Менин гүлдөрүм
#42 02 Май 2012 - 02:21
#43 02 Май 2012 - 02:53
#44 02 Май 2012 - 16:29
aminali (02 Май 2012 - 02:21) жазган:
Мына дагы,көөөп болчу Кыргызстаныма кецем жакшы каралбай калыптыр,дагы жакшы калганы аман эсен экен.
Азаматсың aminali соонун,кооз гүлдөрүң бар экен.Kечке аракет кылдың эле,мына эми жакшы жүктөлүптөр.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#45 02 Май 2012 - 16:35
#46 04 Май 2012 - 21:06
Menin da soonun guldarum bar, buirusa bir kun juktop koiom.
Jashoo keremet, erkemden bashka ne kerek
#47 17 Май 2012 - 15:37
жаны эле отургузган гулдорумду коруп журогум ооруп келди ,жалбырактары саргайып баштаптыр,бир экоону жулуп койдум ....гул ачпайт окшойт жакында
#48 12 Июнь 2012 - 21:56
Базилика менен петрушка урук алып тигип койдум жакында жашылданып чыкканда сүрөтүн илем,азыр кичинекей.Гүл кылып көрөйүн дедим..
#49 14 Июнь 2012 - 01:11
ryspeksky (17 Май 2012 - 15:37) жазган:
жаны эле отургузган гулдорумду коруп журогум ооруп келди ,жалбырактары саргайып баштаптыр,бир экоону жулуп койдум ....гул ачпайт окшойт жакында
Сиз гүлдөрүңүз турган ордун алмаштырып көрүңүз.Себеби, кээ бир гүлдөр күндү жакшы көрөт,кээ бир тескерисинче көлөкө жакты жактырат.Анан дагы суунун көп куюлушу дагы жалбырктын саргайышына себеп болот.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#50 14 Июнь 2012 - 21:11
aote (14 Июнь 2012 - 07:55) жазган:
petruwka da gulbu?
Мага негизи челекте жап жашыл болуп турса декаративный гүл деп кабыл алып коем,өзүмдүн кыялымда.Петрушка жашылдарга кирет,базилика дагы кухняга да колдоно берем бул менин биринчи жолку практикам ошондуктан өссө суротун жуктөп коем,Кыргызстанда жок жашылчалар да бар экен аларга да эксперт жүргүзүп жатам,эгер челектерге өсүп жакшы болсо Кыргызстанга да ала барып тигейин деп..
#51 07 Август 2012 - 13:49
Бөлмө гүлдөрүнө кантип туура кам көрүү керек?
1. Гүлгө абадай эле зарыл болгон нерсе - жылуулук. Күн суук мезгилде терезенин жээгин жылуулап чаптоо зарыл. Кээ бир үйлөрдө жылуулук берүүчү батареядан чыккан жылуу илеп гүлдүн жалбырактарын кургатып, какшытып да жиберет. Ошондуктан, гүлдүн түбүнө суу куюп, жалбырактарын сүртүп тим болбостон, гүлдү сууну чачыратып сугаруу зарыл.
2. Гүлдүн өмүрүнүн узактыгы анын жарык көрүп, күн нурунан кубат алгандыгына байланыштуу. Гүл сөзсүз түрдө терезеде же жарыкка жакын атайын текчеде турушу керек. Гүлдүн жалбырактары саргарып, суу куйсаңыз деле болбой "ден соолугунун" начарлашынын бирден-бир себеби күн нурунун жетишсиздиги болуп саналат. Баскан-турганда гүлдүн жалбырактарына тийбей, ага тоскоолдук жаратпагыдай ыңгайлуу бурчка жай түзүп берүү керек.
3. Жок дегенде бир-эки жылда, чоң гүлдөрдү үч же төрт жылда бир топурагын алмаштырып туруу керектелет. Анткени, гүл улам өскөн сайын топурактагы гүл азыктана турган пайдалуу заттар азаят, дээрлик жоголот.
4. Гүл челекти өйдө көтөрүп караңыз, эгер түбүндөгү тешикчеден бир аз тамырлар агарып көрүнүп турса, демек, бул идиш ага тардык кыла баштады.
5. Гүлдү кайра отургузуу керек экенин билүүгө анын жыты да жардам берет. Суу куярда анын сабагын жыттап көрүнүз, эгер жагымсыз жыттанып, топурактын үстүңкү катмары агара баштаса, дароо башка кенен идишке отургузууну колго алыңыз.
6. Бөлмө гүлдөрүнүн топурагын алмаштурууга ыңгайлуу мезгил февраль-март- апрель айлары. Көчүрө турган гүлгө үч күн суу куйбай коёсуз. Ошондо топурак гүл челектен оңой ажыратылат. Гүлдүн тамыры менен кошо ажыратып алган топуракты сууга малып жибитип аласыз, тамыр топурактан бошогондо кененирээк башка гүл челекке отургузасыз.
7. Гүлдү өтө бийик жерге жайгаштыруу туура эмес. Бул бөлмөгө кооздук жаратканы менен өмүрүн кыскартат. Гүлдүн жалбырагы канчалык бийиктиктен эңкейип турса, анын сабагына ошончо күч келет.
8. Гүл дайым эле терезеде тура бербестен, кээде маал-маалы менен таза абага чыгып дем алуусу зарыл. Жок дегенде эки-үч жумада бир жолу бөлмө өсүмдүктөрүн сыртка алып чыгып дем алдыруу керек. Суу куюлгандан кийин үч-төрт саат убакыт сыртта турган гүлдөрдүн жыты аңкып, түсү жакшыра түшкөнүн байкасаңыз болот.
9. Жазында бөлмө гүлдөрүн кышкыга караганда эки эсе көп сугаруу керек.
10. Керамика идишинде өскөн гүлдөр башка материалдардан жасалган идиште өскөн гүлдөргө караганда көбүрөөк суу талап кылат.

#53 07 Август 2012 - 16:12
мен жаны болунуп эми гул отургуза боштадым денежный деп коет ко ошонун эки турун апамдан уурдап келип кичиней кылып отургузуп койдум эмки жулу да кобойтам буюрса гулду ооло суйом
Алга жана алга!
#54 24 Август 2012 - 10:21
Апам уйдо экенинде гулдорду карабайм апам жумушка кеткенде укмуш карап бироолордон уурдап келип отургузуп коем жакын арада суротторун илем!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#55 24 Август 2012 - 11:10
сонун тема ачыптырсыз эжеке. Биз 1жыл мурун башка уйго кочуп келдик, мурунку уйубуз аябай суук анан анча кун тийбеген учун гул остурсок эле соолуп калчу,азыркы уйубуз аябай ыссык анан гулдорду да коп кылып остуруп койгонбуз азыр аландын баары эми кичине осуп келе жатат да, анан чон болуп оссун ээ анан суротун тартып коем го. Бирок коп гулумдун атын билбейм,билгеним кактус,фикус,
алое,геран,желтая роза,доллар.
Алардын туру 15ке жетип калат, а мен гулдорго суу куйганды жакшы кором. Бирок зээриге берем
#56 25 Август 2012 - 05:53
аял болуп ушул кезге чейин гул остуро элекмин кыздар силердин билдируунорду окугандан кийин менде да гул остурууго болгон кызыгуу ойгоно баштады кенештер учун рахмат.Кандай гана соонун гулдорду остурупсунор буйурса остуром менда.
#57 25 Август 2012 - 11:20
#58 28 Август 2012 - 14:57
Aydashka (03 Октябрь 2011 - 11:14) жазган:
Урматтуу кыздар бул жерге ким гул остургонду жакшы корот жана уйундо кандай гулдор бар экенин,аларга кандай озгочо камсыз корулоору жонундо жаза кетсениздер!
Мисалы гул остуруу менин хоббилеримдин бирине кирет,аттарын баарыныкын билбейм бирок, гулдорумду коруп дайым маанайым которулуп турат.
Мисалы гул остуруу менин хоббилеримдин бирине кирет,аттарын баарыныкын билбейм бирок, гулдорумду коруп дайым маанайым которулуп турат.
мен ушул эч гул остуро албай , бирок остургон адамдарды коруп аябай суктанам.
Жашоо деген сандык экен,
Сандыкты ачасын сен умут менен!
Сандыкты ачасын сен умут менен!
#59 07 Октябрь 2012 - 04:00
Салам достор,жакында сонун гүл сатып алдым атын билбей жатам сүрөтүн эртең илем.Күндүз ылдый карап соолуган сыяктуу болуп турат экен,мен сырын билбей суу куйуп,күндүн нуруна коюп кечке убара болдум.Кечинде телевизор көрүп отурсам жалбытактары тик көтөрүлүп калыптыр,негизи өңү да сонун,жалбырагына тийсен бархат материял сыяктуу,анан да түндү жакшы көргөн кызыктуу гүл экен бир жума болду атын издеп жүрөм.
#60 07 Октябрь 2012 - 04:42
Жакында эле бир майрам болду,кеч кирип калганда майрамдоочу шаарга кирип бардык гүл саткан жерден өтүп бара жатып ушул гүлгө көңүлүм түшүп,алганды алып атын сурабай калыптырмын
.Караңгы киргенде ушундай кубулат,күндүзкүсүн эртен тартып жүктөйм.
Билдирүүнү түзөткөн: aminali: 07 Октябрь 2012 - 04:44