Витаминдин жетишсиздиги А В С ж.б витаминдер жөнүндө
#1 09 Ноябрь 2011 - 12:43
Авитаминоз (а … жана витаминдери) – организмге керектүү витаминдери жок сапатсыз тамак-аш менен узак убакыт тамактануудан болуучу ооруу. Мисалы, А витамини жетишсиздигинен көздүн көрүүсү начарлайт. Эгер организмде С витамини жок болсо, цинга, Д витамини жетишпесе итий менен ооруйт. Мындан башка да организмде бир нече витаминдин тобунун жетишсиздиги (полиавитаминоз) байкалат. Булардын жетишсиздигинен органимдин сырткы шарттарынын зыяндуу таасирлерине туруктуулугу начарлайт. Авитаминоз оорусун алдын алууда организм үчүн керектүү болгон витаминге бай тамак-аш менен тамактанып,
таза абада көп жүрүү керек. Авитаминоздор – малдын жана башка айбандардын организминде көп убакытка витаминдер жетишпегендиктен пайда болуучу ылаңдар. Эгерде ылаң организмде витаминдердин мүчүлүштүгүнөн чыкса – гиповитаминоз,
бир гана түрдүү витамин жетишпесе- моноавитаминоз,
бир нече түрү кемчил болсо, полиавитаминоз деп аталат. Витаминдердин жетишсиздигине жараша төмөнкү авитаминоздор кезигет: А-авитаминоз,
В- авитаминоз,
С- авитаминоз,
Д- авитаминоз,
Е- авитаминоз,
К- авитаминоз,
Н- авитаминоз,
РР-авитаминоз,
А- авитаминоз (май ичме) жем, чөптө каротин затынын кемчилигинен же жоктугунан пайда болот. Ылаңдаган малдын көзүнөн ириң куюлуп, чарасы бөксөрүп, кечке жуук көрбөй калат. Ылаңга чалдыккан музоо, кулун, козу, улак ж.б. бою өспөй, бүрүшүп, баса албай, ичи өтүп арыктайт. В – авитаминоз – «В» тобундагы витаминдердин организмде жетишсиздигинен чыккан ылаң. В- авитаминоз менен чочко, ит жана куштар ооруйт. РР- авитаминоз-
торопойдун,
күчүктүн жана жөжөнүн оорусу. С-авитаминоз (скорбут, цинга) менен ооругандар чочко, ит, илбээсин, анда –санда жылкы ооруйт. Д-авитаминоз (итий) – организмде Д витамининин жетишсиздигинен чыккан өнөкөт оору. Е- авитаминоз – рациондо Е – витамининин кем же жоктугунан чыгуучу оору.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#2 20 Март 2012 - 10:35
Медиктердин тили менен айтканда авитаминоз бул организмде витаминдердин жетишпестиги же жоктугу менен байланышкан патологиялык абал. Эрте жазда витаминдерди жетишеердик денгээлде колдонбогондуктан улам организмде алсыздык пайда болуп, кээ бир ооруулардын кучөп кеткендиги байкалат. Бул көрүнүшту медиктер гиповитаминоз деп да аташат.
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#3 20 Март 2012 - 10:50
Авитаминозго диагноз коюу үчүн төмөндөгү суроолорго "ооба" же "жок" деп жооп бериңиз.
-Тез-тез эле сыркоолоп турасызбы?
-Женил эле ооруганда деле "осложнениеге" айлануу менен узакта сакайасызбы?
-Өзүнүздү ынгайсыз сезип, болбогон эле себептерден эле бардык нерсеге апатия пайда болгон жокпу?
-Депрессияга бат учурайсызбы?
-Бир жумушту баштаганда аягына жетпей эле, тез чарчап калып жаткан жоксузбу?
-Сиркеңиз суу көтөрбөй , бир нерседен көңүлүңүз тез калып, жакындарыныздан ачууңузду чыгарган учурларыңыз көбөйдүбү?
-Оюңуз бир жерде болбой, маанилүү иштерди өз убагында бүтүргөндү унутуп койчу болдуңузбу?
- Тишиңизди тазалаганда эти (деснасы) канап кетеби?
-Териңиз кургак тартып, чачтарыңыз бозоруп, тырмактарыңыз күбүлө баштаган жокпу?
Эгер ушул суроолордун жок дегенде 2-3 но эле "ооба" деген жооп алынса, анда сиз дароо авитаминоз менен күрөшту башташыңыз керек!
-Тез-тез эле сыркоолоп турасызбы?
-Женил эле ооруганда деле "осложнениеге" айлануу менен узакта сакайасызбы?
-Өзүнүздү ынгайсыз сезип, болбогон эле себептерден эле бардык нерсеге апатия пайда болгон жокпу?
-Депрессияга бат учурайсызбы?
-Бир жумушту баштаганда аягына жетпей эле, тез чарчап калып жаткан жоксузбу?
-Сиркеңиз суу көтөрбөй , бир нерседен көңүлүңүз тез калып, жакындарыныздан ачууңузду чыгарган учурларыңыз көбөйдүбү?
-Оюңуз бир жерде болбой, маанилүү иштерди өз убагында бүтүргөндү унутуп койчу болдуңузбу?
- Тишиңизди тазалаганда эти (деснасы) канап кетеби?
-Териңиз кургак тартып, чачтарыңыз бозоруп, тырмактарыңыз күбүлө баштаган жокпу?
Эгер ушул суроолордун жок дегенде 2-3 но эле "ооба" деген жооп алынса, анда сиз дароо авитаминоз менен күрөшту башташыңыз керек!
Билдирүүнү түзөткөн: vais: 20 Март 2012 - 10:50
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#4 20 Март 2012 - 11:00
vais (20 Март 2012 - 10:50) жазган:
-Териңиз кургак тартып, чачтарыңыз бозоруп, тырмактарыңыз күбүлө баштаган жокпу?
Мындан сырткары зрениеңиз начарлай баштаса, имунитетиңиз начарлаган болсо демек сизге А витамини жетишпейт. Бул көйгөйдун алдын алуу үчүн өрүк, сабиз, кызылча, кызыл калемпир, помидор, жүгөрү жардам бере алат.
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#5 20 Март 2012 - 11:11
vais (20 Март 2012 - 10:50) жазган:
- Тишиңизди тазалаганда эти (деснасы) канап кетеби?
Демек кан тамырларыныз морт боло баштаган, териңизде шишимиктер пайда болушу мүмкун, жана вирустук оорууларга жеңил алдырсаныз , бул факт "С" витаминини жетишпестигинен кабар берет. Мындай учурда боб же цитрус жемиштери, карагат, көк чөп, кызылгат же кулпунай, картошка менен капуста абалдан чыгууга өбөлгө түзөт.
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#6 20 Март 2012 - 11:17
"К" витамининин жетишпестигинин белгиси-себепсиз эле мурундан кан агуу (давление өзгөрбөсө деле). Мындай учурда соя майы, күн караманын семичкеси, балыктын майы, боор, жумуртка, ашкабак, жалбырактуу көк, помидор, буурчак сиздин куткаруучуңуз боло алышат.
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#7 20 Март 2012 - 11:24
"Е" витаминин жетишпестигинен улам зрение начарлайт, гемолитическая анемия оорусу пайда болот. Бул витаминди толуктоо үчун өсүмдүктөрдүн жашыл жалбырактарын,
жумуртканы,
жана ит мурундун чайын колдонсоңуз болот.
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#8 20 Март 2012 - 11:35
В1 витамини жетишпесе маанайыныз чөгүп, уйкусуздук келип чыгат. Бул учурда ооз кургап калат жана тил түсун өзгөртүп кочкул кызыл болуп калат. мындай симптомду байкасаңыз тамак рационузга күрүч, гречиха, боб өсумдуктөрүн (нокот, соя ж.б.) жангак, жумуртка, арпа, сулу, нан-булочка жана эт азыктарын көбүрөөк кошунуз.
Оюңуз бир жерде болбой, териңизде дерматит же дагал -тактар пайда болуп, тамак сиңирүүңуз начарласа -демек РР витамини дефицит боло баштаган. Бул витаминди көп камтыган продуктылар: эт азыктары-боор, бөйрөк, фасоль, кайнолу (кара өрүк) семичкен н кунжуту, пивонун дрожжиси, балык, жана куш эти (тоок).
Оюңуз бир жерде болбой, териңизде дерматит же дагал -тактар пайда болуп, тамак сиңирүүңуз начарласа -демек РР витамини дефицит боло баштаган. Бул витаминди көп камтыган продуктылар: эт азыктары-боор, бөйрөк, фасоль, кайнолу (кара өрүк) семичкен н кунжуту, пивонун дрожжиси, балык, жана куш эти (тоок).
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#9 20 Март 2012 - 13:58
Организмде !Д" витамини жетишпесе рахит оорусу келип чыгат дагы , сөөктөрдө кальций азайып, кыймыл-аракет жасоо начарлап кетет. Бул витаминди жетишеерлик денгээлде тптоо үчун тамакка сүт азыктарын, балыкты, жумуртканы көбүрөөк колдонуш керек.
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#10 20 Март 2012 - 14:17
Булардын бирөөсү да менде, Кудайга шүгүр, жок экен. Бирок, эриним (же эрдим) оосул болуп ысык чай иче албай кыйналып жатам. Бул да ошо, витамин жетишсиздигинин белгиси эмеспи?
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 20 Март 2012 - 14:18
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#11 20 Март 2012 - 14:39
#12 21 Март 2012 - 18:28
dina (20 Март 2012 - 14:39) жазган:
Көбөйдү. Кайсы витаминди жеп салайын?
Сиркеңиз суу көтөрбөйтат да ээ, баштан кашка секирип? анда тезинен аны тутуп, оозуна калемпир салыш керек экен, ошондо кашыңыз бирикпей, ачууңузду шамал айдап кетет. Же булбулдун үнү да жакпай характериниз чырт болуватавы? Жигитиниздин же башка жакын адамыныздын нервине гитара чертип көрбөдүңүзбү? ...
Витаминдерге келе турган болсок: күнүнө 3 маал 1 чыныдан юмор ичиңиз. Эсиңизде болсун, бүркүттөр чымындарга аңчылык кылбайт, б.а. майда -чүйдө нерселерге көп көңүл бөлө бербеңиз.
Нерв системасын калыбында сакташ үчүн негизинен "В" группасындагы витаминдерди көбүрөк жеш керек. Мисалы, В1 витамини деңиз капустасында, майсыздандырылган сүттө, овсанын крупасында, гречиха, пшенка кашаларда көп болот деп жазылыптыр кийиз китептерде. Боордо дагы бул витаминдер көп дейт.
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#13 22 Март 2012 - 01:25
Жазгы жашылча-жемиштер кандай витаминдерге бай?
Сельдерейде А, С, Е витамини, минералдык заттар, белок жана клетчатка көп. Ал нерв системасына жана зат алмашууга оң таасирин тийгизет.
Пияздын агы да, көгү да В1, В2, РР витаминдерине, аскорбин кислотасына бай. Пияз диабетте, авитаминоздо, гипертонияда жана атеросклероздо сунуш кылынат.
Бадыраңда болсо С, В1, В2, Р витаминдери, клетчатка, калийдин минералдык туздары бар. Ал жүрөктүн, бөйрөктүн, боордун иштешине жакшы таасир берет.
Капустанын курамынан С, Р, В1, В2, РР, U витаминдерин жана клетчатка, калийдин минералдык туздарын табууга болот. Капуста тамак сиңирүүнү жакшыртып, ашказанда жаранын пайда болушунун алдын алат.
Помидор С, В1, В2, Р, К витаминдерине жана каротинге, фосфорго, калийге бай. Аз кандуулукта, жүрөк-кан тамыр ооруларында, гарстритте жардам берет.
Сельдерейде А, С, Е витамини, минералдык заттар, белок жана клетчатка көп. Ал нерв системасына жана зат алмашууга оң таасирин тийгизет.
Пияздын агы да, көгү да В1, В2, РР витаминдерине, аскорбин кислотасына бай. Пияз диабетте, авитаминоздо, гипертонияда жана атеросклероздо сунуш кылынат.
Бадыраңда болсо С, В1, В2, Р витаминдери, клетчатка, калийдин минералдык туздары бар. Ал жүрөктүн, бөйрөктүн, боордун иштешине жакшы таасир берет.
Капустанын курамынан С, Р, В1, В2, РР, U витаминдерин жана клетчатка, калийдин минералдык туздарын табууга болот. Капуста тамак сиңирүүнү жакшыртып, ашказанда жаранын пайда болушунун алдын алат.
Помидор С, В1, В2, Р, К витаминдерине жана каротинге, фосфорго, калийге бай. Аз кандуулукта, жүрөк-кан тамыр ооруларында, гарстритте жардам берет.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#14 22 Март 2012 - 01:28
А витамини:
- балыкта
- каймак майда
- сүттө
- жумуртканын сарысында
- уйдун боорунда, бөйрөгүндө
- икрада.
А витамининин булагы болгон каротин:
- сабизде
- помидордо
- кызыл калемпирде
- өрүктө.
В1 витамини:
- күрүчтө
- кара нанда
- уйдун боорунда
- жумуртканын сарысында
- жаңгакта.
В2 витамини:
- айрандын сары суусунда
- этте
- балыкта
- боордо
- бөйрөктө
- жумуртканын агында
- ачыткыда.
С витамининин негизги булагы:
- жашылча-жемиштер
- ит мурун
- цитрус жемиштери
- кара карагат
- таттуу калемпир
- киви.
Д витамини күн нурунан сырткары:
- сүттө
- каймак майда
- жумурткада
- боордо
- балыкта болот.
Е витамини:
- көк чөптөрдө
- өсүмдүк майында
- этте
- жумурткада
- сүттө
- балыкта
- каймак майда
- сүттө
- жумуртканын сарысында
- уйдун боорунда, бөйрөгүндө
- икрада.
А витамининин булагы болгон каротин:
- сабизде
- помидордо
- кызыл калемпирде
- өрүктө.
В1 витамини:
- күрүчтө
- кара нанда
- уйдун боорунда
- жумуртканын сарысында
- жаңгакта.
В2 витамини:
- айрандын сары суусунда
- этте
- балыкта
- боордо
- бөйрөктө
- жумуртканын агында
- ачыткыда.
С витамининин негизги булагы:
- жашылча-жемиштер
- ит мурун
- цитрус жемиштери
- кара карагат
- таттуу калемпир
- киви.
Д витамини күн нурунан сырткары:
- сүттө
- каймак майда
- жумурткада
- боордо
- балыкта болот.
Е витамини:
- көк чөптөрдө
- өсүмдүк майында
- этте
- жумурткада
- сүттө
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#17 15 Март 2014 - 17:14
Витаминдерди,
минералдарды жана белокторду
арзан баада көбүрөөк алуу боюнча кеңештер
1.Эненин сүтү. Ымыркайдын ден соолугу чың болуш үчүн э? пайдалуу жана арзан берилүүчү
азык катары эсептелет. Эне канчалык деңгээлде
туура тамактанса, бала да ошончолук азыктуу
заттар менен камсыз болот. Ошондуктан,
ымыркайды эрте эле эмчектен чыгарып салуу
туура эмес.
2.Жумуртка жана тоок эти. Көптөгөн аймактарда
жаныбарлардан алынуучу белоктордун эң
арзаны жана пайдалуусу. Аны жакшылап
бышырып ымыркайга да берсе болот. Шартка
байланыштуу үй канаттууларын багуу ашыкча
болбойт. Жумуртка кабыгын жакшылап кайнатып, майдалап, тамакка кошуп азыктанса, денеге
чыккан жараны, булчуңу тырышса жана бош
тиштерге дары катарында абдан пайдалуу.
3.Боор, жүрөк, бөйрөк жана кан - белок, витамин
жана темирге абдан бай келет. Этке
салыштырмалуу жогорудагы мүчө-лөрдү өтө арзан баада алууга болот.
4.Аш буурчак, төө буурчак, тобуя, жасмык.
Саадактуулар белокко бай келет, баасы да
арзан. Бул азыктар жаңыдан өнө баштаганда
витаминдерге абдан бай болот. Аш буурчакты
жакшылап бышырып, электен өткөзүп, ымыркайга да берсе болот.
5.Кочкул жашыл жалбырактуу жер-жемиштер.
Курамында бир аз темир, белок жана бир топ "А"
витамини бар.
6.Жашылча - жемиштерге, күрүчкө жана башка
өсүмдүктөргө сууну аз куюп, бышыруу туура болот. Анткени, алардын курамындагы
организмге бай заттар көбүрөөк сакталып калат.
Ал азыктар кайнатып бышырылган сууну да ичүү
абдан пайдалуу.
7.Жапайы мөмө жемиштер "С" витаминине жана
табийгый кантка бай келет. Алар адамга кошумча кубат берип, денени керектүү азыктар менен
камсыз кылат.
8.Темир кесиндиси салып бышырылган тамак-
анемияга дары болот. Лимонго мыкты сайып,
ширесин суусундук кылып ичсе да каназдыкка
пайдалуу. Ал эми карачай ордуна көк чай ичкен туура. Себеби, көк чай организмди тазалоочу
суюктук.
арзан баада көбүрөөк алуу боюнча кеңештер
1.Эненин сүтү. Ымыркайдын ден соолугу чың болуш үчүн э? пайдалуу жана арзан берилүүчү
азык катары эсептелет. Эне канчалык деңгээлде
туура тамактанса, бала да ошончолук азыктуу
заттар менен камсыз болот. Ошондуктан,
ымыркайды эрте эле эмчектен чыгарып салуу
туура эмес.
2.Жумуртка жана тоок эти. Көптөгөн аймактарда
жаныбарлардан алынуучу белоктордун эң
арзаны жана пайдалуусу. Аны жакшылап
бышырып ымыркайга да берсе болот. Шартка
байланыштуу үй канаттууларын багуу ашыкча
болбойт. Жумуртка кабыгын жакшылап кайнатып, майдалап, тамакка кошуп азыктанса, денеге
чыккан жараны, булчуңу тырышса жана бош
тиштерге дары катарында абдан пайдалуу.
3.Боор, жүрөк, бөйрөк жана кан - белок, витамин
жана темирге абдан бай келет. Этке
салыштырмалуу жогорудагы мүчө-лөрдү өтө арзан баада алууга болот.
4.Аш буурчак, төө буурчак, тобуя, жасмык.
Саадактуулар белокко бай келет, баасы да
арзан. Бул азыктар жаңыдан өнө баштаганда
витаминдерге абдан бай болот. Аш буурчакты
жакшылап бышырып, электен өткөзүп, ымыркайга да берсе болот.
5.Кочкул жашыл жалбырактуу жер-жемиштер.
Курамында бир аз темир, белок жана бир топ "А"
витамини бар.
6.Жашылча - жемиштерге, күрүчкө жана башка
өсүмдүктөргө сууну аз куюп, бышыруу туура болот. Анткени, алардын курамындагы
организмге бай заттар көбүрөөк сакталып калат.
Ал азыктар кайнатып бышырылган сууну да ичүү
абдан пайдалуу.
7.Жапайы мөмө жемиштер "С" витаминине жана
табийгый кантка бай келет. Алар адамга кошумча кубат берип, денени керектүү азыктар менен
камсыз кылат.
8.Темир кесиндиси салып бышырылган тамак-
анемияга дары болот. Лимонго мыкты сайып,
ширесин суусундук кылып ичсе да каназдыкка
пайдалуу. Ал эми карачай ордуна көк чай ичкен туура. Себеби, көк чай организмди тазалоочу
суюктук.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#18 15 Март 2014 - 17:16
Түрдүү тамак ичип, мөмө - жемиштер жана
жашылча - жемиштер менен азыктанган адам
организмин керектүү витаминдерге тойгуза алат.
Курамында витаминдер бар таблеткаларды,
денеге сайма дарыларды же сиропторду
колдонгондон көрө жакшылап эле аш болумдуу тамак-аш менен азыктанган оң. Эгер,
витаминдерге муктаж болуп жатсаңыз
азыктардан гана алууну унутпаңыз. Таблетка
жана денеге сайылуучу витаминдүү дары-
дармектерин организмге зыяндуу тараптары да
болушу мүмкүн.
жашылча - жемиштер менен азыктанган адам
организмин керектүү витаминдерге тойгуза алат.
Курамында витаминдер бар таблеткаларды,
денеге сайма дарыларды же сиропторду
колдонгондон көрө жакшылап эле аш болумдуу тамак-аш менен азыктанган оң. Эгер,
витаминдерге муктаж болуп жатсаңыз
азыктардан гана алууну унутпаңыз. Таблетка
жана денеге сайылуучу витаминдүү дары-
дармектерин организмге зыяндуу тараптары да
болушу мүмкүн.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#19 16 Март 2014 - 12:11
Витаминдер
Витаминдүү мөмө-жемиштер Витаминдер — организмдеги нормалдуу зат алмашууда жана тиричилик аракетинде мааниси чоң биологиялык активдүү бирикмелер; тамактануунун алмаштырылгыс фактору. Витаминдин ачылышы орус окумуштуу су Н. И. Луниндин ысмы менен байланыштуу. Ал 1880-ж. тамактын составында тиричилик үчүн эң керек белгисиз фактор бар экендигин экспериментте аныктаган. Поляк окумуштуусу К. Функ 1912-ж. «витамин» терминин сунуш кылган. Буга чейин эле организмге белгилүү өлчөмдө белок, май, углевод, минерал туздар жана суу керек экендиги, ошондой эле начар тамактануудан болуучу оорулар да белгилүү болгон. Узакка созулган экспедициянын саякатчылары жашылча-жемиш жебегендиктен цинга оорусу менен оорушкан.
Витаминдердин көбү — ферменттердин составдык бөлүгү, алар зат алмашууну жөнгө салат. витаминдер организм де болуучу химиялык реакцияларды тездетет, ошондой эле ферменттердин пайда болушуна жана анын функциясына катышат. Организм дин азык заттарды өздөштүрүүсүнө таасир этип, клетканын нормалдуу өсүшүнө жана бүтүндөйорганизм дин өөрчүшүнө түрткү берет. Киши түрдүүлөп жетиштүү тамактанганда витаминди тамак-аш менен кабыл алат. Алардын кээ бири ичегиде микроорганизм дердин тиричилигинин натыйжасында синтезделет, бирок бул организмдин витаминге муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Кээ бир учурда организмге тамак продуктулары менен бирге түзүлүшү витаминдерге жакын бирикмелер (провитаминдер) кирет; алар организмде витаминдерге айланат. Кээ бир продуктуларда бир же бир нече витаминдер жок болот, ошондуктан бир өңчөй жана витамини аз тамак-аш менен тамактануу, ошондой эле организм витаминди өздөштүрө албай калганда витамин жетишсиздиги (гиповитаминоз, авитаминоз) пайда болот. Витаминди ашкере кабыл алуу гипервитаминоз оорусуна алып келет.
Организмдин витаминди кабыл алуусу анын физиология лык абалына жараша болушу керек. Витамин организм дин өсүү мезгилинде, кош бойлуу жана эмчек эмизген убакта, ооруп жатканда жана оорудан кийин, кара жумуш же акыл эмгеги менен көп иштегенде, мисалы, спорттук көнүгүүлөрдү жасаганда, нерв-эмоция лык чоң күч талап кылган иште, ошондой эле көп убакыт суукта болгондо чоң өлчөмдө талап кылынат (к. Тамактануу). Улгайган кезде витаминди өздөштүрүү начарлайт. Түрдүү тамак-аштагы витаминдин бардыгы эле туруктуу эмес жана алар сырткы факторлордун таасиринен анча-мынча бузулушу мүмкүн. Консерваланган азыктарга караганда жаңы даярдалган тамактар витаминдерге бай; продуктуларды узакка сактоо, аларды кургатуу, ошондой эле бышыруу витаминдин бузулушуна алып келет. Ошондуктан витаминди сактап калуу үчүн түрдүү тамак-аш азыктарын сактоо жана аны даярдоо эрежелерин билүү зарыл. Витамндин көпчүлүгү латын алфавитинин тамгалары менен белгиленет (мисалы, А, В, С жана башка), мындан тышкары алардын химиялык структурасын көрсөтүүчү атайын аттары бар. Дарылоо максатында Витаминди колдонуу витамин менен дарылоо деп аталат. Сууда эрүүчү витаминдер.
Витаминдердин малдарды тоюндуруудагы мааниси. Организмдин витаминди кабыл алуусу анын физиологиялык абалына жараша болушу керек. Улгайган кезде витаминди өздөштүрүү начарлайт. Түрдүү тамак-аштагы витаминдин бардыгы эле туруктуу эмес жана алар сырткы факторлордун таасиринен анча-мынча бузулушу мүмкүн. Консерваланган азыктарга караганда жаңы даярдалган тамактар витаминдерге бай; продуктуларды узакка сактоо, аларды кургатуу, ошондой эле бышыруу витаминдин бузулушуна алып келет. Ошондуктан витаминди сактап калуу үчүн түрдүү тамак-аш азыктарын сактоо жана аны даярдоо эрежелерин билүү зарыл. Витаминдин көпчүлүгү латын алфавитинин тамгалары менен белгиленет (мисалы, А, В, С жана башка), мындан тышкары алардын химиялык структурасын көрсөтүүчү атайын аттары бар. Дарылоо максатында Витаминди колдонуу витамин менен дарылоо деп аталат. Сууда эрүүчү витаминдер. Витаминдер тамак сиңирүүдө алмаштырылгыс регулятор болуп саналат. Алар малдардын ден-соолугун, өндүрүмдүүлүгүн, малдардын көбөйүүсүндө жана функционалдуулугун камсыз кылышат. згөчө белоктор менен туташышып жана ферменттик системанын составында витаминдер химиялык реакциялардын биологиялык катализаторунун тирүү клеткалардагы өтүп тарган функциясын аткарышат. Биологиялык мемраналардын ишинде да витаминдер өтө чоң роль ойношот. Мындай шарттар алардын пластикалык жана энергетикалык материал эместигинне күбө боло алышат. Витаминдер малдарды тура тоюндуруудагы эң негизги компонетн болуп эсептелет. Бирок кээбир малдарга бизге белгилүү болгон витаминдердин түрлөрү кереги деле жок болот, себеби алардын организми кээбир биологиялык активдүү заттарды өз алдынча биосинтездей алышат. Бир нече витаминдер микрофлора менен өндүрүлөт. Кандайдыр бир витаминдердин өлчөмү ичке ичегилерде сиңирилип организм менен иштетилет. Практика көрсөткөндөй мындай витаминдерди өндүрүү булактары да малдарды витамин менен толук камсыз кыла алышпайт. Белгилей кетчүү нерсе, ички витаминдердин булактары организмдеги авитаминоздун белгилерин жоготот, бирок дефициттин (гиповитаминоздор жана витамин жетишсиздиктин оорулары) көрүнбөгөн формаларын баари бир жокко чыгара алышпайт. Гиповитаминоз малдын чоңоюушуна, көбөйүшүнө жана башка өндүрүмдүүлүктүн көрсөткүчүнө өзүнүн терс таасирин тийгизиши мүмкүн, жана гиповитаминоз малдын өлүмүн көбөйтөт, айрыкча инфекциалык оорулар аркылуу. Жашырын витамин жетишсиздик мал чарбага чоң зыянын тийгизет: тоютту сиңирүүнү азайтат, анын негизинен мал чарбанын өздүк наркы көбөйөт, малдын саны азайтат. Гиповитаминоз сүттө жана майда витаминмдердин көлөмүн азайтат. Малдардын минималдуу витаминдерге болгон зарылчылыгы бул малдардын күнүмдүк алып турган витаминдин көлөмү, ушинттип аларды витамин жетишсиздиктен сактаса болот. Оптималдуувитаминдерге болгон талабы болуп малдын эң жакшы өндүрүмдүүлүгүн , көбөйүүсүн, ден-соолугун жана тоюутту сиңирүүсүн жакшырткан витаминдердин дозировкасы деп атйтабыз. Бул витаминдердин керектелүүчү нормасын ар бир малдын турунө, группасына карай аныктап чыгыш керек. Кээбир тажрыйбаларга таянсак малдардын оптималдуу витаминдерге болгон талабы минималдуу талапка караганда бир көп эсеге чоң болуп чыккан. Малдардын витаминдерге болгон зарылчылыгы бир топ өзгөрүлүүчү факторго байланыштуу болот. Жана дагы эсепке тоюттагы болгон жаратылыш витаминдер, малды багуу шарты, инфекциялык жана башка жугуштуу оорулардын боллуусу, өндүрүмдүүлүк жана башка факторлор эске алынышы зарыл. Ылайыктуу витаминдердин көлөмүн аныктоо ар бир учурда эле мүмкүн болбогондуктан , практикада көбүно «гарантиялык кошумчалар» принципи колдонулат. 60-жылдардын аягында синтетикалык витаминдерди өндүрүүнүн химиялык технологиясы иштеп чыгарылган. Псевдо жана бета-иондордун синтездөөсүнүн технологиясы иштеп чыккандан тартып , кымбат жана дефициттүү ретинол, токоферол, нафтохинондордун өсүмдүк синтезин колдонуунун кажети жок болду. Химиялык жана нефтехимиялык сырьелордун базасында витаминдерди өндүрүүнүн көп тонналык өндүрүүсү иштеп чыккан. Мындай өнөр жайдагы өндүрүш механизмдетилген жана автоматташтырылган жабдууларды , бункерлер, автоматташтырылган дозаторлор, жана башка машина жана механизмдерди колдуну менен ишке ашат. Нымдын өлчөмү көп болгон төгүлмөлүк премикстер көгөрүп, рН тын өзгөрүүсүнө алып келет. Ошондуктан көбүнчө курук витаминдердин премикстеринин колдонуусу талап кылынат. Толук баалуу жана баланстатылган жемди өндүрүү үчүн өндүрүштө төмөнкү витаминдер колддонулат: ретинол ацетат жана ретинол пальмитат (витамин А), эргокалъциферол (витамин D2), холекальциферол (витамин D3), токоферол (витамин Е), менадион (витамин К3), тиамин (витамин В1), рибофлавин (витамин В2), пантотен кислотасын (витамин В3), холин (витамин В4), никотин кислотасын (витамин РР), пиридоксин (витамин В6), фоль кислотасы (витамин Вс или В9), цианокобаламин (витамин B12), аскорбин кислотуасы (витамин С) и биотип (витамин Н).
Малдарды тоюттандыруудагы май сиңирүүчү жана суу сиңирүүчү витаминдердин ролу. Тоюттун витаминдүүлүгү тигил же бул витаминдин өлчөмү менен мүнөздөйт жана Эл аралык бирдикте билдирилет (ЭБ). Витаминдин өлчөмү салмактык бирдикте да билдирилет (мг) 1 кг. натуралдык нымдуулуктагы тоютка эсептелген же 1 кг курук салмакта. Тоюттагы бардык витаминдер өзүнүн сиңирүүсү жана физиологиялык таасири менен айырмаланышат. Өздөрүнүн белгиси боюнча бардык витаминдер май сиңирүүчү жана суу сиңирүүчү болуп экиге бөлүнүшөт. Май сиңирүүчүлөргө А,Б,Е,К витаминдери кирет. Суу сиңирүүчүлөргө В группасындагы витаминдер жана С витамини кирет. Клеткалык алмашуу ролу боюнча витаминдер биокаталитикалык таасирге жана индуктивдик таасирге бөлүнүшөт. Биокаталитикалык таасирдүү витамимндер фермент курууда катышышат жана алардын курамынын бөлүгү болуп саналат. Аларга В жана К группасындагы витаминдер кирет. Индуктивдүү таасирлүү К витаминдерге дифференциацияны сактоочу жана клетканын структурасын бир тартипке келтирүүчү витаминдер кирет. Аларга А, В, Е жана С витаминдери кирет. 1.1 Суу сиңирүүчү витаминдердин малды тоюттандыруудагы ролу. Витамин А (ретинол). Ретинолдун малды тоюттандыруудагы ролу абдан чоң. Малдын нормалдуу өсүшүндө жана көбөйүүсүндө , эң маанилүүсү малдын организмин ар кандай ооруу козгоочу инфекцияларга туруктуулук берүүсүнө чоң өбөлгө түзөт. Витамин А нын малдын органзминдеги негизги ролу болуп белоктун витамин А менен кошулуусундагы көрүүчү пигменттин (родопсиндин) синтезинде катышат. Ал былжырлуу оболочканы бир калыбында сактап турат жана жаш малдын өсүүсүнө түрткү берет. Жаш малдарда витамин А жетишсиздик болсо алардын өсүүсүн токтотот, көз ооруусу пайда болот: авитаминоздун баштапкы стадиасында көздүн көрүүсү начарлайт(гемералопия)- бул стадияда кеч киргенде көздүн курчтугу начарлайт, аз аздан барып отуруп көздүн тышкы катмарындагы тери чордонуп, мунун негизинде кератомаляцияга айланат. Витамин А нын жетишсиздигинен бардык малдарда тышкы тери кармарында демалуу жолдорунда, тамак сиңирүү каналдарда, иштеп чыгаруу органдарында кератинизациялануу (чордонуу) боло баштайт. Витамин А нын жетишсиздигинен нерв ткандарынын өзгөрүүсү пайда болот, мындай өзгөрүүлөр кыймыл аракеттин координациясын жоготуусуна, карышууларга, параличке, булчуңдардын алсыздыгына алып келет. Ошондой эле витамин А нын жетишсиздигинен тукумсуздук пайда болот, же болбосо тукумдун алсыз, орукчан болуп төрөлүүсүнө алып келет. Көп эле жемдерде витамин А кездешпейт. сүмдүк жемиштерде провитамин А каратиноиддер бар: альфа, бета, гамма-каротин жана криптоксантин, булардан малдардын организми витамин А ны пайда кылышат. Каротин А нын витаминге айланышы ичке ичегиде болот. Малдын организмине каротиндин ашыкча түшүүсүндө каротин майлуу ткандарда, ал эми витамин А бордо сакталат. Ар бир малдын түрүнө карай каротиндин витаминге айлануусу башкача болот, муну малды тоюттандырууда эске алыш керек. Мисалы: 1 кг бета-каротин : чоң малда- 120 мкг(400 ЭБ), чочкодо- 160 мкг (533 ЭБ), койдо- 174 скг (ЭБ), атта- 167 скг (555 ЭБ), канаттууларда- 500 мкг (1667 ЭБ) витамин А га айланат. Малдардын тамак сиңирүү системасында тоютта жетиштүү өлчөмдө майдын көлөмү болсо каротин жана витамин А ны жакшы сиңирилет. Тамак сиңирүүнүн начар болуусу каротинди сиңирүүдө тосколдук кылат. Кермек даамдуу майда (м: комбикормдо) каротин жана витамин А ны бузат. Практикалык көз караш менен карасак малдар каротин жана витамин А ны денесинде сактай алышат, жана аларды үнөмдүү колдонушат. Бирок булл запастар өтө чоң эмес болушат: мисалы: көп убакыттан бери каротинге бай тоюут менен багылган уйда 3,6 г гана витамин А нын запасы бар болгон, анын 70-90% бордо, калганы майда сакталып калган. Боорунда витамин А, майда болсо каротин көп болгон. Каротиндик көлөмү ар бир тоютта ар башкача. Жаш чөптө, сапаттуу чөптө,сары жүгөрүдө жана ашкабакта, сабизде, чөптүү унда, картошка, кызылчада каротин көп болот. Малда А витамин жана каротин жетишсиздик болгон учурда бикробиологиялык тобттарды, ал эми каротин жетишсиздик болгон учурда ретинол, микровит А жана башка препораттарын беришет.
Витамин D (кальциферол). Рахитке каршы витамин D малдын организминде фосфор менен кальцийдин алмашуусу жөнгө салат. Алар ичегилердеги кальцийди сиңирүүнү активдештиришет. Витамин D нин жетишсиздигинен малдарда сөөктүн тура эмес калыптанышы, жаш малда болсо рахит пайда болушу мүмкүн, чоң малдарда остеомаляция, остеопороз, тетания пайда болот. Мындай оорулардын пайда болуусунун себеби тоютта минералдык заттардын жетишсиздигинен же болбосо витамин Бнын райиондо жок болуусунан ал заттардын сиңирүүсүнүн начардыгынан келип чыгышы мүмкүн. Малдарда остеопорос, остеомаляция (сооктөрдүн жуммшашы) оорулары пайда болушу мүмкүн. Витамин D нин жетишсиздигинен малдардын аппети өзгөрүшү мумкүн (жер, тоопурак жеп, жүн жана башка нерселерди жалоо), жаш малдарда болсо кыймыл аракети аз болуп калышы ыктымал: малдар араң ордунан туруп , аз басып калышат. Витамин D күндүн жана жарыктын негизинде малдардын терисинде пайда болот. Ошол себептен малдарда жайында бул витамин жетиштуу болот, бирок кышында витамин D нин жетишсиздиги пайда болот. Бул витаминдин жетишсздигин жоготуу үчүн ар кандай препараттарды кошумча беришет : витамин D2 и D3 түн майдаг этитмесин, видеин (D3), тривитамин ж.б.
Витамин Е (токоферол) , көбөйүүнүн, төлдөөнүн витамини деп койушат. Витамин Е нин жетишсиздиги жыныстык мүчөлөрүнүн өзгөрүшүнө турткү болуп тукумсуздука алып келет. Малды тоютандырууда Витамин Е нин жетишсиздигинен тукумдун сапаты начарлап, жыныстык клеткалардын кыймылы азайып, клеткалардын саны кемий баштайт. Витамин Е антиоксиданттык касиетке да ээ, анын эсебинен Витамин А жана каротин жакшы сиңирилет жана жакшы сакталат. Витамин Е нин жетишсиздигинен организмде ууландыруучу заттар чогулуп малдын төлдөөсүн бузуп жана булчуңдардын дистрофясын пайда кылат Витамин Е кобүнчө дандуу продуктарда жакшы сапаттагы чөптө болот. Витамин Е нин тоюттандырууда жетишсиздигинен өндүрүлгөн буудайды берише, жана ошондой эле Е витаминдүү препараттарды беришет (токоферолдун айетаты, кормовит, капсувит, гранувит, тривитамин ж.б.).
Витамин К (филлохинон). Кандын кайрылуусунда керектелүүчү витамин. Витамин К Витамин К көбүнчө жашыл жалбырактуу өсүмдүктөрдө , бедеде, өсүмдүктөрдүн тамырында, балырд, пимидордо, буурчакта бар.
2.2. Витамин К алды тоюттндыруудагы суу эритүүчү витаминдердин ролу. Бул витаминдер калыптандыруучу процесстерде катышышат, малдардын организминдеги клеткалардын биохимикалык реациясын тездетет. В витаминин группасы майлардын, белоктордун жана углеводдордун зат алмашышуусунда катышышат. Бул витаминдер айрыкча жаш малдарга, торпокторго эң керектүү витаминдер болуп саналышат. Булл витаминдердин группасынын жетишсиздиги малдын чоңойуусуна таасирин тийгизизет, жана ошондой эле дерматит, карышуу, кыймылдын бузулушуна, параличке чейин жеткизиши мүмкүн.
Витамин В1 (тиамин). Тиамин глюкозадан гликогендин келип чыгышына , фруктозадан глюкозанын келип чыгышына шарт түзөт, углеводдордун сиңирилүүсүнө жардам берет. Ошондой эле тиамин углеводдордогу майлуу кислоталардын синтезине жардам берет. Бул витаминдин жетишсиздигинен оргонизмде суу, май жана белоктордун алмашысуу начарлайт. Тиамин жашылча өсүмдүктөрдө жана чөптөрдө бар. Витамин В2 (рибофлавин). Флавин көздүн функциясында, сыныстык клеткаларда, нерв системасында, гемоглабиндин синтезинде чоң рол ойнойт. Флавин ачыткыларда, өсүмдүк ундарда көп кездешет. Малдардын флавинге болгон зарылчылыгы аба ырайына карай өзгөрүп турат. Анын зарылчылыгы ысык температурада төмөндөп, суук температурада өсөт.
Витамин В6 (пиридоксин). Пиридоксиндин малдын организмде линол ксилотасын фосфорилазыга айландырат, гликогенди ээритет. Бул витаминдин жетишсиздиги кадын составындагы гемоглабин азайат, булчуңдардын тартышуусуна, малдын чоңойуусунда чоң таасир берет.
Корутунду Азыркы мезгилде малдарды тоюттандырууда абдан көптөгөн методдор, препараттар иштелип чыгарылган, бир гана ал методдорду мал чарбасында туура колдонуу адамдардан талап кылынат. Үстүдө бир нече жолу кайталанып кеткендей ар бир витаминдин өзүнүн малды тоюттандырууда орду чоң. Бир гана витаминдин жетишсиздигинен малдарда ар кандай оорулар пайда болушу мүмкүн, малдын өлүмү көбөйүшү мүмкүн. Жаан ошондой эле малды багууда ветеринардык –санитардык эрежелерин дща сактоо негизги фактор болуп саналат.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#20 13 Июль 2014 - 02:06
Авитаминоз убагында организм А, С, Д, Е жана В тобунун витаминдерине муктаж болот. А витамини - териге байланыштуу маселелерге жооп берет, С - тез-тез суук тийүүдөн сактайт, Д - кальцийдин организмге оңой сиңирилишин камсыздайт (сөөктөрдүн,
чачтын жана тырмактын абалын жакшыртат), Е - энергия берет, В тобунун витаминдери - чарчоону жок кылат, ткандарды кислородго каныктырат,
клеткалардагы белок алмашууну жакшыртат, нерв системасын бекемдейт. Таблетка түрүндөгү витаминдер менен жашылча-жемиштеги витаминдердин баалуулугу жана пайдалуулугу жагынан эч кандай айырмасы жок.
Андыктан, дайыма А, С, Д жана С витаминдерин дайыма колдонуп турганыңыз жакшы. А витамини балыкта, каймак майда, сүттө, жумуртканын сарысында, уйдун боорунда, бөйрөгүндө, икрада болсо, В1 витамини күрүчтө, кара нанда, жаңгакта болот. С витамининин негизги булагы: жашылча-жемиштер, ит мурун, цитрус жемиштери, кара карагат, таттуу калемпир, киви. Д витамини күн нурунан сырткары: сүттө, каймак майда, жумурткада, боордо болот. Ал эми Е витамини: көк чөптөрдө, өсүмдүк майында, этте, жумурткада, сүттө бар.
Андыктан, дайыма А, С, Д жана С витаминдерин дайыма колдонуп турганыңыз жакшы. А витамини балыкта, каймак майда, сүттө, жумуртканын сарысында, уйдун боорунда, бөйрөгүндө, икрада болсо, В1 витамини күрүчтө, кара нанда, жаңгакта болот. С витамининин негизги булагы: жашылча-жемиштер, ит мурун, цитрус жемиштери, кара карагат, таттуу калемпир, киви. Д витамини күн нурунан сырткары: сүттө, каймак майда, жумурткада, боордо болот. Ал эми Е витамини: көк чөптөрдө, өсүмдүк майында, этте, жумурткада, сүттө бар.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........