Суперстан: Жыландын сүйүүсү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыландын сүйүүсү «Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер мене

#61 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 12:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Жыландар уюгуна кире турган маал али алдыда. Андыктан Жан шашылбайт. Чээнден чыкчу жазга чейин эмне бар да, эмне жок?! Чыны менен эле Кызмончоктон санаасы тынчып, биротоло бир жаңсыл болуп кеткени жакшы өңдөнөт. А балким...

Кызмончок ушул кышта чээнге кошо эрчип кетчүдөй, көңүлү жайдарылана түштү. Бул ою канчалык акылга сыйбай турган куру кыял экенин билсе дагы, саамга денеси балкып, өзүн-өзү алдап, бактылуу боло калды. Акыркы убактарда ушинтип куру кыял, элестер менен ырахаттана калууга үйрөнгөн. Бир жаман жери, кайра эле ошолордун чындыкка айланышын самай берет...

“Эмне экен?! – деди оюнда, – Эмне экен?! “Эркек кишинин өжөр, өктөм болгону жакшы” дечү го Кызмончок! Балким ал менден да ошол касиетти талап кылып, сынап жаткандыр?! Ооба, эмнеси болсо да Бектемирге жолугуум керек! Эгерде адам баласы да Кызмончокту менчелик сүйсө, чындыкты билип көрсүн!..”
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 12:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Ошо убакта Бектемир атасынын күтүрөгөн чоң үйүр жылкысын кайрып, башына чулгай салынган бир байлам кызыл жоолугунун учу желбирей, укуругун сороктото айгай салып, ат жалында бараткан. Анда-санда окуранып, куйрук-жалы сапырылган Актуягы Бетемирдин жандүйнөсүн билген сымак ооздугун качырата чайнап, ай ааламды жаңырта азынап, демейдегиден да бир башкача чамгарактайт, чиркин!

Жигит менен бу, канаттуу куштай асман менен жердин ортосунда көзгө илешпей кетип бараткан жаныбардын кыял-жоругу бири-бирине куп жарашып, окшош дагы. Так ошол Кызмончок менен Жан сыяктуу, бул экөө да бала кезден жанбирге. Кулунунун куйрук-жалын сылап, кош чырактай балбылдаган көздөрүнөн өөп, көкүлүн тарап өскөн. Акыркы кездерде Актуягынын жонунда “учуп” баратып да, өбөктөй калып, айчырайлуу бир кызга ашык экенин айтып, сырдаша берет.

Эч кимге айта албаган алгачкы махабатын ошентип, адеп Актуягы уккан. Ошондон бери тулпары уландын канча бир асыл ой-тилектерине күбө болуп келет. Атүгүл кай бир кездерде Бектемирдин көздөрүнөн шүүдүрүмдөй мөлтүлдөп кулап кетчү мончок жаштарды да жалгыз Актуягы билет! Күлүгүнүн маңдайына маңдайын тийгизип алып, мойнунан кучактап алып үн чыгарбай ыйлаган күндөрдү күлүгү жер чапчый кошкуруп, таноолорун эдиреңдете, башын оңду-солду чулгап, окуранып алуучу. Эмнегедир анысы жигитти намыстантып, кайратына келтирип жаткан сыяктуу туюлчу да, жигит чын эле чыйрала түшчү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 12:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Эми да Бектемир Актуягынын сапырылыган жалын бир колу менен кочуштай кармап, ээрге өбөктөп баратып:

– Чү, Актуягым! Чү! – деп өпкөсү көөп, жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй алып учуп, кудум жылкынын төрт аягындай көңүлү удургуп баратты!

Жерди солкулдатып, дүпүрөгөн бир үйүр жылкынын туяк алдынан уюлгуган чаң асманга сапырылып, тээ батышта кызарып, уясына батып бараткан күндүн көзүн жаап, адырдын бетин ого бетер сырдуу, сүрдүү кылып барат. Ага кошул-ташыл эси-дартынын баары айыл тарапта болуп ашыккан Бектемирдин айгагы алыска-алыска тарап...

Акыры жетчү жерине жетип, үйүрдү адырдын үстүндөгү жылкычынын карамагына кайрып берип, мына эми артына кайта турган болгонунда:

– Э, Бектемир?! Ботом бери кайрылбайсыңбы? ! – деди үйдөн чыга калган аяш апасы. Ошондо да: “Эмне кылсам, укмаксан болуп кете берсемби?..” – деп барып анан мойнунан байлагандай ат тизгинин буруп:

– Жакшы турасызбы, апа?! – деди бала ооз учунан.

– Ботом, токто! Айылдыктар аман-эсенби? Эмне кеп-сөз бар? Үйгө кирип, чай ичип дегендей, кобурап кетсең боло!

“Карачы эми, шашып жатканда ушинтет...” – деп ичинен күңкүлдөгөнү менен:

– Айылдыктар жакшы эле. Атам-апамдар салам айтышкан, – деди Бектемир.

– Ии, саламат болушсун! Аяш атаң баягы ала бээ жоголуп, ошону издеп кеткен.

“Сурап жатамбы?! – деди ичинен улан, – Шашып жатканда кармай беришет ушинтип!.. ”

– Ботом түшпөйсүңбү! – аяш апасы эми өктөм үн катты, – Эмне болуп калгансың, тил-ооздон калып?!

– Шашылышмын, апа!

– Кайда шашасың?! Айтмакчы, “укмуштуунун төөсү жорго” деп, өгүнү жакадан келген бирөө: “Кызмончок жыланга айланат экен” деп эле божурап кетти. Ботом, ал эмне деген шумдугу?!

– Эк! – андан аркысын уккусу келбеген Бектемир аттын башын бура тартты да, татырактаткан боюнча чаап кетти. Демейде түшүп даам сызып, ар кайсыдан божурап, шашпай отуруп кетчү баланын бу жолку кылык-жоругуна таң калган аял:

– Апе-ей! Баары эле соо эмес го?!.. – деген боюнча кала берди.

Жигит болсо:

– Актуягым, уч ылдам! – деп келатты, – Күн уясына батканы качан?! Кызмончок күтүп калбасын, чү!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Delicacy   05 Октябрь 2012 - 12:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

иии анан
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 12:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Булактан ары анча алыс эмес, жол боюнда асман тиреп, шуулдаган кош чынар бар. Бектемир менен Кызмончок бүгүн ошол жерде жолукмак.

Улам айылга жакындап, айылдын этеги тараптан жылтылдап от көрүнүп, желе жортуп өйүз-бүйүздү аралаган жел менен кошо түтүндүн жыты келип, улам иттердин абалаганы жакындап, а бирок Бектемирге жол ансайын арбыбай, Актуягын оңду-солду камчылап барат. Качан гана тээ илгертен өздөрүндөй кыз-жигиттердин аруу махабат, арзуусуна шерик болгон кош чынары көрүнгөндө гана ат тизгинин тартып, жүрүшүн жайлатты. Өзү менен кошо тең жарышып, тээ ак мөңгүлүү бийик чокудан ылдый чуркап келип, айылды аралап өтчү билектей сууга токтоп, белине чейин чечинип жиберди да, шапшына жуунуп алды. Ошентсе деле эмнегедир жүрөгүнүн бөтөнчө түрсүлү бүтпөй, көңүлү элеп-желеп боло берди.

Ал келгенде кош чынар адатынча бир башкача шуулдап, бариктери дирилдеп ырдап турган. Аттан түшүп, жака-боюн түзөгөн Бектемир эми айыл тараптан көз албай, Кызмончок келчү жолду утурлай карады. Канча ирет алдынан тосуп чыгууга бел байлап, анткен менен ансыз деле Кызмончоктун баскан-турганын эсеп-чоттой берчү кошуна-колоңдордон, айрыкча өзүнүн апасынан жазганды. Анан калса, акыркы убактарда апасы Бектемир үйдөн чыкса эле артынан чыгып, акмалап карай берчү адат тапкан. Уулун Кызмончоктон коруганы го. Бу саам да апасынын ошол кыялын ойлоп, айылга кирбей эле коюуну эп көрдү да, атын тушап коё берип, өзү чынар терекке жөлөнө, селкисин чыдамы жетпей күтүп турду.

Бирок ал Актуягынын кулактарын тикчийте кошкурук атып, жер чапчып, кандайдыр бир белги бере, алда неге тынчсызданып жатканын улан түшүнгөн да, туйган да жок!..

Башы айылдан башталып, ийрелеңдеп аңызды аралап келип, так ушул теректерге токточу жолдон көзү өтүп: “Кызмончокко эмне болду? Эмнеге кечикти, же кечээ таарынтып алдымбы? А балким ал ойлогондой болбой калдымбы?..” – деп санаасы санга бөлөнүп, ой-чабыты алда кайда алып учуп, карбаластай баштады. Бакка башын сүйөгөн калыбында:

– Бир, эки, үч... жыйырма... отуз... элүү... жүз... – деп улам кайра санай берди. Бул анын өзүн-өзү алаксытып, жүрөгүнүн элеп-желеп болгонун басуу үчүн жасаган аракети болчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 12:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Жан болсо чынар теректин жоон бутагына оролуп алып, аны так төбөсүнөн карап жаткан! Актуяк жаныбардын баятан бери ээсине айта албай, кош кареги чанагынан ыргып кетчүдөй чакчаңдаганы ошол! Аны жигит кайдан байкасын?!

Башка учур болгондо го, күлүгүнүн бар кыймылын көз жаздымдан кетирбей билет болчу. Азыр ал жыландын так үстүндө ойдолоктоп, теректин бариктерин тынымсыз шыбырттата бергенин да туйган жок! Анткени ага ай ааламдын бүтүндөй өзү бир тең, Кызмончогу бир тең болуп, башканын баарын кулагы укпай, көзү көрбөй турган!

Кеч коюуланып, айлана караңгыга толук чүмкөнгөн кезде, айыл тараптан эрбеңдеп чыккан жалгыз караан көрүндү. Бектемирдин жүрөгү “болк!” дей түшүп, кубанганынан кыйкырып жибере жаздап, кудум жаш баладай турган ордунда так секирип, чимирилип-чимирилип кетти!

– Келатат! Кызмончок келатат!.. – деп ичи элжирей, өзүнө-өзү батпай кетти, – Сүйөм сени! Сүйө-өм!..

Ушинткен жигит келе жаткан караандын алдын утурлай басты. Көйнөгүнүн этек-жеңи делбектеген жанагы караан да бирде жүгүрүп, бирде жайлап, шашылып келаткан...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Delicacy   05 Октябрь 2012 - 13:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

ананчи
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   kurstan1980   05 Октябрь 2012 - 13:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 28 Май 12
  • Соңку аракети: 01 Мар 2021 09:53
  • Жынысы:Эркек

бул чыгарма кимдин калемине таандык айтып койгулачы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 13:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Просмотр сообщения kurstan1980 (05 Октябрь 2012 - 13:13) жазган:

бул чыгарма кимдин калемине таандык айтып койгулачы


Жыпара Исабаева эжекебиздин чыгармасы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   nazi25   05 Октябрь 2012 - 13:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 399
  • Катталган: 11 Апрель 12
  • Соңку аракети: 06 Янв 2021 21:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:тынчтык

Просмотр сообщения Delicacy (05 Октябрь 2012 - 13:00) жазган:

ананчи

ананби?
Ачуусун жене алган адам кучтуу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 13:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Ушул тапта жигиттин эсине бирнерсе “кылт!” эте түштү. Айжаркын кыздын алдынан Актуягы менен жолуккусу, анананы так көтөрө тулпарына мингизип алып, ааламды тегиз айланып, тегеренипкеткиси келип кетти! Бул анын бала кезинен берки эңсөөсү, кыялы болчу. Кээдеушундай элести ал түшүндө көрөт эле.

Бектемир Актуягын чакырды. Эмнегедиржооп болгон жок. Демейде дүпүлдөп секирип, өзүн айланчыктап отточу аргымагыкаякадыр житип кеткенсийт!

– Актуяк?! Мо, мо?! Актуяк?! –деп адатынча таңдайын шакылдатып чакырды. Эч дабыш, жооп жок. Күлүгүнүн бужоругуна таң калып да, ачууланып да кетти. А бирок бат эле колду шилтеп салып,сүйүктүүсүнүн жолун жөө эле тосуп баратты.

Жол узарып кеткендей, жекадамдары тушалып калган өңдүү, өзүн беттеп келаткан алиги караанга жете албайкелет! Аңгыча ошол караан Бектемирди көрө “тык” токтоп, бүшүркөй түштү. Ошогоудаа эле Бектемирдин кулагына тааныш үн:

– Бектемир?! . – деди акырын, – Бусенби, Беки?!.

Кимдир бирөө башка чаапийгендей, жигиттин кулагы туна түштү! Келаткан ордунда ал дагы токтоп, шаабайысууй: “Апам тура!” – деди оюнда. Алиги караандын уулу экенине көзү жеткен Сайражалгыз аяк жолдун сары топурагын боркулдата кечип, коңултак кийген көлөчүн шалпылдатачуркап келип, уулун кучактап калды:

– О, Кудай! Барсыңбы, балам?!Деги соосуңбу?!

Эсине келе түшкөн жигит баягыдайэне мээримине эрип, болбурап боюн таштамак тургай, эмнедир денеси жыйрыла түштүда:

– Апа?! Эмне болду эми?! – дедижактырбагандай, – Эмне эле ушинте бересиз?!.

– Э, ботом, Актуягың эчак келип,өзүң жок! Оюма алда нелер келип, жинди болуп кете жаздадым! Жакшысыңбы деги? –баласынын үстү-башын колдору менен сыйпалап көрдү да, анан:

– Кудайга шүгүр... – дедисанаасы тынчыгандай, – Жүрө гой, үйгө!

Уулу тескерилеп кетти:

– Бара бериңизчи, апа! Ананбарам!

Эне аңкая карады да, алаканынуулунун чекесине койду:

– “Анан” дегениң эмнең, балам?! Деги,жакшы элесиңби?

– Айтпадымбы, “жакшы” деп! Менэми кичинекей эмесмин да!.. Бара бериңизчи үйгө.

– Сенчи?!

– Мен артыңыздан барам.

– Бирөөнү күтүп атасыңбы?! – энеэмнегедир жоошуй, акырын унчукту.

– Ооба...

Бир нерсени сезгендей эненинэриндери диртилдеп, колдорун майда калтырак басып, саамдан кийин ынтыга, ызалууунчукту:

– Кимди?!

– ?!. – баласы айткысыкелбегендей көздөрүн ала качып, көктү карады.

Аялдын өңү кумсарып, эми элекибалбыраган энелик мээрими буркан-шаркан түшкөн албуут ачууга алмашып:

– Ким ал?! – деди чаңырып.

Бактан түшүп, баятан берижигитти акмалап, аркасынан келаткан ак жылан да ал кезде алардан анча алысэмес, алты эле кадам ары жакта, жол жээгиндеги куурайдын арасында жаткан.

Улан энесинин Кызмончокко болгонмамилесин башынан эле жактырчу эмес. Ал жөнүндө айткан ар кыл сөздөрүнөишенбей, баары бир ичинен кыңырылып кызды аячу. А бирок бир да жолу энесине кайымайтып, өйдө карап көңүлүн оорутпай, ыйбаа кылган уландын бу жолку “тарс!”жарылып кетиши эненин өзүн эле эмес, жыланды да “селт!” эттирди. Демин ичинекатып, алардын ар бир кыймылынан көз албай, тирмийип тиктеп турду.

– Ай, бала! – деди эне калтыракбаскан, ызалуу добуш менен, – Бери карачы!

Анын бул сөзүндө: “Сен кимгекаяша кылып жатасың?! Мен – энеңмин да!” – деген түшүнүк бар эле. Уулунун көгөрүп,айтканынан кайтпай, Кызмончокко көөнү жедеп бурулуп калганын баамдаган аял бирубакта өктөм унчукту:

– Бектемир! Азыр же менитандайсың, же жанагы ажыдаарды тандайсың!

– Ал ажыдаар эмес! – эненин көздөрүнөтике карап, энтиге үн катты улан, – Ал – кыз! Ал эч кимге, керек болсо сизгедагы окшобойт! Ал – ажайып кыз, апа! Ал деген!...

Ушинткен сайын Кызмончоктун уяң,назик элеси көз алдына тартыла калып, эмнегедир энесине болгон эми элеки таарынычы,ачуусу тарай түштү. Жандүйнөсүндө кандайдыр бир жагымдуу нур айланып, жылуусезим көңүлүн чайыттай жууп, жүзү да тамылжып, ошону түшүнбөй, билбей турганапасын аяп, боору ачып кетти.

– Апа?! Апаке, – деди анан эчнерсе болбогондой, баягысындай эркелей, эркелете үн катып, – Айтыңызчы,качандыр сиз дагы сүйүп көрдүңүз беле?!

Бирок энесинин жообу баланыбашка ургандай “солк!” эттирди:

– Сүйбөй сүмүрөң кал, акмак!!!

– ?!.

– “Сүй-йөм! ” деп коёт! Сүйгөндүнбалакетин алат бекенсиң?! Андай эле өлүп баратсаң элге-журтка шерменде кылбай,оңураак бирөөнү сүйбөйт белең?! Бас, үйгө!

Аял уулун билектен алып, жетелепкетмекчи болду эле, баласы колун жулкуп алып:

– Барбайм! – деди, – Эми такырбарбайм! !!

Аңгыча аялдын ачуу алаканыуулунун жаагында “чуу!” дей түшкөндө, Бектемир түгүл, энени мынчалыкка барат депкүтпөй турган Жан дагы катуу чочуп, ордунан кантип ыргып кеткенин өзү да билбейкалды!

Тикесинен тура калган акжыландын чачырап кетүүчү айнектей теше титкеген көздөрү айдын жарыгында жалтылдап,дапдаана көрүнүп, аял экөө эки эле кадам алыстыкта арбашып, бойлошуп калышты анан!

Жаңы эле апасынан терс бурулуп, кулакугуп, көз көргүс жакка чымын-куюн болуп чуркап кетүүгө комдоно түшкөн улан да,ыза менен ачуудан өңү каракөк тартып, каны кызып кеткен эне да эс-мас боло, эмнекылаарын билбей эстери ооп, кайдан-жайдан пайда боло калган жылан менентиктешип, катып турушту. Атүгүл айлана-тегерек да: “Эмне болуп кетээр экен?!” –дегендей жымжырт болуп, бүт ааламга аппак нурун чачып, кыбыр эткенге көз кырынсалып, акырын кетип бараткан алтын ай да демин ичине катып калган сыяктуу эле.

“Кызмончокпу? !” – эмнегедирБектемирдин оюна да адеп ушул келди. Аял да: “Өлүгүңдү көрөйүн, акыры ажалымажыдаардан турбайбы! ..” – деди оюнда.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Delicacy   05 Октябрь 2012 - 13:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения nazi25 (05 Октябрь 2012 - 13:44) жазган:

ананби?



жон олтуруп угунчу!! !
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 14:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Кызмончоктун ата-энеси ал күнүайылдан түш оой келишкен. Үйгө кирип келип эле Сырга кызынын ыйлаганын билди:

– Кагылайыным десе, бери карачы?!

Ансыз да араң турган Кызмончокэнесинин кучагына кулап, сөз сүйлөөгө дарманы жетпей, солкулдап ыйлай берди.Кызын маңдайынан, чачынан жыттагылап:

– Кагылып кетейиним! Кагылайыным! – дей берди эне да, – Керелди кечке отурганымды карачы! Таякеңкетирбей казан асып... Кара жаным, менин! Кызым менин!..

Тээ качан кызынын эки ийнисолкулдап барып басылганда гана батынып сурады эне:

– Эми айтчы, берекем? Эмнеге ыйладың?

– Жан кетип калды! – деди кызшыбырай сүйлөп. Энеси ишенер-ишенбесин билбей:

– Эмне дейсиң?! – деди жекайгырганы, же кубанганы белгисиз.

– Жан эми такыр келбейт! – дедикыз.

– Аны сага ким айтты?

– Өзү!

– Эми эч качан келбейм дедиби?

Кыз башын ийкеди.

– Туура кылыптыр. Ал акырыкетиши керек эле, – деди эне коңур үн катып, – Канткен менен эстүү эмес беле...

Бая жылан келип кеткенден бери кызбүктүшүп жатып калган. Бектемирге сайып жаткан бетаарчысы да ошол боюнча калып,бир капшыты эңшерилип, Жан менен кошо бул жашоонун маңызын кошо жоготкондойасман- жери аңтарылып кеткен!

– Ыйлаганыңды атаң көрбөсүн! –деди апасы бир убакта, – Бети-колуңду жууп алчы.

Ошентти да, атасы үйгө кирерде чүмкөнүпжатып алды. Эшиктен кирип эле кызын издеген Асылбекке:

– Кызың кичине сыркоолопкалыптыр, атасы. Тердесин деп тумчулап койдум, – деди эне. Кудай жалгап, көп өтпөйэле Асылбек кайра чыгып, кайдадыр аттанып кетти.

– Малдын бары да балээ, жогу дабалээ, – деп кобурап кирди күйөөсүн узатып кирген Сырга.

Көзү илинип кеткен кыздын түшүнөкош терек кирди. Бийиктигине көз жетпей, ар убак шуулдап турчу эки чынардын түбүндөгүөзүн күткөн уланды көрдү. Аңгыча эле кайдан-жайдан алай-дүлөй, бороон-чапкынбашталып кетти!.. Андан анчалык деле алыс эмес жерде Жандын дагы шыбырты жүргөнсүйт. ..

Уйкусунан чочуп ойгонгонКызмончок туруп, терезеге келди. Айткандай эле ушул кезде Бектемир, анын апасы,Жан үчөө бойлошуп турган маал болчу.

– Апа, – деди кыз ийрик ийрип,тунжурап отурган Сыргага,– Апа, мени эмнеге ойготуп койгон жоксуз? Бектемир күттүго...

Деген менен оюнун баары Жандаболчу.

– Апа, – деди кайра, – ТүшүмөБектемир, Жан, кош терек, анан бороон-чапкын кирди... Ошол жакка барыпкелсемби? ! Мени менен барасызбы, апа?!

Эне кызын уйкусурап же жөөлүпжатат деп ойлоду. Ийигин таштай салып:

– Секетиң кетейин! Чыйрыгыпкалсаң керек, жылуураак жатчы, – деп кызды жетелеп барып кайра жаткырды да,кымтылап жаап коюп, булоолонтуп ысык сорпо куюп келди.

Кызмончок болсо Жандын ушул элетегеректе, Болгондо да Бектемирге жакын жүргөнүн билип, көздөрүн жума, ичинен күбүрөнүп,эзелкисиндей Жанга сезим, ой аркылуу билдирүү жөнөтүп жатты:

– Жан?! Жан?! Сен мени туюпжатасыңбы, Жан?! Сен эстүү жансың го, ага тийбе, Жан?! Бектемирде күнөө жок. Болгонуэле, ал да сага окшоп мени сүйөт, Жан! Адамдарга жамандык кылбайм деген убадаңкана? !

Бул жолу да кыздын туюму, түшүаны алдаган эмес. Бирок Жан жигит менен эмес, бу тапта анын энеси менен айыгышыптурганын, бороон-чапкын – эненин баласына болгон ачуусу, бу кызга болгон жек көрүүсүэкенин гана аңдаган жок!

Жан кыздын жаналекетке түшүп, ойаркылуу өзүн байланышка чакыра баштаганын билди. Билди да, эсине: “Таш мененурганды аш менен урган” айкөл, баатыр эл жөнүндөгү жомоктору түштү. Добушун тыңшап,мемиреген жыландын таштай муздак, жалпак маңдайынан сылап отуруп, өзү дагыжомоктогу периштеге окшошуп, лира кылындай дир-дир эткен назик үнү бирде бийиктеп,бирде пастап, кудум каректерине ааламдын өзүн бүтүн бойдон катып алган сыяктуу,тунжурап отуруп жомок айтчу. Ансайын Кызмончок жыланды адамдарга жакындатып, чырмалыштырыпсалчу.

Бу жолу да кыздын: “Эсиңе кел,Жан! Эркиңе бек бол! Таарыныч менен ачууну, кекти өзүңө шерик кылба!” – дегенинтуюп, бу жолу да жок дей албай макул болуп, денеси улам жумшарып, анткен мененаялдан көзүн оңой менен тартып ала албай чайпала түшүп, бир убакта башын күчменен ары булкуп алды да, заматта жер менен жер боло жапырылып, көздөн кайымболуп, житип кетти!

Ошондон кийин да аял жыланжактан көз ала албай, көпкө чейин теңселип, катып турду. Бектемир да эмне болупжатканына түшүнбөй, көргөн көзүнө бир ишенип, ишенбей, эс-мас болуп тура берип,качан гана апасы ордунан кулап калганда акылын жыйды.

Көздөрү жумулуп, жерде сулапжаткан энесин көрүп уландын эси чыгып кетти:

– Апа! Апа! – деп энесинин башынкөтөрө коюп, ийнинен кармап жулкулдатты. Аялдын мойну-башы ансайын шалактап, көзүчала ачылып, күрөө тамыры алсыз былкылдап, жатып калды! Оюна алда нелер келекалган баланын бир убакта:

– Апа-аа-а! – деген ый аралаш баркыракүнү айлана-тегеректи титиретип, атургай алп тоолордун өзүн дагы бир “солк!”эттирип алгансыды да, көп өтпөй эле бала апасын колуна тап-так көтөрүп, бозтопуракты боркулдата кечип, көл талаа болгон көз жашы жаагы ылдый куюлуп, ыйлапкетип баратты.

Жанараак, уулу “апалап”бакырганда эле эсине келген аял ансайын өзүн “сулк” таштап, айылга киргичектижансыз немедей колу-буту шалактап барып, далайдан соң гана акырын кыңкыстаганболду.

– Апаке?! Апа дейм?! – Бектемирапасын колунан түшүрбөгөн боюнча жерге сыңар тизелей отурду, – Апа?!

Аял көздөрүн алсыз ачып,эриндерин акырын кыбыратты:

– Ажыдаар...

Бектемир апасын көтөрүп кирипкелгенде үйдөгүлөр үрпөңдөп тура калышты.

– О, Кудай! – деп ийген Абылайокуп жаткан намазын таштай коюп, далбактап шашып калды. Кенже карындашы бакырыпыйлап, үйдүн ичи үч көтөрүлүп, ызы-чуу түшүп кетти. Апасын төрдө салынган көлдөлөңгөузатасынан жаткыра коюп:

– Суу! Суу апкелгилечи! – дедиБектемир.

– Эмне болуп кетти, кокуй! Эмиэле соо чыкпадың беле?! – деген Абылай аялын башынан сүйөй, жүрөгүнүн кагышынтыңшап, тамырын кармады да:

– Ыйлабагыла! – деди балдарына.

Ошондон кийин гана аял көзүначып, а бирок далайга чейин үн-сөзү жок шыпты тиктеп жатты да, бир оокумда:

– Жылан! – деди эриндерин араңкыбыратып, – Кызмончок!

Үйдөгүлөр үнсүз-сөзсүзтунжурашып, анын эмне жөнүндө айтып жатканына түшүнүп да, түшүнбөй да Бектемирдикарашты. Башын бийик жаздатып, ого бетер экилене түшкөн аял кайра-кайра эсинжогото калып, кыйналып-кысталып жатып, эми элеки болгон окуяны ансайын апыртып,далайга чейин айтып түгөтө албай жатты:

– Эшикке чыксам эле Актуяк келипкалыптыр. Бектемир жок! Баламдын соо эмес экенин жүрөгүм сезип, уулумдан санаамтынчыбай жолун утурлай чуркадым. Кош терекке аз калганымда анан баламды көрдүм...Ким бирөөнү күтүп тургансыйт. ..

Үнү каргылданып, көзүнө жаштегеренип, ээги эмшеңдеп кетти:

– Билгем, ажыдаардын акыры оңдурбасын! Адегенде уулум мени да тааныбай, көздөрү кутурган эмедей ойноктоп... Мага сесберип! .. Көрсө баламдын башын айлантып, арбап жаткан экен, бетпак! Мен баламдыколдон алып, үйгө эрчитип баса береримде! .. Кудай бетин көрсөтпөсүн! .. Аппакболгон ажыдаар кыз так жолума тикесинен тура калды! Анан эле экөөбүз бойтирешип, тиктешип калдык! Ал баламды ары тартат, мен бери тартам! Бектемирболсо улам бирибизди карап, кимибизге оорун өзү да билбей, эси ооп турду!Ажыдаар менен көпкө арбаштым! Акыры Кудайдын мага пейили ак, көзү түз экен,ажыдаар актыгыма туруштук кыла албай бир убакта “жалп!” этип жерге кулап түштү,айланайындар! Андан кийин эмне болгонумду өзүм да билбейм! Эсиме келсем үйдөжатыпмын!




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 14:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Чыны менен эле жыландан коркуп, өзүда аны Кызмончок деп ишенип, элди да ошого ынандыргысы келип, канча күндөн беритөшөктө “жөөлүп” жаткан Абылайдын аялынын бир эсе акыбалын билмекке, бир эсеукмуштуу окуяны өз оозунан укмакка келген элдин аягы үзүлбөй, ошо сайын Асылбектикитарапты шүңшүйө тиктешип, күбүң-шыбың болуп кетип жатышты.

Бектемирдин жер тиктеп ак да, көкда дебей тунжурашы кырдаалды ого бетер кыйындатты. Энесинин тигинтип төшөктөжатып калганына бир жагынан өзүн күнөөлүү сезип, бир жагынан ажыдаар кыз экөө жөнүндөгүтүтүнмө- түтүн кыдырып, ар кимдин оозунан түшпөй, кулагынан кетпей калган аркандай ушак-кепке жапырылып, сына түшсө, бир жагынан бул үйдө, бул айылда, өз өмүрүндөболуп кеткен бул табышмактуу окуянын чын-төгүнүн айрып биле албай туңгуюккакептелип, тумандын ичинде калды. Канча ирет Асылбектикине кирип барып, аларданчындыкты уккусу келди. Кызмончокко жолугуп, акыры ажыдаар экени анык болсо өзүнүноозунан угуп, көрсөм деди. Канча ирет жүрөгү болкулдай ордунан ыргып туруп, абирок атасынын кечээки:

– Акылыңды токтот, акмак! Апаңайыксын! Уу-дуунун аягы басылсын! Асылбек менен андан кийин өзүм сүйлөшөм! Агачейин алиги...

“Кыз” деп да, “ажыдаар” деп даайтаарын билбей буйдала түшүп:

– Алиги менен жолугам депойлобо! – дегени этек-жеңден тартып, токтотуп коюп жатты.

“Асылбектин ажыдаар кызы айлуу түндөБектемирди аттан жыгып, аңызда “арбап” жаткан жеринен бечара Сайра таапбарыптыр! Ажыдаар менен арбашып, акыры жеңип, а бирок тилден калыптыр! ” – дегенкеп ошонун эле эртеси коңшулаш айылдарга да жетип, элдин жүрөгүнүн үшүн алып,желип-жортуп жел менен тарап, андан да арылап кетип жатты.

– Акмактар! – деп күрөөтамырлары көөп, ачуудан каны башына тээп, жаак эттери түйүлүп, өңү кумсарганАсылбекти аялы кармап:

– Койчу Асыке, ошол жиндикатынга теңелесиңби? ! Айта берсин! Акыры “ак ийилет, бирок сынбайт!” дейт, агажаныңды кейитпечи, байым! – деп буту-колуна илээшип, короодон чыгарбай жатты.

– Өзүбүздө да бар белем, атасы!– деди бир убакта Сырга жымжырттыкты бузуп, – Тээ баштатан эле жылан жөнүндөжашырбай, элге ачык айтып, билгизе жүрсөк болмок экен!

Сыргага жооп болгон жок. Асылбекбир жерде үңкүйүп, Кызмончок да ата-энесин аяп, көздөрүн алаңдата аларды алмак-салмаккарап, бардыгына жалгыз өзүн айыптап, а бирок батынып үн ката албай ичтен сызыпотурду.

Сырга өзү менен өзү сүйлөшүпжаткандай:

– А бирок баары минтиптатаалдашып, ырбап кетет деп ойлогон жокпуз да! Анын үстүнө элдин көзүнөн, сөзүнөнкоркуп жүрүп... – деп кобуранып, эмнегедир баягы түн ичинде келген кара чааржылан элестеп, Абылайдын аялын аяп да кетти.

– Ушуну менен эле тынчып калгайэле! – деди күбүрөнүп, – Айбан акыры айбандыгын кылат тура!

Муну Жан да укту. Атургай айыларасындагы ар бир кеп-сөзгө кайдыгер калбай, тыңшап жүрдү. Жаза тайып, бул дүрбөлөңАсылбектикине коркунуч алып келсе, аларды кандай кылып куткарып калууну да ойлонупкойгон.

Кызмончокко Жандын шыбыртыугулуп кетти! А бирок тура калып издөөгө, атасынан жазганды.

Жан баягы оюктан башын чыгарып, үйдөгүлөрдүаяй карап турган жылан сыртка угузбай, ичинен узакка улутунуп алды. Жыландын көкүрөгүнөн, акыл-сезиминен үзүлүп чыккан ушул үшкүрүк, анын тээ куйругунун кылда учуначейин чуркап барып, кайра кекиртегине чейин чуркап келип, абага тарап кеткенокшоду.

Бул убакта Асылбек да Жан жөнүндөойлонуп отурган. Анын тээ чепеңдеген, чыпалактай кезинен буларга ынак өскөнүн,а бирок ошончо жыл арасында бир да жолу адамга кара санап, кыянаттыккылбаганын, тескерисинче кол баладай жагымдуу, анан калса жакшы сөз уксаойдолоктоп, эркелеп калганын эстеди. Калп эле кээде ачууланымыш болуп койгонуболбосо, кантип анан ага кара санайт?! Кантип ага анан колу барып, душмандыккылат? ! Жылан үчүн канчалык элден чыгып, кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болуп жатсада баарына кайыл болуп жүргөнүнүн бир себеби ушул.

“Сайрага деле оңой менен колсалбайт эле, өзүнөн бир балээ кеткен го?! Каапырдын тили жаман эле, Кызмончоктууралуу бирдеме дегендир да?! Болбосо Жан анча мынчага кебелмек эмес!” – дедиоюнда.

А бирок Жандын Кызмончокту сүйүпкалганын ата билбейт. Аны айтууга Сырганын дити даабайт!

– Кызмончок?! – деди бир убактаАсылбек кызына суроолуу тигилип, – Бизге караганда анын тилин, дилин билесиң!Деги, анын бизден каалаганы эмне?!

Эне-бала саамга мелтиреп, үн-сөзсүзтиктеше калышты.

Эне кызына акырын баш чайкады.Анысы: “Айтпа!” – дегени эле. Кызмончок ошондо гана обдула түшкөн оюнан кайтып,жалтактап жер тиктеди. Асылбек алда нени туйгандай аялы менен кызын алмак-салмаккарап, жооп күттү. Ушул оор кырдаалдан алар качан, кантип кутулат эле, кимбилет, аңгыча жыландын башы оюктан узарып чыгып, денеси жымылдап үйдүн ичинекирди да, кудум чөгөлөгөн адамча Асылбектин аяк алдына келип, бүгүлүп жатыпкалды.

Анын бул жоругунда кечиримсурагандык, андан да башка бир купуя сыр жатканын туйган Асылбек эми да үйбүлөсүнөсуроолуу карады.

Сырга коркуп, көчүгү жергетийип- тийбей, тура калчудай комдоно калды да:

– Атасы? – деп жагалданып ийди, –Атакеси?! Ачууңду басып, укчу атасы?.. Айбандыгы эле болбосо, муну деле Кудайжараткан эмеспи! Анын үстүнө канчадан бери өз баладай болуп, көнүшүп да калдык.Сайраны болсо...

Андан аркысын айта албай, аял сөзгөкакап калды. Үйдүн ичин дүлөй тынчтык уялап, жымылдаган жымжырттык абалды огобетер оордотуп жиберди.

– Анан?! – деген Асылбек Сырганыыкыстата карады.. Ошондо гана жылан жерден акырын баш көтөрүп, Асылбектин көздөрүнөмуңайым тигилди. Анын көздөрүнөн жакшы эле бир нерсени билгиси келип, аңтаракараганы менен Асылбек эч нерсе түшүнгөн жок.

– Кызмоночок? – деди анан кызынжардамга чакырып. Атасынын жанына акырын жылып келген кыз тилмечтик кылып,Жандын көзүндөгү жазууларды окуду:

– “Мени кечириңиз, ата? Менсилерге сөз тийгизип, капа кылайын деген эмесмин! Бирок, алиги аялдын Кызмоночоктууралуу ачуу сөздөрү жаныма батып кетти!..”

Ушуну уккандан кийин гана, эзелижыланды кармап көрбөгөн Асылбек ичи ысып кеткендей, Жандын башына алаканынтийгизип, жону ылдый сылаган болду. Ошондо анын кыраакы, курч каректеринен экимончок жаш тыпылдап кулап кетти!..

Жандын көздөрү да жандана түшүп,акырын жылып келип Асылбектин тизесине башын жөлөй, эркеледи.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Delicacy   05 Октябрь 2012 - 14:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

Кудай аааай. Анан.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 14:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Күн уясына батып бараткан. Бул убакта Асылбек же Сырга кесүүдөн келчү малдыутурлап, айылдын башына чыкмак. Канча күндөн бери бирок мал тосулбай уйлары мөөрөп,койлору маарап, кароосуз калгандай чачылып калды. Эшикти сагалап өзү келгенмалды гана тосуп алганы болбосо, бул короодон эч ким сыртка чыга элек. Ансыз дасиркеси суу көтөрбөй турганда беттешкен эле кишиге “тарс!” жарылып кетпейиндеп, Асылбектин бул сактанганы болчу. А бирок алардын минтип элден четтеп, көрүнбөйбукканы айыл-апаны ого бетер шектентип койду.

Азыр да, Асылбек жыланды эркелетип турган маалда, мал тоскон жерде улуу-кичүүчогулуп, булар тууралуу кызуу кеп жүрүп жатты.

– Буларды жайына койгонубуз болбойт! Бир аргасын таппасак, бечара Сайранынкейпин эртең ар бирибиз кийип калышыбыз мүмкүн. Кеч болуп кала электе эсибизгекелип, этегибизди жыялы! Чыны менен эле эртең ажыдаар бүт айылды ойрон кылып койбосун! – деди сары чийкил, ээгинде чокчо сакалы бар, чепеңдеген Бекибай чал.

– Туп-туура сөз! Бул иштин акыры-аягына чыгышыбыз керек! Буга чейин эле бирайласын тапканыбызда, Абылайдын бечара катыны азапка кабылмак эмес! “Балтыр битбашка чыгат” деген ушул! Буларды бу жерден таптакыр көчүрүп ийип, жетаптакыр! ..

Кептин туңгуюк маанисин чындилинен кубаттагандар болуп:

– Туура! Туура айтат! – депкатын-калач да аларды колдоп, баштарын ийкеңдетип, өз ара кужулдашты:

– “Шамал болбосо, чөптүн башыкыймылдабайт” да, кокуй!

– Ии, көз көрүнөө тигинтип,Сайра байкушка кол салып отурса!

– Эзелтен эле соо эмес болчу,булар! Ошо кызы туулганы эле каапырлардын жүрүм-туруму башкача болуп калган!

Өзүнүн Сагынбай аты өчүп, Таңырбайаталып кеткен, мурду таңырайган кара сакал, бакжагай киши бүтүм чыгарды:

– Андай болсо, эртерээк тукум куруткылыш керек!

Аны колдогондой, эл да бир катуутолкуй түшүп токтоду.

Бирок, баятан бери ким-кимисининкеп- сөзүн тыңдап турган ак сакалы жайкалган Акбай карыя гана буга каршы сымак, алдыгасуурулуп чыкты да:

– Токтогула! – деди колун көтөрүп.Эл тынчый түштү.

– Бу силер эмне шумдукту айтыптурасыңар, кагылайындар? ! Анчалык кастарыбызды тиккидей Асылбек бөлөк эл, бөтөнжерден келген, биз билбеген бала беле?! Анын ата-энеси түгүл, ата-теги кимэле?! Келин бала деле жаман жердин кызы эмес! Кайсы жылы элди ачарчылык каптап,айыл бүт ачкадан апаат болоордо Асылбектин атасы аңчылык менен элди аман алыпкалганын унуттуңарбы? ! Эми ошонун тукумуна кастарыбызды тиксек, арбак урбайбы!

Акбай карыя “кандай дейсиңер?” –дегендей элди айландыра карады. Бир чети анын айтканына ынангандай, бир четиэки анжы болгондой эл тунжурай түшүп, ортодогу жымжырттыкты баягы, Бектемирдисыртынан жактырып, Кызмончокту тымызын күнүлөгөн кетирекей кара кыздын энесиТурумкүл бузду:

– Э, ботом, андай эле ак экен,Асылбек менен Сырга эмнеге элден качып, эшикке чыкпай үйдө камалып отурушат?! Ботом соо киши ошентеби? Мына, канча күндөн бери бир топ кою биздин короогокелип атат. Кызмончоктун ажыдаар экени калп болсо, элге чыгып айтпайбы, “калп”деп! Чын үчүн беттери карарып жатат да! Же Сайранын тил-ооздон калганыжалганбы? ! Ага ишенбейли десек, Бектемир деле көргөн турбайбы! – дегенде эл кайраданкүбүң- шыбың болуп, жандана түштү.

– Андай болсо акылга келели, – дедиАкбай карыя, – Асылбек элге чыгып, кептин чоо-жайын айткысы келбесе, анда аларгабиз баралы! Сүйлөшөлү! Кандай дейсиңер?!

– Туура! Туура!

– Барыш керек! Азыр баралы! –дешти бир топтору. Бирок “ким баратка” келгенде ким-кимиси кетенчиктей түшүштүэле, Акбай карыя беш-алты эркекке Турумкүл менен Карачач кемпирди кошуп,Асылбектикин көздөй бет алды.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 14:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Аялы жыгылгандан бери баягысындай болбой, басырыла түшкөн Абылай короосунакирип келген жоон топ кишинин Асылбектикине кирерин угуп, эмнегедир тамды айланыпкетти да, качантан даярдап жүргөн чокморун көтөрүп чыгып, Актуягынын жал-куйругунтараган болуп ары жакта жүргөн уулун кошо эрчитип, коңшусунукун көздөй баштады.А бирок Асылбектикине шыдыр кирип бара алышпай, короонун сыртында саамгабуйдалып, акыры Акбай карыя озунуп босогону аттады.

Айылдыктардын минтип күтүүсүз кирип келишээрин Асылбек менен Сырга түгүл, көпнерсени алдыртан туюп турчу Жан да ойлогон эмес! Ошонун эле алдында Асылбеккабагы ачыла “жарк” этип, комузун сурап турган. Атасы унчукпай колун сунганда,кызы анын эмне каалаганын билгендей ордунан ыргып туруп, жаңы эле төркү үйгөкирип кеткен! Так ошол маалда эшик ачылып, айылдын аксакалы баш болгон бир топаял-эркек үйгө кирип келишти да... турган-турган ордуларында нес болуп катыпкалышты!

Жылан! Мына эмесе! Ким-кимиси көргөн көздөрүнө ишенбей, береги үчөөнү – Асылбек,Сырга, жыланды алмак-салмак карап, эс-акылдарын жыя албай эндирей түшүштү!

Баарынан да Бектемирдики кызыкболду! Үйгө элдин эң артында кирген менен, топту жарып алдыга чыкты да, каректеричачырай, өгүнү апасы менен арбашкан ак жыланды таанып, эси оой тиктеди! А бирокАсылбектер да, Жан да анын көздөрүнөн таң калуудан башка, жек көрүү сыяктуусуук сезимди көргөн жок. Тескерисинче: “ Кызмончок?! Бул чын эле сен белең?!Мага эмнеге башта айткан жок элең?! Мен сени түшүнөт элем го?!” – деген гана сүйүүдөнбүткөн өксүк турган.

Асылбек тизесинде оролуп жатканжыланды сылаган тейден катып, жылан болсо босогодо тургандарды барбайган чоңалакандын алдынан тиктеп, чубалжыган аппак, узун денесин очойтуп, былк этпейжатты.

Качандыр бир ушундай окуяболорун билген менен, ошол күн бүгүн келет деп күтпөгөн Сырганын көзүнө эчнерсе көрүнбөй калды. Анткен менен акылын жыйып, өзүн-өзү чыйралтып, азырааккалчылдаган калыбында:

– Келиңиздер? Өйдө өтүңүздөр,аке? – дегенге араң жарады. Тигилер да ошондо гана барып эстерин жыя, үй ээсине:“Демек баары чын экен да?!” – дегендей жекире карашып, бирок жыландан жазганып үнката албай, тирелип тура беришти.

Сыргадан соң Асылбек эсинекелгендей:

– Жогору өткүлө?! – деди. Анын өңүндөбирок коркуу, тайсалдоо эмес, кандайдыр өзүнө-өзү ишенгендик бар эле.

– Акмак!!! – деп чаңырды ошондогана Абылай. “Ушу силерден келгенди көрдүм!” – дегендей анан чокморун сороктотупалдыга чыга калды эле, Жан Асылбектин билеги астынан суурулуп чыга калып:

– Тс-сс!! – деп ортого тип-тиктура калды.

– Айланайындар? ! – деген Сыргабирде элге, бирде жыланга сербеңдей карап, жалбарып ыйлап ийди, – Койгула,айланайындар? !

Асылбек бул жолу да унчукканжок. Тээ бала кезден аз сүйлөп, анан калса актанып-айтышканды, талашып-тартышканды жактырбаган бир сырдуу, анткени менен алыша келсеалдырбаган көкжал кыялы кармап, бирок өзүн-өзү токтотуп: “Актангыдай айыбым барбеле?!” – деген ойго байланып, бир гана жыланга буйрук бере:

– Жан! – деп койду. Ошондо ганаЖан боорун жерге түшүрүп, бирок адамдарды аралап сыртка чыккандан айбыккандай, төркү үйгө кирип кетти.

Оозгу үйдө эмне болуп жатканынбилген Кызмончок төркү үйдүн бурчунда корголоп, отуруп калган. Аны менен сүйлөшүүгөазыр мүмкүн эмес экенин билген жылан да унчукпай, жүк жыйчу тактанын астынакирип кетти.

Бектемир көп өтпөй эле жыландынсоңунан жөнөдү. Канча күндөн бери уйку-соонун ортосунда жүргөн сымак, чын-төгүндүайрып билүүгө акылы, дарманы да жете албай, а бирок кандай болгон күндө дагыКызмончогун танбай, ырас эле бир сүйүүдөн башкасынын бардыгына кайыл болуп, арзууданбашы айланып калган боз уланды эми азыр атасы да токтото албайт эле!

Ал кирип келгенде коркуп кеткен Кызмончокого бетер түйүнчөктөй түйүлө түштү. Жигит болсо анын ушунчалык зор жыландан батэле кызга айлана калганына ишенип-ишенбей, үзүлө тиктеди.

Эки муштумуна жүзүн катыпотурган кыз, качан улан тизелеп отура калып, колдорун колуна ала, көздөрүнөжалооруй, эркелете, аяй тиктегенде гана эчкирип ыйлап, ага боюн таштап жиберди.

Жигиттин артынан удаа эле кыздыната-энеси менен беркилер да кирип келишип, бири-бирин кучактап, солкулдап ыйлаптурушкан экөөнү бир топко үндөбөй карап турушту. Андан ары дагы эмне болупкетет деп чочулаган Акбай чоң ата анан жанындагыларды эрчитип, үйдөн чыгыпкетти.

– Бек... Бектемир! Уулум?! – депкылчактаган Абылай да алардын шары менен сүрүлүп, кошо чыкты.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 14:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Асылбектикине кеткендерди күтүп,эмне кеп-сөз угабыз деп баятан чыдамы кетип тургандар «чабармандардын» карааныкөрүнөөр менен утурлай басышып, бирок алардын түрүн көрүп эле иштин жакшы эмесэкенин түшүнүп, «эмне деп ийер экен?» – дегендей, Акбай карыяны карашты.

Көрпө тебетейин кабагына басакийип, көздөрү ого бетер чүңүрөйүп, башын ылдый салган аксакал бирок ак да, көкда дебей, колун аркасына алып, кемселинин эки этегин делбектеткен боюнча көпчүлүктүжандай өтүп, эмнегедир үйүнө да эмес, айылдын этегиндеги эриккенде эрмектепчыгып барып, эзелки менен эртеңкиге сереп салып отурчу Элик-Жон деп аталган дөбөнүкөздөй бет алды.

Эчактан берки элди дүрбөткөн булукмуштуу окуяга айылдын аксакалы чек коюп, олуттуу бир бүтүм жасап, акыркы сөзүнайтат деп ынтызар турган эл, абышка алда кайда узап кеткичекти үндөбөй, ошолтараптан азыр кандайдыр бир сыр көрүнө тургандай көкүрөктөрүн басып, көз албайкарап турушту.

– Каякка кетти?! – деди аңгычаШоорат аттуу шокулдаган, чыдамы аз, эки айылды эриктирбес, бир айылдыбириктирбес жайы бар жука келин жанындагыларды чукулай, – Соо эмес го, ыя?!

Турумкүл менен Карачач, Таңырбайменен Бекибай чал баш болгондорду эл бат эле анан ортого ороп, Асылбектикиндеболгон эми элеки окуяны эки-үч эсе шумдуктантып угуп, ансайын үрөйлөрү учуп, турушту.

Абылай болсо акыл-эсин жыя албай, көргөн көзүнө бир ишенип-ишенбей, огобетер эле абдаарып калды. Азыр эле аппак жылан болуп, атасынын алдында эркелепжаткан, атургай эне-атасына болушуп эки ачакей уу тилин соймоңдото сес берип,Асылбек тыйганда гана тигил үйгө кирип кетип, заматта кызга айланып отуруп калганкыздан мурун, ага тизе бүгүп, жалооруп отурган уулуна акылы айран! Аны жеаяганын, же ачууланганын билбей, ызадан ынтыгып, бүткүл денеси менен дем алып,Асылбектин үйбүлөсүнөн кантип өч алуунун айласын издей баштады эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 15:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Чыны менен эле ушул убакта БектемирКызмончоктун алдында бары-жокко кайыл болуп, болбурап турду:

– Кызмончок! Кандай болгон күндөдагы мен сенсиз жашай албайм! Мен сени сүйөм, Кызмончок! Болгону эле...ыйлабачы, алтыным!

Ортону саамга жымжырттыкуялаганын оозгу үйдөгүлөр да туюп, демдерин ичине катып, ичкери кулак түрүштү.Алардын корккону – төркү үйдө, Кызмончок менен Бектемирдин жанында Жан да барэле!

Айткандай эле ак жылан жанындагыэкөөнүн дем алганынан бери тыңшап, эгерде Бектемир кызды таарынта турган болсо,ордунан ыргып чыгууга ыңгайланып, денеси түктөйүп сак жаткан!

Аны сезип, билип турганКызмончоктун бүткөн боюн, колдорун майда калтырак басып кетти. Анткен менен булэле жерде, жарым карыш жакын турган Жанга ой-сезим менен буйрук берип жоошутаалбай, байланышка чыгууга жигиттин деми менен үн толкуну тоскоолдук кылып, көңүлүалагдыланып жатты. Кызмончоктун антип көздөрүн ала качып, ыңгайсыздана бергенинжигит башкача түшүнүп:

– Кызмончок, уялбай эле кой! Менсага түшүнөм, мен сага жардам берем! – деди.

“Кантип?! ” – дегендей кызжигитке бир “жалт” карап алганында, анын баятан бери күн желесиндей куюлганкирпиктеринин астында катылган капкара, жууган карагаттай мөлтүр каректеринентомолонуп, эки-үч тамчы кулап кетти.

Бектемир кызды бооруна кысты.Ушул убакта Кызмончоктун көздөрү тактанын астынан шыкаалап турган көздөр мененурунуша түштү!

– Мен сени эч кимге, жыланга дабербейм, жаным! – деди эч нерседен кабары жок жигит шыбырап, – Сен эми эч качанжыланга айланбайсың! Мен сени эми эч качан жалгыз калтырбайм! Бүгүндөн баштапмен сени өзүмдүн кучагыма катып, сүйүүм менен сактайм! Мен сени жүрөгүмдүнжылуулугуна оройм! Атургай биз уулдуу, кыздуу болобуз! Көрөсүң го, жаным!.. Менсени эч кимге, эч кимге бербейм!..

Кызмончок булардын бирин укса,бирин укпай, өздөрүнөн көз албай, тикчийе тиктеген жылан менен дале тиктешиптурду.

– Бектемир, – деди бир убактаанан, – Бул тууралуу башка убакта сүйлөшөлүчү?

Бектемир кызды кучагынанбошотуп, бир нерсе издегендей анын көздөрүнө үңүлө карады. Анын эмне сурагысыкелгенин билгендей кыз:

– Анткени азыр... сени атаңдар күтүпжатышпайбы! – деди да, артка кетенчиктеп, жигиттен оолактай берди. ДилиндеКызмончок аны эптеп эле бул жерден – жыландын жанынан алыстаткысы келип жаткан.

– Кызмончок, – деди бу жолу дакыздын оюн туура эмес түшүнгөн жигит чын дилинен суранып, – Эгерде кааласаң... менида жыланга айлантып ал?!. Мен... сен үчүн баарына макулмун!

– Жок, андай эмес! Сен да менитуура эмес түшүнүп жатасың!

– Анан кандай, Кызмончок?! – эмибек-бек сүйлөдү жигит, – Айтсаң, түшүндүрсөң мен акыры түшүнөт элем го?!

Кызмончок коркуп, калчылдапкетти. Анткени Жан бар кезде ата-энеси да ага үнүн бийик чыгаруудан айбыгарэле! Атүгүл эшиктин түбүндө тыңшап турган Сырганын да жаны чыгып кетти!

– Асыке, кирчи үйгө! – деди ананкүйөөсүн шаштырып. Айткандай эле, алар кирип келгенде Жандын эми элеки тырыша түшкөнденеси акырындап барып жибий түштү.

– Бектемир! Асылбек! – дедиолуттуу бир сөзү бардай алардын жанына өзү да отуруп, Асылбекти да отургузганСырга, – “Кыңыр иш кырк жылда билинет”, “Оооруну жашырса – өлүм ашкерлейт”деген кеп бар! Кенедей чындыкты жашырабыз деп, минтип тоодой азапка кабылыпотурабыз. Эми ук, Бектемир балам! Канча бир жылдан бери “Кызмончок жыланга айланатэкен” деп эл ушак кылып жүрүшөт. Мунун сырын, чын-бышыгын сен билишиң керек!

Сырга анан Асылбекке да бир четисөзү бардай, бир чети айыптуудай карады:

– Анан калса, Асыке, сага да айтпайжүргөн сырыбыз бар...

Асылбек Сырганы таң кала, жүрөкзаадакарады. Атүгүл ушул тапта жылан да жаткан ордунан бир копшоло түштү!..

А бирок, тагдырдын буюрбаганынкарабайсыңбы, Бектемирдин жүрөгүндөгү канча жылдан берки табышмактын, чындыктынбети ачылаарда! .. Так ушул азыр Жандын өзү менен бетме-бет кезигишип,кимдин- ким экенин билээрде! .. Асылбек да үйбүлөсү каткан сырдын эмне экенинугаарында! .. Сааттай болуп!..




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Delicacy   05 Октябрь 2012 - 15:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

Оой атандын гору тушкур дуйно ай. Акылы тунук адамзат коз алдындагы чындыкты корбой калатго карайлап.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 29 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 29, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:31

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: