Цитата
Ушул убакта кайсыл иш менен журосуз?
Алдыга коюлган кандай максаттарыныз бар?
Уй-булоо курдунузбу, акыркы интервьюнузда кадам шилтегени жатам дединиз эле?
Бийликтегилер менен кандай мамиледесиниз?
Нурлан байке саламатсызбы ал акыбал, ден соолуктар кандай. Сизди билип-коруп жургондор жоош, жубайын уккан, уйбулодо оз милдетин мыкты аткарган киши деп уккан элем. ушул соз чынбы? Анан сизди коргондо эмнегедир Жириновскийге окшоштура берем сизди. Жириновскийге окшогон адам уй булодо жоош болооруна негедир ишене албай турам.
Ийгилик ишинизге! !! Урматтап Черный Ангел
Уй-було эркектин тылы.Андыктан, бул кичинекей мамлекетке жакшы конул болуу керек.Жириновскийге кээде байкабай окшошуп кетсем керек.Озум орус мектепти бутуп,Орусия менен Америкада окугам.Башында орус муноз болсом, эми ыйманга келгенден бери мусулмандашып баратам.Бирок, ачыгын айтайын.Мусулманмын деген менен ичине ит олгондой былгыган ичи тар кээ бир пендеден коро,каапыр болсо да бака-шака тушуп,чындыкты бетке айткан В.Жириновский мага алда канча артык.