Ишендим... Таяндым... Куладым...
Дүйнөмдү түрө кыдырта тааныштырдым. Коюн-жатагы да калбады. Сырларды бекем сактаган караңгы үңкүрлөр, терең көлдөр да. Баарын, баарын көрсөттүм. Анткени ал ушундай кадам жасады, мен болгону жообун кайтардым. Эки жактуу ишенич заматта курулуп, бири-бирибизге көз ирмемде таяныч, тирөөч, жөлөккө айландык. Бир көз караштан түшүнгөн абалга жеткенде мен ага дүйнөмдү тапшырып бергим келди. Балким, кайсы бир учурда карматууга да жетишкендирмин. Антпесем, анын баары талкаланбайт эле.
Чагылгандай тездик менен өскөн окуянын ылдамдыгына жетишпей калдым. Ойлонууга деле шарт болбоду. Эч бир, кымындай мээни кыймылдатпай, акылсыз жоруктарга барган адамдарга окшоп калдык. Болот го?! Боюнда бар аял тамеки чексе, же бутуна тура албай жатса да, эркек кишинин өчөшкөнсүп ичкени?! Логикага сыйбайт дейм, азыр... Бирок ал убакта, баарын туман каптап, алдымда жар турса да, басып бара жаттым. Кол кармашып. Мейли, секирүүгө туура келсе да, макул болмокмун. Эч бир рамкага сыйбаган, бирөөгө айтсаң ишенбеген чекке жеткенде, баары кеч болуп калганын түшүндүм.
Уктап жатканда, чочуп ойгондой... Карасам, дүйнөм алоон отто, алай-дүлөйдө. Баары карап турушат. Эч ким токтото албай?! Баңги сыяктуумун, кайфы тараган. Туман тарады. Реалдуулук көрүндү! Бардан жокко түштүм.
Зымырап учкан тездик тык "стоп" болду. Мунун баарын кантип жолго салам дедим... Эки жактуу ишенич болсо да, аалам каршы турган мамилеге дитим барбады. Психологиялык жактан жабыркасам да, медициналык жыйынтыкты көрсөтүп туруп, басып кетмекмин ээрчишип-эрмешип. .. Бирок андай тобокел баасы эпсиз кымбат сезилди!
Азыркыга чейин балким өкүнөттүрмүн. Бирок ошол учурда ааламга баш ийип, мени жараткандардын башын жер каратпайын деп, түрү суук денемди сүйрөп барып, муздак дубалга сүйөп туруп, аёсуз атып салдым! Өзүмө өлүм өкүмүн чыгаруу, ошол "мен"дин көзүн тазалоо, жерге көмүү, топуракка жашыруу көпкө кыйнады... Чирип бүтпөдү. Жараат турат дале октон... Каны агып бүтсө да, унутулуп кетпеди, сиңип кетпеди...
Дүйнөм болсо күйүттөн күйүп жатты, жарааттан жалоон тартты, өзөктөн өрттөнүп бүттү. Күлү көккө сапырылды, изи мейкинсиздикке өзүн жашырды. Кудум жаңы жаралганда боштуктан пайда болгондой, кайрадан боштукка айланды...
Бир гана менин духум... Көрдөн көтөрүлүп чыгып, араң гана "мени кайда алып барсаң да кайылмын" деп, шамалга тапшырды өз тагдырын... Арзыбаган... Эч кимге кереги жок... Тынчтыкты самаган дух сыдырым жел менен акырын сызып кетти...
Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 14 Сентябрь 2015 - 16:16