Жaзындa КРге бaрып келдим,жоро жолдош,туугaн урук дебей бaaры менен корушуп сaлaмдaштым.Aлaрдын aрaсынaн бутунa туруп,тaaнылып кaлгaн уч aдaмды кордум.Бироосунон сурaдым:
-Россиядa иштеп келдинби?Жерди кaндaй aлдын?
-Жок,бул жердин устуно проект жaздым,сел кетип aтaт,бул жерге кaйын,aрчa егип жер кыртышын бекемдетем дедим деп.
-мм,ийгилик сaгa деп чaй ичип отуруп берки екоосуно сурaсaм,бироосу жaштaрды окутaм деп проект жaзып,aл кaбыл aлынып окуу борбору aчыптыр,учунчусу дa боз уй боюнчa проект жaзып,aл дa кызуу иштеп aтыптыр.
Еми aйтaйын дегеним проектти кaндaй жaзсa болот,кaндaй документтер керек,ким берип aтaт бул aкчaны,мaмлекетби же чет олкодонбу?Жaнa aлaрдын мaксaттaры емне?Бул проект боюнчa бир aз тaлкуулaсaк..

Баракча 1 - 1
Проект кaндaй жaзылaт. Кaндaй документтер керек
#2 22 Октябрь 2012 - 19:23
Проект -долбоор (задумка, замысел) бул кандайдыр бир идеянын кагазга түшүрүлүшу.
Анын кандай жазылышы проектти кайсы тарапка сунуштаарынызга жараша болот. Кээ бир уюмдар өздөрү шаблон тузуп беришет (мисалы Сорос фонду). Проект жазаардан алдын демөөрчү табышыңыз зарыл. Азыркы тапта Интернет баракчаларында гранттык конкурстарды байма-бай эле жарыялап турушат. Бирок көбүнесе жеке адамга эмес, коомдук уюмга же жарандык бирикмелерге беришет.Мындан сырткары, кен казып алууда, курулушта, экономикага ири инвестицияларды тартып келүү үчүн да долбоор жазуу практикаланат.
Билдирүүнү түзөткөн: vais: 22 Октябрь 2012 - 19:30
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#3 22 Октябрь 2012 - 19:30
vais (22 Октябрь 2012 - 19:23) жазган:
Проект -долбоор (задумка, замысел) бул кандайдыр бир идеянын кагазга түшүрүлүшу.
Анын кандай жазылышы проектти кайсы тарапка
сунуштаарынызга жараша болот. Кээ бир уюмдар өздөрү шаблон
тузуп беришет (мисалы Сорос фонду). Проект жазаардан алдын демөөрчү табышыңыз зарыл. Азыркы тапта Интернет баракчаларында гранттык конкурстарды байма-бай эле жарыялап турушат. Бирок көбүнесе жеке адамга эмес, коомдук уюмга же жарандык бирикмелерге беришет.

Мындан сырткары, кен казып алууда, курулушта, экономикага ири инвестицияларды тартып келүү үчүн да долбоор жазуу практикаланат.

br>

br>
ooba,dolboor,unutup kalıpmın:(,rahmat joobunuzga.
все что ни делается все к лучшему :(
#4 22 Октябрь 2012 - 20:05
Гранттык долбоордо негизги ролду идея жана анын ишке ашуусу ойносо, инвестициялык долбоордо тушө турган кирешенин өлчөмү, акчанын кайтарымдуулугу жана тобокелчиликтердин жоктугу чечүүчү мааниге ээ болот.
Долбоордун болжолдуу структурасы:
1. Актуалдуулугу (учур чактагы зарылчылык денгээли)
2. Долбоордун негизги максаты жана тапшырмалары
3. Долбоорду ишке ашыруунун жолдору:
А. Финансалык план (чыгымдардын сметасы жана киреше бөлүгү).
Б. Техникалык план (керектүү жабдуулар, алардын жайгашуу схемасы, иштетүү тартиби ж.б.) .
В. Уюштуруу планы (жумуштарды аткаруу нөөмөтү, административдик жоопкерчилик ж.б.)
4. Долбоорду ишке ашыруудагы гарантиялар жана тобокелчиликтер
Көп учурда инвестициялык долбоордо маркетинг маселеси (өндүрүлгөн товарларды же болбосо көрсөтүлүүчү кызматтарды керектөөчүгө жеткирип берүү мумкунчулуктөрү), конкуренттердин мүмкүнчүлүктөрүн талдоо ж.б.у.с. жагдайларга маани берилет.

#5 01 Февраль 2013 - 02:08
Чоон рахмат мен да проект, бизнес план ж.б. жазганга аракет кылып аткам жакшы болбодубу, актуалдуу, кирешелуу, жыйынтыктуу,
эффективдуу проект жазып иш жузуно ашырсам буйруса жазып коем ийгиликтуу иштин жолун...
Судьба не приговор, судьба творение...
#6 26 Август 2013 - 16:34
Салам праекти мисалЫ АРИске жазса жол жобосу кандай? кандай дакуметтерди топтоп кайда кантип жонотом жооп жазып койушунарды отуном..,
#7 11 Май 2014 - 14:22
Саламатсынарбы!
Мен да шарты начар жерди жашылдандырып оздоштуруу боюнча долбоор тузойун деген планым бар. Кесибим боюнча энергетикмин.
Бул долбоорду ишке ашыруу да кесипке карабайбы. Анан керектуу жерге кантип кайрылуу керек. Сиздерден сураныч билгенинерди жазып коюнуздар.
#8 28 Май 2014 - 09:07
Ассолому алейкум форумчулар.
Мен да бир иш баштайын деген оюм бар. Кытайдан строительный компанияны Ошко алып келуу учун эмне кылуум керек? Бул жерде кандай документтер талап кылынат?
#9 15 Декабрь 2014 - 16:09
менде проект бар мамлекетк экономиканы ондуруш бойунча аны мен кантип кимге жонотсом болот иштешине 100 % ишенем эгер мамлекет колдонсо каражат жагынд а коруп койгом
#10 25 Сентябрь 2017 - 21:19
Менден суроом бар А/Окмотун пректин ким жазат Жана ким текшерет менин билишимче акча коп коротулат ал акчага 2 ни курса болгудай же сатып алса
#11 13 Июль 2020 - 18:15
mara.kg (15 Декабрь 2014 - 16:09) жазган:
менде проект бар мамлекетк экономиканы ондуруш бойунча аны мен кантип кимге жонотсом болот иштешине 100 % ишенем эгер мамлекет колдонсо каражат жагынд а коруп койгом
Коп мамлекеттмк эмес уюмдар бар USAID, GIZ ж.б ошого окшогон уюмдарга жазып корун.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#12 13 Июль 2020 - 18:16
Суперстанда проект жазып утуп алгандар барбы?
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#13 29 Август 2020 - 22:20
Баракча 1 - 1