Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#101 Пользователь офлайн   Таллас   29 Сентябрь 2011 - 12:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения zoxanzavr (29 Сентябрь 2011 - 12:25) жазган:

Туура айтасыз, бирок мен "жооп жазганым жок" дей элекмин. Мен жооп эмес суроо жазып жаткам сиздин берген суроонузга. Кайра суроо беруудон баш тарттым.

Болуптур, сурооңуз болсо бериңиз, балким, Деби жооп береттир. Мен бул жерге суроо эле берейин дегем. Кайра мени жоопко тарткыңыз бар го Сүрөт
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Таллас   29 Сентябрь 2011 - 12:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Strateg (29 Сентябрь 2011 - 12:25) жазган:

PR силердин кызыкчылыгыңарда болуп атат, урматтуу "миссионерлер" :хаха: . Өзүңөдү индеецтерди христиандыкка айлантып аткан эр жүрөк миссионер сезип атасыңарбы? Болбосо Библия темасына баягы 5өөңөр кирип алып эле талаша берет экенсиңер. Башкалардын бул темадан Сүрөт моминткиси келет. ;)


Андан көрө Куранга эмне сурооңор бар десеңер, жакшы болмок.


Мейли, уйку келбей жатканда ушул темаге кирсеңиз сизге "Баю, баю" болуп берет.
Ал эми "Куран жөнүндө илибой сурооңорду бергиле" деп өзүнчө тема ачкам. "Ислам динине дооң барбы?" деген. Исламда эч нерсе унут калтырылган эмес. Эч нерсе бурмаланган эмес. Баарына жооп бар. Ал жоопту мен бербесем, башкасы берет. Эч кандай шарт-парт коюп отурбай эле.. Анткени, алар өз динин коргоого ар дайым даяр!.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Debi   29 Сентябрь 2011 - 12:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения zoxanzavr (29 Сентябрь 2011 - 12:25) жазган:

Туура айтасыз, бирок мен "жооп жазганым жок" дей элекмин. Мен жооп эмес суроо жазып жаткам сиздин берген суроонузга. Кайра суроо беруудон баш тарттым.

Менин Атым учун жаман соз угасынар(оз созум менен жаздым) деген пайгамбарчылык аткарылып жатат. Библияда жазылгандар алдын ала айтылып, анан аткарылат эмеспи. Кудайдын Созу экенинин дагы бир далили ошол. Сенин бактын тоодой, ой зоодой, ой айтып бергис :). сени досун менимче Жоханзавр десе керек, ээ
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Таллас   29 Сентябрь 2011 - 12:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

А Жоханзавр деген эмне?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   zeft   30 Сентябрь 2011 - 02:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 12 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 29 Янв 2012 02:37
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения zoxanzavr (29 Сентябрь 2011 - 12:56) жазган:

Ушул жерде олтуруп, жазылган нерселерди окуп, "давлениян" которулуп, анан суйролуп барып

Эгер чындыкка түшсөң, балким, канбасымың көтөрүлгөнгө себеп болбойт беле?!
Өзүң кандай ойлойсуң - ушул жерде жазылгандардан жыйынтык чыгара алчудайсыңбы? Сенин башка ачкан темаңа ишенсек - сен ата-энеңе, тууган-туушкандарга жана кээ бир жоро-жолдошторго атеисттиктен кайтып башка динге (мен атеизм дин экенин ушул форумдан, сенден билип олтурам Сүрөт) өтүп, анан ошонуңду билдире албай жүргөн экенсиң. Ай, байкуш десе! Бир чети боорум да ооруп кетти. Бул дүйнөдө кыйналып, тиги дүйнөдө да азап тартып. Мейли эми, ал жагын мен билбейт экем, бир Аллахтын өкүмү менен, балким, сен өзүң чындыкты тааныйт чыгарсың бир күнү болбосо, бир күнү.

Билдирүүнү түзөткөн: zeft: 30 Сентябрь 2011 - 02:26

Мен илимдүүлөрдүн биринен да утулган жокмун, бирок, илимcизди жеңе албадым. [Имам Шафиъи]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Debi   30 Сентябрь 2011 - 11:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библиядагы падашалар таржымалынын уландысы.

Шабул падыша болгондон кийинки окуялар.
“Ал эми начар кишилер: «Бизди сактачу ушул бекен?» – дешти. Аны жек көрүп, ага белек беришкен жок. Бирок ал муну байкамаксан болуп койду”.
Кандай гана бийлик болбосун, ага оппозиция болбой койбойт экен да. “Начар кишилер” деп белгиленгени өзгөчө көңүл бурарлык. Кишинин начары болгондон Кудай сактасын. Кудай койуп жаткан падышага каршы чыккан адамдар начар кишилер болору ынанарлык. А азыркы биздикилердин кимиси начар адамдар болду экен? Бийликтегилериби же бийликке каршы чыгып жаткандарыбы? Бийликке каршы чыгып жаткандары начар адамдар болгон болсо, демек азыркы бийлик Кудайдан болду бекен деген ой кетет. Аны убагында көрө жатарбыз. Эң негизгиси эки жактын тең үстүнөн караган Кудай бар экенин билебиз. Муну билүү чоң байлык да, чоң ийгилик. Ушуну билсек эле тынчсыздануунун кажети жок.
Кебибизди улайлы. Жаңы гана Кудайдын Рухуна толуп турган Шабул, байкамаксан гана болуп койду. Аны бийликке Кудай коюп жаткандан кийин, адамдардын каршы болгону эч нерсеге татыбастыгы түшүнүктүү да. Ошол себептендир, Шабул алардын айтканына терикпептир.
Ушу тапта бийликке келгендер жөнүндө да, бийликтен кеткендер жөнүндө да уу-дуу кептин учугу үзүлбөй келет. Өзгөчө бийликке келгендер үчүн, эгерде алар бийликке келишкенине адамдардын эмес, Кудайдын колдоосун көрүп жатышкан болсо, алардын дарегине айтылган жаман кептерге теригип, жакшы кептерге эсирип кетпестигин, Шабулдун мисалынан көрсөк болот экен. А бийликке келгендер Кудайдан колдоо издеп жатышты бекен? Дегеле, жасаган иштеринде, чыгарган чечимдеринде Кудай менен эсептешип жатышты бекен? Анын Сөзүн колдоруна алып, Анын эркин издеп жатышты бекен? Муну бир Кудай билээр. А бизге алардын кылган ишинен жана алардын бийлик кылуусуна Кудай канча мөөнөт береринен, жана да бийликтен алар кандай жол менен кетишинен белгилүү болот деп ойлойм.

Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 30 Сентябрь 2011 - 11:41

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Debi   01 Октябрь 2011 - 22:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библиядагы падышалар таржымалынын уландысы

Жогоруда айтканымдай, жаңы гана Кудайдын Рухуна толуп тургандыктан, Шабул начар адамдардын ага айткан сөздөрүнө терикпеди дагы, жооп да кайтарбады. Ушундан улам аларды Шабул, Өзүн падыша кылып бекитип жаткан Кудайга тапшырганбы деген ой кетет. Андан кийинки окуяда Шабулдун бийлигине оппозицияны Кудай кандай жеңилүүгө учуратканын көрө алабыз.
Кандай гана бийлик болбосун, ага каршы чыккандар чыгарын айттык. Бул каршылык күчөп кетсе, элге залакасын тийгизбей койбойт экени маалым го. Бирок, Кудайдын көзөмөлүнөн чыгып кеткен окуя болбойт. Төмөнкү окуялар буга мисал.
Ошентип, Израил элинин тунгуч падышасы Шабул жаңы гана падыша болгон кез. Кай бир адамдар анын падышалыгын кабыл алгылары келбеди. Израил элине күчтүү душман кол салды. Алардын пайгамбар Шемуелден падыша талап кылышынын дагы бир себеби да ушул – башка элдердин кол салышы болгон. Кудайга таянууга ишенимдери жетпей, күчтүү падыша бизди куткарат эле деп, адамдан үмүт кылышкан эле. Буга Кудай капа болсо да, алардын айтканына көнүп, падыша шайлап берген. Эми элди душмандын колунан Кудай куткарар бекен же Шабулбу Ыйык Жазуудан карап көрөлү.
“Амондук Нахаш келип, Гилаттагы Жабешти курчады. (Гилаттагы Жабеш, бул израилдиктердин жери)Ошондо Жабештин бүт тургундары Нахашка: «Биз менен келишим түз, ошондо биз сага кызмат кылабыз», – дешти. Амондук Нахаш аларга: «Баарыңардын оң көзүңөрдү чукуп алып, бүт Ысрайылды маскаралап туруп, анан силер менен келишим түзөм», – деди. Жабештин аксакалдары ага мындай дешти: «Бизге жети күн мөөнөт бер, бүт Ысрайыл жерине элчилерди жиберели, эгер бизге эч ким жардам кылбаса, анда биз сага багынып беребиз». Шабул жашаган Гибага келип, ушул сөздөрдү элге жарыя кылышты. Ошондо бүт эл боздоп ыйлады. Өгүздөрдүн артынан, талаадан келген Шабул: «Элге эмне болгон, эмнеге ыйлап жатат?» – деп сурады. Ага Жабеш тургундарынын сөздөрүн айтып беришти. Ушул сөздөрдү укканда, Шабулдун үстүнө Кудайдын Руху түштү жана ал катуу каарданды”.
Ушул сөздөрдү укканда, Шабулдун үстүнө Кудайдын Руху түштү жана ал катуу каарданды. Демек угарман, бул адилетсиздикке Шабулдун каарын Кудайдын Руху козгоду. Козгогондо да, Ысрайыл элин түп көтөрүлтө тургандай кылып козгоду. Бул жерде маанилүүсү – Шабулдун үстүнө Кудайдын Руху түшкөндүгү. Душмандын келеке кылышына анын, азыркыча айтканда өз эли үчүн күйгөн патриоттук сезимин Кудай козгоп жатат. Андан ары улантып окуйлу.
“Анан ал кош өгүздү алып, аларды жиликтеп бөлүп, ошол элчилер аркылуу Ысрайылдын бүт жерине мындай деп айттырып жиберди: «Шабул менен Шемуелдин артынан барбагандардын өгүздөрү ушундай болот». Ошондо элди Теңирдин коркунучу басып, баары бир кишидей аттанышты”.
Эми мына бул акыркы сүйлөмгө токтололучу: “Ошондо элди Теңирдин коркунучу басып, баары бир кишидей аттанышты”. Элдин бир кишидей аттанышы да Кудайдын буйругу болуп жатат. Андан ары улантып окуйлу.
...Келген элчилерге мындай дешти: «Гилаттагы Жабештин тургундарына: “Эртең күн ысыган маалда силерге жардам болот», – дегиле. Элчилер келип, Жабештин тургундарына айтышканда, алар кубанып кетишти. Анан Жабештин тургундары Нахашка: «Эртең силерге багынып беребиз, бизди эмне кылам десеңер, өз эркиңер», – дешти. Эртеси күнү Шабул элди үч топко бөлдү. Алар эртең мененки күзөт убагында кошуундун ортосуна киришти да, амондуктарды күн ысыганча талкалашты. Калгандары чачырап кетти, алардын экиден жүргөнү да калган жок. Ошондо эл Шемуелге мындай деди: «“Бизге Шабул падышачылык кылмак беле?” – дегендер ким? Ошол кишилерди бергиле, аларды өлтүрөбүз».

Бийлик жана бийликке каршы чыккандар. Ушул эки тараптын биринин жеңишин кайсы бир мезгил көрсөтүшү керек эле. Мына эми, Шабулга каршы чыккандарга Шабул эмес, эл каршы чыгып жатат. Демек, Шабулдун каршылаштары жеңилүүгө дуушар болушту. Байкаган чыгарсыз, Шабул бул максатты көздөп иш кылган жок. Кудайдын Руху ага түшкөнүндө жөн гана эл үчүн жоого каршы аттанды. Бардык абалдын үстүнөн бийлик кылып турган Кудай, Шабулду жоого каршы аттандырды да, жеңишке жеткирди. Мына ушул жеңиш аны элдин колдоосуна ээ кылды. Мына ушундай жол менен Кудай Шабулдун каршылаштарын басып койду. Душман да жеңилди. Эл арасындагы саясий абал да турукташты. Эсиңиздеби, Шабул аларды байкамаксан болуп койгон. Демек, каршы чыккандардын баары менен эле каршылаша берүүнүн кажети жок экен да. Болгону баарын Кудайга тапшырып, Кудайдан эмне тапшырылса ошону аткара берүү керек. Кудайга таянсак, Кудай баарын жай-жайына бат эле койот. Кудайга кыйын нерсе барбы?
Бүгүнкү күндө өлкөдөгү абалдын турукташуусу орчундуу маселелердин бири болуп турат. Мына ушул маселе үчүн бул эң эле жакшы сабак эмеспи. Кудайдын жолун билүүгө ынтызар болбогон адамдарга жеңишти Кудай эмес, Шабул бергендей көрүндү. А чындыгында Кудай болбосо кайдан болмок.
Бүгүнкү күндө деле эл башына келген адамдар канчалык такшалган, канчалык мыкты, билгич саясатчы болушпасын, бардыгы Теңирдин колунда экенин эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Өлкөдөгү абал турукташы үчүн ар бирибиз Кудайга үмүт артып, Кудай алдында жолубузду тууралашыбыз зарыл. Ошол кезде Шабулдун абалы жакшы эле. Аны «“Бизге Шабул падышачылык кылмак беле?” – дегендер ким? Ошол кишилерди бергиле, аларды өлтүрөбүз» деген адамдарга берген жообунан көрө алабыз. Ал мындай деген экен: «Бүгүн эч кимди өлтүрүүгө болбойт, анткени бүгүн Теңир Ысрайылды куткарды». Атаганат, ушунусунан жазбаганда өзүнө жакшы болот эле. Кудай ишенимдүүлүгүнөн эч качан жазган эмес. Падыша сураган элге падышаны коюп, бийлигин бекемдеп да берди. Эми ишенимдүүлүк көрсөтүү кезеги Шабулда эле. Шабул кандай иш кылар экен.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   Debi   02 Октябрь 2011 - 21:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Кудай Теңирдин күчүн, кудуретин өз жашоосунда көргөн падышанын Теңирине карата ишеними сыналчу учур да келди. Ал ишенимдүүлүк көрсөтө алар бекен? Ыйык Жазууга назар салалы:
“Шемуел элге: «Гилгалга баралы, ошол жерде падышачылыкты жаңыртабыз», – деди. Бүткүл эл Гилгалга барды да, Гилгалда Теңирдин алдында Шабулду падыша көтөрүштү. Анан ошол жерде Теңирдин алдында тынчтык курмандыктарын чалышты. Шабул менен ысрайылдыктар ошол жерде аябай көңүл ачышты”.
Падышанын бийлик мөөнөтүнүн узактыгы эмнеден көз каранды экендигин эскерткендей, Шемуел сөзүнүн аягында мындай деген экен: Эң негизгиси Теңирден корккула, Ага жан-дилиңер менен, чын жүрөктөн кызмат кылгыла. Анткени анын силер үчүн кандай улуу иштерди кылганын көрдүңөр. Эгерде силер жамандык кыла турган болсоңор, анда падышаңар да, өзүңөр да өлөсүңөр.
Кудай Теңир Шабулдун ишениминин бекемделиши үчүн, Ысрайылдын ишениминин бекемделиши үчүн, жетишердик эле кудуретин көрсөттү. Ал Өз элине эң ишенимдүү, тирүү Кудай экенин көрсөттү. Ишенимдүүлүктүн сыналышынын кезеги эми, адамдарга, Шабул падышага келди.
Жазууну улантып окуйлу:
“Шабул Ысрайылга падышачылык кылганына бир жыл болгондон кийин, экинчи жылы падышачылык кылып жатканында, өзүнө ысрайылдыктардан үч миң кишини тандап алды. Мукмаста жана Бейтел тоосунда Шабул менен эки миң киши болду, миңи болсо Бенжеминдин Гибасында Жонатан менен болчу. Калган элди ал үйлөрүнө коё берди. Жонатан пелиштиликтердин Гибадагы күзөт тобун талкалады”.
Түшүндүрө кетейин, Жонатан Шабулдун уулу болгон, Гиба, Ысрайылдын Бенжемин уруусунун бир шаары эле. Эсиңиздерде болсо Шабул мына ушул Бенжемин уруусунан экенин Жазуудан окуган элек. Гибада пелиштиликтердин күзөт тобу орун алганына караганда, пелиштиликтер Ысрайыл элин багындырып алуу максатын көздөп, же болбосо бул элге күчтүүсүнүп турууну каалашса керек. Шабул падыша уулу Жонатан менен мына ошол пелиштиликтердин күзөт тобун талкалоону туура көрүшкөн экен. Ушул жерден суроо туулат. Шабул, өзүн падышалыкка койгон Кудай Теңиринен ушундай кылуу Анын эркине туура келеби, келбейби сурады бекен. Балким сурап, бирок Кудайдын жообун күтүүгө чыдамсыздык кылгандыр. Мындай ойлогонумдун себеби бар, ага кези келгенде токтолобуз. Жазууну улантып окуй берели.
“Бул жөнүндө пелиштиликтер угушту, Шабул болсо: «Эврейлер угушсун!» – деп, бүт өлкөгө сурнай тартты”.
Шабул өзү муну эрдик катары көрүп, бүт эл билишсе падышанын зоболосу ого бетер көтөрүлөт деп күткөн өңдүү. Кандай абал түзүлгөнүн, элдин буга мамилесин көрөлү.
“Бүт Ысрайыл Шабулдун пелиштиликтердин күзөт тобун талкалаганын жана пелиштиликтерге Ысрайыл жек көрүндү болгонун укту. Ошондо эл Гилгалга Шабулдун алдына чогулду. Пелиштиликтер Ысрайыл менен согушуу үчүн чогулушту: отуз миң майдан араба, алты миң атчан, деңиз жээгиндеги кумдай жайнаган эл. Пелиштиликтердин кошууну Бейт-Абендин чыгышындагы Мукмаска жайланышты. Ысрайылдыктар өздөрүнүн коркунучтуу абалда экенин, элдин кысымга алынганын көрүшкөндө, үңкүрлөргө, капчыгайларга, аска-зоолордун арасына, казылган орлорго жана аңгектерге жашынышты. Эврейлердин кээ бирлери Иордандан ары, Гат жана Гилат өлкөсүнө өтүштү. Шабул Гилгалда болчу жана анын жанындагы бардык элдин үрөйү учуп турган эле. Шабул жети күн, Шемуел белгилеген мөөнөткө чейин күттү, Шемуел болсо Гилгалга келбей жатты. Эл Шабулду таштап, туш-тушка тарай баштады”.


Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 02 Октябрь 2011 - 21:45

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Debi   03 Октябрь 2011 - 10:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Демек, Шемуел жети күн мөөнөт белгилеген экен. Ушундан улам, алар мына ушул жерден Кудай Теңирге курмандык чалып, Андан бата суроону болжошкондугун билүүгө болот. Дээрлик бардык учурда, анын ичинде Шабулдун падыша шайланышында да, Кудай Теңир Өз эркин Шемуел пайгамбар аркылуу ачып берип келген эле. Муну Шабул жакшы билген. Жети күн күтүү мөөнөтүн да Шемуел аркылуу Кудай койгон эле. Ооба, Шабулдун абалы оор болуп турду. Жакын эле жерде душмандын түмөндөгөн колу чогулуп жатат. Муну көргөндө үрөйлөрү учкан еврейлер туш-тушка качып корголошту. Шабулдун жанындагылар да кете баштады. Мына ушундай учурларда адам Кудайга канчалык ишенерин биле алат. Так ушундай учурлар ар бирибиздин жашообузда кездешет. Мына ушундай учурларда биздин ишенимибиз сыналат. Бир мисал айта кетейинчи. Жаңыдан Ыйса Куткаруучусу экенин таанып, Кудай жолуна түшкөн бир келин, базарда жер-жемиш сатып иштечү экен. Дүңү менен эле алган баа менен, бирок таразадан кемитип сатчубуз дейт. Арзан баа менен алармандарды дайыма кызыктыра аласыъ. Бирок ушинтип иштеп жүргөндүгү үчүн абийири соттоп, дайыма тынчсызданып жүрчү экен. Кудайга кайрылгандан кийин, мындай ишке эч качан барбайм деп чечкен ал, таразасына “так тараза” деп жазып койот да, баасын жогорулатат. Ошондо кардардын баары арзан баага кызыгып, жанындагы сатуучулардан алып, так тараза деп жазылган бирок баасы жогорураак анын жанынан карап гана өтө беришет. Жер-жемиш бир күн турса салмагын жоготуп, бузулуп да кетиши мүмкүн дейт ал. Ошондо чыгашага учурап калуудан корккон ал, мурдагысындай сатканга өтөт. Бирок жүрөгүндө тынчтык жоголуп, кайрадан тынчсыздана баштайт. Жаңы эле Кудай Теңиринен кечирим сурап, жаңыча жашоо баштабады беле. Мурда кылган күнөөсүн кайра эле кайталап жатпайбы. Тынчы кеткен абалында ал Ыйсага ишенгендердин кезектеги чогулушуна келип, жүрөгүн өйүгөн суроосу менен бөлүштү. Ал ушуларды айтып жатканда Шабулдун абалы эсиме түштү. Жакын жердеги жыйналып жаткан душмандын сансыз аскерлерин, өзүнүн жанындагы адамдардын туш-тушка тарай баштаганын көрүп, анын тынчы кеткендиги кардардын баары жандай өтүп, жанындагылардан алып, соодасы болбой, жер-жемиштеринин баары бузулуп, чоң чыгашага учураганы турган келиндин абалына да окшошуп кетет. Келин бул сыноого туруштук бере алган жок. Кудайдын батасын бир үймөк жемиштен ала турган кирешеге алмашып койду. Жок, ал билбегендиктен кылган жок. Кудайдын алдында күнөө кетиргенден баш тартканы ошондо боло турган чыгашасынан алда канча баалуу экенин ал баалай албады. Бул үчүн Кудайга жан дили менен берилгендик, солк этпеген ишеним керек эле. Муну өзү да ырастап отурду. Шабул Кудайга бекем ишениши үчүн, Кудай Өзүнүн кудуретин анын жашоосунда жетишердик көрсөткөн эле. Эми Шабул кандай кылар экен. Кудай үчүн душмандын сансыз көп аскери кеп эмес экенине, жеңишти Кудай берем десе, аскерлердин аздыгы, алсыздыгы мааниге ээ эмес экенине ишенеби же, бул коркунучтуу абалдын сүрүнө жеңилип, Кудайына болгон ишенимине шек келтиреби, күбө болуъуз.
“Ошондо Шабул: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен тынчтык курмандыктарына даярдалганды мага алып келгиле», – деди. Анан ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөдү. Ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөп бүтөрү менен, Шемуел келди”.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   Debi   03 Октябрь 2011 - 19:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Кудай кечикмек эмес... Кудайдын мыйзамы боюнча курмандыкты ыйык кызмат кылуучу гана өрттөөгө тийиш эле. Башка адамдардын укугу жок болчу. Шабул Кудай койгон мыйзамды бузду. Менин оюмча Шабулдун бул тартипти бузгандыгына караганда, ишениминин алсыздыгы Кудайды көбүрөөк капалантты. Ал Кудайга толук таяна алган жок. Байкадыңызбы угарман, Шемуелдин бир аз дагы кечикпестен так өрттөп бүтөрү менен келгенин. Бул кокустук эмес эле. Бул балким Кудай эч качан кечикпестигине ишенбегендиги үчүн, Шабулду ашкерелөө үчүн болгондур. Андан ары окуйлу:
Шабул аны менен саламдашуу үчүн, алдынан тосуп чыкты. Шемуел ага: «Бул эмне кылганың?» – деди. Шабул ага: «Эл мени таштап, туш-тушка тарай баштады. А сен белгиленген убакта келген жоксуң. Пелиштиликтер болсо Мукмаска жыйналып калышты. Ошондо мен: “Пелиштиликтер эми Гилгалга келип, мага кол салышат, мен болсо Теңирдин эркин алиге чейин сурай элекмин”, – деп ойлодум. Ошондуктан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөөгө батындым», – деп жооп берди. Шемуел Шабулга: «Кудай-Теңириңдин сага берген буйругун аткарбай, жаман иш кылдың, анткени Теңир ушул күндө сенин Ысрайылдын үстүнөн болгон падышачылыгыңды түбөлүккө бекемдемек. Эми сенин падышачылыгың туруштук бере албайт. Теңир Өз жүрөгүнө жаккан кишини таап, аны Өз элине жол башчы кылып дайындады, анткени сен Теңирдин буйругун аткарган жоксуң»...
Шабул Кудайга ишенбөөчүлүгүнүн, таянбоочулугунун айынан, кандай зор батадан кур калганын көрдүңүзбү? !
Ушул мезгилде бардык жерде боло алган кудуреттүү Теңиринин ар дайым жанында экенине жүрөгү толо кубана, ага таазим кылып табынып, талаада койдун артынан түшүп, бир жигит жүрчү. Аны курчап турган ааламдын сулуулугуна суктануусун, бул сулуулуктун өтө чебер Эгедерине, жүрөгүндө толгон даңктоосун ырга айлантып арначу. Жазуунун кийинки баяндарынын каарманы боло турган бул койчу азырынча бизге чоочун боло турсун. Биз Шабулдун окуясын уланталы.
“Ошондон кийин Шабул жанындагы болгон аскерин санап, Гибага, пелиштиликтердин аскерлери чогулуп жаткан Мукмаска бет алышат. Анын жанында 600 гана аскер калган экен. А пелиштиликтердин атчандарынын гана саны 6000 эле”. Ысрайылдыктардын курал жагынан дагы душмандарынан алда-канча алсыз экендиги баяндалат. Адамдык чен-өлчөм менен алганда, жеңилүү турулуу.

Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 03 Октябрь 2011 - 19:55

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Debi   04 Октябрь 2011 - 12:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Бирок, Кудай Шабулдун бул ишенимсиздиги үчүн дароо эле андан ырайымын алган жок. Бардык учурдагыдай эле, Ал дагы да ырайымын узартты. Ысрайылдан ырайымын алган жок. Эгерде Шабул өзү курмандык өрттөп салбай Теңирге таянып, Шемуелди күтсө, Кудай аны ошол алсыз колу менен эле жеңишке жеткирмек экенин көрсөттү. Шабулга гана эмес, кымбаттуу окурман, Шабулдун уулу Жонатандын ишенимине берген жообу аркылуу мага да, сизге да көрсөткүсү келет. Теңирдин бул керемет иши сиздин да, Ага ишенимиңизди арттырып, жашооңузда туура багыттан адашпооңузга жардам берет.

Андан ары окуя төмөнкүдөй уланды. Бул бир чети Кудайга карата болгон ишенимди, Ал эч качан жоопсуз калтырбасын көрсөтүү үчүн кылынгандай.
«Жонатан курал көтөргөн жигитине: “Жүр, бул сүннөткө отургузулбагандардын тобуна өтөлү. Балким, Теңир бизге жардам берер, анткени көп киши аркылуу болобу, аз киши аркылуу болобу, Теңир үчүн куткаруу кыйын эмес”, – деди».
Сүннөткө отургузулбагандар деп ал пелиштиликтерди айтып жатат. Караңызчы андагы ишенимдин күчтүүлүгүн, түмөндөгөн куралдуу колу бар душмандарга каршы, Кудайга болгон бекем ишеним менен гана куралданып ал жалгыз чыкты. Бул – ишенимдин эң сонун үлгүсү. Эл башына койгон Шабулдан мына ушундай ишенимди күткөндүр Кудай. Шабулда жок ишеним, уулу Жонатандан табылды. Окуяны улантып окуйлу.
«Ошондо ага курал көтөргөн жигити мындай деп жооп берди: “Жүрөгүңдө эмне болсо, ошонун бардыгын кыл. Каалаган жагыңа бара бер, мен сени менен барам”. Жонатан ага мындай деди: “Биз тиги кишилерге өтөбүз да, аларга көрүнөө турабыз. Эгерде алар бизге: “Биз силерге баргыча, токтоп тургула”, – десе, анда ордубузда туруп турабыз, жогору чыкпайбыз. Эгерде алар: “Жогору чыгып, бизге келгиле”, – десе, анда жогору чыгабыз, анткени Теңир аларды биздин колубузга салып берди. Бул биз үчүн белги болот”».
Демек алар Кудайдан өтүнүшүп, Кудайдын жообун ушундан билмек болушту. Эми Кудайдын жообуна көңүл буралы:
«Алар пелиштиликтердин тобуна көрүнөө чыгышканда, пелиштиликтер: “Эврейлер жашынган үңкүрлөрүнөн чыгып жатышат”, – дешти. Анан Жонатанга жана анын курал көтөргөн жигитине топтогу кишилер мындай деп кыйкырышты: «Жогору чыгып, бизге келгиле, биз силерге бирдеме айтабыз». Ошондо Жонатан курал көтөргөн жигитине: «Артымдан ээрчи, анткени Теңир аларды Ысрайылдын колуна салып берди», – деди.
Ал Теңиринин жообун эч күдүктөнбөй даана укту. Анткени ал эч олку-солку болбой, даана, бекем ишенген эле. Эми эмне кылар экен байкаңыз. «Жонатан тырмышып, жогору чыга баштады, артында анын курал көтөргөн жигити келе жатты. Пелиштиликтер Жонатандын алдында кулап жатты, курал көтөргөн жигити болсо анын артынан аларды өлтүрүп бара жатты. Жонатан менен анын курал көтөргөн жигитинин ушул биринчи соккусунан кош өгүз менен бир күндө иштеткен талаанын жарымына жыйырмага жакын киши сулап калды. Ошондо талаадагы кошуунда жана бүткүл элде коркунуч туулду. Алдыңкы катардагы топторду жана жерди кыйратуучуларды калтырак басты. Бүт жер солкулдады, Теңирдин улуу коркунучу басты. Бенжеминдин Гибасындагы Шабулдун сакчылары элдин чачырап, туш-тушка качканын көрүштү. Ошондо Шабул жанындагы элге мындай деп кайрылды: «Карап чыгып, биздин арабыздан ким чыгып кеткенин билгиле». Карап чыгышканда, Жонатан менен анын курал көтөргөн жигити жок болуп чыкты. Анан Шабул Акияга: «Кудайдын келишим сандыгын алып кел», – деди. Анткени Кудайдын келишим сандыгы ал убакта Ысрайыл уулдарынын жанында эле. Шабул ыйык кызмат кылуучу менен сүйлөшүп турганда, пелиштиликтердин кошуунунда дүрбөлөң улам күчөп бара жаткан. Ошондо Шабул ыйык кызмат кылуучуга: «Колуңду түшүр», – деди. Шабул жана анын жанындагы эл кыйкырып, согуш майданына келди. Ошол жерде ар бир адамдын кылычы өз жакынына каршы шилтенип, аябай чоң дүрбөлөң болуп жатыптыр. Ошондо буга чейин эле пелиштиликтердин жанында, алар менен кошуунда чогуу жүргөн эврейлер да Шабул менен Жонатандын жанындагы ысрайылдыктарга кошулушту. Эпрайым тоосунда жашынган бардык ысрайылдыктар пелиштиликтердин качканын угуп, салгылашып жаткан өз кишилерине кошулушту. Ошол күнү Теңир Ысрайылды куткарды. Кыргын Бейт-Абенге чейин болду».
Ошентип душмандын түмөндөгөн колун Теңирге болгон солк этпеген ишеним гана багынтты! Теңир жеңишти Ага таянган адам аркылуу берди. Бул Анын ага таянган адамдын таянычына берген жообу эле.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Debi   04 Октябрь 2011 - 20:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Окурман, сиз Кудайга Жонатандай ишене аласызбы? Жонатандын ишенимине, сыйынуусуна жооп берген Кудай, бүгүнкү күндө сизди да көрүп турат. Сиздин ойлоруңузду, жүрөгүңүздүн каалоосун, кыйынчылыктарыңызды, кубанычтарыңызды көрүп турат. Ал сиздин ишенимиңизди күтөт. Жонатан сыяктуу эч шектенбей бекем ишенсеңиз жоопсуз калбайсыз. Байкаган чыгарсыз, ишенимиңиз кандай болсо Кудайдан алар жообуңуз да ошондой болот. Канчалык бекем ишенсеңиз, ошончолук так жооп аласыз.
Мындан кийинки окуяда Шабулдун кылган иш-аракети, анын падышалык беделин түшүрүп, сөзүнүн күчү кеткени байкалгандай. Мына ушуну ага Кудай Өзү көрсөтүп жаткан өңдүү. Окуяны ортого салайын.
«Ошол күнү Ысрайылдын кишилери чарчашты. Шабул болсо элге мындай каргыш айтты: «Душмандарымдан өчүмдү алгыча, кечке чейин нан ооз тийген кишиге каргыш тийсин!» Ошондо элден эч ким тамак жеген жок».
Ысрайыл эли кыйчалыш кырдаал түзүлүп, кыйналып турганда, ооздоруна наар албай орозо кармап, Теңирге жалбарып суранышчу. Шабул мындай каргышты Гибада Шемуелди күтүп турганда, ага каршы сансыз кол топтолуп, согушка чыкканы жатканда айтса жарашмак. Ал эми Жонатандын Кудайга таянуусуна жооп кылып, Кудай душмандын мизин кайтаргандан кийин, жеңиш жарым-жартылай колго тийгенден кийин, мындай каргыш айтуу Кудайга жагарлык иш беле? Орозо кармап, жалбарып суранчу жерден чыдамсыздык, ишенимсиздик кылды да, орозо кармабачу жерден каргыш айта орозо жарыялады. Бул кылганы анын падышалык беделин түшүрүп, кадыр-баркына шек келтирди. Кудай мына ушуга жол берди. Анткени ал Кудайга ишенимин бекем сактаган жок. Ал кантсе да Теңирден көз каранды экенин билген да. Теңирге урмат көрсөткүсү келип, бирок анысы жараксыз болуп жаткансыйт. Себеби ал ишенип, таянчу жерден алсыздык кылып, ишенчиликсиз болуп чыкпадыбы. Мына ушуну баяндаган окуянын уландысын ортого салайын, өзүңүз да баамдап көрүңүз.
«Ошондо элден эч ким тамак жеген жок. Бүткүл эл токойго кетти, токойдун ичиндеги ачык жерде бал бар эле. Эл токойго кирип: «Мына, бал агып жатат», – деди. Бирок эч ким колун сунуп оозуна алган жок, анткени эл каргыштан коркту. Атасынын элге каргыш айтканын Жонатан уккан эмес, андыктан колундагы таягынын учун балга малып, оозуна тийгизгенде, жандана түштү. Элдин арасынан бир киши ага мындай деп айтты: «Сенин атаң оозуна каргыш алып: “Бүгүн тамак ооз тийгенге каргыш тийсин”, – деген. Эл ошондон алсырап турат». Жонатан мындай деди: «Менин атам элди азапка салды, карагылачы, мынабу балдан бир аз ооз тийгенде, жандана түштүм. Эл бүгүн душмандан тартып алган олжодон азыктанып алганда, пелиштиликтердин кыйроосу мындан да зор болбойт беле». Жонатан атасынын бул кылганын туура эмес деп тапканы андан кийинки окуя менен да ырасталат. Алар ошол күнү пелиштиликтерди Мукмастан Айалонго чейин талкалашты. Эл абдан алсырады. Анан эл олжого жабылып, койлорду, өгүздөрдү, музоолорду алып, ошол жерде союп, каны менен жеди. Ошондо Шабулга: «Эл этти каны менен жеп, Теңирдин алдында күнөө кылып жатат», – деп кабарлашты».
Падышанын каталыгы жалпы элди күнөөгө түрттү. Ушул окуя падышанын ээлеген орду канчалык жоопкерчиликтүү экендигин, анын кылган иш-аракетинин жалпы элге тийгизээр таасири канчалык боло тургандыгын белгилеп турат.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Debi   05 Октябрь 2011 - 21:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Сөз учугун жоготпой улантыш үчүн белгилей кетейин. Ысрайыл элинин алгачкы падышаларынын таржымалын окуп жаткандагы максаттарыбыздын бири, падышалардын жүргүзгөн бийлигинин үстүнөн жүрүп жаткан Кудайдын бийлигин, Анын күчтүү колун көрүү жана да бардык элдердикиндей эле, падыша бийлик кылып келген өлкөбүздө сөзсүз Кудайдын жол берүүсү менен болгон падышанын такка келүүсү жана кулашынын кайсы бир себептерин билүү. Мөөнөтүн өтөп анан тактыны башкага тапшырган ажонун ордуна ким келээр экен деген күтүү башка, а кулатылган ажонун ордуна ким келээр экен деген күтүү башка болор. Ысрайылга алгачкы падыша шайланган мезгилде да ушул өңдүү окуялар болгон экен. Ыйык Жазуудагы ушул Кудайдын катышы түздөн түз жазылган окуялар аркылуу биздин күндөрдө туулуп жаткан суроолорго да окурмандар жооп ала алат деген үмүттөмүн.
Эсиңиздедир, бул согуш Шабулдун уулу Жонатандын Ысрайылдагы пелиштиликтердин күзөт тобун талкалаганынан башталган. Пелиштиликтердин Ысрайыл жеринде күзөт тобунун болушунан улам, пелиштиликтер ысрайылдыктарга кандайдыр үстөмдүк кылып турганбы деп болжогонбуз. Жонатан элин мына ушул үстөмдүктөн бошоткусу келген көрүнөт. Андан аркы окуялар, Теңир Жонатандын каалоосуна, аракетине ийгилик бергенин көрсөтөт. Ысрайыл жериндеги күзөт тобу талкаланганы үчүн, пелиштиликтер ысрайылга каршы согушка аттанышкан. Ошондо Шабулдун жүрөгү опколжуп, кайратынан тайып турган. Эмнегедир, кереметтерин көрсөтүп өзүн падыша көтөргөн Кудайга ишеними, таянуусу байкалбады. Эмне үчүн болду экен?
Баалуулуктарынын орундары алмашып калып жүрбөсүн? Өзү үчүн падышалык зоболосу элинин кызыкчылыгынан жогору болуп, ошонун кесепетинен Кудайдын үнүн угуу жөндөмдүүлүгү мокоп калган эмеспи? Акыл ойун падышалык мансап, дөөлөт бийлеп алгандан болуп жүрбөсүн?
Шабул жеңилип калса, албетте, падышалык зоболосу түшмөк. Ал мына ушундан коркуп тургансыйт. Мына ушундан корккондуктан ал бүт элге орозо жарыялап турган өңдүү. Инжилдеги: “Сурасаңар да, ала албай жатасыңар, анткени жакшы нерсе үчүн эмес, өзүңөрдүн кумарларыңарды канааттандыруу үчүн сурап жатасыңар” деген сөз так ушул Шабулга, Шабулдай иш кылган адамдарга айтылган.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   Debi   06 Октябрь 2011 - 21:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Эми кылган иши менен элин күнөөгө түрткөн падышанын окуясынын акыры эмне менен бүтөр экен?
«Шабул: «Силер күнөө кылдыңар. Эми мага бир чоң ташты тоголотуп келгиле», – деди. Шабул дагы мындай деди: «Элди аралап айткыла, ар бири өз өгүзүн, өз коюн мага алып келип, бул жерге союп жесин, бирок Теңирдин алдында күнөө кылбагыла, каны менен жебегиле».Ошондо бүт эл, ар бири түнү менен өз өгүзүн алып келип, ошол жерге сойду. Шабул Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай курду. Бул анын Теңирге арнап курган биринчи курмандык чалынуучу жайы эле. Анан Шабул мындай деди: «Түн ичинде пелиштиликтерди артынан кууп, таң атканга чейин талап-тонойбуз, бир да кишисин калтырбайбыз».
Шабул өз күчүнө ишенип ушундай деп жатабы? Кандайча, окурман, жеңиш Ысрайылдыктарга Шабулдун кандайдыр бир аскердик чеберчилиги же акылмандыгы менен эмес, Жонатандын ишеними менен келбеди беле. Шабул бул окуядан Кудайдын колун көрө алган эмеспи? Же жеңиште Жонатан ээ болгону жаткан даңкты өзүнө ыйгаргысы келип жатабы? Окуяны улантып окуп, байкайлы.
“Алар: «Сага эмне жакса, ошону кыл», – дешти. Ыйык кызмат кылуучу болсо: «Ушул жерден Кудайга кайрылалы», – деди”.
Болуп өткөн Кудайдын кереметинен кийин, Кудайга кайрылуу керек экендигин Шабулга дале башкалар эскертип жатканы өкүнүчтүү. Шабулдун ою бул убакта башка менен, тактап айтканда падышалык зоболосунун бийиктеши менен алек болуп калган го деген ой келет. Атаганат, окуянын өрчүшү мына ушундай жыйынтыкты ырастап турат.
Ошондо Шабул Кудайдан: «Пелиштиликтердин артынан кууп барайынбы? Аларды Ысрайылдын колуна салып бересиңби?» – деп сурады. Бирок Кудай ошол күнү ага жооп берген жок. Ошондо Шабул мындай деди: «Бардык эл башчылар бул жерге келсин. Бүгүн күнөө кимде экенин иликтеп билишсин. Анткени Ысрайылды куткарган Теңир тирүү, эгер күнөө уулум Жонатанда болуп чыкса да, ал сөзсүз өлөт». Бирок бүт элдин ичинен ага эч ким жооп берген жок. Анан Шабул бардык ысрайылдыктарга мындай деди: «Силер бир тарапка тургула, мен жана уулум Жонатан бир тарапка турабыз». Эл Шабулга: «Сага эмне жакса, ошону кыл», – деди. Шабул Теңирге: «Ысрайылдын Кудай-Теңири! Жышаан бер», – деди. Жонатан менен Шабулдун айыбы ачылып, эл ак болуп чыкты. Ошондо Шабул: «Уулум Жонатан экөөбүздүн ортобузга өкчөмө таш ыргыткыла», – деди. Өкчөмө таш Жонатанга түштү. Анан Шабул Жонатанга мындай деди: «Эмне кылдың эле? Мага айтып бер». Жонатан ага мындай деп жооп берди: «Колумдагы таяктын учу менен бир аз бал таттым эле. Эми мен өлүшүм керек».
Сиз кандай дээр элеңиз билбейм угарман, мен Жонатандын өлүмгө тике караганынан, баары Кудайдын буйругу менен боло тургандыгына бекем ишенимден келген бейкапарлыкты көрүп турам. Жогоруда болгон окуядан кийин Жонатандын Кудайга ишениминин бекемдигинен шектенүү кыйын. Эми Кудайдын бул ишке карата буйругу кандай болгондугун окуйлу. “Шабул ага: «Теңир мага эмне кылам десе, ошону кылсын, бирок, Жонатан, бүгүн сен өлүшүң керек!» – деди”.
Менин айтканымды өзгө эмес, өз уулум бузуптур деп ачууланды бекен падыша же айткан сөзүмө турбасам, падышалыгым кайсы дегенби, өз уулун Кудайды оозанып өлтүрүүнү чечиптир. Уулунун Кудайга жагарлык ишин көрө албагандыгы Кудайга жагууну анчейин баалабагандыгынан да кабар берип тургандай.
Бирок эл Шабулга мындай деди: «Ысрайылга ушунчалык улуу куткарууну алып келген Жонатан өлүшү керекпи? Мындай болбосун! Теңир тирүү, анын башынан бир да тал чач жерге түшпөйт, анткени бүгүнкү ишти ал Кудай менен кылды». Эл Жонатанды бошотту, ал өлбөй калды.
Байкадыңызбы окурман, эл да Теңир тирүү деп, Теңир менен оозанышты. Падышанын айтканындай эмес, элдин айтканындай болуп, Теңирдин буйругу менен Жонатан тирүү калды. Жонатандын жеңиши Теңирден болгондугун да элдин акылына Кудай Өзү салгандай. Падышанын сөзү эки болуп, айткан сөзүнүн күчү жоголду. Теңирдин буйругу мына ушундай болду. Ошентип, зоболомду көтөрөм деп, Кудайдан четтеген Шабулдун тескерисинче зоболосу түшүшүнө Кудай жол берди. Андан ары Шабул пелиштиликтерди кууганын токтотуп, кайтып келгени, пелиштиликтер да өз жерине кеткени баяндалат. Демек, Шабулдун каалаганы орундалган жок. Анткени ал муну өзүнүн кумарын канааттандыруу үчүн сурап жаткан. Падышалык даңк үчүн эмес, Кудайдан коркунуч менен, эл үчүн күйүп падышалык кылса, зоболо өзү эле келмек да. Буга элдин Жонатанды колдогону айкын далил.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   Debi   07 Октябрь 2011 - 22:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Кийинки окуя Кудай Шабулга ырайымын дагы да улантканы тууралуу баяндайт. Кудай кандай ырайымдуу, көпкө чыдамдуу! Баса, биз келерки окуялардын каарманы деген койчу эсиңизден чыга элекпи? Ал жөнүндө унутпаңыз. Аз калды, анан Теңирдин улуу кудурети коштогон ошол койчунун таржымалын баштайбыз. Шабул согуш талаасында жүргөндө ал балким, койлорун кайтарганча Кудайына сыйынып жүргөндүр.

Шабул падыша падышалык бийлигинин уланышында чечүүчү мааниге ээ боло турган жооптуу сыноонун алдында турду. Кудайдын айкөлдүгү менен ага берилген ырайым күндөрүн мына ушул окуя жыйынтыктоосуна атаганат, Шабул өзү жол берди. Кудай ага душманы менен салгылашууда, алардын эч нерсесин олжо кылып албоону буюрган эле. Бирок Шабул жеңишке жеткенде Кудайдын көрсөтмөсүн этибарга албай коюуга барды. Ыйык Жазууга көңүлүңүздү бурайын:
...эң жакшы койлор менен өгүздөрдү, бордолгон козуларды, бардык жакшы нерселерди жок кылууну каалашкан жок, начар жана эч нерсеге арзыбаган нерселерди гана жок кылышты.
Айтыңызчы угарман, кудайдын батасына жер үстүндө кайсы байлык тең келет. Кудайдын алдында жашоодон четтебей, айтканын так аткарып жашоону жер үстүндөгү кайсы байлыкка алмаштырса болот? Жер жана андагылардын бардыгы Аныкы эмеспи. Шабулдун олжого кызыгып, Кудайдын батасынан айрыларын сезбей калганын карачы!
Окурман, сиз бүгүн байлыкка Кудайдын батасын алмашып жүргөн жоксузбу? Бүгүнкү күндө адамдардын көпчүлүгү байлык үчүн Кудайга жакпаган кандай гана иштерге барышпайт. Шабулдун душмандан алган олжого Кудайдан алар эң баалуу олжосун алмашканы сизге сабак болсо экен. Убактылуу жашоонун кызыгына азгырылып, Кудайдан алар көөнөрбөс, эскирбес, түгөнбөс олжоңузга арзыбаган олжону алмашып койбоңуз. Шабулдун падышалык дөөлөтүнө эсирип, чыныгы баалуулуктардан четтеп кеткенин белгилей, Кудайдын адамы болгон Шемуел ага мындай деди:
«Ысрайыл урууларынын башчысы болгонуңда, Теңир сени падыша кылып майлаганда, сен өзүңдү кичинекей эле адаммын деп эсептечү эмес белең.
Эсиңиздеби, Шабул эшегин издеп жүргөндөгү анын кулк мүнөзүн сүрөттөгөн көрүнүштөр. Шемуелге куру кол баргысы келбегени, атасы убайым тартпасын деп тынчсызданганы. .. көрсө адамдын жүрөгүнүн бул абалы кырдаалдарга көз каранды болот тура. Шабул падыша болуп, мансап, дөөлөттүн даамын татып, аны көтөрө албады.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Debi   08 Октябрь 2011 - 21:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

...Эмне үчүн сен Теңирдин тилин албай, олжого жутунуп, Теңирдин алдында жаман иш кылдың?»
Качан адам каалаган нерсеси Кудайга жакпаган нерсе экендигин, же Кудайга жакпаган жолдор менен келе турганын абийири ашкерелегенде, абийирин тынчытыш үчүн, кандайдыр бир жүйөөлүүдөй себеп издеп, өзүн өзү жооткотот. Сизге ушундай сезим таанышпы? Шабулдун Шемуелге берген жообунан ушундай көрүнүштү так көрүүгө болот. Шабулдун жообуна кулак салыңыз:
“...эл Гилгалда Кудай-Теңириңе курмандык чалуу үчүн, колго түшкөн олжонун, койлордун, өгүздөрдүн эң жакшыларын алды».
Шемуел мындай деди: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар, башка курмандыктар кантип эле Теңирге тил алуудан артык болсун? Тил алуу курмандыктан артык, баш ийүү кочкорлордун майынан артык. Анткени моюн сунбастык сыйкырчылыктай эле, каршы болуу бутка табынуучулуктай эле күнөө. Сен Теңирдин сөзүн четке каккандыгың үчүн, падыша болбошуң үчүн, Ал да сени четке какты». Шабул Шемуелге: «Мен күнөө кылдым, анткени Теңирдин буйругун да, сенин сөзүңдү да аткарган жокмун, элден коркуп, алардын айтканын кылдым. Эми менин күнөөмдү кечир, мени менен кайт, мен Теңирге табынайын», – деди. Шемуел Шабулга: «Мен сени менен кайтпайм, анткени сен Теңирдин сөзүн четке кактың, Ысрайылга падыша болбошуң үчүн, Теңир да сени четке какты», – деди. Анан Шемуел бурулуп, кетмекчи болду. Бирок Шабул аны этегинен кармаганда, этеги айрылып кетти. Ошондо Шемуел мындай деди: «Теңир бүгүн сенден Ысрайыл падышачылыгын тартып алып, аны сенден жакшы жакыныңа берди. Ысрайылдын ‹Ишенимдүү›сү жалган айтпайт, өкүнбөйт, анткени өкүнгүдөй, Ал адам эмес». Шабул: «Мен күнөө кетирдим, бирок сенден суранам, бүгүн элимдин аксакалдарынын жана Ысрайылдын алдында мага урмат көрсөтүп, мени менен кайт, мен Кудай-Теңириңе табынайын», – деди.
Ооба, Шабул күнөөсүн мойнуна алды. Бирок кайсынысы салмактуураак кылды болду экен, Кудайдын алдында кетирген күнөөсү үчүн кейигениби же Шемуел андан кетип калып, элдин алдында падышалык беделинин түшкөнүнөн коркконубу? Анын “...бүгүн элимдин аксакалдарынын жана Ысрайылдын алдында мага урмат көрсөтүп, мени менен кайт, мен Кудай-Теңириңе табынайын» дегени, биздин экинчи жоромолубузду ырастап тургандай. Байкадыңызбы, окурман, Шабулду Кудайдын алдында күнөө кетирип, Аны капа кылганы эмес, “Ысрайылга падыша болбошуң үчүн, Теңир да сени четке какты” деген сөз тынчсыздандырып жатат. Шемуел Ысрайыл аксакалдарынын көзүнчө ага урмат көрсөтсө анан Кудайга табынат экен. Бул Кудайга табынуу болобу же өзүнүн падышалык беделине табынуубу? Өзүңүз сабак алып, жыйынтык чыгарасыз деп ойлойм, окурман. Кудайга кандайдыр бир пайданы көздөп табынуу – Кудайды тааныбастык. Кудайга Аны ыйык тутуу менен, терең урматтоо менен табынуу керек эмеспи.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Debi   09 Октябрь 2011 - 19:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Жазууну улантып окуйлу:
Ошондо Шемуел Шабул менен кайтып келди. Шабул Теңирге табынды. Андан кийин Шемуел: «Амалыктыктардын падышасы Агакты мага алып келгиле», – деди. Титиреген Агак Шемуелдин алдына келип: «Чын эле, өлүм ачуусу өтүп кеттиби?» – деди. Бирок Шемуел: «Сенин кылычың аялдарды балдарынан кандай ажыратса, аялдар арасында сенин энең да уулунан ошондой ажырасын», – деди.
Кудай эмне үчүн ал элди кырып салууну буюрду экен? деген суроо туулбай койбойт. Шемуелдин бул сөзү ошол суроого жооп деп ойлойм. Демек алар тиешесин алышкан экен. Ошентип, Шемуел Агакты Теңирдин алдында, Гилгалда жара чапты. Анан Шемуел Рамага кетти, Шабул болсо өзүнүн үйүнө, Шабулдун Гибасына кетти. Мына ушунун бардыгы Теңирдин көз алдында жүрүп жатты. Тирүүлүктүн бардыгы Анын көз алдында эмеспи. Ушул убакта Теңир дагы бир жандын өткөрүп жаткан жашоосуна ыраазы боло көз салып турган. Ал талаада кой жайып жүргөн, койлорун оттуу жайытка, сууга айдап, жырткычтардан коруп, ушунун бардыгында Теңир жөнүндө ой жүгүртчү. Ай талаада жалгыз өзү отуруп алып, өзү жасаган аспаптын кооз үнүнүн коштоосунда Теңирине ыр арначу:

Теңир менин Кайтаруучум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм. Ал мени оттуу жайытка жаят жана жай аккан суу боюна алып барат. Өз ысымы үчүн жаныма күч берип, чындык жолуна салат. Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. Сенин бийлик таягың менен койчу таягың жанымды тынчтандырат.

Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 09 Октябрь 2011 - 19:08

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Debi   10 Октябрь 2011 - 20:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Бул жаш койчунун ысмы Дөөт эле. Дөөт Кудайга бурулган жүрөгү үчүн, Кудайдын алдында кандай ырайым тапканын Ыйык Жазуудан окуйлу:
Теңир Шемуелге: «Ысрайылга падыша болбошу үчүн Мен четке каккан Шабул үчүн качанкыга чейин кайгырасың? Мүйүзүңдү зайтун майына толтургун да, баргын, Мен сени бейт-лехемдик Жышайга жиберем, анткени анын уулдарынын арасынан Мен Өзүм үчүн падыша тандадым», – деди.
Байкадыңызбы окурман, Теңир “Мен Өзүм үчүн” дептир. Демек, боло турган Падыша үчүн Кудайдын Өзүнүн пландары бар. Ушуну эсиңизге түйүп койсоңуз, ал кандай пландар экендиги тууралуу да айтылар убакыт келет. Жазууну улантып окуйлу: Шемуел Ага: «Мен кантип барам? Шабул укса, мени өлтүрөт», – деди. Теңир мындай деди: «Бир кунажын ала барып: “Теңирге курмандык чалганы келдим”, - де. Анан курмандык чалууга Жышайды чакыр. Мен сага эмне кылуу керектигин айтам, Мен сага кимди айтсам, ошону Мен үчүн зайтун майы менен майла». Теңир кандай айтса, Шемуел ошондой кылды. Ал Бейт-Лехемге келгенде, алдынан чочулаган шаардын аксакалдары чыгып: «Тынчтык менен келдиңби?» – деп сурашты. Ал: «Тынчтык менен, Теңирге курмандык чалганы келдим. Ыйыкталгыла да, курмандык чалууга мени менен кошо жүргүлө», – деп жооп берди. Жышайды жана анын уулдарын ыйыктап, курмандык чалууга чакырды. Алар келгенде, ал Элийапты көрүп: «Чын эле, бул – Теңирдин алдындагы Анын майланган адамы!» – деди. Бирок Теңир Шемуелге: «Анын өңүнө, боюна караба. Аны Мен четке кактым. Мен адам карагандай карабайм, анткени адам өңүнө карайт, ал эми Теңир жүрөгүнө карайт», – деди. Анан Жышай Аминадапты чакырып, Шемуелдин алдына алып келди. Ошондо Шемуел: «Теңир муну да тандаган жок», – деди. Анан Жышай Шаманы алып келди. Ошондо Шемуел: «Теңир муну да тандаган жок», – деди. Ушинтип, Жышай Шемуелге өзүнүн жети уулун алып келди, бирок Шемуел Жышайга: «Теңир булардын эч кимисин тандаган жок», – деди. Анан Шемуел Жышайдан: «Балдарыңдын баары бул жердеби?» – деп сурады. Жышай ага: «Дагы эң кичүүсү бар, ал кой кайтарып жүрөт», – деп жооп берди.
Менде мындай суроо туулат, адатта кенже уул эркерээк болуп, атасынын жанында болчу эле го. Анан да андан чоң балдарынын бардыгы үйдө болуп, жалгыз кенжеси түйшүктүү иштин артынан жүргөнү кызык. Бул анын оор жумуштан качпаган тил алчаак, элпектигинен да кабар берип тургандай. Эмнегедир башка уулдарынан көбүрөөк үмүттөнгөнбү, кой кайтарып жүргөн кенже уулун, Жышай Шемуелдин алдына алып келүүнү да ойлонбоптур. Ооба, адам өңүнө карайт. Жышай уулдарын эмнесине карап баалачу болду экен. Дөөт койдун артынан түшүп талаада жүрсө, “бул балам койчу болсо эле жетет ошол” деп койчу болду бекен? Тун уулун көргөндө атүгүл Шемуел дагы “Чын эле, бул Теңирдин алдындагы анын майланган адамы” дей калбадыбы. Ал абдан келишимдүү жигит болсо керек. Сырттагылар да ага ушундай баа берип жатышса, Жышай “Ушул балам кыйын чыгат окшойт” деп ойлосо керек. Бирок ал уулунун жүрөгү да, талаада кой кайтарып жүргөн уулу Дөөттүн жүрөгү да Кудайдын алдында ачык эле. Кудайдын чечимин Жазуудан окуйлу:
Ошондо Шемуел Жышайга: «Киши жиберип, аны алдыр. Ал бул жерге келмейинче, биз тамакка отурбайбыз», – деди. Жышай киши жиберип, аны алдырды. Ал кызыл жүздүү, көздөрү жайнаган, сүйкүмдүү жигит эле. Теңир Шемуелге: «Тур, ушуну майла, анткени ал – ушул», – деди. Шемуел зайтун майы куюлган мүйүздү алып, бир туугандарынын ичинен аны майлады. Ошол күндөн тартып, Теңирдин Руху Дөөт менен болду. Шемуел турду да, Рамага кетти.
Кудай Өзү кандайдыр бир ишке тандаган адамдарды Өзүнүн ишенимдүү адамдары, башкача айтканда пайгамбарлары аркылуу башына май сүйкөтүп белгилечү. Кудайдын кишиси болгон Шемуел Кудайдын буйругу менен, Дөөттү падышалыкка майлады. Мына ошондо Кудай Дөөттүн падыша болушун маңдайына жазды десек да болот. Эми бул иш жүзүнө кандайча ашар экен? Окуя менен таанышууну мына ушул суроонун жообун издегенче улантсак, Кудай Өзү буйрук кылган нерседе, же башка учурларда деле, адамдан кандай аракеттерди күтө тургандыгын, бир аз болсо да түшүнө аласыз.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Debi   11 Октябрь 2011 - 21:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Эми бул иш жүзүнө кандайча ашар экен? Кудайдын ишенимдүү адамы болгон Шемуел аркылуу майланган Дөөттү Кудай эми кандай жолдор менен койчулуктан падышалыкка өткөрөөр экен? Кудай тарабынан четке кагылган, Ысрайылдын алгачкы падышасы Шабул кандайча тактан кулаар экен?

Ошондон кийин Шабулдун жүрөгүндө тынчтык кетип, туталана баштады. Ананчы, падышалыктан алына тургандыгы белгилүү болуп калбадыбы. Башка адам айтса да моюн бербейт эле, муну ага башка эмес, Шемуел өзү айтпадыбы. Кудай бир кезде ушул Шемуел аркылуу аны падышалыкка майлабады беле. Аны Ысрайыл элине падыша койгон Кудайдын сөзүн бекем сактабай, ишенимден кеткен Шабулду Теңирдин Руху таштап койду. Ушул маанилүү чындыктарга бай окуяларды баяндап берген Ыйык Жазууга көңүл буралы.
Ошондо анын кулдарынын бири: «Мен бейт-лехемдик Жышайдын күү аспап черткенди билген, эр жүрөк, жоокер, орундуу сүйлөгөн, келишимдүү уулун көрдүм. Теңир да аны менен экен», – деди. Талаада кой кайтарып жүргөн баланын элдин көзүнө илингидей даражага жетиши да, анын үстүндөгү Кудайдын батасыдыр. Шабул Жышайга кабарчыларды жиберип: «Кой кайтарып жүргөн уулуң Дөөттү мага жибер», – деди. Дөөт Шабулга келип, анын алдында кызмат кылып жүрдү. Ага абдан жагып, анын курал көтөрүүчүсү болуп калды. Шабул Жышайга киши жиберип: «Дөөт мага кызмат кылсын, анткени ал менин алдымда ырайым тапты», – деди.
Шабулдун жүрөгү Кудайга толугу менен берилсе, балким Дөөт кимдин алдында чындап ырайым таап жатканын түшүнөт беле деген ой келет. Дөөт Кудайдын эрки менен падышанын алдына келип турганын Шабул түшүнсө, ага такыр башкача мамиле кылмак. Бирок андай болгон жок.
Шабулга Кудайдан рух келгенде, Дөөт гуслини алып чертчү. Ошондо Шабулдун көңүлү көтөрүлүп, абалы жеңилдей түшчү, жаман рух андан четтеп кетчү.

Дөөттүн да сыналуучу учуру келди. Балким, Кудайын тааныбагандарга таанытып, даңктоочу учуру келди десем туура болор. Анкени буга чейин эле Дөөт Кудайдын ишенимине кирип, Өзү аны падышалыкка майлатпады беле. Ушул окуя Дөөттүн жашоосунда чечүүчү мааниге ээ окуя десем да болот.
Пелиштиликтер кайрадан Ысрайылдыктарга каршы согушка чыгышат. Алардын арасында Голиат аттуу атактуу алп балбаны бар эле. Окуяны Ыйык Жазуудан окуйун: Ал туруп алып, Ысрайылдын аскер топторуна мындай деп кыйкырды: «Силер эмнеге согушууга чыктыңар? Мен пелиштилик, силер болсо Шабулдун кулдары эмессиңерби? Араңардан киши тандагыла, ал менин жаныма түшүп келсин. Эгер ал мени менен согуша алса, мени өлтүрсө, анда биз силерге кул болобуз. Эгер мен аны жеңип өлтүрсөм, анда силер бизге кул болосуңар жана бизге кызмат кыласыңар». Пелиштилик: «Бүгүн мен Ысрайылдын аскер топторун маскара кылам. Адамыңарды чыгаргыла, жекеме-жеке кармашалы», – деди. Шабул менен бүт ысрайылдыктар пелиштиликтин бул сөзүн укканда, абдан коркуп, үрөйлөрү учту. Бул убакта Дөөт коюн кайтарып талаада жүргөн экен. Анын агалары Шабулга кошулуп, согушка кетишкен. Атасы Дөөткө мындай дейт: «Бир эйфа бадырак менен бул он нанды ал да, тезирээк кошуунга, агаларыңа алып бар.

Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 11 Октябрь 2011 - 21:51

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Debi   12 Октябрь 2011 - 20:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Ал эми бул он сырды миң башыга алып барып, бир туугандарыңдын ден соолугун, эмнеге муктаж экенин бил. Алар менен Шабул жана бүт ысрайылдыктар да эмендүү өрөөндө пелиштиликтер менен салгылашууга даярданып жатышат».
Кызык, Дөөт бул тууралуу эми гана укту. Агалары Шабул менен бирге согушка аттанганда ал келип, кайра атасынын коюн кайтарып калыптыр, чыны менен эле Жышай бул уулун койчулукка гана жарайт деп баа берген өңдөнөт. Адамдар ушинтип адашабыз.
Дөөт эртең менен эрте туруп, койлорун сакчыга табыштап, жүгүн алып, Жышай буйруган жакка жөнөдү. Ал жүктүү арабалардын жанына жеткенде, аскерлер катарга тизилип, ураан чакыра салгылашка даярданып жатышкан эле. Ысрайылдыктар менен пелиштиликтер бири-биринин каршысында катар-катар болуп тизилип турушту. Дөөт арабалар тобунун күзөтчүсүнө жүгүн калтырып, тизилген катарларга чуркап жетти да, бир туугандарынын ден соолугун сурады. Дөөт алар менен сүйлөшүп жатканда, Гаттан келген пелиштилик Голийат аттуу жекеме-жеке чыгуучу балбан пелиштиликтердин катарынан чыгып, баягы эле сөздөрдү айтып жатты.
Сизге түшүнүктүү болуш үчүн, Голиаттын сөзүн дагы бир жолу кайталай кетейин. «Силер эмнеге согушууга чыктыңар? Мен пелиштилик, силер болсо Шабулдун кулдары эмессиңерби? Араңардан киши тандагыла, ал менин жаныма түшүп келсин. Эгер ал мени менен согуша алса, мени өлтүрсө, анда биз силерге кул болобуз. Эгер мен аны жеңип өлтүрсөм, анда силер бизге кул болосуңар жана бизге кызмат кыласыңар».
Аны Дөөт да укту. Ысрайылдыктар: «Мына бул алдыга чыккан кишини көрдүңөрбү? Бул Ысрайылды маскара кылуу үчүн чыкты. Ким аны өлтүрсө, падыша ага чоң байлык тартуулап, кызын берип, Ысрайылда анын атасынын үйүн эркин кылмак», – дешти. Дөөт жанында тургандарга: «Бул пелиштиликти өлтүрүп, Ысрайылды шылдыңдан куткарган адамга эмне кылат? Тирүү Кудайдын аскерин маскаралагыдай, сүннөткө отургузулбаган бул пелиштилик ким экен?» – деди.
Окурман, анын Кудайга карата кызганычын, жеңишке жеткирэр Кудайдын кудуретине бекем ишеничин караңызчы! Мындай ишеним ага кайдан келген деп ойлойсуз? Эң биринчи эле, анын Кудайга бурулган жүрөгү себепкер деп ойлойм. Андан кийин, мына ошол Кудайга бурулган жүрөк менен жашоодогу тажрыйбасынан десек болот. Кудайдын колдоосуна бекем таяна алышына анын алдында жүзү жарык болуп, таза жашоосу себепкер болгондур.
А сизчи окурман, ушул азыр Кудайдын алдында жүзүңүз жарыкпы? Андан бата сураганга батына аласызбы? Сиз кудуреттүү Жаратуучуңуздун алдындагы тазалыгыңыз жөнүндө ойлоносузбу? Ойлонуп көрүңүзчү, ортоңордо карама-каршылык бар адамга өтүнүч, сураныч менен кайрылат белеңиз? Кайрылган күндө да, ал сиздин суранычыңызга кандай жооп бермек деп ойлойсуз? Жакшы жооп бермек деп айтуу кыйын. Так ошондой эле, эгерде сиз Кудайды капа кыла турган иштерди кылып жүргөн болсоңуз, бекем ишенип Анын ырайымынан үмүттөнө албасыңыз да турулуу. Бирок, Кудайдын ырайымы ушунча, ошол биз Ал тууралуу ойлоп да койбой жүргөн кезде да, биз үчүн кам көрүп келет. Анын аталык камкордугунун бардыгы бизге көнүмүш болуп, өзүнөн өзү эле болуп калып жаткандай сезилип да калган. Дөөттүн бекем ишеними – өз жашоосунда Кудайдын катышын, батасын дайыма сезип жашагандыгынын айкын далили.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 23 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 23, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 22:34

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: