Сактан дейбиз бирок ар бир адам атайын какайын дебейт аны билебиз.Бир жолу балам конфет жеп жутуп алды,тамагына туруп калды,ары же бери эмес.Ийй кудай чапкыласам да кетпейт,ыйлап жүрөм жолдошум чыгарды,мен калчылдап эле отуруп калдым,эң жаман акыбал экен жардам бере албай айланчыктап калсаң муундарым калчылдап.Дагы көптөгөн окуяларды билем,аябай корком.Негизи биринчи жардам кандай кылыш керек?Баарынан да этке какаганда өлүп калат деп да уктум,мүмкүн баарыбызга кереги тиер.
Баракча 1 - 1
Какап калганда (же тамакка бир нерсе туруп калса) биринчи жардам? Эң үрөйдү учурган учур,кудай сактасын
#2 07 Май 2012 - 11:18
Ажал келсе 1 тоголок куручко деле какап олуп калгандарды уккам. Мага окшоп шашып-бушуп жегендерди кудай озу сактасын. Озумдун практикамда андай учурда суу ууртайм, жакшылап дем алганга аракет кылам.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#3 07 Май 2012 - 18:38
aminali (07 Май 2012 - 06:18) жазган:
Сактан дейбиз бирок ар бир адам атайын какайын дебейт аны билебиз.Бир жолу балам конфет жеп жутуп алды,тамагына туруп калды,ары же бери эмес.Ийй кудай чапкыласам да кетпейт,ыйлап жүрөм жолдошум чыгарды,мен калчылдап эле отуруп калдым,эң жаман акыбал экен жардам бере албай айланчыктап калсаң муундарым калчылдап.Дагы көптөгөн окуяларды билем,аябай корком.Негизи биринчи жардам кандай кылыш керек?Баарынан да этке какаганда өлүп калат деп да уктум,мүмкүн баарыбызга кереги тиер.
ооздо 2 тутук бар, бироосунон тамак кетет бироосунон аба кетет.
эгер аба кеткен жакка тамак кетип калса адам какап кетет. Бул деген Кудайдын биздин организмге салып койгон бир керемети. Аба кеткен канал менен кирген аба опкого барып жетет. Ошол жакка тамак кирип кетсе, аба жетпей калат, опкого туруп калса анда ириндеп кетет опконуз. Ошондуктан аба кеткен тутукко же каналга абадан башка бир нерсе кирип кетсе адам жотолот, какайт. Грип болуп ооруган адам да жотолот, себеби тамагындагы ирин аба кеткен каналга тушот да, организм аны жотол аркылуу опкого кетишин алдын алат...
Жаш балдар какап кетсе, менин билишимче, башым томон кылып туруп арт жагына уруш керек. Эгер башын томон кылбай урсаныз, анда тетирисинче тамакты опко жакка жибергени жардам берген болосуз. Чон адам какап кеткенде башын томон кылып энкейип, анан артына чабат/урат. Отургучка 2 буктолуп энкейсе болот.
#4 07 Май 2012 - 20:10
Өткөндө жер жаңгак жеп жатып,каткырып жиберип өлүп калай жаздагам дем жетпей суу ичкенге ал жок десең дем жетпей,сууга чөгүп жаткан кишидей болуп ошондон кийин жебей да калдым ай..
#5 07 Май 2012 - 20:40
Эгерде бала бир нерсеге какап калган болсо,баланы алдыңызга алып,бетин ылдый каратып артына 5 жолу уруу зарыл.Эч качан баланын оозундагы нерсени колду салып алууга аракеттенбеш керек себеби,андан да нары тамака такалышына түрткү болот.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#6 14 Июнь 2015 - 12:12
Какап же тамака бир деме туруп калганда мен кобунчо тилин чыгарып тартын кашыктын артын салып тилдин тор жагын басам тыгылган нерсе чыгып кетет
Баракча 1 - 1