Суперстан: ЖРТ-абитуриенттердин багын ачабы же үмүтүн чачабы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

ЖРТ-абитуриенттердин багын ачабы же үмүтүн чачабы билим берүүдөгү реформаларды талкуулайбыз

#1 Пользователь офлайн   vais   13 Август 2012 - 21:00

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Акыркы 3-4 жылдан бери республикабызда жогорку окуу жайларына өтүү үчүн Жалпы Республикалык Тестирлөө (ЖРТ) өткөзүлүп келе жаткандыгы баарыбызга маалым. Билим берүүнүн сапатына таасир эткендиктен мамлекеттик мааниге ээ бул тестирлөөнү чет элдик уюмга (АКСЕЛС) ишенип бергенибиз да жашыруун эмес. Мен талкууга алып чыгайын деген маселе мына ушул ЖРТ системасы өзун актадыбы же жокпу, жалпы эле билим берүү тармагында чындап эле реформалар жүрүп жатабы, же кезектеги көз боемочулук ишке ашуудабы.Учурда өлкөбуздүн ЖОЖдоруна кабыл алуу сезону (Абитуриент- 2012) кызуу жүрүп,атүгүл аягына чыгып жаткан мезгил. Билим берүү жана илим министрлигинин (ББИМ) чечимине ылайык бардык ЖОЖдорго кабыл алуу ЖРТнын жыйынтыгы боюнча гана жүргузулөт, анын ичинде сыртан окуу бөлүмүндө да . Бирок, бул жобо чет өлкөлөр менен биргелешип ачылган ЖОЖдорго таркалбайт.

Быйылкы жылдын өзүндө тест тапшыргандардын саны 55 миңге жакын адамды түзгөн, анын ичинде негизги тест боюнча 32500 адам 110 го жетпеген балл топтосо,калганы 110дон көп топтоп, анын ичинде 500 дон ашыгы гана эн жогорку деп эсептелген жана каалаган окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү 200 баллдык чекти багындырышкан. Белгилей кетсек, кабыл алуу баллдардын суммасы боюнча конкурстук негизде жургузүлөт. Бирок, ошол эле ББИМдин чечими менен акыркы эки жылдан бери ЖОЖго өтүү үчун негизги тесттен сырткары тапшырган адистигине жараша кошумча тест да тапшыруусу зарыл жана анын чеги быйыл 60 балл деп белгиленген. Далушул кошумча тесттин айынан далай абитуриенттердин багы байланып, окуу жайларга бөлүнгөн бюджеттик негиздеги квоталык орундар толбой жаткандыгы ЖОЖдордун чоң көйгөйүнө айланууда. Эң өкүнүчтүүсү, ЖРТ (же ББИМ) уюштуруу жана түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү деңгээлде жүргүзө албагандыгынан улам жалаң элеттик абитуриенттер гранттык негизде билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап , “борттон сырткары”калууда.

Билдирүүнү түзөткөн: vais: 13 Август 2012 - 21:04

Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   vais   13 Август 2012 - 21:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Сөзум куру болбос үчүн айрым фактыларды белгилей кетейин. Бюджеттик орундары толбой калган адистиктер инженердик багыттагы адистиктер болуп эсептелет (айыл чарбасы, энергетика, курулуш жана тоо-кен иштери). Кыргызстан үчүн келечектүү делген өнөр-жайтармагынын потенциалын эске алсак, дал ушул тармактарда иштөөчү адистерди бюджеттик негизде даярдоо зарылчылыгы бар. Аймактарда, анын ичинде айыл жергесинде чоңойгон абитуриенттер да көбүнчөсү ушул кесиптерди тандап алышат.Ал эми шаар зонасында окуп-тарбияланган, ата-энеси бардар турмушта жашаган адамдардын балдары фактылар көргөзгөндөй юридикалык, экономикалык жана медициналык адистиктерге тапшырышууда. Бирок, республиканын өнөр жай тармагы тиешелүү денгээлде өнүкпөсө, кадрлар менен бекемделбесе юристтер менен экономисттер келечекте эмне жумуш кылаары тушүнүксүз (же азыркы кээ бир чиновниктерге окшоп, абадан акча жасоонун жолун издешеби).

Азыркы тапта ЖРТ системасы адам укуктарын бузууга алып келип, тагыраак айтсак Конституциянын негизинде жарандардын жогорку билим алуу укугунан ажыратып койду десек болот. Себеби, айыл жергесиндеги талапкерлер объективдүү себептер менен минималдуу баллды (мисалы, негизги тесттен 110 балл) топтой албай калышууда. Биринчиден ЖРТ боюнча уюштуруу, түшүндүрүү иштери жүргузүлбөгөндүктөн алыскы райондордогу окуучулар кошумча тест тапшыруу керек экендигинен, жана кайсы адистикке кайсы сабактан тест тапшыруу керектигинен да кабарсыз калышууда. Экинчиден айылжергесинде мугалимдер азыркы күнгө чейин жетиштүү болбогондуктан кошумча тестке даярданууга абитуриенттердин мүмкунчүлүгү жок. Мисалы, инженердик адистиктерге өтүү үчүн көбүнесе физика сабагынан кошумча тест тапшыруу талап кылынат. Эгер статистикалык маалыматтарды карай турган болсок, акыркы жылдары ушул сабак боюнча мугалимдер жок болгондуктан (педагогикалык окуу жайларда да ушул адистикке аз тапшырышат) көп мектептерде башка адистиктеги мугалимдер бул сабакты өтүшөөрү жашыруун деле эмес.

ББИМ тарабынан жургузулүп жаткан “жасалма” реформанын негизинде көптөгөн абитуриенттер сырттан окуу мүмкунчүлүгүнөн да ажырап калышты. Себеби, быйылкы жылдан тартып сырттан окуу бөлүмү жоюлуп, анын ордуна аты-заты түшүнүксүз “дистанттык” окуу системасы киргизилди жана кабыл алуу планында абитуриенттердин саны кескин кыскарды. Биздин билишибизче, бул системада окутуу үчүн студент менен байланыш негизинен Интернет аркылуу жүргүзүлүп, окуу жайлар да бул системага өтүү үчүн алдын ала даярдык көрүшү керек болчу. Бугүнкү күндө айыл жергесинде интернет эмес, телефон байланышы да жок болгондуктан бул “жанылыктын” азабын дагы эле элеттиктер тартышат. Мындан сырткары, армияда кызмат кылып жүргөндөр, чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандарыбыз тест тапшырууга мүмкунчүлүктөрү болбогондуктан алар үчүн ынгайлуу болгон сырттан окуу мүмкүнчүлүгүн жоготушту.

“Аргымакты арык деп жолго таштап кетпегин...” демекчи, окуйм деп эңсеген,билимге умтулган жаштарга бирдей мүмкүнчулүк түзулсө жакшы болмок. Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет дегендей, азырынча терең билимге ээ боло албаганы менен бараалына толгондо бакандай адис болуп чыгаары толук мүмкун да. Анан калса айыл жергесинде жергиликтүү гана жаштар билим алып келип иштебесе,башка жактан ким келип айылды көтөрөт эле. Бул макаланы жазууга айылда жашаган жердештеримдин арыз-муңу себепболду, анткени кээ бир ата-энелердин балдары 2-3 жылдан бери окууга өтө албай,миграцияга кеткенге мажбур болушууда экен. Азыр мода болуп калгандай, бир маселе чечилбей калса адамдар тез чечүүнүн ыкмасы катары жол тосушат эмеспи, ал эми айылдыктардын территориясынан стратегиялык чон жолдор деле өтпөйт, анүстүнө алар тириглик менен гана алышып жургөн карапайым адамдар катары бул ишке барышпайт. Бул маселени чечүүнун интеллектуалдуу жолдору деле бар болсо керек. Кимде ушул маселе боюнча ой-пикирлер болсо бөлүшөлү. Эгер ББИМ де, же агартуу тармагында иштеген адистерболсо өз репликасын айтышсын, талкуулап көрөлү.

Билдирүүнү түзөткөн: vais: 13 Август 2012 - 21:10

Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Daud   13 Август 2012 - 21:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Орчундуу маселе экен. Менимче бул теманы талкуулоо учун билим беруу тармагы боюнча кенен маалыматка ээ болуу керек. Сиз айткан сын-пикирлерге бул тармакта иштеген адамдардын жоопторун угуу бизге да кызык.

Анан сиз айткан пикирлердин ичинде айылдык балдардын жогорку баллдарды алууга мумкунчулуктору аз деген пикир айтылыптыр. ЖРТ алгач пайда болгон жылы биздин мектептин бутуруучулору айылдык мектеп болгонуна карабастан 110 дон жогорку баллдарга ээ болушкан. 70 пайыздан жогорку бутуруучулор ушундай баллдарды алышкан. Мен озум негизги тесттен 180 ал эми кошумчадан 76 баллга ээ болгом. А мен болгону учунчу орунда гана болгом. Ал убакта 5 талон болуп алар ЖОЖ га тапшырылат эле. Мен 5 талонумдун негизинде ар турдуу 3 университеттен тандап 5 факультетке бюжеттик негизде отконмун. Анан алардын ичинен бироосун тандап анда окуганмын. Бирок аны аяктабастан туруп башка университетке отуп кеткем. Балким андан бери кээ бир нерселер озгоргондур? Ким билсин. Ошол жылы бизен эн томонку балл алган баланын баллы 96 балл болгон. Калгандары баары 100 дон жогору болгон.

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 13 Август 2012 - 22:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   historic   13 Август 2012 - 22:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Жылда гранттык орундарга отуу учун гана ЖРТга катышуу керек болсо, быйыл контракттык да, дистанттык да орундарга ЖРТнын жыйынтыгы зарыл экен. Эми он терс жагын айтсак.
Албетте ар бир жакшы окуган карапайым уй-булонун уулу ата-энесинин акчасысыз эле гранттык орунга окууга отуу мумкунчулугу бар болгону жакшы. Бирок ошол ЖРТнын жооптору алдын ала сатылганы да "жуда" кызык иш болду. Т.а Жалал-Абаддагы ЖРТга даярдоочу "СЕКОМ" аттуу мекемеде даяр жооптор сатылган экен. Муну бизге ошол жерде иштеген бир агай айткан. (ишенбесенер далилдеп берем).
Быйыл бутуруучу болгондуктан мен да ЖРТга катышкам. Негизги тесттен159, кошумча тарыхтан109, математикадан65, биологиядан68 химиядан61 балл алдым. Бирок чет олко менен биргелешип ачылган ЖОЖго тапшыргандыктан ЖРТнын жыйынтыгын пайдаланган жокмун.

Билдирүүнү түзөткөн: historic: 13 Август 2012 - 22:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Strateg   13 Август 2012 - 22:20

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 003
  • Катталган: 11 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2014 10:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ЖТРдин негизинде окууга кабыл алуу негизинен абитуриенттер үчүн жакшы эле болду. Тести кандай тапшырсаң, ошого жараша окуу жайга өтөсүң же өтпөй каласың. Ал эми 110 балл топтой албай калгандары бул биздин, жалпыбыздын күнөөбүз, билим берүү системасынын кыйрашы. Мүмкүн ушул жол менен окуу жайларга чыныгы окууга умтулган жаштар келип, алардан сабаттуу мугалимдер чыгып, мектептен да сапаттуу билим бере башташат. Мына ошондо тестин жыйынтыгында 110 бал алуу бүтүүрүүчүлөр үчүн андай деле кыйынчылыка турбай калаттыр? Ал эми сырттан окууну жоюуу туура деп эсептейм. Сапатсыз адистерди даярдаганча даярдабай эле коюш керек. Албетте сааттар кыскарып, ЖОЖдордун мугалимдерине кыйын эле болот, бирок айла жок. Жеке кызыкчылыгыбызды унутуп, жалпы билим берүү системасын оңойбуз десек бул реформаларды колдойлу. Дистанттык бөлүмдөр жөнүндө маселе бул дагы бир чоң проблема. Өзүнчө чоң тема.
```
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   vais   13 Август 2012 - 22:30

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Ушул теманы улантып, билим берүү системасын реформалоо боюнча жүргузулүп жаткан иштерге да өз көз карашымды айта кетсем. Мына, быйылкы жылдан баштап,ББИМ билим берүүнүн европалык стандартына өтөбүз дешип, жогорку окуу жайлардын бардыгына таңуулап эле бакалавриат системасын киргизип коюшту. Бул чечим эл арасына, коомчулукка тааныштырылып кенири талкууга алынган жок. ЖОЖдордон эмес,жада калса иш берүүчү өндүрүш ишканаларынан да (келечектеги жумуш берүүчүкатарында), окууга талапкерлерден да бир ооз сурап да коюшкан жок. Мүмкүн, бул системанын да жакшы жактары бардыр, аны мезгил көрсөтөт. Бирок, менин оюмча,министрлик бул кадамга эптеп реформа жасап аткан “түр” көрсөтүш үчун эле барды.Анткени, бул система бизге чейин Прибалтика өлкөлөрүндө, Россия жанаКазакстанда киргизилип, өз натыйжасын бербегендиктен алар кайра “бакалавр” (4 жылдык) эмес, мурдагы “дипломдуу адис”(окуу мөөнөтү 5 жыл) даярдоо жолуна кайра кайтышууда. Гуманитардык, юридикалык же экономикалык багыттагы адистиктер үчун, айрыкча Европа өлкөлөрүндө иштейм дегендер үчүн бул система мүмкүн жакшыдыр. А өндуруш тармагында иштеген адистер үчүн 5 жылдык мөөнөт эле ынгайлуу, анткени бакалаврга окуган 4 жылда алар өндүрүштүк процесстерди, машина-механизмдердин тузулүшун толугу менен үйрөнүп чыгууга үлгүрбөй калышат.

Бул системадан корккон дагы бир себебим, мындан 20 жылдай илгери Союз ыдырагандан кийинки жылдары батыш өлкөлөрү бизге жардам беримиш болуп ПЕСАК,ТАСИС сыяктуу программалары менен келип, союз маалында жакшынакай эле иштеп келген өнөр жайыбызды оңкосунан кетирген. Натыйжада, бүгүнкү күндө техниканын баарын, кээ бир продукцияларды сырттан сатып келүүгө мажбурбуз. Мисалы, Кола-Фанта сыяктуу ичимдиктерди биз кымбат баада сатып алып ичкенибиз менен кимдердин чөнтөгун толтуруп атканыбыз белгисиз. Эми акырындап билим берүү системасын да талкалап, кадр даярдоо жаатында да өздөрү монополист болгусу бар го. Негизи өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдүн саясаты: бир аз акча беримиш болуп туруп, адамдын аң-сезимин өздөрүнө ынгайлуу тарапка буруп, өз продукциясын сатуу деп ойлоп калдым. Эми билим берүү тармагында да да 5-10жылдан кийин алар даярдаган гана кадрлар жарамдуу болуп, баарыбыз контрактты ошолорго төлөп, ошолор тараптан гана окуп калбасак болгону.

Билдирүүнү түзөткөн: vais: 13 Август 2012 - 22:34

Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Strateg   13 Август 2012 - 22:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 003
  • Катталган: 11 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2014 10:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Туура бакалавриат, Болон процессине кошулуу... Азыр ЖОЖдордо тополон, ызы-чуу. Сүрөт Түшүнгөнү да бар, түшүнбөгөнү да бар. Бирок бул айла жоктун иши. Россия (бакаллавр-специалист- магистр), Казакстан (бакалавр-магистр) бул системага өтүштү жана артка кайрылышпайт. Толук изоляцияда калып калбаш үчүн каалайбызбы, каалабайбызбы өтөбүз.
```
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   sparkle   14 Август 2012 - 01:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 175
  • Катталган: 24 Март 12
  • Соңку аракети: 26 Сен 2020 21:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

historic, negizgi testten 159, matematikadan 65 aldym dep dep jazyptyrsyz. Matematika negizgi testke kiretko, anan kandaicha siz otdel'no tapshyrdynyz? ;)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   maksatkyz   14 Август 2012 - 12:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 275
  • Катталган: 09 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Апр 2017 12:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения vais (13 Август 2012 - 21:00) жазган:

Акыркы 3-4 жылдан бери республикабызда жогорку окуу жайларына өтүү үчүн Жалпы Республикалык Тестирлөө (ЖРТ) өткөзүлүп келе жаткандыгы баарыбызга маалым. Билим берүүнүн сапатына таасир эткендиктен мамлекеттик мааниге ээ бул тестирлөөнү чет элдик уюмга (АКСЕЛС) ишенип бергенибиз да жашыруун эмес. Мен талкууга алып чыгайын деген маселе мына ушул ЖРТ системасы өзун актадыбы же жокпу, жалпы эле билим берүү тармагында чындап эле реформалар жүрүп жатабы, же кезектеги көз боемочулук ишке ашуудабы.Учурда өлкөбуздүн ЖОЖдоруна кабыл алуу сезону (Абитуриент- 2012) кызуу жүрүп,атүгүл аягына чыгып жаткан мезгил. Билим берүү жана илим министрлигинин (ББИМ) чечимине ылайык бардык ЖОЖдорго кабыл алуу ЖРТнын жыйынтыгы боюнча гана жүргузулөт, анын ичинде сыртан окуу бөлүмүндө да . Бирок, бул жобо чет өлкөлөр менен биргелешип ачылган ЖОЖдорго таркалбайт.

Жакшы, маанилуу тема ачылган экен. Бирок, тактап кетуучу нерсе, 3-4 жылдан бери эмес, ЖРТ билим беруу системабызга 12 жыл мурун киргизилген.
Ал эми ББИМдин ЖРТ боюнча чыккан токтому билим алгысы келген атуулдардын укугун тебелеп-тепселегендигинде жатат. ЖРТдан жакшы балл алдыбы-албадыбы, баарыбир Кыргызстандын ар бир жараны каалаган окуу жайга барып окуганга укуктуу. Ал эми чиновниктерибиз жарандарыбыздын ошол укугуна тоскоолдуктарды жаратып коюшту деп айтар элем. ЖРТ киргизилгенге чейин ансыз эле окууга отуп, билим алып келди эле го, эже-агаларыбыз. Бирок, чындыгында ЖРТ копчулугубуздун багыбызды ачты десем да болот...
ЖРТ – негизи билим берүү системасындагы тескери көрүнүштөрдү жоюуга багытталган программа. Бирок, муну акыркы жылдары башка тарапка буруп салышкандай. Абитуриенттерди кабыл алуу, адистерди даярдоо саясаты болушу керек. Анан бир-эки адамдын чечими менен бүтүндөй Кыргызстанга
бир стандартты киргизип коюшканы туура эмес деп эсептейм. ЖРТ көп форманын бир эле формасы болушу керек эле, муну бюджеттик формада окуй турган студенттер үчүн колдонуп (анткени алар бюджеттен стипендия алып, бюджеттин эсебинен окуйт), ал эми контракттык негизде билим алгандарга жалпы республикалык тестирлөөнүн зарылчылыгы жок болчу. ЖРТнын негизинде "пороговый" баллга жетпей калгандар абитуриенттердин копчулук пайызын тузоору айдан ачык го, анан алардын баары кайда барышат, эмне кылышат... Окмоттун мындай чечими менен билим беруу сапатын жакшыртабыз дегени туура денизчи (чын эле даже томон деп эсептелген 114 балл ала албаса, ЖОЖго суутуп коюптурбу дегендей...), бирок, муну менен олкобуздо билимсиздердин санын кобойтуп жаткан жокпузбу деген ой келет экен... Анан мигрант кайдан чыгат, ушундайлардан чыгат (акыркы суйломду чет жердеги мекендештер башкача алып тушунбошунорду отуном).
« Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз»

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Leanor   14 Август 2012 - 12:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 332
  • Катталган: 21 Июль 11
  • Соңку аракети: 09 Авг 2021 18:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Планета Земля

ЖРТ калыс эле отот и кимдин канчалык денгээлде билими болсо,ошого жараша балл алат деп ишенимдуу айта алам.Мен ЖРТдан жогорку балл алып,5 талондун 1 эле кетирип,озум жактырган ВУЗга(МУК-эконом. фак,Бишкек) отуп,даже стипендия менен окугам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Strateg   14 Август 2012 - 12:41

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 003
  • Катталган: 11 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2014 10:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жогоркуу билимдүүлөрдун санын көбөйтүп кереги жок. Сапатына көңүл бурулуш керек.ЖОЖдордун, студенттердин калкка жараша саны боюнча биз ансыз деле КМШда эн алдыда экенбиз. Союз учурунда Кыргызстанда 7-8 эле ЖОЖ бар эле, жана алар берген билимдин сапаты да жогору болчу. Азыр эми диплом алгандардын саны көп, бирок анча жумуш орун деле жок да. Ачыгын айтканда акыркы жылдары абитуриент билим деңгеелине жараша эмес, капчыгынын калыңдыгына карап окууга өтуп калган да. Балким тест аркылуу окууга өтүү (контрактык негизде да) бул жагдайды анча мынча болсо да оңоп кетеер.
```
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   maksatkyz   14 Август 2012 - 13:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 275
  • Катталган: 09 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Апр 2017 12:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Strateg (14 Август 2012 - 12:41) жазган:

Жогоркуу билимдүүлөрдун санын көбөйтүп кереги жок. Сапатына көңүл бурулуш керек.ЖОЖдордун, студенттердин калкка жараша саны боюнча биз ансыз деле КМШда эн алдыда экенбиз. Союз учурунда Кыргызстанда 7-8 эле ЖОЖ бар эле, жана алар берген билимдин сапаты да жогору болчу. Азыр эми диплом алгандардын саны көп, бирок анча жумуш орун деле жок да. Ачыгын айтканда акыркы жылдары абитуриент билим деңгеелине жараша эмес, капчыгынын калыңдыгына карап окууга өтуп калган да. Балким тест аркылуу окууга өтүү (контрактык негизде да) бул жагдайды анча мынча болсо да оңоп кетеер.


"КМШда эн алдыда экенбиз" дегениниз жакшы жанылык экен, мага жакты... Билишимче 50дон ашык ЖОЖ бар ээ Кыргызстанда, туура анча окуу жайдын кереги жок, бирок, мынча коп деп баарын жаба бербей, ар ким оз "компетенциясы" боюнча иш алып барса деген эле ой, мисалы, КТУ (политех) гуманитардык илимдер боюнча адис даярдабаса, КМПУ (И.Арабаев атындагы) техниктерди даярдабаса. .. Туура кошулам пикиринизге, жумуш орун табыш кыйын ЖОЖду буткон сон, бирок мындай корунуш тээ Совет мезгилинде деле орун алып келген да, дипломдору сандыкта чан басып...андайлар, кесиби менен эмес, башка сферада иштеп, ошол бойдон калып кетишти. Бирок, жумуш орун баарыбир табылбайт деп, окубай койгон туура эмес го, "Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" дегендей... Жана дагы азыркы заманда "капчык" маанилуу роль ойноп калганына кумонум жок денизчи, бирок бул жерде ошол капчыгы калын абитуриентти окууга кабыл алып жаткан мугалимден башталып жатпайбы кептин баары...барып- келип эле тубу тыйылбаган паракорчулук. .. Балким, ошол тесттен жакшы балл ала албай калган бутуруучуго дагы бир мумкунчулук (шанс) берсек кантет эле...эгер, окууга тапшырып алышып, бирок таптакыр эле окууга конул чаппаса, андайлар оздору эле электен "эленип" калып калышат. Мисалы менин иним, ЖРТдан 105 эле балл алган, азыр окуйт контракттык негизде, мактагандай болбоюн, бирок группасындагы анча-мынчаларга (ошол эле 115-120 балл топтогондорго) караганда жакшы эле, азыркы денгээли...
« Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз»

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   historic   14 Август 2012 - 13:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Просмотр сообщения sparkle (14 Август 2012 - 01:23) жазган:

historic, negizgi testten 159, matematikadan 65 aldym dep dep jazyptyrsyz. Matematika negizgi testke kiretko, anan kandaicha siz otdel'no tapshyrdynyz? ;)

Кечиресиз эжекеси, жылдагыдан айырмаланып быйыл кошумча тестке математика да киргизилди. Ошентип кошумча тест эми 6 сабактан турат: математика, физика, химия, биология, англис тили жана тарых.
Ал эми негизги тесттин болумдору озгоргон жок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Jeka   14 Август 2012 - 14:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ЖРТ - бул Кыргызстандын билим берүү системасына урулган жашыруун сокку. Кыйыр түрдө болсо да билим берүү системасына тиешеси бар адам катары "ЖРТ киргизилгенден бери абитуриенттердин билим деңгээли кескин түшүп кетти" деп ишенимдүү айта алам. Анткени, азыркы абитуриенттердин деңгээли - орусча айтканда "ниже плинтуса" . Абитуриенттердин кыргыз акын, жазуучуларынын чыгармаларынан кабары жок, ал эми математикасын айтпай эле койойун. Мурда интеграл, туунду, тригонометрия, логарифм татаал деп эсептелинсе, азыр - кадимки эле кошуу, кемитүү амалдарын аткара алышпайт, айрыкча терс сандар менен. Ал эми бөлчөк сандар - катастрофа. Бирок, ОРТсын текшере келсең - 150дөн жогору.

Иши кылып, ушинтип жүрүп отурсак, дагы бир 10-15 жылдан кийин чет өлкөлүктөр менен тең ата болуп талашканды мындай кой, өз аты-жөнүбүздү жөндөп жаза албай калабызбы деп корком...

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 14 Август 2012 - 14:12

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   maksatkyz   14 Август 2012 - 15:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 275
  • Катталган: 09 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Апр 2017 12:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Jeka (14 Август 2012 - 14:04) жазган:

ЖРТ - бул Кыргызстандын билим берүү системасына урулган жашыруун сокку. Кыйыр түрдө болсо да билим берүү системасына тиешеси бар адам катары "ЖРТ киргизилгенден бери абитуриенттердин билим деңгээли кескин түшүп кетти" деп ишенимдүү айта алам. Анткени, азыркы абитуриенттердин деңгээли - орусча айтканда "ниже плинтуса" . Абитуриенттердин кыргыз акын, жазуучуларынын чыгармаларынан кабары жок, ал эми математикасын айтпай эле койойун. Мурда интеграл, туунду, тригонометрия, логарифм татаал деп эсептелинсе, азыр - кадимки эле кошуу, кемитүү амалдарын аткара алышпайт, айрыкча терс сандар менен. Ал эми бөлчөк сандар - катастрофа. Бирок, ОРТсын текшере келсең - 150дөн жогору.

Иши кылып, ушинтип жүрүп отурсак, дагы бир 10-15 жылдан кийин чет өлкөлүктөр менен тең ата болуп талашканды мындай кой, өз аты-жөнүбүздү жөндөп жаза албай калабызбы деп корком...


Jeka, башкасынан кутсом да сизден мындай пикирди куткон эмес элем... Бутуруучулордун, дегеле мектеп окуучуларынын билим денгээлин ЖРТ менен байланыштырган болбойт го. Азыркы заман талабына жараша ошондой болуп жатпайбы, азыр мектеп окуучусунан тартып студенттерге чейин ан-сезимдери башкача калыптанууда. ..Мен дагы тынчсызданам, улам кийинки жаштар арасында тарыхта аты калган кыргыз акын-жазуучуларын тааныбаган муундар осуп келаткан жокпу деп. Ушул маселеге кенири токтолгум келип турган эле, бирок, бул жакта аны талкуулоо менен башка темага отуп кетебиз... Ошентсе деле, бир суйлом менен оюмду калтырып кетсем: Азыр, кайсы бир жазуучунун же акындын ысымын айтсан кобу тааныбашы мумкун, ал эми коммерциялык негизде жазып жургон Айгул Шаршен кызы деген атты укканда, даже чыгармаларынын сюжетинен ойдо айтып бериши толук ыктымал... Кыскасы, айта берсе соз тугонбойт, озунуз айткандай "катастрофический" жашоо. Ал эми жанакы интеграл, туунду, болчок сандарды онуккон техника аткарып калбадыбы, "орун алмашуу менен сумма озгоргон жок" да... ))) Сиз "10-15 жылдан кийин аты-жонубузду жондоп жаза албай калабызбы" деп корксонуз, мен болсо, кыргыздар ошол 10-15 жылдан кийин ойлоно башташабы деп умут кылам... Ал эми темага кайрылып келе турган болсок, ЖРТны жоюп салуу деле туура болчудай, окууга тапшырам деген бала ручканын учу менен тегерктеп эмес, оозунун учу менен жооп берип отсо демекчимин, эн болбоду дегенде ушу ЖРТны алып салып РФныкындай ЕГЭ киргизип коелук, бирок анда деле 100 % точно билим текшерилет деп айтпайм, ошентсе деле экзамен деген аты бар да...

« Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз»

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Strateg   14 Август 2012 - 15:31

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 003
  • Катталган: 11 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2014 10:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Jeka (14 Август 2012 - 14:04) жазган:

ЖРТ - бул Кыргызстандын билим берүү системасына урулган жашыруун сокку. Кыйыр түрдө болсо да билим берүү системасына тиешеси бар адам катары "ЖРТ киргизилгенден бери абитуриенттердин билим деңгээли кескин түшүп кетти" деп ишенимдүү айта алам. Анткени, азыркы абитуриенттердин деңгээли - орусча айтканда "ниже плинтуса" ...


Абитуриенттердин билим деңгеелинин кескин түрдө төмөндөп кетишине ОРТ күнөөлүү дегенге кошула албайм. Билим деңгеелинин түшүшүнө учурдагы мектептер, мугалимдер, ошо мугалимдерди даярдаган ЖОЖдор, эмгек акынын аздыгы, айылда балдарын окутпай эле иштетип койгон ата-энелер.. .деги эле азыркы кездеги мамлекеттеги кыйын экономикалык абал күнөөлүү эмеспи? Албетте сындап коюп отура бериш оңой, бирок кыймыл керек, оңош керек билим берүү тармагын, болбосо ушинтип өзгөртпөй, эскиче жүрө берсек анда сиз айткандай эртең аты жөнүн тууура жаза албаган жаштар көбөюп кетиши толук ыктымал.
```
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Daud   14 Август 2012 - 16:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения maksatkyz (14 Август 2012 - 15:20) жазган:

Ал эми темага кайрылып келе турган болсок, ЖРТны жоюп салуу деле туура болчудай, окууга тапшырам деген бала ручканын учу менен тегерктеп эмес, оозунун учу менен жооп берип отсо демекчимин, эн болбоду дегенде ушу ЖРТны алып салып РФныкындай ЕГЭ киргизип коелук, бирок анда деле 100 % точно билим текшерилет деп айтпайм, ошентсе деле экзамен деген аты бар да...

Толугу менен кошулам.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   vais   14 Август 2012 - 22:07

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Просмотр сообщения Strateg (14 Август 2012 - 12:41) жазган:

Жогоркуу билимдүүлөрдун санын көбөйтүп кереги жок. Сапатына көңүл бурулуш керек.ЖОЖдордун, студенттердин калкка жараша саны боюнча биз ансыз деле КМШда эн алдыда экенбиз. Союз учурунда Кыргызстанда 7-8 эле ЖОЖ бар эле, жана алар берген билимдин сапаты да жогору болчу. Азыр эми диплом алгандардын саны көп, бирок анча жумуш орун деле жок да. Ачыгын айтканда акыркы жылдары абитуриент билим деңгеелине жараша эмес, капчыгынын калыңдыгына карап окууга өтуп калган да. Балким тест аркылуу окууга өтүү (контрактык негизде да) бул жагдайды анча мынча болсо да оңоп кетеер.


Менимче, жогорку билимдүүлөр көп болгону эч кандай зыян эмес. Миграцияга кетип же, туркойлуктун азабынан кылмыштуулукка аралашып турмого камалгыча жогорку билимге ээ болсо, жок дегенде руху жогорураак, маданияты жогорураак инсан болот. Жумуш бир кун табылып калаар, болбосо жеке бизнес ачса деле жогорку билимдин пайдасы тиет.
Ал эми тесттин жакшы жактары да бар дечи, бирок жанагинтип абитуриенттин бактысын байлаганы жаман болуватпайвы. Былтыры да абитуриенттер аз балл топтоп, ЖОЖдорго недобор болгон, быйыл жада калса бюджеттик орундар да бош турат, техникалык адистиктерге. Айылдыктардын орточо баллы 100дон ашпайт экен азыр.
Министрлик пороговый баллды ылдыйраак тушуруп, контрактка тандап алууну ЖОЖдун оз ыктыярына калтырып койсо болмок, ситуацияны эске алып. Мугалимдер жумушсуз калса , алар да мигрантка айланат, кочого чыгышат. Ошондон окмотко жакшы болуп кетмек беле.

Билдирүүнү түзөткөн: vais: 14 Август 2012 - 22:09

Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Jeka   15 Август 2012 - 15:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Албетте, билим деңгээлдин түшүп кетиши боюнча Strateg-дин оюна толугу менен кошулам. Ал эми ЖРТ - ошолордун баарынын эмгегинин күзгүсү. Бирок, ЖРТда кокусунан деле туура жоопту тандап алышы мүмкүн. А тандап алган менен, өз алдынча ойлонуп, айтып же чыгарып бергендин айрымасы чоң. Ошондуктан, мен айткандай ЖРТсы 150дөн жогору болсо да, сурай келгенде эчтекени билбей атышпайбы.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   vais   15 Август 2012 - 23:50

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Кыргызстандагы ЖОЖдорго кабыл алуу планы 2 эсе кыскарды
Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Жогорку окуу жайларына кабыл алуу кампаниясынын жыйынтыгы жөнүндө маалымдап жатып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.

Министрдин маалыматына ылайык, 2012-2013-окуу жылына карата ЖОЖдогу гранттык орундар 5705 орунду түзөт. Контракттык негизде кабыл алуу планы боюнча 28682 (күндүзгү) жана 2260 (дистанциялык) орунду түзөт. Алардын ичинен мамлекеттин окуу жайларга – 23005 орун контракттык негизде, ал эми мамлекеттик эмес окуу жайларга 5677 орун бөлүнгөн.

«Мурунку жылдарга караганда ЖОЖдорго күндүзгү контракттык негизде кабыл алуу 13,5 орунга кыскарган. Мындан тышкары, сырттан окуу формасы жоюлуп салынды. Ушинтип ЖОЖдорго кабыл алуу планы 2 эсеге кыскарды», -дейт К.Садыков.

Анын айтымында, 2012-жылга карата гранттык негиздеги окууга өтүү үчүн кийинки өтүү баллдары бекитилген.

Гранттык негиздеги абитуриенттер үчүн:

негизги тест боюнча – 110 балл;

бардык предметтер боюнча тест – 60 балл;

контракттык негиздеги бардык окуу формалары үчүн:

негизги тест боюнча – 105 балл;

бардык предметтер боюнча тест – 50 балл.

«Азыркы убактарда көбү бизге кайрылып жатышат. Өтүү баллын азайтуу тууралуу. Биз аны өзгөртө албайбыз. Жогоруда кабыл алынган өтүү баллдарынын баары эң төмөнкү. Мындан ылдый кылуу мүмкүн эмес. Бир гана ИИМдин Академиясына өтүү баллын 100 баллга, Аскер академиясына өтүү баллын 80 баллга, ал эми Агрардык университетине өтүү баллын 95 баллга төмөндөткөнбүз», - дейт министр.

«Жалпы республика боюнча жалпы тестирлөөгө 55,5 абитуриент катышкан. Жалпы тестирлөө 3 турда болуп өттү. 3-тур болуп өткөндөн кийин 969 бош орун калган. Аларды биз толо элек окуу жайларына бөлүштүрөбүз. Азыр көптөрү күтүп жатат, качан төртүнчү тур болот деп. Төртүнчү тур болбойт. Ал бир гана министрликтин коллегиясында чечилет. Ал эми ЖОЖдорго өтө албай калган абитуриенттер, орто билим берүүчү окуу жайларына тапшыра алышат», - деп билдирди ал.

Булак: Баракелде жана knews




Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Авг 2025 02:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: