Жалаң эски ырлардын текстин жазабыз... Эски ырлар тексти
#41 29 Март 2012 - 00:01
Сакта деп озун берген жалгыз сурот
Сакталуу ошол бойдон менде журот
Тиктешин тамашалап турган ондуу
Неге сен(3 жолу) туштун экен кулумсуроп
Эгерде менден башка бироо болсо
Же тытып суротунду же орттомок
Мен тытпаым куноо сенде суротто эмес
Суротун(3 жолу) журо берин кулумсуроп
Кезигип жылдардын бир жылдарында
Айрымсыз айлардын бир айларында
Кайрымсыз алып кеттин жаштыгымды
Жер чийген(3 жолу) чачтарына байладын да
#42 11 Апрель 2012 - 00:54
Билдирүүнү түзөткөн: Jyrgal_msk: 11 Апрель 2012 - 00:55
#43 25 Апрель 2012 - 16:48
#44 02 Май 2012 - 03:35
rai (30 Апрель 2009 - 10:52) жазган:
Рахма-а-а-ат
Сагындырба.
Сөзү: Жанышбек Кочкоровдуку
Обону: Жанышбек Кочкоровдуку
Сагындырба, сагынбайын,
Сени күтүп зарыгамын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Карегиңден кагылайын.
Өткөн күндү эстедиңби?
Жүрөгүмдү эзбедиңби?
Көрбөй калсам сагынчу элем,
Карагаттай көздөрүңдү.
Балбылдашың мага карап,
Өткөн күндү эске салат.
Байкатпастан келсең боло,
Атаганат, атаганат.
Жолукканда тайсалдайсың,
Сырымды мен айта албаймын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Маралдайым, аркардайым.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Карегиңден кагылайын.
Сагындырба, сагынбайын.
P.S. Bul yrdy azyrky u4urda, "Erlan Andashev" -degen yr4y jigitiviz yrdap jurot.
#45 02 Май 2012 - 03:39
Сөзү: Түмөнбай Байзаковдуку
Обону: Съездбек Искеналиевдики
Жүрөгүмдүн жарыгын,
Бир таарыныч бузабы?
Ынтымактын жалынын,
Ыксыз ушак сызабы?
Сезимдеги жылуулук,
Сөзгө келбей тоңобу?
Сүйүүдөгү сулуулук,
Өз колумдан соолуду.
Кайырма:
Ширелишкен кош жүрөк,
Шарт бөлүнүп кетеби?
Биригишкен кош тилек,
Бири-биринен кечеби?
Элесиңди мен таппай,
Жер бетине мен батпай.
Көздөгөнгө мен жетпей,
Кол кармашып мен кетпей.
Сезимдеги жылуулук,
Сөзгө келбей тоңобу?
Сүйүүдөгү сулуулук,
Өз колумдан соолуду.
Кайырма:
P.S. al emi bul yrdy Omar yrdap jurot.
#46 02 Май 2012 - 03:44
Сөзү: Кыялбек Урманбетовдуку
Обону: Эркин Мээркановдуку
Сүйүүдөн башталып бул дүйнө кулпунат,
Гүл дагы таш жарып сүйүүгө умтулат.
Деңизге теңелер сездиңби тереңин,
Чөкпөсүн кемеңер, түшүрбө желегин.
Сүйбөсөң сен эгер жашадым дебегин.
Кайырма:
Сүйүүсү бар күндөр керемет,
күйүп-жанып жүргөн керемет.
Баарыбызга ырыскы себелеп,
бар экени дүйнөнүн керемет.
Сүйүү жолу шакектей тегерек,
жүрөк тапсаң экен керемет.
Күйүнсөм да кеткениң неге деп,
дүйнөдө бар экениң керемет.
Бирөөлөр жаңырып ардагын тапкандай,
Бирөөлөр жаңылып арманга баткандай.
Түн келсе тооруган ишенгин ар убак,
Күн чыга жолуңан нуруна дарылап,
Сүйүүдөн ооруган сүйүүдөн айыгат.
Кайырма:
Сүйүүсү бар күндөр керемет,
күйүп-жанып жүргөн керемет.
Баарыбызга ырыскы себелеп,
бар экени дүйнөнүн керемет.
Сүйүү жолу шакектей тегерек,
жүрөк тапсаң экен керемет.
Күйүнсөм да кеткениң неге деп,
дүйнөдө бар экениң керемет.
(Bul yrdy Gulnur ap4evis yrdap jurot)
#47 02 Май 2012 - 03:52
Сөзү: М.Жангазиевдики
Обону: Б. Токтобаевдики
Күттүм сени,
Күн баткандан таң сүрүлүп атканча,
Үкү келип,
Уясынан уйкусурап жатканча.
Кайырма:
Күттүм сени,
Кайда жүрдүң?
Кимдин колун кармадың?
Эмне мынча жалдыратып,
Эмне мынча алдадың?
Күттүм сени,
Шүүдүрүмдүн тамчылары акканча.
Жеңелерим чака кармап,
Сууну көздөй басканча.
Күттүм сени, күттүм сени,
Сен да мени күтөрсүң.
Сүйгөндөрдүн кайыгына,
Калагы жок түшөрсүң.
Күттүм сени,
Күн баткандан таң сүрүлүп атканча,
Үкү келип,
Уясынан уйкусурап жатканча.
Кайырма:
( Sapar Erkebaev & Aijamal Kabylova)
#48 02 Май 2012 - 04:02
Сөзү,oбону: Ч.Сатаевдики
Эки тал көрсөң кыйбай жүр,
Элиңде жүрсөм сыйлай жүр.
Элиңден узап мен кетсем,
Эрмегим деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жаштык жалын чагыңда,
Ойноп-күлүп жалында.
Тагдыр бөлсө арга жок,
Тагдырлашым таарынба.
Таарынба, таарынба,
Көрүшкөнчө сагынба.
Сагынба, сагынба,
Кош бол эми сагынба...
Ак кайың көрсөң кыйбай жүр,
Айлыңда жүрсөм сыйлай жүр.
Айлыңдан узап мен кетсем,
Алтыным деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр,
Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр.
Жаныңдан узап мен кетсем,
Жалжалым деп ырдай жүр.
Кайырма:
( Bul yrdy, Mirbek Imanbekov yrdap jurot. )
Билдирүүнү түзөткөн: sternchen: 02 Май 2012 - 04:04
#49 03 Май 2012 - 22:06
#50 04 Май 2012 - 17:26
Jyrgal_msk (03 Май 2012 - 22:06) жазган:
Kan4a iret appak bolup alma gulu,
kan4a iret soolup tuwkon guldun buru.
Kalgan beim al guldordun daldaasynda,
kyz jandap jurgon kezin ke4e kunu.
Iiii iiii kyz jandaap jurgon kezin ke4ee kunu
iiii iiiiii
ooooo oooooo
Iwenbeim sen ulgaidyn dese maga,
sekelek kyz elemgo ke4ee gana.
Al kezde maxabatym esteep alyp,
azyr da jurogumdo syzdait jara.
Iiii azyrda jurogumdo syzdait jara
iiiii iiiiiii
oooooo ooooooo
Kairadan jaz jadyrap myna bugun,
aralap tiktep turam alma gulun.
Kaidasyn aitsan bolo amla guluuuu,
kaidasyn jurogumdun ensegeeniiii
iiiiiiiiiii kaidasyn jurogumdun ensegeniiiii
iiiiii iiiii ooooo ooooooo
iiiiiiiiiiiii oooooo ooooooooo
#51 04 Май 2012 - 17:33
#52 12 Май 2012 - 15:01
Карап-карап кайрадан сени самап,
Күттүм-күттүм, күттүм-күттүм.
Жан биргем жалгыздыктан жадап бүттүм,
бүттүм-бүттүм.
#53 12 Май 2012 - 15:34
#54 08 Июнь 2012 - 16:12
Асанкалый Керимбаев
Ай кез эле да калган таң атып.
Оо кездештик да жолдо баратып эй.
Керме каш сулуу беш көкүл,
Олдо кыялымда жаратып эй.
Өтсө экен аа деймин өмүрүм,
Олдо өзүң эле өзөм ии жанашып.
Эй артыңдан а барсам бакчага эй.
Оо артылып да алып башкагаң эй.
Жалынып сүйлөм жатыпсың,
Олдо жактырбай сени жатсада эй.
Сүйүүнүн эй күчү керемет,
Олдо жалынтат тура ий башкага.
Эй кыраңдай а акин кымча бел.
Оо кынамада толдуң көңүл бөл эй.
Арамзанын белинде анда ашуулап жайлап биздин эл эй,
Кымбатым эй сенден сурарым.
Олдо кыйып кетбей и мендей көр.
Кымбатым эй сенден сурарым,
Олдо кымбатым акин ий кыйбай жүр.
#55 09 Июнь 2012 - 00:53
#56 24 Июнь 2012 - 03:06
sternchen (02 Май 2012 - 06:02) жазган:
Сөзү,oбону: Ч.Сатаевдики
Эки тал көрсөң кыйбай жүр,
Элиңде жүрсөм сыйлай жүр.
Элиңден узап мен кетсем,
Эрмегим деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жаштык жалын чагыңда,
Ойноп-күлүп жалында.
Тагдыр бөлсө арга жок,
Тагдырлашым таарынба.
Таарынба, таарынба,
Көрүшкөнчө сагынба.
Сагынба, сагынба,
Кош бол эми сагынба...
Ак кайың көрсөң кыйбай жүр,
Айлыңда жүрсөм сыйлай жүр.
Айлыңдан узап мен кетсем,
Алтыным деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр,
Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр.
Жаныңдан узап мен кетсем,
Жалжалым деп ырдай жүр.
Кайырма:
( Bul yrdy, Mirbek Imanbekov yrdap jurot. )
Salam!
ay bul irdi OMAR irdap jurso kerek. maga abdan taanish ir da antkeni, ayilda baykem kizimtal bolo tushkondo ushul irdi sozolontup kalchu ele.
#57 25 Июнь 2012 - 02:41
Аюлар уктап жатканда
Эшектер бийлеп атканда
бир эшекти мен имип
атып чыктым асманга
ары-бери басканда
досторум журот асманда
магнитафон которуп
жур деди досум уйуно
бара бердим суйуно
досум шифонер туйуно
аяшты байлап койюптур
арак берип мас кылып
кууп чыкты уйунон
ыргып чыктым дектерип
жерге туштумсекирип
ошондон бери мен журом
аяшыман бекинип
#58 25 Июнь 2012 - 02:49
Олтурам жалгыз карангы тундо
элестеп кетет суйгонум козго
уккула достор ыр ырдап берем___
озумдун суйгон бир кыз жонундо__(2-жолу)
досторум да бар душманым да бар
досторум укса мени аяшат
оз суйгонуно жетпей калды деп__
душманым укса дабасы канат____(2-жолу)
чындыгын айтсам мен сени суйгом
жангыз сен учун от болуп куйгом
акыры бир тун башынды чайкап___
аттин ай неге адаштын беле______(2-жолу)
#59 25 Июнь 2012 - 03:07
кутусуз жалгыздыктан откон кун козго элестеп
окутто калып келем бир жолу кайрылбайт деп
озунду белек кылып бир жолу кайрылбадын
сен менен откон кунгоа а бирок кайгырбаймын
элесин ак-куу болуп алыстап учуп барат
ар-куну сени кутом сагынып жолун карап
бульбульдоп улам-улам сен менден алыстайсын
эстесем сага берген гулдор-гулдорум соолугансыйт
сен менен откон кунго эч качан кайгырбаймын((экинчисинде))
эч качан койгум келбейт кунону махабатка
жалынып тосуп алам сурнам кайрылчы артка
суйбогон эч-бир адам суйуунун баркын билбейт
ажырап ак-суйуумдон окутто калгым келбейт
ажырап аксуйуумдон журоктон жалын кетпейт(очпойт)
#60 25 Июнь 2012 - 07:57
Суйкайып тоо башынан тан атканда.
жылуулук бизге карай баратканда.
жылыткан илебине кучак жайып.
жылдызын карегинден жанат мага.
Балкыган чолпон жылдыз батарында.
пардасын жарык дуйно ачарында.
кымбат жок сенден болок,кантсем дагы,
кыялбайм озун турсан катарымда.
Коштоштук,кобурашпай шыбырашып.
кол уздук эриндерди кыбыраттып.
жатталып калды менде ошондогу.
жатамын азыр мына ырга айлантып.