Салаттын түрлөрү! Издегенге оңоюраак болушу учун,салатыныздын турун бул жакка жазыныз
#41 06 Декабрь 2011 - 19:01
Курамы:
300 грамм капуста,
1 даана кызыл калемпир,
2 даана бышкан жумуртка,
150 грамм консерваланган буурчак,
4-5 аш кашык майонез,
салат жалбырагы,
укроп, ашкөк чөбү (петрушка), туз, кара мурч.
Даярдоо ыкмасы:
Алгач кызыл калемпирди, сууга бышырылган жумуртканы, капустаны узун, ичке кылып туурайбыз, капустага туз сээп, бир аз күтө турабыз. Чуңкур идишке даяр кошулманы салып, ага консерваланган буурчакты, ашкөк чөбүн, туз, кара мурчту, майонезди салып, баарын жакшылап аралаштырабыз. Андан кийин тарелкага салып, чекесине салат жалбырагын, үстүнө укропту коюп кооздойбуз. Ошентип, көз ачып-жумгуча, салатыбыз даяр болот.
#43 20 Декабрь 2011 - 13:17
#44 20 Декабрь 2011 - 23:38
timurkg (20 Декабрь 2011 - 13:17) жазган:
Tamakti daamduu jasoo,ani koozdop servis kıluu bul sanatkerlik da,b.a. onor kerek ani da jasash uchun.Mindan nege uyalasin,tim ele aktanip jazipsin:))Katardagi ar kim daamduu tamak jasap koozdoy albayt,'jegen nanından' uyalba,bizge da 'neobıchnıy' retsepterden bolusho ket andan koro,kutobuz.
#45 10 Январь 2012 - 22:02
«Гасконский» салаты
Керектелүүчү азыктар:
Салат жалбырагы
Тооктун ышталган 2 буту, 450-500 гр
Козу карын 600-650 гр (шампиньон да боло берет)
3 орточо же 2 чоң помидор жана бадыраң
1 баш пияз
3 аш кашык зайтун майы
2 тиш сарымсак
Салатка арналган ар кандай татымдар
Даярдоо ыкмасы:
Тооктун ышталган этин туурап алып, жалпак чоң тарелкага салабыз.
Скавородкадагы ысытылган зайтун майына пиязды кууру керек (кызартпай! ) жана буга козу карынды кошуп 5-7 мүнөтчө кууруйбуз.
Куурулган козу карынды тарелкадагы тооктун этинин жанына салабыз.
Салат жалбырагы жана бадыраң менен помидорду кооз кылып туурап, эки жагын кооздойбуз.
Капталына кириешкини жана винегред соусуну ( сүргүчтөн өткөрүлгөн помидор менен өсүмдүк майы аралаштырылган ) жайгаштырабыз.
Баары даяр болгондон кийин дасторконго коебуз.
#46 26 Февраль 2012 - 18:55
Хица салаты
Керектелүүчү азыктар:o Картошка - 3 даана сууга бышырылган
Пияз - 1 даана
Помидор - 4 даана
Төө буурчак - 200 грамм
Анчоус - 80 грамм
Салат жалбырагы- 1/2даана
Жумуртка - 2 даана
Олив майы - 4 аш кашык
Кара мурч даамына жараша
Жасалышы:
Картошканы өтө чоң эмес кылып туурап аласыздар, пиязды шакекче кылып, помидорду 8ге бөлүп, буурчакты сууга 8 мин кайнатып, анчоусторду чоң кылып туурайсыздар. Салат жалбырагын тазалап жууп алып, чоң-чоң кылып туурайсыздар да, сууга бышкан жумуртканы төрт бөлүккө бөлүп кошосуздар. Тууралган азыктардын баарын аралаштырып, май кошуп коёсуздар.
#47 04 Март 2012 - 00:31
"Хе" корей салаты
Керектелүүчү азыктар:
Эт - 400 г;
Сабиз - 350 г;
Пияз - 1;
Уксус - 3 кичине кашык;
Соя соусу-1 кичине кашык;
Тамак майы, жашылча, кара мурч, туз;
Жасалышы:
Этти алып сөөгүнөн ажыратып алгандан кийин ичке кылып кесип даярдайбыз. Анан казанды отко коюп, май куюп биртке ысыгандан кийин этти салып, анча-мынча туздан сээп, чоң жалындаган отко улам-улам аралаштырып бышырабыз. Сабизди аарчып чоңураак кылып туурап, пиязды болсо майда туурайбыз. Анан аралаштырып жашылчалардан кошуп татымына жараша туз салабыз. Ушунун баарын кайра биз кууруп алган этке кошуп, кичине кашык менен соя соусунан, туздан салабыз. Кийин 3 кичине кашык менен уксусту кошуп, кылдаттык менен аралыштырабыз. Эми казанга май куюп, буу чыкмайынча майды ысытып, андан кийин ысык майды даярдап койгон салаттын үстүнө куюп аралаштырабыз. Мына сиздин ушуну менен "Хе" салатыңыз даяр болду.
#48 04 Март 2012 - 00:34
"Краб" салаты
Керектелүүчү азыктар:
Краб этин же краб таякчаларын салабыз;
2 сууга бышырылган жумуртка;
1 жаңы бадыраң;
1 банка консервадагы жүгөрү;
Майонез;
Жашыл укроп;
Туз;
Жасалышы:
Жумуртканы бүтүн бойдон кайнатып, майда кылып кесиш керек. Андан соң краб этин бөлүп алып, майда бөлүкчө (кубик) кылып туурайбыз. Бадыраңды болсо жууп тазалап, аны дагы майда кубик түрүндө турайбыз. Бардыгы даяр болгондон кийин идишке салып, даамына жараша туздайбыз. Консервадагы жүгөрүнү жана майонезди кошуп жакшылап аралаштырабыз. Андан кийин атайын салат идишке салып, майда тууралган укроп менен кооздоп коёбуз.
#49 03 Май 2012 - 09:35
Айзиля (15 Январь 2010 - 10:14) жазган:
Курамында:
Эт-300гр
Бадыран-600гр
Чеснок-3-4 (Бир баш чесноктун 3-4 тишин аласыз)
осумдук майы,укроп,туз татымына жараша.
Жасалуу жолу:
1-Этти таякча турундо туурап,чеснокту майда туурап,туз кошуп,майга кууруп алабыз (Кууруп жатканда газды азайтып коюнуз,эт жумшак бышышы учун)
2-бадыранды да таякча формасында туурап туздан себип мискейге(кастрюльга) салып оозун жабып коебуз (бадыран соолуганча)
3-Бышкан эт менен бадыранды аралаштырып тарелькага салабыз.
Тамагыныздар татту болсун!
хмммммм, кечиресиз, бул салаттын аты случайно Доолар эмеспи? Жасалышы аябай ошкош экен
#50 03 Май 2012 - 09:45
салат "Назик" (нежный)
керектелуучу азыктар:
бышкан же болбосо ышталган(копченое) эт, алма (жашыл), катуу сыр, грек жангагы, майонез.
даярдоо ыкмасы:
Этти жана алманы ичке тилке (тонкая соломка) кылып туурап, жангакты болсо майда жанчып, же теркадан откоруп, сырды козу чон теркадан откоробуз. баарын майонез менен аралаштырабыз. туздоонун эч кажети жок, эгерде ышталган этти кошсонор, салатын даамы бир аз туздуураак, ал эми бышкан этти кошсонор, салаттын даамы жакшынаа болуп озунчо назик болуп калат.
П,С даярдоого эн оной салат, коп продуктыны талап кылбайт.
#51 14 Июнь 2013 - 20:00
Тоок эти, козу карын шампиньон, бадыран, помидор,сыр, зaйтун, майонез, жангак.
Козу карынды кууруйбуз,тоок этин (грилль болсо жакшы)узун ичке кылып туурап,бадыранды да узун туурап аралаштырабыз, козу карынды, бадыранды, тоокту, жангакты майдалап майонез менен. Бир аз коюп коебуз, суусу чыккыча. Анан тaбaктaргa суусун кошпой уч бурчтук кылып салабыз.
Эми помидорду туурап узуун кылып салаттын устун жабабыз,чет жагын калтырабыз тертый сыр менен бадырандын жашыл сыртына. Устуно зaйтунду кесип дaрбыздын данегине окшотуп коебуз. Дaрбыздын тилкесине окшошуп калат.
Билдирүүнү түзөткөн: elif: 15 Июнь 2013 - 02:07
#52 14 Июнь 2013 - 20:48
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#53 14 Июнь 2013 - 21:39
aliyana66 (14 Июнь 2013 - 20:00) жазган:
Тоок эти, козу карын шампиньон, бадыран, помидор,сыр, маслины, майонез, жангак.
Козу карынды кууруйбуз,тоок этин (грилль болсо жакшы)узун ичке кылып туурап,бадыранды да узун туурап аралаштырабыз, козу карынды, бадыранды, тоокту, жангакты майдалап майонез менен. Бир аз коюп коебуз, суусу чыккыча. Анан тарелкаларга суусун кошпой уч бурчтук кылып салабыз.
Эми помидорду туурап узуун кылып салаттын устун жабабыз,чет жагын калтырабыз тертый сыр менен бадырандын жашыл сыртына. Устуно маслинди кесип арбуздун данегине окшотуп коебуз. Арбуздун кусогуна окшошуп калат.
Айланайын, эми "дарбыз" эле дечи! Орустар го тили келбей, аргасыздан "арбуз" дешет... Жакшылап шашылбай ойлонсоң, береги орусча аралаштырган сөздөрүңдүн деле кыргызчасы бар.
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 14 Июнь 2013 - 21:44
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#55 18 Август 2013 - 05:04
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#56 18 Август 2013 - 11:46
#57 16 Ноябрь 2013 - 11:38
Балык – 1 килограмм
Болгар калемпири-200 грамм
Сабиз-100 грамм
Помидор- 100 грамм
Пияз – 100 грамм
Лимон – 1 даана
Сарымсак – 3-4 тишче
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Татымына жараша туз жана кара мурч
ЖАСАЛЫШЫ:
Жашылчалардын баарын аарчып-тазалап, жууп, майда туурайбыз.
Анан кызытылган майга алгач пиязды, анан сабизди, калемпирди, помидорду, татымына жараша туз, кара мурч салып кууруп, муздаганча коё турабыз.
Бул учурда 3 аш кашык өсүмдүк майына жанчылган сарымсакты кошуп соус даярдап алабыз да, балыктын ичи-тышына сүртүп чыгабыз.
Анан муздаган туурамжы менен балыктын ичин толтуруп, 180 градуста ысытылган мешке 35-40 мүнөт бышырабыз. Бышкан балыкты лимон менен кооздоп, дасторконго койсок болот.
#58 16 Ноябрь 2013 - 11:40
Шампиньон козу карыны-350 гр
Бадыраң -1 даана
Пияз -1 баш
Таттуу болгар калемпири -1 даана
Өсүмдүк майы - 2 аш кашык
Лимон ширеси -1 аш кашык
Салат жалбырагы
Ашкөк
Горчица -1 чай кашык
Мурч
ЖАСАЛУУ ЖОЛУ:
Шампиньонду узун-узун кылып туурап, өсүмдүк майына 10 мүнөт кууруйсуз. Куурулуп бүтөрүнө аз калганда, лимон ширеси менен мурчту кошуп аралаштырасыз.
Бадыраң менен болгар калемпирин узун-узун, ичке, пиязды майда чарчы кылып туурап аласыз. Буларды муздаган козу карынга аралаштырып, майда тууралган ашкөк менен горчицаны кошуп жакшылап аралаштырып, тарелкага салып дасторконго беребиз.
#59 19 Ноябрь 2013 - 22:26
8-10даана краб таякчалары;
6-7 даана жумуртка;
1 баш пияз
майонез.
Жумурткаларды чагып аралаштырып, аздан куюп блинчик сымал бышырат. Анан, краб таякчаларын кандай туураса, жумурканы да ошондой формада туурап, пиязды маайда туурап, майонезди кошуп аралаштырып жей беребиз.
#60 05 Декабрь 2013 - 11:57