Американын белгилүү кардиологу Клайд Янси ар бир адам узак жашоого 90 пайыз мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан. Анын айтымында төмөндөгү жети принципти кармаанса эле жаш узарат.
1. Күн сайын дене тарбиянын көнүгүүлөрүн жасап, спортко кичине да болсо аралашыш керек. Кыймыл-аракеттин жоктугу адамдын 4-5 жыл өмүрүн кыскартат экен. Кыймылдабаган адамдардын көбү жүрөгү оорулуу болот да, аларда инсульт көп катталат.
2. Организмдеги холестериндин деңгээлин билип туруш керек. Эгер холестерин көбөйүп кетсе, артерияда майлар чогулуп, жүрөктүн иштешин, кан айланууну начарлатат.
Дем кыстыгат дагы жүрөк оору күчөйт.
3. Жашоону узартууда тамак-аш да алдыңкы орунда турат. Тамакты маал-маалы менен жеп, көбүнчө жашылча-жемиштерге басым жасасаңыз, узак жашайсыз. Анткени, жашылча-жемиштерде зыяндуу эч нерсе жок. Ал эми этти көп колдонгондор тез картайып, беттерге тез бырыш түшөөрүн да баса белгилеген.
4. Кан басымды бат-баттан текшерип турушуңуз керек. Америкалык доктор Клайд Янсинин айтуусунда кан басым жогорулап кетсе, адам бир күнү болбосо бир күнү мерт кетиши мүмкүн.
5. Бешинчиси салмактан болот. Ашепке салмак басканда жумуш кылганда гана жүдөтпөстөн,
жашоону узартууда да чоң кедергисин тийгизет. Семирүү жашоону 4 жылга кыскартат. Ошондуктан,
иштөөгө ыңгайлуу гана салмакта жүрүңүз.
6. Кант диабети да узак жашоого тоскоол болот. Анткени диабет кан басымдын көтөрүлүшүнө себеп болуп, жүрөк, кан тамыр ооруларын чакырат.
7. Тамекини ташташ керек. Тамекинин айынан жыл сайын миңден ашык адам бул дүйнө менен кош айтышат. Адам тамекини таштаары менен жүрөк оорулардын курчушу азаят.
Клайд Янси жашоону узартууда өлкөнүн экономикасы да көтөрүлөт дейт. Себеби, жүрөк кан тамыр ооруларын операция кылууда дүйнө жүзү боюнча канчалаган миллиард долларлар кетип жатат. Ал эми мындай жөнөкөй кеңешти алып, ушул кеңеш боюнча ден соолукту каранышса өлкөгө да, адамдардын өзүнө да жакшы, - дейт Клайд Янси.
Пайдалуу кеңештер же элдик медицина.
#42 03 Декабрь 2011 - 13:05
лимондой кычкылдыгы жакпайт!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#44 03 Декабрь 2011 - 13:21
Ит мурун
Ит мурун элдик медицинада көптөгөн ооруларга карата ар кандай ыкмада колдонуп келет. Маселен, боор жана өт баштыгынын сезгенишинде кайнатылган суусун ичсе пайдалуу. Мөмөсү болсо табитти ачат жана оорулуунун жанын тынч алдырат. Ал эми ширесин 1- 2 аш кашыктан жөтөлгө каршы пайдаланууга болот. Мындан сырткары ит мурунду: бөрү карагат, кадимки дарчы, каакым, кызыл мыя өсүмдүктөрүнүн тамыры менен аралаштырып андан даярдалган аралашмадан 1 аш кашык алып, анын үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 15 минут кайнатып тундурмадан күнүнө үч стакан ичсе ооруну акырындык менен калыбына келтире баштайт.

#45 03 Декабрь 2011 - 13:23
Ашкабак
Ашкабактын уругу оргонизмдеги ар кандай мите курттарды жоготууда өзгөчө пайдалуу таасири бар. Элдик медицинада ашкабактын уругу саара жолдору сезгенип, саарада кан пайда болгон учурларда колдонулат. Аталган өсүмдүктүн уругуна айдалма кара куурайдын уругун кошуп, аны жакшылап майдалап бүткөндөн кийин, үстүнө суу куюп аралаштырат. Эки уруктун аралашмасынан сүткө окшогон бозомук түстөгү эмулсия пайда болот. Аны оорулуу адам күнүнө 1-1,5 стакан ичүүсү кажет. Ал эми, мителерди чыгаруу үчүн бозомук кыртышы менен кошо майдалап, үстүнө аз-аздан сиңире суу куюп боткого айлантат. Муну чоң киши бир стакан, балдарга болсо жарымы сунушталат. Арадан 3 - 4 саат убакыт өткөндөн кийин ич алдыруучу эритме ичирет да тазалоочу клизмасын жасайт.

#46 03 Декабрь 2011 - 13:24
Аш чөптөрү
Бул көк аш чөптөрүн көбүнчө бышырбай майда кесилген учурунда, тамакка кошуп жеген өтө пайдалуу. Тамактын биринчисинде дайыма көк аш чөптөрдүн түрүнөн чийки кошуп, экинчисинин составын жашылчалардан даярдоого аракет жасоо керек. Натыйжасы тамак бат сиңип, соңунда аш кылуучу ички организмдер калыбынан ашыкча чоюлбоосунун алдын алат. Мындан сырткары аш чөптөрү, агартуучулук касиетке да эгедер. Бир нече аш чөптөрүнүн ичинен петрушканы тандап алып: аталган өсүмдүктү таза сууга кайнатуу керек , андан соң күндөн жаңы пайда болон тагыңыздан арылуу үчүн кайнатылган суунун буусуна жүзүңүздү жакындатып, башыңызды жука сүлгү менен жаап 5-8 мүнөт буулоо кажет. Мындай ыкманы жумасына үч же төрт жолу кайталагандан кийин жүзүңүз жылмакай тартып калыбына келе түшкөнүн байкайсыз.

#47 03 Декабрь 2011 - 13:26
Бадыраң
Адамдын күзгүдөй тунук, таза жүзү бет эмеспи. Эч кынтыксыз таза бет - бул өтө аз кезигүүчү касиет жана ал жаш кезде, болгондо да бетке жакшы кам көргөн же жүзүн ар кандай кырдаалдан туура сактап калган учурда гана. Маселен, эң жөнөкөй өсүмдүктөрдүн бири бадыраң. Бул жашылчаны кээ бирөө анча деле пайдасы жок деп эсептешет. Чындыгында бул өсүмдүк, теридеги дем алууну (зат алмашууну) жакшыртуу боюнча бадыраңга башка өсүмдүктүн бирөө да тең келе албайт. Ал бетти жылмакайлантуу менен бирге, аны агартуучу касиетке ээ. Муну колдон келишинче кабыгы менен жеген жакшы. Ал эми жүзүңүзгө болсо, бир бадыраңды толугу менен жука кесип даярдаган соң, бул бетке тегиз жаап чыгасыз. Белгилей кетчү жагдай көздүн тегеректерине да жаап койсоңуз болот. Бадыраңдын составынын көпчүлүк бөлүгүн суу камтыгандыктан, көздүн тегерегине коюлуучу өзгөчө маскалардын бири боло алат.

#48 03 Декабрь 2011 - 13:27
Буттун тырмагын күтүү (педикюр)
Бутка такай кам көрүп, жакшы кармаса, адам өзүн сергек сезип ар качан жеңил жүрөт. Бул үчүн ромашка, жалбыз, эрмен шыбагынынын кайнатмасына суу куюп, бутту буулайт. Эт жумшаргандан кийин согончок менен тамандагы чорлорду жана каткан эттерди, атайын буттун таманын кырган шайманды колдонуу менен кырып таштайт. Андан кийин тырмакты алып, анын тегерегиндеги ашыкча өсүп кеткен эттерди кеспей турган аспаптын жардамынын негизинде четке түртүп туруп кырып таштаңыз. Мунун соңунда тазаланган буту кургатып, каалагандар тырмагын лак менен боет. Лак кургагандан кийин бутка сүйкөлүүчү май сүртүп жеңил массаждоого болот.

#49 03 Декабрь 2011 - 13:28
Экинчи ээк үчүн көнүгүүлөр
Ар бирибиз байкагандай иш учурунда болобу же китеп окуп, жазып олтурган кездеби, башты ар дайым эңкейтип кармоого туура келет, ошондон улам бара-бара моюндун эти бошоңдой баштайт. Ал эми адам семире баштаса, ошол бошоңдогон бөлүк кийин эттенип олтуруп, "экинчи ээк" пайда болот. Аны жоготуш үчүн же жок эле дегенде кичирейтүү үчүн атайын көнүгүүлөр керек. Көнүгүүнү жасоо алдында моюнду муздак суу менен жууп алуу керек. Андан кийин башты бурбай түз олтуруп, оң колду ээктин алдына бош кармап, оңго анан солго карай 3 - 4 мертебе моюнду тегиз айландыруу менен баштап, күн өткөн сайын арбытып олтуруп мындай ыкманы 10-15 ке жеткирүү керек. Ал эми көнүгүүдөн кийин мээлүүн суу менен моюнду жууш кажет. Суусун сүлгүгө сиңирип алып, кургак терилер үчүн моюнга майлуу бетмайдан сиңире сүйкөп коюу талап кылынат.

#50 03 Декабрь 2011 - 16:01
Кан басымы жогорулаганда Бир аш кашык бал, бир стакан кызылчанын ширеси, бир стакан сабиздин ширеси, бир стакан хрендин ширеси (майдаланган хренди 36 саат сууга салып коюңуз), бир стакан лимондун ширеси. Булардын баарын аралаштырып,
бир стакандан күнүнө эки маал тамактанардан бир саат мурда ичесиз. Дарылоо курсу бир жарым айга созулат.
#51 03 Декабрь 2011 - 16:04
Тиш ооруганда
Сарымсактын бир бөлүгүн аарчып, ооруган тишиңизге сүйкөсөңүз оору басылат. Ооруган тишиңиздин мүлктөрүнө «Звездочка» бальзамынан пахтага сүртүп койсоңуз же тиштердин арасына бальзам сүртүлгөн пахтаны тыгып койсо ооруну тез арада басат.

#52 03 Декабрь 2011 - 16:06
Безеткилерге каршы
200 грамм аракка майдаланган лавр жалбырагын салып, 5-6 күнго бөлмөнун температурасында коюп коюнуз. Даяр болгон настой менен бир жумада 2-3 жолудан теринизди арчып, тазалап туруңуз. Ушул жол менен безеткиден таптакыр кутулсаңыз болот.

#53 03 Декабрь 2011 - 16:07
Ичкиликти даарылоо жолдору
Дарактарда жана малинада жургон клоп, жагымсыз жыт берет. Бир канча клопту тутуп, арака эзип салып коюнуз. Алкоголизим менен ооруган адамга ичирилсе ичимдике болгон каалосу калып калат. Бирок ал адамга айтпаныз.

#54 03 Декабрь 2011 - 16:08
Уйкусуздукка каршы
Укроптун уругун 50гр.алып 0,5 литр вино менен акырын күйгөн отто 15-20минут кайнатыңыз. Бир саат ороп коюп анан укроптун уруктарын сыгып алыңыз. Уктаардын алдында 50-60грамм ичсеңиз эң жакшы тынч уйку болот.
Геморойго
Жаңы бышкан ашкабактын ширесин сыгып алып, марлиден өтөозүп, 50-75граммдан эрте менен кечинде тамака чейин ичиңиз. Дарылоо курсу 3-4 жума. Ширени күнүгө жаңылап жасаш керек.

#55 03 Декабрь 2011 - 16:52
Өзүңүздү колго ала билиңиз
Психологдордун далилдөөсүнө караганда адамдардын сезимталдуулугу менен эмоцианалдуулугу алардын өзүндө жана айлана-чөйрөгө болуп жаткан окуяларга болгон таасиринен улам экен. Албетте адамдын мүнөзү менен анын сырткы көрүнүшү маданиятынан, билиминен жана дүйнө таанымынан көз каранды.
Эгер биз бирөөгө "мурдубуз менен тийсек" дал ошондой жооп аларыбызды эске алуубуз керек. Эгерде ашыкча ден соолугуңан ажырап, санаа тарткандан алыс болгуңуз келсе болоор болбос нерсеге ачууланып, кабатырланып, "асан кайгы" болгонду токтотууңуз абзел. Анткени доктурлардын айтымында адамдын корогон нервдери анын жашоосун кыскартат.
Адепсиздик, оройлук, көңүлкоштук баарынан мурда сезгич, жүүнү бош адамдарга катуу тиет. Айрыкча ачуу таарыныч, зарыктырган сагыныч, көңүл чөгүү өңдүү терс эмоциялар өтө зыяндуу, себеби мунун баары адамды кара жумуш жасагандан да жаман чарчатып, мээге, жүрөккө таасир этет. Мындай оор абалды "каны суюк" адамдар көтөрө албасы талашсыз.
Байыркы дарыгерлер оорунун кандайдыр бир маанайы пастыкка байланыштуу экендигин сезишкен. Маселен, ичи тардык , ачуулу сезимдер - адамдын тамак сиңирүү органдарын бузуп, жаракаттуу оору пайда кылаарын, чексиз кайгы-кант диабетин, дайыма коркунучта жүрүү - тиректоксикоз( бездин бузулушу) оорусуна алып келээрин белгилешкен.
Азыркы дарыгерлердин айтуусу боюнча алганда бүткүл кайгы-капасын ичине каткан "ичим тап " адамдар жүрөк оорусуна көп чалдыгаарын далилдешкен. Ошондон улам кээ бир адамдар ичиндегисин сыртка чыгаруу үчүн тажаалданып кыйкырып, бирөө менен урушуп алууну туура деп эсептейт. Ачууну чыгарып алуу албетте туура, бирок мындай жолдор менен эмес.
Окумуштуулардын өткөргөн суроо-жоопторуна назар салсак: үй- бүлөлүү адамдар жалгыз -жарым адамдарга салыштырганда өздөрүн бактылуураак сезишет.
30 жаштан өткөндөн кийин ар адамдын жүзүнө анын өз өмүрү, өз мүнөзү, өз турмушунун издери чийилет эмеспи. Байкасаңыз мээримдүү, боорукер жана көңүл коштуктан алыс адамдар узак жашап, далайга чейин жаш көрүнөт. Демек, бул сапаттарды карылыкка каршы негизги дарылар катары эсептеп койсок болот. Ал эми өзүмчүлдүк менен эмоциялык дүлөйлүк, көңүл коштук, ачуулук, адепсиздик- адамдын өз өмүрүнө салган бычак.

#56 03 Декабрь 2011 - 16:53
Чачты таза бойдон кантип узакка сактоо керек?
Көрктүү, кулпурган чач ар бир эле адамдын көркү. Бирок ар бирибиз эле чачты узакка таза бойдон кантип сактоонун жолун биле бербейбиз. Массаждын жардамы менен ашыкча түйшүктөн арылууга болот, манжалардын жардамы менен күнүгө чачты ээринбей массаждап туруу керек, андан тышкары мүмкүнчүлүк болгон кезде чачты бат-баттан тарап туруу керек. Эскерте кетчү көрүнүш чачты суу кезинде майда тиши бар тарак менен тараганда чач жулунуп сына берет, мындай жагымсыз көрүнүштү алдын алуу үчүн чачты жуугандан кийин тиштери кесек тарак менен тарап же болбосо кургаганга чейин тарабай койсо деле болот. Чач таза болуш үчүн бат-баттан жууй берүү туура эмес.
Сагызды чайноо ден соолукка зыян
Сагызды тамактангандан кийин аны сиңирүү үчүн болгону 10 гана мүнөт чайноо керек, ал эми керээлди кечке уйдан айырмаланбай сагызды чайнап жүрө берген адамдын ашказанына зыяны чоң. Кичинекей балдарга сагызды чайнатыш такыр туура эмес, алар аны жутуп алып ичегилерине зыян келтирет. Ал эми узакка чайнаган сагыз кичинекей баланын гана эмес, чоң кишинин да ашказанана залакасын тийгизет.

#57 03 Декабрь 2011 - 16:55
Наристелерди эмизген энелер үчүн кеңеш
Баласын эмизген энелер кылдаттык менен тамактануусу керек. Анткени эненин организминдеги тамак ымыркайга түз таасирин тийгизет. Сыр, быштак, йогурт, сухарик эң пайдалуу азыктар. Ал эми нанды көп жесе баланын ичи көбөт. Макарон, жумуртканы чанда гана жегенге болоорун эске алыңыз. Эмчек эмизген энелерге жыты кескин азыктарды жегенге болбойт, аларга пияз, сарымсак,квас, туздалган капусталар кирет. Жогоруда аталган азыктар сүттүн жытын бузат.
Бал муздак, шоколад, кофе, какаолорду канчалык жегиңиз келип турса да наристеңиздин ден соолугу үчүн баш тартууга туура келет. Сүт көбүрөөк чыгыш үчүн бир күндө 2 литрге жакын суюктук ичүү керек. Ал эми чылым менен ичимдиктин канчалык деңгээлде зыян экени айтпасак да белгилүү.
Бутуңуз тынымсыз муздай берсе…
Көпчүлүк адамдардын буту такыр жылыбайт, муну бутта кан айлануу начар болгондугу менен түшүндүрүлөт. Буттун жылыбаганынын дагы бир себеби айланып келип эле чылым, ичимдикке такалат экен. Анткени бул зыяндуу адаттар жүрөктүн согушуна терс таасирин тийгизип, буттун муздашына алып келет. Белгилей кетчү дагы бир нерсе, өтө тыгыз бут кийим да муздашына себеп болот. Моданын артынан куубай бийик таканын ордуна бутка ыңгайлуусун тандаңыз. Ал эми жылыбаган бутуңузду, жылуу сууга туз аралаштырап салыңыз. Мындан тышкары бир дагырага ысык суу куюп алып, экинчисине муздак суу куюп ар бирине 30 секунддан малып отуруңуз. Алгач ысык суудан баштап, ысык суу менен бүтүрүңүз. Жылыган бутуңузду спиртке же аракка аз-аздан малып, биринчи жөнөкөй байпак андан кийин жүн байпак кийсеңиз буттун жылуулугун бир топко чейин сактайт.

#58 03 Декабрь 2011 - 16:57
Музыка жана нерв системасы
Музыка адамга оң таасирин тийгизип, ички сезимге кубаныч алып келет. Өтө жагымдуу обон артериялык кан басымын калыбына келтирип, дем алуунун жыштыгы менен пульсун оңдоп, эмгекке жөндөмдүүлүктү күчөтөт.
Бирок, өтө узакка же катуу чыккан музыка адамга терс таасирин тийгизиши да мүмкүн. Өтө катуу коюлган ачуу музыканын чуру-чуудан эмне айырмасы бар. Катуу чуу адамдын нерв системасына, кулак кабыл алуусу аркылуу эрте жетет. Мындай жагдайга айрыкча нерви начар жана жүрөк оорулуулар чыдай алышпайт. Оңой менен уктай албай уктап кеткенде дагы улам ойгонуп, жаман түш көрүп, кыйналып таң атырат.

#59 03 Декабрь 2011 - 16:58
Чачты фен менен кургатуу зыян
Көпчүлүгүбүз көп учурда бир жакка шашып же чач жасалгалоодо фендин жардамын колдонобуз. Бирок, ошол эле учурда анын пайдасынан зыяны бар экенин этибарга ала бербейбиз. Анткени, фенден чыккан ысык аба биринчиден баштын терисин кургатып күйгүзсө, экинчиден чачты тердетип майланыштырат. Ушул нерселерди эске алып жуулган суу чачты жайдын күнү да, кыштын күнү жөнөкөй эле жол менен кургаткандан өтөөрү жок. Дагы бир белгилей кетчү көрүнүш чачты суу боюнча кайра-кайра тарай берүү туура эмес, себеби суу кезинде тараганда чач үзүлүп түшө берет.
Күлкү ден соолуктун мүлкү
Бул сөздө ашыкча апыртуу жок. Америкалык психолог Ульем Фрей адамдын организми тамакты кандай талап кылса, күлкүнү да андан кем эмес талап кылаары анык. 20 секунддук күлкү 3 минуталык гимнастикага тете келип, ал жүрөктүн иштешин, кан айланууну жакшыртаарын аныктаган. Адамдын курсагынын, ийининин, моюнунун жана жүзүнүн булчуңдары жакшы иштейт. Демек, сиз да күнүңүздүн көпчүлүк бөлүгүн күлкү менен өткөзгөнгө аракеттениңиз.

#60 03 Декабрь 2011 - 16:59
Жаш баланын тили тез чыксын десеңиз…
Эненин мээримдүү үнү балага биринчи күндөн баштап эле жакшы таасир көрсөтөт. Ошон үчүн энесинин үнүн угаар замат бала үн салып баштайт. Балага төрт-беш айынан баштап, ар кандай оюнчуктарды көрсөтүп кызыктыруу керек. Бир аз чоңоюп калганда кооз сүрөттүү китептерди ачып көрсөтүп, андагы куштардын, айбанаттардын үнүн туурап окуп көндүрүш керек. Кийинчерээк өзүнө да тиги сүрөттөгүлөрдү тууратуу жакшы натыйжа берет.
Врачтардын айтуусу боюнча бала канчалык жандуу болуп, гимнастика ойноп, кыймылды көп жасаса, ошончолук тили тез чыгат. Себеби ойноо, көнүгүү жасоо менен колунан, башынан мээге импульстары өтүп, анын сүйлөөнү башкаруучу зонасынын ишин активдештирет.