Ал эчкирип ыйлап жиберди. Анипа дендароо боло, сүйлөөргө сөз таппай, мостоюп тура берди. Экөө эки жерде селейип турганда Зарылбек дүйнө капар гана "быш-быш"
этип уктап жатты.
Торсоюп уктап жаткан уулун колуна алып өөп алууга укуксуз экенин Анипа азыр түшүндү, "бекер кылган экенмин, эмнеге бердим экен, жаштык кылдым окшойт.. Жок дегенде өз энем катары асырап жаткан мамама да кеңешпей койгонумду кара" деп ичинен, көмөкөйдөн боздоп, жүрөгү сыздап, тирүү турган менен азыр өлүктөн айырмасы жоктой тура берди.
- Анипа дейм, кана балаңды алып кетесиңби же?..
- Жок, жок эже, мен кетейин, албайм, бала сиздики, - деп артка бурулуп кетээрде Зулфия аны колдон ала сырткы верандага жетелеп чыкты да ары-бери издеп жатып бир ручка менен кагаз алып келип:
- Мынабу кагазга жаз, эгер талашпай турган болсоң жазып бер, "мен экинчи талашпайм, өз макулдугум менен бердим" деп жаз! - деди.
Маскачан аял Куйоосун олтуруп, анын баш соогу менен суйлошкон аял жонундо
#42 07 Август 2012 - 00:20
Анипанын ручка кармаган колу калтырап жатып эптеп жазды да, ордунан тура жөнөдү. Көзү жашка толгон Анипа дарбазадан чыгып чуркаган бойдон узап кетти. Көз алдында торсоюп уктап жаткан наристеси. Апаппак кылып кийинтип, ак шейшепке жаткызып койгонуна ыраазы болгон менен, жок дегенде бир эле жолу жыттатып, же бир колуна карматып койбогонуна ботодой боздоп баратты. "Төрөбөсө эне менен баланын сырын билбейт да" деп ойлоп койот. "Кудай ай, жок дегенде колума алып бир жыттап алаармын деп барбадым беле". Ал колунда Зулфия берген акчаны ушалап тоголоктоп ыргытып ийерде эстей калып караса акча айрылаарына аз калыптыр.
#43 07 Август 2012 - 00:21
Уландысын качан жазасыз? Чыдамсыздык м.н кутом ийгилик рахмат.
#44 07 Август 2012 - 00:30
Анипанын кеткенин карап, бир орундан козголбой турган Зулфия колундагы эмеле Анипа жазып берген кагазды кармап дагы бир сыйра окуду да дарбазасын жаап, эшиктерин илип үйгө кирсе уулу чукуранып ойгоно баштаптыр. Ал баланы сүт берип тойгузду да, анан алдына алып олтуруп алып ар ойго түштү: "Аттиң, ушул тырмактай кызыл эт үчүн мен не деген азапты көрүп олтурам, ушул бала үчүн Жаныш менден кетти, аны мен кызганычтан өлтүрүп алдым, эгер төрөгөндө, небере күтүп калбайт белем, анда Жаныш эч жакка кетмек эмес. Баары жайында, оокатыбыз Кудайга шүгүр болмок".
Ал ошентип ойлонуп олтуруп бир кызыктай абалга келди. "Сениби шашпа, эгер дагы бир жолу келсең Жаныштын жанына жөнөтүп коюп, уулумду ээн-эркин багып, эч кимден кызганбай калам" деп ойлоду. Ал чын эле ушул оюн ырас көрдү, "сөзсүз ошентиш керек!" - деп баланы көтөргөн бойдон ордунан туруп терезеге келди да кылкылдап батып бара жаткан күндүн кызарган шооласын карап тура берди.

#45 07 Август 2012 - 00:39
Зарылбек татынакай бала болуп чоңоюп келе жатты. Жаныштын апасы баланы "Зулфияда экен" деп угуп келип кетти. "Бизге бер, өзүбүз багалы" дегенге Зулфия көнгөн жок. Ошондон баштап Жаныштын ага-карындаштары баланы көрүү үчүн келип кетип жүрүштү.
Зарылбек бешке чыгып Зулфия сүннөткө олтургузууга даярданып жатканда кайненеси, эки келини, бир кызы менен келип баланы олтургузуп, той жасап бата алып коюп кетишти. Ошентип Зарылбек менен алпурушкан Зулфия бул арада эч бир жумуш жасай албай, Кубан да мурункудай келбей калды.
Кийинки күндө акчадан каржалган Зулфия заңгыраган алты бөлмөлүү үйүнүн экөөнө квартирант киргизүүгө аргасыз болду, короодогу времянка үч бөлмөлүү болчу, ага да квартирант киргизип койду. Ошентип эптеп жашап жүргөндө Кубан бир күнү келди да Зулфияга минтти:
- Зоичка, сен экөөбүз бир иш кылалы, сенден башка адам менен мындай иш кылууга болбойт, эми сен мага үч жаштан беш жашка чейинки бала таап келип бер, анан мына бул квартиранттарыңды жогот, - деди да чөнтөгүнөн жүз доллар алып Зулфияга сунду. - Эгер үч күндүн ичинде айткан балдардан таап берсең, мен сага үч үйдүн акчасын дароо берем, анан бул иш жөнүндө менден эч нерсе сураба!
Зулфия ойлонуп калды: "ырас эле квартирант киргизсең, үйүңдүн баарын балдары булгай берет экен, керели кечке ызы-чуу.. Эмнеси бар экен, жолдо ойноп жүргөн балдардан уурдап келип бере берем, менин эмнем кетмек эле... " деп ойлоду.
- Сүйлөштүк! - деп баласы уктап жаткандан пайдаланып ага эркелей кетти. Кубан да аны кучактап, экөө кучакташкан бойдон диванга жыгылышты. Көптөн бери Кубан келбей, өзү бала менен алаксып эркек жытын сагына түшкөн Зулфия Кубандын шымын чечип тигинисин кармап ырахаттана сылай баштаганда Кубан:
- Кел, келчи бир моокум кана жыргап алалы. - деди да, чечине салып жата кетти.

#46 07 Август 2012 - 00:48
Кубан эртеси таң атпай жумушка кетти. Зулфия Кубан кетери менен эле кайрадан жалгыздыктын туткунунда калып күтүүдөн тажагандай,
баарын таштап жадагалса мобу кунарсыз жалган дүйнөнү да таштап коюп кайдадыр безип кеткиси келет, бирок азыр эрмеги, кубанычы Зарылбек бар. Болбосо ушул алдамчы жашоо канчалык таттуу жана кымбат болсо да тузу шор тамактан бетер суусатып, улам эртеңки күндөн үмүт этип, эртеңкиси башкача болчудай сезилип олтуруп өмүрдүн өткөнүн да байкабай калат тура адам баласы.
#47 07 Август 2012 - 00:59
Кубан кетээринде:
- Буларды тезирээк кетир да ишиңди аткар! - деп коюп машинасын айдап дарбазадан чыгып кетти.
Үстүндө үйү, жээрге тамагы, кийерге кийими даяр, туубаса да тутунган бала күтүп төбөсү көккө жетип турган убак. Кубан кеткенден кийин квартиранттарын бүгүндөн баштап үйдү бошоткула деп коюп өзү Ош базарына барып радиоузелден он үч, он төрттөгү жетим кыз таап алып келди да аны душка түшүрүп бир сыйра жаңы кийим кийгизип койду эле татынакай кыз болуп калды. Бала бакканга деп шылтоо кылган менен өзүнө да караан болот эмеспи. Ал чарчагандай олтуруп калды да, бир топтон кийин Жанышты ойлоп подвалга түшмөк болду. Наргизага минтти:
- Наргиза, кызым, иниңди ыйлатпай карай тур, мен азыр келем! - деди да сыртка чыгып, короонун ичиндеги жашыруун эшикти ачып анын каалгасын ичинен илип туруп подвалга түшүп коробкадагы акка оролгон Жаныштын баш сөөгүн алып текчеге коюп өзү маңдайына үнсүз олтуруп калды. Көптө барып анан:
- Көрдүңбү, сенсиз деле менин да, Анипанын да жашообуз өтүп жатат, уулуң чоңойууда. А сенчи, сен болсо менин маңдайымда тирүү эмес апаппак сөөк болуп турасың, мен сени жакшы көрчүмүн да, сен болсо мени таштап кеттиң: "балалуу болсом эле баламды алып келем, сен багасың, экөөбүз жашайбыз" деп калп айта бердиң же биротоло кетип калбадың, байкушум... Эгерде кеткен бойдон да келбей койсоң болмок. Бирок сен антпедиң, мен жалгыздыктын азабын тартып ызаландым, ыйладым. Сени кызгандым. Эми менин жанымда жашайсың, мындан ары күндө жаныма алып жатам. Азыр жакшы кал, мен үйгө барайын, уулуң ыйлап калбасын.
Зулфия аны кайрадан акка ороп коробкага салды да текчеге коюп койду. Келсе Наргиза Зарылбектин жанына жатып экөө тең уктап калыптыр.

#48 07 Август 2012 - 01:16
Таңдын атып, күндүн батканы деле адам баласы үчүн мааниге ээ эместей. Анткени көр тириликтин айынан, бүгүн бүтпөгөн ишти эртең бүтүрөлү деген көр пендебиз да. Ошол ар бир күн ошол ар бир адам үчүн зарыл жана кымбат экенин билип, ушул бир келчү жарык дүйнөдө бири-бирибизге жамандык кылуунун ордуна жөлөк болсок кандай сонун болоор эле. А биз адамдар күнүмдүк жашоонун кулу болуп күнүмдүк токочубуз үчүн бирөөнү мертинтип, бирөөнү зыянга учуратып же дагы бирөөнү таптакыр бактысыз кылып жатпайбызбы.
Арадан бир жумадай убакыт өтүп, квартиранттар кетип, Зарылбек Наргизага көнүп калганда Зулфия өз ишин аткарууга киришмек болуп даярданып жатты. Күн кечке маал болуп калган кезде ал ички бөлмөсүнө кулпу салып сыртка чыкты да короо тараптагы жашыруун эшигин ачып кирди.

#49 07 Август 2012 - 01:35
Катып койгон жеринен маска менен кийимдерди алды да, күзгү алдында көпкө ойлуу туруп калды, "баары бир кылмышкермин,
киши өлтүргүчмүн,
канкормун"
, - деп шыбырады эле бирок үнү өзүнө угулган жок, ошол мостойгон абалда масканы кийип, киймин кийгенден кийин күзгүдөн өзүн көрүп ичиркенип алды. Башына жоолук салынып алып короого чыкты. Үй жактан Наргизалар көрүп калабы деп акырын дарбазага жетип эшикти ачты да, эки жакты абайлап карап туруп анан тез чыгып дарбазаны сыртынан бекитти. Ылдамдай басып Ош базарын көздөй жөнөдү. Ал Ош базарына келип элдин бака-шакасына аралашып эч максатсыз ары-бери басып жүрө берди. Бир маалда төрт-беш чамасындагы кичинекей кыз жанынан ыйлап өтүп баратканын көрүп калды. Ичинен "кым" деп алган Зулфия ага акырын жетип барды да:
- Эмнеге ыйлап жатасың, кызым? - деп сурады эле, аны үмүттүү караган наристе:
- Мамам, мамамды таппай жатам, - деди ыйлап.
- Атың ким, кимдин кызысың?
- Атым Айым, папамдын кызымын.
- Эмесе жүрү, менин инимдин кызы турбайсыңбы, мен сени үйүңө жеткирип койом.
- Маку-ул, коркуп жатам, мамам жок.
- Сен коркпо кызым, мен сени жарым саатка калтырбай үйүңө алып барып койом, макулбу?
- Ооба, папам мен жок болсом ыйлайт.
- Папаң сени жакшы көрөт го, ээ?
- Ооба, аябай жакшы көрөт.
- Кел, келегой, мен сени көтөрүп алайын, - Зулфия Айымды көтөрүп алды да ылдамдай басып жөнөдү. Ал базардан чыгып баратканда радиоузелден: "беш жаштагы кыз адашып кетти, көргөндөр радиоузелге алып келсеңер сүйүнчүсү болот", деп кайталап жатты. Ан сайын Айымды сыга кучактаган Зулфия үйүн көздөй шыпылдап басып бара жатты. Убакыт кеч болуп калган болчу. Зулфия дарбазасын ача койду да, тез жаап бекитип, Айымга карап минтти:
- Кызым, ушул жерге тура тур, мен азыр, - деди да жашыруун эшикке жетип шашып кирип чечине салды да кайрадан сыртка чыгып Айымдын жанына келди эле:
- Эже, мени качан үйүмө жеткирет, жанагы апа канакей, мени үйүңө жеткирем дебеди беле? - Айым Зулфияны жалдырай карады.
- Азыр келет, жүрү үйгө кире гой!
- А сиз ким болосуз?
- Мм, менби, мен кызы болом.

#50 07 Август 2012 - 02:53
Айым Зулфияны ээрчип үйгө кирди. Наргиза Зарылбекти көтөрүп алып ойноп жатыптыр. Айым үйгө киргенден кийин да тамак ичпей "үйгө кетем" деп ыйлап киргенде Зулфия аны сооротуп:
- Машина келет, анан жеткирет, ага чейин сен ыйлабай олтуруп тур макулбу, сен жакшы кызсың, - деп алдап жатты. Ыйлап жатып Зарылбек менен ойногонго кичине алаксый түшкөн Айым ойноп жатып уктап калды.
Зулфия Кубандын келишин чыдамсыздык менен күтүп жатты. Айым ыйлап-ыйлап, бала эмеспи, кичине көнө түштү. Үчүнчү күнү Кубан келди да, Зулфиянын кылган ишин көрүп сүйүнүп кетти. Наргизаны көрүп:
- Бул ким? - деди.
- Ал менин кызым, багып алдым, Зарылбекти багат, - деди Зулфия.
- Аа-а, ырас болгон тура, мына ушул чоң кызга көрүндүк берейин, - деген Кубан Зулфиянын колуна бир ууч жалаң долларды карматты. Зулфия аны күлүмсүрөй карап, анан акчаны алды да ары турган сумкасына салып, анан эч нерседен капарсыз ойноп жаткан Айымды карап койду. Кубан анын берген акчасына ыраазы экенин түшүндү да:
- Зулфия, мен кетейин, эртерээк кетпесем болбойт, Айымды да жеткиришим керек, - деп жылмайып койду эле, Зулфия Айымды колдон алып эшикти көздөй жетеледи:
- Жүрү, жүрөгой кызым, бул машина менен сени жеткирип койот.
- Эже, мени апкелген апа кайда кеткен, ал бизге тууган болосуң дебеди беле?
- Келет ал. Ага чейин сен үйүңө бара бер, ал сөзсүз келгенде силердикине барат, макулбу?
- А сиз менин апамды тааныйсызбы? - Кыз Кубанды карады.
- Ооба, тааныйм, ошон үчүн сени үйүңө жеткирейин деп жатпайынбы. Жүр, жүрө гой, машинага түш!

#53 07 Август 2012 - 14:46
бул эмне деген шумдук аял эмес эле шайтан каракчы го ушунчалык жиним келиватат
Алга жана алга!
#54 07 Август 2012 - 16:50
Айымды арткы олтургучка олтургузду да, машина ордунан козголду. Зулфия дарбазаны ачып машина кайра чыккандан кийин кайра бекитти. Үйгө кирип чарчагандай олтура кетти. Анан ал көптөн кийин Кубан берген акчаны сумкасынан алып санап кирди. Бул убакта Наргиза Зарылбекти алып сыртта ойноп жүргөн болчу. Ал долларды эсептегенде жүз элүү миң сомдун тегерегинде болчудай экен. "Азырынча быяктагы акча жетет, муну бекитип салайын",
деп ойлоду да ички үйүн ачып кирип долларды сандыкка салып коюп базарга жөнөдү. Ал эми Зарылбекти да, Наргизаны да өзүнө каттатып алууну ойлоп жатты.
Базардан майда-чүйдө алып, тез эле үйгө келди да Наргизага минтти:
- Наргиза садагам, сени мен өзүмө кыз кылып алайын деп жатам, сен каршы болбойсуңбу?
- Эмнеге, мен эч каршы болбоймун, андан көрө сиздей апам болсо жакшы болмок, - деп жер карады Наргиза.
Алар ошентип сүйлөшүп олтурганда дарбаза такылдап калды. Зулфия чочулай: "дагы Анипа келди бекен?" деген ойдо чыга калса кошуна аял экен. Ал Зулфиянын уруксатысыз эле ичкери кирип келе жатып сүйлөп кирди:
- Ыя Зулфия, дегеле кошуна-колоңго киришип чыкпайсың да, кошуна болгондон кийин каттап кирип турбайсыңбы.
- Мм, ооба, ооба туура айтасыз, бирок менин бала кезден эле бир мүнөзүм бар, кишиникине кирбеген.
Аңгыча үйгө кирип да кетишти. Наргиза менен Зарылбекти көрүп:
- Баса, булар кимдин балдары? - деп ал Зулфияны таң кала карады эле, ал:
- Ии-й, бала багып алганмын, экөөнү тең багып алдым...
Үйгө кирип төргө олтурганча эки жагын каранган аял:
- Ырас болгон тура, жалгыз-жарым жашагандан көрө... Оо, сен укмуш жашайт турбайсыңбы, мунун баарын ыраматылык Жаныш даярдап берип кеткен да, ээ?
- Ооба, эже, ооба, ошол даярдап, таап берип кеткен дүнүйө, мен кайдан тапмак элем.
- Баса, аны ким өлтүргөнү белгисиз бойдон калды дейби?
- Ооба, табылбай кетти, - Зулфия дасторкон жайып чай коюп жатып "эмне келди экен, же бир нерседен шек алып калды бекен?" деп кыжаалат боло "тезирээк эле кетип калса экен" деп ойлоп жатты. Анын кетээр ою жок жаймажай чай ичип сүйлөп олтуруп, көптө араң кетти. Анын кетиши менен Зулфия оор жүктөн кутулгандай "өх!" деп алды.

#55 07 Август 2012 - 16:53
Наргиза абдан жапакеч, акылдуу кыз болду. Зулфияга жумуш жасатпайт. Бара-бара ишенген ал Наргизанын каалаган кийимин кийгизип, таптакыр окубаган немени сүйлөшүп, жадагалса ортого киши салып бир канча акча менен мектепке да киргизип койду. "Ушул убакка чейин окутпай эмне кылып жүрдүңүз?"
деген суроолоруна:
"айылда болчу, окубай калыптыр"
деп калп айтып жатып араң окууга киргизди.
#56 07 Август 2012 - 16:54
Аталык парзды кундоп-тундоп бутурдум, эми бул чыгарманы тездетууго аракет кылам.
#57 07 Август 2012 - 17:11
Ошентип Зулфия очорбачар болуп эле жатып калды. Ага ушул гана керек эмес беле, ушул кенедей бала, кызыл эт үчүн Жаныш андан кетип, жүрөгүн оорутканычы,
акыры келип.
Бири-бирине окшоп жадатма күндөр өтө берди. Бирөөлөр үчүн эртеңкиси кызык да, табышмак да болуп чыдамсыздык менен күтсө, Зулфия бул табышмактуу жашоодон тажагандай. .. Ал "эртең дагы бир кылмыш кылбасам экен, эми ушул эки балам менен жөн гана жай турмуш өткөрүп жүрө берсем экен" деп тилечү болду. Бирок анын алдында дагы кандай оор азап менен армандуу тагдыр турганын туйбады. Болгону энелик сезим күчтүүлүк кыла, "оо, Кудай, ушул экөөнү чоңойтуп, мен да башкалардай эле бактылуу эне болсом экен" деп ойлоп өзүнчө кыялданчу.
Ошондой күндөрдүн биринде Зулфия Зарылбек, Наргиза үчөө "Жаш Гвардия" бульварында сейилдеп жүрүп эле тык токтоп калды. Ал көзүн ачып жума: "чын эле ошолорбу?" деп, жүрөгү ток ургандай "зырп" этип алды. Көөдөнүнө батпай чыга калчудай жүрөгү катуулап сого баштап, аз жерден өзүн жоготуп койо жаздады. Анан ал Наргизаны карап:

#58 07 Август 2012 - 17:45
- Наргиза кызым, силер Заку экөөң мындай ойноп кете бергиле да, кечке калбай, мени күтпөй үйгө бара бергиле, макулбу? - деп узатып койуп, өзү аллеянын аркы жак бетиндеги олтургучка көчүк баса Кубан менен Анипаны карап олтура берди. Алар эчтемеден капары жок, кучакташып,
улам өбүшүп коюп олтура беришти. Зулфиянын жүрөгү жара тилгендей сыздап да, канап да жатты. "Кудай ай, бул шүмшүк эмнеге эле менин жашоомо тоскоол боло баштады, эми дагы минтип... " деп буулугуп, көөдөнүндө бурганактуу бороон улуп, кандай кылаар айласын таппай жатты. Бир маалда Кубан менен Анипа кучакташкан бойдон орундарынан туруп көчө бойлоп жөнөштү эле, Зулфия аларды артынан акмалап узатып жанаша көчө менен кетип бара жатты. Алар Зулфияны байкабастан каткырып күлүп коюп, ары бурулушту. Жолдун боюндагы барга кирип орун алышты. Алардын бул жүрүшүн көргөн Зулфия эми үйүн көздөй жөнөдү. Үйүнө келгенден кийин эч нерсеге көңүлү келбеди. Наргизанын чебелектеп:
- Ысык чайдан ичиңизчи апа, сиз ооруй көрбөңүз, - дегенине карабай эч нерсе дебей жатып алды. Ал ичинен кекенип жатты: "жөн койсо тынч жүрбөйт экенсиң го, сени шашпа, Жаныштын жанына алып барып койом!" .
Ал ойлонгон калыбында чечкиндүү түрдө ордунан турду да, "баары бир баланы мага тынч койбойт, жок кылышым керек!" деп алып өз тиричилигине киришти. Наргиза бул убакта тамак жасап апасын күтүп жаткан. Зарылбекти тойгузуп уктатып коюп анан экөө тамактанып жатып калышты.
Зулфия уктай албай "Анипаны эми кантип табам, кантип колго түшүрөм?" деп ойлоно берип таңды атырып ийди. Таң сүргөндө көзү илинди.
Ал күн көтөрүлгөндө ойгонуп караса баарын даярдап алып, Наргиза күтүп олтуруптур. Аны көргөн Зулфиянын балага болгон сүйүүсү ашып-ташып ордунан туруп барып Наргизаны кучактап өөп алды да:
- Кагылайын десе, эмне эрте туруп алгансың, чайды мен деле даярдайт элем го, уктай бербейсиңби, - деди.
- Жок апаке, мен сизге кантип жумуш жасатайын, чоңоюп калбадымбы.
- Садагам, Кудайдан тилеп жүрүп экөөңдү таап албадымбы, аман болсоңор экен. Өлгүчө экөөңөрдү өз тууруңарга кондуруп, бактылуу болгонуңарды көрсөм арманым жок эле... - деп күбүрөдү.

#59 07 Август 2012 - 19:30
Зулфия канчалык өзүн алаксытканы менен баары бир Кубан менен Анипанын бирге басып, олтуруп-турганы көз алдына тартыла берип анын кызганычы ашып, Жаныштан кийинки эр болбосо да эр катары көрүп башка эркекти жолотпой жүрсө мунун кылганын кара деп Кубанга кыжынып алды.
Күн өтө берди. Кубандын кечиккенинен улам ого бетер ал экөөнө кыжыры кайнап, эмне кылар айласын таппай кантип ал экөөнү табаарын билбей убайым тартып жүрдү. Анипа болсо баягыдан кийин келбеди.
Бул арада Кубандын иштери аябай "жүрүшүп" , үйбүлөсүн да эч нерседен кем кылбай эки баласына эки жерден там сатып берип, крутой болуп калган кези. Ал бул жетишкендикке кайсыл жол менен барып жатканы, Зулфияга берип жаткан долларлар кайдан келгени өзүнө гана белгилүү болчу. Зулфияга доллардын үчтөн бир бөлүгүн гана берчү да, калганы өзүнө калчу. Зулфияга болсо ошол акча деле жетишээрлик эле. Ал үй сатып албады, эч нерсе курбады - жалаң кийип-ичкенине жыл бою жетмек. Кубандан андан ашык акча да сураган жок.

#60 07 Август 2012 - 19:41
Кубан бүгүн көптөн берки тапшырмалардан да оор иш аткарууга милдеттүү эле. Ал бул ишти алып баруудан өтө кооптонду да, Зулфияга келди. Ал баягы беш жашар Айым деген кызды тирүү бойдон Америкага жеткирүү болчу. Эгерде аэропорттон кармалбай өтүп кетсе анда жакшы. Коркунучтун баары аэропортто эле. Зулфия адегенде чоочуп кетти, бирок ала турган доллардын суммасын укканда ал макул болду да, Кубанга көзүн кыса:
- Наргиза кызым, иниң экөөң эшикке чыкпай үйдө гана ойногула, мен түндө келем, макулбу? Эгер башка бирөө келсе эшикти ачпагыла, - деди да ички үйгө кирип, ага кулпу салып койду. Көнүмүш адаты боюнча короо тараптагы эшигин ачып, шып этип кирип катылуу жердеги маска менен киймин алып кийине салып, машинага түшүп, дарбазаны Кубанга бекиттирип, ачкычты сумкасына салды. Ичинен тобо келтирип жөнөп кетти.
Алар мерчемдүү жерге келгенде машинага Айымды Кубан жетелеп келип олтургузду эле, ал Зулфияны таанып:
- Ий-и; сиз эми келдиңизби? - деди.
- Ооба кызым, колум бошобой жатып эми келбедимби, - деген Зулфия кызды бир карап алып көзүнөн көзүн ала качты. Кыздын наристе баео көз карашы ушунчалык аянычтуу эле. Зулфияда энелик сезим күчтүүлүк кылып, анын көз карашына туруштук бере албады.