- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Аял затында кездешүүчү оору.
#1 17 Сентябрь 2012 - 00:35
Алдын ала рахмат.
#2 17 Сентябрь 2012 - 01:38
Себептери
Белгилүү болгондой, ай сайын аялдардын организминде жумуртка клеткасы бышып жетилет. Эгер бойго бүтүү болбосо, ал өлөт. Ал эми организм өзүндөгү ашыкча нерселерден арылууга аракет жасайт: жатындан керексиз ткандарды жана суюктукту бөлүп чыгарат. Ашыкча нерселер жакшы бөлүнүп чыгыш үчүн бул учурда организм булчуңдардын жыйрылуусуна жардам берүүчү простагландин аттуу затты иштеп чыгарат. Эгер бул зат өтө эле көп иштелип чыкса, анда оору менен коштолот. Бул албетте, айыз учурундагы оорунун жалгыз эле себеби эмес, мындан башка да төмөнкүдөй себептери бар:
Гинекологиялык оорулар. Эгер айымдын ички жыныс органдары сезгенген болсо, жыныс органында инфекция болсо, анда айызы келген учурда айым катуу ооруну сезет. Бойго бүтүүдөн сактоочу спираль да оорунун бир себеби болушу мүмкүн.
Физикалык кыймылдын аздыгы. Көп кыймылдабай бошоп калган булчуңдар организмдеги ар кандай өзгөрүүлөрдү оор көтөрөт. Андыктан, айыз келгенге чейин спорт менен машыгуу керек.
Тукум куучулук. Эгер сиздин апаңыз айызы келген учурда ооруга кабылса, анда ушул эле көрүнүш сизде да кайталанат.
Кальцийдин жетишсиздиги. Организмде кальцийдин жетишсиздиги да айыз учурунда ооруну жаратат. Мындай учурда курамында кльций көп азыктарды көбүрөөк пайдалануу керек. Кальций сүт жана сүт азыктарында, брокколи капустасында, төө буурчакта, бадамда көп.
Магнийдин жетишсиздиги. Магний булчуңдардын калыптагыдай иштешине таасир этет. Эгер организмде магний жетишсиз болсо булчуңдар жыйрылып, айыз учурунда оорутууга жеткирет.
Ооруну басаңдатуунун ыкмалары
- Ысык ваннага түшүңүз
- Бүктөлгөн чүпүрөктү үтүктөп же бөтөлкөгө ысык суу куюп алы ошону ооруган жериңизге басыңыз. Бул жыйрылган булчуңдарды бошоңдотуп, ооруну азайтат.
- Туздуу, майлуу, таттуу, ошондой эле сүт азыктарын азайтыңыз. Айрыкча айызыңыз башталаарына бир жума калганда. Ал эми жашылчаларды көбүрөөк жеңиз.
- Чөп чайлар, мисалы, ромашканын чайы да оорунун басаңдашына жардам берет.
- Курамында кофеин бар коюу кара чай, кофе, шоколад сыяктуу азыктардан жана алкоголдон качыңыз. Кофеин ооруну күчөтөт, ал эми алкоголдук ичимдиктер суюктуктун бөлүнүп чыгышын жайлатат.
- Айыз келип жаткан учурдагы ашыкча кыжырдануу, жинденүү, стресс болуу - ооруңузга оору кошот. Андыктан, өзүңүздү тынч алып жүргөнгө аракет кылыңыз.
- Такыр эле оору басылбай койсо, анда таблетка ичүүгө туура келет. Анальгин, баралгин, спазган, но-шпа ооруну басат, бирок буларды көп ичүүгө болбойт.
#3 17 Сентябрь 2012 - 01:40
Айыз учурундагы стресстен арылууга эмне жардам берет?
- Айыз учурунда көптөгөн айымдарда болор-болбос нерселерге кыжырдануу, өзүн жаман сезүү сезими күчөйт. Бул сезимден арылуу үчүн күрүч жардам берет. Кимде-ким айыз күндөрү бир гана күрүчтү колдонсо, эч кандай оору да, шишик да, стресс да болбой, бул күндөр тынч өтүп кетет. Ал үчүн бир стакан күрүчтү сууга бышырып, үч бөлүккө бөлүп алып үч жолу жеш керек. Күрүчкө туз кошпой эле койгон оң.
Ошондой эле айыз учурунда нерви чыңалгандар үчүн бир күндө эки мандарин же бир банан сунуш кылынат. Анткени, бул жемиштерде стрессти басуучу эфир майы бар. Мандариндин кабыгын ыргытпай сактап коюп, нерв боло баштаганыңызда жыттап алсаңыз, баары жайына келет. Жемиштерден тышкары, нервди сактоо үчүн семичке менен жер жаңгак да жакшы, анын үстүнө буларда аялдарга пайдалуу көптөгөн витаминдер бар.
Билдирүүнү түзөткөн: zhazira: 17 Сентябрь 2012 - 01:53
#5 17 Сентябрь 2012 - 09:32
#6 17 Сентябрь 2012 - 09:32
#8 17 Сентябрь 2012 - 10:34
#9 17 Сентябрь 2012 - 10:37
miniusha (17 Сентябрь 2012 - 10:34) жазган:
мен да уккам күйөөгө тийгенден күндө секас болсо калып кетет деп...Нерв да калыбына келет экен....тааак- с, 2-3 кандидат бар,ошолорду ойлоноштуруп көрсөмбү....
#10 17 Сентябрь 2012 - 10:40
solnyshko (17 Сентябрь 2012 - 10:37) жазган:
ии да кор, эми кундо болбосо да иши кылып куйоого тийсен куйоон дарылайт! Эми нерв калыбына келет деп айта албайм, куйоого тийгенче нервденгенин бул жон эле суеталар да, тийгенден кийин сактанбасан накта нерв болосун да.
Билдирүүнү түзөткөн: miniusha: 17 Сентябрь 2012 - 10:42
#11 17 Сентябрь 2012 - 11:20
#13 17 Сентябрь 2012 - 14:30
#14 18 Сентябрь 2012 - 14:27
miniusha (17 Сентябрь 2012 - 10:34) жазган:
Андай эмес меники ооруйт дагы эле. Бул нервтен нервинди 1 ай жакшы кармасан коросун оорубай калат бирок нерв анча мынча нерселерге чыдабайт да.
#15 22 Сентябрь 2012 - 02:16
#16 25 Сентябрь 2012 - 16:22
temu (22 Сентябрь 2012 - 09:11) жазган:
Ушу аялдарга тиешелуу жерге жазбай эле койсонор сураныч туура тушунгуло,уялып сорго жазсак биякка да комент жазып ,кенеш болсо мейли врач болсонор! !!
#17 25 Сентябрь 2012 - 16:26
Gukumkan3622 (17 Сентябрь 2012 - 14:30) жазган:
Ушу созуно кошула албайм,анткени чала жан болуп аябай ооручу торотум болсо аябай узак анан кыйналып сорго тородум, укол болбосо воше ле 5 кун журмок белем, 2-3 бала оной торолот дешкен ал деле жон эле соз экен, ар бир адамдын организмине жараша болот окшойт.
#18 25 Сентябрь 2012 - 16:28
Ушул жакка аялдарга тиешелуу ооруларды жаза берели ээ,быкыратып тема ачпай.
#19 25 Сентябрь 2012 - 17:04
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »