Былтыркы жылы парламенттик шайлоонун алдында эч ким билбеген “Республика” партиясы кандайча жеңишке жетишти? Бүгүнкү коалицияны кураган лидер катары өзүнөн жашы улуу саясатчыларды эпке келтирүү оор болдубу? Мурун ити чөп жеген ишкер эле, азыр анын бизнесине эмне болду? Бабанов деген фамилиянын тегерегинде жүргөн дүрбөлөңдүү сөздөрдүн канчасы чын, канчасы калп? Эмне үчүн президенттик жарыштан баш тартты?
Ушул сыяктуу суроолордун жообун уккуңуз келсе, анда бул темага билдирүү жазууну баштай бериңиз. Өмүрбек мырза бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.
P.S. Өмүрбек Бабанов 13-сентябрь , шейшемби күнү саат 16:00дөн 18:00гө чейин форумчулар менен түз байланышта болот.
Билдирүүнү түзөткөн: AGAT: 08 Сентябрь 2011 - 16:28