- (9 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Бажы Биримдигине Кыргызстандын кошулушу Оң жана терс жактары
#1 12 Апрель 2011 - 19:40
Бажы союзунда көпчүлүк 57 добуш Орусияга таандык ал эми калган 43 добушту башка өлкөлөр бөлүп алат. Ошондо Кыргызстанга 14,3 добуш тиет.
Бирок экономисттер оюнча Бажы союзу Кыргызстан үчүн эң керексиз нерсе. Биирнчиден, Орусия да Казакстан да Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кирүүгө далалаттанып жатат . Анткени ДСУда 140 өлкө бар, эркин соодалашканга, арзаныраак, сапаттуу товарларды алганга мүмкүнчүлүк бар. Бажы союзунда 3 өлкө бар. Биз бажы союзуна кирсек тышкы товарларга пошлиналарды киргизет. Кыргызстанда товарлардын баасы жогорулап, жарандардын чөнтөгүнө оор таасирин тийгизет, Орусия менен Казакстан тышкаркы өлкөлөрдөн келген авто унаа, күнүмдүк товарлар кымбаттайт. Ал эми Казакстан менен Орусиядан келген товарлар ошол эле баада калат. Эч кандай пайдасы жок. Саясатчылар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Путин же Назарбаевдин колдоосуна ээ болуп, саясий упайларды топтогонго жетише алат. Эгер жарандар муну жакшы түшүнүшсө ал саясатчыларды жек көрмөк деп эсептейм. Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп бажы союзга кире алабыз. Бирок бажы союзуна кириш үчүн импорттук товарларыбызды бийигирээк көтөрүш керек. Азыр бизде импорттук товарларга 10% кошулат. Биз ДСУга кирген мамлекеттер ошол товарларды арзан баада алууга сүйлөшүшүбүз керек. Ал эми Бажы союзуна кирип жатканыбыз теңирден тескери иш.
Орусия менен Казакстандын Кыргызстан ортосунда тышкы товар алмашуусу эң жогору деген миф. Биз мындай учурда Кытайды унутуп коебуз. Кыргызстанга импорттун 70% Кытайдан келет, чек арабызды жапсак товарлар 70%га кымбаттайт. Дордой жана Кара-Суу базарларында баары кымбаттап көпчүлүк ишкерлер терс таасирин тийгизиш мүмкүн. Орусия, Казакстанга өзүбүздө жасалган товарларды, кийим-кечени Бажы союзга кирбей деле, Евразестеги келишимдер аркылуу сата берсек болот. Бир гана ре-экспеортто кыйындайт. Кытайдан алып келинген товарды Казакстанга же Орусияга баа кошууга гана жолтоо болот. Бажы союзга киребизби кирбейбизби ре-экспорттун заманы бүттү. Биринчиден баалардын өсүүсүн алып келет, экинчиден, өзүбүздүн рыногубуз чектелет. Эки мамлекет менен баарлаша берсек тышкы мамилелерден айрылышыбыз мүмкүн. Экономикалык рычагдарын коюшабы, Кыргызстанды желкелеп алганга мүмкүнчүлүк берет. Бажы союзу кайсы бир аймактагы интеграциянын бөлүгү болуп саналат. Бажы союзунда чек араларды оңдоо алгачкы нерсе, мындан дагы уланып бирдиктүү валюта кабыл алышы мүмкүн. Кыргызстан Орусия тарабынан даярдалган геосаясий долбоорундун мүчөсү болуп болуп калат.
Экономисттер билдирүүсү ошондой экен.
Силер ой пикирлеринерди жазып койсонор.
Каршысынарбы же колдойсунарбы. Кыргызстандын Бажы бирикмесине(союзуна) кошулушуна.
#2 12 Апрель 2011 - 19:53
Анан Кыргызстан Орусия менен Казакстанга караганда экономикабыз начар.
Биз ДСУ мүчөсү болгондуктан Бажы бирикмеси кошулунун кажети жок. Себеби Бажы Бирикмесинде болгону 3 эле мамлекет
Орусия, Казакстан жана Белоруссия. 3 мамлекет тең ДСУ мүчө боло албай жүрүшөт. Биздин мамлекет Акаев убагында эле кошулган.ДСУ 140 мамлекет бар.
Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 12 Апрель 2011 - 19:57
#3 12 Апрель 2011 - 22:28
#4 14 Апрель 2011 - 14:15
Бензин, ун, жана башка Казакстандан келген товарларды өзүнүн баасынан алсак болот.
Казакстан каалагандай чек араны жаба албай калат.
Бирок терс жактары адан көп болуп жатат.
#5 14 Апрель 2011 - 14:27
#6 14 Апрель 2011 - 20:17
#7 29 Апрель 2011 - 18:57
#8 03 Май 2011 - 09:53
#9 15 Май 2011 - 11:22
#10 20 Октябрь 2011 - 11:12
Кыргызстанды Бажы биримдигине кабыл алуу боюнча жумушчу топ жакында түзүлөрү да маалымдалды. Азырынча Кыргызстандын Бажы союзуна качан өтөөрү так белгисиз. Тажикстан да бул уюмга өтүүгө кызыгууда.
--------------------- ---------------------- ---------------------
ELTYN, дагы бир жолу чоң көлөмдүү жана кызыл түстүү менен жазсаңыз, БАНга кетесиз. Азырынча эскертүү!
Билдирүүнү түзөткөн: adalsvards: 20 Октябрь 2011 - 11:53
#11 20 Октябрь 2011 - 14:33
#12 20 Октябрь 2011 - 14:46
Билдирүүнү түзөткөн: Arstan: 20 Октябрь 2011 - 14:48
кто лучше нас, им просто не до нас.
#13 03 Ноябрь 2011 - 11:46
Билдирүүнү түзөткөн: Kana: 03 Ноябрь 2011 - 11:47
#14 03 Ноябрь 2011 - 14:53
#15 03 Ноябрь 2011 - 15:17
#17 03 Ноябрь 2011 - 18:02
#19 21 Декабрь 2011 - 15:50
#20 21 Декабрь 2011 - 17:43
- (9 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »