Бул чыгарма оз куйоосун олтуруп, анын баш соогу менен суйлошкон аял жонундо.
Алтындай болгон Айгул эженин калемине таандык
- (10 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Маскачан аял Куйоосун олтуруп, анын баш соогу менен суйлошкон аял жонундо
#2 04 Август 2012 - 16:19
МАСКАЧАН АЯЛ
Күндө базарга бөкчөңдөп келип, калган-каткан жер-жемиштердин калдыктарын чогултуп жүргөн бул кемпирди эч ким деле этибарга албайт. Ал ошого ыраазы боло, мыйыгынан жылмайып коюп, көнүмүш жумушун бүтүрүп жүрө берет. Байлыгын толтуруп бүтүп: "эми кандай неме жолугаар экен" деп ойлоп тачка чакырды эле, жумушу жок бош тургандардын бири тачкисин тарактата чуркап келди. Аны көргөн кемпир: "балакатка жетип калган тура, боло берет" деп ойлоду. Аңгыча жетип келген тачкист:
- Эне, каякка? - деди энтиге.
- Шашпа, балам, адегенде сүйлөшүп алалы, андан кийин. Менин бутум ооруйт, тачкеңе мени салып аласыңбы?
- Макул, эне, түшүңүз! Канча бересиз?!
- Жетели, анан айтканыңды берем.
- Болуптур.

#3 04 Август 2012 - 16:38
Бала кемпирди жөлөп-таяп тачкага олтургузду да жөнөп кетти, баштыгын кармап тачкада олтурган кемпир: "ушул эң акыркысы болсун, муну колдон чыгарбашым керек" - деп ойлонуп баратты. Бейшеналиева көчөсүнөн өткөндөн кийин майда көчөлөргө түшүп кетип баратып бир заңгыраган үйдүн дарбазасына келгенде токтотту да:
- Уулум, ушул жерге токто, мени түшүр! - деди өктөм. Тачкист кемпирди түшүрүп, баштыгын көтөрүп босогосуна жеткенде:
- Эне, мен кетейин жөнөтүп коюңуз тезирээк, - деди эле кемпирдин шашаар түрү жок эшигин ачып, баштыгын үйгө киргизди да:
- Куттуу үйдөн кур чыкпа балам, даам ооз тий! - дегенде тигинин чыйпыйы чыгып кетти.
- Эне, кереги жок, рахмат менин акымды эле берип коюңуз.
- Кир, кире гой, барасың да, азыр мен берем, даам ооз тийип кет!
Улуу кишинин айтып жатканынан, тынчы кетип шашып жатса да үйгө баш бакты. Эшикти аттап кире бергенде эле анын таң калганынан оозу ачылып калды. "Укмуш, кебетеси тигил, жашоосу бул, деги буга эмне керек?" деп ойлонуп эки жагын карап же өйдө өтө албай босогодо туруп калды.
Анткени, керээлден-кечке тердеп-тепчип жүк ташыган эменин байпагы жыртык, шыбоо эле. Бала аны ойлонуп туруп калганда, кемпирдин кайда кеткенин байкабай калды. "Кызык, - деп кайрадан ойлонуп кирди бала, - заңгыраган үйү турса, үй оокаты бул болсо кантип таштанды терип жүрөт, эмнеге"?
Аңгыча артынан бирөөнүн басып келе жаткан дабышы угулду. "Ии-и. ырас болду нан ооз тийип эле кетейин, кемпир нан алып келе жатса" деп артын карай салса отуз беш, кырк чамасындагы сулуучумак аял келе жатыптыр. Тачкисттин аты Кумар эле. Ал озунуп тигил аялдан сурап калды. - Эже, жанагы эненин кызы болосузбу?
- Кимди айтып жатасың?
- Бул үйдүн ээсичи!
- Аа-а ооба менин апам, эмне болду, сен кимсиң?
- Ммм-мен тачкисмин, эненин жүгүн алып келгем, акымды берсе кетет элем.
- Аа-а анда күтө тур келет, андан эч коркпо, ал сенин керек болсо күндүк тапкан акчаңды да берип койот, ал ошондой бай да, "добрый" да кемпир.
- Эже, мага ашыкча акчасынын кереги жок, өз мээнетимди берсе эле кетет элем.
- Азыр келет, андан көрө чарчаган чыгаарсың, бир аз эс алып чай ичип кет!
- Жок, жок, чай ичпейм, эмеле курсак тойгузуп алгам!
- Отура тур анда, карайын, - аял эшикке чыгып кеткенде Кумар бушайман ойго берилип олтурду, "Канча баласы бар болду экен? Эгер мен дагы минтип апамды жакшы багып, үй-жайды оңдоп алсам апамды минтип көчөгө чыгарбайт элем?"
Аңгыча сырттан кемпир эмес эле жанагы аял кирип келди да:
- Апам кайда кеткенин билбейм, ал келгенче олтуруп чай ичели, - деди да чайнек көтөрүп сыртка чыгып бара жатып, - жай эле олтур, эшикте ысык болуп турат, салкын түшкөндө деле иштегенге жетишесиң! - деди.
- Эже, сиз эле берип койо бербейсизби, эне келгиче качан, мен ысык деп олтура берсем кеч кирип калбайбы! - деп ордунан козголо бергенде тигил аял аны токтотуп койду.
- Мен бере албайм, силердин канчага баалашканыңарды мен кайдан билем?
Кумар үн дебей олтуруп буларды ойлонду. "Кете берсем окшойт иштен калбай, дагы бир жолукканда алаармын" ... Аңгыча тигил аял сырттан кирип келип Кумарга жайдары күлө сүйлөп алаксытып жатты.
- Атың ким, кайдан келгенсиң?
- Кумар, Оштукмун.
- Оштуктардын тили буруу болчу эле, сен таза сүйлөйт экенсиң.
- Ооба менин апам кыргыз, анын үстүнө биз көбүнчө апамдын төркүнүндө чоңойдук.
- Ошондой, таза сүйлөйт экенсиң.

#4 04 Август 2012 - 16:56
Аңгыча Зоя сыртка чыга калып, кайра бат эле буулана кайнап жаткан чайнекти көтөрүп кирди да сүйлөп жатып эле дасторкон жайып, тез эле аны-мунусун жайнатып жиберди.
- Менин атым Зулфия, Зоя эже дей берсең болот, кел чайдан ичип олтур! - ал ысык чайдан куюп чыныны Кумарга сунду.
Кумар ысык чыныны алды да дасторконго кол сунуп баратып, кайра колун тартып алды. Анткени, анын колу кир эле, аны байкап калган Зоя.
- Ал, ала гой, жумушта жүрсөң анан. Андан көрө мен сени баятан бери божурабай колуңду жуудуруп койбой, эчтеке эмес, - деп жайгара сүйлөп койду. Кумар нандан алып чай ичип олтуруп, ушул чыныны түгөтүп эле чыгып кетүүгө ашыгып жатты. Ал азыр ушул жерден чыга албай, алдында кандай тагдыр күтүп турганын билген да, туйган да жок, болгону айылдагы апасы менен үч жашар карындашын ойлоп, алардын жол карап, өзүн күтүп жатканын ойлогондо тынчы кетип колундагы бошогон чынысын койо салды да:
- Эже, мен кетейин, дагы бир жолугуп калсам алып алаармын, - дегенде Зоя аны токтотуп койду.
- Азыр, мынабу винодон кичине алып койсоң, жакшы иштейсиң.
Обдулуп барып олтуруп калган Кумар колуна стаканды алып ичип жиберди эле Зоя ага чай сунуп калды. Аргасы кетип чыныны Зоянын колунан алды да шашып-бушуп чайдын ысыгына карабай иче баштады. Аңгыча Зоя винодон куюп кайра Кумардын алдына стаканды коюп жатып байкатпай уйкунун дарысын салып койду да:
- Ал, Кумар, ала гой, эми сен дагы жумушуңа барасың, мунун аркасы менен жакшы иштейсиң!
Унчукпай калган Кумар жай ууртаган чайын токтотту да Зояга чынын айтты.
- Эже, мен ичпей эле коеюнчу, башым айланып жатат.
- Эчтеке болбойт, алып ий, эми сен жаш бала белең, чоң эле жигит болуп калган турбайсыңбы!
Кичине ичкенге көтөрүлө түшкөнбү, же "чоң жигит" деген сөзүнө шерденип кеттиби дагы стаканды алып туруп ичип жиберди. Зоя кытмыр жылмайып алды да акырын Кумарды сынай минтти:
- Ой, молодец, мына эми жигит болдуң!
- Башым айланып жатат... - Кумар башын мыкчып олтуруп, кыйшайып жата кетти.
Зоя дасторконун жыйып, Кумардын уктап калганына анык көзү жеткенден кийин аркы бөлмөсүнө кирип кетти. Күзгүгө келип, өзүн күзгүдөн карап турган Зоя шуу үшкүрүп алды да өзүнөн-өзү жинди болгон эмедей каткырып күлүп атып, томсоро түштү да кайрадан ыйлап кирди. Күзгүдөн өзүн көрүп, күзгү суукта үшүк алган жалбырактай бырыша баштаган беттерин эки колу менен салаалап: "Тагдырым, таалайым тайкы тура, мына бул колум менен койнумда жаткан эримдин башын кесип талаага таштабадым беле?!" деп ички бугун бир азга чыгарып алгансыган Зоя эмеле өзү шашып чечип салган кемпирдин маскасын колуна алып, көпкө карап турду да аны ары жакка ороп катып, Кумардын жанына келди.
Ал тырп этпей уктап жатыптыр. Зоя анын жанына келип жүзүнө үңүлө карап туруп, кийимин чечүүгө киришти. Ал Кумарды энеден туума жылаңач кылып туруп, анан анын денесин ырахаттана сылай көздөрүн жумуп алып, өзүнүн кийимин чече баштады.

#6 04 Август 2012 - 18:10
Моокуму канганча Кумардын үстүндө ойногон Зоя көптө барып жанталаша өпкүлөп, анан жалдырай жатып калды. Шыпты тиктеп жатканча өз башынан өткөндөрүн ойлоно кетти. "Оо, ал кез кандай гана курак эле?.." Аңгыча Кумар тирүү экенин билгизип кыймылдап ары оодарылды. Ошондо иштин тетири кетип жатканын ойлогон Зоя чоочуп кийине салды да, уктап жаткан Кумарды карап: "азыр ойгонбойт"
деп ойлоно сыртты көздөй жөнөдү. Эшик жапжарык, кечке маал болуп калган экен. Зоя: "азыр жарык экен" деп ойлонуп кайра үйүнө кирип, Кумардын жанына жата кетти.
Анын ою тачкини эптеп жоготуш керек болучу. Ал мындайга көнүп бүткөн. Ушуну менен төртүнчү тачкистти "олжолоп" тигинисине бермек. Ал келгенче мунун кийимин кийгизип жаткызып койойун деген Зоя Кумардын башына жаздык коюп, жаткызып салды. Улам эле анын башына өткөн жаш курагы, жасаган иштери келе берип, ою уйгу-туйгу болгон Зоя дагы үшкүрүнүп алды.

#7 04 Август 2012 - 18:18
Оо, анда Зоя деген кыздын артынан кимдер гана жүгүргөн жок! Өзү каратору, көздөрү жайнап карагаттай болуп ойноп тураар эле. Көп жигиттер анын көздөрүнө арбалчу. Сүйкүмдүү кыздын жылмайышы кимге жакпасын. Мектептен классташтары кат жазып артынан калчу эмес.
Ал тургай өзүнөн улуу балдар да имерчиктеп, бир сүйлөшүүгө зар болушчу. Ошентип жүрүп Зулфия мектепти бүтүп жатканда Жаныш менен таанышып калды. Ал анча-мынча жигитти карачу эмес, анткени, көп жигит өпкө-жүрөгүн чаап жүргөнүнө эле курсант болучу. Дайым эле ушинтип эркектердин көз кырында жүрөт экенмин деп ойлосо керек. Адегенде Жанышка да анча көңүл бурган жок, үзүлүп түшүп артынан ээрчип, күндө эки-үч маал жолукса кээде күлкүсү келип, кээде жини келчү...
Көрсө, ал сүйүү дегенди анда билбептир... Бара-бара Жаныш келбей кечигип калганда аны күтүп, бир нерсе жетишпей калгансып кыжаалат боло берчү. Кээде ал: "Чын эле Жанышты сүйүп калдымбы?" деп өзүнө-өзү суроо берип, бирок, суроосуна жооп таба албай алагды болуп, ою будуң-чаң болуп, токтоно албай, ал келгенде дүнүйөсү түгөл, жадырап-жайнап ага эркелей түшчү.
Аңгыча экзамен бүтүп, бүтүрүүчүлөр мектеп менен коштошуп, окууга тапшырганы окууга, айылда калганы айылда калып, убакыт билинбей зымырап өтө берди. Бир күнү Жаныш Зулфияга келди да: "Зулфия, ата-энем үйлөн деп жатат, мен сени менен сүйлөшкөнүмдү айттым, алар "макул, алып кел" дешти", - дегенде Зулфия таң кала минтти:
- Кызык, быйыл окууга тапшыра албай калдым, келерки жылы шаарга кетип, окуйм деп жатпаймынбы? ..
- Алтыным Зоя, мен сени өзүм окутуп алам, макул дечи, макул деп койчу?!
- Ата-энем эмне дейт?
- Алар эмне, баласын жамандыкка кыймак беле.
- Ошентсе деле...
- Эгер сен макул болбосоң, мен асынып өлөм, мен сени коркутуп жатканым жок, чынымды айтып жатам.
Экөө тең үнсүз жер тиктешип туруп калышты. Алар түбүндө турган дарактын жалбырактары шуудурап, эки жүрөктүн сырларын бири-бирине айтып тургандай сырдуу термелет. Зулфия көптөн кийин Жанышка күлө карады да минтти:
- Жаныш, сен антпечи, өлөм десең мен корком, антпечи.
- Сени канчалык сүйөөрүмдү, сенсиз жашай албасымды кантип билдирем? Сен мени түшүнбөй жатпайсыңбы? !
- Түшүнөм, бирок кыздардын качан өзү макул болуп алып кет дегенин уктуң эле?
Ошондо Жаныш Зулфияны жерден так көтөрө өпкүлөп жиберди.
- Мен кайдан билем, бири-бирибизди сүйсөк, анан кантип кеңешпей алып кетем, ачык айтып алып кетейин деп жүрбөймүнбү.
Жаныш андан кийин көпкө турбай коштошуп кетти да, эки күндөн кийин машина менен келип Зулфияны ала качып кетти.

#8 04 Август 2012 - 18:45
Жаныш өзү милиционер болуп иштегендиктен бир орундан эки жакка тез-тез эле которулуп турчу. Ата-энеси да абдан жакшы, түшүнүктүү адамдардан экен. Зулфия баргандан ага жумуш жасатпай кыздары эле жасайт майда жумуштарды.
Ал болсо эрте жатып, кеч туруп, өзү билип, өзү койгон эрке келин болду. Жарым жылга карап калганда Жаныш шаарга которулду да иштеп калды.
Экөө эки жакта жашап, Жаныш тез-тез келе албай эки-үч айда бир келгендиктен, ата-энеси кеңешип шаардан үй сатып беришип, экөөнү бөлүп койду. Жаныш аялга карамдуу болду, колуна тыйын тийсе эле баласындай эркелетип, базарды көздөй ээрчитип жөнөйт. Арадан билинбей жылдар өтө берди, бирок Зулфиянын боюна болбоду. Жаныш да, Зулфия да өз ичтеринен сызып бири-бирине билгизишпейт. Айрыкча Зулфия өз күнөөсүн сезгендей Жаныштын асты-үстүнө түшүп, түн бир оокумда турса да оокатын даярдап, астына калыңдап төшөк салып, көзүнүн агы менен тең айланчу болду. Ал жумушта жүргөндө арман кылып ыйлап-сыктап кудайдан бир перзент сурайт, бирок эч айла болбоду. Ошентип, арадан он жылдай өтүп кеткенде Зулфиянын апасы келип:
- Балам, Жанышты да, өзүңдү да кыйнабай ажырашып ал, - дегенде, Зулфия ыйлап:
- Мен аны айткан жок дейсиңби, айтып эле жатам, ал болбой жатпайбы.
- Кечинде жумуштан келсе мен өзүм айтам.
Ошентип. Жаныш келгенде кечки тамак ичилип бүткөндөн кийин Зулфия апасын карады. Анысы "сөздү баштай бер" дегендей болду.
- Жаныш, айланайын, Зоянын башын бошотуп кой эми, минтип төрөбөй да калды, ушунчаңарда ажырашып алгыла. Сен да өз бактыңа келгенин көрөрсүң, бул дагы...
Жаныш кайненесин таңгала бир топко карап туруп, анан минтти:
- Апа, ал эмне дегениңиз?
- Эмне дейин балам, сөзүмдү да таппай калбадымбы, сага катуу тийип калды окшойт. Эми, төрөбөй атканын айтам да, кеч боло электе сен да балалуу болушуң керек, сенин тууган-уругуң Зояны күнөөлөп жүрбөсүн.
- Жок, апа, андай болбойт, мен Зоя менен ажырашпайм!
- Өзүңөр билгиле балам.
Зулфия болсо экөөнүн сөзүн угуп олтуруп ыйлап жатты.
- Мен Зояны төрөбөйсүң деп айтпасам, ал эмнеге кетмек эле?
- Койдум, балам, койдум.
Ошол, ошол болду, кайрадан Жаныш ооз ачып сүйлөбөй жатып алды.
Чындыгында Жаныштын ата-энеси, карындаштары келген сайын эле айта берип жадаткан. Жаныш аларга:
- Эми мен аны күнөөлөп кетиришим керекпи? Төрөбөйсүң деп аны кемсинткеним туура эмес го? Жаш кезинде кандай сүйсөм азыр да Зулфияны ошондой сүйөм, төрөбөсө койсун, кетирбеймин, - деп койгон эле.
Ата-энеси өз жайына койгон. Бирок алар деле Зулфиядан өөн таба алышчу эмес. Качан болсо үйдү таза тутуп, зымырайып жүргөн Зулфиядан кемчилик тапмак тургай аны кээде аяп да кетишчү.

#9 04 Август 2012 - 22:17
Кийинки кездерде Жаныш жумушка шылтоолоп бир эки күн жоголуп кетет, баягыдай Зулфияга үзүлүп түшпөй, өзүн андан оолактатып жүрчү болуп калды. Бир нерсени сезген Зулфия ага: "Жаныш, мен эми төрөбөй калдым, эгер көңүлүңө жаккан бирөө болсо мага айтып эле жүрө бер, эгер үйлөнөм десең да каршы эмесмин!"
- деп далай жолу айтты. Ага Жаныш: "Жок, жаным, чарчап калып жатам, иш көп, эч жаман ойлобо, мен сендикмин!
" - деп акырын гана өөп койчу.
Баары бир көкүрөгүндө эч кимге айтпай жүргөн бир сыр бар экенин сезчү Зулфия. Көп ойлоп, сары санаага баткан Зулфия өзүнчө: "Баары бир кетет да, экөөбүздү бириктирчү балабыз болбогондон кийин" - деп ойлоп кыжаалат болуп жүргөндө үйүнө Жаныш менен бирге иштеген Кубан деген келип калды. Ал көптөн бери Зулфияга сөз айтып жүрчү.
- Келдим, сени эле сагынып, - ал күлүп калды.
- Байкап сүйлө, сенин да, менин да үйбүлөм бар, кокус алар билип калса...
- Эй, сен болсо ала жипти аттабай күйөөңдүн көзүн карап жүрөсүң. Ал болсо кыздардан кыздарды тандап...
- Эмне деп жатасың?! Чын эле Жаныш ошентип жүрөбү?
- Жөн эле таптаза жүрөт деп ойлоп жүрөсүңбү? Жөн жүрбөй калсын.
Зулфия андан ары эч нерсе деген да жок, үнсүз гана ызасын көз жаш аркылуу чыгарып тура берди. Кубан аны сооротуп, эптеп жакындоонун амалын кыла көзүнүн жашын өзүнүн бетаарчысын алып аарчый кетти.
- Капа болбочу, ал энеңди урайынды айткам мен, "эй келесоо, үйүңдөгү аялыңдан булардын эмнеси артык?" деп.
Зулфия эч нерсе дебеди, үнсүз гана Кубандын эркине көнүп, ал кучактай диванга олтургузганда анын көкүрөгүнө башын жөлөп өксүп ыйлап жиберди. Кубан ансайын аны сооротууга аракет кылып, кучактап олтурган калыбында чекесинен өөп да алды. Азыр Зулфияга бары бир эле.
Ал күнү ошол жерде Кубан түнөп калды. Зулфия да "кет" деген жок. Болоору болуп, боесу кангандан кийин ал ага минтти:
- Кубан, сен мага Жаныштын кайда, ким менен жүргөнүн көрсөтсөң, өз көзүм менен көрөйүн, болбосо ишенчүдөй эмесмин.
- Болуптур алтыным, сен мени таштабасаң эле болду, мен аны сага бүгүн эле көрсөтөм.
Ошол күнү Кубан Зулфияныкынан кеткенден кийин жумушуна барса Жаныш жүргөн экен. Ал ичинен жым деп алды да, учурашып күндөгүдөй эле жумушуна алаксып кетти. Түш ооп калган маалда Жаныштын машинасына бир кыздын түшүп жатканын көрдү да, акырын барып өзүнүн машинасына отуруп калды. Жаныш бөлүмдөн чыгып эле эки жагын карабай рулга олтуруп жөнөп кетти. Кубан анын артынан билгизбей кете берди. Эч нерсе оюнда жок Жаныш куйрук улап Кубандын машинасынын артынан келе жатканын элес алган да жок, тек гана тиги кыз менен бирдемелерди кызуу сүйлөшүп баратты. Ал бир кезде Академиянын арт жагындагы майда көчөгө кирип, бир бийик дарбазалуу үйдүн тушуна келгенде токтоду да, машинадан түшүп, тиги кызды эшик ачып колунан тартып чыгарып, колтуктап дарбазаны ачып кирип кетишти. Кубан машинасын артка айдап, дароо эле Зулфиянын үйүнө келди.
- Жүрү, күйөөңдү өз көзүң менен көргүң келсе азыр көрсөтөм.
- Азыр... - Зулфия жүрөгү лакылдап: "эмне кылсам экен, барсамбы же барбай эле койсомбу?" деп туруп кайра бир ою: "көрсө, көрүп келейин" деди да кийинип алып Кубандын жанына отуруп жөнөп кетти.
Заматта Жаныштын машинасы турган көчөгө жетип, далдоого токтошту да, Зулфия машинадан түшүп, дарбазага келип, коңгуроону басты. Эч ким чыкпады. Зулфия артка кайрылып жөнөй бергенде эшик ачылып, соңунан көзү-башы кара, аябай бойонгон жаш кыз көрүндү. Кылчайып бурула берген Зулфия аны карай басты. Эч нерсе билмексен боло башка эле бирөөнүн атын атап сурай кетти. Кыз кичи пейил көрүнөт, жумшак гана жооп берип билбегенин айтты. Зулфия рахмат айтып эми жөнөй бергенде босогого келип калган Жаныш артка бекине берди. Зулфия көрүп калды да, таанымаксан болуп кете берди.

#10 05 Август 2012 - 01:06
Канчалык өзүн кармап токтоолук кылган менен жүрөгү сыздап, "балам болсо минтпес эле" деп көздөрү жашка толуп, ызадан тамагы буула машинага келип олтура кетти. Ал олтураары менен Кубан айдап жөнөдү да тез эле Зулфияны үйүнө жеткирип коюп:
- Анан келем, - деп машинасын зуулдата айдаган бойдон жөнөдү. Зулфия бир ойго токтоно албай, "Эмне кылсам, же кетип эле калсамбы" , - деп ойлоп алып кайра: "Эми отуздан ашып, кыркка караганда күйөөмдөн чыгып, төркүнүмө барсам, эл эмне дейт", - деп ар кайсы ойдун башын бир ойлоп жатып уктап кетти. Эшик такылдап, коңгуроо чырылдаганынан сыртка чыкса Кубан экен. Эмнегедир аны сүйгөн жок Зулфия. Анысын билгизбей минтти:
- Кубан, сен бүгүн үйүңө баргын, балким Жаныш келип калса...
- Койсоңчу, ал жанагы ойсокесин таштап келе коймок беле, дагы деле ишенбей турасың го ээ?
- Болоору болгондон кийин мен эмне кылмак элем, бирок ал сөзсүз бүгүн келет!
- Макул, кете берем дечи, Зоя, сен мени унутпа, мен сени кандай жакшы көрөөрүмдү билесиң да ээ?
- Ооба, бүгүн бара тур. - Зулфия азыр Кубанга жини келип турду. Ал эми үйүнө барса аялына дагы "мен сени жакшы көрөм, сени аябай сүйөм" деген сөзүн ага да кайталап айтаарын ойлогондо эркектин баарын жек көрүп кетти.
Кубанды эшикке чыгарып кайра эшигин кулптап жата кеткен Зулфия ою чаржайыт боло уйкусу келбей телевизорду сайса кино болуп жатыптыр. Бир аз көрдү да ага да көңүлү чаппай, өчүрүп, эми кыңкайып жата кеткенде коңгуроо шыңгырады. "Мына, келди" деген Зулфия эшикке жетип, бирок бүткөн бою калчылдап туруп калды.
Эч ким эшикти ачпаганынан каалганы койгулап кирди эле Зулфия эшиктин илгичин чыгарып жибергенде бет маңдайында Жаныш турган эле. Зулфия унчукпай артка басып жатак бөлмөгө кирип кетти. Жаныш да эч нерсе дебей, оозгу бөлмөгө чечинип, анан Зулфиянын артынан кирди. Зулфия ушул кезде жатып алып ыйлап жаткан. Жаныш анын жанына келип кучактап жата кеткенде ого бетер буркурап жиберди.
- Койчу алтыным, койчу, ыйлабачы, мен сени баары бир сүйөм, сени эч качан колумдан чыгаргым келбейт, мени кечирип койчу, алтыным!
Зулфия ыйлап басылган баладай соолуктап көпкө отурду да:
- Жок Жаныш, сенде эч кандай күнөө жок, мен сени күнөөлөбөйм, эгер менин бир балам болгондо эмне?.. - Кайрадан ыйлап кирди Зулфия.
Ошол күнү Жаныш болгон сырын Зулфиянын алдында төгүп олтурду.
- Зоя, Зоичкам менин, мен сенден биротоло кетпейм, болгону бир уулдуу болсом болду, баланы өзүм алып келем да, аны "кайда барсаң анда бар" деп жолго салам.
- Ошого макул болобу аның? Он ай көтөрүп омурткасы сыздаган эне баласын бирөөгө кантип бермек? Ай ким билет?
- Берет, ошентип сүйлөшкөнбүз, - Жаныш күнөөлүүдөй жер карады.
Зулфия көзүнүн жашын көл кылып, ыйлагандан башка эч нерсе деген жок. Эмне болсоң ошо бол дегендей анын сүйлөгөн сөзүн укпагандай олтура берди. Жумушка бараар маал болгондуктан ал ордунан туруп Зулфиянын бетинен өөп койуп чыгып кетти.
Ошол бойдон бир жумага чейин Жаныш үйгө келген жок. Зулфия басса-турса анын айткандарын ойлонуп жини келе баштады. Жиндини тапкан экен, анын алдаганына көнүп берген мен жинди же тууган баласын берип басып кетчү ал жинди деди, бир ою жо-жок, мен алданбайм, жөн эле кетип калсам бекен?

#11 05 Август 2012 - 01:12
Ойлонуп олтуруп көзү илинип кеткен Зулфия коңгуроонун дабышынан ойгонуп кетти. Чыкса Кубан экен. Ал эшикти аттап-аттабай жатып эле Зулфияны кучактап өпкүлөй кетти. Эчтекеге көңүлү болбосо да ага каршылык кылган жок. Ал күнү Кубан үйүнө кетпей калып калды. Көптөн бери Зулфия жашоодон тажап, тагдырына таарынып көңүлү чөгүп жүргөн эле. Бүгүн Кубан көтөрө келген коньяктан аз-аздан ичип олтуруп көңүлү көтөрүлгөнсүдү.
Ошону менен эле жашоо бүтүп калбасын, бала төрөй албаса деле өмүр кызык экенин ал эми сезди. Анткени ал бир күндөрдө өлгүсү келген. Эми болсо күн өткөн сайын улам эртеңи кызык көрүнүп баратты. Кубан болсо ага болгон сырын жашырбай айтты:
- Мен үйбүлөм менен ажырашпайм, жөн гана чарчаганда сен менин көңүл ачаар гүлзарым бол, көңүлүм чөккөндө угуп эс алчу шаңдуу музыкам бол, чаңкаганда суусун кандырчу муздак булагым бол, мен сенин багыңа келип чер жазайын, музыкаңа жүрөк эрите моокум кандырайын, чаңкаганда суусунумду сенден кандырып алуу үчүн келип турайын, руксат бер, алтыным! - деди Кубан.
Азыр Зулфиянын жүрөгү таштай катып, муздай тоңуп, эч нерсеге көңүлү чаппай, жашоонун кызыгы жоктой мерес болуп жүргөн учуру эле. Кубандын сөздөрүнөн кийин өзүнүн кимдир бирөөгө керек экенин билип, туюп, жаратканга ыраазы болуп көзүнүн жашын төгүп турду. Бул кубанычтын жашы эле.
Ошондон баштап Кубандын чарчаганда эс алчу жайы, көңүлү чөккөндө чер жазып алчу гүлбагы, кубанса кубанычын тең бөлүшөөр сырдашы болуп жүрө берди.
Жаныш болсо анда-санда келип оокат ашына каралашып турду.

#12 05 Август 2012 - 01:30
Арадан эки жыл өткөндө Жаныш Зулфияга "уулдуу болдум" деп сүйүнчүлөп келди да, бир жумадай жүрүп калды. Бир жумадан кийин Жаныш Зоянын эки бетинен өөп анан:
- Ак жолтоюм, менин кең пейилим, мен сага ыраазымын, сенин асылдыгыңдан мен балалуу болдум, мен сага ыраазымын! - деди да чыгып кетти.
Зулфия ачууну токтотуп, арадан дагы беш-алты күн өткөндөн кийин өзү көргөн үйгө белек-бечкек алып жетип барды. Зулфия барганда үйдө Жаныш жок экен, "аялы" аны анча жактырбагандай кабыл алды. Чынында Зулфия жөн гана көрүп келем деп ойлогон. Бирок аны тигил тааныйт экен, жакшы кабыл албады. Сүйүнүп, Жаныштын баласын өз баламдай боорума кысам деп ойлоп барган неме эми жүрөгү муздап кайтты. Жанышты көрсө бир ызасын чыгаргысы келип үйүнө келсе Кубан тосуп алды. Буулугуп зорго турган Зулфия Кубанды кучактап ыйлап жиберди. Кубан аны сооротуп, өзү алып келген этти газга кууруп, бир бөтөлкө вино алып келди да, көңүлүн ачууга аракет кылып жатты. Зулфия болсо азыр Кубанды да көргүсү келбей, кетирип жиберди. Түн бир оокумга чейин ыйлап-сыктап уктай албай олтурганда эшиктин коңгуроосу басылды. Сыртка чыгып эшикти ачса Жаныш турат. Мас, өтө ичип алыптыр. Зулфия ушунча жашап Жаныштын мас болгонун көргөн эмес. Үйгө киргенден кийин Жаныш:
- Зоя, Зоичкам, эмнеге бардың, барбай эле койбойсуңбу! - деди.
- Эмне, барып сенин балаңды көрүп келгеним катуу тийдиби, "төрөп берип эле өз жолуна түшөт, баланы экөөбүз багабыз" дебедиң беле?
- Зулфия, сен мени түшүнсөң, аны мен сага айткам, ошентип баланы алып калып аны кетирип жиберем деп ойлогом.
- Эмнеге кеңешпей туруп, ойлогонуңду мага айтасың, андай болсо биротоло кет! Эгер үйүңдү талашкың келсе, мен эртең эле бошотуп берем!
- Жок, жок алтыным, мен сенден үй талашпайм, сени кыйбай жатпаймынбы, экөөбүздүн ортобузда бир эле перзент болгондо мен эч жакка кетмек эмесмин.
Зулфия шолоктоп ыйлап олтурду. Бир маалда Жаныш тура калмак болгондо колуна зажигалка менен бет аарчы урунду. Ал Кубандыкы эле.
- Эй Зоя, бул кимдин зажигалкасы ыя? Ушу сен бул үйгө менден бөлөк бирөөнү киргизип жүрөсүңбү?
- Эмне, сен аял алып алсаң деле мен сени күтүп жүрө беремби?
- Эй акмак, мен али сени менен ажыраша элекмин да, закондуу түрдө сен менин аялымсың, билдиңби?!
- Мен кандай жүрөм, ким менен болом, өз ишим, жанымда эрмек болоор балам болбосо төрт дубалды карап жалгыз жата бермек белем?
- Ий-и, ал ким экен менин төшөгүмдү тебелеп, сени зериктирбей жаткан, билсем болобу?
- Өзүм да тааныбайм.
- Эй катын, сен көпкөн экенсиң, эгер дагы бир бирөөнүн жытын билчү болсом менден жакшылык күтпө!
- Билгениңди кыл, сенден корко турган алым жок!
Жаныш ошондо негедир жини келип кетти да, Зулфияны колдон алып туруп өзүнө тартып жаактан ары чаап жиберди. Зулфия тилин тартпай айтыша кеткенде Жаныш мастыгына салып аябай уруп туруп кетип калды. Башын көтөрө албай жаткан Зулфия Жанышка кекенип алды: "Сени шашпа, башыңды гана кесип салбасам! " Ал ошентип өзүнө өзү шерт кылып, катуу ызаланып жатып араң өйдө болду да, эптеп диванга жетип жата кетти.
Эртеси кечинде кайрадан Кубан кирип келди. Зулфияны көрүп чоочуп кетти. Иштин чоо-жайын уккандан кийин Жанышка ал дагы кекенип алды. Ойлонуп туруп Зулфияга минтти:
- Зоя, эгер макул болсоң, азыр ооруканага алып барайын, сразу ишин сотко өткөрөбүз!
- Жок Кубан, кереги жок, аны менен өзүм зсептешип алам.
- Макул, өзүң бил, жаным.

#13 05 Август 2012 - 02:33
Ал күнү да Кубанды анча жактыра берген жок, жалгыз болгусу келди. Аны сезген Кубан коштошуп чыгып кетти. Ал Зулфияны чын дилинен жакшы көрчү. Бирок ал жакшы көргөн адамың менен алыс жашаган жакшы деп ойлочу, анткени жакшы көргөн адамың менен бирге жашасаң бир нерседен улам таарынычтар көп болот эмеспи. Сыйлашчу адамың менен анда-санда жолугуп турсаң сагынышып каласың да, жолукканда бир-бириңди зарыга күткөнүңдү билесиң.
Зулфия да Жанышты эсинен чыгара албай жүрүп, Кубандын өзүн жакшы көрөөрүн да жакшы билбейт, ага көңүл да бура элек. Ал кээде түнөп кеткенде аялдык гана милдетин аткарып жатканы болбосо ага толук бериле албады. Жаныштын урганына ызаланып, ооруган эти басылса да ызасы кетпей жүргөндө Жаныш келип калды. Зулфия аны аябай жакшы тосуп алды да, тамак асып, коньяк куюп абдан сыйлады. Чынында Жаныш аял алып кеткенден бери үйдөн даам ооз тийиши ушул эле. Ара чолодо Жаныш Зулфияга тигил аялынын кетпей аткандыгын, баласынын өзүнө окшош экендигин кеп кылып келип:
- Алтыным, мен сени эч кимге ыраа көрбөйм, сенден эч качан ажырабайм дагы, эгерде сен менден өзүң кеткиң келсе мага таарынба! - деди.

#15 05 Август 2012 - 03:36
operaledi (04 Август 2012 - 15:57) жазган:
Мен эки чыгарманы бат-баттан бутуруп салайын деп аткам да, анткени эс алууга чыгайын деп турам.
Болбосо токтотуп коё турсам да болот.
Болбосо токтотуп коё турсам да болот.
Эс алууга кетип калсаңыз, сизди жоктотпой мен жазып турайын.(жазып жаткан чыгарманы бүтүрүп койуп) Албетте, сиз каршы болбосоңуз эле
Бири кем арман дүйнө...
#16 05 Август 2012 - 04:00
ai-iy ejewka,sizdin artynyzdan kuumai boldumgo...yraazy4ylyk sizge.kutobuz.
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#17 05 Август 2012 - 04:46
Иии Эжеке рас эле Ушул чыгарманы баштаптырсыз,
себеби мен дагы бул чыгарманы окугам Бирок интернеттен польный версиясын ала албай акырына чейин окуй албай калгам , Эми бат-баттан жазынызчыыы сураныч мен кутом....
Билдирүүнү түзөткөн: jazim: 05 Август 2012 - 05:40
Жашоомдун мааниси , манызы АПАКЕМ сенсин...
#18 05 Август 2012 - 11:42
#19 05 Август 2012 - 11:45
Экөө тең кызый баштады. Зулфия Жаныштын ар бир сөзүнө жини келип жатты. Бара-бара кызыган сайын көзү кызарып, ачуусу келип Жанышка ызырынып жатты. Жаныш мас болсо да митайымдык кылып Зулфияны эркелете кучактап төшөккө алып барды, көптөн берки сагынычтарын жазып бир кумардан чыкты. Зулфия өтө кызуу болчу. Жаныш тез эле уйкуга кетти.
Аны жанына катар жаткан Зулфия эч бир уктай албады. Көзү илинсе эле чоочуп ойгонот. Өзү кызуу болсо да аны кимдир бирөө кылмышка түртүп жатты. Бир маалда ордунан шамдагайлык менен турду да: "Мени өз жайыма койбосо, же мени менен жашабаса баары бир өлтүрүшүм керек!" деп ашканадан курч бычакты алып келди да эч капарсыз жаткан Жаныштын жанына келип чөгөлөй олтура кетти да көзүн жумду. Көпкө олтурду. "Бол эртерээк, таң атканча жайлап сал!" десе "кой эртең азап тартып түрмөдө жүрбө!" деп башы тумандап эмне кылаарын билбей Жаныштын жүзүнө тик карап туруп өйдө болду да ашкана жакка барып бычакты өз ордуна коюп туруп өңгүрөп жиберди.

#20 05 Август 2012 - 12:03
Зулфия бул жолу максатын ишке ашыра албады. Бирок: "Баары бир мен муну жайлайм" деген ойдон кайра тартпады. Эртең менен Жаныш турганда Зулфия ашканада жүргөн, ордунан туруп жуунуп келип аарчынып жатканда Зулфия табак толо плов көтөрүп жетип келди эле, Жаныш аны кучактап өпкүлөп анан дасторконго олтурду. Экөө жай олтуруп тамактангандан кийин Жаныш жумушка кетти. Зулфия андан эч нерсе деп сураган жок. Качан келсе ошондо келип өзүн мага көрсөткүсү келип жүргөн го, мен сага жөнөкөй аял эмесмин, төрөбөй калсам эле мени ушинтип кордогусу келген го, төрөгөн аялы менен тиякта тайраландап,
анан мага келип... Шашпа, сениби! Көптөн бери Кубан да келе элек, Ал азыр Кубанды көргүсү, ага кеңешкиси келди, баары бир Кубандан дайын дарек болбой баратты. Зулфия эриккенинен көчөгө чыкты да дүкөндү көздөй басты. Эми дүкөнгө көргүсү келип кире бергенде анын алдынан бирге окуп, бир кезде кат жазып жүргөн классташы чыга калды. Ал Зулфияны көрүп, эле:
- Ой, кандайсың, денсоолуктар жакшыбы? Бала-чака кандай, небере-чөбүрөлөр. .. - деп ал жай сурап калды. Жакшы эле күлүп-жайнап учурашып келе жаткан Зулфия "бала-чака, неберелер" дегенде жүрөгү туз куйгандай ачышып, томсоро учурашты классташы менен. Анын заматта өңү өзгөрүлө түшкөнүн байкаган классташы андан ары көп сүйлөбөй калды. Экөө көпкө суз гана ал-жай сурашкандан кийин Зулфия кетүүгө камынып коштошо баштаганда ал:
- Жыйырма беш жылдан бери көрүшпөй бүгүн көрүшсөк, анан кантип бир белгилебей басып кетебиз?
- Менин азыр эч нерсеге көңүлүм жок.
- Эмнеге, эмне үчүн болбосун, бир кезде сенин артыңдан ээрчип кат жазып жете албай калган элем, эми тагдырды карачы, экөөбүз тең кырктан ашканда кезигип олтурабыз. Ошондо эле текебер элең, азыр деле ошондой окшойсуң, мен сени эч жакка жибербейм, күйөөң келсе да айтам, классташ деген кандай жакшы...
Ал дүкөнгө кирип бир топ тамак-аш, импорт арактан алды да, Зулфияны акырын колтуктап жөнөгөндө Зулфия:
- Кайда алып барганы турасың? - деди.
- Кайда болмок эле, ашканага барабыз!
- Жок, бул жерде менин үйүм бар, үйгө эле баралы, - деди.
- Анда макул, мен сенин айтканыңа каршы болмок белем, жол башта.
Экөө ээрчишип аркы-беркини, окуп жүргөндөгү окуялардан кеп кылып отуруп бат эле Зулфиянын үйүнө келип калышты. Зулфия классташынын атын да унутуп калыптыр.
Көптө барып атын эстеди, анын аты Кармыш эмес беле.
- Кармыш, кир үйгө, жай олтуруп сүйлөшөлү, - Зулфия эшик ачып Кармышты алдыга киргизип өзү артынан кирди да, аны олтургузгандан кийин газга чай коюп, чай кайнаганча дасторкон үстүн жайнатып, колунда барын көрсөтүп жатты. Арыдан-бери чай кайнап, экөө кеп-сөздүн арасында Кармыш келин алып, неберелүү болуп калганын айтып олтурду. Кармыш ичинен "жашоосу бул экен, бала-чакасы кайда болду экен, дегеле бала ойногон үйдөй эмес, же бирди-экини төрөсө чоңоюп окуп-чокуп кеткендир" деп ойлоду. Аңгыча арактан аз-аздан алып сүйлөшүп олтурганда Зулфия:
- Менин жашоом кудайга шүгүр, баары бар, күйөө, ойношум... - унчукпай калды да көптөн кийин - болгону кудай менден перзентин, бир тоголок кызыл этин аяды! - деди оор үшкүрүп. Кармыш ошондо гана баятан берки өзүнүн суроосуна жооп алды. Анан Зулфиянын көңүлүн көтөрө минтти:
- Зулфия, капа болбочу, мына минтип жашооң ойдогудай экен. Бала эмне, баланын атасынын оозун урайын, балалуу болуп алып бага албай жүргөндөр канча.
- Ошону айтсаң, ошол бага албай жаткан балдарынын бирин эле мага берип койгондо эмне?! - Зулфия көзүнүн жашын көлдөтүп алып кайра ойлонуп: "Эмне, бир көргөн классташыма. . " - деп алды.
Ал тез эле көзүнүн жашын аарчып алып, күлө бага:
- Ал Кармыш, чайдан алсаң, алчы тамактан, алып олтурсаң. Мен сени коноктобой эле арманымды айтып жиберген турбайынбы, - деди да өзү туруп барып серванттан коньяк көтөрүп келди.
Кармыш:
- Ай, кой, болот мынабу, күйөөң келгенче экөөбүз мас болуп калсак болбойт го, - деди сактанып.
- Келсе келер, сен менин үйүмдө олтурганда эч нерседен коркпо, мен жооп берем баарына!
- Коркпойм го дечи, бирок...
- Эмне бирок, эч качан коркпо!
Негедир Зулфиянын жүрөгүнө бир ачуу ыза орноп, ал таптакыр тарабай кыжаалат боло берди. Азыр, Кармыш менен олтурганда Жаныш келип калса деп ойлоп жатты.
Кармыш Зулфиянын күйөөсү милиция кызматкери экенин билчү. Ошон үчүн унчукпай сый-урмат менен олтура берди. Түн бир оокум болгондо Зулфия Кармышка сыртка, чарпаясына төшөк салып берди да, өзү үйгө жатты. Эртең менен эрте турган Зулфия конок камын көрүп, анын туруусун күтүп калды. Бир маалда өзүнүн уктап калганына уяла түшкөн Кармыш ордунан шаша турду да, кийинип, жуунуп чайга олтурду. Чайдан кийин Зулфия Кармышты узатып коюп үйдө кечке жатты, кылаарга иши жок. Башын тумандаткан ойлор биринин артынан бири келип тынчтык бербей, Жаныштан өч алгысы келет.
"Ажырашып кеткенде эмне?" деп ойлоду ал. Ар кайсы ойлорго берилип олтурганда коңгуроо басылды. Зулфия чыга калса Кубан экен. Ал кирип эле Зулфиянын бети-башынан өпкүлөп туруп эшикти илди да, Зулфияны жерден так көтөрө диванга алып барды. Моокуму кангыча өөп-жыттап, аймалап бүткөндөн кийин: - Сен мени сагындыңбы деги? -. деди.
- Жок, мен эч кимди сагынбайм. Сенин эки бөлүнүп турганыңды билип туруп сагынмак тургай таштай катып, суудай тоңуп баратам!
- Антпечи, алтыным, ал эмне дегениң? Мен сендикмин, болгону балдарымды кыя албайм!
Кубан көтөрүп жүргөн кичинекей сумкасынан сөйкө, шакек, цепочка алып чыкты да, Зулфияга сунду.
- Эмнеге келбей жүрдүм, билесиңби?
Зулфия анча маани бербеген түр көрсөтүп, Кубан берген алтындарды ары сала, бери сала карап көрүп, ырас эле алтын экенине көзү жеткенден кийин:
- Деги бул белегиң өлгөн аялдыкы эмеспи? - деп сурап койду. Кубандын жүрөгү "болк" этип кетти. Анткени буларды ырас эле кандуу окуядан кийин ошол үйдөн алышкан эле.
- Жок, кайдагыны сурайсың да, сага деп эле алып келгем.
- Ырахмат, эгер чын эле мен үчүн алып келген болсоң.
Экөө көпкө чейин тамактанып да, сүйлөшүп да олтурушту. Алар сүйлөшүп жатып кыйкырышканга да барышты. Акыры экөө бир сөзгө келгендей болду. Кубан бир маалда сумкадан бир нерсени алып Зулфияга көрсөттү да:
- Мына муну пайдаланасың, эгер бирөө көрүп калса "ал менин апам" деп кой да, өзүңдүн ишиңди аткар. Бизге көбүнчө шамдагай балдар керек, уктуңбу?
Зулфия Кубан кеткенден кийин өзүнүн тагдыры кандай жакка бурулганына көзү жетпей, Жанышка ого бетер жини келип жатты: "Эгер ажырашып кеткенде мен өз ишимди кылмакмын" . Ал Кубан таштап кеткен масканы колуна алды да "кийип көрөйүнчү" деп башына кийди эле, бир заматта өзүнүн маңдайында саксайган кемпир пайда болду.
- Болду, - деди, - эми артка кайтууга болбойт!
Кубан кийинки кездерде өз жумушунан сырткары талап-тоноочулукка өтүп кеткен эле. Аны өзү менен иштеген лейтенант жолдош баласы азгырып туруп алды. "Элиң бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол" дегендей, Кубан а дегенде ошолор менен иштеп келген. Анан кетеринде Зулфияга тапшырма берип жатып минтти:
- Зоичка, сен эстүү аял эмессиңби, мени уят кылбай базарлардан бир тири карак, айрыкча алибеттүү жигиттерди колго түшүрүп бер!
- Кантип? - Зулфия чындап эле андан түшүнө бербей сурады.
- Кантип болмок эле, - ал ооз жакты карап эшиктин кулптануу экенине көзү жеткенден кийин гана, - Сен алдагы кемпирдин маскасын эмне кылам деп ойлоп жатасың? Ошону пайдаланасың да!
Зулфиянын кулагына Кубандын айткандары кайра-кайра угулуп, колундагы кемпирдин маскасын кармаган бойдон күзгү алдында тура берди...
Эртеси эле ал базарга барып, эски-түскү сатчу базардан кийим сатып алды да, өз ишин аткарууга киришти. Ал кийим кийип, масканы тагынганда кадимки сокур кемпирдин өзү болуп калды да, колуна таяк алып, эңкейип басканда андан эч ким шек санагандай болгон жок. Ал базарга келип капустанын кабыктарын терип, мүшөккө салды да, тачкистти чакырды. Арыда жумуш жок топтошуп турган тачкисттердин бири келди да:
- Эне, каякка барасыз? - деди.
- Бул эле жерге, балам, мени кошо салып аласыңбы? - Макул эне, бирок ага да төлөйсүз.
- Болуптур, анда кеттик.
Ошентип биринчи олжосун колго түшүрүп келе жаткан Зулфия ар кандай ойго түштү. "Муну эмне кылат болду экен? Кубан келгенче кантип токтотом?" - деп ойлонгон Зулфия бир нерсе эсине түшө жылмайып алды. Ал уйкунун дарысы эле. Тачкист абдан олбурлуу, эпсиз локуйган эме экен.
Дарбазасы бийик заңгыраган үйдүн жанына келгенде кемпир колун жаңсап токтотту да, түшүүгө аракет кылып калганда тачкист аны колтуктап түшүрдү. Кемпир дарбазасын ачып, тачкистти ичкери киргиз дегендей ишарат кылды. Өзү астыга басып үйүнүн кулпусун ачууга киришти.
Тачкист "бул үй оңой адамдын үйү эмес го" - деген ойго келип мүшөктү түшүрдү да, кемпирди күтүп туруп калды. Кемпир эшигин ачып туруп минтти:
- Уулум, "куттуу үйдөн куру чыкпа" деген. Ысыкта суусаган деле чыгаарсың, даам ооз тийип, суусун жутуп ал.
- Чаңкаганда арга канча эне, иштеш керек, сизге чоң ырахмат, тим эле коюңуз, андан көрө тыйын бере салсаңыз кетип калайын.
- Жок балам, ушунча келип даам ооз тийбей кетсең болбой калбайбы.
Тачкист эшикти аттап кире бергенде эле босогодон баштап төшөлгөн килемди көрүп, үй ичинин зыңгыраган жасалгасына таң кала босогодо карап туруп калды. Анткени кечээ эле күн жаап басылгандыктан жол ылай болуп, бут кийиминин тешигинен суу кирип буту суу болуп былчылдап калган эле. Ошол бойдон килемди басуудан тартынып туруп калды. Аңгыча табакка нан, чоң чыныга чалап алып кемпир келип калды.
- Ой кокуй күн десе, али үйгө кире элексиңби? Кир, кирип бир аз көчүк басып суусун жутуп ал.
Тачкист унчукпай босого тарапка көчүк басып олтурду да, нандан ооз тийип, чалапты кылкылдата жутуп кирди. Кемпир болсо анын чалап жутуп жатканын жылмая карап турду. Тачкист чалапты жуткандан кийин эле дубалга жөлөнүп олтурган калыбында чарчагандай көзүн сүзө үргүлөп баратты. Аны көргөн Зулфия дарынын касиетине сүйүнө сыртты көздөй жөнөдү да, дарбазасын бекитип, тачканы короонун далдоо жагына түртүп алпарып койду. Үйгө кирсе тачкист эбак эле коңурук тартып кириптир. Арыдан-бери кийими менен масканы чечип беките салган Зулфия телефон чалып Кубанды чакырды. Ал келгенче мындай ишти жасап көрбөгөн Зулфиянын жүрөгү "дүк-дүк" согуп коркуп жатты. Качан Кубан келип сигнал бергенде гана дарбазаны ачып, машина короого кирери менен каалганы кайра жаап Кубандын жанына жетип келди. Кубан "олжосун" көргөндө Зулфияга ыраазы боло колуна бир пачка акчаны карматты да:
- Эгерде дагы ушундай иштеп турсаң бул акчадан эки эсе көп алып турасың, - деп өөп койду да, машинага тигини салып жөнөп кетти. Ал кеткенден кийин Зулфия "өх-х" деп алды. Эртеси эле базарга барып радиоузелден "тачка сатам, акчага зарыгып турам" деп тачканы арзан баада сатып жиберди. Ал эми базарда тачкисттин тачкасын сатып качып кеткени тууралуу сөз болуп жатты. Тачканын ээси гана күйүп-бышып кала берди. Тачканын же тачкисттин дайыны билинбей унутулуп калды.