Башкалардын жардамысыз баарын өзүм жасайм деген адам жаңылышат; ал эми башкалар менсиз эчтеңке жасай албайт деген адам андан да терең жаңылышат.
Ф. де Ларошфуко
Мектеп дарбазасын аттагандан тартып эле биз фундаменталдуу илим чөйрөсүнө кадам таштайбыз. Окуу китептериндеги Пифагор, Евклид, Ньютон, Эйнштейн сыяктуу адамдардын ысымдары тарыхка алтын тамгалар менен жазылып, кылымдардан бери илим-билим жолуна шоола чачып келет. Эгерде сиз дагы өз жашооңузда кандайдыр бир өчпөс из калтыргыңыз келсе анда ИЛИМ –сиз үчүн!
Баракча 1 - 1
Жаш окумуштууга жардам Илимге кызыккан жаштар бар болсо бул тема сиздер учун!
#2 03 Март 2012 - 19:49
Билим алуунун жогорку тепкичи болгон Университетте илимдин ролу өзгөчө. Жогорку билим алгандан кийин да жөндөмдүү жаш адамдар илимге андан ары умтулушат жана диссертация коргошот. Ал эми жогорку окуу жайда эмгектенгендер үчүн илимий даража жана наам алуу кесиптик милдет деп эсептесек да болот.
Бул темада илимге жаңыдан аралашып жаткан жаштар төмөндөгү суроолорго жооп таба алышат:
Илимий иштин темасын кантип тандаса болот?
Адабияттык булактарды үйрөнүүнүн жана илимий изилдөө жүргүзүүнүн кайсы ыкмалары натыйжалуу?
Илимий макаланы кантип жазыш керек?
Сөздү баштаардан мурда суроо салып көрөлүчү, бул форумда илимге кызыккан жаштар барбы деги? Ошондой эле дасыккан илимпоздор бар болсо аларды да тажрыйба бөлүшүүгө чакырабыз

Билдирүүнү түзөткөн: vais: 03 Март 2012 - 19:50
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#3 04 Март 2012 - 19:18
Кызыгам бирок жогорудагы суронун баарына мугалимдерден сураса болот дейм,илимий иш жазаарда сосуз илимий жетекчи болот,ошол баарын уйротот.
Балким бул тема реферат,курстук иш жазууда студентерге, анан мектеп окуучуларын керек болуш керек,билгенибизди болушо берели.
Балким бул тема реферат,курстук иш жазууда студентерге, анан мектеп окуучуларын керек болуш керек,билгенибизди болушо берели.
Чтобы добраться до источника, надо плыть против течения.
Станислав Ежи Лец.
#4 16 Март 2012 - 12:47
Мени жон коюшса, билим алып журо бермекмин. Илим-бул жакшы да, коп нерсени уйроносун, билесин жана уйротосун. Канчалык илимди казсан, ошончолук кардын ток журосун. Бош калбайсын. Ишти илибой жерден тапса болот.
Ар бир пенде адашуучу
#5 16 Март 2012 - 23:45
Nursaikal (16 Март 2012 - 12:47) жазган:
Мени жон коюшса, билим алып журо бермекмин. Илим-бул жакшы да, коп нерсени уйроносун, билесин жана уйротосун. Канчалык илимди казсан, ошончолук кардын ток журосун. Бош калбайсын. Ишти илибой жерден тапса болот.
туура айтасыз окусан окуп журо бересин бирок татыктуу ишти илибой жерден табуу кыйын болуп калды го
#6 10 Апрель 2012 - 18:16
vais (03 Март 2012 - 19:49) жазган:
Сөздү баштаардан мурда суроо салып көрөлүчү, бул форумда илимге кызыккан жаштар барбы деги? Ошондой эле дасыккан илимпоздор бар болсо аларды да тажрыйба бөлүшүүгө чакырабыз
Мен азыркы учурда илим менен алектенип келем, жогоруда сиз айткандай илимий даража ала элекмин, ошонун устундо иштеп жургон кезим. Биздин мамлекетте коптогон техникалар жетишсиз, ошонун аркасында коптогон изилдоолорду кылуу бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Чынында эле жогорку окуу жайда эмгектенгендер учун илимий даража жана наам алуу кесиптик милдет экенин ЖОЖга барганда тушундум. Негизи мен окуу жайды бутушум менен эле, мага кызык болгон учун илим жагына кеткен элем.
Канчалык тапшырма оор болсо белеги ошончолук бийик болот!
#7 18 Апрель 2012 - 00:17
Кээде жаш изилдөөчүлөрдө суроо келип чыгат: мен аткарган иштер чындап эле илимий жумушпу, жыйынтыгы боюнча диссертация коргой аламбы деген сыяктуу. Албетте, аткарылган жумуш илимдин анык тармагына тиешелуу болуп, чындыгы далилденген жаңы илимий маалыматтарды камтыса мындай эмгекти диссертация катары коргосо болот. Илимий иштин негизги белгилерин ажыратып карай турган болсок, биринчиден илимдин кайсы бир анык тармагына тиешелуу болуш керек: техникалык,
физика-математикалык,
химиялык ж. б. у.с. Илимий маалыматтар обьективдүүлүк,
чындыкка дал келүү критерийлерине негизделип,
жаратылыштагы мурда белгисиз закон ченемдүүлүктөргө түшүндүрмө берүү менен бирге, теориялык божомолдор тажрыйба менен бекемделиши керек жана фундаменталдуу илимдердин жетишкендиктерине жана илимдин методологиясына карама-каршы келбеши зарыл.
Илимий иштин негизги айырмалоочу белгилеринин бири катары анын системалуулугу эсептелет. Системалуулукту камсыз кылуу үчүн изилдөөнүн обьектисин жана предметин негизги белгилери боюнча классификациялоо жүргүзүлөт.
Кыргыз республикасында Жогорку аттестациялык Комиссиясынын (ЖАК) жоболоруна ылайык, илимий жумушту коргоодо анын темасынын актуалдуулугунан (зарылдыгы) сырткары коомго жана эл чарбасына пайдалуулугу , каралган маселелердин толук кандуу чечилгендиги эске алынат. Ар кандай илимий теорияларды түзүү менен бирге окумуштуу алардын практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүн да эске алып коюшу керек.

Билдирүүнү түзөткөн: vais: 18 Апрель 2012 - 00:18
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#8 18 Апрель 2012 - 00:21
К. Поппер:
...Чындыкты издөө илимге умтулуунун өзөгү болгону менен теориялык деңгээлде чындыкты так аныктоо мүмкүн эмес. Илимдин тарыхы көрсөткөндөй,
ар кандай теория келечекте, убакыттын өтүшү менен четке кагылышы мүмкүн...
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#9 18 Апрель 2012 - 09:24
Илимий иштин темасын кантип тандаса болот?
Эгерде илим менен алек болууну чындап чечкен болсоңуз, анда адегенде өзүңүзго төмөнкү суроолорду беришиңиз керек.
· Азыркы күндө жалпы адамзаты үчүн, мамлекетибиз, аймагыбыз жана жеке мен үчүн илим жаатында эмнелер маанилүү жана зарыл?
· кайсыл илимий багыттар бүгүн жана эртең да артыкчылыктуу болуп кала бериши мүмкүн?
· Кайсы илимий багыт мени көбүрөөк кызыктырат жана ошол багытка алгачкы даярдыгым барбы?
· Мен үчүн теориялык изилдөө жүргүзгөн кызыктууракпы же эксперимент коюубу?
· Мага насаатчы же илимий жетекчи керекпи?

#10 08 Июль 2016 - 02:26
ИЙГИЛИКке жетуунун эн кыска жолу бул устал дегенди билем.
1. Менда ушу суроого жооп таппай жатам.
2. Ойлонуп журот.
3. Математикага кызыгам бирок, мен изилдеген нерсени китептин бетин ачкандарга гана эмес т.а китеп бетинде гана калбай турмушта бут баарына тегиз пайдасы тийишин каалайм.
4. Албетте керек.