КАНЫКЕЙ Супер форумда Суроолорду узата бериңиздер
#61 20 Февраль 2012 - 13:08
#62 23 Февраль 2012 - 20:18
#63 24 Февраль 2012 - 18:44
#64 27 Февраль 2012 - 18:09
Aijamalosh (24 Февраль 2012 - 18:44) жазган:
Саламатсызбы!
1. Ал топтогу балдар аябай таланттуу, алар өзүлөрү биз менен байланышып жана ошентип иштешип калганбыз.
2. Мен менин стилимди, имиджимди ж.б. эч кимге таңуулабайм.
3. Ооба, билем, баары ошентип айта беришет. Бирок эгер мен издесем "издеп келем" деп айтам.
4. Ошол жөнүндө ойлонуп жүрөм акыркы убакта. Бирок ошентсе да намыс керек го.
#65 27 Февраль 2012 - 18:11
#66 27 Февраль 2012 - 18:13
- Милдет! Намыс! Ата Мекен!
#67 27 Февраль 2012 - 18:17
Programmer (03 Июль 2011 - 16:59) жазган:
Сенин өзгөчө стилинди өзүн таптыңбы?
Сенин кумириң ким?
Саякатка кайсы мамлекетке барууну кыялданасың?
Сен үчүн идеалдуу жигит кандай сапаттарга ээ болуш керек?
Суроолорума жооп берип койсоң.
Алдын ала рахмат.
Сага ийгилик каалап кетем жердешка мен дагы Токмоктон болом.
Салам!
1. Жок, тапканга жардам беришти.
2. Кумирим жок, бирок жакшы адамдарды кумир туткум келет.
3. Японияга баргым келет.
4. Эң негизгиси ал Кудайдан коркушу керек.
Сизге рахмат!
#68 27 Февраль 2012 - 18:21
aku (03 Июль 2011 - 15:57) жазган:
Салам, рахмат!
1. Стиль жагынан ушуга чейин Замира Молдошева менен иштешип келгем.
2. Кийимдерди ар кайсыл жактан сатып алам, эң негизгиси кийим мага жагышы керек. Моданын артынан кубалабайм.
3. Ооба, Кудай буюрса жакында.
#69 27 Февраль 2012 - 18:22
Менин суроолорум:
- Жылдыз оорусуна чалдыгып көрдүңөр беле?
- Бут тосууларга кандай карайсыз?
- Сүйүү үчүн курмандыктарга бармак белеңиз?
- Сиз кимге окшошсуз? (атаңызгабы же апаңызгабы? )
- Продюсерсиз чыгармачылыкты өркүндөтүп кетүүгө көзүңүз жетеби?
#70 27 Февраль 2012 - 18:22
#71 27 Февраль 2012 - 18:23
Isabell (03 Июль 2011 - 16:54) жазган:
эстрада жылдызы болом деп кичинекей кезинизде ойлогон белениз?
Унунуз Sarah Connorдун унуно окшошуп кетет экен, бул оюма кошуласызбы?
Раxмат.
Сизге ийгиликтерди каалайм.
Саламатсызбы!
1. Жок, ойлогон эмесмин.
2. Билбейм. Балким.
Сизге да рахмат!
#72 27 Февраль 2012 - 18:30
#73 27 Февраль 2012 - 18:31
Romantic (03 Июль 2011 - 17:59) жазган:
1) Jaktyrgan tusun sary ekenin bilem. Sebebin aita ketesinbi, emne u4un sary? Bul tus menen senin bailanywyn?
2) Yapon elinin awkana madaniyatyna kyzyguundun sebebi? "Yaponskie sushi" dayardagandy bilesinbi?
3) Etnostuk simvoldordu kop baikaim jana alardy ozun 4ogultat ekensin. Owolordun kandaidyr bir jan duinon menen bailanywy barby?
Aldyn ala saga teren yraazy4ylyk!
Рахмат!
1. Билбейм, сары мага жагат. Сары түс маанайымды көтөрүп турат. Сары түс мен үчүн өзгөчө.
2. Анткени япон эли өзүлөрү негизи эле ушунчалык философиясы терең эл болуп келет. Ошонусунан улам мага ашкана маданияты да жагат. Жок, суши даярдаганды билбейм.
3. Алар мага абдан жагат. Анткени ар адамдын өзүнө гана таандык кызыгуусу болот. Мен дагы өзүмдүн жан дүйнөмө жаккан кызыктуу нерселерди талкуулап жашаганды жакшы көрөм.
Сизге да рахмат!
#74 27 Февраль 2012 - 18:34
kg.nura (19 Июль 2011 - 15:14) жазган:
Саламатсызбы!
Стилимди чыгармачылыкка байланыштуу өзгөртөйүн деген оюм бар, анткени чыгармачылыкта чек жок. Мен дайыма жаңылануунун үстүндө иштеп келем.
Буга чейинки стилимди мага тандап беришкен.
Рахмат!
#75 27 Февраль 2012 - 18:37
wumida (04 Июль 2011 - 14:12) жазган:
Салам!
Ооба, болгон. Ар бир адамда ошондой учурлар болсо керек. Бирок ар убак ошондой учурлар болгондо өзүмдү "Жашоо бар, жашаш керек" деп сооротом. Бир гана мен эмес бүтүндөй дүйнө бар экенин түшүнүп жашап келем.
#76 27 Февраль 2012 - 18:38
#77 27 Февраль 2012 - 18:44
Mircle (12 Август 2011 - 13:13) жазган:
Анда суроолорум 1 Биринчи эле ата-энен,уй- булон жонундо айта кетсен,кайсы жердин кызы болосун?
2 Ырларындын диски чыкканбы чыкса кайсы жерден алса болот?
3 Бул жашоодон эмнени умут кыласын?
Рахмат! Абдан кубанычтамын!
1. Мен Токмок шаарында жөнөкөй, карапайым эле үй бүлөөдө жөнөкөй кыз болуп төрөлгөм. Бүгүнкү күндө атам жок, апам үй кожойкеси. Байкем жана жубайы балдары менен Кореяда жашашат.
2. Ырларым диске чыккан. Ал дисктерди диск сатуучу жерлерден алсаңыз болот болуш керек.
3. Бул жашоодон үмүт кылганым, эң негизгиси адамдар ушундай керемет, атайын тартууланган жашоону татыктуу жашашса деп ойлойм. Менин оюм бирөөнү сындоо эмес, жөн гана ыр жазып келген көз карашым ушундай. Жашоо керемет!
Рахмат сизге!
#78 27 Февраль 2012 - 18:47
temu (16 Сентябрь 2011 - 16:35) жазган:
Салам!
Мен убактымдын тардыгына байланыштуу ал көчөттөн кабарым жок. Сиздин алдыңызда абдан уялып жатам, сиз барып мен барбай жүргөнүмө. Келечекте, сиздин оюңузду эске алып барып калаармын, жакында.
#79 27 Февраль 2012 - 18:48
#80 27 Февраль 2012 - 18:50
messi (19 Февраль 2012 - 21:25) жазган:
Рахмат сурооңузга жана мага ишенгениңизге.
Азыркы убакта чыгармачылыктын үстүндө иштеп, жаңы идеяларымды ишке ашырып жүрөм.