Суперстан: Жыландын сүйүүсү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыландын сүйүүсү «Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер мене

#81 Пользователь офлайн   belka.kg   05 Октябрь 2012 - 15:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 610
  • Катталган: 04 Август 12
  • Соңку аракети: 09 Сен 2024 04:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Саламатсызбы эже сизге чон рахмат биз учун талыкпай жазып жатканызга. Уландысын кутобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 15:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Колдоруна кетмен, күрөк көтөрүп,атүгүл айрымдары канча бир жылдардан берки катылган беш атар мылтыктарын октоп,айбалталарын алып, кемпир-кесек, кыз-келиндер таш көтөрүп, Асылбектиине агылыпкелатышкан.

– Ботом, дөбөдөгү тигил аке түшпөйтбекен? ! – деди аңгыча аялдардын арасындагы бирөө Акбай карыяны жактырбагандай.

– Ажыдаардан эси чыгып калганго! – Шоорат да аны коштой кетти.

– Ушундай кыйын кырдаалда элдин башындатура турган киши эле!.. – деп аларды ырастай, анын үстүнө ичиндеги бир тымызынэрегишмейи бар Канымет абышка Акбайдын эл арасындагы кадыр-баркынын тайый түшкөнүнөкудуңдап, табалай унчукту:

– Жоругу жолдо калсын, ошонун!

– Күтө турсакчы? А балким Акбайата да аякта бекер отурган жоктур?! Бир нерсени ойлоп, таразалап жаткандыр?! –баятан бери улам-улам арт жагына кылчактап, а бирок көпчүлүктү токтотуугадарманы жетпей, элдин шары менен дегдеңдеп, кошо сүрүлүп кетип бараткан Сүйүнбайаттуу жигит сөзгө ушинтип аралашканда:

– Эй, жубарымбек! Эмне, коркконуңданжүрөгүң болкулдап жатабы?! – деп эки-үч кишиден ары бараткан Канымет аны зекипкойду эле, жигит унчукпай калды.

Бул убакта көз байланып, жылдызчыгып калган.

Баятан бери көздөрүн жумуп, өткөн-кеткендикөз алдынан чубатып отурган Акбай карыянын оюна эмнелер келип, эмнелер ганакетпеди. Качанкы бир жаштык учурдун кереметтүү да, кейиштүү да кездерин, Асылбектината- энеси менен бирге өткөргөн курагын эстеди.

“Ата көрү-ү! – деди улутунуп, – Эмнедеген керемет жандар эле! Чырактай болуп, биринен-бири өтүп!.. Кудайдын делекалыстыгы жок, чиркин! Ошолордун зарлап жүрүп тапкан уулу эми минтип!.. Жок! Жок!Мен эмнени ойлоп турам өзү! Ыраматылык досумдун тукуму эч качан курут болбойт!Ал эч качан жыланга айланбашы керек! Жалган бу! Жаңылыштык! ..”

Ойго чөмүлүп кеткен карыяэмнегедир селт эте түшүп, төмөнгө көз жиберди. Адегенде ал жактан жылтылдаганбирин- серин жарыктан бөлөк, көзгө эч нерсе чалдыккан жок. Антсе да Асылбектикитарапка кайра да бир үңүлө карады. Тынч. Андан өйдөрөөк көз жүгүрүп келатып,эмнегедир жүрөгү ыргып кете жаздады! Капкара болуп, калдайган кара топ жолгобатпай, көчө ылдый кылкылдап бараткандай көрүндү. Алгач жөн эле ошондой көрүндүго деп ойлоп, бирок жакшыраак бүшүркөй карап алып, көздөрү умачтай ачыла түштү!Энтелеңдеп, шашып калган карыя анан алдастап, эки-үч ирээт этегин жаза басыпатып араң турду да:

– Айланайын эл! Айланайындар! –деп колун серепчилей, элди көздөй баратты.

– Келатат! – деп аңгыча калыңтоптун ичинен кимдир бирөө дөбө жакка карап алып, кубангандай кыйкырып жиберди:– Акбай абам келатат!

Бирок толкуп алган элди бултоктото алган жок. Тек гана айрымдары айдын жарыгында тээ кыр ылдый делбектеп,шашып келаткан абышканын караанын бир бурулуп карап коюшуп, эми анын анчалыкделе мааниси жоктой дүбүрөп кете беришти.

– Оо, эл-журт! Кагылайында- ар!Коё тургула, айланайындар! !!

Бирок абышканын бул кыйкырыгы көпчүлүккөжетип- жетпей жатты.

– Кудуретиңден кагылайын Кудай!Пендем десең өзүң колдоп, өзүң сактай көр, айланайын! Керек десең мени ал!.. – Уламчалынып жыгылып, а бирок кайра ансайын тура чуркап, көңгүрөнүп, күйүгүп келаттычал, – Кечир, бизди Жараткан?! Кечире көр?! Элдин сабырсыздыгын, күнөөсүнкечир? !.

Үйдөгүлөр болсо, кепти алыстанбаштаган Сырганы тыңдап, дымый калышкан.

Аял жаңы эле тактанын астындагы,өздөрүнөн көз албай тиктеген Жанды бир карап алып, “бери чык” дегендей кол жаңсапишарат кылган. А бирок, Жан бери чыкканга үлгүргөн жок! Атүгүл Сырга мененжыландын антип “сүйлөшкөнүн” Бектемир байкабай да калды! Анткени ушул убактадарбаза катуу такылдап, үйдү курчаган элдин ызы-чуусу, кыйкырык-сүрөөнү эмиэлеки жымжырттыкты заматта дүрбөлөңгө салып жиберди!

Терезеге таш тийип, айнектершагырап, күбүлүп түштү да, муштумдай болгон эки-үч таш үйдүн ичине кирип келди!

Короого батпай кыжылдаган көпчүлүктүнбир- экөөсү адегенде терезеден тийип-качып шыкаалап өтүп, бара-бара биринен салабири үймөлөктөшүп, үйдүн ичин жабыла карашты. Айрыкча Абылай улам бир терезегежүгүрүп жүрүп, эми айнеги куюлуп түшкөн терезеге «чап» жабышып, ич жактыжанталаша шыкаалап, уулун издеди.

Ансыз дагы кичинекей, айнексизтерезенин бир көзүн бүт атасынын бети жаап калды. Өңү кара көк тартып,барбайган таноолору ого бетер дердеңдеп, терең-терең дем алып, жапайы адамдайалда неден үрпөңдөп, кышылдаган атасынын түрүнөн уялып кетти уулу. Отурганжеринен ыкчам тура калып, бирок оозуна эч бир кеп келбей, бирде буларды, бирдетигилерди карап элеңдей түшкөн уулуна:

– Бектемир! Чык уулум, беричык?! – деди терезеден тартып алчудай, колдорун калчылдата сунуп, – Кел,уулум?! Кел?!

– Бара гой, бар!.. – бу жолу даСырга озунуп, Бектемирге карай башын ийкеңдете, шыбырап айтты, – Бар!..

Бектемир:

– Ата?! – деди Абылайгасурангандай үн менен, – Ата дейм?!

Эшиктегилер анын бул үй бүлөгөтаптакыр байланып, кыя албай жатканын түшүнүштү.

– Бектемир, балам?! – Абылайжалооруй унчукту, – Уулум, эсиңе кел?! Он ай көтөрүп, омурткасы ооруган бечараэнеңди ая?! Бир жылан үчүн апаңды өлтүрүп аласыңбы?! Кызыл чиедей бөбөктөрүңдүойло! – Алтымышка келип, алдан-күчтөн тайып бараткан атаңды – мени ойло! Аликеч боло электе эсиңе кел, балам?! Мына бул элди эмне, соо келди деп жатасыңбы?!

Сөздүн ары жагын табышмак кылып,ичине жутуп, уулунан жооп күтүп, бечара эмедей тиңшийе тиктеди. Эшиктегилер да,үйдөгүлөр да дымырап, тып-тынч боло түшүп, качан гана Бектемир:

– Болуптур, ата! Мен үйгөбарайын, бирок бир шартым менен! Элге айтыңыз, үйлөрүнө тынч тарап кетишсин! Болбосо мен бул жерден эч жакка кетпейм! – дегенде үйдөгүлөр да, эшиктегилер дажандана түштү. Абылай: “Кантебиз,эл? !” – дегендей айласы түгөнүп, көпчүлүктүбир айландыра карап алды. Эл күбүң-шыбың боло түшүп, бир убакта:

– Андай болсо ата-энеден кечип,ажыдаардын уюгуна ымала санаган баланын барынан – жогу! Анчалык эле ажырайалбай жатса тим кой, кошо өрттөп, күлүн көккө сапырып ийиш керек акмакты! –деди Таңырбай бакылдап. Туш-туштан:

– Туура! Туура айтат! – деген үндөржаалап, ызы-чуу ырбап кетти.

– Айланайындар, бул эмне дегениңер?! – деген Сырга терезеге чөгөлөй отура калып, эшиктегилерге жансоога сурап,жалбарып ийди.

– Кагылайындар! Күнөөнүн баарыменде! Өлтүрсөңөр мына, мени өлтүргүлө! Баарына мен, мен көнөөлүүмүн! Асылбектеда, балдарда да айып жок, айланайындар!

Көздүн аккан жашы эки бетинжууп, балбаалап ыйлап, жоолугу желкесине шыпырылып кеткен аялын Асылбек экиколтугунан сүйөй өйдө кылып, бери жакка алып келип отургузду да, үнсүз-сөзсүзэшикке бет алды. Анткен менен сыртынан бекитилген эшик зыңгырап, ачылбай койду.

– Эмне күнөө, эмне жазыгым үчүнкастарыңарды тиктиңер?! Адегенде ошону айткыла?! – деди анан терезеденжабалактаган элге.

– Аны өзүң жакшы билесиң,Асылбек! – деди Канымет абышка, – Канча жылдан бери үйүңө ажыдаар багып, эмиминтип айылдын элине кол салып, алдын көтөрүп чаба баштадыңар! Аныңар азкелгенсип, алмончоктой болгон жаш баланын башын айландырып! .. Аның – ажыдааркызыңды боозуттуруп, айылды ажыдаарларга каптаталы дегениң го?! Ана,ата-энесинин үнү Кудайга жетип, боздоп турат!

– Канымет ата?! Карыялык касиетиңиздижоготпой, калыстык кылыңыз!

– Кайт! Каапырдын кайра магакаяша айтканын карачы! Кайсыл арыңа актанасың, адепсиз?! Же жанагы, чаламандынчак түшүндө ажыдаар кызыңды алчактатып алдыңа алып, ардактап отурганыңды да эмибизден танасыңбы?!

– Аксакал, ал ажыдаар эмес –жылан!

– Тикини!

– Айтканын кара, ой! – дештиэшиктегилер!

– Сиздер таптакыр тескери түшүнүпалган турбайсыздарбы! – деди Асылбек кептин чоо-жайына көзү жетип, – Андайэмес, агайындар! Андай эмес! Азыраак сабыр кылып, сөзгө конок кылсаңыздар! Меназыр сиздерге анын чын-бышыгын айтып берейин!

– Жетет!!!

Табиятынан кыянаттык, ызы-чуунужакшы көргөн Таңырбай, ага кошул-ташыл дагы беш-алтоо аны коштоп кетти.

– Дагы алдап, элди арбагыңкелеби? ! Андай эле ак болсоң, алдагы Абылайдын баласын бери жибер! Калганындагы көрө жатарбыз.

Асылбек “бар!” – дегендейБектемирди карады.

– Эл тарамайынча мен эч кайдакетпейм! – деди жигит да өжөрлөнүп.

– Анда мен балам дебейм! Балалыктанкечип коём! – деди Абылай жанагыдай болбой эми өктөм. Уулу дагы ызалуу, каяшаайтты:

– Ушунчалык тайыздыгыңдыбилбепмин, ата!

– Акмак!!!

– Андай бала сага жакшылыккылбайт! Башка балдарың аман болсун! – баркыраган зоот, демейде оозунан оңойменен кеп чыкпас, анча-мынчага кебелбес Томотой уста ушинткенде Абылай да ошогомакул өңдөнүп, терезеден ары оолактай берди эле, көп өтпөй ар кай жерденжалбырттап от күйө баштады. Үйдүн ичиндегилер чындап сестене түштү. Асылбекэшикти тепкилеп, ийни менен туш келди түрткүлөп, Сырга адатынча терезеден элгежалбарып ыйлап, Бектемир Кызмончокту кучагына ороду.

Эшиктегилер таяктын башын өрттөпалышып, үйдү айландыра саман чачып киришти. Атургай короонун аркы башындагы,бастырманын үстүндөгү чөп күйүп, заматта кечти кызыл жалындын жарыгы каптапкетти.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   doni_djd   05 Октябрь 2012 - 15:12

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 28 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 07 Мар 2013 17:32
  • Жынысы:Эркек

аябай соонун экен уландысын кутом
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 15:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Баягыл оюк менен жана эле эшикке чыгып кеткен Жан бул убакта эчакЖинди-Чапка жетип калган. Жыландардын ордосуна кирип келгенде аны үйдөй үңкүрдүничинде кыжылдап, биринин үстүнөн бири жыбылжып сойлоп, каршы-терши быкпырдайкайнап, узун-туура чубалган урук-туугандары бир нерсе болгонун сезгендейжапырт, сестене карашты!

Көз ирмемчелик эле убакта анан, Жандын жардамга чакырган ички кыйкырыгынилгиртпей туюшту да, өлбөгөн жерде калуучу эмелердей денелери түктүйүп, жансызкөздөрү чачырай, тегиз октоло түшүштү! Көз ирмемчелик эле ушул учур канча бирдоор, кылымдардан берки козголбой жаткан жыландардын ордосун уйкуданойготкондой болду! Эми элеки тып-тынч ордонун ичинде кандайдыр бир сырдуу аракеттербашталып, кышылдаган үндөр көбөйүп кетти!

Ордого кирип-кирбей, босогодо тикесинен турган жылан дагыурук-туугандарынын жообун түшүндү! Көкүрөгүнө кандайдыр бир сыймыктануу, ишеним, ага-туугандарына болгон жылуу сезим удургуп, ушунчалык тездик мененартына шарт бурулду да, кандай тез келсе, эми да так ошондой тездик мененчымын- куюн болуп кетип баратты! Анын артынан аткан октой эрчип, калган жыландаржөнөштү! Анткен менен жыландардын аягы оңой менен үзүлчүдөй эмес. Тээ чайкайнам убакытка чейин ордонун оозунан сыртты көздөй агылып чыгып, эзели боорунатүк чыкпаган боз адырдын бетине жол салып, айылды көздөй катуу тездик менензымырап баратышты!

Эң алдыда – ак жылан! Ага удаалаш бараткан – баягы кара чаар, анынкатарында бала кезинде эле ак жыланды айланчыктап, ылым санап, ымала издей берчүкүмүш жон сулуу жылан, аларга куйрук улаш башкалары!

Жыландар Жандын кичинекей кезинен эле адамдарга байыр алып, алар мененаралаш өмүр сүрүп, атүгүл адамга арзып, аларсыз күн көрө албачудай болупкалганын билген соң, анын көп убакыттарга ордону таштап кетүүсүнө көнүп калышкан.Аны зордоп токтотууга мүмкүн эмес экенин баарынан узак жашаган, көптү көрүп, көпбилген кара чаар жылан жакшы билчү. Бирок, туулгандан башкачараак жаралаган акжыланга ар убак кулак түрүп, кайда жүргөнүнөн кабар алып, кайсы убакта болсо дажардамга барууга алар даяр болчу!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 15:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Элик-Жон ылдый чуркап, күйүгүп келген Акбай карыя көпчүлүккө жетип-жетпейэле көмкөрөсүнөн кулады. Четте турган бир-экөө аны байкай коюп, эки колтугунанжөлөп- таяп өйдө кылышты.

– Балдар! Кагылайындар? ! – күйүккөнүнөн да, коркконунан да жүрөгү катуулакылдап, эки жигитке сүйөткөн абышка энтигип араң сүйлөдү, – Антпегиле,айланайындар? ! Койгула?!.

Тили булдуруктап, өзүн жоготуп барып кайра эсине келе калып жаткан карыянынбайбичеси аңгыча топтон чаркырап чыга келди да, абышкасына жабышып калды:

– О, Кудай, айланайын?! Сактай көр?!Бул эмнеси?!.. Эсиңе келчи, абышка?! Өзү араң жүргөндө минтип!.. Абышка?!

Анан бала-бакыра, келин-кесектеритегеректеп, чуркурап жиберишти.

Ошол уруунун Акбай карыяданкийинки эле баш-көз болчу Ишенбай аттуу жылкычысы да жетип келип, сыңар тизелепотура калды да, агасынын тамырын кармап:

– Бу сизге эмне болду,жарыктык? ! – деди жактырбагандай, – Элди ойлобой, ажыдаардын уюгун аяганыңыз кандай?!

– Койгула де!.. – кансөлү качып,солуй түшкөн карыя инисине ишене да, сурана да тигилди.

– Коюңузчу, ага! – деди бирокИшенбай. Чындыгында анын ичинде бала кезинен Асылбекке эрегишүү, жек көрүү барэле. Айрыкча эс тартканы Сыргага арзып жүрүп, а бирок Асылбекке алдырыпийгенден бери жек көрүүсү башынан ашып кеткен! “Үйлөнсөм, балким баары өзгөрөт!”– деп канча курдай өзүн-өзү алдап, ишендирип да жүргөн. Бирок үйлөнгөндөн кийинделе эски жарасы айыккан жок! Тескерисинче жубайынын кылык-жоругун, баскан-турганын Сыргага эч окшоштура албай, туталана берчү адат тапкан. “Дарттыубакыт айыктырат” дешет экен, а бирок Ишенбайдын жүрөгүндөгү кек ушунча жылданбери кадимкисиндей жашап келет. Бир-эки курдай Сыргага капыл-тапыл кезигекалып, жан дүйнөсүндөгү “жакшы” ниеттерин билдиргенде ал зирпилдеп: “Экинчиандай сөзүңдү кулагыма угузба! Кайсы бетиң менен Асылбекке кара санагың келет?!Кайсы бетиң менен мага ушундай сөздөрдү айттың?!” – деп ыргып-секирип кеткен.Ишенбай байкап көрсө, ошондон бери анын Сыргага болгон эңсөөсү, сүйүүсүакырындап сууп, жек көрүүгө айланып кеткендей. Булардан кандай да болсо өч алгысыкелип, кекенип калган. Ошол көптөн бери күткөн күнү бүгүн келгендей дегдептурганында анан карабайсыңбы, агасынын айтып турганын!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   nazi25   05 Октябрь 2012 - 15:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 399
  • Катталган: 11 Апрель 12
  • Соңку аракети: 06 Янв 2021 21:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:тынчтык

Ии-ий жаман болду го.Ачыка чыкпай эле куйуп кетишеби?
Ачуусун жене алган адам кучтуу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 15:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Чөптөн уланган өрт уламтегерек- белди жалмап, кыпкызыл жалын асманга буруксуган кара түтүнүн бүркүп,ызы-чуу, кыйкырык-сүрөөн улам көбөйүп, тилсиз жоо бүт айылды жарык кылаалоолонуп, соймолоңдогон кызыл жалын улам күчүнө кире баштады! Ансайын эл үйдөнчеттей берип, моокумдары кангандай карап турушту. Эсине келе түшкөн Акбай карыягана ордунан туруп, кармагандарды туш-тушка итерип таштап, үйдү көздөй чуркады.Бу кезде өрт үйдүн каршы-терши бекитилген каалга-эшиктерине жабышып калган!

Терезеге чап жабыша калып,жандалбастап ичкери шыкаалап, бирок карыя көзүнө эч кимди чалдыктыра албайжатты!

Кокус Асылбектер сыртка чыга качуугааракет кылса, атып салуу үчүн ар бир эшик-терезеге мылтыкчан кароолдоркоюлуптур! Алардын арасында Абылай менен Ишенбай да турган экен:

– Балдар! Кагылайындар? ! Мунуңаржарабайт! Минткениңер жакшы эмес! Эсиңерге келгиле?! Деги эмне болуп калгансыңар? !Кудайга жакпайт мунуңар?! Эл эмне дейт?! Эртең атагыбыз алыска чыгып, шермендеболобуз, кокуй?! – деп баардык нерсе ошол куралчандардын гана колундатургандай, ар биринин алдына барып тизелеп отура калып жатты карыя.

Тебетейи адеп жыгылганда эле жерге“күп! ” этип кулап, туруп келатып эңип ала койгон карыя дагы эле ошол бойдонжылаңбаш, баш кийимин колуна кармап алып, аппак сакалы көз жашына чыланып, эмижалпы элден жооп күтүп, аларды карай чөгөлөп отура калды. Бала-бакырасыатайылап тосуп алган курчоодон өтө албай, чурулдап турушту.

– Сакалың өрттөнгүр! – дештиайрымдары Акбай карыяны жактырбай, – Мунун да бир балакети бар го?!.

– Апе-ей, бар болгондо дакандай?! – деди аялдардын бири жанындагыга шыбырай, – Ботом, Асылбек бу кишигебекер жеринен окшошуп калыптырбы? !.

– Койсоңчу?!

– Койбой эле, ыраматылыккайненем айтып калчу...

Окшоштук издегендей экинчисиунчукпай, тунжурай калды да:

– Апе-ей, чын эле... Ырас айтасың,ай! – деди ынангандай.

Аңгыча, бая жолдо келатканда элеАкбай карыяга боор тартып, ошол тарапка кылчактап карай берген жигит элдижарып, Акбай карыяны көздөй жүткүндү. Жетип келип эле карыяны баладай тап-так көтөрүптургузду да, анын ордуна өзү тизелеп отура калып, кечирим сурагандай карыянынколдорун өөп, чекесине тийгизди.

Эл саамга жымжырт болуп, ушулубакта “тырс-турс! ” эткен гана оттун дабышы угулуп калды.

– Эл-журт!! ! – деди анан жигитошол эле жерде, карыяга катарлаш тура калып, – Али да кеч эмес, агайындар?! Биринчиден эл башы, журт башы – аксакал атабыздын айтканын эки кылып, минтипкор тутканыбыз жакшылыкка алып келбейт! Экинчиден, эгерде чындап эле бул ишкеажыдаарлардын тиешеси бар болсо, анда бул иш ушуну менен тынчыбайт!

– Бу кайсы бала эле?! – дештикары-картаңдардын ичинен бир-экөө.

– Ботом, Бүбү байбиченин чөбүрөсүэмеспи! – дешти ага жооп кылгандар.

– Чоң энемдин жыландар тууралуужомогун көп уккамын! – деп сөзүн улап жатты жигит, – “Үйүңө кирип келгенжыланды ак менен узат” дечү энем! Андай эле Кызмончоктор жылан экен, айылданжакшылык менен узатып коёлу! Болбосо, жылан деген кекчил болот! Эртең элебашкалары кун кууп келсе кантебиз?! “Ажыдаардын куйругун баспа!” деген кепбекер айтылыппы?!

Эл ынангандай бир аз жандана түштү.Ошондон пайдаланган Сүйүнбай күрмөсүн шапа-шупа чече салып, туш келди койгулап өрттүөчүрө баштады. Ага Акбай карыя, дагы эки-үчөө, көп өтпөй эле көпчүлүк кошулуп, тээбир убакта жалбырттаган кызыл жалындын ордуна айылды буруксуган кара түтүнкаптап калды.

Баятан бери өрт өчүргөндөрдүарытан карап, элден оолак турган Абылай, Канымет, Таңырбай, Ишенбай сыяктууларгана жерге “чыйт!” түкүрүшүп, көксөөлөрү канбай калгандай, кимдир бирөөлөргөызырынып, нааразы болуп турушту.

– Андай болсо Асылбек эртеңденкалбай журттан кетсин! – дешти анан алар, – Бул ага акыркы эскертүү! А кокускетпейт экен, анда эсине салып койгула, эмкиде эч ким, эч нерсе элди токтотоалбайт! !! Элди аралап, каптап кирип келүүгө бир аз эле кадамдар калганда Жандынулагына ушул үн “шак!” эте түштү да, тикесинен тура калып, арттагы жыландардытоктотту.

Жан адамдар тараптан, болгондо да Кызмончоктордун үйү тараптан асмангажалын чачып, жалбырттаган отту көрүп, ою жамандыкка ооп, азыр барып бүт айылдынэлин ойрон кылып таштоочудай келаткан. Таңырбайдын азыркы: “Эртеңден калбай көчүпкетишсин! ” – дегенинен улам, Кызмончоктодун аман экенине көзү жетти да, саамгакулак түрүп, элди тыңшады.

– Кетсин! Көчүп кетишсин! Эртең күн кылайып чыкканча бул жерден изин суутупкетишпесе, тирүүлөй таш бараңга алабыз! Макулсуңарбы, эл?! – дедиКанымет.

Эл макул болуп, кужулдапжай- жайына тарамай болушканда:

– Айланайындар? ! – деп “чар-р”эткен аялдын үнү жыландарды кошо “селт” эттирди. Качантан бери төшөктө жатканАбылайдын аялы – Сайра экен.

– Айланайындар! Кара көзүмдүкашайттыңарбы, кокуй?! Уулум кана?! Кана уулум, кокуй?!

Аял эки бетин жошодой тытып,чачын жулуп, жер сүзүп жыгылганда карган жорудай калдалактап жетип келгенАбылай аялын өйдө кылып:

– Кантет?! Кантет?! Уулуң бар!!! Анакей, Асылбектикинде! – деп үй жакты жаңсагылап ийди.

Абалкыдан алда качан эле оңолуп,бирок жыландан коркуп, элге кошулуп келе албай үйүндө калган Сайранын чыдамыкетип, уулуна түтпөй жетип келгени эле бул!

– Канакей?! – деди чачы-башысаксайып, күйөөсүнө жалдырай тиктеп, – Кана балам?! Апкелем деп кетпедиң беле?!

– Азыр!

Абылай эми эсине келгендей Сайраныташтай коюп, Асылбектин үйүн көздөй чуркады. Жанагысындай терезеге чап жабышып,бирок көзүнө эч нерсе көрүнбөй, ошентсе да бир чети Сайраны жоошутмакка:

– Уулум?! Жүрү кетели?! Жүрөгой?! Жүрчү, Беки?! Антпесең апаң өлүп калат! Тигине, а жерде ыйлап отурат! –деп сүйлөнө берди.

Жооп болгон жок! Андан кийинАбылай жүгүрүп жетип, чала күйгөн эшикти жанталашып ача баштады. Ага дагы эки-үчөөжардам берип, үйгө кирип барышты эле... үйдө эч ким жок болуп чыкты!

Ар кимисинин ою ар башка кетти.Бирок, ким-кимиси Асылбектерди жыланга айланып, көздөн кайым болуп кеткен экендеп түшүнүштү!..




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Delicacy   05 Октябрь 2012 - 15:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения nazi25 (05 Октябрь 2012 - 15:24) жазган:

Ии-ий жаман болду го.Ачыка чыкпай эле куйуп кетишеби?



жон олтуруп угунчу ансызда кыйшайып турган крышаны кыйшайтпай.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 15:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Жыландарды Жан жанагы жергетоктотуп коюп, өзү үйгө чабармандыкка келген. Абылайлар үйгө кирген кезде, Жанда Кызмончокторду издей баштаган.

Көз байланып, күүгүм кирген маалболгондуктан, үйдү жарык кылыш үчүн Абылай таяктын башын күйгүзүп алган. Ошол биртутам жалын үйдүн ичине ары жарык, ары сүр берип, дене бойлор дүркүрөп турганмаалда, адамдар жылан менен кайра да карпа-курпа кездешип, турган-турганжерлеринде үн жок, сөз жок селейип туруп калышты! Капортосуна чейин тикчийиптура калган жыландын көздөрү кызыл жарыкта ого бетер кыпкызыл болуп күйүп, отчачып турган! Ушул тапта ал мурда болуп көрбөгөндөй каардуу, заардуу болчу! “Эрэле болсоңор буларга тийип көргүлө!” – деген жазуу бар эле анын көздөрүндө. Абылай:

– Кызмончок?.. – деди эриндерида кыймылдабай, көмөкөйүнөн жагалдана, акырын шыбырап, – Айланайын Кызмончок,кечир? ! Уулумду эле бер?! Башка эч нерсе сурабайм?! Энесин ая?..

Жылан саал жибий түштү. Денесиакырындап жумшарып барып, “эшикке чыккыла” дегендей башы менен эшик жакты көрсөтүп,белги жасады. Аны оңой эле түшүнгөн Абылай да, башкалар да арты менен жылып, эшиккечыга качышты. Айрымдары атүгүл, артын карабай качып да баратты.

– Жылан! Ажыдаар!! ! – дештиэшиктегилерге. Элдин үрөйү учуп, ого бетер сестене удургуп, үйдөн алыстай түшүштү.

Бир гана Сайра менен Абылайжанагы жерде калышты. Артын карабай качып келип, бирок жер чапчып ботодойбоздогон аялын жоошута албай жаткан Абылай чачырай түшкөн элди карап,жан-жанына кайсалактай калды да:

– О, эл-журт?! Ушинтет белеңер?!– деп жансоогалай бир бакырып алды. Өрт өчүп, эл кичине тынчый түшкөнүнө каниеткылып, шалдая түшкөн Акбай ата үйдүн түбүндө колу-бутун шалдайтып, сунуп ийипотурган. Абылайдын үнү аны “селт” эттирди. Теңселе басып келип, сыңар тизелейотуруп Сайранын тамырын кармап:

– Бир аз кайрат кыл, кагылайын! Мен азыр... – деп кайра үйдү көздөй кетти. Баятан бери ар кай, ар кай жердесоксоктоп качып турган адамдар эми Абылай менен Сайрага келип кошула башташты.Баарынын эси-дарты, эки көзү анткен менен Акбай аксакал кеткен тарапта эле.Үйдү кыдырып, Асылбектерди издеген Жан алардын ушул эле жерде экенин билип,Кызмончоктун жүрөгүнүн “дик-дик” кагып, энтиге дем алганы жакын эле жерденсезип жатты.

– Жан! – деди Кызмончок да жыландын шыбыртын туюп, шыбырай айтты эле, Бектемирбу сөздү өзүнө алып, кызга күлүмсүрөй, бактылуу боло карады.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   doni_djd   05 Октябрь 2012 - 15:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 28 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 07 Мар 2013 17:32
  • Жынысы:Эркек

уландысы канаааааааааааааааааааааааа? ??
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 15:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Бая өрт чыга баштаганда эле Асылбек үй-бүлөсүн жер алдындагы “үйүнө” алып түшүпкеткен. Аны эч ким билчү эмес. Билмек турсун бул эч кимдин оюна да келчү эмес.Ушундай күн болорун болжогонбу, же башка дагы бир нерсени ойлогонбу, айторжайлата төркү үйүнүн бурчунан ылдый кирип кете тургандай эшик жасап, бир үй-бүлөбаткыдай казып, ичин жылмалап, саман төшөп, бир бөлмө жасап койгон. Аны Жанбилчү. Канча ирээт ушул “үйдө” түнөп да жүргөн. Имерилип эми да так ошолбурчту көздөй бет алганда эшик “шарак!” ачылып, Акбай ата кирип келди. Жыландемин ичине катып, абышкадан көз албай карап калды. Акбай ата аны көргөн жок.

– Асылбек! – деди үйдү айландыракулагын төшөп. – Уулум, кайдасың каралдым?!

Эчактан эле бул үй-бүлө Акбайатаны жакшы көрүшө турган. Анткени Акбай ата Асылбектин ата-энеси менен тээбармактайынан курбу, дос болгон. Өз атасын Асылбек эс-мас гана билет. Анткениал Асылбек кичирээк кезинде эл дүйнөдөн өтүп кетип, жалгыз уулду энеси багып чоңойткон.Ыраматылык Сабыркан апа да ушул кишини өтө сыйлайт эле. Аны Асылбек да билчү.Асылбек эшиктен чуркап келип:

– Апаке, Акбай атам келатат! –дегенде апасы бир башкача “селт” этип, жүзү тамылжый түшчү. Алар эмнегедирсырдуу, табышмактуу сүйлөшөр эле.

Канча ирээт аларды угуп, тыңдаганыменен Асылбек кеп маңызын түшүнчү эмес. А бирок Акбай атасы ага абдан жакынадамындай сезилип, эмне үчүндүр эле ага боор тарта берүүчү. Койнуна жатып,атына учкашып, жытын жыттагылап, эркелеп, эки-үч курдай эрчип да кетип, апасынантил уккан.

– Антчү эмес! Чоң эле жигит аркимдин койнуна жатам деп эрчигени уят болот! – деп, кээде:

– Аа, балам! Ата мээримине, жытынаканбай калып, ошонун ордун күсөп жатканың го! – деп койчу. Атүгүл комуз черткендидагы Асылбекке Акбай атасы үйрөткөн. Элик-Жондо экөө айылды карай жанашыпотуруп алышып, күндүн батканын карашчу. Комуз күүсүн, күүнүн сырын чечмелеп,ата- бабалардын тээ узун учугун уламалап айтып отуруп, бүгүнкү күнгө жетчү.

Бирок бүгүн Асылбек Акбайатасына катуу таарынып турган: “Чын эле Акбай атам ушинттиби?! ”.. Ал киши элдитоптоп, буларга коё берип, өзү адатынча Элик-Жондо карап отургандай ойлогон.

– Асыке?! Келин бала?!Кызмончок? !

Карыянын добушун так үстүлөрүнөнэшиткени менен эч кимиси унчуккан жок.

– Уулум?! Бул – мен! Кайдасың,кагылайыным? !

Бирок ага эч ким жооп бергенжок. Үйдө эч ким жок, кулак-мурун кескендей тым-тырс эле!

Акбай карыянын жүрөк тушумыкчылып, көзү караңгылап кетти. Эки-үч ирээт ары-бери калдалактап, тамталаңдапбарып, анан турган ордунда кулап түштү!

– Ата?! Акбай чоң атамды!.. –деп сөзүнөн аягына чыкпай, көздөрү алая түшкөн Кызмончок ордунан ыргып турду.“Жылан чагып алды окшойт!” – деп айтып жибере жаздап, эмнегедир Бектемирдентартынды. Асылбектин оюна да ошол келип, жерди кыркалата кертип жасаган тепкичменен жогору чыгып, төбөсүндөгү “эшикти” ачып, өйдө чыкты. Белине чейин чыкканАсылбек жерде чалкасынан жаткан Акбай атаны, аны тегеренип, чубалып сойлоп жүргөнЖанды көрдү. Аңгыча ата оор дем алып онтоп жибергенде, жылан аркы үйгө чыгыпкетти.

Асылбек атанын оозуна суутамызып, башына жаздык койду. Эсине келген абышка:

– Балам, – деди Асылбектинартынан кошо чыгып келген Бектемирге карай колун сунуп, – Ата-энеңе барчы,балам! Алар эшикте сени күтүп... Апаң байкуштун алы начар. Бара гой, а менбалдарым менен... – деп келип азга унчукпай калып, анан:

– Таң ата балдарым менен мен даэлимден, жеримден кетет окшойм! – деди.

– Мен эч кайда кетпейм, ата! –деди Асылбек көгөрүп, – Элге чындыкты түшүндүрүп, чоо-жайды айтам! Чындыгындаменде дагы, элде дагы эч кандай айып жок! Кептин баары жанагы...

Жылан чыгып кеткен жакты карады:

– Жанагыда! Мен аны тирүүлөйжанчып, элдин алдына таштайм! Ошондо билет алар, менин кызымдын ким экенин!! !

Бирок ал муну ачуусу менен ганаайтты.

Акбай карыя менен Бектемир анынэмне жөнүндө, ким жөнүндө сүйлөп жатканын түшүнбөй калышты. Алар бу жерден дагыАсылбек Кызмончок жөнүндө айтып жаткандай түшүнүштү.

– Асылбек байке! – деп ийди эмиэлеки кызын көкүрөгүнө кысып, эркелетип, чачынан жыттап турган атанын заматта үрөйдүучурган кепти айтып жатканына таң кала да, ишенбей да.

– Бар! – деди Асылбек жигитке, –А сен азыр үйүңө бар!

Улам бирден үйгө чыгып келгенСырга менен Кызмончок да Асылбектин айтканын туура көрүштү.

– Бек! – деди Кызмончок, – Көрөсүңго, эртең баары жакшы болот! Ата-энең дагы, эл дагы бизди жек көрбөй калышат.Ошон үчүн сен азыр барышың керек!

Жигит эч нерсеге түшүнбөй, бироккыздын: “Эртең бизди жек көрбөй калышат... баары жакшы болот” дегенине жетеленип,аларды бир кылчак карап, үйдөн чыгып баратты. Оозгу үйдүн бурчунда далдаланыпжаткан жылан аны узата карап койду.

Уулунун карааны көрүнөөрү мененэне-атасы аны бакырып келип басып жыгылышты. Ошондон кийин гана Абылай: “Эмиаларды эмне кылсаңар өзүңөр билгиле!” – дегендей аял-баласын алып, үйүнө кирекачты. Эл дагы Асылбектикинен арылап барып, акылдашып тарашты. Эгерде эртеңменен Асылбек элден сыйы менен кетпесе, катын-баласын кошуп, таш бараңга алып өлтүрмөйболушту.

Элдин үйдөгү ак жыланды дагыкайталап көргөнү, бар туруп эле Асылбектердин көздөн кайым болгону абалды огобетер курчутуп койгон. Ушундан улам олку-солку болууга эч себеп калбай,Асылбектин кызынын ажыдаар экенине айылдыктар түгөл ишенип калышты.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 15:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Жан элдин жай-жайына тараганын көрүп,Асылбектерден санаасы тынып, жыландарды көздөй кетти. А бирок алар да таптакыркетип калбай, эртеңки күндү күтүштү.

Эмнегедир ушул түн бир кызыктайтүн болду! Таң атканча эле мал удургуп, үркүп, кошкурук аткан жылкылар жерчапчып, иттер улуп, кыңшылап-ыңшылашып, айтор айылдыктар бир алаамат болчудай үрпөңдөшөулам терезеден сырт жакты шыкаалай карашып, “тырс!” эткенди тыңшашып, келмекелтирип чыгышты.

Сайра уулунун төшөгүн өзүнүнжанына жакыныраак салдырып, Абылай экөө тең кирпик какпай Бектемирди бирөө жулакачуучудай комдонуп жатышты. Атургай Абылай жанына айбалтасы менен мылтыгыналып жатты. Бектемир болсо калп эле уктаган кишиче түр көрсөткөнү менен,эси-дартынын баары эртеңки күн жөнүндө боло берди.

Асылбектин жанагинтип, “тирүүлөй жанчып өлтүрөм!” дегенине эч түшүнбөйжатты ал. А бирок кызына карата андан аталык мээрим, аталык сүйүүдөн сырткарыэч бир жаман мамилени байкаган жок. “Анда эмнеге жанагинтип айтты? А балкимКызмончоктун кийип алуучу жылан кеби бардыр?! Балким ошону жанчып таштап, ананэлге көрсөтүп: “Кызмончок эми эч качан жыланга айланбайт! ” – деп жар салып,убадасын берип, көпчүлүктөн кечирим сураганы жаткандыр? “Элге чындыкты айтып,чоо-жайды түшүндүрөм” деди го?!. Эл ансыз деле чындыкты билип калышпады беле!Дагы кандай чындык?!. Бул жерде дагы кандай сыр бар? А Акбай атам алар мененэмне жөнүндө сүйлөшөт болду экен? Кызык!..” – ушундай табышмактуу ойлоргооролгон жигит ылдам эле таңдын атышын күттү. Кызмончоктун ишенимдүү, эркелейайткан жанагы кеби айланып келип эле улам эсине түшүп, эмнегедир жүрөгү делөөрүп,туйлап кетип жатты. Эртеңки күндөн жакшылык күткөн жигиттин таң ата гана көзүилинди
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 15:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Ал эми жыландар быкпырдайжайнап, айылдан анчалык алыс эмес, Асылбектердин үйүнө жакын эле жерде таңатырышты. Бетеге, куурай, тикенек-чөбү аралаш өскөн аңыз бооруна быкылдаганжыландарды көтөрүп, көкүрөгүн кере чалкалап жатты...

Таңга маал капысынан эле катуушамал болуп келди. Улуп-уңшуган бороон айылды өрдөп, ансыз дагы алда нелерденчочулап, үрпөйгөн үйлөрдүн үрөйүн учуруп, эшик-терезелерин калдыратып, анын артынантарсылдаган катуу добул жүрүп кетти. Айылдыктар бул жолу да аны “ажыдаарга” –Кызмончокко жорушуп, Асылбектер да ушул түнү кирпик какпай таң тосушту.

Айылдыктардан биринчи болупАкбай ата ошол түнү “ажыдаар-кыздын” ким экендигин укту. Укту да, бет маңдайындаотурган үчөөнө же ишенерин, же ишенбесин биле албай, саал бүдөмүктөнө карады.Эшик- терезеден кирип, каршы-терши урган мөндүр аралаш шамал улам ортодогу бир үзүмотту жалпылдата үйлөп, ансайын Сырга чыракты тегерете калканч тосо коюп,убаралана берди.

Чоң энесинен калган калтаричикти жамынган Кызмончок апасына ыктай отурган калыбында отту карап, ойлуу.Асылбек болсо кепти Акбай атадан күткөн өңдүү унчукпай калды. Аларды тегеретекарап чыгып:

– Ушул айтылгандар туурабы,балам? – деди Акбай карыя Кызмончокко карап.

– Ийи, – деди Кызмончоката- энесинин баятан берки айткандарын ырастай.

Эмнегедир эсине бир нерсе түшөкалгансып, анан оозгу үй жакка бир жалт карап алып, күтүлбөгөн жерден эле:

– Чоң ата, Жан менентаанышасызбы? ! – деди кыз.

– ?!. – чоң ата эмне деп жоопайтаарын билбей, алдастай түшкөндө кыз калтар ичиктин ичинен суурулуп чыгып,оозгу үй тарапка умтулду:

– Жан?!

Босогодон ары, караңгы бөлмөгө көзжиберип, Жандын шыбыртын тыңшады.

– Ал көрүнбөй калды го, кызым. Көпчүлүктөнжазганып, кеткен чыгаар, – деди Сырга.

– Жок, апа. Мен анын дем алганынугуп жатам! – деп анан: – Жан! Келе бер, атам сени эч нерсе кылбайт, – дедижыландын оюн окугандай. Ошондо гана эшик-терезесинен шамал аркыраган оозгу үйдөнЖандын жыбылжый жылган дабышы угулду. Кызмончок анан бут алдына келип калган акжыландын тулкусун жерден көтөрүп ала койду да, экөө баягы, бала кездегидейкучакташып калышты. Кызмончок менен бойлошуп, башын анын ийнине жөлөгөнжыландын калган денеси чубалып, жерде жатты.

– Жан! – деди Кызмончок. Анын көздөрүндөгүкаканактаган ысык тамчы “мөлт!” деп кулап, Жандын денеси ылдый агып кетти.Башка эч нерсе айта албай койду кыз.

Жылан да ошентти. Эмнегедир азыркызды жонуна кондуруп алып, ааламды айланып, жер кезип, ай-жылдыздарды аралап,алыска- алыска алып учуп кетүүчүдөй, айнексиз терезеден тээ закымдарга бирумсунуп карап алды да, анте албастыгына бирок катуу өкүнүп, табийгаттын ташбоор мыйзам ченемдерине таарынып кетти Жан!

Баятан бери экөөнү үнсүзтиктеген үчөөнүн ушул саам сай-сөөктөрү сыздап кетти.

– Кызмончок! – деди аңгычаАсылбек. Жылан менен кыз таттуу уктап кетип ойгонгондой болушту. Жан Кызмончоктунийнинен жылмышып түшүп, экөө эми үчөөнүн жанына келишти. Асылбек, Сырга түгүл,ошондо Акбай атанын да береги боору менен сойлогон макулукка ичи жылыды. Айбанда болсо ыйбаа кылып, өзүн алардан алысыраак кармап, көздөрүнө тике тик кароогобатына албай, башка жакты баштанып турганына таң берди. Ушунча жыл жашап жүрүп,ушундай укмушту көрбөгөнүн кара!

– Жан! – деди Асылбек адамгаайтып жаткандай, бирок ачуулана, өктөм унчугуп, – Айылда эмне алаамат болупжатканын көрүп жатасыңбы?! Элдин эмне деп, эмне үчүн, ким үчүн дүрбөлөңгө түшкөнүнтүшүнөсүңбү? !

– ?.. – жылан көнөөлүү жандай жүзүнала качып, болбурады. Кызмончок элтеңдеп бирде атасын, бирде жыланды карап, чочулаптурду. Асылбек айласы түгөнгөндөй бир азга унчукпай калып, анан:

– Кана, эми эртең эмне болот?!Эл бизди ушул бойдон жайыбызга коёт дейсиңби?! Сага го эчтеке эмес, эртеби, кечпикетчү жагыңа кете бересиң! А бирок сен алдагы кыздын келечегин күм-жам кылып,тагдырын талкалап, бактысына балта чапканыңды билесиңби?! – деди. Кептинтаамай, чындыгынан жылан жаткан ордуна батпай, кирип кетерге тешик да таппай,кайсалактай түштү. Аны байкап, баамдап отурган Акбай ата таң калганынан жакасынкармап, Сыргадан шыбырап сурады:

– Мунуңар кеп-сөздү түшүнөбү?

Сырга: “Ооба,” – дегендей башынийкеңдетти.

– Э, Асылбек! – деди ошондонкийин Акбай ата, – Андай болсо сурачы, деги анын эл ичинен издегени, сураганыэмне экен?

Жылан Акбай атаны бир муңайымкарап алды. Анын жансыз көздөрүндөгү: “Мага адамдардан сүйүүдөн башка эчнерсенин кереги жок!” – деген жазууну Кызмончок гана окуп калды. Бирок ЖандынКызмончокко болгон сүйүүсүн эне-бала, жылан үчөөнөн башкалары бу жолу да билбейкалышты. Аны таап айтууга азыр эч кимисинин эрки, чечкини да жетмек эмес.

– Мында эмне айып? – депортодогу ыңгайсыз абалды адатынча Сырга оңдоп кетти: – Кептин баары менде болупжатпайбы! .. Баштатан эле башымды алып, тилимди кесип салса дагы элге жаап-жашырбай, болгонун болгондой айта жүрсөм, эл мынчалыкка барбайт беле?!. Акыры түшүнөт эледа!..

– Сырга, өзүңдү эле күнөөлөйбергенди койчу! – деди Асылбек жактырбай.

Добул басаңдап, сырт жак дакулак-мурун кескендей тынчый түштү.

– Сен кетпе! – деди бир убактаордунан козголуп, терезеден сыртка чыгып кетүүчүдөй беттенген жыланга Акбайкарыя. “Эмне үчүн?” – дегендей жылан токтоп, карыядан жооп күтүп калды.

– Эртең эл чындыкты билишикерек! – деди Акбай ата. – Сени көрбөсө, Кызмончоктун жылан эмес экенине эч кимишенбейт!

Макул болгондой жылан кайра берибаштанды эле:

– Ата! – деп ийди Кызмончок, – АларЖанга кол салып, мерт кылып коюшпайбы?! .

– Антпейт!..


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 16:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Таң супа салганда эле мал-жангакыймыл кирип, айыл уйкудан турду. Асылбек да эшик-терезесин калкалап, короогочогулган таш-тушту ыргытып, үйдүн тегегиндеги чачылып, чала өрттөнгөн самандытазалап, ананкы жашоого кам көрүп жүрдү. Түндө туш келди үркүп, чачыраганмалдын маарап, мөөрөп келгенин короого киргизди. Күйүп түшкөн бастырманынордундагы күлдү додолоп чогултуп, эмнегедир убакыт өтпөй, элдин ылдам элечогулуп келишин күтүп, жогору жакты улам чыдамсыздана карай берди. Канчажылдардан бери эл үчүн табышмакка, сырга айланган, өзүлөрүнүн да көкүрөгүн өйүгөнажыдаар жөнүндөгү аңыздын аныгы айтылып, ачыкка чыгарын ойлоп, эмнегедир көңүлүделебептеп, шашып жатты. Айткандай эле айылдыктар күн кылтыйып чыккан кездеайылдын жыйыны өтчү жерге чогулушту. Акбай ата, Асылбек, Сырга, Кызмончок, Жанменен бешөө болуп, алар да өзүнчө кам көрүп, эл менен жолугушууга даярданыпжатышты.

– Апа, коркуп жатам! – деди жүрөгүкабынан ыргып кетчүдөй лакылдаган Кызмончок.

– Коркпо, балам, – деди Сырга, –Эмнеге коркосуң? Кудайым бар. Эл деле биздей адамдар эмеспи.

Ошондон көп өтпөй эле опурап-топурапкелген эл кечээкидей эле үйдү тегерете курчап алышты. Абылайдыкы эле катуууктап калган эмече эшикке чыкпай, эмнегедир жымжырт. Айрымдары алардын эшигинкаккылай башташты.

– Ата, эл келди! – дедитерезеден сыртты караган Бектемир.

– Келсе – келсин! – деди эшиктитосуп, босого менен бойлошуп турган калыбында Абылай кежирлене, – Келе берсин!Анда биздин ишибиз да жок!

– Ата, эмнеден коркосуз?! Аларделе биздей кишилер го?! Анын үстөнө Асылбек байкем бүгүн элге болгонунболгондой айтып, ачык сүйлөшмөк!

Абылай көшөрдү:

– Айта берсин! Биз эч жаккабарбайбыз!

– Анда мени коё бериңиз?! – депБектемир сыртты көздөй басканда атасы босогодо жөлөнүп турган беш атарын алакоюп, уулун көздөй соройтуп сунуп ийди:

– Тарт! Болбосо атып өлтүрөм!

Сайра кошо уулунун этек-жеңинеасылып ыйлап, кичинекей бөбөктөрү чырылдап, үйдүн ичи ызы-чуу түшүп кетти.

– Абылай?! – аңгычаэшик- терезесин эки-үчөө тарсылдатып ургулап ийди, – Чыкпайсыңбы тез! Тигилердиары же бери кылбасак! ..

“Ырас эле!..” – ойлоно калганАбылай бир убакта каалганын илгичтерин шарактатып ачып, эшиктеги элге аралашыпкетти. Анын артынан Бектемир менен Чынтемир жөнөдү.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 16:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Асылбектикинен адегенде Акбайата чыкты. Эл жымырап, тынчый түштү.

– Айланайындар! – карыясалмактуу сүйлөдү, – Бир өзөндүн суусун ичип, бир жердин тузун таткан биртууган, бир ууч элбиз! “Шашкан – шайтандын иши” деп, кечээ кызуу кандуулуккылып, адамдын акылына сыйгыс, оюна келгис иш жасап ийе жаздадык эле!

Топ ичинен Таңырбай кепти жырып:

– Таң атканча коюн-колтук алышыпжатып, эми ошолордун кебин сүйлөп, элдин башын айлантайын дедиңби?! Калайык,мунун тээ башынан эле Асылбектики менен тымызын ымаласы бар! Булардын сөзү да,былык-чылыгы да бир! – дегенде аны эрчигендер:

– Ошондой! Туура айтат! – депжаалашып, Таңырбайды колдоп кетишти. Ошол убакта үйдөн Асылбек, Сырга,Кызмончоктор чыгып келишти. Аларды көрүп Бектемирдин жүрөгү дүкүлдөп, бирбашкача делөөрүп, алда неден үмүтү үзүлбөй, кандайдыр бир, кимдендир жакшылык күтүп,ошол убакыттын ылдам эле келишин дегдеп турду.

– Агайындар! – деди Асылбек, – Азырааксабыр кылып, кепке кулак салсаңыздар? ! Мынакей, менин кызым – алдыңарда турат!

Кызмончок өзүн жабалактайтиктеген көпчүлүктөн корголоп, энесинин артына жашынды. Жан болсо Асылбектердинчакырыгын күтүп, терезеден шыкаалап турду.

– Ушул кенедей кызды “ажыдаар”деп айтууга кимиңердин дитиңер барып, кимиңердин көөнүңөр түтөт?! Деги эле адамдынайбанга айланганын ата-бабамда уккан дагы, көргөн дагы эмесмин!

– А баягы, Сайраны арбап жыккан,алиги тизеңде алчаңдап эркелеп жаткан ак ажыдаарды анда биз жалган көрүппүзда? ! Ошондойбу, эл-журт?! Демек, бу Асылбектен башкабыз бүт келесоо, кемпайтурбайбызбы, ыя?! – деп Бекибай чал чыйкылдады.

– Капырай, кажылдабай коё турсаңарболо! Кепке конок бересиңерби, жокпу?! – деп Дилдекан аттуу колунан көөрү төгүлгөнуз, сымга тизгендей зымырайып турчу сулуу аял тигилерди тыйган болду эле:

– Сен, келин бала, үйүңдө бечараТилекти каалаганыңдай калчап, башкарып жүрүп көнгөн экенсиң! – деп акшыя карап,Таңырбай аны зекип койду. Дилдекан дагы бир нерсе айтайын деп оозун таптапбарып, унчукпай калды.

– Кагылайын калайык-калкым, Кызмончокменин эле эмес, силердин да кызыңар! А жанагы Сайра жеңем көргөн, сиздер көргөнжылан – ал адам эмес! Ал – бала кезинен биздин үйгө байыр алып өскөн, кадимкиэле жылан! Ишенбесеңер ошол ак жыланды азыр алдыңарга чакырайын!

Элдин ичи күбүр-шыбыр болуптолкуй түштү. Аңгыча үйдүн терезесинен сыртты көздөй башкача бир аппак, зоржылан жыбылжый агып, Асылбектердин катарына куюлуп түшүп жатты. Аны көргөн көпчүлүкАсылбектин айткандарына саал ынангандай болушту. Бирок Таңырбайлардын тобуэлден өзүнчө бөлүнө калып, кужулдаша калышты да, Канымет чалды ортогочыгарышты:

– Айланайындар! – деди Каныметээгиндеги чокчогой сакалын сексеңдете, элди тегерете бир карап алып, – Баятанберкилерди угуп, көрүп атып, бир топ аксакал, көксакалдар ушундай деп чечтик:Биринчиден буларга ишенүүгө эч мүмкүн эмес! Элдин көзүн будамайлаш үчүн мындайнемелер эмнени гана жасабайт?! Эмнени гана ойлоп, эмнени гана айтпайт?! Абалким булардын үйү чындап эле жыландардын ордосудур?! А балким Кызмончокчындап эле ажыдаардыр? !

Канымет тарапка таразанын ташыоой түшкөндөй болду. Аны байкаган Канымет андан ары шыр кетти:

– Ошондуктан мени, менден башкадагы бир канчаларды азыр силердин эртеңки күнүңөр тынчсыздандырууда! Кыргыздабир: “Жоо аяган жаралуу” деген кеп бар! Кеч болуп калгандан кийин башыбыздыташка уруп, бармагыбызды тиштеп калбайлы! Өлүмдөн башкасынын эртерээк болгонуэле жакшы! Эгерде кепке келип, эпке көнсөңөр, ишти бүгүндөн калтырбай эле чечипкойгонубуз оң!

– Канымет?! – Акбай карыяордунан бир обдула түштү, – Кантесиң, Канымет?!

Канымет ага карап да койгон жок.Бал тилге салып, ансыз да эки анжы болуп, олку-солку турган элдин башынтаптакыр айланта сүйлөдү:

– Анын ата-тегинин элге кызматкылган, элдик адамдар болгонун эске алып, ошолордун арбагын сыйлап, ата-бабаданкалган асыл касиетибизди сактап, айкөлдүккө баралы да, Асылбектин алдына биршарт коёлу, кандай дейсиңер?!

– Туура! Туура! – дешти эки-үчөө." Кандай шартты айтаар экен?” – дегендей көпчүлүк да, беркилер да тынчыйкалышты.

– Эгерде Асылбек ушул шартка көнсө,анда айылда калып, арабызга аралашсын! А эгерде көнбөйт экен, анда ары жагын даойлонуп койгонбуз!

Апасынын аркасына далдаланганКызмончоктун жүрөгү дикилдеп, Жан дагы жаткан жеринен ордуна батпай, ойдолоктойтүштү.

Канымет чал бир азга унчукпайкалып, өтө жооптуу, маанилүү бир нерсе айтуучудай тамагын жасап, чапанынын эки өңүрүнкымтылана, Таңырбай, Бекибайлар жакты бир карап алды. Алар аны кубаттагандай күлмүңдөп,баштарын ийкешти. Бирок Канымет жылан жакты тик багып карагандан айбыгып, жүзүнала качып, жалтактап кетти да:

– Эл-журт! Эмесе, бүтүм мындай –эгерде элге бүлүк салган, Сайраны жыккан чын эле Кызмончок эмес, береги жыланболсо, анда аны мындан ары да ким бирөөнө кол салбайт деп эч ким кепил болоалбайт! Ошондуктан, Асылбек так ушул жерден жыланды өлтүрүп, эл алдында абийирининак экенин далилдеп берсин!

– Туура айтат! Ошентсин! – дештикөпчүлүк. Таңырбай сөзүнөн аягын ушинтип бүтүрдү:

– Болбосо, Асылбектин үй-бүлөсү так ушулжерден таш бараңга алынсын!

Кечээки: “Айылдан көчүп кетсин,”– дегенди кантип: “Таш бараңга алынсын!” – менен кантип алмаштырып ийгенин өзүда байкабай калды.

Кызмончоктун көздөрү караңгылап, кулагы туна, апасынын каруусун мыжыга кармап, ыйлап жиберди. Жан анчалык делекебелген жок. Тек гана жерден баш көтөрүп, курчаган элди таң калган өңдүү биртегерете карап алды. Асылбектин денесинен чыпылдаган муздак тер чыгып кетти.Жабалактай тиктеген элге эмне жооп айтаарын билбей, адегенде алдастай түшүп,анан:

– Жок! – деди, – Аны өлтүрүүгөменин колум дагы, дитим дагы барбайт! “Чөптү кордосо – көзгө зыян.” Мунун айбандыгыэле болбосо, чыпалактай кезинен көз алдымда чоңойгон. Эч бирөөнө кылдай зыяныжок!

– Акмак!!! А менин аялымдын азэле жерден өлбөй калганы сага эч нерсе эмес экен да?! Адамдын жанынан да сенинажыдаарыңдын жаны баалуураак турбайбы! – Жамажайынан шилекейи чачырап, ачуусуаябай келгендиктен өңү кара-көк тартып, калчылдаган Абылай ушинтти да, мылтыгынсоройтуп, жыланды мээледи. Бектемир атасынын колундагы куралга асылып, алыпкойду эле, эми Абылай жерден таш ала коюп, ортодогуларды ургулап кирди.

– Ата?! Ата?! – деп колунажабышкан Бектемирди жыга түртүп, жерден өчөңдөп таш издеп, улам тигилерди көздөйсызгырылтып ыргыта баштады. Аны токтотконго киши чыкпай, атүгүл ага кичүү уулуЧынтемир кошулуп, бара-бара таш ыргыткандардын катары арбып, Асылбектерди көздөйтуш-туштан таш мөндүрдөй жаай баштады. Асылбектер жада калса үйгө кире качуугада үлгүрбөй, улам бир жерине таш тийип, жандалбастай бети-баштарын калкалап,бир ууч болуп чогула калышты. Жан дагы канча ирээт денеси ооруп, ары-бериойдолоктоп жатып, акыры укмуштуудай бир үн чыгара ышкырып, тикесинен тип-тикетура калды!

Ушуну эле күтүп тургандай, заматтаайылды жыландар каптап кетти! Элди тегерете курчап, кандайдыр бир кышылдаган үнчыгарышып, кичине эле кыймыл кылгандарга: “Тс-с-с!! !” – этип, коркунучтуу сес берип,эки ачакей тилдерин соймоңдотуп жатышты.

Баятан бери бакылдап жатканКанымет чал, Абылай, Бекибай, Ишенбайлардын келмелери ооздорунан ыргып, аялдарчаңырып, балдар ыйлап, айтор бат эле айылды ызы-чуу каптап кетти. Айрыкча:“Ансыз да элге жек көрүмчү болгон жаныбыз, эми биротоло бетибиз карарабы?” –деп Асылбек, Акбай ата, Сырга, Кызмончоктордун үрөйү учту. Ак жыландан алдаканча өңдөрү суук кара, чаар, таргыл, ала-була жыландардын бир даары элдиайланта сыртынан курчап, бир даары соймолоңдоп так адамдардын аяктарынынарасынан аралап өтүп, ортого кирип келди!

Асылбектердин жанында тикесинентурган Жан аларга көрсөтмө берип, буйрук кылып жаткандай туюлду элге.

– Жан! – деди ушул тапта Акбайата каргылданган добушу менен, – Жан, антпе айланайын?! Кечир бизди?!..Элдикечир? ! Бири-бирибизге кара санабайлы!

Ортого кирип келген өңү сууккара чаар жыланды Асылбек менен Сырга тааныды!.. Ал азыр да так ошондогудайкаардана түп-түз мээлеп, Акбай атага карай келатты. Аңгычакты Жан жерге өтөылдамдык менен ийилип түшүп, кара чаар жыланга бир тийип өттү эле, тигилденесин титирете катуу жыйрып алып, кайра имерилип, артка кетти.

Ким- кимисинин оозунан келмеси түшүп,көзгө илээшпеген убакыттын ичинде эле бир айылдын элин бир ордо жылан бийлеп,баш ийдирип турду! Адамдар да, жыландар да качан үнсүз-сөзсүз, кыймылсыз тынчыйтүшкөн убакта гана Жан Кызмончоктун алдына сойлоп келди.

– Кызмончок! .. – деди ал көмөкөйүндөсүйлөп, – Адамдардын асылдыгын, айкөлдүгүн, улуулугун ыр менен жомоккоайлантып, чыны менен эле ошондой экенине ишенип, ишендирчү элең! “Адамдай ак көңүл,сабырдуу жана кечиримдүү бол!” – деп үйрөткөн элең! А бирок мен береги ташбоор, мыкаачы адамдарды, алардын жасап жаткан акылга сыйбас, ыпылас иштерин көрүптуруп. ..

– Жан!!! – Жыландын сөзүн бөлүп,жандалбастап ыйлап жиберди кыз, – Жок, Жан! Суранам сенден, андан аркысынайтпа, Жан?!.

– ?!.

– Ал жомоктор чын! Алар эч качанжокко чыкпашы керек! Адамдар жөнүндөгү ошол ишенимден эч качан, эч убактакайтпашың керек, Жан?!.

Кызды аяган үчүнбү, айтор аны биртопко нес боло карап туруп, тамагын балкылдата, кышылдады жылан:

– Кайтпай калдым, Кызмончок! Эчкачан… Анткени ошол улуулукту мен... азыр көрүп турам!..

– Жан! – Кызмончок эми салаалаганкөз жашын улам бир алаканы менен арчый, ыраазы болгондой, күлүмсүрөй айтты, – Рахмат,Жан!

Жан менен кыз кучакташып калышты.

– Мен сага өмүр бою ыраазымын,Жан! Бирок, мени кечир?!

– ?..

– Эгерде Жараткан сени жыланкылып, мени адам кылып койбогондо, мен сени эч кимге алмашпас элем, Жан!

– Мен сенсиз жашай албайм, Кызмончок! – жыландын көздөрүнөн ый аралаш ушул жазууну окуду кыз.

– Мен дагы... сени сүйөм, Жан! –эркелете тиктеп, акырын шыбырады кыз. Жан ушуну гана күткөндөй кызга бой таштады.Кыздын ийнине башын жөлөгөн жыландын солкулдаган денеси, анын ыйлап жатканынбилгизип турду!

Кызмончоктун да салаалаган көзжашы эки бетин көл-шал жууп, кучагындагы жыландын денесин кошо жашка чылап, түшүнүксүзсөздөрдү сүйлөп жатканына Асылбек да, эл да түшүнүп-түшүнбөй карап турушту.

– Кызмончок! – жылан бир убакта кыздынийнинен башын көтөрүп, көздөрүнө тигилди, – Мен өмүр бою сенин ушул гана “сүйөм”деген сөзүңдү күткөм! Мен анткени, сенде анын бар экенине ишенгем! Мен эмитагдырыма да, сага дагы ыраазымын! .. Эгерде сен макул десең... өмүрдөн өткөнчөкулуң болоюн?

– Жок, Жан!!! Андай дебе! Булбиздин акыркы жолугушуубуз болсун!

– ?!!

– Сен экөөбүз эки бөлөкжандарбыз! Көрдүң го, өзүң…

– Анткен менен биздин сүйүүбүзбир эмеспи?!.

Кыз Жандын оролгон денесинколдору менен өзүнөн оолактатып, артка кетенчиктей берди да, эми:

– Мен сенин бактылуу болушуңдукаалайм, Жан! – деди өктөм, – Билем, сага жыландардын арасында да жашоо кыйын!Бирок адамдардын арасы да сага түнөк эмес! Ошондуктан мен бүгүн сенин өз дүйнөңө,мекениңе сапар алып, бу жерден биротоло кетишиңди каалайм?! Ошондо гана менинсанаа- көңүлүм тынч болот!

Жан кызды узакка көз албайтиктеп турду да, эмнегедир артына шарт бурулуп, элди аралап кирип кетти!Ошондон көп өтпөй эле Жан жыландарды баштап, айылдан узап баратты! Дарыядай жыбылжып,тээ далайга чейин аягы үзүлбөй, адырдын бетинен өйдөнү карай агылып баратканжыландарды Кызмончок баштаган айылдыктар көрүнбөй калгыча узата карап, катыптурушту...


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   Delicacy   05 Октябрь 2012 - 16:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

ии анан?
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 17:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Ошол жылдын күзү кыска болуп, балпалактапжааган кар бир эле түндө жердин бетин аппак түскө боёп таштады.

Эл ичи тынчып, Кызмончоктунажыдаар экендиги төгүндөлүп, жашоо өз нугунда улана берди. Бирок, терезеден тоотарапка умсуна карап, улутунган Кызмончок эле эмнегедир, дагы эле жазды самайберет. .. Кээде экөө бири-биринин түшүнө кирет да, эртең менен ойгоно калып элеКызмончок божурай баштайт. Бүгүн да ошентти эле:

– Түшүңдөгү ошол жылан менболчумун, – деди Бектемир тамаша-чындан, – Жылан болуп түшүңө кирбедимби, жаным... Тааныган жоксуңбу?

– Жок! Ал – Жан болчу… – дейтКызмончок күйөөсүнүн чындап эле кызганып жатканын билбей, – Мен аны көздөрүнөнтааныдым. Билесиңби, анын көздөрү кандай?..

– Мм… Билбейм!

– Анын көздөрү... – чындап элеЖандын көздөрүн элестетет Кызмончок, – Кандайдыр... башкача!

– Ошонуңду! .. Экинчи айтпачы! –“тарс!” жарылып, жууркандын бир учун кайрый салып, тескери карап кетет Бектемир,– Болбосо!..


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   nazi25   05 Октябрь 2012 - 17:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 399
  • Катталган: 11 Апрель 12
  • Соңку аракети: 06 Янв 2021 21:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:тынчтык

Просмотр сообщения Delicacy (05 Октябрь 2012 - 16:58) жазган:

ии анан?

Ай сабыр кылсанчы.Ушунчаны чарчабай жазып салганын айт.Рахмат чон.
Ачуусун жене алган адам кучтуу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 17:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Жан айыл тарапты карады. Айылдын үстүнө боз түшүп, туман чулгап туруптур. Үзүл-кесилиттердин абалап үргөнү угулуп, атүгүл түтүндүн, нандын жыты келе түштү. Ансайын адамдарга болгон сагынычы, кусасы ырбап, көөдөнү көөп, өзүн-өзү токтотуугадарманы жетпей, эртеден кечке чубалып, “сулк” жаткан оор денесин жерден күч менен бир силкип алды да, тоодон түшүп, соймолоңдоп келе жатты...

Билдирүүнү түзөткөн: operaledi: 05 Октябрь 2012 - 17:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 17:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Сабырдуулук менен куто турунуздар, бутооруно аз калды


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 15:53

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: