Кандагы кызыл клеткалар B12 витамининин жардамы менен иштелип чыгарылат. Жаш балдарда B12 витамининин жетишсиздиги IQ нун төмөн болуусуна, кеч басуусуна жана тилинин кеч чыгуусуна алып келет. Ал эми чоң кишилерде эске тутуу жөндөмүнүн төмөндөөсүнүн себеби болот. Эгер мунун алдын албаса, келечекте көп оорулардын башаты болуусу да мүмкүн.
B12 витамини этте, боордо, жумурткада, сүттө, сырда, жана балыкта болот. Мындан сырткары химиялык жол менен даярдалган медициналык дарылар да бар...
Эгер сиз уктай албай кыйналып жүрсөңүз, стресс же депрессияда болсоңуз, болоор болбоско эле жиниңиз келип жатса, өзүңүздү алсыз сезип жатсаңыз, дем алууда кыйналсаңыз жана жүрөгүңүз кысылып жатса...анда каныңыздагы B12 витаминин текшертип көрүңүз...
Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizshaa: 21 Март 2011 - 03:28