Акыркы кундору жиндиникиндей эле иш кыла турган болдум бир нерсени билсем деле ошону байкабай тескери кылам мисалы откондо тамак ичели деп отурганда тарелка тарат десе чынын баарын таратып берип койдум,уйго келе жатып 3 кабатта жашайм 4го чыгып кетип калыптырмын,
паранын ортосундагы переменада кыздар менен коштошуп уйго кеткен жатыпмын ушундайлар коп кайталанчу болду бул эмнеден?озум жинди болуп бараткам го деп койом бирок соо эле жургонсуйм
Өзүмдүн жүрүм-турумумду түшүнбөй жатам... Эмне болуп баратам? Билсеңер жазып койгулачы
#1 10 Февраль 2012 - 01:09
Чтобы добраться до источника, надо плыть против течения.
Станислав Ежи Лец.
#2 10 Февраль 2012 - 01:28
Бирөөнү жактырып калган окшойсуз да Көбүнчө кыздар бирөөнү жактырып калганда ой басып калат го...
Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.
#3 10 Февраль 2012 - 01:43
Мындай көрүнүштөр жашоонун жакшы-жаманында болуп турат.
Бул убактылуу эле,өтүп кетет!
Бул убактылуу эле,өтүп кетет!
#4 10 Февраль 2012 - 03:05
Мындай нерсе боло берет экен. Көп ойлонгондон го,мен да сендей болуп жатам.Мен бүгүн кайсы күн экенин да билбей калган учурум болот,өзүмдү өзүм алаксытып койом Кыргызстанга барганда жаңы жашоо баштайм деп.
#5 10 Февраль 2012 - 05:19
менин оюмча "жигитим экообуз суйлошпой койдук дедин"- го ошого болушу мумкун....
***
HAYAT-
paylaşınca güzel
***
#6 10 Февраль 2012 - 08:12
Мен болсо өткөндө "жылкы теппей, жылан чакпай" эле жогорку кабатка көтөрүлгөн боюнча кеткен экем. Жетип коңгуроону басайын десем эле негедир коңгуроонун өңү башкача.. Анан, таң калыып төмөн түштүм. Ойлонуп кетипмин көрсө автопилотто келатып.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#7 10 Февраль 2012 - 10:26
Жашоодо мындай учурлар боло берет экен да. Мен да дүкөндө иштеп атканда ушундай учурларга туш болгом. Бир жолу булочка эскирип кетбептирби деп кармап көрүп анан жеп алгам. Сахар тартып атып, артканын күрүчтүн мүшөгүнө салып ийген күндөр болду. Ошондой күндөрдү эстеп алып күлкүм келет.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#8 10 Февраль 2012 - 10:29
Бир нерсени кылып жатып башка нерсени ойлой бергенден болсо керек. Көптөрдө эле мындай нерсе болот. Кректүү буюмду колума кармап алып кечке издеген, бирөгө жумуштап барып эмнеге барганымды унутуп калган учурлар. Өзүңүздү контрольдоңуз,
болбосо өтүшүп кетет.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#9 10 Февраль 2012 - 10:36
Мындай нерселер менде деле болуп турат,бул бир нерсени коп ,ойлонуп кыжалаат болгондон болсо керек....бирок отуп кетет....убактылуу нерсе.....
Только злые люди, зла боятся!
#10 10 Февраль 2012 - 14:42
менде да акыркы убакыта ушундаймын,
жумушка барбай турган куну барып алып, суйуу сезимдерим бироотоло очургон ,ошол себептен кечке ойлоно бергенденби деп кетем
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!
#11 10 Февраль 2012 - 15:29
Мында коркунуч деле жоктой го..Андай учур баарында эле анча-мынча болуп турса керек..Мумкун сыгылып калгандырсыз бирдемеге,же жактырып калгансыз,ушул эки себеп эле туурадай мындай корунушко..
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#12 10 Февраль 2012 - 15:48
Менде мындай нерсе кооп ойлонгондо болот, убакыттын отушу менен же проблемалар бутушу менен отуп кетет... айтарым отуп кетет!
Всегда вперед ............
#13 10 Февраль 2012 - 17:39
Бул интернетте коп отургандан болсо керек деген ой келет мага . Интернетте коп отурган куну менде да ушундай учурлар кездешип калат.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#14 10 Февраль 2012 - 20:34
azamat1992kg (10 Февраль 2012 - 06:26) жазган:
Жашоодо мындай учурлар боло берет экен да. Мен да дүкөндө иштеп атканда ушундай учурларга туш болгом. Бир жолу булочка эскирип кетбептирби деп кармап көрүп анан жеп алгам. Сахар тартып атып, артканын күрүчтүн мүшөгүнө салып ийген күндөр болду. Ошондой күндөрдү эстеп алып күлкүм келет.
Булочканы жеп алганыңыз жакты,көрсө бул баарыбызда эле бар экен да.Мүмкүн климат алмашып жатабы?
#15 10 Февраль 2012 - 20:52
мындай учурлар бир нерсени катуу ойлонуп жургондо болот. Отуп кетет. Болгону ошол ойлонуп жургон нерсенизди бир жактама кылып чечип алганыныздан кийин.
Озумдо болгон окуялардан айтып отойун. Комнатамды ачып кирип, столдун устунда конфеттин кагазы туруптур, аны алып мусорго ыргыттым. Кайра эле тез чыгып кетишим керек болчу, парага киришим керек. Комнатамды жабайын деп ачкычымды эч таппай койдум. Комнатаны он оодардым.Акыры отуруп алып ойлондум. Корсо тиги конфеттин кагазы менен кошо колумдагы ачкычты мусорго ыргытып жиберипмин. Мен ачкычымды тапканча парабыз деле бутуп калган.
Бир кагаз толтуруп жаткам. Фамилияныз деп турган жерди жазып жатып жанымдагы курбумдан менин фамилиям кандай эле деп сурапмын. Тиги курбум эсин жайындабы деп урушуп журот мени Мындай учурлаааар коооп эле болуп турат ко.
Авторго: мумкун сизде "переходный возраст " убагы окшойт да. Ар нерсени бир ойлоп дегендей ))))

Одиночество - это когда ты окружен замечательными людьми, которые любят тебя и понимают, но у каждого из них есть кто-то ближе, чем ты.
#16 11 Февраль 2012 - 00:58
KGTaLaS (10 Февраль 2012 - 14:42) жазган:
менде да акыркы убакыта ушундаймын,
жумушка барбай турган куну барып алып, суйуу сезимдерим бироотоло очургон ,ошол себептен кечке ойлоно бергенденби деп кетем
Сиз жумушка дем алыш куну туруп алсанар мен дем алышта саат 6да туруп алып сабака кечигип калдым деп ойгоно берем анан бир аздан кийин эсиме келем
Чтобы добраться до источника, надо плыть против течения.
Станислав Ежи Лец.
#17 11 Февраль 2012 - 01:04
Мурун деле бир аз болчу бирок акыркы убакта кунуно жок дегенде ушундайларды 10жолу кылчу болдум,катуу деле ойлонгон нерсем жоктой,откоол курактан аман-эсен отуп алгам,эч кимди деле жактырбай элем......деги отуп кетсе экен мендей болбой эле койгула жаааман экен
Чтобы добраться до источника, надо плыть против течения.
Станислав Ежи Лец.
#18 11 Февраль 2012 - 01:54
Бул организм чарчагандан болсо керек,ызы чуудан мээ да чарчаганда болот болуш керек,менде да коп болот,эс алыш керек,жаратылышка чыгып,тоого чыгып,аба алмаштырып,
таза сут,каймак,кымыз деген нерселерден жеп,жайлоодо эс алыш керек,ошондо кадимкидей женилдеп,жаны адам болуп каласын го негизи.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#19 11 Февраль 2012 - 11:53
Мен жакшы уктай албаган куну ,же аз уктаган куну башкача зомби болуп калам, жасаган иштеримди кайра - кайра карап ,жасадымбы деп текшере берем. Мындай корунуштор чарчагандын ,кыжалат болгондун, коп ойлоно бергендин натыйжасы болсо керек .
Билдирүүнү түзөткөн: SMS Aroma: 11 Февраль 2012 - 11:56
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#20 11 Февраль 2012 - 12:12
"Ооруңузду"
прокатка берип туруңузчу???
плиз...
А то, мен тактыктан тажадым
А то, мен тактыктан тажадым
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.