Суперстан: Чынгыз Айтматов - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чынгыз Айтматов белгилуу жана белгисиз чыгармалары тууралуу ойлорду ортого салабыз

#61 Пользователь офлайн   Likvidator   17 Октябрь 2011 - 23:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын суйуп окуйм . Кайра-кайра окусам да тажабайм. Ушунчалык жеткиликтуу кылып жазган. Чынгыз абаны мен келечекти коро билген даанышман адам - деп ойлойм. Кассандра тамгасында жазылган адам затынын башына келуучу койгойлорду так, даана жазып кеткен . Коп жылдар мурда жазылган чыгармасындагы адам затынын башына келген койгойлор азыркы заманда башталып жатат .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Октябрь 2011 - 16:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

" Чынгыз Айтматов" темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   azamat1992kg   09 Ноябрь 2011 - 12:33

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Чыңгыз Айтматов — азыркы доордун көркөм сөз чеберлеринин ири өкүлү, саясий турмушка активдүү аралашкан ишмер. Анын калеминен жаралган прозалык, публицистикалык жана драмалык чыгармалар кыргыз адабиятынын ургаалдуу өнүгүшүнүн кийинки бийиктиктерин белгилейт. Анын адабиятка болгон йшкысы 50-жылдарда Бишкектеги айылчарба институтунда окуп жүргөндө эле ойгонуп, мазмуну жана формасы жагынан да айырмаланган бир канчалаган аңгемелерди жазат.

Чынгыз Айтматовго дүйнөлүк кадырбарк алып келген, анын новаторлук калеминен жаралган 60—70 – жылдарда жазылган «Бетме-Бет», «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым, Гүлсары», «Ак кеме», «Эрте келген турналар» аттуу повесттери болду. Кийинки мезгилде жазуучу роман жанрынын үстүндө ийгиликтүү эмгектенип, «Кылым карыткан бир күн» (1980), «Кыямат» (1986) жана «Кассандра тамгасы» (1995) аттуу чыгармаларды жарыялады. Анын чыгармачылыгына коомдун орчундуу саясий, социалдык жана нравалык проблемаларынын курч коюлушу, интеллектуалдуулук, жалпы адамзаттык маселелердин философиялык өнүттө чечилиши, адам баласынын жан дүйнөсүн ичкериден психологиялык талдоолордон өткөрүшү жана жалпылоосу мүнөздүү.

Чынгыз Айтматовдун эпосу лиризм менен драматизмдин, трагизм менен романтизмдин өз ара байланыштарына негизделген. Анда мифология, дин, фантастика, көркөм шарттуулук жана сүрөттөөнүн катаал реализми эришаркак жашайт

Чынгыз Айтматовдун драматургдук өнөрү анын « Фудзиямадагы кадыр түн» (К. Мухаммеджанов менен бирдикте) драмасында жана өздүк повесттерин кино тасма үчүн сценарийлерин жазуудан көрүнгон. Ал очерктер, публицистикалык жана адабий сын макалалардын чебери да болуп эсептелет. Чынгыз Айтматов Кыргыз Эл Жазуучусу (1968), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Лениндик сыйлыктын лауреаты (1963), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968; 1979; 1983), Республикалык Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1976), Кыргыз Республикасынын Баатыры (1997), Германиянын искусство Академиясынын мүчөкорреспонденти (1978), Париждеги Европа. илимдер, искусство жана адабият Академиясынын академиги (1983), Стокгольмдогу Бүткүл дүйнөлүк илимдер, искусство Академиясынын академиги (1987) болуп шайланган.
Чынгыз Айтматов 10-июнда 2008-жылы Германиянын Нюрнберг шаарында даарыланып жатып каза болгон.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: chyngyz.jpg
  • Прикрепленное изображение: chyngyz-aytmatov.jpg

Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Жолоочу_nnnnn_* 09 Ноябрь 2011 - 14:36

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения shygirl07 (08 Октябрь 2011 - 16:38) жазган:

hmm Jamiyla chyndygynda ele jakshy chygarma, birok Jamiyla chynygy tunuk suyuusun saktay alganby?
Al kuyoosuno tunuk suyuusun arnagandygy uchun aga turmuska chyksa kerek, birok any tashtap Daniyar menen ketip kaldy go?...

жок ал тунук суйуусун садыка арнабаган,кыз куумайда садык жамийладан женилгени учун намысына чыдабай ала качып келе берген,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   shygirl07   09 Ноябрь 2011 - 16:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 172
  • Катталган: 21 Июнь 11
  • Соңку аракети: 01 Июн 2017 17:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Isik Koldun jeegi

Просмотр сообщения nnnnn (09 Ноябрь 2011 - 14:36) жазган:

жок ал тунук суйуусун садыка арнабаган,кыз куумайда садык жамийладан женилгени учун намысына чыдабай ала качып келе берген,


Makul tunuk suyuusun arnabasyn, birok ala kachyp da bolso akiri al Sadikka turmushka chykty da, suyso da suyboso da, al anyn omurluk joldoshu boldu. Bu jerde al uy-bulooluk namysty korgoboy bashka menen ketip kaldi go.
Mekenim - Kyrgyzstan!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   shygirl07   09 Ноябрь 2011 - 16:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 172
  • Катталган: 21 Июнь 11
  • Соңку аракети: 01 Июн 2017 17:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Isik Koldun jeegi

Chyngyz Aymatovdun "Ak Keme" chygarmasyndagy Momun chaldyn aty emnege "Momun" dep oyloysuz? Kim kanday oyloyt?
Mekenim - Kyrgyzstan!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   azamat1992kg   14 Ноябрь 2011 - 14:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

«ЖАМИЙЛА» ПОВЕСТИНЕН 1. Август түндөрү

Ошонун эртесинде күндөгүдөй станцияга келип, кашкарайганда кайра айылга жол тарттык. Данияр алдыбызда кетип бара жаткан. Анын таарынчысы, ызасы жазылдыбы биле алган жокпуз. Аны билүү да кыйын эле. Ортобузда эчтеке болбогонсуп, Данияр мурдагыдай эле бир сырдуу, токтоо мүнөз. Болгондо, кечээ ал жаратын аябай эле кокустатып алса керек, демейдегиден катуураак аксап, өзгөчө кап көтөргөндө кыйналып жүрдү. Ал эчтеке дебесе да, ушунун өзү, биз күнөөлүү экенибизди бассактурсак да эске салып, көңүл оорутту: Деги эмнеси болсо да, Данияр бир ооз тамашалап, күлүп койсо, ушуну менен бардыгы өз жайына келип, унутулуп да калат эле.

Жамийла болсо, ал дагы өз намысын бербейт, оюнда эчтеке жоктой сыр алдырбай, күлүмүш болуп, сыртынан жайдары. Ушинткени менен нары жагында капаланып, кайгы чеккени сезилип эле турду.
Мына ушинтип, биз айылга кетип бара жаттык. Чиркин, ошол күнкү түн бөтөнчө жаратылгансып, эң эле көрктүү болду.
Ким билбейт, жайдын толгон кезиндеги август түндөрүн! Асмандагы жылдыздар алыста турганы менен ар бири өңүнө чыгып, алаканга салгандай ар бири өзүнчө нур төгүп, чет четинен бүлбүлдөгөн күмүш кыроо чалып, асмандын тиги каптал, бу капталына жайнап кири жок жадырап карашат.
Жылдыздар ушинтип толгондо, биз капчыгай аралап келе жатканбыз. Аттар салкынданып, үйдү көздөй көңүлдүү жортууда. Араба качыркучур дүңгүрөп, ташка тийген такалардан учкун чагылат. Капчыгайга сырттан келе берген сыдырым талаанын алда кайсы жеринен бүрдөгөн эрмендин кермек ачуу чаңын учуруп, аңызда шамалдап жаткан самандын билинер билинбес коңур жытын лепилдетип, жол катары шыралжын буруксуп, адамды эңгидеңги мас кылгансыйт. Жол үстүнө үңүлгөн аскалар кыйгач көлөкө таштап, нары сайдагы бадалдын арасында Күркүрөө жаны тынбай алдастайт. Тээ артта калган темир жолдо поезддер көпүрөдө нары өтүп, бери өткөн сайын жаңырык ээрчитип, гудокторду алыскаалыска созолонтот.

Ушундай түндө жол жүргөн кандай жакшы! Караңгыда термелген аттардын жондорун карап отурсаң, ушул түнкү дабыштарга кулак салып, ушул түнкү жыттарга мас болсоң кандай жыргал!
Жамийла ошондо менин алдымда кетип бара жаткан. Тизгиндерди бош кою берип, ал эки жагына көз сала, акырын гана кыңылдап ырдамыш болот. Биздин унчукпай, сүйлөбөй келе жатканыбыз анын көңүлүн басынтып жатты. Мен аны билип эле турдум. Чын эле ушундай түндө да унчукпай коюш болобу! Адам деген тилдүү, жандуу болсо, анан табийгаттын ушул көрүнүшүнө жооп бербейби?

2. Сырдуу жана кереметтүү обон
Адегенде Данияр мурункудай эле үнү кысталып батына бербей акырын баштады. Бирок, барабара үнү улам ичтен күч алып, арышын кең таштап, чабыты толгондо, капчыгай ичи баштан аяк жаңырып, алыскы аскалар Даниярдын обонун экиүч кайтара улантып жатты. Анын үнү дагы да чыйралып күчөй берди. Ошондо шаңшып созолонгон үнү гана эмес. Даниярдын обонунда болгон жалын менен чексиз мээрим адамды таң калтырып жакасын карматты. Ушунун өзү эмне экенин, аны эмне деп айтарымды билбедим: ырчынын көмөкөйүнөн чыккан үн элеби, же болбосо андан башка, жүрөктүн өзүнөн оргуп төгүлгөн дагы бир нерсе барбы? Ал өзү эмне, ал эмне адамдын жанын эргитип ойкыялын ойготкон? Азыр да айта албайм.
Атаганат, колдон келсе кагазга жазып отурбай, бул укмуштуу обондун өзүн салып берсем кана!
Анын ыры сөзү жок эле үн менен обон. Андасанда гана бир ооз сөз айтып коюп, анан бир топко чейин жөн эле үн салып демин тартпай безеленет. Деңиздин толкуну удургуп каптагандай төктүрмө обон ташынып, анын сөз айтууга чамасын келтирбей жатты. Бала болуп мен мындайды эч качан угалек элем. Бул бир өзүнчө тубаса үн, тубаса обон. Жүрөгү зор адамдын ойсанаасын, кубанычын, тилегин баяндаган зор обон. Ал кыргызчага, казакчага да окшобойт, бирок тыңшап отурсаң, бул обондо байыртан бир боордош кыргыз менен казактын тандалган төл обондору ширетилип кошулгандай туюлат. Обон, бирде, казактын учкыйыры жок ай талаасындай, кененагымда жайкалып көйкөлсө, бирде кыргыздын зоокалуу тоолорундай, бийик заңгырап көкөлөйт. «Капырай, — деп жаттым мен. — Данияр ушундай экен да? Капырай, анын мындайы кимдин оюнда бар эле?».

Капчыгайды басып өтүп, жолу даңгыр, жайкалган өзөнгө чыкканда, Даниярдын ыры көкүрөк черин жазып, жаңы күч менен талпынды. Өмүрү угуп көрбөгөн кереметтүү обондор, биринебири куюлушуп, биринен бири өтүп алмашууда. Даниярга бүгүн эмне болгонун түшүнбөй жаттым. Так ушул бүгүн, так ушу саатта айкүнү жеткендей, ичтеги бук болуп камалган бардык сырын, байлыгын Данияр мына азыр ачыкка чыгарып, алтын чачыладай төгүп берди. Мына эми гана мен Даниярдын эмне үчүн маңыроо сыяктанып, элге күлкү болуп жүргөнүн, эмне үчүн кечкурунда кароол дөбөгө чыгып барып, өзү жалгыз кыялга батып отурганын, эмне үчүн шаркырап ташынган суунун боюна түнөп жүргөнүн, эмне үчүн кандайдыр угулар угулбас дабыштарды тыңшагансып, ошондо кашы өйдө серпилип, көзү кубанычка толгонун, мына эми гана бир чети түшүнгөнсүдүм. Бул адам, жүрөгүнө чоң сүйүү алып жүргөн адам! Анын бул сүйүүсү, менин оюмча, канчалык ысык көрүп, шыгы түшкөн жалгыз бирөөгө гана арналган сүйүү эмес, кандайдыр андан да зор, андан да алп, турмушжашоонун өзүнө, жан берип, жан жараткан ааламдай жерге, жарык дүйнөгө болгон өлчөмү жок чоң сүйүү! Көрсө, ал ушул сүйүүнү көкүрөгүнө сактап өчүрбөй, ошону менен жашаган адам экен. Эгерде андай эмес башка болсо, эгерде ал дити супсак, жүрөгү муз болсо, жаратылыш аны кандай гана таңдайы жок обончу кылбасын, ал азыр минтип ырдай албайт эле.

Даниярдын обону ушул кезде түнкү өзөндүн үстүнөн жайыла каалгып, көзү илинип, мемиреп бара жаткан кең талаанын бешигин алдейлеп терметкендей, алыска жумшак созолонуп, акырындап өчөрүндө жаңыдан безелене үн алып, талыкшып уюган жерди кайра ойготуп, уйкусун ачат. Өзү дем берип, өзү жараткан ырчыны ойгонгон албан талаа кулак салып, тыңшап жатты. Тигине арык бойлой жарданып, орок күткөн эгиндер ай жарыгына күүгүм көлөкө ойнотуп, үстүүстүнөн көлкүлдөп ыргалат. Жолдон окчун жерде эски тегирмендин кыркалакей теректери жалбырак дирилдетип, алда эмнени угузбай шыбырашкансыйт. Суунун аркы маңдайында, белесбелесте кырманчылар от жагышып, эртеңки көжөсүн кайнатууда. Тигине, кимдир бирөө алда кандай иш менен шашылып, кокту бойлой далбалаңдап, кыштакты көздөй чаап бара жатат. Алдыда кыштактын бакдарагы дүпүйүп, андан келген жел эзилип бышкан алманын ширесин, сото кучактап гүлдөгөн жүгөрүнүн балыртаттуу дүмбүл жытына, короолордо жайылган тезектердин жылуу демине аралашып, аңкытат.

Данияр дагы көпкө чейин обон салып, ырдап келди. Чалкыган август түнү аны тыңшап, обонго арбалгандай терең тынчтыкта уюп магдырады. Ал түгүл аттар да арабаларды жай терметип, жай басышты.

Мына ушинтип, адамдын денесин балкыта, толукшуп ырдап келе жаткан Данияр бир убакытта үнүн бийик закымдата келип, ырын чорт токтотту да, аттарга аласала камчы уруп, айдап жөнөдү. Менин оюмда, Жамийла дагы анын артынан түшөт экен деп, тизгиндерин жыйып, алардын соңунан калбай утурламак болдум. Бирок Жамийла козголуп да койгон жок. Башын бир жагына кыйшайткан калыбында терең кыялга чөгүп, нес болгон сыяктуу ошол бойдон былк этпей отура берди. Обондун абада калган учкундары дагы эле көкөлөп жүргөндөй, Жамийла аны сыйкырланып тыңшагансыйт.


Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Aydashka   12 Декабрь 2011 - 19:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Ааламга атагы чыккан кыргыз залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун бугун туулган куну,козу тируу болгонунда 83жашка чыкмак экен...

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: ×ûíãûç Àéòìàòîâ.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 12 Декабрь 2011 - 19:27

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Debi   09 Апрель 2012 - 21:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

«Кассандра эн тамгасы» каккан доолбас

Алгач роман орус тилинде 1994-жылы "Знамя" (1994, № 2) журналына жарыяланган. Кыргыз тилинде Мырзаян Төлөмүшовдун котормосунда өзүнчө китеп болуп 1996-жылы (Бишкек: "Кыргызстан" , 1996) жарык көргөн.
Улуу жазуучу чыгармага эпиграф кылып байыркы грек мифологиясынан бир үзүм жана Библия китебинин бир аятын алган.
Кассандра* Аполлондун махабатын четке кагат, ошондо Аполлон Кассандраны каарына алып, анын көзү ачыктык менен айткандарын эч ким ишенгис кылып салат...
(Байыркы грек мифологиясынан)

Жарыкчылыкка али келбеген, Асман алдында жасалып жаткан арам иштерди көрбөгөн жан гана тигил экөөнөн бактылуу.
(Насаатчы)

Ал эми чыгарманын алгачкы саптарын жазуучу Инжил китебиндеги Сөз жана Сөздүн күчү тууралуу купуя баалуу сыр катылган аяттарга негиздеген.
Бул сапар да баягыдай иш айтылган Сөздөн, Сөздүн өзүнөн башталды*. Ооба, баягы качандыр бир болуп кеткен дүйнөгө маалым түбөлүктүү сюжеттегидей болду.
Анан кийинки окуялардын баардыгы ошол айтылган Сөздөн келип чыкпадыбы..
.
Мындай киришүүсүнөн дээрлик бардык чыгармалары менен коомдогу көйгөйлөрдүн бутасына тийип келген Айтматов, бул чыгармасында бүткүл аалам алкагында, бүтүндөй адамзаттын көйгөйүн козгогонунан кабар алууга болот. Бул жолу да чебер сүрөткер бутага жазбай тийген.
Американын Нью-Йорк шаарында "баардык континенттерде ойду ойготуучу" деген атак алган "Трибюн" гезити мурда бир да басма сөздүн, бир да маалымат каражатынын тажрыйбасында болуп көрбөгөн, дегеле бүткүл адамзатынын тарыхында болуп көрбөгөн ишти кылууга батынды. Өзүн космостук монах Филофей деп атаган, космосто жашоо өткөрүп жаткан адамдан Трибюн гезитине факс аркылуу Рим папасына жолдонгон кат келген. Илимпоздук ишмердигинде көптөгөн чоң ачылыштарды жасаган бул атактуу адам жашоосундагы чоң бурулуштан кийин, аялдын боюна жаңыдан бүткөн түйүлдүктүн энесинин чекесинде пайда боло турган кичинекей так аркылуу бул дүйнөгө төрөлгүсү келбей тургандыгын маалымдаган жөндөмдүүлүгүн ачкан. Ал так Филофей космостон жиберип тура турган тапкыч нурлардын жардамы менен көрүнмөк. Ооба, бул фантастика. Бирок жазуучу фантастиканын жардамы менен айткан ачуу чындыктар – бузуктугун тынбай улантып келаткан адамдар өздөрүнө өздөрү акыр заман алып келаткандарын эскертип, дүйнөгө кагылган доолбас деп кабыл алдым. Түйүлдүктүн бул дүйнөгө келгенде тартар азабын алдын ала сезип, туулуудан баш тартуусу бул дүйнөнүн жамандыкка канчалык толгонунан кабар берет. А дүйнөнү жамандыкка толтуруп жаткан, Айтматов белгилегендей, жер үстүндө акыл эске ээ жападан жалгыз жандык болгон адам баласы экени айкын. Мына ошол адам баласынын тукуму уланышы менен бул тирүүлүк жүрүп турат. Бирок адам тукумунда жамандык гана басымдуулук кылып калса, бул тирүүлүктүн жүрүп турушунун маңызы түгөнмөк. Эми алардын жаңыдан бойго бүткөн түйүлдүктөрүнүн бул дүйнөгө келбейбиз деген билдирүүсү, бул жер үстүндө адам баласынын тукуму уланбай калат дегенди билдирмек. Ушунун өзү дүйнөнүн акырын негиздеп турат. Айтматов «Кассандра эн тамгасы» деп атаган, бойкат аялдын чекесинде пайда болуучу так акыр замандын кабары эмес эле, акыр заманды алдын алуу үчүн ырайым менен берилген эскертүү болчу. Башкы каарман – космостук монах Филофейдин катында муну ырастаган мына бул саптар бар:
…мүмкүн, Жараткандын өзүнүн эрки жана буйругу менен жаралган идеяларды назарыңызды бөлүп, угуп коюңуз.

Дүйнөнүн ала салчу маалы келди.. .

Тээ Адам-ата, Обо-энеден бери мурастап келаткан жашоо калыбынын колдон чыгып кеткен туруктуулугунун орду эмне менен толтурулат?

…суроо туулат: качан болсо пайда гана көздөгөн жана түгөнгүс боорукерлигин нысапсыз пайдалануу менен, дилибизде үмүт дубасын кайталап, эң жогорку гарант катары ишенген, Жараткандын өзүнө дайыма каршы жашашкан булар кайдан чыккан - бизде даяр турган жаман жосундардын соолгус генетикалык башаты кузгундагандар кайдан чыгышты?

Адамзатка күн мурдатан арналган Жакшылыктын энергиясын жана аны менен катар жана ага каршы Жамандыктын энергиясын эч ким өзгөртө албайт. Бирок адамда түбөлүктүүлүктүн түгөнгүс кыймылын камтыган акыл артыкчылыгы берилген, эгер ал жашоосун улантам десе, эгер цивилизациянын туу чокусуна жетем десе, анда ал өзүндөгү Жамандыкты жеңиши зарыл.

«Өзүндөгү жамандыкты жеңиши зарыл». Жазуучу өз каарманы аркылуу сунуш кылып жаткан өнүгүү жолунун өзөгү мына ушунда жатат. Филофей дагы мындай дейт:
Жок, бул өттү-кетти нерсе эмес, сөз түбөлүктүүлүк жөнүндө баратат. Түбөлүктүүлүк өзүнөн-өзү түбөлүктүү, ал эми адам түбөлүктүүлүккө өзү жетиши, түбөлүктүүлүктүн кредитин укумдан тукумга узартып олтурушу тийиш, анын жападан жалгыз жолу - адеп-ахлак жактан өзүн-өзү өркүндөтүү.

Мен дагы бир ирет билдирем, кассандро-эмбриондордун берген белгилерин аныктоо боюнча менин космостук изилдөөлөрүм - мындан ары мындай жашоого болбойт, мындан ары тукум курут болобуз, - дегенди түшүнүүгө элге жардам берүүдөн башка эч бир максат көздөбөйт.
Бирок коомчулук муну кызуу каршылык менен кабыл алышты. Филофейдин тапкыч нурлары алгачкы тактарды таба баштады. Түйүлдүктөр жарык дүйнөгө келгиси келбестигин кабарлап жатышты. Бул көрүнүш ааламга анык чуулганды салды.
Чыгармадагы дагы бир оң каарман Гарвард университетинин окумуштуусу, дээрлик өмүр бою бүгүнкүнүн жардамы менен келечекти болжолдоп, адам өмүрүнүн маңызы эмне экенинин сырын ачууга далалат кылып келе жаткан футуролог Роберт Борктун бейнесинде да жазуучу мына ушул ойлорду толуктайт. Көпчүлүктүн пикирине каршы тура, тааныган чындыгынан тайбастан, тайманбастан, ошол эле «Трибюн» гезити аркылуу футуролог буларды жазды:
Көзгө көрүнбөс генетикалык куюн көтөрүлүп, чарк айлантып жатат. Эми экөөнүн бирин жасоо керек: башкалар эмне болсо ошол болсун, өзүм аман калсам болду, деп көпчүлүгү ойлогондой, "көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин" дегенсип корккондо башын кумга катып алган төө куштун кейпин кийүү керек, же жалтанбай Теңирдин көзүн тике карап, анын элге эскертүүсүн кабыл алуу керек, анткени Теңир эскертип гана койот, бүтүмгө келүү өзүбүздөн.
Филофейдин жазгандары дүйнөнүн катасын көрсөтүп, кылмыштарын ачып, айыбын ашкерелеп тургандыктан көптөргө жакпады. Өзүн ашкере сүйүүчүлүктөн, айыбын тануудан эмес, моюнга алуудан оңолуу башталарын төшүнбөй калышты. Бүлүнгөндү бүтөөгө болгон чакырыкты бүтүндү бүлүнтүүчүдөй кабыл алышты. Кай жерде болбосун, кимдер гана болбосун орбитадагы монах Филофейдин катын, кассандра эмбриондордун каргашалуу билдирүүлөрүн гана талкуулап жатышты. Адатка айланып калгандай адамдар өздөрүнүн кыянаттыгын кимдир бирөөнүн (бул жерде кассандра эмбриондордун) көрсөтүшүн каалашкан жок. Адамдагы жамандык аны өзүндөгү жамандыкты жеңүүгө болгон чакырыкка, аны куткарууга болгон далалатка кулак салууга жөндөмсүз кылып койду.
Ашкере өзүн сүйүүчүлүктөн тумандаган көздөр өз керт башынын кызыкчылыгы үчүн, утурумдук жыргалчылыктарын түбөлүк кыйроого төлөп берип жатышкандарын сезишкен жок. Мансап дөөлөтүнө мас болуп, бийлик кумарынынын тайыздыгында камалып калган алар азыткыга жол берип, чындыкты будамайлоо менен өздөрүнө кастык кылып жатышкандыктарын сезишкен жок. Күнүмдүк жыргалчылык үчүн түбөлүк кыйроого макулдук берип жатышкандыктарын билишкен жок. Жашоодогу мына ушул чындыктарды көрсөтүү үчүн жазуучу президенттикке ат салышып жаткан Оливер Ордоктун бейнесин жараткан. Анын бийликке болгон кумарынын күчү ушунча болду, керектүү добушка ээ болуу үчүн бүтүндөй аалам деңгээлиндеги коогалаңдын доолбасын угууга жөндөмсүз болуп, канткенде шайлоочулардын ишенимине кирерин баамдоодо сак турду. Бул үчүн ал шайтандын өзү менен макулдашууга баруудан кайра тартпачудай абалда эле. Так ушуну кыйытып, жазуучу Оливер Ордок менен футуролог Роберт Борктун маегине мына муну кыстара кеткен:
Баса, сага шайтан тууралуу айтып бер-мек эмес белем.
- Шайтан тууралуу дейсиңби? Ии, ооба, эстедим. Айтсаң айтчы, ал эмне болгон шайтан экен?
- Бул бир кызык окуя. Ии дебейсиңби, жакында мен шайлоо алдындагы биринчи жолугушуумду өткөрдүм. Килейген зал жык-жыйма эл. Беш миңдей бар! Өрөпкүгөнүмдү айтпа. Программамды ортого салдым. Анан суроолор бериле баштады. Тим эле жамгырдай жаады. Эмнелерди гана сурашпады, ийнесинен жибине чейин! Кызтекелерден тартып, эл аралык мамилелерге чейин. Спортко барсызбы, үйбүлөңүз кандай, жакшы көргөн эрмегиңиз - хоббиңиз эмне, жана башка жана башкалар. Аңгыча микрофонго бирөө келе калып, мындай суроо берип турса болобу: "Мистер Ордок, сизден көптөн көп өтүнүч, айтып койсоңуз, сиздин шайтанга кандай тиешеңиз бар?" Менин оозум ачылды да калды. Зал тымтырс! - "Шайтанга дейсизби? Кайдагы шайтанды айтасыз?" - "Сизди айтам, мистер Ордок. Сиз - шайтансыз! " - "Түшүнбөдүм, кандайча?" - "Сиз, мистер Ордок, тегиңиз жактан венгрсиз. Венгер тилинде "ордог" "шайтан" дегенди билдирет! Муну эсиңизден чыгарганыңыз жарабас, мистер Ордок!" Зал күлкүдөн жарылып кете жаздады. Менден болсо алка-шалка тер кетти. Анан жанагы неме: "Кечирип коюңуз, Ордок. Мен бекеринен айтып жаткан жокмун. Мен сиздин Америкадагы барып турган белгилүү шайтан болушуңузду тилейм!" деп кошумчалап олтурбайбы. Зал дагы күлкүдөн жарыла жаздап токтоду. Муну кандай дейсиң, Роберт.
- Мунуң ойго келбес нерсе экен! Жес#### айтып берейин.


Айбааттуу ат салышуунун алдында делөөрүп турган Оливер Ордок, элди уу-дуу кылып турган Филофейдин билдирүүсү боюнча көз карашын жыйнактоодо атаандаштарынан артта калбоону көздөдү. Анчейин тыгыз мамилеси жок эски таанышы футуролог Роберт Боркко мына ушул себептен иши түшүп турган. Бул суроо боюнча эң жөндүү пикирди айтса ушул адам айта алат деп, анын шайлоо алдындагы кампаниясын жүргүзүүчүлөрдүн бири Энтони Юнгер сунуш кылган. Энтони Юнгер Роберт Боркту сыртынан иштери аркылуу таанып, терең урматтаган жаш жигит эле.
Кассандра эн тамгасы тууралуу Роберттин айтканы Оливердин ою менен төп келбеди. Азыр Оливерди кызыктырганы Роберттин айтканы, Филофейдин билдирүүсү канчалык жүйөлүү, негиздүүлүгү эмес, кандай дегенде шайлоочулардын оюндагысын таап, бул чуулгандуу маселеде добуш утуп алышы эле. Телефон аркылуу болгон ушул сүйлөшүүдө жакшы ымалалаштай сүйлөп турган Оливер, шайлоочулар менен жолугушууда ойт берип, шайлоочуларга эмне жагарын билди да, алардын алдында беделин көтөрүү үчүн, Филофей менен кошо дүйнөнүн кыянаттыгын ашкерелөөдөн кайра тартпай турган Роберт Боркту курмандык кыла берди. Эгер эртеңки күнү Ордок президент болуп калса, убайын көрүүдөн үмүттөнүп ээлигип алган шайлоо кампаниясындагы адамдар үчүн анын бул кадамы анчейин өөн учурабады. Бийлик, мансап кумарына байланбаган, абийири тирүү Энтони Юнгер гана анын бул кадамын так кесе каршы алды. Энтони үчүн талапкеринин бет жабуусу түшүп, чыныгы жүзү ачылып калды. Экөөнүн жолу бир эмес экени ага айкын болду. Андан мурда Энтони Робертке Оливер Ордоктун шайлоочулар менен жолугушуусу түз алып көрсөтүлө турган убакытты билдиргенче, Филофейдин билдирүүсү боюнча да пикирин сурап, аны менен дээрлик пикирлеш болуп чыккан эле. Оливердин бул жоругунан кийин, Энтони Юнгер көрүнөө Роберт жана Филофей тарапка өттү. Ошентип, чындыктын жактоочуларына өткүр, тайманбас дагы бирөө кошулду.
Өзүнүн беделин көтөрөм деп Оливер Ордок өздөрүнө кырсык жасап алышканын уккусу келбей удургуп турган калың элди Роберт Боркко карай айдактап койду. Роберт Борк тайсалдап чындыктан качышы керек эле, кача албаса, чындыкты бурмалай албаса өлүмгө тике чыгышы керек эле. Бирөөгө жасакерленип жагынбастан акырына чейин чындыкты жактагандардын тагдырларын кайталап, Роберт Борк селдей агылып келген элдин ур-тепкисинен курман болду. Мына ушул кадамга ал эмне болорун түшүнүп туруп барды. Көз жашын көлдөтүп турган жубайы да, андай кылба деген жок. Антпегенде Роберт Борк жасакерленип, бул өздөрүнө жаккан жалганды сүйүүчүлөргө жагынып, өң карама болсунбу? Жок, Роберт андай кыла алмак эмес. Алар жазмышка моюн сунушту. Чындыктын дагы бир курмандыгы Роберт Борк болду.
Бири бирине бейтааныш пикирлеш, ой-ниеттеш Роберт Борк менен Филофей, экөөнөн тагдыры чечилер окуянын туу чокусунда, алыс аралыктан, сырттан болсо да тааныша алышкан эле. Бул убакта телефон менен байма-бай байланышып, Роберт Боркту жана космостон Филофейди катыштырып, түз эфир уюштуруу үчүн Энтони Юнгер келе жаткан. Энтони шериктешин сактап кала албады. Канга боёлуп жаткан кезинде, көз караштар бир кездешип, коштошушту. Ошол көз караштан Энтони Борктун туу туткан ураанын өзүнө өткөрүп алгансыды.
Табият тилин түшүнгөн Айтматов көп чыгармаларында табиятка тил киргизгениндей, бул чыгармасында да окурмандарын адамзаттын башаламан, ынсапсыз бийлигинен онтоп турган табиятты тыңшаганга үндөйт. Нью-Йорк Филофейдин катынан кымкуут болуп жактан кезде, Роберт Борк океандын үстүндө Европага болгон кезектеги сапарынан келе жаткан эле. Суу үстүнө көз жүгүрткөн Роберт, капыстан кайдадыр шашылып сүзүлүп баратышкан киттердин үйүрүн даана көрүп, сүрөткө тартып калган. Киттердин үйүрүн көрүп жолдуу болгонуна бир маашырлана, ошол замат жубайы менен бөлүшкүсү келип, ага океан үстүнөн коңгуроо каккан эле. Келери менен дагы Жес#### айткысы келген эң кызык кеби ушул болгон. Европадан жолуктурган бир ак ниет адамдын киттер тууралуу айтканы Роберт үчүн абдан чоң ачылыш болгон эле. Киттердин үйүрү менен жээкке келип жан берген учурлары кездешет. Мына ушуну ал адам, адамдардын эсепсиз кыянатчылыгын эскертүүгө болгон белги катары негиздүү тшүндүрүп берген экен. Ага жан дили менен ынаган Роберт Жес#### төгүлүп-чачылып айтып берген. Анан түшүнө ошол киттер кирген. Өзү да ошол киттердин катарында кең океанда суу жиреп, каяккадыр шашылыш сүзүп бараткан. Эми өзүнүн тагдыры өзү кубаттаган гипотеза менен үндөшүп отурат.
Түз эфир Роберт Борксуз өттү. Филофей бул тирүүлүктө айтар сөзүн ошондо айтып түгөттү да, өзүнүн өмүр таржымалын, бул ачылышка кандай жол менен келгенинин баянын Энтониге табыштап, ааламга боюн таштады.
Айтматов кассандра эн тамгасы аркылуу айтып турган, дүйнөгө толуп, ташып кеткен адамдагы жеңилбеген жамандык, өзү менен кошо жүздөгөн, атургай миңдеген жамандыктарды алып келери негизги каарман Филофей – чыгаан илимпоз Андрей Крыльцовдун өмүрү менен берилген. Аны дүйнөлүк экинчи согуш учурунда балдар үйүнүн Крыльцосуна таштап кетишкендиктен ага ушундай фамилия беришкен. Энеси аны боюна немец аскерлеринин биринен бүтүрүп алгандыгына байланыштуу таштоого мажбур болгон деген божомол бар эле. Ушунун өзүндө канчалаган жамандыктар катмарланып турат?! Тизмектеп көрөлү, анын балдар үйүнүн секичесине ташталышынын себеби – анын никесиз төрөлгөндүгү. Никесиз төрөлгөндүгү болсо – энесинин бузулгандыгы. Энесинин бир беткей күнөөлөөгө болобу? Аны ушундай абалга салган согуш учурундагы турмуш, шарт деп айтууга толук себептер бар. Демек согуш себепкер. Согуш адамдагы кайсы жеңилбеген жамандыктын натыйжасы экенин ким түшүндүрүп бүтө алат? Жер планетасын талашуу, ач көздүк, мансапкорлук, бийлик кумары. А согуштун адам баласынын жашоосундагы кесепеттерин ким толук түшүндүрүп бере алат? Бейкүнөө канчалаган жандар набыт болушкан. Натыйжада канчалаган жесирлер, канчалаган жетимдер калган.
Андрей Крыльцовдун бейнеси – жамандыктан жамандык туулуп, катмарланышын көрсөткөн бейне. Кесепеттердин кесепетинен улам ал ата мээримин көргөн эмес. Анын ордуна атасынын дайынсыздыгы аны коомдон кемитип, тексиздиги аны эңшерип келген. Апасынан болсо баласын балдар үйүнүн секисине таштагандагы күрткүдө калган издер гана калган. Ата, эне деген түшүнүктөр анын жан дүйнөсүнүн жарааты болгондуктан анда ата болууну каалоо сезими болгон эмес. Жубайынын Ал аборт жасоо менен өз канынан бүткөн балдарын, өз колу менен эч коркунучсуз, өкүнүчсүз, мерездик менен өлтүрүп турган. Алар менен кошо жубайынын тагдыры менен ойногон. Анын тоңгон муздай мерез жүрөгүнөн үшүгөн жубайы, акыры андан биротоло кетип тынган. Тагдырына өчөшкөн Андрей Крыльцов өзүнө окшош тексиз адамдарды, атасыз, энесиз эле жасалма жол менен жаратууга болорун таап чыккан. Бул адам тукумунун уланышына кедергисин тийгизеби, ата-эне мээримисиз жетилген инсандар, ата-энелик жөндөмсүз муунду жаратабы? Анда адам тукумунун андан ары уланышы, адамдын укумдан-тукумга берилип келаткан адамдык касиети эмне болот? деген өңдүү суроолор аны ойлонтуп да койбогон.
Бул анын өксүгүн толтура турган жол эмес эле. Өзүнө окшогон жаралуу, аталык сезими мокок, өксүктүү нечен тагдырлардын жаралышынын, жамандыкка анын дагы чие чырмалышынын жолу эле. Айтматов кассандра эн тамгасы аркылуу каккан доолбас ушул болчу. Адамдагы жеңилбеген жамандык жамандыкты улам кеңири жайылтып, ал адамдардын генетикалык касиеттерине чейин тарап баратканын эскертип каккан доолбас эле. Бул токтоосуз акыр заманга алып келе турган жүрүш экени ырас го.
Жамандыктын чырмалышкан торунда калган Андрей Крыльцовдун капыстан туңгуюктан шоола көрүп, жан дүйнөсүнө жарык киришине Руна Лопатинанын чындык үчүн курмандыкка барышы себепкер болду. Чыгармадагы баалуу чындык мына ушул. Коммунизм идеясынын күчү солгундап, алдан тайып бараткан коммунисттик партия үчүн Андрей Крыльцовдун табылгалары табылбай турган айла болду. Крыльцов эми коммунисттерди жаратууга жогортодон көрсөтмө алды. Бул үчүн, башкача айтканда, ижарага аял керек эле. Коммунисттик өкмөт мунун да жолун табышкан. Түрмөдөгү аялдар менен келишим түзүлмөк. Келишим боюнча бир жолку жасалма боюна бүтүргөнү үчүн аял түрмөдөгү жарым мөөнөтүнөн бошомок. Эки жолкуга макул болсо, түрмөдөн толук бошонмок. Келишимдин дагы бир катаал шарты бар эле. Эгерде аял түзүлгөн келишимди бузса, жаза өтөө мөөнөтүнө дагы ошончо мөөнөт кошулмак. Жашоосуна жарыктын шооласын киргизген Руна Лопатина менен Крыльцов мына ушул иштин себеби менен жолугушту. Бирок Рунанын максаты башка эле. Ал Крыльцовго мына бул сөздөрдү айтуу үчүн гана келген: «Адамдар табият жана Жараткан буюргандай көбөйүшөбү, же азезилдин айтканындай болушу керекпи…» Адамдын көбөйүүсүнө кийлигишип, аны Жараткан койгон мыйзамдан сырт, кадимки консерва чыгаргандай иштеткени жаткан бул адамга Жаратканын эскертип коюу үчүн, өлүмдөн да жалтанбаганы, чындыкты жактоо үчүн, мөөнөтүнө мөөнөт кошулганына кайыл болуп жасаган кадамы Крыльцовду ойго салды. Ал кеткенден кийин, анын таржымалы менен таанышты. Коммунисттик партиянын атеисттик жана башка идеалогияларын сынга алгандыгы үчүн куугунтукталып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бул аял менен кыска гана жолугушуу анын жан дүйнөсүн бүтүндөй төңкөрүп, бүтүндөй өмүрүнө сарэсеп салдырды. Аял менен токтоосуз кайра жолугуу зарыл болуп турду. Өмүрүндө чындык жолунан тайып, тайымак гана турсун азыткынын анык шериги болуп жүргөнүн, көз таңуусун бирөө алып салгандай болуп даана көрүп турду. Өзүнүн өмүр жолун баяндаган жазуусунда аны ал мындай сүрөттөгөн: «Ошентип илимдин салтанатынын урматы үчүн мага чейин бир да адам кадам жасоого батынбаган жакка, баардык диндер үчүн тыюу салынган зонага кадам таштадым; босогосуна жетип, Кудай алдында таазим кылуунун ордуна, мен текеберчилик менен каалгасын тепкиледим».
Кудай алдында таазим кылуунун ордуна… илимде улуу ачылыш жасаган адам, жаратылыштын адам баласынан катылуу дагы бир сырын билгенинде анын Жаратуучусунун кеменгерлигин дагы билип, Кудай алдында таазим кылышы керектигин белгилейт алп жазуучу. Бул – Айтматов белгилеген дагы бир баалуу чындык.
Ошентип, Андрей Крыльцов өткөн өмүрүндөгү каталыктарын оңдоп, жан дүйнөсүнө жарыктын шооласын киргизген айымдын алдында да кечирим сурап, атургай, калган өмүрүн аны менен өткөргүсү келерин да мойнуна алгысы келип турду. Ошондо гана өмүрүнө маани кирип, жашоого дем алчудай болгон. Бирок Андрей Крыльцов Рунаны экинчи жолу көрө албады. Ал аялды эртеси күнү кайра алып келүүнү буюрган эле. Бирок Руна зарыгып күттүрдү да, келбеди. Жолдон качууга далалат кылганында атылып өлгөнүн кабарлашты. Жараткандын табиятына туура келбеген жол менен адам жаратууга катышпас үчүн өлүмгө бетме-бет чыккандыр. Таңсык болуп турганда тапкан асыл бермети көрөр менен көздөн кайым болгондой, мөгдөттү, мүңкүрөттү. Күчтүү көксөөсү көңүл зилдеткен күйүткө айланды. Анткен менен жолун тууралап алган илимпоз Жараткандын бул жазмышын жашоодогу кылган кыянатчылыгымдын жазасы деп кабыл алды. Руна Лопатина анын мына ушул жарыкка келишинин курмандыгы болгон болчу. Жарыкка келип, көз карашы көп маселелердин жаатында жакшы жагына аласалды. Мисал алсак, өз колу менен жүрөгү болк этпестен нечен жолу кылган аборт тууралуу ал мындай дейт: Аборт - бул атайлап киши өлтүргөнгө тете зомбулук акт, аборт "Өлтүрбө! " деген эң биринчи осуятка, Тоораттагы "Тукумдагыла жана көбөйгүлө! " деген батага түптүз карама-каршы экендиги жөнүндө көп ирет айтылган.
Романда көңүл жубаткан ой, отоо чөптөрдүн арасында чындыктын үрөнү да себилип, жемиши чыгып турары анык экендиги. Филофей кассандра тагы тууралуу билдирүүсүнүн акырында мындай деген:
Бул жандуу рухтун тирүү калышынын жолу, башка жолу жок.. .
Кассандро-эмбриондордон дароо кутулууга аракет-тенбей турган, андан баш тартпай турган эр жүрөк адамдар табыларына ишенем; бул адамдарга алиги фаталдык белгилер көп нерселерди билдирет: жашоо ыңгайы үчүн, урпактардын тагдыры үчүн баардыгынын жана ар бир адамдын жоопкерчилигин, алдыда мурда эч качан болуп көрбөгөндөй, адамдын өзү менен өзү күрөшүүсү күтөрүн айтып берет... Андай адамдар жакшы турмушка жетишет.
Мен буга ишенем.

Филофейдин ишеними акталды. Ал айткан адамдар Роберт Борк жана анын ой-ниетин улантуучу Энтони Юнгер болду. Муну менен жазуучу дүйнөдө жакшылыктын жана аны жактоочулардын бар экендигин айтат. Жазуучу ушунун улуу Сабагын - Голгофаны көрсөтүү менен сөзүн жыйынтыктайт. Голгофада чындык үчүн, жакшылык үчүн болгон өлүм, түбөлүк өмүргө, тирүүлүккө айланган эмеспи. Окурман эми өзүнүн тарабын тандап алышы керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 09 Апрель 2012 - 21:25

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   aminali   20 Апрель 2012 - 06:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

[quote name='Debi' date='08 Октябрь 2011 - 18:54' timestamp='1318092852' post='555345' ]
Тоолор кулаганданы окуганымда жарыктык киши тируу болчу. Жумуштан биринчи болугунун (убить не убить дегенге чейинкисин) аягына чыгып, каарман олуп калганына ыйлап, уйго барсам, Айтматов менен бир журналист маек куруп отурушат. Жаны эле ал киши менен "баарлашып" (Тоолор кулаганда аркылуучу) отуруп келгенге, телевизорго кирип баргым келди тим эле, ии, анан депчи. Анан журналист кичине чабалдык кылды, орусча беруу эле. Маани-шааниси жок эле суроолорду берип жаткандай, ошондон улам Айтматов да анча конулдонбой жооп берип жаткандай сезилди мага. Анан менин жаны романымды окудунузбу, ошол тууралуу соз кылгым келет эле деп калды, мен бир шыпшынам. "Мен азззыр эле буттум, Арсен Саманчин олуп калбадыбы, а сиз тируу болгонунуз кандай жакшы! Бизге коп улуу чындыктарды чагылдырган ойлорду калтырасыз дагы" дегим келгенинннн! Тиги журналист, жок окунучтуу, бирок созсуз окуйм деди. Мен болсо ичим ачышып эле калып калдым. отумдууроок болуп, Айтматов менен омурумдо бир ооз суйлошууго аракет кылсам болмок экен деп окунуп калам кээде, жон эле бироо суйлошом десе, билбейм, макул болот беле, болбойт беле.

Чыгармаларынын ичинен эн оригиналдуу деп тандоо мага оор экен. Ар бир чыгармасы озунчо оригинал го. Бирок акыркы романы болгонгобу, "Тоолор кулаганда" азыр мага жакыныраак.


"Арсен Саманчин олуп калбадыбы, а сиз тируу болгонунуз кандай жакшы! "-Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   aminali   20 Апрель 2012 - 06:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

"Тоолор кулаганда" деген чыгармасы менде бар,купуя катка жазыңыздар, бандан корком чынында. Мен дагы көпкө ойлонгом бул чыгарманы окугандан кийин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Debi   13 Май 2012 - 13:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

60 чыкканда Шекер айылындагылар менен жолугушуп, сонун кеп салып берген экен. Бая куну радиодон берди. Кыраакылыгына дагы бир жолу тан берип, таазим кылдым. Кайра курууну Октябрь революциясы менен теъ катары эле эсептоого болот дептир. Эмнени кайра куруш керек экенибизди, эмне сенейип, сенектик мезгили болуп атты эле, мен кийин араан тушундум эле. Эгемендик менен чындап эркиндикке, эркин суйлогонго, эркин ойлонгонго, ой жугуртконго багытталыптырбыз.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   hukker777   16 Май 2012 - 17:41

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 767
  • Катталган: 06 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 20:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жерде

Мага Чыңгыз Айтматовдун баардык чыгармалары жагат.
Ак сөз, асыл ой, адал иш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   historic   27 Июнь 2012 - 12:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Ак-Кеменин карыдыбы сапары?
Акбаралар каншып-улуп жатабы?
Кетти биздин ааламда жок атабыз.
Кеткен менен олбойт анын атагы.
13.06.2008
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Aziku007   27 Июнь 2012 - 12:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 623
  • Катталган: 08 Июнь 12
  • Соңку аракети: 11 Авг 2018 21:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мага Чыңгыз Айтматовдун баардык чыгармалары жагат.
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   maksatkyz   02 Июль 2012 - 13:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 275
  • Катталган: 09 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Апр 2017 12:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Залкар инсаныбыз Чынгыз Айтматов тууралуу жакшы ойлор, жакшы создор жазылыптыр. .. Чындыгында, чет олколордо Кыргыз десе Чынгызды, Чынгыз десе Кыргызды элестеткендерин ким тана алат. Чынгыз агабыз кыргыз элинин улут сыймыгы, аты тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды. Анын бардык чыгармалары мыкты жазылган дегенге толугу менен кошулам, "Дениз бойлой жорткон ала добот", "Фудзиямадагы кадыр тун" чыгармаларын кайра-кайра окугандан тажабайм...Кээ бир чыгармаларынын негизинде тартылган кинолорчу, айта берсе жакшы создор эч тугонбойт...

P.S. Эки улуу, таланттуу инсандарыбыз Чынгыз Айтматов менен Бубусайра Бейшеналиева тууралуу тартылган "Чынгыз менен Бубусайра" киносуна сын-пикирим бар...менин эле эмес, коптордун...


« Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз»

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Debi   06 Июль 2012 - 21:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения maksatkyz (02 Июль 2012 - 13:47) жазган:

Залкар инсаныбыз Чынгыз Айтматов тууралуу жакшы ойлор, жакшы создор жазылыптыр. .. Чындыгында, чет олколордо Кыргыз десе Чынгызды, Чынгыз десе Кыргызды элестеткендерин ким тана алат. Чынгыз агабыз кыргыз элинин улут сыймыгы, аты тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды. Анын бардык чыгармалары мыкты жазылган дегенге толугу менен кошулам, "Дениз бойлой жорткон ала добот", "Фудзиямадагы кадыр тун" чыгармаларын кайра-кайра окугандан тажабайм...Кээ бир чыгармаларынын негизинде тартылган кинолорчу, айта берсе жакшы создор эч тугонбойт...

P.S. Эки улуу, таланттуу инсандарыбыз Чынгыз Айтматов менен Бубусайра Бейшеналиева тууралуу тартылган "Чынгыз менен Бубусайра" киносуна сын-пикирим бар...менин эле эмес, коптордун...

Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы... Айтматовду Айтматовдой адам эле тарта алмак го деп ойлойм.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   chike87   24 Ноябрь 2012 - 22:39

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 288
  • Катталган: 22 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2012 00:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракулжа Ылай талаа ай.

Дуйно элдери Чынгыз десе кыргызды,Кыргыз десе Чынгызды тааныйт.Ч.Айтматовдун баардык чыгармалары 20-21-кылымдын шедеври .Манастан кийинки эле Чынгыз атабыз болду кыргызды тааныткан.Анын бир арманы Нобель сыйлыгына жетпей калышы болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   azamat1992kg   04 Декабрь 2012 - 13:44

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Элмирбек Иманалиевдин "Чыңгыз өлбөс болсочу" деген ырынын текстин ким билет?
Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   azamat1992kg   04 Декабрь 2012 - 15:55

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения azamat1992kg (04 Декабрь 2012 - 13:44) жазган:

Элмирбек Иманалиевдин "Чыңгыз өлбөс болсочу" деген ырынын текстин ким билет?


Элмирбек Иманалиев
ЧЫҢГЫЗ ӨЛБӨС БОЛСОЧУ!

Айтайын сөздүн чындыгын,
Азалуу болду бул кылым.
Манастан кийин кыргызым -
Мактаныч кылчу Чыңгызын:
- Айтматов Чыңгыз жаркыган
Ак таңыбыз дечү элек.
Айтылып бүтпөс дүйнөдө,
Дастаныбыз дечү элек.

Ааламда сиздей аз эле,
Алатоо болуп угулчу
Айтматов деген ат эле.
Алыскы башка өлкөдө,
Ал өзүнчө маселе..,
Тарыхты билбей кээ бир эл
Бизди,
Тааныбай калса эч эле:
Кыргыздын дебей кыргызды,
"Чынгыздын" эли дечү эле.

Эми
ошол атабызды көрө албай,
Атабыз бар дей албай
Эңгиреп турбуз кайгыдан,
Эх, арман,
Эсибизге келе албай:
Ак жамгыр - боздоп төккөндөй,
Ак бороон - улуп өткөндөй,
Алатоонун башынан
Ак мөңгү - ээрип көчкөндөй.
Атасы кетти рухтун,
Айласыз дүйнө көнгөндөй.
Ааламын калды томсоруп
Асмандан Айды бөлгөндөй.
Элибиз кыргыз кайгыда,
Эр Манас эки өлгөндөй.

Ак дайра болуп актыныз,
Ааламды жиреп бөксөрбөй.
Ордунда ушул шум дүйнө
Оо, качан турган өзгөрбөй?
Жалгандын улуу мыйзамы,
Жазмышка аалам көнгөндөй.
Көкүрөк түтөп турабыз,
Көктөн бир Күндү бөлгөндөй.
Кайгыда кыргыз элибиз,
Кан Бакай кайра өлгөндөй.
Өмүрдүн жолу бурулуш
Өзүңдү жоктоп турубуз.
Көз өткөнчө жарыктан
Көр тирликтин кулубуз.
Айрымаңыз атаке
Сиз,
Андайдан бийик турдуңуз.
Акылдын асыл жарыгын,
Адамзатына сундуңуз.
Алатоонун койнунан,
Атылып чыгып булактай,
Алп деңиздерге куйдуңуз.
Атланттын ар жагын,
Кайра,
Азия көздөй бурдуңуз.
Алтындан ордо курбастан,
Акылдан ордо курдуңуз.
Биз жүрөбүз,
Аялым, балам, тууган деп,
Сиз,
Ааламга кызмат кылдыңыз.
Атагың "кылым карыткан"
Асыл жан элең даанышман,
Өзгө эл бизден көп сүйүп,
Өзүмдүк кылып алышкан.
Күн батыштын аржагы
"Гүлсары" атка жем берип,
Күнүгө таптап багышкан,
"Жамиляны" эңсешип,
Жабыла сүйүп калышкан.
"Акбара менен Ташчайнар" ,
Аларды билет алыстан.
Кайра эми сиздей чыгабы?
Калкын тургай жеринин,
Карышкырын журтка
тааныткан.

Кээ бирөөлөр Чыкемде,
Арман жок деп ойлошоор.
Жыргалдар Чыкем көрбөгөн
Калган жок деп ойлошоор.
Акылына жараша,
Ар кимдер ар кыл болжошоор.
А бирок Чыке ким билет,
Арманды катып ичиңе…
Алыста ооруп жаттыңбы,
Алатооң кирип түшүңө?

Андагы заман шартынан,
Айдоонун жүрүп зарпынан,
Элдик батыр Төрөкул
Атакең,
Эртелеп кетип калкынан,
Энеден таалим үйрөнүп,
Эбелек кезден күүлөнүп,
Калкындан таалим үйрөнүп,
Канатың эрте күүлөнүп,
Кан күйгөн согуш маалында,
Каргадай бала чагында,
Олуя-Ата, Маймактын,
Оң түштүк чыгыш жагында,
Аскерден кара кат келип,
Апалардын көзүнө
Армандан ачуу жаш келип,
Араба тартып кеткен жер,
Карабуура дайрасын,
Какшатып бутуң кечкен жер,
Башына тоодой иш жүктөп,
Балалыгың өткөн жер,
Толгонай апа зар айтып,
Томсоруп жашын төккөн жер.
Шекер, Жийде, Чон-Капка,
Төрүң эске түшкөндүр.

Түндүгүң түрсө кыргыздар
Түртүшүп турган жылдыздар,
Арчасы айды желпиген,
Аркары булут эрчиген,
Жериң эске түшкөндүр.
Ар качан барып жүрчү элең,
Артыкча баалап сүйчү элең,
Акуусу сүзүп ойногон,
Ааламда болбогон,
Каркырадай керилген,
Кандай бейиш дедирген,
Көлүң эске түшкөндүр.
Кабыргасы ката элек,
Элиң эске түшкөндүр.

Жактырган батыш элдери
Хемунгуей, Маркезди,
Гете, Гегель, Гейнени.
Өзгөчө талант элде көп,
Өзүнчө ачтың бейнеңи.
Ааламга кеткен атагы,
Алптардын арбын катары.
Ажалга келип токтогон
Алардын дагы сапары.

Эми,
Алтындан турган дүнүйө -
Тонолгонун көргөмүн…
Акылдан курган дүнүйө -
Тонолгонун көрбөдүм!
Эл сүйбөгөн бийликтин -
Жоголгонун көргөмүн.
Эл сүйлөгөн өнөрдүн -
Жоголгонун көрбөдүм!
Ошол,
Өнөргө таазим ийгиздиң.
Өлбөстүгүң билгиздиң.
Таанылып далай элдерди
Талантың менен сүйгүздүң.
Батыш менен чыгыштын
Баары көңүл айтышты.
Орусия өлкөсү
Президент, пример
Дагы көнүл айтышты.

Жылдыз өчпөс болсочу!..
Чынгыз өлбөс болсочу!..
Кыраанынын өлгөнүн,
Кыргыз көрбөс болсочу!..


Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 23:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: