- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Зобду же б.а богок безди кантип айыктырууга болот
#1 13 Октябрь 2010 - 13:13
мага жардам бергилечи сураныч . Моюндагы богоктон арыла албай жатам 4-5 жылдан бери врачтарга бара берип тажадым.Дары ичем эч таасир бербейт.
#2 13 Октябрь 2010 - 13:26
Кызыл боор баканы ичсе болот деп уккам. Негизи ушу зобдун кескин кобойуп кетишине ичкен суубуз таасир берет окшойт деп ойлоп калдым...илгери чоната, чонэнелерибиз арыктан аккан сууну ичип эле жапжакшынакай журушчу экен(анткени ал сууда бака-сакалар болчу да), азыр фильтрленген суу ичип ооруп атат болушубуз керек....негизи зоб ар бир экинчи адамда кездешчуу оору экен да
˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#3 17 Октябрь 2010 - 22:13
Дагы балыкты жеп туруш керек , ошондой эле йодомарин деген даарына дайыма ичип туруш керек.
Надо во всём быть 1-ой, всегда иметь 2-ую половинку, никогда не быть 3-им лишним, иметь свой 4 уголка, что бы всё в жизни было на 5, иметь 6-ое чувство и быть на 7-ом небе от счастья!!! Не вижу смысла быть несчастной,
имею наглость быть счастливой!
!!
#4 18 Январь 2011 - 21:49
Зоб бул йодтун жетишсиздигине байланыштуу пайда болот. Грецский жангактын али жаш маалында калын жашыл кабыгы болотко ошол кезде терип алып андан варенье жасап кунуго уч маал жеш керек. кабыгында йод коп болот экен. Менин да зобум бар. Москвада магазиндерде сатылат алып жеймин. Даамы жакшы эле корунушуно карагында.
Анан мага таанышым айтып калды эле, йодту сууга тапчылатып кунуго тамактанга сейин ич деп. Биринчи аз-аздан организм конуп баштагандан кийин 3-4-5-6 тамчы сууга кошуп ичиш керек.
Йодамарин деген даары бар. тааныштарым айтты жардам берет экен, деп. Бирок озум колдонгон жокмун.

"МОСКОВ СИТИ ЛЮБИТ ЛОНДОН, ЖДЕТ ЗВОНКА ДИНЬ-ДИНЬ ДОН-ДОН"
#6 20 Октябрь 2011 - 11:07
16 жаштан жогоркулар йодамаринди кунуно жарым таблеткадан 3 ай тынбай ичип, 1 ай эс алып кайра 2 ай ичип, 15 кун эс алып кайрадан 1 ай ичесиз. Дарыгердин козомолундо да болушу керек.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#7 20 Октябрь 2011 - 11:37
Деңиз капустасынан ар кандай салаттарды жасап жесе да пайдалуу
˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#9 12 Ноябрь 2011 - 03:25
Meni dagy zob tajatyp iydi! Kantip ketirem degen bash ooru ele, emi tomondogu paidaluu nerselerdi tuura koldonuuga araket kylysh kerek. tokitok eger mumkun bolso. Tokmoktogu ejenin nomerin bere alasizby? aldyn ala raxmat!!!
!!
#10 13 Ноябрь 2011 - 23:05
Озу 100%айыктырам дейт менин случайым боюнча 3 кундон кийин узиден менде зоб жок деп чыгарышты колу менен кармап эле айыктырат экен же менде зоб болгон эмеспи билбейм 3 кунго ишенген жокмун номери 0556561707-ТУРСУН Апа айыгып кетиниздер!
#11 14 Ноябрь 2011 - 01:03
#12 02 Март 2012 - 15:59
менин да зобум бар аябай чон еле кысып ыййлагым клип бироо менен аябай урушкум келчуу зоб чон болгондуктан даары жардам.берген жок 11жолу бака койдурдум тируу баканы и шорпосун бир жолу ичтим азыр кудайга шугур баары арта калды
#14 13 Сентябрь 2012 - 14:02
Йодомаринден башка метод айткылачы канча жыл болду тажадым азыр ичпей калдым,бирок муунуп кыйналып жатам,бат калчылдап нерв болуп да кетем.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#15 13 Сентябрь 2012 - 14:17
miniusha (13 Сентябрь 2012 - 14:02) жазган:
Йодомаринден башка метод айткылачы канча жыл болду тажадым азыр ичпей калдым,бирок муунуп кыйналып жатам,бат калчылдап нерв болуп да кетем.
Йодомаринден кайра көбөйүп кетет зоб деп тайнем айткан,анан ичпей калганмын..Андан көрө Жаңгак варенье жесен,же жаңгак жашыл болгон убакта,тверкадан өткөрүп,сүт менен аралаштырып жесен да пайдасы көп тиет....же керосин менен тазалат,жыгачтын учуна,пахтаны ороп,кичине керосинге салып,тамагына шыба...ошол да жардам берет.Мен мурун заправкада иштегенимде зобум кеткен эле,себеби күндө бензин менен деп алчумун да,ошондон кетип калса керек...Азыр кээде ле кармайт,көп басып койсом же өйдөлүш жакка чыксам.
Билдирүүнү түзөткөн: solnyshko: 13 Сентябрь 2012 - 14:18
Только злые люди, зла боятся!
#16 13 Сентябрь 2012 - 14:29
solnyshko (13 Сентябрь 2012 - 14:17) жазган:
Йодомаринден кайра көбөйүп кетет зоб деп тайнем айткан,анан ичпей калганмын..Андан көрө Жаңгак варенье жесен,же жаңгак жашыл болгон убакта,тверкадан өткөрүп,сүт менен аралаштырып жесен да пайдасы көп тиет....же керосин менен тазалат,жыгачтын учуна,пахтаны ороп,кичине керосинге салып,тамагына шыба...ошол да жардам берет.Мен мурун заправкада иштегенимде зобум кеткен эле,себеби күндө бензин менен деп алчумун да,ошондон кетип калса керек...Азыр кээде ле кармайт,көп басып койсом же өйдөлүш жакка чыксам.
кошулам,мен ангинамды керосин менен кетиргем
#17 13 Сентябрь 2012 - 14:33
solnyshko (13 Сентябрь 2012 - 14:17) жазган:
Йодомаринден кайра көбөйүп кетет зоб деп тайнем айткан,анан ичпей калганмын..Андан көрө Жаңгак варенье жесен,же жаңгак жашыл болгон убакта,тверкадан өткөрүп,сүт менен аралаштырып жесен да пайдасы көп тиет....же керосин менен тазалат,жыгачтын учуна,пахтаны ороп,кичине керосинге салып,тамагына шыба...ошол да жардам берет.Мен мурун заправкада иштегенимде зобум кеткен эле,себеби күндө бензин менен деп алчумун да,ошондон кетип калса керек...Азыр кээде ле кармайт,көп басып койсом же өйдөлүш жакка чыксам.
Ангина болгондо люголя менен шыбаса кусуп олуп клайын дедим,керосинге кантем эми. Айрыкча компко отурганда мууна берем да. рахмат коруш керек экен.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#18 14 Сентябрь 2012 - 03:03
мен да зобтун 3степенинде дарыланып журуп толук айыгып кеттим. Ошто Сайкал Кадырова деген кучтуу врач бар. Учурда каерде иштейт билбейм. Ошол эже ар кандай чоптордон озу дары жасайт. 1айдан ашык лечение алгам ошол эжеден. 1кундо кекиртеке 3жолу укол сайчу анан кандайдыр бир настойкаларды ичирет эле. Ошол бойдон зобтон кутулгам кудайга шугур.
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
#19 14 Сентябрь 2012 - 09:20
ОШ областында Карасуу районунда бир киши дарылайт деп жакында укканмын..Кадимки эле бака менен дарылайт экен
тамакка коебу же эзип бир дары кылабы билбейм,бирок адамдар 100 % айыгышат кен зобтон
Только злые люди, зла боятся!
#20 16 Сентябрь 2012 - 16:03
Богоктун
пайда болуусу
Богок оорусунун келип чыгышына жашаган жердеги экологиялык абал да түздөн-түз таасирин тийгизет. Булганган абадан алкым бездеринин иштөөсү жайлап, организмдеги кан айлануу, бездердин иштөөсүн кескин начарлатат. Алгач бул таасир адамдын бетине чыгып шишик сымал тарай баштайт. Андан кийин богок оорусунун калыптанышына алып келет. Андан тышкары богок бездеги Т-3, Т-4 гормондорунун өзгөрүшүнөн улам пайда болот. Богок бези мээнин өсүп-өрчүшүнө жардам берчү гормондорду бөлүп чыгарат. Медицинада бул дарттын бир нече түрлөрү аныкталган. Ал өз ичинен диффуздук уулуу, түйүндүк уулуу (гипертиреоз) жана эндемикалык богок оорусу болуп үчкө бөлүнөт. Баш мээде жогоруда аталган гормондор азайса анда, ТТ-1 гормону көп бөлүнүп чыгып гипертиреозго алып келет. Мында адамды шишик басат, уйкусу келет, жүрүш-турушу, сүйлөгөнү жайлайт, кулагынын угуусу начарлайт. Эгерде Т-1, Т-4 көп бөлүнүп чыкса, анда алар ТТГдагы гипофизди басып таштагандыктан диффуздук уулуу богок оорусу пайда болот. Аны меркозалилол перистатик дарысы менен дарылоого болот.
Баштапкы белгилер
Богок оорусунун эң биринчи белгиси дем алууну оорлотуп, күйүктүрөт. Үн киркиреп өзгөрүп, жөтөл маал-маалы менен кыйнайт. Жүрөк кан тамыры кеңейип, жүрөк ооруп, катуу күч келгенде дем алуу оорлоп, тумчуккандай сезим пайда болот.
Ичегилер ооруп, ич көөп, тамак сиңирүү начарлайт. Жүрөк айлануу, табиттин анча тартпаганы тынымсыз кыйнашы мүмкүн. Түнкүсүн уйку качып, дене табы бирде көтөрүлүп, бирде түшүп дайым бир калыпта болбойт. Тери куудурап кургап, беттин түзүлүшү шишигендей көрүнөт. Жаш балдардын организмине йоддун курамы жетишпесе боюнун, акыл-эсинин өсүүсү начарлайт. Ал эми эркектерде сексуалдык каалоонун төмөндөшү, жүрөк оорусунун кармоо көрүнүшү мүнөздүү. Аялдарда күтүүсүз бойдон түшүү, менструалдык циклдин бузулушу катардагы көрүнүшкө айланышы мүмкүн.
Күнүнө колдонуучу
йоддун өлчөмү
Адамдын организми бир күндө жүз микрограммдан ашык йод талап кылат. Анын алтымыш пайызы жашылча-жемиштен, отуз пайызы эт, сүт азыктарынан, үч пайызы абадан, үч пайызы суудан, калганы туз жана башка азыктардан алынат. Жогоруда саналган витаминдердин жетишсиздигинен улам аталган оору калыптанат.
Бир күндө төмөндөгүдөй эреже менен йод колдонуу керек
- 5 жашка чейинки балдарга 80-100 микрограмм.
- 12 жашка чейинки балдарга 130 микрограмм.
- Андан жогору жана чоң кишилерге 160тан өйдө микрограмм.
- Кош бойлуу жана бала эмизген энелер үчүн 200 микрограмм.
Богоктон аялдар
көп жабыркайт
Кыргызстанда богок оорусуна кабылгандардын үчтөн бир бөлүгү аялдар. Кыз кишинин организми жетилип, өткөөл курак башталганда организмге 2-3 эсе көп йод керек болот. Ошол кезде кошумча дарыларды бериш керек. Бул учурда дарыгерлер атайын дарыларды сунуш кылат. Богок физиологиялык жактан өзүнөн өзү чоңоет. Башында бул нормалдуу көрүнүш катары эсептелсе, өз убагында дарылабаса башка да ооруларга алып келет.
Элдик дарыгерлердин
кеңеши
Курамында йод бар азыктарды колдонуу сунушталат. Аларга, деңиз азыктарынан- балык, камбала. Жер-жемиштерден банан, коон, жүзүм, лимон, апельсин, курма, алма. Андан сырткары уйдун этинде, сүттө жана жумурткада, сарымсакта йод көп.
Бышкан алма, лимон жана апельсин, деңиз капустасын дайыма жеп жүрүү керек;
Моюнга иштетилбеген табигый янтардан жасалган шуруларды тагынуу;
Тамак-ашка жаңы деңиз балыгын колдонуу;
Богок бези менен ооругандарга йодго бай келген деңиз абасы абдан пайдалуу келет, андыктан бул оору менен жабыркагандарга деңизге барып эс алуу сунуш кылынат.

Бири кем арман дүйнө...
- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »