Билдирүүнү түзөткөн: achi: 13 Сентябрь 2011 - 17:45
Биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов Супер-Форумда Суроо узатыңыздар
#41 13 Сентябрь 2011 - 17:26
Саламатсызбы!
Менин сизге суроом. Каркыра менен Узонгукуш жайлолору кайсы преиздентин убагында сатылган Акаевтинби же Бакиевтин убагында сатылып кеткенби? Саясатта журос бул жонудо кабарыныз болсо керек. Кыргызстандын чек ара масалеси качан чечилет? Угушума караганда Озгондогу Кампроват суу сактагычы озбекстанга карайт экен ошол жонудо малымат берип кетсдниз? Кыргызстандын куралду кучтору(армясы) качан онолот? орто азияда эн акыркы оорунда турат экенбиз! Алдын ала рахмат!
#42 13 Сентябрь 2011 - 17:34
temu (13 Сентябрь 2011 - 16:36) жазган:
Дагы суроо:
1) Сиз азыркы биздин парламенттик башкарууга коз карашыныз кандай? Биздин башкаруу системасына кандай озгортуулорду киргизет элениз?
1) Сиз азыркы биздин парламенттик башкарууга коз карашыныз кандай? Биздин башкаруу системасына кандай озгортуулорду киргизет элениз?
Бүгүн сиздер көрүп жатасыздар, парламенттик башкаруу менен Жогорку Кеңеште кандай ачык форматтагы дискуссиялар жүрүп жатат. Мисалы, акыркы сот тармагынын тегерегиндеги маселелер.
#43 13 Сентябрь 2011 - 17:39
Ассалааму алейкум, Өмүрбек аке! (Биз бир айылданбыз,
бирок, шайлоодо мен сизге добуш берген эмесмин, барган да эмесмин, анткени, мен ишенген саясатчы жок, баарын бир текчеден көрөм, балким, мен жаңылып жаткандырмын,
бирок, Кыргызстандын азыркы боор ооруй турган абалына түздөн-түз жоопкер адамдар ошолор эмеспи, даже бул жөнүндө азыр Бүтүн киши да айтып жатыптыр го.. таң калычтуу)
1. "Элди ойлойм, келечекти ойлойм, элим оңолуп кетсе мен да бактылуу болоор элем" деген сыяктуу дүжүр сөздөрдү мындай коё туруп сиз айтыңызчы, деги жүрөгүңүздү өйүгөн суроо эмне? Деги барбы ошондой эме?
2. "Айттымбы аткарам" . Ушул лозунгуңуз канчалык деңгээлде ишке ашты? Мисалдар менен жооп берсеңиз жакшы болоор эле.
3. Сагынбек Момбеков агайдый ырларын уксаңыз керек. Ошол жерден сиз өзүңүзгө мүнөздөмө берген сапты көрө алдыңызбы? Ал жөн эле ырдап жүргөндөй таасир калтырбайбы же анын какшап жатканында бир мандем барбы? Кандай ойдосуз?
4. Ырым-жырымга ишенесизби?

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 13 Сентябрь 2011 - 17:44
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#44 13 Сентябрь 2011 - 17:51
Омурбек Токтогулович ишинизге ийгилик! Элдик адам болуп учур менен келечекти айкалыштырып иштеп журо бериниз!
#45 13 Сентябрь 2011 - 17:50
Таллас (13 Сентябрь 2011 - 17:39) жазган:
2. "Айттымбы аткарам"
. Ушул лозунгуңуз канчалык деңгээлде ишке ашты? Мисалдар менен жооп берсеңиз жакшы болоор эле.
- Аны 2005-жылы айтып чыккам. Ошондо энң көп добуш алгам. Көрө албагандар түрдүү бурмалап чыгышты. 2007-жылга чейин 30 миллиондун тегерегинде жардам бердим. Фасолдун баасы 7 сомдон 12 сомго чейин көтөрүлдү. Анткени Түркияга атайын сапар менен барып, компаниялардын жетекчилиги менен жолугушуп келдим. Кредит берүүчү компания ачып берем дегем, аны да аткардым. Мектеп, жардам,аларды айтпай эле коёюн. Жердештерим муну жакшы билет. «Айттымбы, аткарам» деген сөздөр курч сөз эмес, бул менин принциптерим.
#46 13 Сентябрь 2011 - 17:54
#47 13 Сентябрь 2011 - 18:15
Айрым суроолорго жооптор алынды. Анын баары жакын арада илинет. Байланыш аяктады.
Мезгилден артта калбаңыз!
#48 13 Сентябрь 2011 - 18:17
Менин биринчи суроомо эмес экинчи суроомо жооп бергени кызык болуптур да .
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#49 13 Сентябрь 2011 - 18:18
Саламатсызбы Өмүрбек Токтогулович!
Менде мындай суроолор бар да.
1) Эмне үчүн бензин Таласта 33 сом болсо ал эми Баткенде 46 сом?
2) Россия берип жаткан бензиндер камаздап Таджикистанга өтүп кетип жатыптыр контрабанда жолдору менен! Эмне үчүн? Башкы прокуратура иш козгоп Баткен ОИИБнын башчысын жумуштан алып койгону чынбы, ушул ишке аралашкан деп.
Рахмат!

#51 13 Сентябрь 2011 - 18:29
ДО АЙТЫП БЕУЙ БУЛОНУЗ ЖОНУНДО АЙТАЫП БЕРИНЧИ АЯЛЫНЫЗ МЕНЕН КАНТИП ТААНЫШЫП КАЛДЫНЫЗ ЭЛЕШ
#52 13 Сентябрь 2011 - 18:43
БАЛАЧАКТАГЫ ЖАНА СТУДЕНТТИК КУНДОРДОН КАЛЛГАК КЫЗЫКТУУ ОКУЯЛАР,,,
#53 13 Сентябрь 2011 - 18:44
#54 13 Сентябрь 2011 - 18:54
мага форумчу темунун суроолору жакты, чынында эле исламды жамынып террористик багытта колдонуп жаткандар кобойуп баратат, аты айтып тургандай эле ислам дини бул тынчтык дин жана тынчтыкты гана каалайт, а биз Кыргызстан учун, элибиз, жерибиз учун кызмат кылабыз, элге адал жашоону уйротуп, ыйман жолуна чакырабыз деп алыскы олколордо окуп журобуз... а ислам душмандарынын аракеттери кун сайын куч алууда... мындай кетсе биздин келечектеги жашообуз кандай болот, ислам жолунда жургон, жана окуган жаштар учун?
Сулуудан коркпойм, уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.
#55 18 Октябрь 2011 - 11:53
Цитата
Саламатсызбы.
Мен Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Арка өрөөнүнөн болом. Атым - Нурмат. Биздин өрөөндүн эли суу маселесинен аябай кыйналып келет. Насос станциябыз бузулуп, суу жок, айдаган эгинибиз куурап калат. Суунун жоктугуна байланыштуу көпчүлүк адамдар көчүп кетип, тажиктер кирип келүүдө.
Таза суу долбооруна гранттык жардам көрсөткөн уюмдар бар. Бул уюмдар тууралуу райондун акими жакшы билиши керек. Ушундай маселелерди жергиликтүү администрация жетекчиликтери жер-жеринен чечкенди үйрөнүшсө болмок. Экинчиден, биз чек ара аймактарынан көчүп кетпешибиз кажет. Эгерде акимчилик да, суу долбоорундагы уюмдар да чечип бере албаса, өкмөткө кат жолдоңуз. Биз башка чараларды колдонуп, 20 жылдан бери чечилбеген маселени 2012-жылдын бюджетине киргизип, чечип беребиз.
#56 18 Октябрь 2011 - 12:15
Цитата
"Калк айтса, калп айтпайт" дейт, ошондой болсо да мен ишенгенимди же ишенбегенимди билбей турам. Баткен облусундагы күйүүчү майдын кымбатташын сизге жана кесиптешиңиз Аскарбек Шадиевге тиешелүү дейт, Эми өз кызыкчылыгыңыздарды жогору коюуу жигиттин иши эмес го?
Мындай суроолор көп эле жерлерде берилип жүрөт. Мен дайыма эле айтып келем, мамлекеттик кызматка келерден мурда терең ойлонуп туруп бизнестен чыккам. Менин негизги максатым - өлкөбүздү кризистен алып чыгып, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуу. Күйүүчү май маселеси боюнча өткөндө массалык маалымат каражаттарынын алдында "ошол ишке тиешем болсо, кызматтан кетем" деп айткам. Мен ага чейин эле ушул жылдын июнь айында Баткен облусунда болуп, облустук администрация жетекчилиги менен күч органдарына эскертүү берип келгем. Бул контрабандалык иш токтобогондон кийин катуу чараларды колдонууга туура келди. Баткен облусунун Чек ара кызматынын, Бажы бекетинин, Каржы полициясынын, Ички иштер министрлигинин жетекчилери кызматтарынан алынды. Мен ойлойм, буга жергиликтүү эл да каршы туруп, өкмөткө маалымат берип жардамдашып турушу зарыл.
Билдирүүнү түзөткөн: MiranA: 18 Октябрь 2011 - 12:18
#57 18 Октябрь 2011 - 12:27
Цитата
Өмүрбек Токтогулович,
мен сизге жардам суроо иретинде кайрылайын дегем. Мен "Риом-Авто"
базарында соода кылган көп балалуу бир үй бүлөөнүн өтүнүчүн билдиргим келген. Ошол жердин директорубу же башкаруучусубу,
"соода кылган күркөңөрдү алгыла"
деп жатыптыр. Алар ошол жай менен үй-бүлөсүн багып жатышат да, андыктан калтырып коюууга жардам бере аласызбы? Ишемби-жекшемби күндөрү соода кылышып, ижарасын убагында төлөшөт. Эгер мүмкүн болсо ушул маселени туура жагына чечип коюңуздарчы.
"Риом-Авто" базарындагы күркөнү иштетип жаткан ижарачынын так дарегин берсеңиз, жергиликтүү башкаруу бийлиги аркылуу бул маселени мыйзам чегинде адилеттүү карап беребиз.
#58 18 Октябрь 2011 - 20:47
Саламатсызбы Омурбек аке! Биздин чоондордун "касаги"
чыга баштаса эле,докажи если докозать эте алсан иштен кетем деген дужур созун сиз да колдонупсуз.
Сизге эл ишенип эл шайлаган,элдин умуттун актаганга канчалык аракет кылып жатас? Бизде эн орчуунду проблема бензин менен тамак-аштын баасы,бааны окмот козомолго алса болбойбу? Келечекте президент же башка жогорку кызматта иштесениз,мага "бир эле кунго" кызматтынызды берип турбайсбы?
#59 25 Октябрь 2011 - 11:34
Саламатсызбы,
Өмүрбек Токтогулович.
Бизде мындай суроо бар. Земельный налогду арендатор төлөш керекпи же арендодателби?
Налоговый Кодекстин 14-разделии Земельный налог - 334-статьясынын 5 боюнча арендодатель төлөш керек, бирок азыр биздин фонддон Первомайская налоговая 2008-жылдан берки земельный налогду төлөгүлө деп талап кылып жатат, эмне кылсак?
#60 25 Октябрь 2011 - 15:37
"Аралаш"
деген топтогу суроолордон:
- Мектепте кайсы сабактан көбүрөөк көчүрүп, тескерисинче кайсынысынан "смело" жооп берет элеңиз?
- Эмне пайдалуураак сизге - критика, же комплимент?
- Чет жерде банктык эсебиңиз барбы?
- Эрте менен чуркайсызбы?
- Качандыр бир кезде өзүңүздүн кызматтык абалыңызды пайдаланып, кандайдыр бир маселени чечкен учуруңуз болду беле? Болсо, акыркысын баяндап берсеңиз...
- Балалыгыңызда эмнеден улам ата-энеңизден жаза алып турат элеңиз?
- Экинчи ирет вице-премьер болуп отурганыңызды эске алсак, премьер-министрликке бир тепкич калды. Өкмөт башчынын кызматына келүү планыңызда барбы, же бул орунга келүүгө сизге эмне жетпейт: акча, тажрыйба, же жаш куракпы?

Эбак эле боштук ээлеп, баары күйгөн...
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.