баары эле менин демилгем болчу. Анын баары мамлекеттин эсебине откорулгон. Ондогон миллиард сомду чапчыйт мунун баары. Мегакомдун акциясы эле 150 миллион доллар болот. Мына 60 тыйындан чогулган акча 300 миллионго жакындап келген экен, ага 7-апрелде каза болгондордун уй-булолоруно турак-жай курулуп жатат.
5. Мен сага караганда бааны жакшы билем. Анткени неберем менен кунуно базарга барып турмай адатым бар.
6. Коомдук унаага тушпогонумо он жылдай болуп калды.
7. Омурбек Текебаев менен мамилем тегиз. Бир позицияда келе жатабыз. Эки жээкте болгон эмеспиз. Айырмачылыгыбыз партиялык программалар гана болушу мумкун.
8. 24-мартта революцияда кийип жургон сары курткам менен ак калпагымды кымбат деп эсептейм.
Билдирүүнү түзөткөн: Азимбек Бекназаров: 28 Март 2011 - 15:05
#37 28 Март 2011 - 15:15
Сизди абдан баалайм,Кыргызымдын корунуктуу адамысыз.Ишинизге ийгилик каалайм!
Мен азыр Москвадамын бул жакта иштегенден кийин Кыргызстандын айлыгына иштегин келбей калат чынында,качан Кыргызстан онолот деп ойлойсуз?Тынч жашоо болобу ? Эмнеге бут нерсе кымбаттап жатат?
Сиздин оюнуз боюнча президент ким болот?
Ош озбек кыргыз урушуна кимдер куноолу болушту,бироо жарам жазаландыбы же ошол бойдон кала бердиби?
Мындан кийинки жашообузду кандай элестетесиз революция болбойт деп ишенесизби?
кто лучше нас, им просто не до нас.
#38 28 Март 2011 - 15:18
moi lev (28 Март 2011 - 09:59) жазган:
Кыргыздын пейили бузулушу деп айтуу деген создун мааниси терен. Буга биринчиден Компартия куноолуу, динсиз жана кудайсыз тарбия берип койду. 90-жылдары Ельцин каалагандай коз карандысыз боло бергиле десе, ар бири оз алдынча болуп кетти. Саясий куроштун жыйынтыгында окумуштуу адам президент болуп калды. Ал коп катачылыктарды кетирди, анын бири Кыргызстандын жерин Кытайга кармата берди. Азыр жаштарга кайрылат элем: Келечек силердики! Кармашып журуп омурубуз отуп кетти. Откон апрель окуясында да жаштар каза болуп кетти. Андыктан жаштар катуу болушу керек, шайлоодо акыркы 20 жылдан бери жургон саясатчыларга добуш берип коюшту. Парламенттик система Кыргызстандын келечегине шарт тузду. Анткени бул система биздин менталитетибизге жакындык кылат.
Билдирүүнү түзөткөн: Азимбек Бекназаров: 28 Март 2011 - 15:21
#39 28 Март 2011 - 15:22
#40 28 Март 2011 - 15:26
ХАНЗАДА (28 Март 2011 - 10:15) жазган:
2 революцияда тен калпакчан сизди коробуз, андан кийин ай отпой эле кайра минтип бош отуруп каласыз, мунун себебин сурайын? Чуулгандуу Аксы окуясын эстегенде созсуз Азимбек Бекназаров деген ысым эске келет же ушул окуядан кийин сиз белгилуу болуп кеттиниз окшойт, ошол окуя эмнеден башталганын кыскача айтып бере аласызбы?
Алдын ала рахмат, бар болунуз.
Аксыдагы менин туугандарым Кыргызстандын бутундугу учун каза болушту. Убагында мен ошол маселени алып чыкканда Турдакун Усубалиевич баш болуп каршы чыгышты эле. Аксылыктар мен учун эмес, Кыргызстан учун шейит болушту. Эгерде мен ошол маселени алып чыкпаганда, балким аты чыкпаган депутаттардын катарын толуктап калар белем?.. Бирок юрист катары баарына коз жумуп отура албадым. Мыйзам одоно бузулуп турганын корсотуп бердим. Биз ошол маселени айтып чыкканыбыз учун кыргыздар ачуу чындыкты билип калышты.