Бул темам "Эстеликтер" жонундо.Мисалы: Адам каза болгондо,(бизде мусулмандарда)ошол адамга эстелик тургузулса ал туура эмес дейт го.Эгерде каза болгон адамга эстелик коюп ,ал жаткан жерге дубал тургузса,ошол адам тиги дуйнодо,оор эстеликти,дубалды мойунунда которуп,кыйналып журот деген создор айтылып келет.Ошол айтылган создор туурабы?
Биздин айылдын мурзосундо, баарынын эстелиги,суроттору менен,дубалы менен кошо турат.Негедир менин Атакем каза болгондо айылдын аксакалдары(Атакемдин бир тууган агасы баш болуп)бизге эстелик,дубал тургузганга уруксат бербей ,көгөрүп туруп алышкан...Жада калса,кыркынан кийин кичинекей кылып Аты,фамилиясы, туулган,каза болгон жылы менен ташка жазылган жазуусун да алгыла деп,каршы болушкан...Аксакалдардын сөзүн угуп,биз да аларга баш ийдик..Бирок эмнеге алар именно бизге келгенде токтотуп коюшкан?ошол жагы тушунуксуз. .Биз эжемдер болуп,Атакеме ,сүрөтү менен кошо тартылган эстелик тургузайлы дегенбиз.Тилекке каршы ойлогон оюбузга жетпедик.Байкуш Атакемдин жаткан жери дубалсыз,сүрөтүсүз, бир жанагы аты,фамилиясы менен турган жазуу боюнча турат.....
![Сүрөт](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/106.gif)