Суперстан: Макалалар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Макалалар Илимий, журналистик изилдөөлөр жана көйгөлүү темалар жыйнагы

#1 Пользователь офлайн   temu   18 Январь 2012 - 10:28

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул темага коомдо болуп жаткан иш аракеттерге же болбосо кандайдыр бир темада болгон изилдөөлөр негизинде жазылган макалаларды илсек. Ар бир маселеге өзүнчө тема ачпай баардыгын ушул жерге илсек туура болчудай деп ойлойм.
temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   temu   18 Январь 2012 - 10:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бысмылда деп өзүм баштап берейин.
Тема: Асаба
Кыргыз мамлекетинин Асабасы 1993 жылы 3 мартакабыл алынганын азыркы кезде көп жаштарыбыз билебербейт экени чындык. 19 жашка толгону турган асабабыздын тарыхында 2 жолу алмаштыруу маселеси 2007 жана 2011жылы Жогорку Кенеште козголгону факт боюнча кала бермекчи, бирок кандай болсо дагы алгач кабыл алган асабабыз мамлекетибиздин символикасы болуп келүүдө.Мүмкүн келечекте алмашып калышы күмөн туудурбайт болуш керек, аны убакыттын өтүшү менен күбө болобуз го деп ишенем. Бирок олутту маселе анын алмашышы же тескерисинче алмашпай калышында эмес, аны сыйлап жана туура колдонууда деп ойлойм. Көп учурда айрыкча алыскы райондордун мамлекеттик ишканаларында жана мектептеринде ошондой эле борбор калаабыздын кээбир имараттарында биз сыймыктанган Асабабыз тескеринен илинип турганына күбө болосун, ал эмес чет жактан женишке жеткен спортсмендерибиз асабаны тескери кармап сүрөткө түшкөндөрүнү зээнин кейит. Кээбир Кыргыз сайттарына кирип калсан ал жерде дагы ушундай көрүнүшкө дуушар болосун. Өзүбүз сыйлабаган нерсени башка адамга догурунуп кантип сыйлата алабыз деген ой келбей койбойт.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 2012-01-18_110235.png
  • Прикрепленное изображение: 2012-01-18_110319.png

temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   temu   18 Январь 2012 - 10:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Тема боюнча сүрөттөр:

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1324639260.jpg
  • Прикрепленное изображение: flag-450x283.jpg
  • Прикрепленное изображение: kirgiz_234.jpg
  • Прикрепленное изображение: СовЗем КР Активисты.jpg

temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   temu   18 Январь 2012 - 10:52

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Дагы сүрөт

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: СовЗем КР Концерт нац..jpg

temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Balamir   08 Февраль 2012 - 15:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

МАКАЛДАРДЫН ТАРЫХЫЙ БАЙЛАНЫШЫ Макалада кыргыз, алтай, хакас, тува элдеринин макалдарынын жыйналышы жана алардын тарыхый байланышы каралган.
Кыргыздардын тарыхый өмүр сүргөн аймактары Түштүк Сибирь жана Теңиртоо чөлкөмүндө өткөндүгүн тарыхый-этнографиялык жана элдик оозеки чыгармалар тастыктайт. Дүйнөдө тилсиз, ырсыз, каада-салтсыз калк болбогон сыңары макалсыз да эл болбойт. Байыркы замандарда эле чыккан макалдар муундан-муунга өтүп, мурасталып келген. Ар калктын макалы өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Анын качан жаралганы белгисиз, авторлору дайынсыз. Ошондой эле анын жаралып жатканы али да токтой элек. Ар бир доордун мүнөзүнө жараша макалдар жарала берет. Макалдардын жаралыш процесси үзгүлтүксүз көрүнүш. Азыркы мезгилде да макалдар жаралууда. Шыктуу, таланттуу адамдардын учкул сөздөрү эл тарабынан кабыл алынып, улам такталып, көркөмдүгү артып, элдик макалга айланат.
Тарыхый, этнографиялык маалыматтар үчүн макалдарды салыштыруу аркылуу байыркы генетикалык байланыштарды байкоого болот. Элдик оозеки чыгарма, тилдик, адабий каражаттар элдин башынан өткөн турмушун, салт-санаа, ой-пикир, башка элдер менен болгон байланышын чагылдыргандыктан, алар тарыхый тактыкка жардамчы болот. Өзгөчө кыргыз, алтайлардын тил, адабият, тарыхый жагын изилдөөлөр булардын башка түрк элдерине караганда, алдаканча жакын экендигин далилдеди. Кыргыз, алтай, хакас, тува макалдары катка түшкүчө оозеки жашап келген. Алардын макалдары да азыркы күнгө чейин атайын салыштырылып карала элек. Аталган элдин ар биринин макалдары бүгүнкү күндө дагы толугураак, системалуу, көлөмдүү чыккан жери жок.

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 08 Февраль 2012 - 15:18

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Balamir   08 Февраль 2012 - 15:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Кыргыз элинин макал, лакаптарынын жыйналуу тарыхы 1922-жылдан башталат. Кыргыз элинин макал, лакаптарын жыйноо ишинде фольклорист Кайым Мифтаковдун эмгеги зор. Ал Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарында болуп, кыргыз элинин өзүнүкү деген макал, лакаптарды жазып алууга аракет кылган. Анткени ал учурда окшош чыгарма жолугуп калса, экинчи элден келген сыяктуу кароо мода болгон. Чындыгында окшош чыгармалар ар бир элде эки түрдө - башка жактан оошуу жолу менен же объективдүү чындыктын негизинде адамдардын турмушундагы жалпылыктан келип чыгышы мүмкүн. Профессор К.К. Юдахиндин, Бүбү Керимжанованын кыргыз элинин макал, лакаптарын жыйноого жасаган эмгегин айрыкча көрсөтүп өтүүгө туура келет. Профессор К.К. Юдахин «Орусча-кыргызча сөздүккө» көбүнчө тарбиялык мааниси күчтүү элдик макал, лакаптарды киргизген. Сөздүктөн 700 гө жакын макал, лакапты табууга болот. Макал, лакаптарды өзүнчө жыйнак кылып түзүп чыгаруу мүмкүнчүлүгү биринчи жолу Бүбү Керимжанованын үлүшүнө таандык. Профессор К.К. Юдахин, Кайым Мифтаков, Бүбү Керимжановадан башка кыргыздын макал, лакаптарын активдүү жыйноочулардан болуп: И.Абдырахманов, Чекменов, Ашубаев, А.Убукеев, Ю.Н. Цылевдор саналат. Кыргыз элинин макал, лакаптарын биринчи илимий изилдөөгө алган - Сапарбек Закиров. Ал илимий монографиясын «Кыргыз элинин макал, лакаптары» деген ат менен Кыргыз ССР илимдер академиясынын басмасынан (Фрунзе, 1962) бастырып чыгарган [3]. С.Закировдун эмгегинде макал, лакаптардын чыгышы жана турмушту таануудагы баалуулугу, макал, лакаптардын чыккан булактары, алардын бири-биринен айрымасы, андагы идеологиялык күрөш, макал, лакаптардын классификацияланышы, көркөмдүк өзгөчөлүктөрү каралган. Изилденген маселенин өзөгүн нагыз кыргыз макал, лакаптары түзгөн. Изилдөө негизинен кыргыз макалдарынын табиятына гана арналган. Кийинки жылдары «Кыргыз макал, лакаптарын» аздыр-көптүр көлөмдүүрөөк жыйнап чыгарууга демилгелүү адамдар аракет кылышып (Ш.Усупбеков, А.Алсеитов ж.б.) бул багытта жакшы иш өтөшкөн. С.Шамбаев кыргыз макал, лакаптарын орус тилине которгон.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Balamir   08 Февраль 2012 - 15:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Кыргыз элинин макалдары ошондой эле алтай, хакас, тува макалдары да толук жыйналып бүттү дешке болбойт. Бул бай казына дале болсо жыйналууга муктаж. Алтай, хакас, тува элдеринин макал, лакаптары өтө аз жыйналган. Алтай макал, лакаптарын С.Суразаков түзүп, 1956-жылы бастырып чыгарган (40 бет) [1]. Алтай миссионерлери тарабынан түзүлгөн «Грамматика алтайского языка» аттуу эмгектен иргелип алынган алтай макалдары кыргыз макалдарына салыштырылды жана которулду. Ошондой эле ойротчо-орусча сөздүктөн, Б. Бедюровдун «Алтайдын алкыштары» аттуу китебинен да айрым макалдар алынды. Ал эми хакас майда жанрларын революцияга чейин Н.Ф.Катанов чогулткан да, В.В.Радлов 1907-жылы «Образцы народный литературы тюркских племен» аттуу эмгегинде аларды кошо бастырып чыгарган. Ошондогу жана «Ленин чолы» аттуу газетага чыккан институттун кызматкерлери чогулткан макалдарды кошуп, хакас макал, лакаптарынын жыйнагын чыгарышкан (80 бет). Бул жыйнакта табышмактар да берилген. Китепти түзгөн - У.Н.Кирбижекова. «Тува макал, лакаптары» (1966) деле анча көп камтылган эмес. Жыйнакка 400 гө жакын макал, лакаптар киргизилген, тематикалык принципте классификацияланган. Жыйнакта: «Албетте, элдин макалдык фондусу шаа жеткис, бул жерде анын аз гана үлүшү берилди», - деп көрсөтүлгөн. Алтай макалдарын изилдөөгө арналган атайын монография жок. С.Суразаковдун «Алтай Фольклор» аттуу эмгегинде гана макалдар жайында элдик оозеки чыгармалардын деминде азыноолак сөздөр айтылган. Ошондой эле абал хакас, тува макалдарына да тиешелүү. Адабият жагында алтай элинин элдик оозеки чыгармалары менен кыргыз элинин оозеки чыгармаларынын «Манас» эпосунун генезиси боюнча Р.З.Кыдырбаева, Э.Абдылдаев, этнографиялык, табышмактары жөнүндө Т.Абдракуновдордун изилдөөлөрүнүн маанилүү экендигин белгилебей коюуга болбойт. Алтай тили менен кыргыз тилинин жакындыгын өз кезегинде түрколог В.В. Радлов, кыргыз окумуштуусу Б.М. Юнусалиев, орус окумуштуусу Н.А. Баскаковдор белгилешкен. Ошондой эле Н.А.Баскаков кыргыз, алтай тилдерин бир классификациялык топко киргизген. Тарыхчылардын тарыхый маалыматтары кыргыздардын алтай, хакас, тува, шор элдеринин этногенез жагында да байланыштарын ачып көрсөтөт. Эл менен элдин байланышы изсиз калбайт. Ал адабиятында да, тилинде да
чагылдырылбай койбойт. Макалдар турмуштун ар тармагын чагылтууда өзгөчө орунда турат. Узак кылымдар бою алыс аймакта жашаган алтай, хакас, тува элдери менен кыргыздардын качанкы байланышы үзүлгөнү менен сөздүн, макалдардын эскирбей, эл
эсинде сакталып калышы өтө маанилүү. Ар бир элдин оозеки чыгармасы - анын тарыхын чагылдырган алтын казына.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Balamir   08 Февраль 2012 - 15:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Тилдин тарыхы - элдин тарыхы. Алтай, хакас, тува элдерине ислам маданияты жеткен жок. Ошондуктан алардын макалдарында да араб, фарсы сөздөрү дээрлик жок. Ал эми кыргыз тилинде ислам маданияты, адабиятынын таасири болгон себептүү макалдары араб, иран сөздөрүнөн куру эмес. Кыргыз макалдары бир жагынан Чыгыш менен байланышта болсо, экинчи жагынан коңшу казак, өзбек, уйгур жана батыш түрктөрү, башка элдердин макалдары менен да байланышкан. Ошол себептүү араб-иран сөздөрү аралашкан кыргыз макалдарынын алтай, хакас, тува макалдарына караганда бир кыйла өзгөчөлүктөрү арбын. Ошондуктан айрым макалдардын Түштүк Сибирь элдеринде жолукпашы толук ыктымал. Аларга исламдын таасири тийбегендиктен, араб, иран сөздөрүнөн дээрлик сырткары турушат. Аларга тунгус-манжур, монгол тилдеринин таасири тийгендиктен, лексикасында да олуттуу айырмачылыктар келип чыккан.
Тарыхчылардын маалыматы боюнча арабдар Таластан ары Чыгышка өткөн эмес. Алтай, тува, хакас жана кыргыз тили жөнүндө тилдик изилдөөлөр жүргүзүлсө да, алардын макалдарындагы окшоштуктар ушул күнгө чейин изилденбей келе жатат. Кыргыздарга өзгө түрк калктарына караганда алтай, хакас, тува калктарынын этникалык жагы жакын, байыркы тарыхый байланышы күчтүү. Ошондуктан аталган элдердеги макалдарды салыштырып, тектештигин аныктоо кыргыз фольклористикасындагы актуалдуу маселе. Абалкы алакалары алда качан үзүлүп калган алтай, хакас, тува элдери менен кыргыз элиндеги макалдардын бүгүнкү күнгө чейин сакталышы басып өткөн жолубуздун байыркы башатынан кабар берет .

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 08 Февраль 2012 - 15:12

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Balamir   08 Февраль 2012 - 15:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Алтай, кыргыз тили өтө жакын болгондуктан, макалдары да хакас, туваларга карганда түшүнүктүү. Бирдей эле айтылган макалдар алардын тектештигин айкындайт: «Жесе дагы май жакшы, жебесе да май жакшы, берсе дагы бай жакшы, бербесе да бай жакшы», «Ийилген башты кылыч кеспейт», «Бай сыйлап берсе сыйрып алат», «Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы», «Жакшы кишиге бир сөз, жаман кишиге миң сөз», «Өчкөн от күйбөс, өлгөн киши тирилбес», «Ач кадырын ток билбейт, жок кадырын бар билбейт», «Чычканга түк бүткөн сайын калтырайт», «Керектүү таштын оордугу жок», «Кыймылдаган кыр ашат», «Жамандын колуна бергенче, жакшынын жолуна сал», «Жаман аял «кетем» деп коркутат, жаман эр «өлөм» деп коркутат», «Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт», - өңдүү толгон макалдар алтай эли менен кыргыздардын генезиси, тилдик тарыхый адабий жакындыгы өзгөчө орунда турарын көрсөтөт. Б.Бедюровдун «Алтай алкыштары» жыйнагына алтайдын эки жүз бир макалы киргизилген [2]. Ал макалдардын бир кыйласы азыркы эле кыргыз макалдарына мазмун, сөз жагынан да туура келип, теги бир болуп турат: Буура карыыр, бодон өзөр. -Буура карыыр, бото өсөр. Баш жарылса, бөрүк ичинде, кол сынса, жең ичинде. - Баш сынса, бөрк ичинде, кол сынса, жең ичинде. Жакшы атка жол кыска, жакшы оюнга түн кыска. - Жакшы атка жол кыска, жакшы оюнга түн кыска. Тойгон жерде тогус конбо, отурган жерде отус конбо. - Тойгон жерге тогуз конбо, отурган жерге отуз конбо. Үйүрдөн калган мал - бөрүгө жем. Элдең айрылган кижи өштүге жем. - Үүрдөн калган мал - бөрүгө жем, элден айрылган киши өчтүүгө (душманга) жем. Аспасты туман астырар, конбосты түн кондырар. - Азбасты туман аздырар, конбосту түн кондурар. Тумчукка жетсе, быза да жүскүн. - Тумшугуна (суу) жетсе, музоо да сүзгүч. Куу баштың карагына кумак толбос, ач кижиниң карагына алтын толбос. - Куу баштын көзүнө кум толбос, ач кишинин көзүнө алтын толбос. Өлгөн инек сүттү болор, өлгөн кижи жакшы болор. - Өлгөн инек сүттү болор, өлгөн киши жакшы болор. Тышты килтиреер, ичи калтыраар.-Тышы жылтыраар, ичи калтыраар. Кыргызда: «Тышы жалтырак, ичи калтырак», - деп калыптанган. Саар маалдың сүттүзи керек, садар малдың субайы керек. - Саар малдын сүттүүсү керек, сатаар малдын субайы керек. Ак дегени алкыш, кара деген каргыш.- Ак деген алкыш, кара дегени каргыш. Бир буды бу жерде, бир буды ол жерде. - Бир буту бул жерде, бир буту ал жерде. Кулагынаң күн көрүнөт. - Кулагынан күн көрүнөт. Бул - арык деген мааниде. Жаңыс атту жарышчы, жаргак тонду күрешчи. -Жалгыз аттуу жарышчаак, жаргак тондуу күрөшчөөк. Кысту кижи кыр ажар. - Кыздуу киши кыр ашар. Кыстың көзи кызылда. - Кыздын көзү кызылда. Ортозынаң кыл өтпөс. -Ортосунан кыл өтпөс. Ынак-ысык адамдар жөнүндө айтылат. Койнынаң кирер, кончынаң чыгар. - Койнунан кирер, кончунан чыгар. Бул макал кыргызда: «Коюндан төгүлсө - кончко», - деп да айтылат. Көп түкүрзө, көл болор, көп күрезе, чөл болор. - Кеп түкүрсө, көл болор, көп күрөсө, чөл болор. Кыргыздарда: «Көп түкүрсө көл болот», - деген гана биринчи сабы айтылып калган. Жаманның жакшызы болгончо, жакшының жаманы бол. - Жамандын жакшысы болгончо, жакшынын жаманы бол. Жаман көлдө бака айгыр. - Жаман көлдө бака айгыр. Ушул эле маанини кыргыздарда: «Соолгон көлгө бака айгыр»,-дейт. Көрбөс төөнү да көрбөс. - Көрбөс төөнү да көрбөс.

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 08 Февраль 2012 - 15:15

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Balamir   08 Февраль 2012 - 15:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Жогорудагы макалдардын бири да кыргыз макалынан ажырым-айырмалуу макалдар эмес. Бир тектен чыккандыктан, маани-мазмуну жагынан болсун, сөздөрү жагынан болсун дээрлик бирдей. Болгону ар бир тилдин өзүнүн гана фонетикалык, граматикалык өзгөчөлүктөрүн чагылдыргандыктан, азыноолак гана айырмачылыктар учурайт. Ал-мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ар бир тил өзүнө мүнөздүү гана өзгөчөлүктөрдү чагылдырат. Алтай тили кыргыз тилине өтө жакын болгондуктан, анын ар бир макалы эле кыргыз макалы көздөнүп турат. Ошондуктан алтай макалдары кыргыз макалына, кыргыз макалы алтай макалына айланып кетиши анча деле кыйын эмес. Андай окшош көрүнүштөр маданий- тарыхый өнүгүштүн жалпылыгы, тилдик тектештик, географиялык жакындык, рухий өз ара карым-катыштын, өз ара таасирдин натыйжасынан улам келип чыккан. Кыргыз макалдарынын ичинде да жалпы түрк, монгол, тува, казак, түркмөн, татар ж.б. элдерде айтылган макалдары бар. «Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө», - деген туваларда да, монгол, бурят, калмактарда да бар. «Жылкы кишинешип, адам сүйлөшүп таанышат»,- деген макал алтай, түркмөн, якут, хакастарда, казактарда деле айтылат. «Атанын көөнү- балада, баланын көөнү-талаада», - деген макал дүйнөнүн көптөгөн элдеринин тилинде айтылат. Турмуштук тажрыйбадан туулган мындай туундулар жалпы адамзаттык макалга айланып кеткенин көрүүгө болот. Ошентип, макалдарды салыштыруудан: а) каралган тилдердин бардыгына жалпы орток макалдарды; б) маанилеш, бирок түзүлүшү боюнча айырмалуу макалдарды; в) ар бир тилдин өз өзгөчөлүктөрүнө мүнөздүү макалдардын жолугарын көрөбүз. Адабияттар
1. Алтай кеп сөстөр ле укаа сөстөр. - Горно-Алтайск: Горно-Алтайское книжное издательство, 1956.-39 б.
2. Бедюров Б. Алтайдың алкыштары. -Алтайдың бичиктер чыгараар
издательствозының Туулу Алтайдагы бөлиги, 1985.-110 б.
3. Закиров С. Кыргыз элинин макал, лакаптары. -Фрунзе: Кыргыз ССР илимдер
академиясынын басмасы, 1962.-126 б.
4. Суразаков С. Алтай фольклор. - Горно-Алтайск, 1975.-231 б.
Абдубалиева Б. К. Тыныстанов ат. ЫМУ

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 08 Февраль 2012 - 17:54

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   temu   11 Февраль 2012 - 13:35

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Тема: Чон-Алай районунун мектеп жана балдар бакчасынын жер титироого туруктуулугун баалоо

Кучтуу жер титироолор борбордук азия ороонуно объективтик чындык экени маалым. Жертитироо, суу баскындоо, жер кочку менен кар кочку тушуушу Кыргыз мамлекетине чон коркунучту туудурарын белгилешибиз керек. Памир менен Тян-Шань кырка тоолору Кыргызстандын 90% тузуп, мамлекеттин жеринин 94 % дениз бетинен 1000 м бийктигинде жайгашып ал эми 50% дениз бетинин 3000 м бийиктикте жайгашкан. Кыргыз Республикасынын аймагы жер титироого активдуу зонасына, кобунчосу 8-9 балл жер титироо мумкунчулугу бар деген мунооздомого кирери факт. Ар жылы олкобуздо 3000 – ден ашык жер титироолор каталып турат.

Акыркы жылдары сейсмикалык процесстердин активтештирилип жатканы айкын байкалууда. Мисалга 2008 жылдын 5 октябрында жергиликтуу саат боюнча 21-52, Алай районуна караштуу Нуура айлында болуп откон Рихтер шакласы боюнча 6,6 бал тузгон зилзаланы белгилеп койбосок болбойт. Айылдага бут имараттар курап, жетимиштен ашуун мекендештерибиздин омуру кыйылды. Мындай чон жоготуулардын келип чыгышы жертитироонун кесепетинен эмес, айылда салынган имараттардын жер титироого туруксуздугу, имараттардын долбоорлоонусу туура эместиги жана ошондой эле имраттарды куру учурунда нормага жооп бербеген курулуш материалдарын колдонгондугу биз кубо болгон жыйынтыка алып келди. Сейсмикалык туруктуулук таблицасынын томонку баскычында турган азыркы мектеп жана балдар бакчасынын имараттары жер титироо учучурунда жана андан кийин кандай чон жоготууга алып келерин алдын ала божомолдоо кыйынчылыкты туудурбайт. Дуйнолук тажрыйба корсоткондой жер титироону алдын алуу, жана ошол багытта кынтыксыз иштоо ийгиликтуу натыйжаларды корсотуп адамдын омурун сактап калууго чон оболого боло алат.

Чон-Алайрайонунда салынган мектеп жана балдар бакча имараттарынын чындыгында азыркы абалы кандай экенин аныктоо максатында жана жер титироону алдын алуу иш аракетинин багыты боюнча 2010 жылдын ноябрь айында айтылып откон районунун мектеп жана балдарбакча имараттарын анализдоо болуп откон. Текшеруудон баардыгы биригип 49 объект отуп анын ичинен 17 мектеп жана 32 бала бакча тузгон. Текшеруу учурунда имарат кандай курулуш материалынан курулганына жана ал материалдардын бекемдигине чон басым жасалган. Текшеруудон откон мектептердин жана бала бакчалардын 41-41 % бышкан кыштан,27-47% бышпаган кыштан, 20-12% жыгач конструкцияларынан жана 12-0% темир-бетонколдонуп курулганы аныкталды.

Сүрөт Сүрөт

Текшеруунун жыйынтыгы мектеп менен балдар бакчасынын 85 % курулуш талабына жооп бербегендиги аныкталды. Текшеруудон откон мектептердин 44 % жана балдар бакчасынын 38 % сейсмикага туруктуулугу боюнча эн томонку баскычты корсотуп, ал имараттарда иш жургузу адамдын коопсуздугун жаратары аныкталды. 56 % ашык имараттарга конструкцияларын кучтондуруу талап экени белгиленди.

Сүрөт


Анализдоо боюнча алынган жыйынтыкка таянып Кыргыз Республикасынын билим беру тармагындагы имараттардын кобу курулуш талаптарына жооп бербестигин жана андай имараттарда балдарыбызды окутуу биздин ороон жер титироо мукунчулугу ойдонку корсоткучту корсоткон ороон экенин эске кармоо менен чон коопсуздукту туудурарын белгилегим келет.

Билдирүүнү түзөткөн: temu: 11 Февраль 2012 - 13:41

temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 19:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: