Саламатсыздарбы Урматтуу Суперстандын Тургундары!
!!
Сиздердин назарыңыздарга жаңы долбоор.
Дебат клубу.
Интернетте дебаткылса болобу деген суроо пайда болуусу ыктымал. Жооп: болот!!!
Анда эмесе эрежелерин түшүндүрүп кетсем.
Дебат клубуна сайтка катталган ар бир адам мүчө болсо болот.
Мүчө болгон адамдардын тизмеси түзүлүп белгилүү бир мөөнөт ичинде бир тема берилет жана ал темага тартышууга адамдар тандалат. Тема берилгенден кийин даярданууга төрт күн берилет жана төрт күндөн кийин ар ким өзүнүн докладын түзүп жарыялайт. андан кийин доклад боюнча суроолор берилет жана докладка каршы теориялар айтылышы мүмкүн. Өзүнүн тарабын мыкты далилдеген жана ишендире алган адам жеңүүчү аталат. Бул жерде тема ар түрдүү болушу мүмкүн. Өзүңүзгө жакпаган тарапты да коргоого мажбур болушуңуз мүмкүн. Жеңүүчүнү калыстар тобу аныктайт. Форумда сыйлуу инсандардан түзүлгөн калыстар тобу.
ошондой эле рейтинг жүргүзүлөт.
Ар бир мүчөнүн өзүнүн рейтинги болот. дебатка катышканы үчүн бир упай, жеңгенге эки упай, үч жолу катарына жеңгенге беш упай кошумча, үч жолу катарынан жеңилгенде беш упай кемитилет.
Долбоордун максаты, кыргыз тилинде ой жүгүртүүнү жана пикир жаратууну үйрөтүү, ошондой эле ар тараптан алынган маалыматты кыргыз тилинде сунуштоону үйрөтүү.
Анда эмесе достор, чамдангыла.
Кийинки жумадан баштап алгачкы тема жана дебатерлор тандалат. Ага чейин каттоодон өтүңүздөр.
- (12 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Суперстан Дебат Клубу Ким кошулат?!
#3 03 Май 2011 - 19:04
мен деле Дебат чекким келет...
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#4 03 Май 2011 - 19:26
мен деле катышам эл катары
Кеткенге кайгырба, сүйсө кетпейт болчу
Келгенге сүйүнбө, ал да башкасынан келди
Келгенге сүйүнбө, ал да башкасынан келди
#6 03 Май 2011 - 20:00
Катыштым мендагы
Карегин жылдыз болуп жанып турса,
Журогум сагынып,зарыгып куса...
Журогум сагынып,зарыгып куса...
#7 04 Май 2011 - 01:23
Эгер дебат клавиатуранын жардамы менен ото турган болсо да - анда, оозу кыйшык болсо да бат жазган адам суйлоп калат. Ошол жагын тактап жазып кетсенчи, Амантур!
Бөлкө нан барбы?
#8 04 Май 2011 - 15:22
Дебаттын эрежелерин жазып кетейин анда. (Тагыраак кылып)
Дебатка катышуучулар аныкталган соң аларга темаберилет жана ошол темабоюнча маалымат топтогону төрт күн убакыт берилет. Мисалы Бейшемби күнү дебаттын темасы берилсе Дүйшөмбүгө чейин убакыт берилет. Дүйшөмбү күнү дебатка катышкандар тийиштүү темага өзүнү изилдөөлөрүн жана пикирлерин жазышы керек. Ар биринин келтирген мисалдарын жана өзүнүн позициясын окуп чыгып конреттүү түрдү жазган изилдөөсү (макаласы) боюнча оппоненттер өзүнүн пикирин билдирип жана суроолорун берет.Эки тарап тең берилген суроолорго жооп берген соң акыркы сөз берилет жана дебат токтотулат. Алдын ала белгиленген калыстар тарабынан жеңүүчү аныкталат жана кийинки даярдык башталат.
- Дебатка клубга катталган адам катыша алат жана кийинчереек рейтинге карап анан дебатка катышуу эрежеси ишке кирет, рейтинги өтө аздар менен рейтинги өтө көптөр албетте бири бири менен дебатка катыша албай калышат.
- Дебат эки адамдын ортосунда уюштурулушу мүмкүн же болбосо эки топтун арасында. (Мисалага мен беш адамдан топ түзүп, башка беш адамдан түзүлгөөн топ менен дебат уюштура аламын)
- Дебаттын темасы Клубдун жетекчилиги тарабынан берилет (Азырынча жетекчи мен)
- Дебаттын жыйынтыгын калыстар чечет. (Калыстар тобу форумда катталган инсандардан турмакчы жана ар дебатта алмашышы ыктымал ошондой эле түбөлүк калыс да болушу мүмкүн)
- Ар дебатта упайлар берилет:
- катышканга бир упай кошулат
- утканга эки упай кошулат
- үч жолу катарынан жеңгенге беш упай кошулат
- үч жолу катарынан жеңилгенден беш упай кемитилет.
Дебатка катышуучулар аныкталган соң аларга темаберилет жана ошол темабоюнча маалымат топтогону төрт күн убакыт берилет. Мисалы Бейшемби күнү дебаттын темасы берилсе Дүйшөмбүгө чейин убакыт берилет. Дүйшөмбү күнү дебатка катышкандар тийиштүү темага өзүнү изилдөөлөрүн жана пикирлерин жазышы керек. Ар биринин келтирген мисалдарын жана өзүнүн позициясын окуп чыгып конреттүү түрдү жазган изилдөөсү (макаласы) боюнча оппоненттер өзүнүн пикирин билдирип жана суроолорун берет.Эки тарап тең берилген суроолорго жооп берген соң акыркы сөз берилет жана дебат токтотулат. Алдын ала белгиленген калыстар тарабынан жеңүүчү аныкталат жана кийинки даярдык башталат.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#9 04 Май 2011 - 16:13
Дебат клубуна катталгандар:
- adalsvards
- vais
- Eramir
- serche
- Aidanek
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#12 04 Май 2011 - 17:02
Дебат клубуна катталгандар (жаңыланды):
adalsvards- vais
- Eramir
- serche
- Aidanek
- Kaibek
- aminali
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#14 04 Май 2011 - 18:58
Дебат клубуна катталгандар (жаңыланды):
adalsvards- vais
- Eramir
- serche
- Aidanek
- Kaibek
- aminali
- temu
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#15 04 Май 2011 - 22:30
Мен силерди колдоп турам.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#16 04 Май 2011 - 23:59
Менсиз кызыксыз болуп калат дебатың, атвичайу, так што мени да кошуп кой!.
Бөлкө нан барбы?
#17 05 Май 2011 - 00:03
#18 05 Май 2011 - 14:58
EmMiR (04 Май 2011 - 20:59) жазган:
Менсиз кызыксыз болуп калат дебатың, атвичайу, так што мени да кошуп кой!.
Дебат клубуна катталгандар (жаңыланды):
adalsvards- vais
- Eramir
- serche
- Aidanek
- Kaibek
- aminali
- temu
- EmMiR
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#19 06 Май 2011 - 14:04
мен да катталган жаткам, кошуп кой э исписогуна ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#20 06 Май 2011 - 14:11
Катталгандар тизмеси (Жаңыланды):
adalsvards, vais, Eramir, serche, Aidanek, EmMiR, Kaibek, aminali, temu, Demon,
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
- (12 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »