"Алымтай, тура кой жарыгым, кеттик" деген мееримдуу, кулагына синип калган ундон козун ачса Апасы экен. Бирок кийими айылда кадимки кийчу койнок-жоолуктардан эмес, баягы бир чон тойдо кийген чепкен, ак элечекчен экен. Жетелегени болсо озуно далай жолу айтып берген жомоктордогу, учуп да кетчу, Ак боз ат окшойт.Бала суйунучу койнуна батпай, сагынган Апасын кучактап алды да анын алдына Ак боз атты минип алды. Апасы акырын гана теминип койгондо Ак боз ат калкып эле ойдо уча баштады. Бала Апасынын меримдуу колдорун кармап, бакытка чомулуп баратты. Буларды бир гана тунку жел узатты. Ал Баланын саамайынан сылап "кечирип кой адамдарды" деди. Бирок Бала аны уккан да жок. Ал эч кимге таарынган да эмес. Анткени ал Наристе. Томон жакта болсо чон шаарды алоолонгон от каптап жатты...
Билдирүүнү түзөткөн: Strateg: 13 Август 2010 - 00:10