Кыргыз эстрадасы XX – кылымдын 60- жылдарынын аягынан 70- жылдардын башынан тартып мектептердин,
атайын орто жана жогорку окуу жайларынын,
айылдык, райондук, областтык маданият үйлөрүнүн, клубдардын алдында аспаптык, вокалды аткаруучулук,
көркөм окуу, бий, куудулдук жана башка жаш шайырлардын башын бириктирген чакан аспаптык вокалдык топтор уюштурула баштаган. Жаңы жанр кыргыз музыкасында жаңы чыгармалардын жазылышына жол ачкан. Кыргыз мамлекеттик Т.Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык студия кыргыз эстрада ансамблинин,
«Арашан», «Наристе» вокалдык аспаптык топтордун уюшулушунда,
жаңы эстрада ансамблдеринин жаралышында өзүнчө мектеп болду. Балыкчы шаарынын «Наристе», Оштогу жибек комбинатынын «Кыз бурак» Фрунзедеги маданият үйүнүн «Семетей», «Гүлдесте»,
Сокулук районунун «Мээрим», Бишкектеги саясий ырлардын «Аракет» аттуу вокалдык – аспаптык ансамблдери аткаруучулук чеберчиликтери,
профессионалдуулугу менен бөтөнчө айырмаланган.
Алар фестивалдын лауреаттарынан болушкан. 90- жылдан тартып, айрыкча Кыргызстан эгемендүүлүккө жаңы багытта, жаңы стилде өнүгүүнүн, өсүүнүн жолуна түштү. Бүтүндөй чыгармачылык дараметин эстрадага арнаган К.Эралиева, С.Каримов, Г.Сатылганова,
Ж.Осмоналиева,
А.Иманалиева,
Д.Акулова, Т.Черикчиева,
А.Жетигенова,
А.Турдалиева,
Ш.Аскарова, А.Исабаев, Ы.Осмонкулов башкалардан ырдоо манералары репертуарлары менен өзгчөлөнгөн.
Ал эми С.Балтаева, Г.Батырканова,
К.Жолдошев, Г.Кахарова, А.Карымов, С. Бейшекеев, Г.Жунушовдор калктын урматтоолоруна ээ болушту. Кыргыз композиторлору жана обончулары улуттук эстраданын өнүгүшүнө баалуу салымдарын кошууда.
Кыргыз эстрадасы 1967 – жылы комуз- прима, комуз-бас, комуз-альт, электр-комуз жана урма аспаптар, аккордеондорду курап, Н.Давлесов уюштурган жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Чоро Кожомжаров жетектеген.
Ансамбль КМШ өлкөлөрүнүн көп шаарларына,
ошондой эле Монреалга Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө,
Египет, Чехословакия жана башка өлкөлөргө гастролго барган.
Баракча 1 - 1
Кыргыз эстрадасынын өнүгүшү Кыргыз эстрадасынын өнүгүшү
#2 09 Ноябрь 2011 - 13:45
90-жылдардагы эң жылдызы жанган Бек байке менен "Биз" эстрадалык тобу болгон,талашсыз.
....
Өзүмдү сыйлайм,өзгөнү дагы....
#3 02 Декабрь 2011 - 11:52
"Жаш кыял " тобу да коптогон жагымдуу ырлары менин эсте калган.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#4 15 Август 2014 - 22:17
Азыркы убакта кыргыз эстрадасынын абалы кандай болуп атат?
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#5 22 Август 2014 - 09:54
Азыркы эстраданын сапатына салыштырмалуу союз кезиндегиси жогору болгон. Азыркы ырлардын кинолордун да омуру аз. Жада калса ырчылар да жылдыз эмес эле лампочка сыяктуу коп болсо 10.15жыл талыкпай сахнада журушот да жок болуп кетишет....
#6 22 Август 2014 - 10:40
Кысскасы бир сомго беш штук ырчы дегендей болуп калыптыр да.Беш милион калк болсок эки милиону ырчы экен да
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
#7 22 Август 2014 - 11:03
#8 17 Сентябрь 2014 - 21:15
Кыргыз эстрадасынын профессионалдуу денгээлдеги алгачкы карлыгачтарынын бири Чоро Кожомжаров жетектеген ансамбль болгону талашсыз. Чоро Кожомжаров эстрадалык жанрга ошол мезгилдеги Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри колдонгон аспаптарды эстрадага алып чыккан. Төрт кылдуу орустун домбрасы, жалпак тил менен айтканда плектр үчун "Концертино"
деген чыгарма жараткан, бул чыгарма ойнолушу жагынан виртуоздуулукту,
вариациялуу ыкмалары менен аткаруучулук чеберчиликти талап кылган чыгарма. Убагында бул чыгарма аябай популярдуу болгон. Азыр да бул чыгарма домбрачылардын бутурүүчү экзаменинде сөзсүз ойной турган чыгармаларынын катарына кирет. 70-жылдары дүрт этип жанган эстрадалык топтордун катарында "Ариет"
тобу да бар, бул топтон Шамшибек Өтөбаевдин тушоосу кесилген.
#9 17 Сентябрь 2014 - 21:40
Союз мезгилиндеги эстраданын абалы жакшы болгон дегенге көп кошулбайт элем. Ал мезгилде жогорку жакты Москваны карап оокат кылынчу. Жадакалса эстрадалык топто иштей турган артисттер жергиликтүуэмес эле. М: "Молодая Киргизия"
- деген ансамбль ЦК буйругу менен түзүлгөн, солисти Бечелова күйөөсү экөө Украинадан чакырылып контракт менен иштешкен. Өзүбүздөн кадр маселеси кыйын турган, жакшы менеджмент,
продюссерлик кылуу деген таптакыр жок болчу. Раматылык Марат Алыбаев жетектеген "Жетиген"
тобу жана анда эмгектенген Алина Жетигенова,
Динара Акулова, Батма Калчаева, Роза-(кийин каза болуп калды) кыргыз эстрадасына нукура кыргыз жыттанган ырлары менен элдин жүрөгүнөн түнөк табышты. Мында, наам үчүн эмес, эстрадага жан дүйнөсүн берип, жаркыраган обондорду жараткан Марат Алыбаевдин эмгеги зор. Эстрада жаатына өзгөчө бйлөө манерасын киргизип жаңылык ачкан Айчүрөк Иманалиева болду. Буга чейин көптөгөн артистерибиз классикалык ырчылык этиканы сактап, зыңкыйып ырдап, зыңкыйган боюнча сахнадан чыгып кетишчү болсо, Айчүрөк-бий элементтерин киргизип, артисттер ырчы гана болбостон, бийлей да алаарын көргөзгөн новаторлугу менен кыргыз эстрада тарыхында калды.
Баракча 1 - 1