калды. Эми кайра улантып ыр жаза турганга
окшоп калдым.
Ы р л а р ы м д а с ы р л а р ы м.
Кээде отуруп ой-толготуп ыр жазам,
Ырларыма журогумдон сыр казам.
Сырларымды ыргай айлантып четинен,
Салып койсом толуп калат "ыр казан".
Ыр саптарга турдуу тема тандалат,
Кээде кулсом, кээде журок кандалат.
Бул да болсо жашоонун тен салмагы,
Ыйга- кулку, кулкуго-ый жандалат.
Бир ырымда "оттуу суйуу" жалындайт,
Мындай саптар "кайгы колго" малынбайт.
"Суйуу, суйуу жана суйуу" дей берип,
Бопбош турган "ыр дептерим" калындайт.
"Суйуудон" кетип, "Арман" келет артынан,
Бул темада коп жазалбай тартынам.
Арман жазып окурманды оорутпай,
Жаза салам жашыл жаздын мартынан.
"Ыр казаным" толуп турган "чууга" айланар,
Копко кайнап женил ырлар бууга айланар.
Татыктуусу ташка тийип, тоодон агып,
Адамзатка даары болчу сууга айланар.
Билдирүүнү түзөткөн: Likvidator: 09 Ноябрь 2012 - 10:04